Загрузка документа…
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ѲКМѲТY
ТОКТОМ
2015-жылдын 23-июну № 399
Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 1998-жылдын 30-декабрындагы № 865 "Банкроттук процессинин жол-жоболорун колдонуунун тартиби жөнүндө эрежелерди бекитүү тууралуу" токтомуна өзгөртүүлөрдү жана толуктоо киргизүү жөнүндө
Банкроттук процессинин жол-жоболорунун ачык-айкындыгын камсыз кылуу максатында, "Кыргыз Республикасынын Өкмөтү жөнүндө" Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 10 жана 17-беренелерине ылайык Кыргыз Республикасынын Өкмөтү
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 1998-жылдын 30-декабрындагы № 865 "Банкроттук процессинин жол-жоболорун колдонуунун тартиби жөнүндө эрежелерди бекитүү тууралуу" токтомуна төмөнкүдөй өзгөртүүлөр жана толуктоо киргизилсин:
жогоруда аталган токтом менен бекитилген Банкроттук процессинин жол-жоболорун колдонуунун тартиби жөнүндө эрежелерде:
- 1.1-бөлүмүнүн 1.1.1-пунктундагы "арбитраждык сот (мындан ары - сот)" деген сөздөр "сот" деген сөз менен алмаштырылсын;
- 2.3-бөлүмүнүн 1-пункту төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:
"1) сот тарабынан соттук тартипте же кредиторлордун жыйналышы менен соттон тышкары тартипте;";
- 8.1-бөлүмүнүн 8.1.4-пунктундагы "арбитраждык сотто" деген сөздөр алып салынсын;
- 10.5-бөлүмүнүн 10.5.2-пункту төмөнкүдөй мазмундагы экинчи жана үчүнчү абзацтар менен толукталсын:
"Соттон тышкары тартипте банкроттук учурунда атайын администратор дайындалган учурдан тартып үч күндүк мөөнөттө банкроттук жөнүндө иштер боюнча мамлекеттик органга соттон тышкары тартипте карызкорду банкрот деп жарыялоо тууралуу жана өзүнүн дайындалышы жөнүндө кредиторлордун жыйналышынын чечимин берүүгө милдеттүү.
Банкроттук жөнүндө иштер боюнча мамлекеттик орган соттон тышкары тартипте карызкорду банкрот деп жарыялоо тууралуу жана атайын администратордун дайындалышы жөнүндө кредиторлордун жыйналышынын чечимин алган учурдан тартып жети күндүк мөөнөттө өзүнүн расмий сайтына жайгаштырууга милдеттүү.";
- 4-тиркемедеги "арбитраждык сотунун (датасы)" деген сөздөр "соттун (датасы)" деген сөздөр менен алмаштырылсын.
2. Ушул токтом расмий жарыяланган күндөн он беш күн өткөндөн кийин күчүнө кирет.
Премьер-министр | Т.А. Сариев |