Загрузка документа…
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ѲКМѲТY
ТОКТОМ
2015-жылдын 24-июну № 407
Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн айрым чечимдерин күчүн жоготту деп таануу жөнүндө
Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн чечимдерин Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык келтирүү максатында, "Кыргыз Республикасынын Өкмөтү жөнүндө" Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 10 жана 17-беренелерин жетекчиликке алуу менен Кыргыз Республикасынын Өкмөтү
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Төмөнкүлөр күчүн жоготту деп табылсын:
- Кыргызстан Республикасынын Өкмөтүнүн 1993-жылдын 10-январындагы № 7 "Кыргыз архитектура, айылдык калктуу пункттарды пландоо жана куруу боюнча илимий-изилдөө жана долбоорлоо институтун (КыргызархдолбоорИИИ) уюштуруу жөнүндө" токтому;
- Кыргызстан Республикасынын Өкмөтүнүн 1993-жылдын 26-апрелиндеги № 179 "Кыргыз архитектура, айылдык калктуу пункттарды пландоо жана куруу боюнча илимий-изилдөө жана долбоорлоо институтунун (КыргызархдолбоорИИИ) уставын бекитүү жөнүндө" токтому;
- Кыргызстан Республикасынын Өкмөтүнүн 1993-жылдын 16-апрелиндеги № 156 "Кыргыз архитектура, айылдык калктуу пункттарды пландоо жана куруу боюнча илимий-изилдөө жана долбоорлоо институтун (КыргызархдолбоорИИИ) уюштуруу жөнүндө" Кыргызстан Республикасынын Өкмөтүнүн 1993-жылдын 10-январындагы № 7 токтомуна өзгөртүүлөрдү жана толуктоолорду киргизүү тууралуу" токтому;
- Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 1994-жылдын 27-декабрындагы № 882 "Кыргыз Республикасынын Судьялар кеңешинин алдындагы Соттук администрация жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Президентинин 1994-жылдын 1-ноябрындагы Указын аткаруунун жүрүшү жөнүндө" токтому;
- Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 1995-жылдын 7-июнундагы № 229 "Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн айрым чечимдерине өзгөртүүлөрдү жана толуктоолорду киргизүү жөнүндө" токтому;
- Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 1995-жылдын 7-сентябрындагы № 378 "Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Байкоо комиссиясын түзүү жөнүндө" токтому;
- Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2000-жылдын 21-апрелиндеги № 228 "Лицензиялоого тийиш болгон ишкерликтин негизги түрлөрүнө карата сублицензиялоого тыюу салуу жөнүндө" токтому;
- Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2001-жылдын 23-мартындагы № 121 "Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Көзөмөл комиссиясынын курамын бекитүү жөнүндө" токтому;
- Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2001-жылдын 6-августундагы № 411 "Кыргыз Республикасынын Эмгек жана социалдык жактан коргоо министрлигинин Өнүктүрүү концепциясы жөнүндө" токтому;
- Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2002-жылдын 12-декабрындагы № 848 "Кыргыз Республикасынын Экология жана өзгөчө кырдаалдар министрлигине караштуу Экология жана жаратылышты пайдалануу департаменти жөнүндө" токтому;
- Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2003-жылдын 16-апрелиндеги № 221 "Аба кемелерин "Кыргызстан аба жолдору" Улуттук авиаташуучу" акционердик коомунун балансынан Кыргыз Республикасынын Экология жана өзгөчө кырдаалдар министрлигине караштуу Авиация департаментинин балансына өткөрүп берүү жөнүндө" токтомунун 4-пункту;
- Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2003-жылдын 28-январындагы № 34 "Кыргыз Республикасынын Экология жана өзгөчө кырдаалдар министрлигине караштуу Экология жана жаратылышты пайдалануу департаменти жөнүндө" токтому;
- Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2003-жылдын 8-декабрындагы № 760 "Кыргыз Республикасынын Экология жана өзгөчө кырдаалдар министрлигине караштуу Жарандык коргонуу башкы башкармалыгы жөнүндөгү жобону бекитүү тууралуу" токтому.
2. Ушул токтом расмий жарыяланган күндөн он күн өткөндөн кийин күчүнө кирет.
Премьер-министр | Т.А. Сариев |