Загрузка документа…
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ѲКМѲТY
ТОКТОМ
2015-жылдын 22-июну № 384
Чүй облусунун Жайыл районундагы Ак-Башат айыл аймагынын Ак-Башат жана Новониколаевка айылдарында жайгашкан фельдшер-акушердик пункттардын имараттарын Чүй облусунун Жайыл районундагы Ак-Башат айыл аймагынын айыл өкмөтүнүн муниципалдык менчигине өткөрүп берүү жөнүндө
Фельдшер-акушердик пункттарды туура пайдалануу жана калкка сапаттуу тейлөө көрсөтүү үчүн керек болгон шарттарды түзүү максатында, "Мүлккө муниципалдык менчик жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына, "Кыргыз Республикасынын Өкмөтү жөнүндө" Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 10 жана 17-беренелерине ылайык Кыргыз Республикасынын Өкмөтү
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Мамлекеттик мүлктү башкаруу боюнча фонд Ак-Башат жана Новониколаевка айылдарында жайгашкан фельдшер-акушердик пункттардын имараттарын Чүй облусунун Жайыл районундагы Ак-Башат айыл аймагынын айыл өкмөтүнүн муниципалдык менчигине белгиленген тартипте өткөрүп берсин.
2. Чүй облусунун Жайыл районундагы Ак-Башат айыл аймагынын айыл өкмөтүнө төмөнкүлөр сунушталсын:
- ушул токтомдун 1-пунктунда аталган имараттарды муниципалдык менчикке белгиленген тартипте кабыл алуу;
- Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Мамлекеттик каттоо кызматында ушул токтомдун 1-пунктунда аталган имараттарды мамлекеттик каттоодон өткөрүү;
- ушул токтомдун 1-пунктунда аталган имараттарга баалоону Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык жүргүзүү;
- ушул токтомдун 1-пунктунда аталган имараттарды максаттуу арналышы боюнча пайдаланууну камсыз кылуу.
3. Ушул токтомдун аткарылышын контролдоо Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Аппаратынын уюштуруу-инспектордук иштер жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу бөлүмүнө жүктөлсүн.
4. Ушул токтом расмий жарыяланган күндөн он күн өткөндөн кийин күчүнө кирет.
Премьер-министр | Т.А. Сариев |