Редакцияот 15.06.2015
Жүктөө .docx
Герб Кыргызской Республики

КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ѲКМѲТY

ТОКТОМ

2015-жылдын 15-июну № 363

Кыргыз Республикасынын Элеттик аялдар күнүн белгилөө жөнүндө

Коомдун өнүгүшүндөгү элеттик аялдардын ролун жана кошкон салымын таанып, ошондой эле элеттик аялдардын социалдык статусун жогорулатуу үчүн экономикалык, социалдык, укуктук шарттарын мындан ары жакшыртуу максатында, "Кыргыз Республикасынын Өкмөтү жөнүндө" Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 10 жана 17-беренелерине ылайык Кыргыз Республикасынын Өкмөтү

ТОКТОМ КЫЛАТ:

1. 18-июнь жыл сайын майрамдалуучу Кыргыз Республикасынын Элеттик аялдар күнү болуп белгиленсин.

2. Ушул токтом расмий жарыяланган күндөн он беш күн өткөндөн кийин күчүнө кирет.

 

Премьер-министр

Т.А. Сариев