Редакция
Салыштыруу
Жүктөө .docx
Герб Кыргызской Республики

КР Министрлер Кабинетинин 2024-жылдын 26-апрелиндеги № 206 токтомуна ылайык КҮЧҮН ЖОГОТТУ

 

КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ѲКМѲТY

ТОКТОМ

2015-жылдын 16-июну № 365

Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн айрым токтомдорунан "Өтө жашыруун" жана "Жашыруун" грифтерин алып салуу жөнүндө

Маалыматты алуу мүмкүндүгүн камсыздоо максатында, "Кыргыз Республикасында мамлекеттик сырды сактоо жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 9-беренесине ылайык Кыргыз Республикасынын Өкмөтү

ТОКТОМ КЫЛАТ:

1. Төмөнкү грифтер алып салынсын:

- "Өтө жашыруун" - Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 1995-жылдын 7-июлундагы № 267/9 "Мамлекеттик сырды түзүүчү эң негизги маалыматтардын тизмегин жана Жумуштарда, документтерде жана буюмдарда камтылган маалыматтардын категорияларынын жашыруундуулук даражасын белгилөөнүн жана маалыматтардын жашыруундуулук даражасын аныктоонун тартиби жөнүндө жобону бекитүү тууралуу" токтомунан;

- "Жашыруун" - "Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 1995-жылдын 7-июлундагы № 267/9 токтому менен бекитилген Мамлекеттик сырды түзүүчү эң негизги маалыматтардын тизмегинен "Өтө жашыруун" грифин, Жумуштарда, документтерде жана буюмдарда камтылган маалыматтардын категорияларынын жашыруундуулук даражасын белгилөөнүн жана маалыматтардын жашыруундуулук даражасын аныктоонун тартиби жөнүндө жободон "Жашыруун" грифин жана Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 1997-жылдын 4-февралындагы № 55/2 токтому менен бекитилген Ачыкка чыгарууга болбоочу маалыматтардын тизмегинен "Жашыруун" грифин алып салуу жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2005-жылдын 27-сентябрындагы № 454/4 токтомунан.

2. Ушул токтом расмий жарыяланган күндөн тартып күчүнө кирет.

 

Премьер-министр

Т.А. Сариев