Загрузка документа…
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ѲКМѲТY
ТОКТОМ
2015-жылдын 8-июну № 349
Кызыл-Кыя шаарындагы Оорулардын алдын алуу жана мамлекеттик санитардык-эпидемиологиялык көзөмөлдөө борборунун имаратын Баткен облусунун Кызыл-Кыя шаарынын муниципалдык менчигине өткөрүп берүү жөнүндө
"Мүлккө муниципалдык менчик жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына, "Кыргыз Республикасынын Өкмөтү жөнүндө" Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 10 жана 17-беренелерине ылайык Кыргыз Республикасынын Өкмөтү
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Мамлекеттик мүлктү башкаруу боюнча фонд Кызыл-Кыя шаары, 1-кичи району, үй № 12 дареги боюнча жайгашкан Оорулардын алдын алуу жана мамлекеттик санитардык-эпидемиологиялык көзөмөлдөө борборунун имаратын Баткен облусундагы Кызыл-Кыя шаарынын муниципалдык менчигине белгиленген тартипте өткөрүп берсин.
2. Баткен облусунун Кызыл-Кыя шаардык мэриясына төмөнкүлөр сунушталсын:
- ушул токтомдун 1-пунктунда аталган объектти муниципалдык менчикке кабыл алуу;
- жогоруда аталган объектти белгиленген тартипте мамлекеттик кайра каттоо.
3. Ушул токтомдун аткарылышын контролдоо Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Аппаратынын уюштуруу-инспектордук иштер жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу бөлүмүнө жүктөлсүн.
4. Ушул токтом расмий жарыяланган күндөн он күн өткөндөн кийин күчүнө кирет.
Премьер-министр | Т.А. Сариев |