Загрузка документа…
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН АТЫНАН
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН
ЖОГОРКУ СОТУНУН КОНСТИТУЦИЯЛЫК ПАЛАТАСЫНЫН
Ч Е Ч И М И
Кыргыз Республикасынын Административдик-процесстик кодексинин 271-беренесинин “бирок сот актысы мыйзамдуу күчүнө кирген күндөн тартып үч жылдан кеч эмес мезгилде ишти караган сотко берилет” деген ченемдик жобонун конституциялуулугун текшерүү жөнүндө Азизахан Арибжанованын өкүлү Каныбек Насаркулович Муратбаевдин жана «Малаташ Голд» жоопкерчилиги чектелген коомунун кайрылууларына байланыштуу иш боюнча
2019-жылдын 26-июну №09-р
Кыргыз Республикасынын Жогорку сотунун Конституциялык палатасы: төрагалык кылуучу - судья Э.Т. Мамыров, судьялар К. Абдиев, Ч.А. Айдарбекова, М.Р. Бобукеева, К.А. Дуйшеев, М.Ш. Касымалиев, К.М. Киргизбаев, А.О. Нарынбекова, Э.Ж. Осконбаев, Ч.О. Осмонова, Ж.И. Саалаевдин курамында, сот отурумунун катчысы Н.А. Кененсариева;
кайрылуучу тарап - Азизахан Арибжанованын ишеним каты боюнча ѳкүлү Каныбек Насаркулович Муратбаевдин, «Малаташ Голд» жоопкерчилиги чектелген коомунун (мындан ары - «Малаташ Голд» ЖЧК) ишеним каты боюнча ѳкүлү Дилшод Рахимжанович Расуловдун;
жоопкер тарап – Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин ишеним кат боюнча өкүлдөрү Талантбек Ырысбекович Ырысбековдун, Алмазбек Тавалдыевич Молдобаевдин;
башка жактар – Кыргыз Республикасынын Президентинин Аппаратынын ишеним кат боюнча өкүлү Медер Кенешович Жусуповдун, Кыргыз Республикасынын Жогорку сотунун ишеним кат боюнча ѳкүлү Маргарита Насаркановна Сапиянованын, Кыргыз Республикасынын Юстиция министрлигинин ишеним кат боюнча ѳкүлү Аида Маратовна Курманбаеванын, укук жаатындагы адис Азамат Рахимбердиевич Салиевдин катышуусунда,
Кыргыз Республикасынын Конституциясынын 97-беренесинин 1 жана 6-бөлүктөрүн, «Кыргыз Республикасынын Жогорку сотунун Конституциялык палатасы жөнүндө» конституциялык Мыйзамдын 4, 18, 19, 37 жана 42-беренелерин жетекчиликке алып, Кыргыз Республикасынын Административдик-процесстик кодексинин 271-беренесинин “бирок сот актысы мыйзамдуу күчүнө кирген күндөн тартып үч жылдан кеч эмес мезгилде ишти караган сотко берилет” деген ченемдик жобонун конституциялуулугун текшерүү жөнүндө ишти ачык соттук отурумда карап чыкты.
Бул ишти кароого А. Арибжанованын өкүлү К.Н. Муратбаевдин жана «Малаташ Голд» ЖЧКнын өтүнүчтѳрү себеп болду, ал эми Кыргыз Республикасынын Административдик-процесстик кодексинин 271-беренесинин “бирок сот актысы мыйзамдуу күчүнө кирген күндөн тартып үч жылдан кеч эмес мезгилде ишти караган сотко берилет” деген ченемдик жобосунун Кыргыз Республикасынын Конституциясына ылайык келүүсү жѳнүндѳгү маселеде күмөндүүлүктүн пайда болуусу ишти кароого негиз болду.
Ишти соттук отурумга даярдаган судья-баяндамачы А.О. Нарынбекованын маалыматын угуп жана келтирилген материалдарды изилдеп чыгып, Кыргыз Республикасынын Жогорку сотунун Конституциялык палатасы
Т А П Т Ы:
Кыргыз Республикасынын Жогорку сотунун Конституциялык палатасына 2019-жылдын 7-февралында А. Арибжанованын өкүлү К.Н. Муратбаевдин Кыргыз Республикасынын Административдик-процесстик кодексинин 271-беренесинин “бирок сот актысы мыйзамдуу күчүнө кирген күндөн тартып үч жылдан кеч эмес мезгилде ишти караган сотко берилет” деген ченемдик жобосун Кыргыз Республикасынын Конституциясынын 16-беренесинин 3-бѳлүгүнѳ, 20-беренесинин 1, 3-бѳлүктѳрүнѳ, 5-бѳлүгүнүн 8-пунктуна, 40-беренесинин 1-бѳлүгүнѳ карама-каршы келет деп таануу жѳнүндѳ ѳтүнүчү келип түшкѳн.
Кайрылуудан жана ага тиркелген материалдардан келип чыккандай, А. Арибжанова 2018-жылдын 19-мартында Ош областынын райондор аралык сотуна арыз менен кайрылып, анда Ош областынын райондор аралык сотунун 2008-жылдын 24-сентябрындагы чечимин жаңы жагдай боюнча кайра карап берүүнү суранган. Бул чечим менен А. Арибжанованын дүкѳнүнѳ аянты 0,10 гектар жер участогун бекитип берүү жѳнүндѳ Жаңы-Ноокат айыл округунун 2007-жылдын 28-февралындагы № 2 протоколу жана № 26 токтому жараксыз деп таанылган.
Кайрылуучу ишти жаңы жагдай боюнча кайра кароого негиз катары Ош областынын Ноокат райондук сотунун 2018-жылдын 12-январындагы чечимин көрсөткөн. Бул чечим менен Х. Насруллаевдин Ноокат районунун Жаңы-Ноокат айылында жайгашкан №1 дүкѳнгѳ болгон менчик укугу тууралуу күбѳлүктү калыбына келтирүү жѳнүндѳ доо арызы канааттандыруусуз калтырылган, чечим мыйзамдуу күчүнѳ кирген.
Ушуга байланыштуу, жогоруда көрсөтүлгөндөй, А. Арибжанова Ош областынын райондор аралык сотуна ишти жаңы жагдай боюнча кайра кароо жѳнүндѳ арыз менен кайрылган. Сот ишти карап чыгып, өзүнүн 2018-жылдын 25-сентябрындагы аныктамасы менен арызды канааттандыруусуз калтырган.
Аталган аныктама менен макул болбостон, А. Арибжанова Ош областтык сотуна даттануу менен кайрылган, сот даттанууну карап канааттандыруусуз калтырган. Мындай чечимге келүүгө негиз катары соттук коллегия Кыргыз Республикасынын Административдик-процесстик кодексинин 271-беренесинин, жаңы жагдай боюнча сот актысын кайра кароо үчүн кызмат кылган жагдайлар белгиленген күндөн тартып үч айдын ичинде, бирок сот актысы мыйзамдуу күчүнө кирген күндөн тартып үч жылдан кеч эмес мезгилде ишти караган сотко берилет деген талабын көрсөтүп, процесстик мѳѳнѳттѳрдүн ѳтүп кеткенин белгилеген.
Кайрылуу субъектинин пикири боюнча, Административдик-процесстик кодекстин 271-беренесинин кайтадан ачылган же жаңы жагдайлар боюнча каралууга тийиш болгон сот актысы мыйзамдуу күчүнө кирген күндөн тартып үч жылдан кеч эмес мезгилде ишти караган сотко берилет деген чектѳѳсү Кыргыз Республикасынын Конституциясынын 16-беренесинин 3-бѳлүгүндѳ жана 20-беренесинин 5-бөлүгүнүн 8-пунктунда каралган укуктарын чектегендиктен Конституциянын талаптарына карама каршы келет.
Кыргыз Республикасынын Баш мыйзамына ылайык, Кыргыз Республикасында мыйзам жана сот алдында бардыгы бирдей, адамдын жана жарандын укуктары менен эркиндиктерин жокко чыгаруучу же кемсинтүүчү мыйзамдарды кабыл алууга тыюу салынат. Соттук коргонуу укугу эч чектелүүгө тийиш эмес. Ар кимге Конституцияда, мыйзамдарда, Кыргыз Республикасы катышуучу болуп саналган эл аралык келишимдерде, эл аралык укуктун жалпыга таанылган принциптеринде жана ченемдеринде каралган анын укуктары менен эркиндиктерин соттук коргоого кепилдиктер берилет.
Ошондой эле, кайрылуучу Адам укуктарынын жалпы декларациясынын 8, 10-беренелеринде, Атуулдук жана саясий укуктар жѳнүндѳ эл аралык пакттын 2, 14-беренелеринде, Адамдын укуктары жана негизги эркиндиктери жѳнүндѳ Кѳз карандысыз Мамлекеттер Шериктештигинин Конвенциясынын 6, 20-беренелеринде мамлекеттин кѳз карандысыз калыс сот жана акыйкат соттук териштирүү аркылуу адамдардын компетенттүү жана таасирдүү соттук коргоого болгон укуктарынын жүзѳгѳ ашырылуусун камсыздоо милдети бекитилген деп белгилеп ѳткѳн.
Жогоруда баяндалгандардын негизинде, арыздануучу талашылып жаткан укуктук ченемди Кыргыз Республикасынын Конституциясынын 16-беренесинин 3-бөлүгүнө, 20-беренесинин 1, 3-бѳлүктѳрүнѳ, 5-бѳлүгүнүн 8-пунктуна, 40-беренесинин 1-бѳлүгүнѳ карама-каршы келет деп таанууну суранган.
Кыргыз Республикасынын Жогорку сотунун Конституциялык палатасынын судьялар коллегиясынын 2019-жылдын 20-мартындагы аныктамасы менен бул кайрылуу, Кыргыз Республикасынын Административдик-процесстик кодексинин 271-беренесинин “бирок сот актысы мыйзамдуу күчүнө кирген күндөн тартып үч жылдан кеч эмес мезгилде ишти караган сотко берилет” деген ченемдик жобосунун Кыргыз Республикасынын Конституциясынын 20-беренесинин 5-бѳлүгүнүн 8-пунктуна, 40-беренесинин 1-бѳлүгүнѳ ылайык келүүсүн текшерүү жөнүндө бѳлүгү боюнча ѳндүрүшкѳ кабыл алынып, ал эми калган бѳлүгүндѳ тийиштүү укуктук негиздеменин болбогондугуна байланыштуу ѳндүрүшкѳ кабыл алуудан баш тартылган.
Кыргыз Республикасынын Жогорку сотунун Конституциялык палатасына 2019-жылдын 3-майында «Малаташ Голд» ЖЧКнын өкүлү Д.Р. Расуловдун Кыргыз Республикасынын Административдик-процесстик кодексинин 271-беренесинин “бирок сот актысы мыйзамдуу күчүнө кирген күндөн тартып үч жылдан кеч эмес мезгилде ишти караган сотко берилет” деген ченемдик жобосунун Кыргыз Республикасынын Конституциясынын 20-беренесинин 1-бѳлүгүнѳ, 5-бѳлүгүнүн 3, 8-пункттарына, 40-беренесинин 1-бѳлүгүнѳ ылайык келүүсүн текшерүү жѳнүндѳ ѳтүнүчү келип түшкѳн.
Ѳтүнүчтѳ көрсөтүлгөндөй, «Малаташ Голд» ЖЧК Кыргыз Республикасынын Жогорку сотунун 2015-жылдын 26-февралындагы жер казынасын пайдаланууну лицензиялоо маселелери боюнча комиссиянын протоколунун, кенди иштетүү максатында жер казынасын колдонуу укугуна лицензияны жокко чыгаруу бѳлүгүндѳ жараксыз деп таануу жѳнүндѳ токтомун кайтадан ачылган же жаңы жагдайлар боюнча кайра кароо жөнүндө арыз менен Кыргыз Республикасынын Жогорку сотуна кайрылган.
Ошол эле убакта, «Малаташ Голд» ЖЧК Кыргыз Республикасынын Жогорку сотуна кайтадан ачылган же жаңы жагдайлар боюнча сот актысын кайра кароо жөнүндө арызды берүүнүн процесстик мѳѳнѳтүн калыбына келтирүү жөнүндө ѳтүнүч менен кайрылган. Арызды берүү мѳѳнѳтүнүн ѳткѳрүлүп жиберилишинин себептеринин жүйѳлүүлүгүн негиздѳѳ катары, арыздануучу тарабынан талашылып жаткан соттук акты чыгарылгандан үч жыл ѳткѳндѳн кийин гана пайда болгон жагдайларга шилтеме кылынган.
Кыргыз Республикасынын Жогорку соту «Малаташ Голд» ЖЧКнын ѳтүнүчүн карап чыгып, 2018-жылдын 3-декабрындагы ѳзүнүн аныктамасы менен ѳткѳрүлүп жиберилген мѳѳнѳттү калыбына келтирүүдѳн баш тарткан, аныктаманын жүйѳлѳштүрүүчү бѳлүгүндѳ Кыргыз Республикасынын Административдик-процесстик кодексинин 271-беренесинин талашылып жаткан ченемдик жобосун баш тартуу үчүн негиз катары колдонгон.
Арыздануучунун пикири боюнча, Административдик-процесстик кодекстин 271-беренесиндеги «бирок сот актысы мыйзамдуу күчүнө кирген күндөн тартып үч жылдан кеч эмес» деген сѳздѳр менен киргизилген чектѳѳ «Малаташ Голд» ЖЧКнын Кыргыз Республикасынын Конституциясынын 20-беренесинин 1-бѳлүгүндѳ, 5-бѳлүгүнүн 3, 8-пункттарында, 40-беренесинин 1-бѳлүгүндѳ каралган конституциялык укуктарын бузуп жатат.
Ѳзүнүн талаптарын негиздѳѳ катары кайрылуучу Кыргыз Республикасынын Конституциясынын 20-беренесинин 1, 2-бѳлүктѳрүнѳ шилтеме жасап, аларга ылайык Кыргыз Республикасында адамдын жана жарандын укуктары менен эркиндиктерин жокко чыгаруучу же кемсинтүүчү мыйзамдар кабыл алынбашы керек, адамдын, жарандын укуктары менен эркиндиктери улуттук коопсуздукту, коомдук тартипти, калктын саламаттыгын, адеп-ахлагын сактоо, башка адамдардын укуктары менен эркиндиктерин коргоо максатында Конституция жана мыйзамдар менен чектелиши мүмкүн. Чектөөлөр аскердик же башка мамлекеттик кызматтын өзгөчөлүктөрүн эске алуу менен да киргизилиши мүмкүн, киргизилип жаткан чектөөлөр көрсөтүлгөн максаттарга өлчөмдөш болушу керек экендигин белгилейт.
Андан тышкары, кайрылуучу Конституциянын 40-беренесинин 1-бѳлүгүнѳ ылайык ар кимге анын укуктары менен эркиндиктерин соттук коргоого кепилдиктер берилет, ал эми Конституциянын 20-беренесинин 5-бѳлүгүнүн 3, 8-пункттарына ылайык бул укук жогору турган сот тарабынан ишти кайра каратуу укугу сыяктуу эле эч чектелүүгө тийиш эмес деп эсептейт.
Жогоруда баяндалганга негизденип, кайрылуучу Кыргыз Республикасынын Административдик-процесстик кодексинин 271-беренесин Кыргыз Республикасынын Конституциясынын 20-беренесинин 1-бѳлүгүнѳ, 5-бѳлүгүнүн 3, 8-пункттарына, 40-беренесинин 1-бѳлүгүнѳ карама-каршы келет деп таанууну суранган.
Кыргыз Республикасынын Жогорку сотунун Конституциялык палатасынын судьялар коллегиясынын 2019-жылдын 20-майындагы аныктамасы менен жогоруда аталган кайрылуу ѳндүрүшкѳ кабыл алынган.
Жогоруда аталган кайрылууларда баяндалган талаптар ѳз ара байланышканын эске алуу менен, судья-баяндамачынын 2019-жылдын 24-майындагы аныктамасы менен бул иштер бир конституциялык сот ѳндүрүшүнѳ бириктирилген.
Сот отурумунда кайрылуучу тарап өз талаптарын колдоп, аларды канааттандырууну суранды.
Жоопкер тараптын өкүлү Т.Ы. Ырысбеков кайрылуучу тараптын жүйөлөрү боюнча тѳмѳнкүдѳй пикирин билдирди.
Административдик-процесстик кодекстин 100-беренесинин 2-бѳлүгүнѳ ылайык, эгерде ѳткѳрүлүп жиберилген мѳѳнѳттү калыбына келтирүү жѳнүндѳ ѳтүнмѳ билдирилбесе, процесстик мѳѳнѳт аяктагандан кийин берилген даттануулар жана документтер берилген сот тарабынан каралбайт жана соттун жүйѳлѳнгѳн аныктамасы менен аларды берген адамга кайра кайтарылат.
Ал эми Административдик-процесстик кодекстин 103-беренесинде процесстик мѳѳнѳттѳрдү калыбына келтирүү шарттары кѳрсѳтүлгѳн, ага ылайык эгерде мыйзамда башкача белгиленбесе, сот тарабынан жүйѳлүү деп таанылган себептер боюнча мыйзамда белгиленген мѳѳнѳттү ѳткѳрүп жиберген адамдарга ѳткѳрүп жиберилген мѳѳнѳт калыбына келтирилиши мүмкүн.
Ѳткөрүп жиберилген процесстик мѳѳнѳттү калыбына келтирүү жѳнүндѳ арыз ѳткѳрүп жиберген мѳѳнѳткѳ карата зарыл процесстик иш-аракеттерди (даттануу берүү, документтерди кѳрсѳтүү) жасоо менен бир убакытта биринчи инстанциядагы сот аркылуу берилет жана тиешелүү сот тарабынан соттук жыйналышта каралат.
Жоопкер тараптын экинчи өкүлү А.Т. Молдобаев “Малаташ Голд” ЖЧКнын негиздерине талашылып жаткан ченемдик жобого Т.Ы.Ырысбеков келтирген жүйөлөрдү келтирип ошондой эле сот актыларынын туруктуулугуна жана укуктук аныктыгына басым жасады.
Ошону менен бирге Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин өкүлдөрү сот отурумундагы корутунду сөзүндө талашылып жаткан ченемдик жобонун конституциялуулугун чечүүнү Конституциялык палатанын кароосуна калтырышты.
Кыргыз Республикасынын Президентинин Аппаратынын ѳкүлү М.К. Жусупов кайрылуучу тараптын жүйөлөрү менен макул болгон жок жана талашылып жаткан ченемдик жобо боюнча төмөнкүдөй түшүндүрмө берди.
Кыргыз Республикасынын Административдик-процесстик кодекси менен каралган кайтадан ачылган же жаңы жагдайлар боюнча сот актысын кайра кароо жѳнүндѳ арыз (сунуштама) сот актысы мыйзамдуу күчүнѳ кирген күндѳн тартып үч жылдан кеч эмес мезгилде берилээри жѳнүндѳ чектѳѳ соттук коргонуу укугун ишке ашырууда укуктук карым-катнаштардын туруктуулугун камсыз кылуу максатында жана укукту кыянаттык менен пайдаланууга бѳгѳт чара катары киргизилген.
М.К. Жусуповдун айтымында, бул чараны киргизүүнүн муктаждыгы соттук тажрыйбадан келип чыккан. Анткени Административдик-процесстик кодекс күчүнѳ киргенге чейин мындай чектѳѳ болгон эмес. Ушуга байланыштуу, жогорку инстанцияга чейин барып, каралып бүткѳн иштер боюнча соттук актыларды кайрадан ачылган жагдайлар боюнча кайра кароо жѳнүндѳ арыздар негизсиз кѳп болуп, укукту кыянаттык менен пайдаланууга жол берилген. Бул ѳз кезегинде сот ѳндүрүшүнүн созулушуна жана соттук процесстин катышуучуларынын сотторго болгон нааразычылыктарынын кѳбѳйүшүнѳ алып келген.
Ошондуктан жогоруда аталган бѳгѳт азыркы учурдагы сот системасына коюлган талаптарга ылайык келет.
Жогоруда баяндалгандын негизинде, Кыргыз Республикасынын Президентинин Аппаратынын ѳкүлү Кыргыз Республикасынын Административдик-процесстик кодексинин 271-беренесинин талашылып жаткан ченемдик жобосу Кыргыз Республикасынын Конституциясынын 20-беренесинин 1, 3-бѳлүктѳрүнѳ, 5-бѳлүгүнүн 3, 8-пункттарына жана 40-беренесинин 1-бѳлүгүнѳ карама-каршы келбейт деп эсептейт.
Кыргыз Республикасынын Жогорку сотунун ѳкүлү М.Н. Сапиянова кайрылуучу тараптын жүйөлөрү менен толук макул болбостон, Кыргыз Республикасынын Президентинин Аппаратынын ѳкүлүнүн пикирине окшош жүйөлөрдү келтирип, талашылып жаткан укуктук ченем көп жылдык соттук тажрыйбадан келип чыккандыгын белгиледи. Ошону менен бирге ал талашылып жаткан ченемдик жобонун конституциялуулугун чечүүнү Конституциялык палатанын кароосуна калтырды.
Кыргыз Республикасынын Юстиция министрлигинин ѳкүлү А.М. Курманбаева кайрылуучу тараптын өтүнүчүн колдоп, тѳмѳнкүдѳй жүйөлөрдү келтирди.
Административдик-процесстик кодекстин 267-беренесине ылайык биринчи, апелляциялык жана кассациялык инстанциялардагы соттордун мыйзамдуу күчүнө кирген актылары кайтадан ачылган же жаңы жагдайлар боюнча процесстин катышуучусунун арызынын (сунуштамасынын) негизинде кайра каралышы мүмкүн.
Мындан келип чыккандай, мыйзам чыгаруучу кайтадан ачылган же жаңы жагдайлар боюнча сот актысын кайра кароо жөнүндө арыз (сунуштама) берүү үчүн убакыттык чектѳѳ түрүндѳгү шарт койгонун белгилѳѳгѳ болот.
Андан тышкары, Юстиция министрлигинин ѳкүлү Кыргыз Республикасынын Жогорку сотунун Конституциялык палатасынын 2013-жылдын 27-декабрындагы жана 2014-жылдын 5-мартындагы чечимдеринде баяндалган укуктук кѳз караштарды келтирген. Аларга ылайык, соттук коргонуу бардык башка конституциялык укуктарга жана эркиндиктерге карата камсыздоо-калыбына келтирүү функциясын аткарган адамдын жана жарандын укуктары менен эркиндиктерин мамлекеттик коргоонун универсалдуу укуктук каражаты болуп эсептелет.
Конституцияда кѳрсѳтүлгѳн соттук коргонуу укугу, ар бир адамга анын Конституция жана мыйзамдар менен берилген негизги укуктары бузулган учурда компетенттүү улуттук соттор тарабынан укуктарын натыйжалуу калыбына келтирүүгѳ укуктуу.
Ошентип, А.М. Курманбаеванын пикири боюнча, сот процессинин кызыкдар катышуучусу кайтадан ачылган же жаңы жагдайлар боюнча соттун мыйзамдуу күчүнө кирген актысын кайра каратуу укугуна ээ болуу менен мыйзамдар менен каралган бузулган укуктарды соттук тартипте коргоо (калыбына келтирүү) кошумча мүмкүнчүлүгүн жүзѳгѳ ашырат.
Соттук коргонуу, анын ичинде жаңы жагдайлар боюнча соттун мыйзамдуу күчүнө кирген актысын кайра каратуу укугуна убакыттык чектѳѳнү койгон учурда да, мамлекеттик коргоонун универсалдуу укуктук каражаты катары чектелиши мүмкүн эмес. Демек, Административдик-процесстик кодекстин 271-беренесинин, каралууга тийиш болгон сот актысы мыйзамдуу күчүнө кирген күндөн тартып үч жылдан кеч эмес мезгилде ишти караган сотко берилет деген чектѳѳсү Кыргыз Республикасынын Конституциясынын 20-беренесинин 3-бѳлүгүнѳ, 5-бѳлүгүнүн 8-пунктуна карама-каршы келет.
Андан тышкары, А.М. Курманбаева белгилегендей, кѳрсѳтүлгѳн чектѳѳ Конституцияда каралган соттук коргонуу укугун чектѳѳ болуп, Кыргыз Республикасында адамдын жана жарандын укуктары менен эркиндиктерин жокко чыгаруучу же кемсинтүүчү мыйзамдар кабыл алынбашы керек деп белгиленген Кыргыз Республикасынын Конституциясынын 20-беренесинин 1-бѳлүгүнѳ каршы келүүдө.
Ошондой эле, Юстиция министрлигинин ѳкүлүнүн айтымында, талашылып жаткан укуктук ченемге ылайык, сот процессинин кызыкдар катышуучусу соттук акты күчүнѳ киргенден кийин үч жыл ѳткѳндѳ кайтадан ачылган же жаңы жагдайлар боюнча сот актысын кайра кароо укугун жоготот, демек Конституцияда кепилденген соттук коргонуу укугунан ажырайт, ошондуктан аталган укуктук ченем Конституциянын 40-беренесинин 1-бѳлүгүнѳ карама каршы келет.
Укук жаатындагы адис А.Р. Салиев кайрылуучу тараптын жүйөлөрү менен макул экенин билдирип, кийинкидей кѳз карашын билдирди.
Процесстик мѳѳнѳттѳр тараптардын кызыкчылыктарын коргоо каражаттарынын бири катары иштейт, мисалы, арызды кароо процессин ашыкча созуу же сот актысына даттануу менен байланыштырып жасалма кыйынчылыктарды түзүп созуудан коргойт. Ошондуктан мыйзам чыгаруучу процесстик мѳѳнѳттѳрдүн узактыгын аныктоодо, эки тараптын бирөөнө тартпаш, таламдардын тең салмактуулугун сактоо үчүн эки тараптын тең кызыкчылыктарын негизге алуусу керек. Экинчиден, процесстик укуктун тигил же бул институттары кызмат кылган максаттар жана милдеттер эске алынышы зарыл. Сот актыларын кайтадан ачылган же жаңы жагдайлар боюнча кайра кароонун алкагында соттук актыларды апелляциялык же кассациялык тартипте кайра кароо сыяктуу эле ошол эле милдеттер аткарылат жана алар чыгарылган сот актысынын тууралыгын текшерүүгѳ багытталган. Бирок, эгер даттануунун апелляциялык (КР АПК 213-беренесинин 2-бѳлүгү) жана кассациялык (КР АПК 248-беренеси) тартиптеринде даттануу берүү үчүн ѳлчѳмдѳш мѳѳнѳттѳр орнотулса жана алар административдик ишти кароо жана чечүүнүн бул стадияларынын контекстине толук ылайык келсе, сот актыларын кайтадан ачылган же жаңы жагдайлар боюнча кайра кароонун алкагында маңызы боюнча сотко кайрылуу үчүн фильтр болуп санала турган кошумча процесстик мѳѳнѳттү орнотуу максатка ылайык келбейт жана туура эмес. Сот актыларын кайтадан ачылган же жаңы жагдайлар боюнча кайра кароо стадиясынын максаты бул административдик ишти кароодо сот актысындагы сот тарабынан аргасыздан кетирилбеген, сот актысына апелляциялык жана кассациялык даттануунун мѳѳнѳтү ѳтүп кеткенден кийин табылган сот актысындагы катаны оңдоо.
Мында, сотко кайрылуу үчүн коюлган кыскартылган мѳѳнѳт кызыкдар жак үчүн кошумча, эч нерсе менен негизделбеген тоскоолдук болуп саналат. Арыздануучунун процесстик укугундагы мындай чектѳѳ анын сотко кайрылуу укугун сѳзсүз бузат (КР АПК 5-беренеси). Андан тышкары, бул процесстик мѳѳнѳт негизсиз жана мыйзамсыз сот актысын мыйзамдаштырат.
Кайтадан ачылган же жаңы жагдайлар үч жыл ѳткѳндѳн кийин да белгилүү болушу мүмкүн экендигин эске алганда, мамлекет негизсиз жана мыйзамсыз сот актысына көңүл бурбай койгондой болот, ошону менен сот тутумунун милдеттери жана ар бир процесстик мыйзам койгон милдеттер аткарылбай калат. Мындай сот актысы адамга негизсиз жана мыйзамсыз милдеттерди жүктөп, ага карата адилетсиздикти түзөт.
Сот актыларын кайтадан ачылган же жаңы жагдайлар боюнча кайра кароо соттук коргоо формасынын алкагында адам укуктарын коргоо тутумунун бир бѳлүгү болуп эсептелет жана бул мааниде алганда сот актысын кайра каратуу укугун чектѳѳ Кыргыз Республикасынын Конституциясынын 20-беренесинин 5-бѳлүгүнүн 8-пункту жана 40-беренесинин 1-пункту менен кепилденген соттук коргонууга болгон конституциялык укуктан туура эмес жана негизсиз чектѳѳ болуп эсептелет.
Кыргыз Республикасынын Жогорку сотунун Конституциялык палатасы тараптардын жүйөлөрүн талкуулап, башка жактардын түшүндүрмөлөрүн угуп жана иштин материалдарын изилдеп чыгып, төмөнкүдөй тыянактарга келди.
1. «Кыргыз Республикасынын Жогорку сотунун Конституциялык палатасы жөнүндө» конституциялык Мыйзамдын 19-беренесинин 4-бөлүгүнө ылайык Кыргыз Республикасынын Жогорку сотунун Конституциялык палатасы кайрылууда ченемдик-укуктук актынын конституциялуулугу күмөн саналган бѳлүгүнѳ гана тийиштүү болгон предмет боюнча актыларды чыгарат.
Ошентип, Кыргыз Республикасынын Жогорку сотунун Конституциялык палатасынын бул иш боюнча кароо предмети болуп Кыргыз Республикасынын Административдик-процесстик кодексинин 271-беренесинин “бирок сот актысы мыйзамдуу күчүнө кирген күндөн тартып үч жылдан кеч эмес мезгилде ишти караган сотко берилет” деген ченемдик жобосу саналат:
«271-берене. Арыз (сунуштама) берүү
Кайтадан ачылган же жаңы жагдайлар боюнча сот актысын кайра кароо жөнүндө арыз (сунуштама) процесстин катышуучулары тарабынан биринчи инстанция боюнча кайра кароо үчүн кызмат кылган жагдайлар белгиленген күндөн тартып үч айдын ичинде, бирок сот актысы мыйзамдуу күчүнө кирген күндөн тартып үч жылдан кеч эмес мезгилде ишти караган сотко берилет.».
Кыргыз Республикасынын Административдик-процесстик кодекси Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында белгиленген тартипке ылайык кабыл алынган жана «Эркин Тоо» гезитинин 2017-жылдын 1-февралындагы № 10-11 сандарында жарыяланган, Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актыларынын мамлекеттик реестрине киргизилген жана колдонуудагы акт болуп эсептелет.
2. Кыргыз Республикасынын Конституциясы Кыргыз Республикасын укуктук мамлекет деп жар салып, өзүнүн үстөмдүгүн жана мамлекеттин бардык аймагындагы тикелей иштөөсүн орнотуп, адам укуктары жана эркиндиктери Кыргыз Республикасынын жогорку баалуулуктарына кирет, алар түздөн-түз колдонулат, бардык мамлекеттик органдардын, жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын жана алардын кызмат адамдарынын ишмердигинин мааниси менен мазмунун аныктайт деп белгилейт (1-берененин 1-бөлүгү, 16-берененин 1-бөлүгү).
Кыргыз Республикасынын Жогорку сотунун Конституциялык палатасы өз чечимдеринде ушул конституциялык орнотмонун маӊызы болуп мамлекет тарабынан адамдын өз баалуулугу менен анын субъективдүү укуктарын таануу жана адамдын жана жарандын укуктары менен эркиндиктерин коргоону эӊ мыкты камсыз кылууга мүмкүндүк бере ала турган укуктук тутумду, мамлекеттик жана жергиликтүү бийлик органдарынын тутумун түзүү жөнүндө талап деп тайбай белгилейт.
Адамдын жана жарандын негизги укуктары менен эркиндиктерин коргоо боюнча мамлекеттин чаралары өзүнүн функционалдык багыты боюнча алдын ала аракеттерге ээ болуп, мүмкүн боло турган кол салууларды алдын алууга багытталышы керек. Укуктарга кол салуу учурунда бузулган укуктарды калыбына келтирүүнү камсыз кылууга жол берген коргоо тутуму иштеп башташы керек. Мындай коргоо тутумунун ыкмаларына адам тарабынан өзүнүн укуктарын мыйзам менен тыюу салынбаган бардык жолдор менен өз алдынча коргоо, административдик коргоо усулдары, соттук коргоо, ошондой эле эл аралык-укуктук механизми кирет.
Мындай коргоо тутумунун натыйжалуулугу татыктуу жашоо жана ар бир адамдын эркин өнүгүүсүн камсыз кылууга багытталган.
Кыргыз Республикасынын Жогорку сотунун Конституциялык палатасы мурда өзүнүн 2019-жылдын 12-июнундагы чечиминде Кыргыз Республикасынын укуктук тутуму укук коргоо ыкмаларынын кеӊири спектрин, ошондой эле адамдын жана жарандын негизги укуктары менен эркиндиктерин сактоону жана коргоону камсыз кылууга жол бере ала турган чектери так белгиленген жол-жоболорду карайт деп белгилеген.
Адамдын укуктарын жана эркиндиктерин коргоонун ушул тутумунда бузулган укуктарды жана эркиндиктерди сактоо жана калыбына келтирүүнү чындап камсыз кыла ала турган сотко жана сот адилеттигине гана чечүүчү маани берилген.
Мындай укуктук көз карашты Кыргыз Республикасынын Жогорку сотунун Конституциялык палатасы өзүнүн чечимдеринде бир нече жолу билдирип келген. Маселен, 2015-жылдын 9-декабрындагы, 2018-жылдын 24-январындагы жана 1-ноябрындагы чечимдерде соттук коргонууга болгон укук укуктук мамлекеттин базиси, Кыргыз Республикасынын Конституциясы менен кепилденген адамдын жана жарандын башка укуктарын жана эркиндиктерин камсыз кылууга, зарыл болгон учурларда калыбына келтирүүгө жол берет.
Ошондуктан жалпысынан ар кандай процесстик каражаттардын жыйындысы аркылуу ишке ашырылуучу соттук коргонууга болгон укук чектелүүгө жатпаган укуктардын катарына кирет (Кыргыз Республикасынын Конституциясынын 20-беренесинин 5-бөлүгүнүн 8-пункту).
Соттук коргонууга болгон укукту чектөөгө жол бербөө, эгерде адамдын өзү талашты, аны кароого компетенттүү башка альтернативдик органга өткөрүп берүү жөнүндө жазуу түрүндөгү макулдашууну түзүү жолу менен бул укуктан баш тартпаса эле, адамда жалпы юрисдикциядагы сотко ар кандай маселелер боюнча кайрылуу мүмкүндүгү болушу керек деп болжойт.
3. Кыргыз Республикасынын Административдик-процесстик кодекси укуктардын жана эркиндиктердин соттук корголушунун кепилдиги жөнүндө конституциялык жобону конкреттештирүүдө, административдик сот өндүрүшүнүн милдеттери катары административдик иштерди адилеттүү, калыс жана өз убагында кароо жолу менен жеке адамдардын укуктарын, эркиндиктерин жана кызыкчылыктарын жана юридикалык жактардын административдик-укуктук (жалпы-укуктук) мамилелер чөйрөсүндөгү укуктарын жана кызыкчылыктарын административдик органдар жана алардын кызмат адамдары тарабынан бузулуусунан коргоону аныктады (4-берене).
Административдик иштер боюнча соттук коргоону талаптагыдай камсыз кылуу үчүн мыйзам чыгаруучу тарабынан тийиштүү процесстик аракеттерди жасоого процесстик мөөнөттөр орнотулган. Процесстик мөөнөттөрдүн мааниси алардын юридикалык факт катары кызмат кылышында турат, алардын натыйжасында процесстик укуктук мамилелер пайда болот, өзгөрөт жана токтойт. Андан тышкары, алар жалпы административдик сот өндүрүшүнүн (процесстин) динамикасын камсыз кылат жана административдик иштер боюнча сот адилеттигин жүзөгө ашыруу үчүн ылайыктуу шарттарды түзөт.
Ошентип, Кыргыз Республикасынын Административдик-процесстик кодексинин 271-беренеси кайтадан ачылган же жаңы жагдайлар боюнча сот актысын кайра кароо жөнүндө арыз берүү үчүн, сот актысын кайра кароого кызмат кылган жагдайлар белгиленген күндөн тартып башталган мөөнөттү гана караштырбастан, мыйзамдуу күчүнө кирген соттун чечимин кайра кароо мүмкүнчүлүгүнө тыюу салуучу мөөнөттү да орноткон, анын өтүп кетиши мындай арыз берүү укугун жокко чыгарат.
Кыргыз Республикасынын Административдик-процесстик кодексинин талашылып жаткан беренесинин мазмунунан мыйзам чыгаруучу кайтадан ачылган же жаңы жагдайлар боюнча сот актысын кайра кароо жөнүндө арыз берүүнүн мөөнөтүн жөнгө салууда, арыз берүү үчүн үч айлык процесстик мөөнөттү да, талашылып жаткан соттук актынын мыйзамдуу күчүнө кирүү мөөнөтүнөн баштап эсептелген үч жылдык тыюу салуучу мөөнөттү да колдонуу менен мөөнөттүн эки түрүн айкалыштырганы көрүнүп турат.
Ошону менен бирге, арыздануучу кайтадан ачылган же жаңы жагдайлар боюнча сот актысын кайра кароо жөнүндө арыз менен кайрылууга укуктуу болгон максималдуу тыюу салуучу мөөнөт мыйзам чыгаруучу тарабынан кайтадан ачылган же жаңы жагдайлардын пайда болуу мүмкүндүгүн эске алуу менен орнотулушу керек. Мындай жагдайлардын пайда болуу мүмкүндүгү убакыт менен чектелген эмес, ал эми аталган жагдайлар изилденген эмес жана изилдениши мүмкүн эмес мыйзамдуу күчүнө кирген сот актысын жокко чыгаруу тууралуу арыз менен сотко кайрылуу мүмкүндүгүн жокко чыгаруу бул адам үчүн соттук коргонуу укугунан ажыратууну билдирет, Кыргыз Республикасынын Конституциясынын 20-беренесинин 5-бөлүгүнүн 8-пунктунун талаптарына ылайык мындайга жол берилбейт.
4. Сот актысы укуктук актылар тутумунда ѳзгѳчѳ орунду ээлейт, сот бийлигинин ишмердигин жүзѳгѳ ашыруунун эң маанилүү укуктук формасын түзѳт жана укуктук аныктык белгисине ээ, бул анын тѳгүндѳлбѳстүгүн жана туруктуулугун билдирет. Бул сот актысынын туруктуулугун жана анын негизсиз жокко чыгаруудан же ѳзгѳртүүдѳн корголгонун шарттайт. Бул принциптен четтѳѳ субъективдүү элементти камтыбаган жана так аныкталган эрежелерге негизделген ѳзгѳчѳ жана сейрек учурларда гана мүмкүн.
Түпкү жыйынтыгы адилеттүү сот чечимин чыгаруу болуп саналган, Кыргыз Республикасынын Конституциясы менен кепилденген соттук коргоо, эгер колдонуудагы укуктук жѳнгѳ салуу чечим чыгарууда сот андан кѳз каранды эмес объективдүү себептер боюнча билбеген же билиши мүмкүн болбогон маанилүү жагдайлардын пайда болгондугуна байланыштуу сот актысын кайра кароо мүмкүндүгүнѳ жол бербесе, толук жана натыйжалуу болуп таанылышы мүмкүн эмес. Бул жагдайлар же чечимди кабыл алуу учурунда болгон эмес, же болсо да иштин материалдарынан кѳрүнбѳйт жана сот кадимкидей жагдайларда алар тууралуу билиши мүмкүн эмес. Ушуга байланыштуу, Кыргыз Республикасынын Конституциясы мыйзам чыгаруучуну мыйзамдуу күчүнѳ кирген сот чечимин кайра кароонун укуктук механизмин караштырууга милдеттендирет (20-берененин 5-бѳлүгүнүн 3-пункту).
Мындай укуктук ыкмалардын бири болуп сот актыларын кайтадан ачылган же жаңы жагдайлар боюнча кайра кароо мүмкүндүгү болуп саналат. Каралып жаткан институт субъективдүү укуктарды коргоо механизминин процесстик элементи болуп эсептелет, ал соттук каталарды жоюу менен бирге иш боюнча акыйкатты орнотууга, бузулган укукту калыбына келтирүүгѳ жол берет. Ѳзүнүн укуктук табиятына жараша кайтадан ачылган же жаңы жагдайлар боюнча кайра кароонун негиздери негиздер эле эмес, иш боюнча ѳндүрүштү жаңылантуу үчүн себеп болуп эсептелет, аларды табуу же алардын пайда болушу сот актысын кайра кароо зарылдыгына алып келет.
Мыйзамдуу күчүнѳ кирген сот актыларынын акыркы болуусун четтетүүнүн мындай мүмкүндүгү ѳзүнүн мүнѳзү боюнча ѳзгѳчѳ болуп, соттун чечимдеринин мыйзамдуу күчүн, алардын тѳгүндѳлбѳстүгүн таануу менен камсыздалган укуктук аныктыктын талаптарына жооп бере турган мыйзамдуу күчүнѳ кирген сот актыларын кайра кароонун ушундай жол-жоболорун жана шарттарын орнотууну талап кылат.
Ошол эле убакытта, соттук коргоого болгон укукту жүзѳгѳ ашыруу жолу аркылуу адамдын жана жарандын укуктары менен эркиндиктерин коргоо зарылдыгы бир жагынан сот актыларынын преюдициалдуулугу, экинчи жагынан бузулган укуктарды жана эркиндиктерди коргоо максатында күмөндүү сот актыларын кайра кароо зарылдыгынын ортосундагы тең салмактуулукту сактоону шарттайт. Мындай тең салмактуулук преюдициалдуулуктун жайылтылышынын чектерин жана аны төгүндөө тартибин орнотуу аркылуу камсыздалат.
Сот актыларынын преюдициалдуулугунун жайылтылышынын чектери ѳзгѳчѳ мүнѳзгѳ ээ болгон ыкмалардын бири катары ишти кайтадан ачылган же жаңы жагдайлар боюнча кайра кароо мүмкүндүгүн болжойт, анткени конкреттүү учурда укуктук аныктыкты орнотууга кѳмѳк кылган иштин маанилүү жана тѳгүндѳлбѳс жагдайларын аныктоого багытталган.
Адилеттүүлүктү калыбына келтирүү мүмкүндүгү катары административдик процессте соттук чечимдерди кайтадан ачылган же жаңы жагдайлар боюнча кайра кароонун ѳзгѳчѳлүгү, биринчи кезекте адамдын жана жарандын укуктары менен эркиндиктерин объективдүү жана толук кандуу коргоого багытталган административдик сот ѳндүрүшүнүн жыйынтыктарында жана натыйжалуулугунда жатат.
Соттук актыларды кайтадан ачылган же жаңы жагдайлар боюнча кайра кароо ѳз алдынча, факультативдүү (анткени ѳндүрүш тиешелүү юридикалык фактылар болгон учурда, кызыкдар жактардын демилгеси боюнча гана козголот), ѳзгѳчѳ (анткени жалпы эреже боюнча сот актыларын, аларды чыгарган сот тарабынан кайра каралышына жол берилбейт) сот ѳндүрүшүнүн стадиясы катары каралат жана стадиялардын кезектешүү тутумунда алдын ала аныкталган өз ордуна ээ болбостон жана соттордун ѳзүн-ѳзү контролдоосуна негизделип инстанциядан сырткары мүнѳзгѳ ээ.
Кайра кароонун маңызы ишти кароону жаңылантуу үчүн кайтадан ачылган же жаңы жагдайлардын болуусу же болбогондугу тууралуу маселени чечүүдѳ турат. Соттук актыны кайра кароо жѳнүндѳ арыз канааттандырылган учурда иш сот тарабынан жалпы негиздер боюнча, Кыргыз Республикасынын Административдик-процесстик кодексинде бекитилген тартип боюнча каралат.
Кайтадан ачылган жана жаңы жагдайларды ачуу, сот бул жагдайларды эске алуу менен башка чечим чыгара алышы мүмкүн экендиги тууралуу күбѳлѳндүрѳт. Бул стадиянын ѳзгѳчѳлүгү болуп, анын мыйзамдуу күчүнѳ кирген чечимди жокко чыгарууга багытталышы эсептелет. Кайтадан ачылган же жаңы жагдайлар боюнча соттук актыны кайра кароо жѳнүндѳ арыз, чечимдин маңызына таасир этүү, маңызы боюнча башка жыйынтыкка жетүү максатын көздөйт.
Кыргыз Республикасынын Конституциясынын 97-беренесинин 10-бѳлүгүндѳ конституциялык эмес деп таанылган мыйзамдардын ченемдерине негизделген сот актылары ар бир конкреттүү учурда укуктарына жана эркиндиктерине шек келтирилген жарандардын даттануулары боюнча сот тарабынан кайра каралат деп бекитилгенин белгилей кетүү керек.
Ѳз кезегинде, Кыргыз Республикасынын Административдик-процесстик кодексинде Кыргыз Республикасынын Жогорку сотунун Конституциялык палатасы тарабынан талаш-тартыш болуп жаткан сот актысы негизделген мыйзамдын же башка ченемдик укуктук актынын Кыргыз Республикасынын Конституциясына ылайык келбегендигин таануу жаңы жагдай болуп эсептелет деп каралган (269-берененин 2-бѳлүгүнүн 1-пункту).
Ошентип, Кыргыз Республикасынын Конституциясы сот актысын кайра каратууга болгон укукту тиешелүү мѳѳнѳттѳр менен чектѳѳ мүмкүндүгүнѳ жол бербейт.
Жогору турган сот тарабынан ишти кайра каратуу жана соттук коргонуу укуктарын чектѳѳгѳ жол берилбестигин кепилдеген Кыргыз Республикасынын Конституциясынын 20-беренесинин 5-бѳлүгүнүн 3 жана 8-пункттарынын талаптарына ылайык, Кыргыз Республикасынын Конституциясы менен ушул укуктарды чектѳѳчү кандайдыр бир мѳѳнѳттѳр орнотулбагандыгын эске алуу керек.
Бул баяндалгандар жеке жана юридикалык жактар өтүүгө мүмкүн болбогон бөгөт мөөнөттөрү аркылуу соттук коргонуу укугунун маңызынын өзүн чектей турган мындай жѳнгѳ салуучулук таасирге кабылышы мүмкүн эмес экенин билдирет.
Ошентип, укуктук аныктык жана сот актыларынын акыркы болуу принциби, Кыргыз Республикасынын Конституциясынын негизги приоритети - адамдын жана жарандын укуктары менен эркиндиктерин коргоого шек келтирбегенде гана чоң мааниге ээ.
Мындан тышкары жарандык-процесстик жана жазык-процесстик мыйзамдарында сот актыларын кайтадан ачылган жана жаңы жагдайлар боюнча кайра кароо укугуна мөөнөттүк чектер жок. Сот өндүрүшүнүн негизги максаты – бул түрүнө карабастан бузулган укукту калыбына келтирүү экендигин эске алсак, мыйзам чыгаруучу тарабынан административдик сот өндүрүшүндө сот актыларын кайра кароо маселелерин жөнгө салууда мындай тандоочулук менен мамиле жасалышына жол берилбеши керек.
Жогоруда баяндалгандардын негизинде, Кыргыз Республикасынын Конституциясынын 97-беренесинин 6-бөлүгүнүн 1-пунктун, 8 жана 9-бөлүктөрүн, «Кыргыз Республикасынын Жогорку сотунун Конституциялык палатасы жөнүндө» конституциялык Мыйзамдын 46, 47, 48, 51 жана 52-беренелерин жетекчиликке алып, Кыргыз Республикасынын Жогорку сотунун Конституциялык палатасы
Ч Е Ч Т И:
1. Кыргыз Республикасынын Административдик-процесстик кодексинин 271-беренесинин “бирок сот актысы мыйзамдуу күчүнө кирген күндөн тартып үч жылдан кеч эмес мезгилде ишти караган сотко берилет” деген ченемдик жобосу Кыргыз Республикасынын Конституциясынын 20-беренесинин 1-бөлүгүнө, 5-бөлүгүнүн 3, 8-пункттарына, 40-беренесинин 1-бөлүгүнѳ карама-каршы келет деп таанылсын.
2. Чечим акыркы жана даттанууга жатпайт, жарыяланган учурдан тартып күчүнө кирет.
3. Чечим бардык мамлекеттик органдар, жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары, кызмат адамдары, коомдук бирикмелер, юридикалык жана жеке жактар үчүн милдеттүү жана республиканын бүткүл аймагында аткарылууга тийиш.
4. Ушул чечим мамлекеттик бийликтин расмий басылмаларында, Кыргыз Республикасынын Жогорку сотунун Конституциялык палатасынын расмий сайтында жана «Кыргыз Республикасынын Жогорку сотунун Конституциялык палатасынын Жарчысында» жарыялансын.
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ЖОГОРКУ СОТУНУН
КОНСТИТУЦИЯЛЫК ПАЛАТАСЫ