Загрузка документа…
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН АТЫНАН КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ЖОГОРКУ СОТУНУН КОНСТИТУЦИЯЛЫК ПАЛАТАСЫНЫН
ЧЕЧИМИ
Максатбек Мергенбаевич Жорокулов, Ксения Леонидовна Тишинина, «Бишкеккурулуш» өндүрүштүк-курулуш фирмасы» ачык акционердик коому, Бермет Тазабековна Джаныкулованын кайрылууларына байланыштуу Кыргыз Республикасынын Бузуулар жѳнүндѳ кодексинин 333-беренесинин 3-бѳлүгүнүн конституциялуулугун текшерүү жѳнүндѳ иш боюнча
2019-жылдын 11-сентябры №11-р
Кыргыз Республикасынын Жогорку сотунун Конституциялык палатасы: төрагалык кылуучу - К.А. Дуйшеев, судьялар К. Абдиев, Ч.А. Айдарбекова, М.Р. Бобукеева, М.Ш. Касымалиев, К.М. Киргизбаев, Э.Т. Мамыров, А.О. Нарынбекова, Э.Ж. Осконбаев, Ч.О. Осмонова, Ж.И. Саалаевдин курамында, сот отурумунун катчысы К.А. Аблакимовдун,
кайрылуучу тараптар – Максатбек Мергенбаевич Жорокулов, Ксения Леонидовна Тишининанын ишеним кат боюнча өкүлдөрү Бектур Камильевич Осмонбаев жана Тилек Алмазбекович Алмазбековдун, Бермет Тазабековна Джаныкулова жана анын ишеним кат боюнча өкүлү Нурбек Акбарович Токтакунов, «Бишкеккурулуш» өндүрүштүк-курулуш фирмасы» ачык акционердик коомунун (мындан ары - «Бишкеккурулуш» өндүрүштүк-курулуш фирмасы» ААК) ишеним кат боюнча ѳкүлү Евгений Энгельсович Городецкийдин;
жоопкер тарап – Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин ишеним кат боюнча өкүлдөрү Алмазбек Тавалдыевич Молдобаев, Орозобек уулу Максаттын;
башка жактар – Кыргыз Республикасынын Президентинин Кыргыз Республикасынын Жогорку сотунун Конституциялык палатасындагы туруктуу өкүлү Латип Пазылович Жумабаев, Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн ишеним кат боюнча өкүлү Асель Бекназаровна Абдураимова, Кыргыз Республикасынын Жогорку сотунун ишеним кат боюнча ѳкүлү Эркин Бакбурович Искаков, Кыргыз Республикасынын Юстиция министрлигинин ишеним кат боюнча ѳкүлү Аида Маратовна Курманбаеванын катышуусунда,
Кыргыз Республикасынын Конституциясынын 97-беренесинин 1 жана 6-бөлүктөрүн, «Кыргыз Республикасынын Жогорку сотунун Конституциялык палатасы жөнүндө» конституциялык Мыйзамдын 4, 18, 19, 37 жана 42-беренелерин жетекчиликке алып, Кыргыз Республикасынын Бузуулар жѳнүндѳ кодексинин 333-беренесинин 3-бѳлүгүнүн конституциялуулугун текшерүү жөнүндө ишти ачык соттук отурумда карап чыкты.
Бул ишти кароого М.М. Жорокулов, К.Л. Тишинина, Б.Т. Джаныкулова, «Бишкеккурулуш» өндүрүштүк-курулуш фирмасы ААКтын өтүнүчтѳрү себеп болду.
Кыргыз Республикасынын Бузуулар жѳнүндѳ кодексинин 333-беренесинин 3-бѳлүгүнүн Кыргыз Республикасынын Конституциясына ылайык келүүсү жѳнүндѳгү маселеде күмөндүүлүктүн пайда болуусу бул ишти кароого негиз болду.
Ишти соттук отурумга даярдаган судья-баяндамачы А.О. Нарынбекованын маалыматын угуп жана келтирилген материалдарды изилдеп чыгып, Кыргыз Республикасынын Жогорку сотунун Конституциялык палатасы
Т А П Т Ы:
Кыргыз Республикасынын Жогорку сотунун Конституциялык палатасына 2019-жылдын 26-февралында М.М. Жорокуловдун Кыргыз Республикасынын Бузуулар жѳнүндѳ кодексинин 333-беренесинин 3-бѳлүгүн Кыргыз Республикасынын Конституциясынын 20-беренесинин 5-бѳлүгүнүн 3, 8-пункттарына, 40-беренесинин 1-бѳлүгүнѳ карама-каршы келет деп таануу жѳнүндѳ ѳтүнүчү келип түшкѳн.
М.М. Жорокуловдун кайрылуусунун мазмунунан келип чыккандай, мыйзам чыгаруучу Кыргыз Республикасынын Бузуулар жѳнүндѳ кодексинин 332-беренесинде бузуу жөнүндө иш боюнча ыйгарым укуктуу органдын токтому бузуу үчүн жоопкерчиликке тартылган адам, жабырлануучу тарабынан, ошондой эле алардын мыйзамдуу ѳкүлү тарабынан райондук (шаардык) сотко даттанылышы мүмкүн деп караштырган.
Бирок, ошол эле учурда, жогоруда аталган кодекстин 333-беренесинин 3-бѳлүгү бузуу субъекттеринин даттануусун кароонун жыйынтыгы боюнча чыгарылган райондук (шаардык) соттун чечими акыркы болуп саналат деп белгилеп, андан ары жогору турган сотторго ага даттанууга тыюу салат. Муну менен, аталган ченем Кыргыз Республикасынын Конституциясынын 20-беренесинин 5-бѳлүгүнүн 3-пунктунда бекитилген, эч кандай чектелүүгө тийиш эмес жогору турган сот тарабынан ишти кайра каратуу укугун чектеп, ошондой эле Кыргыз Республикасынын Конституциясынын 40-беренесинин 1-бѳлүгү менен кепилденген соттук коргонуу укугун бузууда.
Арыздануучунун пикири боюнча, Кыргыз Республикасынын Конституциясы менен кепилденген жогору турган сот тарабынан ишти кайра каратуу укугу соттук коргонуу укугу менен ѳз ара тутумдук байланышта турат жана адамдын жана жарандын бардык калган укуктары менен эркиндиктеринин кепилдиги болуп саналып, жарандардын адилеттүү сотко, мамлекетке жана мыйзамдарга ишенимин арттырууга ѳбѳлгѳ түзѳт.
Андан тышкары, ал ѳз кайрылуусунда Кыргыз Республикасынын Жогорку сотунун Конституциялык палатасынын, анын 2016-жылдын 11-майындагы чечиминде баяндалган укуктук кѳз карашын келтирген, ага ылайык укук субъекттеринин укуктары жана милдеттериндеги айырмачылыктарга алып келген укуктук жөнгө салуунун ар кандай дифференциациясы мыйзам чыгаруучу тарабынан Кыргыз Республикасынын Конституциясынын талаптарын, анын ичинде, эгер айырмачылыктар объективдүүлүк жагынан орундуу, негиздүү жана конституциялык маанилүү максаттарды көздөгѳн болсо, ал эми андай максаттарга жетишүү үчүн колдонулуп жаткан укуктук каражаттар аларга ѳлчѳмдѳш болсо, анда айырмачылыктарга жол берилет деген теңдик принцибинен келип чыккан талаптарды сактоо менен жүзѳгѳ ашырылышы керек. Бирок, М.М. Жорокуловдун пикири боюнча, талашылып жаткан ченемде каралган чектѳѳ конституциялык маанилүү максаттарды кѳздѳбѳйт.
Жогоруда баяндалгандын негизинде, арыздануучу Кыргыз Республикасынын Бузуулар жѳнүндѳ кодексинин 333-беренесинин 3-бѳлүгүн Кыргыз Республикасынын Конституциясынын 20-беренесинин 5-бѳлүгүнүн 3, 8-пункттарына, 40-беренесинин 1-бѳлүгүнѳ карама-каршы келет деп таанууну суранууда.
Кыргыз Республикасынын Жогорку сотунун Конституциялык палатасынын судьялар коллегиясынын 2019-жылдын 9-апрелиндеги аныктамасы менен кайрылуу өндүрүшкө кабыл алынган.
Ошондой эле, 2019-жылдын 26-апрелинде Кыргыз Республикасынын Жогорку сотунун Конституциялык палатасына К.Л. Тишининанын Кыргыз Республикасынын Бузуулар жѳнүндѳ кодексинин 333-беренесинин 3-бѳлүгүнүн Кыргыз Республикасынын Конституциясынын 16-беренесинин 3-бөлүгүнө, 20-беренесинин 5-бѳлүгүнүн 3, 8-пункттарына ылайык келүүсүн текшерүү жѳнүндѳ ѳтүнүчү келип түшкѳн.
К.Л. Тишинина талашылып жаткан ченем менен бузуу жөнүндө иш боюнча соттук чечимге жогору турган соттук инстанцияларга даттануу укугу негизсиз чектелип жатканын күбөлөндүргөн М.М. Жорокуловдун жүйөлөрү сыяктуу аргументтерди келтирүүдө.
Ошону менен бирге, арыздануучу Кыргыз Республикасы катышуучусу болгон Адам укуктарынын жалпы декларациясынын 7-беренеси менен ар бир адам ага конституция же мыйзам менен берилген анын негизги укуктары бузулган учурларда компетенттүү улуттук соттор аркылуу укуктарын натыйжалуу калыбына келтирүүгө укуктуу деп орнотулганын белгилейт.
Ошондой эле, Жарандык жана саясий укуктар жөнүндө эл аралык пактка ылайык, бул Пактка катышуучу болгон ар бир мамлекет Пактта таанылган укуктары жана эркиндиктери бузулган ар бир адамга укуктук коргоонун натыйжалуу каражатын камсыз кылууга жана соттук коргоонун мүмкүнчүлүктөрүн өркүндөтүүгө, компетенттүү бийлик тарабынан укуктук коргоо каражаттарын алар берилген учурда колдонууну камсыз кылууга милдеттенет.
Бирок, арыздануучунун пикири боюнча, талашылып жаткан ченем Кыргыз Республикасынын Конституциясынын 20-беренесинин 5-бөлүгүнүн 3-пунктунун жана эл аралык ченемдердин талаптарын бузуу менен жарандардын конституциялык укуктарын жүзөгө ашырууга негизсиз жана өлчөмдөш эмес чектөөнү караштырат жана жаранды бузуу жөнүндө ишти жогору турган соттук инстанцияларда кайра каратуу укугунан ажыратат. Соттук коргонууга жана соттор тарабынан мыйзамдуу жана негиздүү чечимдерди чыгарууга болгон конституциялык укукту жүзөгө ашыруунун чыныгы кепилдиктеринин бири болуп чечимдерге жогору турган соттук инстанцияларга даттануу укугу эсептелет. Ошону менен бирге, кээ бир учурларда ишти сотто кароодо мыйзамды туура эмес чечмелөөнүн, колдонуунун же болбосо иштин анык жагдайларын жетишсиз изилдөөнүн натыйжасында кетирилген, мыйзамсыз же негизсиз чечимдерди чыгарууга алып келген каталар болот. Андан тышкары, соттук чечимдерге жогору турган соттук инстанцияларга даттануу жарандарга ишти кароонун жүрүшүндө жаӊы далилдерди келтирүүгө мүмкүнчүлүк берет.
К.Л. Тишинина жарандык, жазык жана административдик сот өндүрүштѳрүнүн алкагында соттук актыларга жогору турган соттук инстанцияларга даттануу мүмкүнчүлүгү бар, ошол эле убакытта Бузуулар жөнүндө кодексте мындай мүмкүнчүлүк жок, бул эч кандай чектелүүгө жатпаган соттук коргонуу укугун кепилдеген Конституциянын 20-беренесинин 5-бөлүгүнүн 8-пунктунун талаптарын бузат деп эсептейт.
Мындан тышкары, анын пикири боюнча, талашылып жаткан ченем бардыгынын мыйзам жана сот алдындагы теӊдигин кепилдеген Конституциянын 16-беренесинин 3-бөлүгүнүн жоболорун бузат.
Ошондой эле, арыздануучу тарабынан жүйө катары Конституциялык палатанын, анын 2014-жылдын 19-декабрындагы чечиминде чагылдырылган укуктук көз караштары келтирилүүдө, аларга ылайык сот адилеттүүлүгү өз маӊызы боюнча андай деп, адилеттүүлүктүн талаптарына жооп берген жана укуктарды натыйжалуу калыбына келтирүү шарттарында гана таанылышы мүмкүн, мыйзам чыгаруучу соттук актыларга даттануунун тартибин камсыз кылган соттук инстанциялардын тутумун түзүү аркылуу мыйзамдуу, негиздүү жана адилеттүү соттук актыларды чыгарууну камсыз кыла турган механизмди орнотууга милдеттүү. Соттук териштирүүнүн жүрүшүндө чыгарылган биринчи инстанциядагы соттун токтомдоруна даттануунун негизги багыты болуп алардын каталыгын (мыйзамсыздыгын жана негизсиздигин) өз убагында жоюу зарылдыгы жана бузулган укуктарды ыкчам калыбына келтирүү, жазык ишин акылга сыяр мөөнөт ичинде кароо үчүн тоскоолдуктарды жоюу саналат.
Жогоруда баяндалгандын негизинде, К.Л. Тишинина Кыргыз Республикасынын Бузуулар жөнүндө кодексинин 333-беренесинин 3-бөлүгүн Кыргыз Республикасынын Конституциясынын 16-беренесинин 3-бөлүгүнө, 20-беренесинин 5-бөлүгүнүн 3, 8-пункттарына карама-каршы келет деп таанууну суранууда.
Кыргыз Республикасынын Жогорку сотунун Конституциялык палатасынын судьялар коллегиясынын 2019-жылдын 7-июнундагы аныктамасы менен бул кайрылуу да өндүрүшкө кабыл алынган.
Жогоруда көрсөтүлгөн кайрылууларда баяндалган талаптар өз ара байланышта болгонун эске алуу менен, судья-бандамачынын 2019-жылдын 2-июлундагы аныктамасы менен бул иштер бир конституциялык сот өндүрүшүнө бириктирилген.
Ошондой эле, Кыргыз Республикасынын Жогорку сотунун Конституциялык палатасына 2019-жылдын 19-августунда Б.Т. Джаныкулованын Кыргыз Республикасынын Бузуулар жѳнүндѳ кодексинин 333-беренесинин 3-бѳлүгүнүн Кыргыз Республикасынын Конституциясынын 20-беренесинин 5-бѳлүгүнүн 3, 8-пункттарына, 27-беренесинин 1-бѳлүгүнѳ, 40-беренесинин 1-бѳлүгүнѳ ылайык келүүсүн текшерүү жѳнүндѳ өтүнүчү келип түшкөн.
Арыздануучу, 2019-жылдын 1-январында колдонууга киргизилген Кыргыз Республикасынын Бузуулар жөнүндө кодекси бузуу жѳнүндѳ иш боюнча ыйгарым укуктуу органдын токтомуна бузуу үчүн жоопкерчиликке тартылган адам, жабырлануучу тарабынан, ошондой эле алардын мыйзамдуу өкүлү тарабынан райондук (шаардык) сотко даттануу мүмкүндүгүн караганын белгилейт. Мында көрсөтүлгөн Кодекстин 333-беренесинин 3-бөлүгүндө бузуу жѳнүндѳ иш боюнча ыйгарым укуктуу органдын токтомуна даттанууну кароонун жыйынтыгы боюнча кабыл алынган соттун чечими акыркы болуп саналат деп каралган. Ушуга байланыштуу, арыздануучу талашылып жаткан ченем тарабынан биринчи инстанциядагы соттун чечимине жогору турган сотторго даттануу укугу чектелүүдө деп болжойт. Ошол эле учурда Кыргыз Республикасынын Конституциясынын 20-беренесинин 5-бөлүгүнүн 3 жана 8-пункттары жогору турган сот тарабынан ишти кайра каратуу жана соттук коргонуу укуктары эч чектелүүгө тийиш эмес деп кепилдик кылат.
Арыздануучу Кыргыз Республикасынын Конституциясынын 27-беренесинин 1-бөлүгүнө ылайык укукка каршы аракеттерди жасоодо күнөөлүү деп таанылган ар бир адам ишин мыйзамга ылайык жогору турган сотто кайра каратууга укуктуу деп эсептейт.
Б.Т. Джаныкулова белгилегендей, талашылып жаткан ченем Кыргыз Республикасынын Конституциясынын 40-беренесинин 1-бөлүгүнүн талаптарын да бузууда, ага ылайык ар кимге Конституцияда, мыйзамдарда, Кыргыз Республикасы катышуучу болуп саналган эл аралык келишимдерде, эл аралык укуктун жалпыга таанылган принциптеринде жана ченемдеринде каралган анын укуктары менен эркиндигин соттук коргоого кепилдиктер берилет.
Арыздануучу өзүнүн кайрылуусунда Кыргыз Республикасы катышуучу болгон эл аралык келишимдердин жоболорун, анын ичинде Адам укуктарынын жалпы декларациясынын 8-беренесинин ченемдерин келтирүүдө, ага ылайык ар бир адам ага конституция жана мыйзамдар менен берилген негизги укуктары бузулган учурда аларды компетенттүү улуттук соттор аркылуу натыйжалуу калыбына келтирүүгѳ укуктуу.
Арыздануучу бардык башка конституциялык укуктар менен эркиндиктерге карата камсыздоочу-калыбына келтирүүчү функцияны аткарган адам менен жарандын укуктары менен эркиндиктерин мамлекеттик коргоонун универсалдуу укуктук каражаты болгон соттук коргонуу укугу, жогору турган сот тарабынан ишти кайра каратуу укугу, жарандардын сот адилеттигине жетишүүсүнө кедерги боло турган ченемдердин кабыл алынуусун болтурбоо маселелери боюнча Кыргыз Республикасынын Жогорку сотунун Конституциялык палатасынын укуктук көз караштарын келтирүүдө.
Ошентип, арыздануучу, Конституциялык палатанын 2014-жылдын 31-октябрындагы чечиминен соттук коргонуу укугун таасирдүү кепилдѳѳ болуп жогору турган сотто ишти кайра каратуу мүмкүнчүлүгү саналаары келип чыгууда деп эсептейт. Мындан улуттук укуктук тутумда соттук инстанциялардын, даттануунун ирети жана процедурасынын, жогору турган сот тарабынан соттук актыларды жокко чыгаруу же өзгөртүү үчүн негиздердин, жогору турган соттордун ыйгарым укуктарынын болушу менен чагылдырылган, ишти жогору турган сотто кайра каратуу мүмкүнчүлүгүнѳ укук болбосо, соттук коргонуу укугу толугу менен жүзөгө ашырылбайт деген келип чыгууда.
Б.Т. Джаныкулова Кыргыз Республикасынын Бузуулар жөнүндө кодекси колдонууга киргизилген күндѳн тартып Кыргыз Республикасынын аймагында жашаган жарандар жана адамдар бузуулар жөнүндө иштер боюнча биринчи инстанциядагы соттордун чечимдерине даттануу мүмкүндүгүнөн ажырашты деп эсептейт. Башка сөз менен айтканда, жогоруда аталган субъектилерди укук бузууда күнөөлүү деп тааныган биринчи инстанциядагы соттордун чечимдери андан ары даттанылбайт дегенди билдирет. Өз кезегинде, даттануу институту сот адилеттигинин сапатын жогорулатуу жана тобокелчиликти азайтуу максатында түзүлгөн болуучу. Ошентип, анын пикири боюнча, биринчи инстанциядагы соттун жумушундагы кандайдыр бир деңгээлде мерчемдүү кемчиликтерди толугу менен жокко чыгаруу мүмкүн эмес. Ошон үчүн сот өндүрүшү жана аны жөнгө салган процесстик укук атайын «сын-пикир» жана соттук каталарды жоюу ыкмасыз иштей албайт, дал ушул милдетти Кыргыз Республикасынын Конституциясында бекитилген даттануу институту аткарат. Анын Бузуулар жөнүндө кодексте жоктугу процесстик жана материалдык ченемдердин бузулушу менен чыккан чечимдердин пайыздык көрсөткүчүнүн көбөйүшүнө, демек жеке жана юридикалык жактардын укуктарынын көптөгөн бузулууларына алып келүүдө. Арыздануучу сот адилеттигинин башкы милдети, адилеттүү жана объективдүү соттоо аткарылбай жатат деп эсептейт.
Баяндалгандын негизинде, Б.Т. Джаныкулова Кыргыз Республикасынын Бузуулар жөнүндө кодексинин 333-беренесинин 3-бөлүгүн Кыргыз Республикасынын Конституциясынын 20-беренесинин 5-бөлүгүнүн 3, 8-пункттарына, 27-беренесинин 1-бөлүгүнө, 40-беренесинин 1-бөлүгүнө карама-каршы келет деп таанууну суранууда.
Кыргыз Республикасынын Жогорку сотунун Конституциялык палатасынын судьялар коллегиясынын 2019-жылдын 28-августундагы аныктамасы менен бул кайрылуу Кыргыз Республикасынын Бузуулар жөнүндө кодексинин 333-беренесинин 3-бөлүгүнүн Кыргыз Республикасынын Конституциясынын 20-беренесинин 5-бөлүгүнүн 3, 8-пункттарына, 40-беренесинин 1-бөлүгүнө ылайык келүүсүн текшерүү бөлүгүндө өндүрүшкө кабыл алынган, өтүнүчтү калган бөлүгүндө өндүрүшкө кабыл алуудан баш тартылган.
Жогоруда аталган иштерди кароого даярдоонун жүрүшүндө 2019-жылдын 19-августунда «Бишкеккурулуш» өндүрүштүк-курулуш фирмасы ААКтын Кыргыз Республикасынын Бузуулар жөнүндө кодексинин 333-беренесинин 3-бөлүгүнүн Кыргыз Республикасынын Конституциясынын 20-беренесинин 5-бөлүгүнүн 3, 8-пункттарына ылайык келүүсүн текшерүү жөнүндө өтүнүчү келип түшкөн.
Кайрылуу субъекти Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Экологиялык жана техникалык коопсуздук боюнча Мамлекеттик инспекциянын Бишкек шаары боюнча Региондор аралык башкармалыгы тарабынан 2018-жылдын 26-июлунда «Бишкеккурулуш» өндүрүштүк-курулуш фирмасы» ААКка карата текшерүүнүн жыйынтыгы боюнча бузууларды четтетүү жөнүндө көрсөтмө берилген, 2018-жылдын 10-августунда административдик укук бузуу жөнүндө протокол түзүлгөн, 2018-жылдын 13-августунда административдик жаза чарасын колдонуу жөнүндө токтом чыккан деп белгилейт.
2018-жылдын 5-ноябрында «Бишкеккурулуш» өндүрүштүк-курулуш фирмасы» ААК 2018-жылдын 13-августундагы жогоруда көрсөтүлгөн токтомду жараксыз деп таануу арызы менен Бишкек шаарынын Райондор аралык сотуна кайрылган. Бишкек шаарынын Райондор аралык сотунун 2019-жылдын 28-февралындагы аныктамасы менен административдик иш соттуулугу боюнча Бишкек шаарынын Биринчи май райондук сотуна өткөрүлүп берилген. Бишкек шаарынын Биринчи май райондук сотунун 2019-жылдын 15-майындагы токтому менен 2018-жылдын 13-августундагы жогоруда аталган токтом өзгөртүүсүз, ал эми «Бишкеккурулуш» өндүрүштүк-курулуш фирмасы ААКтын арызы канааттандыруусуз калтырылган. Соттун бул токтомуна «Бишкеккурулуш» өндүрүштүк-курулуш фирмасы» ААК апелляциялык даттануусун берген, ал Бишкек шаарынын Биринчи май райондук сотунун 2019-жылдын 31-июлундагы каты менен, сот кабыл алган чечим акыркы болуп саналат деп караштырган Кыргыз Республикасынын Бузуулар жөнүндө кодексинин 333-беренесинин 3-бөлүгүнүн негизинде арыздануучуга кайтарылып берилген.
Муну менен, кайрылуу субъектинин пикири боюнча, «Бишкеккурулуш» өндүрүштүк-курулуш фирмасы» ААК Конституцияга ылайык эч кандай чектелүүгө тийиш болбогон ишти жогору турган сотто кайра каратуу жана соттук коргонуу конституциялык укуктарынан ажыратылган болуучу.
Баяндалгандын негизинде, Е.Э. Городецкий Кыргыз Республикасынын Бузуулар жөнүндө кодексинин 333-беренесинин 3-бөлүгүн Кыргыз Республикасынын Конституциясынын 20-беренесинин 5-бөлүгүнүн 3, 8-пункттарына карама-каршы келет деп таанууну суранууда.
Кыргыз Республикасынын Жогорку сотунун Конституциялык палатасынын судьялар коллегиясынын 2019-жылдын 28-августундагы аныктамасы менен бул кайрылуу да өндүрүшкө кабыл алынган.
Жогоруда көрсөтүлгөн кайрылууларда баяндалган талаптар өз ара байланыштуу болгонун эске алуу менен судья-баяндамачынын 2019-жылдын 3-сентябрындагы аныктамасы менен бул иштер бир конституциялык сот өндүрүшүнѳ бириктирилген.
Кыргыз Республикасынын Жогорку сотунун Конституциялык палатасы соттук отурумда К.Л. Тишининанын кызыкчылыктарын көздөгөн Б.К. Осмонбаевдин талашылып жаткан ченемди Кыргыз Республикасынын Конституциясынын 96-беренесинин 1 жана 3-бөлүктөрүнө да ылайык келүүсүн текшерүү жөнүндө оозеки өтүнүчүн канааттандырган.
Кайрылуучу тараптан чыгып сүйлөгөн М.М. Жорокулов, Б.Т. Джаныкулова, Е.Э. Городецкий, Б.К. Осмонбаев, Т.А. Алмазбеков, Н.А. Токтакунов ѳз талаптарын колдошту жана аларды канааттандырууну суранышууда.
Жоопкер тараптын өкүлү Орозобек уулу Максат арыздануучулардын жана алардын өкүлдөрүнүн жүйөлөрү менен макул болбостон, кийинкидей пикирин билдирген.
Кыргыз Республикасынын Бузуулар жөнүндө кодексинин 313-беренесине ылайык ыйгарым укуктуу орган бузуулар жөнүндө иш боюнча өндүрүштүн катышуучуларынын катарына кирет. Каралып жаткан Кодекстин 329-беренесине ылайык бузуу жөнүндө ишти карап чыгып, ыйгарым укуктуу орган иш боюнча кагаз түрүндө же болбосо электрондук колтамга менен күбөлөндүрүлгөн электрондук документ формасында токтом чыгарат.
Ыйгарым укуктуу орган (кызмат адамы) 331-3-беренесине ылайык ишти кароо же башка процесстик аракеттерди жүзөгө ашыруу башталганга чейин жыйырма төрт сааттан кечиктирбестен кабарландыруу аркылуу бузуулар жөнүндө иш боюнча өндүрүштүн катышуучуларына ишти кароонун датасы жана орду, айрым процесстик иш-аракеттер тууралуу билдирет, аларды ишти кароого же башка процесстик иш-аракеттерди жүзөгө ашырууга катышууга чакырат.
Ошондой эле, бузуу жасагандыгы үчүн жоопкерчиликке тартылып жаткан адам жана жабырлануучу бузуу жөнүндө иш боюнча өндүрүш мезгилинде бир катар процесстик укуктарга ээ (314-317-беренелер).
Ошону менен бирге, бузуу жөнүндө иш боюнча өндүрүштүн көрсөтүлгөн катышуучулары тарабынан Бузуулар жөнүндө кодексте каралган учурлардан тышкары, бузуу жөнүндө иш боюнча ыйгарым укуктуу органдын токтому райондук (шаардык) сотко даттанылышы мүмкүн (332-берене).
Кыргыз Республикасынын бузуулар жөнүндө кодексинин 335-беренесине ылайык райондук (шаардык) соттун судьясы бузуу жөнүндө иш боюнча ыйгарым укуктуу органдын токтомуна даттанууну карап чыгып, төмөнкүдөй чечимдердин бирин кабыл алат: 1) бузуу жөнүндө иш боюнча токтомду - өзгөртүүсүз, ал эми даттанууну - канааттандыруусуз калтыруу тууралуу; 2) бузуу жөнүндө иш боюнча токтомду - жокко чыгаруу жана бузуу жөнүндө иш боюнча өндүрүштү - токтотуу тууралуу.
Ошентип, жоопкер тараптын өкүлү жогоруда көрсөтүлгөн жоболор жарандын кепилденген соттук коргонуу, ошондой эле ишти кайра каратуу конституциялык укуктарынын жүзөгө ашырылуусуна көмөк болот деп белгилейт.
Жасалган бузуунун мүнөзүн, ошондой эле аны менен келтирилген зыяндын анчалык маанилүү болбогондугун эске алып, Бузуулар жөнүндө кодекстин процесстик бөлүгү бузууларды тариздѳѳ жана кароонун процесстик формасын жөнөкөйлөтүү жана тездетүү максатында иштелип чыккан.
Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин өкүлү Кыргыз Республикасынын Бузуулар жөнүндө кодексинин 333-беренесинин 3-бөлүгү Кыргыз Республикасынын Конституциясында орун алган мыйзам жана сот алдындагы теңдик жѳнүндѳ (16-берененин 3-бөлүгү); жогору турган сот тарабынан ишти кайра каратууга, соттук коргонууга чектөөнүн жоктугу жөнүндө (20-берененин 5-бөлүгүнүн 3 жана 8-пункттары) жана Конституцияда, мыйзамдарда, Кыргыз Республикасы катышуучу болгон эл аралык келишимдерде, эл аралык укуктун жалпыга таанылган принциптеринде жана ченемдеринде каралган укуктар менен эркиндиктерди соттук коргоого кепилдиктер жѳнүндѳ (40-берененин 1-бөлүгү) ченемдерге карама-каршы келбейт деп эсептейт, анткени мамлекеттик ыйгарым укуктуу органдардын чечимдери райондук (шаардык) соттордо бузуулар жөнүндө иштерди кароодо соттук текшерүүдөн өткөрүлөт. Жогору турган сот тарабынан ишти кайра каратууга чектөөнүн жоктугу бөлүгүндө, бул учурда ал жазык сот өндүрүшүнө тийиштүү деп эсептейт.
Жогоруда баяндалгандын негизинде Орозобек уулу Максат арыздануучулардын Кыргыз Республикасынын Бузуулар жөнүндө кодексинин 333-беренесинин 3-бөлүгүн конституциялуу эмес деп таануу жөнүндө өтүнүчтөрүн канааттандыруусуз калтырууну суранууда.
Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин экинчи өкүлү А.Т. Молдобаев Орозобек уулу Максаттын көз карашын колдоду.
Кыргыз Республикасынын Президентинин Кыргыз Республикасынын Жогорку сотунун Конституциялык палатасындагы туруктуу өкүлү Л.П. Жумабаев кайрылуучу тараптын жүйөлөрү менен макул болду жана кийинкидей түшүндүрмө берди.
Кыргыз Республикасынын Конституциясынын 6-беренесине ылайык Конституция эң жогорку юридикалык күчкө ээ жана ал Кыргыз Республикасында түздөн-түз колдонулат, Конституциянын негизинде конституциялык мыйзамдар, мыйзамдар жана башка ченемдик укуктук актылар кабыл алынат. Демек, Кыргыз Республикасында бардык укуктук актылар Кыргыз Республикасынын Конституциясынын талаптарына ылайык келиши керек.
Кыргыз Республикасынын Бузуулар жөнүндө кодексинин 14-беренесинин 3-пунктуна ылайык юридикалык жана жеке жактар бузуу субъекттери болуп саналат.
Мыйзам чыгаруучу көрсөтүлгөн Кодексте бузуу субъекттерине бузуу жөнүндө иштер боюнча кабыл алынган ыйгарым укуктуу органдардын чечимдерине сотко даттануу укугун берген.
Бирок, Кыргыз Республикасынын Бузуулар жөнүндө кодексинин 333-беренесинин 3-бөлүгү райондук (шаардык) сот тарабынан кабыл алынган чечим акыркы болуп саналат деп орнотуу менен ишти жогору турган сотто кайра каратуу укугун жана соттук коргонуу укугун чектөөгө тыюу салган Кыргыз Республикасынын Конституциясынын ченемдерине карама-каршы келүүдө.
Анын пикири боюнча, адамдын, жарандын укуктары менен эркиндиктери улуттук коопсуздукту, коомдук тартипти, калктын саламаттыгын, адеп-ахлагын сактоо, башка адамдардын укуктары менен эркиндиктерин коргоо максатында Конституция жана мыйзамдар менен чектелиши мүмкүн, бирок талашылып жаткан ченемде каралган чектөө жогоруда көрсөтүлгөн максаттарды көздөбөйт.
Жогоруда баяндалгандын негизинде, Л.П. Жумабаев Кыргыз Республикасынын Бузуулар жѳнүндѳ кодексинин 333-беренесинин 3-бѳлүгү Кыргыз Республикасынын Конституциясынын 16-беренесинин 3-бөлүгүнө, 20-беренесинин 5-бѳлүгүнүн 3 жана 8-пункттарына, 27-беренесинин 1-бөлүгүнө, 40-беренесинин 1-бѳлүгүнѳ карама-каршы келет деп эсептейт.
Кыргыз Республикасынын Жогорку сотунун өкүлү Э.Б. Искаков арыздануучулардын жүйөлөрү менен макул болду жана каралып жаткан маселе боюнча кийинкидей көз карашын билдирди.
Ошентип, Кыргыз Республикасынын Бузуулар жөнүндө кодексинин 7-беренесинин 4-бөлүгүнө ылайык бузуу жасагандыгы үчүн жоопкерчиликке тартуу ыйгарым укуктуу органдар тарабынан Кыргыз Республикасынын Бузуулар жѳнүндѳ кодексинде жана башка мыйзамдарда белгиленген алардын ыйгарым укуктарынын негизинде жана чектеринде жүзөгө ашырылат.
Ыйгарым укуктуу орган тарабынан бузуулар жөнүндө иштерди кароо Кыргыз Республикасынын Бузуулар жөнүндө кодексинин 45-главасында орнотулган тартипке ылайык жүзөгө ашырылат. Бузуу жөнүндө ишти карап чыгып, ыйгарым укуктуу орган төмөнкүдөй токтомдордун бирин чыгарат: жаза чарасын колдонуу жөнүндө, иш боюнча өндүрүштү кыскартуу жөнүндө, туумду эсептөө жөнүндө.
Кыргыз Республикасынын Бузуулар жѳнүндѳ кодексинде каралган учурларды кошпогондо, бузуу жөнүндө иш боюнча ыйгарым укуктуу органдын токтому бузуу үчүн жоопкерчиликке тартылган адам, жабырлануучу тарабынан, ошондой эле алардын мыйзамдуу өкүлү тарабынан, райондук (шаардык) сотко даттанылышы мүмкүн.
Бузуу жөнүндө иш боюнча ыйгарым укуктуу органдын токтомуна даттанууну карап чыгып, райондук (шаардык) соттун судьясы төмөнкүдөй чечимдердин бирин кабыл алат: бузуу жөнүндө иш боюнча токтомду - өзгөртүүсүз, ал эми даттанууну - канааттандыруусуз калтыруу тууралуу, же болбосо бузуу жөнүндө иш боюнча токтомду - жокко чыгаруу жана бузуу жөнүндө иш боюнча өндүрүштү - токтотуу тууралуу.
Даттанууну кароонун натыйжалары боюнча чечим токтом түрүндө чыгарылат жана токтоосуз мыйзамдуу күчүнө кирет. Даттанууну берүү сот тарабынан даттануу каралганга чейин жаза чарасын берүү жөнүндө токтомдун аткарылышын токтото турат. Кыргыз Республикасынын Бузуулар жөнүндө кодексинин 333-беренесинин 3-бөлүгүнө ылайык соттун кабыл алган чечими акыркы болуп саналат.
Ошентип, Кыргыз Республикасынын Жогорку сотунун өкүлүнүн пикири боюнча, Кыргыз Республикасынын Бузуулар жөнүндө кодексинин укуктук конструкциясы бузуулар жөнүндө иштерди эки баскычтуу кароону караштырат жана райондук (шаардык) сот ыйгарым укуктуу органдын актыларына даттанууда апелляциялык инстанция катары иштейт. Көрсөтүлгөн Кодексти иштеп чыгууда башка ѳлкѳлѳрдүн тажрыйбасы эске алынган, анын ичинде сот актыларын кайра кароону оптимизациялоо бөлүгүндө жана концептуалдуу укуктук жаңылык катары соттук чечимдерге даттануунун чеги киргизилген. Мындай тартип даттануу укугун кыянаттык менен пайдаланууну жокко чыгарат, талаш-тартыштын чечилишин жана соттук актынын аткарылышын тездетет.
Бирок, Кыргыз Республикасынын Конституциясы Конституцияда каралгандан башка максаттарда жана андан ашкан даражада укуктарга жана эркиндиктерге мыйзам менен чектөө коюлушу мүмкүн эмес, Конституцияда орнотулган, жогору турган сот тарабынан ишти кайра каратуу укугу эч чектелүүгө тийиш эмес деп жар салат.
Жогоруда баяндалгандын негизинде, Э.Б. Искаков Кыргыз Республикасынын Бузуулар жөнүндө кодексинин 333-беренесинин 3-бөлүгү Кыргыз Республикасынын Конституциясынын 16-беренесинин 3-бөлүгүнѳ, 20-беренесинин 5-бөлүгүнүн 3 жана 8-пункттарына карама-каршы келет деп эсептейт.
Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн өкүлү А.Б. Абдураимова кайрылуучу тараптын жүйөлөрү менен макул болгон жок жана каралып жаткан маселе боюнча Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн кийинкидей көз карашын билдирди.
Кыргыз Республикасынын Бузуулар жөнүндө кодексинин 14-беренесине ылайык Кыргыз Республикасынын Бузуулар жѳнүндѳ кодексинде жоопкерчилик каралган коомдук башкаруу тартибине каршы жеке же юридикалык жактар тарабынан жасалган укукка каршы, күнөөлүү жосун (аракет же аракетсиздик) бузуу деп таанылат. Эгерде бул жосундар Кыргыз Республикасынын Жазык кодексине жана Кыргыз Республикасынын Жоруктар жөнүндө кодексине ылайык жоопкерчиликке алып келбесе, Кыргыз Республикасынын Бузуулар жѳнүндѳ кодексинде каралган бузуулар үчүн жоопкерчилик келип чыгат.
Өкмөттүн өкүлүнүн пикири боюнча Бузуулар жөнүндө кодексте регламенттелген укук бузуулар жазык жосундарына кирбейт, ушуга байланыштуу алардын коомдук кооптуулук деңгээли төмөн болуп саналат. Андан тышкары, соттук коргонуу, жогору турган сот тарабынан ишти кайра каратуу укуктарынын абсолюттук мүнөзү жазык иштерине карата гана колдонулат. Ушуга байланыштуу, бузуу жөнүндө иш боюнча ыйгарым укуктуу органдын токтомуна даттануу боюнча райондук (шаардык) соттун токтому жогору турган соттук инстанцияларда даттанууга жатпайт.
Талашылып жаткан ченемде камтылган чектөө бузуулар жөнүндө иштер боюнча соттук создуктурууларды жокко чыгаруу жана жарандардын сотко негизсиз кайрылууларынын санын азайтуу максатында киргизилген болуучу.
Жогоруда баяндалгандын негизинде, А.Б. Абдураимова Бузуулар жөнүндө кодекстин 333-беренесинин 3-бөлүгү Кыргыз Республикасынын Конституциясынын 16-беренесинин 3-бөлүгүнѳ, 20-беренесинин 5-бөлүгүнүн 3 жана 8-пункттарына карама-каршы келбейт деп эсептейт.
Кыргыз Республикасынын Юстиция министрлигинин өкүлү А.М. Курманбаева арыздануучулардын өтүнүчтөрүн колдоду жана кийинкидей жүйөлөрдү келтирди.
Кыргыз Республикасынын Бузуулар жөнүндө кодексинин 313-беренесине ылайык ыйгарым укуктуу орган дагы бузуулар жөнүндө иш боюнча өндүрүштүн катышуучусу болуп саналат. Жогоруда көрсөтүлгөн Кодекстин 329-беренесине ылайык бузуу жөнүндө ишти карап чыгып, ыйгарым укуктуу орган иш боюнча кагаз түрүндө же болбосо электрондук колтамга менен күбөлөндүрүлгөн электрондук документ формасында токтом чыгарат.
Өз кезегинде, Кыргыз Республикасынын Бузуулар жөнүндө кодексинин 332-беренесине ылайык бузуу жөнүндө иш боюнча ыйгарым укуктуу органдын токтому бузуу үчүн жоопкерчиликке тартылган адам, жабырлануучу тарабынан, ошондой эле алардын мыйзамдуу өкүлү тарабынан райондук (шаардык) сотко даттанылышы мүмкүн.
Ошону менен бирге, талашылып жаткан ченемге ылайык соттун кабыл алган чечими акыркы болуп саналат. Андан тышкары, А.М. Курманбаева белгилегендей, Кыргыз Республикасынын Бузуулар жөнүндө кодексинин 335-беренесине ылайык бузуу жөнүндө иш боюнча ыйгарым укуктуу органдын токтомуна даттанууну карап чыгып, райондук (шаардык) соттун судьясы тѳмѳнкүдѳй чечимдердин бирин кабыл алат: 1) бузуу жөнүндө иш боюнча токтомду - өзгөртүүсүз, ал эми даттанууну - канааттандыруусуз калтыруу тууралуу; 2) бузуу жөнүндө иш боюнча токтомду - жокко чыгаруу жана бузуу жөнүндө иш боюнча өндүрүштү - токтотуу тууралуу. Даттанууну кароонун натыйжалары боюнча чечим токтом түрүндө чыгарылат жана токтоосуз мыйзамдуу күчүнө кирет. Мында, Кыргыз Республикасынын Бузуулар жөнүндө кодекси жогоруда көрсөтүлгөн соттун токтомуна даттануу мүмкүндүгүн караштырган жоболорду өзүнө камтыбайт.
Бирок, Кыргыз Республикасынын Конституциясынын 20-беренесинин 5-бөлүгүнүн 3, 8-пункттарына ылайык жогору турган сот тарабынан ишти кайра каратуу укугу жана соттук коргонуу укугу эч чектелүүгө тийиш эмес.
Кыргыз Республикасынын сот системасы Конституция жана мыйзамдар менен белгиленет, ал Жогорку соттон жана жергиликтүү соттордон турат (93-берененин 3-бөлүгү). Жогорку сот жарандык, жазык, экономикалык, административдик жана башка иштер боюнча жогорку сот органы болуп саналат жана мыйзамда белгиленген тартипте сот процессине катышуучулардын кайрылуулары боюнча соттордун соттук актыларын кайра кароону жүзөгө ашырат (Конституциянын 96-беренесинин 1-бөлүгү).
«Кыргыз Республикасынын Жогорку соту жана жергиликтүү соттор жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 25-беренесинин 1-бөлүгүнө ылайык жергиликтүү соттордун тутумун төмөнкүлөр түзөт: 1) биринчи инстанциядагы соттор (райондук соттор, шаардагы райондук соттор, шаардык соттор, райондор аралык соттор); 2) экинчи инстанциядагы соттор (облустук соттор, Бишкек шаардык соту).
А.М. Курманбаеванын пикири боюнча, Кыргыз Республикасынын Бузуулар жөнүндө кодексинде бузуу жөнүндө иш боюнча ыйгарым укуктуу органдын токтомуна даттанууну караган райондук (шаардык) соттун чечимине экинчи инстанциядагы тийиштүү сотко, ал эми экинчи инстанциядагы соттун чечимине – Кыргыз Республикасынын Жогорку сотуна даттанууну караштырган жоболор каралган эмес, бул жарандардын соттук коргонуу укугунун бузулушуна алып келүүдө.
Жогоруда баяндалгандын негизинде, А.М. Курманбаева Кыргыз Республикасынын Бузуулар жөнүндө кодексинин 333-беренесинин 3-бөлүгү Кыргыз Республикасынын Конституциясынын 20-беренесинин 5-бөлүгүнүн 3 жана 8-пункттарына, 40-беренесинин 1-бөлүгүнө карама-каршы келет деп эсептейт.
Кыргыз Республикасынын Жогорку Сотунун Конституциялык палатасы тараптардын жүйөлөрүн талкуулап, башка жактардын пикирлерин угуп жана иштин материалдарын изилдеп чыгып, кийинкидей тыянактарга келди.
1. «Кыргыз Республикасынын Жогорку сотунун Конституциялык палатасы жөнүндө» конституциялык Мыйзамдын 19-беренесинин 4-бөлүгүнө ылайык Кыргыз Республикасынын Жогорку сотунун Конституциялык палатасы кайрылууда ченемдик укуктук актынын конституциялуулугу күмөн саналган бѳлүгүнѳ гана тийиштүү болгон предмет боюнча актыларды чыгарат.
Ошентип, Кыргыз Республикасынын Жогорку сотунун Конституциялык палатасынын бул иш боюнча кароо предмети болуп Кыргыз Республикасынын Бузуулар жөнүндө кодексинин төмөнкүдөй мазмундагы 333-беренесинин 3-бөлүгү саналат:
«333-берене. Сотко даттануу берилгендигине байланыштуу токтомдун аткарылышын токтото туруу
3. Соттун кабыл алган чечими акыркы болуп саналат.».
Кыргыз Республикасынын Бузуулар жөнүндө кодекси мыйзамдарда белгиленген тартипте кабыл алынган, «Эркин Тоо» гезитинин 2017-жылдын 17-майындагы № 60-61 сандарында жарыяланган, Кыргыз Республикасынын Ченемдик укуктук актыларынын мамлекеттик реестрине киргизилген жана колдонуудагы акт болуп эсептелет.
2. Кыргыз Республикасынын Конституциясы Кыргыз Республикасын укуктук мамлекет деп аныктап, адам укуктарын жана эркиндиктерин Кыргыз Республикасынын жогорку баалуулуктарына киргизет. Бул бардык мамлекеттик органдардын, жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын жана алардын кызмат адамдарынын ишмердигинин мааниси менен мазмуну эң негизгиси, кѳрсѳтүлгѳн конституциялык баалуулуктарды коргоо зарылдыгынан келип чыгышы керек дегенди билдирет (1-берененин 1-бөлүгү, 16-берененин 1-бөлүгү).
Көрсөтүлгөн конституциялык орнотмонун маңызы, натыйжасы мамлекет тарабынан биринчи кезекте адамдын баалуулугун жана анын субъективдүү укуктарын коргоо боло турган укуктук тутумду түзүү, анын ичинде адилеттүү сот системасын куруу зарылдыгында туюнтулат.
Ушуга байланыштуу, адам менен жарандын негизги укуктарын жана эркиндиктерин коргоо боюнча мамлекеттин ишмердиги өзүнүн функционалдык милдети боюнча Кыргыз Республикасынын Конституциясынын талаптарынын алкагында түзүлүшү керек (5-берененин 3-бөлүгү). Мында, адам менен жарандын укуктары жана эркиндиктерине кол салуу болгон учурда, бузулган укуктарды калыбына келтирүүнү камсыз кыла ала турган коргоо тутуму ишке кириши керек. Ал эми мындай укуктардын корголушун кепилдеген мамлекеттик-укуктук каражаттардын ичинде башкы роль сот бийлигине тийиштүү. Мындай укуктук көз карашты Кыргыз Республикасынын Жогорку сотунун Конституциялык палатасы өз чечимдеринде бир нече жолу билдирген. Маселен, 2015-жылдын 9-декабрындагы, 2018-жылдын 24-январындагы жана 1-ноябрындагы чечимдеринде соттук коргонуу укугу укуктук мамлекеттин базиси болуп саналат жана зарыл болгон учурда Кыргыз Республикасынын Конституциясы менен кепилденген адам менен жарандын башка укуктары жана эркиндиктерин калыбына келтирилишин камсыз кылууга жол берет деген.
Ошондуктан жалпысынан ар кандай процесстик каражаттардын жыйындысы аркылуу жүзөгө ашырылып жаткан соттук коргонуу укугу, чектелүүгө тийиш эмес укуктардын катарына кирет (Конституциянын 20-беренесинин 5-бөлүгүнүн 8-пункту).
Кыргыз Республикасынын Конституциясында ар кимге укуктары менен эркиндиктерин соттук коргоо кепилденет деп жар салган жобо, эң кур дегенде, эки курамдык бөлүктү өзүнө камтыйт: биринчиден, мамлекет ар кимдин талабы боюнча соттук териштирүүнү жана мындай териштирүүнүн алкагында талаш-тартышты колдонуудагы мыйзамдарга ылайык маңызы боюнча чечүүнү камсыз кылууга милдеттүү. Экинчиден, соттук коргоо мыйзамдуу укук же кызыкчылык бузулгандан кийин жүзөгө ашырылат, башкача айтканда кепилдик келечектеги укук бузууларды алдын алуу катары эмес, бузулган укукту калыбына келтирүү катары жүзөгө ашырылат.
3. Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңеши тарабынан соттук-укуктук реформанын алкагында бир катар кодекстер кабыл алынган, аны менен айыптуу, укукка каршы жосундардын (аракеттер же аракетсиздиктер) бардык түрлѳрү, алардын коомдук кооптуулугунун деңгээлине жараша бузуулар, жосундар, кылмыштар деп бөлүштүрүлгөн.
Ошентип, Кыргыз Республикасынын Бузуулар жөнүндө кодексинде Кыргыз Республикасынын аймагында жасалган бузуулар үчүн жоопкерчилик аныкталат. Бул Кодекс укук бузуулардын, жаза чаралардын түрлөрүн, жасалган укук бузуу үчүн жаза чарасын салуу процедурасын жана мамлекеттик органдын чечимин сотко даттануу мүмкүндүгүн, ошондой эле жаза чараларды аткаруунун тартибин караштырат. Ошентип, Кодекс өзүнө Кодексте каралган укук бузууларды жасаган жеке жана юридикалык жактарды жоопкерчиликке тартуу боюнча укуктун материалдык да, процесстик да ченемдерин камтыйт.
Көрсөтүлгөн Кодекстин главаларынын бири ыйгарым укуктуу орган тарабынан кабыл алынган бузуу жөнүндө иш боюнча токтомго даттанууну кароо процедурасын жөнгө салат. Кыргыз Республикасынын Бузуулар жөнүндө кодексинин 332-беренесинин 1-бөлүгүнө ылайык бузуу жөнүндө иш боюнча ыйгарым укуктуу органдын токтому бузуу үчүн жоопкерчиликке тартылган адам, жабырлануучу тарабынан, ошондой эле алардын мыйзамдуу өкүлү тарабынан райондук (шаардык) сотко даттанылышы мүмкүн. Муну менен, мыйзам чыгаруучу Кыргыз Республикасынын Бузуулар жөнүндө кодексинде каралган бузуулар үчүн жаза чарасын колдонуу боюнча аткаруу бийлик органдарынын актыларынын мыйзамдуулугун текшерүү боюнча ыйгарым укуктарды райондук (шаардык) сотторго бекитип берген.
Мында Кодекстин 333-беренесинин 3-бөлүгү бузуу жөнүндө иш боюнча токтомго даттануу боюнча кабыл алынган райондук (шаардык) соттун чечимин акыркы деп белгилеп, бузуу субъектин жогору турган сот тарабынан ишти каратуу укугунан ажыратууда.
Бул Кодекстин мааниси боюнча, мыйзам чыгаруучу тарабынан талашылып жаткан ченемде колдонулган акыркы деген түшүнүк, соттун чечими чыгарылгандан кийин дароо күчүнө кирет жана аткарылат дегенди билдирет, ал эми ага даттануу, кызыкдар адамдын даттануусу боюнча анын мыйзамдуулугун жана негиздүүлүгүн текшерүүнүн милдеттүүлүгү, анын аткарылышын токтото туруу мүмкүнчүлүгү сыяктуу эле жокко чыгарылган.
Балким, мыйзам чыгаруучу көрсөтүлгөн Кодексте бузуулар жөнүндө иштерди алардын анчалык оор эместигине жараша эки баскычтуу кароону караштыруу менен, райондук (шаардык) сот ыйгарым укуктуу органдардын актыларына даттанууда соттук контролду жүзөгө ашыруу боюнча апелляциялык инстанция катары чыгаарын болжогон. Жаза чарасын колдонуу боюнча ыйгарым укуктуу органдын чечиминин мыйзамдуулугун текшерүүдө, сот, башкача айтканда бузуу жөнүндө өндүрүшкө катышкан бардык адамдарды тартуу менен Кыргыз Республикасынын Бузуулар жөнүндө кодексинин 334-беренесине ылайык Кодекстин 44-главасында каралган эрежелерди колдонууга милдеттүү. Ошентип, сот бардык тараптарды жана башка жактарды тартуу менен ыйгарым укуктуу органдын аракетинин мыйзамдуулугун текшерип жатып, толук кандуу текшерүүгө укуктуу. Бирок, соттук контролдоонун мындай процедурасы тараптарды жаза чарасын колдонуу жөнүндө ыйгарым укуктуу органдын актысынын мыйзамдуулугун баалоодо мүмкүн болуучу соттук катадан сактабайт.
Албетте, жоопкерчиликке тартылган адамдын, жабырлануучунун, ошондой эле алардын мыйзамдуу өкүлдөрүнүн даттануусу боюнча жасалган укук бузуу үчүн жаза чарасын колдонуу боюнча ыйгарым укуктуу органдын актысын соттук контролдоонун алкагында соттук текшерүү ыйгарым укуктуу органдын ыкчам ишмердигине кийлигишпестен, анын аракеттеринин (аракетсиздиктеринин) жана чечимдеринин мыйзамдуулугун текшерүү менен гана чектелет.
Бирок, контролдук ишмердиктин каражаттары жана усулдарынын чакан тизмесине ээ болгон соттук контролдоого, жалпысынан сот адилеттиги сыяктуу эле, жеке жана юридикалык жактардын укуктары менен мыйзамдуу кызыкчылыктарын, башкача айтканда жеке кызыкчылыктарды коргоону камсыз кылуу жана ыйгарым укуктуу органдар тарабынан кетириле турган каталарды жокко чыгаруу максаты таандык экенин белгилеп кетүү керек.
Ушуга байланыштуу, сот чечимине даттануу укугу – бул укукка ээ болгон субъект үчүн мыйзамдуу негиздерди жетекчиликке алып, мыйзамда белгиленген мөөнөттөрдө соттук коргонуу үчүн соттук инстанцияга кайрылуу мүмкүндүгүн аныктаган соттук коргонуу укугунун элементи, биринчиден, калыс, компетенттүү, толук кандуу жана натыйжалуу соттук коргонуу максатында, экинчиден, объективдүү чындыкка жетишүү, чыныгы, адилеттүү, мыйзамдуу жана негизделген чечимди чыгаруу үчүн иштейт.
Кыргыз Республикасынын Жогорку сотунун Конституциялык палатасы соттук коргонуу укугунун конституциялык мазмунун ачуу менен укуктук көз карашын калыптандырган, ага ылайык соттук коргонуу укугунун натыйжалуу кепилдиги болуп жогору турган сот тарабынан ишти кайра каратуу мүмкүндүгү саналат (2014-жылдын 31-октябрындагы чечим); жогору турган сот тарабынан ишти кайра каратуу укугу соттук коргонуу укугунун туундусу болуп эсептелет (2015-жылдын 9-декабрындагы чечим); сот чечимдерине даттануу укугу сот өндүрүшүнүн чөйрөсүндө инсандын укуктарынын кепилдиктерин бекиткен эл аралык-укуктук актылардын мыңызынан жана ар кимге жогору турган сот тарабынан ишти кайра каратуу укугун берген Кыргыз Республикасынын Конституциясынын 20-беренесинин 5-бөлүгүнүн 3-пунктунан келип чыгат. Бул укук соттук коргонуу укугунун курамдык бир бөлүгү болуп саналат жана абсолюттук мүнөзгө ээ, колдонулуу чөйрөсү же болбосо башка жагдайлар боюнча чектелиши мүмкүн эмес, анткени мыйзамсыз, негизделбеген же адилетсиз сот актысы соттук коргоонун каражаты катары кызмат кыла албайт (2018-жылдын 4-апрелиндеги чечим).
Соттук коргонуу укугу жарандын укуктары менен мыйзамдуу кызыкчылыктарын мыйзам чыгаруу жана аткаруу бийлигинин өз билемдигинен гана эмес, соттун ката чечимдеринен да коргоону болжойт. Ошону менен бирге, мындай коргоонун натыйжалуу кепилдиги болуп жогору турган сот тарабынан ишти кайра каратуу мүмкүндүгүнүн өзү да саналат, ал ар бир сот өндүрүшүнүн өзгөчөлүктөрүн эске алуу менен кайсы бир формаларда мамлекет тарабынан камсыз кылынышы керек.
Демек, Кыргыз Республикасынын Бузуулар жөнүндө кодекси боюнча сот өндүрүшүнүн өзгөчөлүктөрүн караштырган ченемдер да укуктун жалпы принциптерине карама-каршы келе албайт, инсандын кадыр-баркынын конституциялык кепилдиктерин кемсинте албайт жана ар кимдин соттук коргонуу укугун, анын ичинде жаза чарасын колдонуу укугуна ээ болгон ыйгарым укуктуу органдын аракеттеринин мыйзамдуулугун текшерүү боюнча соттук контролдоону жүзөгө ашырууда соттук катадан коргонуу укугун чектебеши керек.
Мында Кыргыз Республикасынын Бузуулар жөнүндө кодексинин талашылып жаткан ченеми көрсөтүлгөн Кодекстин алкагындагы укуктук мамилелердин бардык субъекттерине карата кандайдыр бир алып салууларсыз жана артыкчылыктарсыз бирдей тартипти караштырат. Ушуга байланыштуу, Кыргыз Республикасынын Бузуулар жөнүндө кодексине ылайык өзүнүн укуктарын коргогон адамдардын укуктук абалын Кыргыз Республикасынын Жазык-процесстик, Жарандык процесстик, Административдик-процесстик кодекстеринде белгиленген коргоо формалары менен салыштыруу туура эмес, анткени көрсөтүлгөн кодекстердин жөнгө салуу чөйрөлѳрү бири биринен айырмаланып турат. Ушуга байланыштуу, талашылып жаткан ченем Кыргыз Республикасынын Конституциясынын 16-беренесинин 3-бөлүгүнө карама-каршы келиши мүмкүн эмес.
4. Кыргыз Республикасынын Конституциясынын 96-беренесине ылайык Жогорку сот жарандык, жазык, экономикалык, административдик жана башка иштер боюнча жогорку сот органы болуп саналат жана мыйзамда белгиленген тартипте сот процессине катышуучулардын кайрылуулары боюнча соттордун соттук актыларын кайра кароону жүзөгө ашырат. Ошону менен бирге, Жогорку соттун актылары акыркы болуп эсептелет.
Бул конституциялык орнотмо Кыргыз Республикасынын Жогорку сотунун кассациялык өндүрүш алкагындагы актылары процесстик мыйзамдарда белгиленген тартипте процесстин катышуучулары кайрылган учурда гана чыгарылаарын билдирет. Ошон үчүн төмөн турган соттордун чечимдери акыркы мүнөздө боло албайт деген пикир жаңылыштык болуп саналат.
Сот актысын чыгаруу процесстик жана материалдык-укуктук ченемдер менен байланыштуу. Сот актысын чыгаруу үчүн материалдык-укуктук ченем негиз болуп саналат, ошол эле учурда аны чыгаруу процессинин өзү, башкача айтканда ал камтууга милдеттүү атрибуттар процесстик ченемдер менен регламенттелет.
Процесстик жана материалдык укуктун ченемдерине ылайык чыгарылган сот актысынын акыркы болушу ишти кароонун жүрүшүндө далилдөө процесси сот актысынын мыйзамдуулугуна жана негиздүүлүгүнө таасирин тийгизиши мүмкүн болгон мерчемдүү бузууларсыз өткөндүгүн болжойт. Ошентип, ишке катышкан адамдар аларга мыйзам менен берилген укуктардан пайдаланып, өзүлѳрүнүн соттук коргонуу укугун, алардын ою боюнча мүмкүн болуучу жана зарыл деп эсептеген деңгээлде жүзөгө ашырышкан.
Баяндалганды эске алуу менен, Кыргыз Республикасынын Жогорку сотунун Конституциялык палатасы Кыргыз Республикасынын Бузуулар жөнүндө кодексинин талашылып жаткан ченеминин Кыргыз Республикасынын Конституциясынын 96-беренесинин 1, 3-бөлүктөрүнө карама-каршы келүүсүн тапкан жок.
5. Укуктук мамлекеттин стандарттары жарандар мамлекеттик бийлик органдарынын жана аларды башкаруучу адамдардын өз билемдигинен бекем корголгон деп болжойт.
Ушуга байланыштуу, сот актысы укуктук актылардын тутумунда өзгөчө орунду ээлейт, сот бийлигинин ишмердигин жүзөгө ашыруунун маанилүү укуктук формасын түзөт жана анын тѳгүндѳлбѳстүгү менен туруктуулугун билдирген укуктук аныктык белгисине ээ. Бул сот актысынын туруктуулугун жана анын өз билемдик менен жокко чыгаруудан же өзгөртүүдөн корголгондугун болжойт. Бул принциптен четтѳѳ өзгөчө жана субъективдүү элементти камтыбаган жана так аныкталган эрежелерге негизделген сейрек учурларда гана мүмкүн.
Эгер колдонуудагы укуктук жөнгө салуу тараптын сот чечими менен макул болбогондугуна байланыштуу сот актысын кайра кароо мүмкүндүгүн бербесе, акыркы жыйынтыгы адилеттүү сот чечимин чыгаруу болгон Кыргыз Республикасынын Конституциясы менен кепилденген соттук коргоо толук кандуу жана натыйжалуу боло албайт. Биринчи инстанциядагы соттун жумушундагы кандайдыр бир деңгээлде мерчемдүү катачылыктарды толук жок кылуу мүмкүн эмес, ушуга байланыштуу сот өндүрүшү жана аны жөнгө салган процесстик укук соттук каталарды четтетүүнүн атайын процедурасыз иштей албайт.
Мындай укуктук каражаттарга текшерүү инстанциядагы сотторго: апелляциялык жана кассациялык инстанцияларга төмөн турган соттук инстанциялар тарабынан чыгарылган чечимдердин мыйзамдуулугун жана негиздүүлүгүн жогору турган соттор тарабынан мыйзамда белгиленген процедуралар чегинде текшерүү максатында, соттор тарабынан кетирилген каталарды оңдоо үчүн кайрылуу укугу кирет. Каралып жаткан институт субъективдүү укуктарды коргоо механизминин процесстик элементи болуп саналат, ал соттук каталарды оңдоодон тышкары иш боюнча акыйкаттыкты аныктоого, бузулган укукту калыбына келтирүүгө жол берет.
Баяндалгандар, жеке жана юридикалык жактар соттук коргонуу укугунун маңызын чектеген жѳнгѳ салуучулук таасирге дуушар болбошу керек дегенди билдирет.
Ошентип, талашылып жаткан ченем жарандардын жогору турган сот тарабынан ишти кайра каратуу укугун чектөө менен Кыргыз Республикасынын Конституциясынын 20-беренесинин 5-бөлүгүнүн 3 жана 8-пункттарынын, 40-беренесинин 1-бөлүгүнүн талаптарын бузууда.
Жогоруда баяндалгандын негизинде, Кыргыз Республикасынын Конституциясынын 97-беренесинин 6-бөлүгүнүн 1-пунктун, 8 жана 9-бөлүктөрүн, «Кыргыз Республикасынын Жогорку сотунун Конституциялык палатасы жөнүндө» конституциялык Мыйзамдын 46, 47, 48, 51 жана 52-беренелерин жетекчиликке алып, Кыргыз Республикасынын Жогорку сотунун Конституциялык палатасы
Ч Е Ч Т И:
1. Кыргыз Республикасынын Бузуулар жѳнүндѳ кодексинин 333-беренесинин 3-бѳлүгү Кыргыз Республикасынын Конституциясынын 20-беренесинин 5-бѳлүгүнүн 3, 8-пункттарына, 40-беренесинин 1-бѳлүгүнѳ карама-каршы келет деп таанылсын.
2. Кыргыз Республикасынын Бузуулар жѳнүндѳ кодексинин 333-беренесинин 3-бѳлүгү Кыргыз Республикасынын Конституциясынын 16-беренесинин 3-бѳлүгүнө, 96-беренесинин 1, 3-бѳлүктөрүнѳ карама-каршы келбейт деп таанылсын.
3. Чечим акыркы жана даттанууга жатпайт, жарыяланган учурдан тартып күчүнө кирет.
4. Чечим бардык мамлекеттик органдар, жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары, кызмат адамдары, коомдук бирикмелер, юридикалык жана жеке жактар үчүн милдеттүү жана республиканын бүткүл аймагында аткарылууга тийиш.
5. Ушул чечим мамлекеттик органдардын расмий басылмаларында, Кыргыз Республикасынын Жогорку сотунун Конституциялык палатасынын расмий сайтында жана «Кыргыз Республикасынын Жогорку сотунун Конституциялык палатасынын Жарчысында» жарыялансын.
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ЖОГОРКУ СОТУНУН
КОНСТИТУЦИЯЛЫК ПАЛАТАСЫ
Бул иш боюнча судья К. Абдиев, Ч.А. Айдарбекованын жана Э.Ж. Осконбаевдин ѳзгѳчѳ пикирлери бар.
Максатбек Мергенбаевич Жорокулов, Ксения Леонидовна Тишинина, «Бишкеккурулуш» өндүрүштүк-курулуш фирмасы» ачык акционердик коому, Бермет Тазабековна Джаныкулованын кайрылууларына байланыштуу Кыргыз Республикасынын Бузуулар жѳнүндѳ кодексинин 333-беренесинин 3-бѳлүгүнүн конституциялуулугун текшерүү жѳнүндѳ иш боюнча Кыргыз Республикасынын Жогорку сотунун Конституциялык палатасынын судьялары К. Абдиевдин жана Ч.А. Айдарбекованын
Өзгөчө пикири
Максатбек Мергенбаевич Жорокулов, Ксения Леонидовна Тишинина, «Бишкеккурулуш» өндүрүштүк-курулуш фирмасы» ачык акционердик коому, Бермет Тазабековна Джаныкулованын кайрылууларына байланыштуу Кыргыз Республикасынын Бузуулар жѳнүндѳ кодексинин 333-беренесинин 3-бѳлүгүнүн конституциялуулугун текшерүү жѳнүндѳ иш боюнча Кыргыз Республикасынын Жогорку сотунун Конституциялык палатасынын 2019-жылдын 11-сентябрындагы чыгарылган чечими боюнча кийинкидей укуктук көз караштарга негизделген өзгөчө пикирибиз бар.
Биринчи кезекте, Конституциялык палатанын резолютивдик бөлүгү менен макул экенибизди белгилейбиз, ал эми өзгөчө пикирибиз ушул чечимдин жүйөлөштүрүүчү бөлүгүнө таандык.
1. Кыргыз Республикасынын Конституциясына ылайык ар кимге ушул Конституцияда, мыйзамдарда, Кыргыз Республикасы катышуучу болуп саналган эл аралык келишимдерде, эл аралык укуктун жалпыга таанылган принциптеринде жана ченемдеринде каралган анын укуктары менен эркиндигин соттук коргоого кепилдиктер берилет, ал жогору турган сот тарабынан ишти кайра каратуу укугу менен өз ара байланышта болуп, эч кандай чектөөгө тийиш эмес жана мыйзам жана сот алдында бардыгы бирдей деген принциптин негизинде жүзөгө ашырылат (40-берененин 1-бөлүгү, 20-берененин 5-бөлүгүнүн 3, 8-пункттары, 16-берененин 3-бөлүгү).
Бул мамлекет калыс, компетенттүү жана натыйжалуу болгон соттук коргонууга укуктун толугу менен жүзөгө ашырылуусун камсыз кылууга милдеттүү дегенди билдирет, бул жерде мамлекеттик органдардын, жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын жана алардын кызмат адамдарынын бардык актылары, алардын аракеттери жана аракетсиздиги Конституция, мыйзамдар, Кыргыз Республикасы катышуучу болгон эл аралык келишимдер жана эл аралык укуктун жалпыга таанылган принциптери жана ченемдери менен кепилдикке алынган укуктар бузулган учурда, аларды сот адилеттигинин принциптеринин мыйзамдуу негизде бекитилген процедурасынын негизинде сактоо менен калыбына келтирилиш керек жана алар сотто даттанылгандай болуу керек.
Мыйзам чыгаруучу бул Конституциялык укукту жүзөгө ашырууда соттун ишмердигинин легитимүү болушун жана анын кабыл алынган сот актыларынын легалдуулугун камсыз кылган процесстик мыйзамдарды кабыл алууга милдеттүү. Мыйзам чыгаруучу өзүнүн ушул милдеттери алкагында мыйзамды же башка ченемдик укуктук актыларды чечмелөөнүн натыйжасында укуктук мамлекеттин принциптеринин негизинде талаш-тартышты натыйжалуу чече турган, бузулган укукту калыбына келтире турган же тийиштүү жүрүм-турумду коомдо камсыз кыла турган сот тутумунун ишмердигинин мындай укуктук жөнгө салынуусун белгилөөгө колундагы дискрециядан, коомдук мамилелердин укуктук табиятынан улам жасай алат. Процесстик мыйзамдардын өзгөчөлүгү жана мазмуну укук бузуулардын белгилүү курамын көрсөтмө кылган, адамдардын кайсы бир жүрүм-турумуна тыюу салган же жигердүү аракеттерге милдеттендирген материалдык укуктун ченемдеринен келип чыгат.
Ушуга байланыштуу, эгер соттук коргонууга укук жана мыйзам менен сот алдында бардыгы бирдей деген принцип бузулбаса, анда мыйзам чыгаруучу ар кандай процедураларды колдонуу менен бири биринен айырмаланган укуктук жөнгө салуунун ыкмаларын жана методдорун эске алуу менен жарандык, административдик, жазык ж.б. белгилүү чөйрөлөргө топтолуп жаткан укуктук мамилелерден келип чыккан ар кыл социалдык конфликттерди кароодо соттун ишмердигин жөнгө салуучу процесстик мыйзамдарды белгилөөгө укуктуу (Кыргыз Республикасынын Конституциясынын 40-беренесинин 1-бөлүгү, 16-беренесинин 3-бөлүгү).
2. Эч кандай чектелүүгө тийиш болбогон ишти жогору турган сот тарабынан кайра каратуу укугу Кыргыз Республикасынын Конституциясы тарабынан соттолгондорго кепилдик болот (27-берененин 1-бөлүгү, 20-берененин 5-бөлүгүнүн 3-пункту). Бул жобо Атуулдук жана граждандык укуктар жөнүндө эл аралык пактынын жоболору менен үндөшүп турат, ага ылайык ар бир соттолгон адам жасаган кандайдыр бир кылмышы үчүн соттуулугун же өкүмүн мыйзамга ылайык жогору турган соттук инстанция тарабынан кайра каратууга укуктуу (14-берененин 5-бөлүгү).
Ишти жогору турган сот тарабынан кайра каратууга конституциялык укук адамдын негизги укугу болуп, мамлекет тарабынан соттолгонго өкүмүн биринчи инстанциянын эрежелери боюнча анын ишин карай ала турган жогору турган сотко даттануу мүмкүндүгүн камсыз кылуу милдети караштырылат. Мындай милдеттенме соттолгонго анын иши боюнча чечимди жогору турган соттон кайра каратууга талап кылуу субъективдүү укугун бекиткен Кыргыз Республикасынын Конституциясынын 27-беренесинин 1-бөлүгүнүн жоболорунан, ошондой эле эркиндикке жана жеке кол тийбестикке, жүрүү эркиндигине укукту жана башка базалык укуктарды чектөөгө жол берген жазык сот өндүрүшүнүн маңызынан келип чыгат. Жазык иштерди кароодо ар кандай соттук ката Кыргыз Республикасынын Конституциясынын 20-беренесинин 2-бөлүгүндө белгиленген мамлекеттин коомдук-маанилүү максаттары үчүн да инсандын өзү үчүн да, мерчемдүү зыян келтириши мүмкүн. Ушуга байланыштуу, соттолгондун ишти жогору турган сот тарабынан кайра каратуу укугу эч кандай чектелүүгө тийиш эмес.
Аны менен бирге, биринчи инстанция тарабынан чыгарылган жыйынтыктоочу соттук актыны жогору турган сотто даттануу мүмкүндүгү сыяктуу мындай кепилдик жарандарга башка иштер боюнча берилиши мүмкүн, себеби ишти жогору турган сот тарабынан кайра каратуу укугу соттук коргонууга болгон укуктун бир бөлүгү болуп саналат да, жактардын чөйрөсү же башка жагдайлар боюнча чектелиши мүмкүн эмес, анткени мыйзамсыз, негизделбеген же адилетсиз соттук акт соттук коргонуу каражаты болуп кызмат кыла албайт (Кыргыз Республикасынын Жогорку сотунун Конституциялык палатасынын 2018-жылдын 4-апрелиндеги Чечиминин укуктук көз карашы).
Абсолюттук укук катары ишти жогору турган сот тарабынан кайра каратуу укугу сот адилеттиги жүзөгө ашырылып жаткан соттун ишмердигинин алкагында конкреттүү адам туурасындагы иштин маңызы боюнча чечилүүсү же иш боюнча өндүрүштүн токтотулушу менен аяктаган жыйынтыктоочу соттук актыны даттануу учуруна жайылтылаары белгиленүүгө тийиш (Кыргыз Республикасынын Жогорку сотунун Конституциялык палатасынын 2014-жылдын 19-декабрындагы Чечиминин укуктук көз карашы).
Сот адилеттиги сыяктуу соттун мындай ишмердигин маанилүүлүгүн мүнөздөгөн белгилеринин бири укук ченеминин бузулушуна же бузулушу мүмкүн деген болжолуна жана ал боюнча материалдык укуктун ченемдерин колдонуунун натыйжасында жыйынтыктоочу соттук актысын кабыл алууга байланыштуу социалдык кагылышуунун түздөн-түз соттуулугу саналат.
Соттор жарандардын конституциялык укуктары менен эркиндиктерин чектеген чечимдердин, мамлекеттик бийлик органдарынын, жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын аракеттеринин мыйзамдуулугун жана негиздүүлүгүн текшерүүдө турган соттук контролдоо сыяктуу функцияларын сот адилеттигинин функциялары менен бирге жүзөгө ашырат. Соттук контролдоонун мазмуну жогоруда көрсөтүлгөн органдардын мүмкүн болуучу каталарын алдын алуу жана эчак кетирилген бузууларды оңдоодо турат. Бул соттук аракеттер алдын алуучулук жана калыбына келтирүүчүлүк мүнөздө болуп, алар мамлекеттик бийлик органдары тарабынан ченемдик укуктук актыларда көрсөтүлгөн ыйгарым укуктарды жүзөгө ашыруунун натыйжасындагы кабыл алынып жаткан актыларын жана аракеттерин сотко даттануу менен кайрылуу аркылуу жүзөгө ашырылат.
Сот адилеттигинин жана соттук контролдоонун функциялары ортосунда айырмачылык процесстик чечимдерди ар кандай тартипте кабыл алуусунда турат. Соттук териштирүү мезгилинде сот адилеттигин жүзөгө ашыруудагы соттун ишмердиги далилдерди баамдоону, ишти маңызы боюнча чечип жаткан жыйынтыктоочу актыны кабыл алууну кошкондо, баамдоонун бардык укуктук каражаттарын пайдаланууда социалдык кагылышууну чечүүгө багытталат. Соттук контролдоодогу соттун ишмердиги ишти чечүү максатын көздөбөйт, ал биринчи кезекте, процесстик ченемдерге ылайык өзүнүн компетенциясынын алкагында ыйгарым укуктуу орган тарабынан мажбурлоо чараларынын колдонулушунун мыйзамдуулугун жана негиздүүлүгүн баамдайт.
Ушуга байланыштуу, мыйзам чыгаруучу соттук ишмердиктин ар бир түрүнүн мазмундук бөлүгүн эске алып, сот актыларын даттануу үчүн мүмкүндүктөрдү кошкондо, сотко кайрылуунун ар кандай процедураларын белгилөөгө укуктуу.
3. Укук теориясындагы укук бузуунун ар кандай аныктамалары жана классификациясы бар, бирок укук бузууну бирин экинчисинен айырмалай турган мындай аныктамалардын маанилүү курамы болуп, укук бузуулар жараткан кесепеттер саналат. Укук бузууну жасаган адамдын коомдук коопсуздугун кошкондо, мындай кесепеттерге жараша алар юридикалык жоопкерчиликке тартылышат.
Кыргыз Республикасынын Бузуулар жөнүндө кодексине ылайык жасалган укук бузуу үчүн юридикалык жоопкерчиликтин түрү маселесинде мыйзам чыгаруучу так жооп берген жери жок. Мындай жооп Кыргыз Республикасынын Жогорку сотунун Конституциялык палатасынын 2019-жылдын 11-сентябрындагы Чечиминде да көрсөтүлгөн эмес, ал эми, биздин көз карашыбызда, бул иште укук бузуучу жоопкерчиликке тартылып жаткан юридикалык жоопкерчиликтин түрүнүн мүнөздөмөсүндө коюлган укуктук маселеге жарым жартылай жооп бар.
Кыргыз Республикасынын Бузуулар жөнүндө каралып жаткан кодекси мамлекеттик башкаруу чөйрөсүндө анча маанилүү эмес укук бузуулардын курамын жана ыйгарым укуктуу органдар тарабынан өздөрүнүн компетенциясы алкагында жүзөгө ашырып жаткан мажбурлоо чаралары колдонуучулук процедураларды калыптандырган соттук-укуктук реформанын концепциясын жүзөгө ашырууда кабыл алынган. Көрсөтүлгөн реформанын алкагында эл аралык тажрыйбаны эске алуу менен жарандардын укуктары менен эркиндиктерин коргоонун, коомдун жана мамлекеттин коопсуздугунун жогорку даражасы үчүн жосундардын коомдук коопсуздугунун аныктамасына калыптанган мамиле кайра каралган жана кылмыштар, жосундар жана бузуулар деп үч түргө бөлүштүрүлгөн жазык жазасына туура келген жосундардын жаңы тутуму киргизилген. Жогоруда көрсөтүлгөн концепцияга ылайык бизге тааныш административдик укук бузуулар эми жазык жоопкерчилигинде караштырылган жазык жазасына алып келүүчү бузуулардын тобуна өткөн.
Европа Кеңешинин укуктук актылар тутумунда соттук чечимдерди даттануу укугу адамдын укуктарын жана негизги эркиндиктерин коргоо жөнүндө Конвенцияга карата № 7 Протоколдун 2-беренесинде бекитилген, ага ылайык жазык кылмышын жасагандыгы үчүн ар бир соттолгон адам, ага карата чыгарылган өкүмдү же белгиленген жаза чарасын жогору турган сот инстанциясы тарабынан кайталап каратууга укуктуу деп белгиленген. Бул укукту жүзөгө ашыруу, ал жүзөгө ашырыла турган негиздерди кошкондо мыйзам менен жөнгө салынат, бирок ал укуктан мыйзамга ылайык анча маанилүү эмес укук бузууларга карата, же адам биринчи эле инстанциясында жогорку сот тарабынан соттуу болгондо же аны актоого каршы аппеляцияны кароо боюнча соттолгондо, алып салуулар жасалышы мүмкүн. Жогоруда көрсөтүлгөн Конвенцияны бузууга байланыштуу иштерди карап жаткан Адам укуктары боюнча Европа соту бир нече укуктук көз караштарды туюндурган, алар даттануу эркиндигин жазык юрисдикциясынын алкагында гана колдонулуучу адамдын өзүнчө укугу катары эмес, калыс соттук териштирүүгө укуктун кыйла кеңири курамдык бөлүгүн катары караган. Мындай учурда Конвенциянын 6-беренесинин кетирилген бузуусу аныкталган учурда Адам укуктары боюнча Европа соту ар кимдин соттук коргонууга укугун түздөн-түз бекиткен Конвенцияга карата № 7 Протоколунун 2-беренесинин бузулушу болгонбу деген маселени өзүнчө кароону зарыл деп эсептебейт. Адатта, Конвенцияга карата № 7 Протоколунун 2-беренесинин бузулушу жөнүндө тыянакка келген Адам укуктары боюнча Европа сотунун чечимдери жазык иштерине эмес, биздин мыйзам чыгаруучунун түшүнүгүндөгү административдик иштерге таандык болгон.
Бул маселе боюнча Бириккен Улуттар Уюмунун Комитети дагы Атуулдук жана саясий укуктар жөнүндө эл аралык пактынын 14-беренесинин 5-пункту апелляцияны колдонуу мүмкүндүгүнө карата жазанын анча маанилүү эместиги жөнүндө эскертмени камтыбайт деген көз карашта. БУУнун Адам укуктары боюнча комитети иштеп чыккан бул көз карашка ылайык «кылмыш» ар кайсы тилдерде (crime, infraction, delito) сөздүн ар кандай варианттарын эске алуу менен, бул сөздүн маанисине карата кепилдик өтө олуттуу кылмыштар болбогон учурда да колдонулат (2007-жылдын 23-августундагы № № CCPR/C/GC/32 Атуулдук жана жарандык укуктар жөнүндө эл аралык пактыга карата БУУ АУКтун № 32 Жалпы тартиптеги эскертүүлөрүнүн 45-пункту).
Эл аралык институттардын практикасы укук бузуулар ар кайсы мамлекетте ар кандай колдонулаарын көрсөтүп турат, бул мыйзам чыгаруучунун дискрециясы жана биздин мыйзам чыгаруучунун түшүнүгүндө админстративдик укук буузууга туура келген анча маанилүү эмес укук бузууну жасаган адам ишти мыйзам боюнча жогору турган соттон кайра каратууга укуктуу.
Ушуга байланыштуу, жазык иштери боюнча соттолгондорго ишти жогору турган соттон кайра каратууга кепилдик берген конституциялык укук, жосундун маанилүү эместигине карабастан соттук коргонууга укуктун ажырагыс бөлүгү катары каралат жана мындай жосундар үчүн жазык жоопкерчилигине тартыла турган Кыргыз Республикасынын бузуулар жөнүндө кодекси боюнча бузууларды жасаган адамдарга да жайылтылышы мүмкүн.
Ошентип, бузуу жөнүндө иш боюнча токтомго райондук соттун кабыл алынган чечими жогору турган инстанцияга даттанууга тыюу салууну караган талашылып жаткан ченем, тактап айтканда, Кыргыз Республикасынын Бузуулар жөнүндө кодексинин 333-беренесинин 3-бөлүгү сотту коргонууга укукту жана ишти жогору турган соттон кайра каратуу укугун чектейт, бул Кыргыз Республикасынын Конституциясынын 20-беренесинин 5-бөлүгүнүн 3, 8-пункттарына жана 40-беренесинин 1-бөлүгүнө карама-каршы келет.
Судьялар: | К. Абдиев Ч.А. Айдарбекова |
Максатбек Мергенбаевич Жорокулов, Ксения Леонидовна Тишинина, «Бишкеккурулуш» өндүрүштүк-курулуш фирмасы» ачык акционердик коому, Бермет Тазабековна Джаныкулованын кайрылууларына байланыштуу Кыргыз Республикасынын Бузуулар жѳнүндѳ кодексинин 333-беренесинин 3-бѳлүгүнүн конституциялуулугун текшерүү жѳнүндѳ иш боюнча судья Э.Ж. Осконбаевдин
ӨЗГӨЧӨ ПИКИРИ
1. Кыргыз Республикасынын Жогорку сотунун Конституциялык палатасы Кыргыз Республикасынын Конституциянын 20-беренесинин түпкү мазмунун жана вазыйпасын, ошондой эле Конституциянын юридикалык түзүлүшүн туура эмес түшүнүүдөн улам, Кыргыз Республикасынын Бузуулар жөнүндө кодексинин 333-беренесинин 3-бөлүгүнүн Кыргыз Республикасынын Конституциясынын 20-беренесинин 5-бөлүгүнүн 3, 8-пункттарына жана 40-беренесинин 1-бөлүгүнө карама-каршы келет деп өтө жаңылыш тыянакка келген.
Адегенде эле, Конституциянын түзүмү боюнча Конституциянын жалпы жоболор деп аталган экинчи бөлүмүнүн биринчи главасы Кыргыз Республикасында адамдын жана жарандын укуктары менен эркиндиктеринин негизги принциптерине жана туунду эрежелерине арналгандыгын эстен чыгарбоо зарыл. Ушул главадан орун алган 20-берене укуктун негиздөөчү ченеми эмес жана ал адамдын, жарандын укуктары менен эркиндиктеринин өзүн орнотпостон, аларды чектөөнүн эрежелерин гана камтыйт. 20-берененин 4, 5-бөлүктөрүндө укуктарды жана эркиндиктерди атап өтүү менен бирге алардын дефинициясы түздөн-түз келтирилип, Конституциянын башка ченемдерин ээрчүү зарылдыгын көрсөтүүчү шилтеме ыкмасы менен жүзөгө ашырылган. Кеп Конституциянын экинчи бөлүмүнүн экинчи жана үчүнчү главалары тууралуу болууда. Бул Конституциянын 20-беренесинин баяндоо ыкмасынан өзү эле көрүнүп турат.
Ошентип, Конституциянын 20-беренесинин 5-бөлүгүнүн 3-пункту менен ушул Конституцияда белгиленгендей ишти жогору турган сот тарабынан кайра каратуу укугу эч чектелбей тургандыгы каралган. «Ушул Конституцияда белгиленген» деп шилтеме түрүндөгү бул ченемди баяндоодогу колдонулган юридикалык техника ушул укуктун Конституциянын конструкциясындагы башка орду тууралуу түздөн-түз күбөлөндүрүп турат. Конституциянын 27-беренесинин 1-бөлүгүнө ылайык соттолгон ар бир адам ишин мыйзамга ылайык жогору турган сотто кайра каратууга укуктуу. Конституциянын 20-беренесинин 5-бөлүгүнүн 3-пунктунда бул укуктун субъекти болгон соттолгондун тикелей белгинбегендиги, Конституциялык палата эсептегендей, ушул беренеде мазмуну боюнча жаңы укуктун пайда болуусун билдирбейт, ал жөн гана Конституциянын 27-беренесинин 1-бөлүгүндө баяндалган укуктун чагылдырылышы болуп саналат.
Бул жерден Жазык кодексине ылайык жоопкерчиликке тартылган жана жаза алган гана адам соттолгондордун катарын кирет деген демейдеги ой-жүгүртүү жаңылыштык болуп саналат. Жеке жактын күнөөсү сот тарабынан анын укукка каршы жосунун жасоодо күнөөсү таанылган жана юридикалык жоопкерчилик чарасы аныкталган бардык учурда ал соттолгондун статусуна ээ болот, бул укук теориясындагы жалпыга таанылган доктриналардан гана эмес, «соттолгон» деген сөздүн этимологиясынын өзүнөн да келип чыгат. Демек, Жазык кодексине, Жоруктар жөнүндө Кодекске ылайык дагы соттолгон адамдар ишти жогору турган сот тарабынан кайра каратууга укуктуу. Ал эми бузуулар жөнүндө иштер сотторго караштуу болбостон, ыйгарым укуктуу органдар тарабынан чечилгендиктен, сот ушул иштерди кайталап кароо менен соттук контролдоо функциясын ишке ашырууда, демек ишти жогору турган сот тарабынан кайра каратуунун конституциялык кепилдиги Бузуулар жөнүндө кодексине ылайык жоопкерчиликке тартылган адамдарга карата колдонулбайт. Демек, талашылып жаткан ченем Конституциянын 20-беренесини 5-бөлүгүнүн 3-пунктуна карама-каршы келбейт.
Кабыл алынган Чечимде ишти жогору турган сот тарабынан кайталап кароо жана кайра каратуу деген укуктук түшүнүктөр аралаштырылып берилүүдө, бул такыр мүмкүн эмес. Ишти кайталап кароо соттун биринчи инстанциясынын эрежелери боюнча гана жүргүзүлөт жана укуктук мамилелердин субъекти болгон конституциялык орнотмосунун күчүнө ылайык соттолгонго гана тийиштүү (Конституциянын 27-беренесинин 1-бөлүгү), ал эми ишти жогору турган сот тарабынан кайра каратуу укугу ар кандай процесстик эрежелер боюнча жүзөгө ашырылат. Ошон үчүн кабыл алынган Чечимде Конституциялык палатанын мурунку чечимдеринде баяндалган жана ишти жогору турган сот тарабынан кайра каратууга тийиштүү келтирилген укуктук көз караштары орунсуз болуп саналат.
2. Конституция Кыргыз Республикасын укуктук мамлекет деп жарыялайт (1-берене). Бул коомдук мамилелердин бардык чөйрөлөрү укуктун улуктугуна негизделет дегенди билдирет.
Укуктун социалдык баалуулугу коомдук мамилелердин бардык катышуучуларынын жүрүм-турумун кандай болоорун камсыз кылуу менен алардын туруктуулугун бекемдөөдө турат. Коом мүчөлөрүнүн кызыкчылыктары кесилишип турган сайын, алар бири бирине гана эмес, коомдун кызыкчылыгына бүтүндөй карама-каршы келиши мүмкүн, укук коомдогу ар кандай кызыкчылыктар ортосунда укук тартибин жана тең салмактуулукту кармап турууга жол берет.
Укукту калыптандырууда чечүүчү рол мамлекетке таандык, ал ченемдик жөнгө салуучулардын жардамы менен социалдык мамилелердин катышуучуларынын жүрүм-турум алкагын түзөт. Жөнгө салуучулук таасирдин максаты бузуу болгон учурда мамлекеттик мажбурлоо механизми менен камсыз кылынган юридикалык жоопкерчилик пайда болгон абалга жетишүүгө келтиргендей болуп, коомдук мамилелерди иретке келтирүүдө турат.
Мыйзам чыгаруучу тарабынан коомдук коопсуздуктун мүнөзүн, даражасын, укуктук кеспеттердин жана келтирилген зыяндын оордугун эске алуу менен бардык укукка каршы жосундар укук бузууларга, жоруктарга жана кылмыштарга бөлүштүрүлгөн, ошондой эле ага ылайык бузуулар, жоруктар жөнүндө кодекстер жана Жазык кодекси кабыл алынган.
Мыйзам чыгаруучу процесстик таризделишин тездетүү жана кароо процедурасын жөнөкөйлөтүү максатында бузуулар жөнүндө иштердин анча маанилүү эместигине байланыштуу ар кандай мамлекеттик органдарга жана алардын кызмат адамдарына мыйзам менен жүктөлгөн милдеттер менен функцияларына жараша юрисдикциялык акт чыгаруу менен бузуулар жөнүндө иштер боюнча өндүрүштөрдү чечүү үчүн ыйгарым укуктарды берип, административдик (соттон тышкаркы) юриспруденцияны караштырган.
Бузуулар жөнүндө иштердин объективдүү кайра каралышында жогору турган мамлекеттик органдардын кызыкдар болбогондугуна байланыштуу пайда болуп жаткан кагылыш кырдаалдарды жокко чыгаруу максатында мыйзам чыгаруучу бул категориядагы иштерге колдонуудагы даттанууга укуктук жөнгө салуу тартибин бузуулар жөнүндө иш боюнча ыйгарым укуктуу органдын токтому райондук (шаардык) сотко түздөн-түз даттанылуу мүмкүндүгүн белгилгөө менен өзгөрткөн. Талашылып жаткан ченемге ылайык соттун кабыл алган ченеми акыркы болуп саналат.
Ошентип, соттук караштуулугуна тикелей таандык болбогон жана маңызы боюнча чечилбеген бузуулар жөнүндө иштер боюнча мыйзам чыгаруучу тарабынан кызыкдар тараптарга соттук контролдоонун жүзөгө ашырылуусу үчүн сот бийлигине кайрылуу мүмкүндүгү берилген. Сот соттук контролдоо тартибинде күнөөлүүлүк жана жоопкерчиликтин чарасы жөнүндө маселени чечпейт, ал ыйгарым укуктуу органдар тарабынан эчак кабыл алынган чечимдердин мыйзамдуулугуна жана негиздүүлүгүнө баа берет (Бузуулар жөнүндө кодекстин 335-беренеси). Демек, Конституциянын 20-беренесинин 5-бөлүгүнүн 8-пунктуна ылайык чектелүүгө тийиш болбогон укуктардын катарына кирген соттук коргонууга болгон укук мыйзам чыгаруучу тарабынан бир деңгээлдик соттук контролдоону орнотуу аркылуу камсыз кылынган.
Ошентип, Конституциялык палатанын Кыргыз Республикасынын Бузуулар жөнүндө кодексинин 33-беренесинин Конституциянын 20-беренесинин 5-бөлүгүнүн 8-пунктуна, 40-беренесинин 1-бөлүгүнө карама--каршы келүүсү жөнүндөгү пикири дагы негизделген жок. Бир деңгээлдүү же көп деңгээлдүү соттук контролдоону орнотуу тек гана мыйзам чыгаруучунун ыйгарым укугу жана ал көптөгөн факторлого, анын ичинде жеке инсандын укуктар, эркиндиктер жана кызыкчылыктар чөйрөсүнө киришүү даражасына, мамлекет тарабынан ал чыгымдарды калыбына келтирүү үчүн зарыл болгон чыгымдардын өлчөмдөштүгүнө жана аракеттерине жараша болот. Каралып жаткан учурда көп деңгээлдүү соттук контролдоонун орнотулушу соттук тутумду анча маанилүү эмес иштер менен алек болуусунун кыйла көбөйүшүнө алып келиши мүмкүн. Ошондой эле, Кодекстин өзүндө каралгандай бузуунун алты айлык эскирүү мөөнөтүн эске алганда, жоопкерчиликтен качууну көздөгөн жактардын укукту кыянаттык менен пайдалануунун аманат учурлары кескин түрдө көбөйөт. Бул өз кезегинде, жазанын кайтарылбастык принцибин камсыз кылууну кескин түрдө татаалдаштырат, бул өлкөдөгү мыйзамдуулуктун жана укук тартибинин жалпы абалына сөзсүз таасирин тийгизбей койбойт.
Судья | Э.Ж. Осконбаев |