Загрузка документа…
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ѲКМѲТY
ТОКТОМ
2015-жылдын 5-июну № 343
Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2011-жылдын 30-декабрындагы № 767 "Кыргыз Республикасынын мамлекеттик органдарында жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарында кызматтык жана нөөмөттүк автотранспортту азайтуунун эсебинен мамлекеттик бюджеттин каражатын үнөмдөө боюнча чаралар жөнүндө" токтомуна өзгөртүү киргизүү тууралуу
"Кыргыз Республикасынын Өкмөтү жөнүндө" Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 10 жана 17-беренелерине ылайык Кыргыз Республикасынын Өкмөтү
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2011-жылдын 30-декабрындагы № 767 "Кыргыз Республикасынын мамлекеттик органдарында жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарында кызматтык жана нөөмөттүк автотранспортту азайтуунун эсебинен мамлекеттик бюджеттин каражатын үнөмдөө боюнча чаралар жөнүндө" токтомуна төмөнкүдөй өзгөртүү киргизилсин:
- 12-пункт төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:
"12. Ушул токтомдун аткарылышын контролдоо Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Аппаратынын финансы жана кредиттик саясат бөлүмүнө, экономика жана инвестициялар бөлүмүнө, Кыргыз Республикасынын Президентинин жана Өкмөтүнүн Иш башкармалыгына жүктөлсүн.".
2. Ушул токтом расмий жарыяланган күндөн жети күн өткөндөн кийин күчүнө кирет.
Премьер-министр | Т.А. Сариев |