Загрузка документа…
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ѲКМѲТY
ТОКТОМ
2015-жылдын 12-июну № 353
Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2012-жылдын 18-февралындагы № 108 "Ишкердик иш-аракетти жүзөгө ашырууда тобокелдик даражасын баалоо критерийлерин бекитүү жөнүндө" токтомуна толуктоо киргизүү тууралуу
"Ишкердик субъекттерине текшерүүлөрдү жүргүзүү тартиби жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамын ишке ашыруу максатында, "Кыргыз Республикасынын Өкмөтү жөнүндө" Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 10 жана 17-беренелерине ылайык Кыргыз Республикасынын Өкмөтү
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2012-жылдын 18-февралындагы № 108 "Ишкердик иш-аракетти жүзөгө ашырууда тобокелдик даражасын баалоо критерийлерин бекитүү жөнүндө" токтомуна төмөнкүдөй толуктоо киргизилсин:
- жогоруда аталган токтом менен бекитилген Ишкердик иш-аракетти жүзөгө ашырууда тобокелдиктин даражасын баалоонун критерийлери төмөнкүдөй мазмундагы 21-глава менен толукталсын:
"21-глава. Жер казынасын изилдөө, пайдалануу жана коргоо жаатында ишкердик иштин тобокелдик даражасын баалоо критерийлери.
75. Тобокелдиктин жогорку даражасына (80 балл) төмөнкү иш-аракеттерди жүзөгө ашыруучу ишкердик субъектилер кирет:
- техногендик түзүлүштөрдү кошкондо катуу пайдалуу казылмаларды казуу жана кайра иштетүү боюнча;
- көмүртек чийки заттарын казуу боюнча;
- жер алдындагы сууларды чыгаруу боюнча.
76. Тобокелдиктин орточо даражасына (50 балл) төмөнкү иш-аракеттерди жүзөгө ашыруучу иштердик субъектилер кирет:
- техногендик түзүлүштөрдү кошкондо катуу пайдалуу казылмаларды чалгындоо боюнча;
- көмүртек чийки заттарын чалгындоо боюнча;
- жер алдындагы сууларды чалгындоо боюнча.
77. Тобокелдиктин анча маанилүү эмес даражасына (25 балл) төмөнкү иш-аракеттерди жүзөгө ашыруучу ишкердик субъектилер кирет:
- катуу пайдалуу казылмаларды геологиялык иликтөө боюнча;
- көмүртек чийки заттарын геологиялык иликтөө боюнча;
- жер алдындагы сууларды геологиялык иликтөө боюнча.".
2. Ушул токтом расмий жарыяланган күндөн он беш күн өткөндөн кийин күчүнө кирет.
Премьер-министр | Т.А. Сариев |