Загрузка документа…
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН АТЫНАН
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ЖОГОРКУ СОТУНУН
КОНСТИТУЦИЯЛЫК ПАЛАТАСЫНЫН
Ч Е Ч И М И
2019-жылдын 30-октябры №13-р
Улукбек Бактыбекович Турдубековдун кайрылуусуна байланыштуу Кыргыз Республикасынын Улуттук банк Башкармасынын 2015-жылдын 24-июнундагы №35/10 токтому менен бекитилген Финансылык кызматтарды сунуштоо жана керектөөчүлөрдүн кайрылууларын кароо тартибине карата минималдуу талаптар жөнүндө жобонун 21-пунктунун 9-пунктчасынын конституциялуулугун текшерүү жөнүндө иш боюнча
Кыргыз Республикасынын Жогорку сотунун Конституциялык палатасы: төрагалык кылуучу - К.А. Дуйшеев, судьялар Ч.А. Айдарбекова, М.Р. Бобукеева, М.Ш. Касымалиев, К.М. Киргизбаев, Э.Т. Мамыров, А.О. Нарынбекова, Э.Ж. Осконбаев, Ч.О. Осмонова, Ж.И. Саалаевдин курамында, сот отурумунун катчысы С.А. Джолгокпаеванын,
кайрылуучу тарап – Улукбек Бактыбекович Турдубековдун;
жоопкер тарап – Кыргыз Республикасынын Улуттук банкынын ишеним кат боюнча өкүлдөрү Мирлан Эшенкулович Майтпасов, Канат Абайылдаевич Темиров, Эрлан Орозобекович Абдыразаковдун;
башка жактар – Кыргыз Республикасынын Соода-өнөр жай палатасына караштуу Эл аралык бейтарап сотунун өкүлү Наталья Борисовна Аленкинанын катышуусунда,
Кыргыз Республикасынын Конституциясынын 97-беренесинин 1, 6-бөлүктөрүн, «Кыргыз Республикасынын Жогорку сотунун Конституциялык палатасы жөнүндө» Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамыынын 4, 18, 19, 37, 42-беренелерин жетекчиликке алып, Кыргыз Республикасынын Улуттук банк Башкармасынын 2015-жылдын 24-июнундагы №35/10 токтому менен бекитилген Финансылык кызматтарды сунуштоо жана керектөөчүлөрдүн кайрылууларын кароо тартибине карата минималдуу талаптар жөнүндө жобонун 21-пунктунун 9-пунктчасынын конституциялуулугун текшерүү жөнүндө ишти ачык соттук отурумда карап чыкты.
Бул ишти кароого Улукбек Бактыбекович Турдубековдун өтүнүчү себеп болду.
Кыргыз Республикасынын Улуттук банк Башкармасынын 2015-жылдын 24-июнундагы №35/10 токтому менен бекитилген Финансылык кызматтарды сунуштоо жана керектөөчүлөрдүн кайрылууларын кароо тартибине карата минималдуу талаптар жөнүндө жобонун 21-пунктунун 9-пунктчасынын Кыргыз Республикасынын Конституциясына ылайык келүүсү жѳнүндѳгү маселеде күмөндүүлүктүн пайда болуусу бул ишти кароого негиз болду.
Ишти соттук отурумга даярдаган судья-баяндамачы Ч.А. Айдарбекованын маалыматын угуп жана келтирилген материалдарды изилдеп чыгып, Кыргыз Республикасынын Жогорку сотунун Конституциялык палатасы
Т А П Т Ы:
Кыргыз Республикасынын Жогорку сотунун Конституциялык палатасына 2019-жылдын 16-апрелинде Б.У. Турдубековдун Кыргыз Республикасынын Улуттук банк Башкармасынын 2015-жылдын 24-июнундагы №35/10 токтому менен бекитилген Финансылык кызматтарды сунуштоо жана керектөөчүлөрдүн кайрылууларын кароо тартибине карата минималдуу талаптар жөнүндө жобонун 21-пунктунун 9-пунктчасынын Кыргыз Республикасынын Конституциясынын 20-беренесинин 2-бөлүгүнө, 40-беренесине, 42-беренесинин 1, 2-бөлүктөрүнө ылайык келүүсүн текшерүү жөнүндө өтүнүчү келип түшкөн.
Кайрылуудан келип чыккандай, талашылып жаткан ченем карыз алуучу жана финансы-кредит уюмдары ортосунда түзүлүп жаткан келишимдерге жана макулдашууларга, карыз алуучунун жалгыз турак жайын өндүрүп алууну күрөө предметине айландыруу тууралуу арбитраждык (бейтарап) эскертмени киргизүүгө анык тыюу салууну караштырат. Кайрылуу субъектинин пикири боюнча мындай ченем жалгыз турак жайына ээ болгон жарандардын банктык мекемелерден кредит алуу укугун чектейт, коммерциялык жана башка финансы мекемелеринин жарандарды кредиттөө укугун чектейт, ошондой эле бейтарап сотторго жарандар жана банктык мекемелер ортосундагы талаш-тартыштарды кароосуна чектөөлөрдү жаратат.
Арыздануучунун пикири боюнча талашылып жаткан ченем Кыргыз Республикасынын Конституциясынын 42-беренесинин 1 жана 2-бөлүктөрүнө карама-каршы келет, аларга ылайык ар ким өз мүлкүнө, өз ишмердигинин натыйжаларына ээ болуу, колдонуу жана тескөө укугуна ээ, ар ким экономикалык эркиндикке ээ, өз жөндөмдүүлүгү менен мүлкүн мыйзамда тыюу салынбаган ар кандай экономикалык ишмердүүлүк үчүн эркин колдонууга укуктуу. Коммерциялык банктар талашылып жаткан ченемдерге ылайык жарандарга өндүрүп алууну күрөө предметине айландыруу тууралуу арбитраждык (бейтарап) эскертмени келишимдерге жана макулдашууларга киргизүүдөн баш тартууда, бул келишимдин эркиндигинин принцибине карама-каршы келет. Жарандар жана юридикалык жактар келишим түзүүдө эркин болушат; келишим түзүү мыйзамда каралган же ыктыярдуу алынган милдеттенме болгон учурдан тышкары келишимди түзүүгө мажбурлоого жол берилбейт.
У.Б. Турдубеков эсептегендей, талашылып жаткан ченем Кыргыз Республикасынын Конституциясынын 58-беренесинин жоболорун дагы бузууда, ага ылайык жарандык укук мамилелеринен келип чыгуучу талаш-тартыштарды соттон тышкары чечүү үчүн бейтарап соттор уюштурулушу мүмкүн, алардын ыйгарым укуктары жана иштеши мыйзам менен аныкталат. Ушул конституциялык ченемди жүзөгө ашырууда кабыл алынган «Кыргыз Республикасындагы бейтарап соттор жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Мыйзамы карыз алуучунун жалгыз турак жай түрүндөгү күрөөлүк мүлк менен камсыздалган кредиттик келишимдерге жана макулдашууларга байланышкан иштерди бейтарап соттор тарабынан каралышына тыюу салынган эмес.
Кайрылуу субъектинин пикири боюнча талашылып жаткан ченем бейтарап соттордун гана эмес, жарандар, коммерциялык банктардын жана башка финансылык мекемелердин да бейтарап макулдашууларды түзүү жана кредиттик келишимдерден жана макулдашуулардан келип чыккан талаш-тартыштарды бейтарап соттордо чечүү укуктарын чектөөдө, бул жарандардын конституциялык белгиленген максаттарда гана жарандардын укуктарынын чектелишине жол берилгендигин аныктоочу Кыргыз Республикасынын Конституциясынын 20-беренесинин 2-бөлүгүнө карама-каршы келет.
Ошондой эле, У.Б. Турдубековдун пикири боюнча талашылып жаткан ченем Кыргыз Республикасынын Конституциясынын 40-беренесине карама-каршы келүүдө, ага ылайык ар кимге Конституцияда, мыйзамдарда, Кыргыз Республикасы катышуучу болуп саналган эл аралык келишимдерде, эл аралык укуктун жалпыга таанылган принциптеринде жана ченемдеринде каралган анын укуктары менен эркиндигин соттук коргоого кепилдиктер берилет; мамлекет адамдын жана жарандын укуктары менен эркиндигин коргоонун соттон тышкары жана сотко чейинки усулдарын, түрлөрүн, ыкмаларын өнүктүрүүнү камсыздайт; ар ким өз укугун жана эркиндигин мыйзам менен тыюу салынбаган бардык ыкмалар менен коргоого укуктуу.
Жогоруда баяндалгандын негизинде, арыздануучу талашылып жаткан ченемди Кыргыз Республикасынын Конституциясына карама-каршы келет деп таанууну суранууда.
Кыргыз Республикасынын Жогорку сотунун Конституциялык палатасынын судьялар коллегиясынын 2019-жылдын 28-майындагы аныктамасы менен У.Б. Турдубековдун өтүнүчү талашылып жаткан ченемди Кыргыз Республикасынын Конституциясынын 20-беренесинин 2-бөлүгүнө, 42-беренесинин 1, 2-бөлүктөрүнө, 58-беренесине ылайык келүүсүн текшерүү бөлүгүндө өндүрүшкө кабыл алынган. Тийиштүү укуктук аргументтердин жоктугунан улам Кыргыз Республикасынын Конституциясынын 40-беренесине ылайык келүүсүн текшерүү жагында баш тартылган.
Соттук отурумда кайрылуучу тарап өзүнүн талаптарын колдогон жана аларды канааттандырууну суранган.
Жоопкер тараптын өкүлү Э.О. Абдыразаков арыздануучунун жүйөлөрүн кийинкидей негиздер боюнча негизсиз деп эсептейт.
«Кыргыз Республикасынын айрым мыйзам актыларына өзгөртүүлөрдү жана толуктоолорду киргизүү жөнүндө» Кыргыз Республикасынын 2014-жылдын 4-февралындагы №27 Мыйзамына ылайык, эгерде күрөөгө коюлган мүлк берилген кредиттин эсебинен сатып алынган же курулган күрөө жүйөсү болуп жеке адамдын менчик укугуна тиешелүү жалгыз турак жайы болуп саналса, күрөөнүн жүйөсүн өндүрүп алууга соттун чечими боюнча гана жол берүүнү караган өзгөртүүлөр жана толуктоолор Кыргыз Республикасынын Жарандык кодексине жана «Күрөө жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Мыйзамына киргизилген (Жарандык кодекстин 335-беренесинин 4-бөлүгү жана «Күрөө жөнүндө» Мыйзамдын 62-беренеси).
Ушуга байланыштуу, көрсөтүлгөн ченемдик укуктук актылардын талаптарына ылайык келтирүү үчүн, ошондой эле банктык жана микрофинансылык кызматтардын керектөөчүлөрдүн укуктарын коргоо максатында «Финансылык кызмат сунуштоо жана керектөөчүлөрдүн кайрылууларын кароо тартибине карата минималдуу талаптар жөнүндө» Жобону бекитүү жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Улуттук банк Башкармасынын 2015-жылдын 24-июнундагы №35/10 токтомуна өзгөртүүлөрдү жана толуктоолорду киргизүү жөнүндө» Улуттук банк Башкармасынын 2016-жылдын 24-августундагы №35/3 токтому менен тийиштүү өзгөртүүлөр жана толуктоолор киргизилген.
Э.О. Абдыразаков, тажрыйбада айрым финансы-кредит уюмдары бейтарап эскертмени киргизип, соттук тартипте эмес, бейтарап соттор аркылуу жалгыз турак жайын өндүрүп алуу мүмкүндүгүн караштырат, бул Кыргыз Республикасынын Жарандык кодексинин жана «Күрөө жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын жогоруда көрсөтүлгөн ченемдерине ылайык келбейт деп белгилеген. Жалгыз турак жайы болуп саналган күрөө жүйөсү соттук тартипте гана, башкача айтканда, жалпы юрисдикция соттору аркылуу өндүрүлүшү мүмкүн. «Кыргыз Республикасындагы бейтарап соттор жөнүндө» Кыргыз Республикасынын преамбуласына ылайык, бул Мыйзам соттон тышкаркы органдардын түзүлүү тартибин аныктайт, ошондой эле талаш-тартыштарды чечүү жагындагы алардын ишин жөнгө салат. Ошону менен бирге, күрөө жүйөсүн өндүрүп алуу талаш-тартыш болуп саналбайт, ошондуктан ал бейтарап соттун кароо предмети болушу мүмкүн эмес.
Коммерциялык банктардын кредиттик иши Улуттук банк Башкармасынын 2010-жылдын 30-июнундагы №52/4 токтому менен бекитилген Кыргыз Республикасынын Улуттук банкынан лицензия алышкан коммерциялык банктарда жана башка финансы-кредит уюмдарында кредиттик тобокелдикти тескөө боюнча минималдуу талаптар жөнүндө Жобо менен жөнгө салынат.
Жогоруда көрсөтүлгөн Жобонун 12-пунктунун талаптарына ылайык, банктын ички саясатында күрөө предметинен өндүрүү чечими кабыл алынган учурда ал карыз алуучунун/күрөө коюучунун жалгыз турак жайы экендигин тастыктаган фактыларды текшерүү талаптары каралууга тийиш. Эгерде, күрөө предметинен өндүрүү учурунда күрөөгө коюлган кыймылсыз мүлк карыз алуучунун/күрөө берүүчүнүн жалгыз турак жайы болуп саналса, бул мүлктү өндүрүүнү айлантуу соттун чечими боюнча жүргүзүлүүгө тийиш.
Андан тышкары, көрсөтүлгөн Жобонун 53-пунктунун талаптарына ылайык, банк карыз алуучудан ага менчик укугу боюнча тиешелүү болгон жана анын үй-бүлө мүчөлөрү жашап жаткан жана ошол жерде катталган, карыз берүүчүнүн кат жүзүндө берилген маалыматына ылайык, жалгыз турак жайы болуп саналган кыймылсыз мүлкүн – квартирасын же үйүн күрөө катары кабыл алган шартта, карыз берүүчүнүн эмгекке жарамдуу курактагы үй-бүлө мүчөлөрүнүн иштеген жерине жана тапкан кирешелерине, ошондой эле көрсөтүлгөн учурда кредиттерди берүүгө байланышкан ар түрдүү тобокелдиктерге өзгөчө көңүл бурууга тийиш.
Ошентип, Кыргыз Республикасынын Улуттук банкынын ченемдик укуктук актылары жалгыз турак жайына ээ болгон жарандардын кредит алуу укуктарын, ошондой эле финансы-кредит уюмдарынын жарандарды кредиттөө укуктарын чектебейт.
Арыздануучунун жарандар жана финансы-кредит уюмдар ортосундагы талаш-тартыштарды кароодо бейтарап соттор үчүн чектөөлөр жаралууда жана Кыргыз Республикасынын Улуттук банкы тарабынан «Кыргыз Республикасындагы бейтарап соттор жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Мыйзамын аткарбоо үчүн шарттар түзүлүүдө деген ырастоосу тууралуу, Э.О. Абдыразаков, Кыргыз Республикасынын Конституциясы бейтарап териштирүү процедурасы боюнча жарандык-укуктук талаш-тартыштарды, талаш-тартыштардын чектелүү санын чечүү үчүн уюштурулган бейтарап соттор аркылуу чечүү мүмкүндүгүнө, коомдук маанилүү функциялар берилген алар зарыл болгон кепилдиктердин сакталуусунун өзгөрүлбөс шартында жол берилет деп белгилейт.
Мамлекет адамдын жана жарандын укуктары менен эркиндиктерин коргоонун соттон тышкары жана сотко чейинки усулдарын, формаларын жана ыкмаларын өнүктүрүүнү камсыздайт.
Андан тышкары, бейтарап соттор тарабынан жарандык талаш-тартыштарды чечүүнүн соттон тышкаркы мүнөзүнө Кыргыз Республикасынын Конституциясынын 58-беренеси түздөн-түз көрсөтүп турат, ага ылайык, жарандык укук мамилелеринен келип чыгуучу талаш-тартыштарды соттон тышкары чечүү үчүн бейтарап соттор уюштурулушу мүмкүн. Бейтарап сотторду түзүү тартиби, алардын ыйгарым укуктары жана иштеши мыйзам менен аныкталат.
«Кыргыз Республикасында бейтарап соттор жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 45-беренесинин 2-пунктуна ылайык, мыйзам тарабынан орнотулган бейтарап соттун чечүүсүнө берүүгө мүмкүн болбогон талаш-тартыштар бейтарап соттордо каралбайт.
Кыргыз Республикасынын Жарандык кодексинин 2-беренесинин 4 жана 6-пункттарынын талаптарына ылайык, башка ченемдик укуктук актыларда камтылган жарандык мыйзамдардын ченемдери көрсөтүлгөн Кодекске ылайык келиши керек жана көрсөтүлгөн берененин 4-пунктундагы актыларда камтылган жарандык укуктун ченемдери Жарандык кодекстин ченемдерине карама-каршы келген учурларда Кодекстин жоболору колдонулат.
Ошентип, бейтарап соттор талаш-тартыштарды сотко чейин жөнгө салуу органы болгонун эске алып, эгер өндүрүп алуу учурунда күрөөгө коюлган кыймылсыз мүлк карыз берүүчүнүн/күрөө берүүчүнүн жалгыз турак жайы болгон болсо, анда бул мүлктү өндүрүп алуу жалпы юрисдикциядагы соттун чечими боюнча гана ишке ашырылуусу керек. Ушуга байланыштуу, талашылып жаткан ченем жогоруда көрсөтүлгөн мыйзамдардын ченемдерин аткаруу максатында орнотулууда.
Ошондой эле, Э.О. Абдыразаков, Кыргыз Республикасынын Улуттук банкы банктардын ишине минималдуу талаптарды орнотууда, анткени регулятор ченемдик укуктук актыларды кабыл алуу (чыгаруу) укугу бар ченем жаратуучу органдардын бири. Кыргыз Республикасынын Улуттук банкы көзөмөлдү жүзөгө ашыруу алкагында банктардын ишине анализ жүргүзөт жана алардын мыйзамдарда каралган талаптарды сактоосу боюнча мониторингди жүзөгө ашырат. Ошондуктан Кыргыз Республикасынын Улуттук банкы банктык жана микрофинасылык кызматтардын керектөөчүлөрүнүн укуктарын коргоосун күчөтүү максатында, жалгыз турак жайы болгон жарандарга берилүүчү кредиттерге талаптарды орноткон, бул мындай жарандардын кредит алуу укуктарын жана финансы-кредит уюмдарынын жарандарды кредиттөө укуктарына тыюу салбайт жана аларды чектебейт.
Баяндалганды эске алуу менен, Э.О. Абдыразаков талашылып жаткан ченем Кыргыз Республикасынын Конституциясына карама-каршы келбейт деп эсептейт.
Жоопкер тараптын өкүлдөрү К.А. Темиров жана Э.М. Майтпасов Э.О. Абдыразаковдун жүйөлөрүн колдошкон.
Кыргыз Республикасынын Соода-өнөр жай палатасына караштуу Эл аралык бейтарап сотунун өкүлү Н.Б. Аленкина каралып жаткан укуктук маселе тууралуу кийинкидей түшүндүрмө берди.
Кыргыз Республикасынын Улуттук банк Башкармасынын 2015-жылдын 24-июнундагы №35/10 токтому менен бекитилген Финансылык кызматтарды сунуштоо жана керектөөчүлөрдүн кайрылууларын кароо тартибине карата минималдуу талаптар жөнүндө жобонун 21-пунктунун 9-пунктчасы менен орнотулган тыюу салуу адамдын жана жарандын укуктары менен эркиндиктерин конституциялык чектөөнүн чегин бузууда. Жарандык укук мамилелеринен келип чыккан талаш-тартыштарды чечүү үчүн бейтарап сотторго жарандардын кайрылуу укугу Кыргыз Республикасынын Конституциясынын 40-беренесинин 2-бөлүгүнүн 42-беренесинин 2-бөлүгү менен өз ара байланышына негизделген. Ушуга, тактап айтканда, Кыргыз Республикасынын Жогорку сотунун Конституциялык палатасынын 2015-жылдын 9-декабрындагы Чечиминде көңүл бурулган.
Талаш-тартышты бейтарап сотко өткөрүп берүү укугу бейтарап келишимин түзүү аркылуу жүзөгө ашырылат. Мамлекеттик сотко кайрылуу укугун жүзөгө ашыруудан баш тартуу тараптардын эркинин автономиялуулугуна жана алардын келишимдин эркиндик укугуна негизделген. Тараптардын өз укуктарын альтернативдүү ыкма менен чечүү пайдасына жасаган тандоосу инсандын эркиндигин билдирүүсү болуп саналат жана жогорку баалуулук катары мамлекет, анын органдары жана кызмат адамдары тарабынан урматталуусу жана ар кандай колдоого алынуусу керек, акыры, Кыргыз Республикасынын Жогорку сотунун Конституциялык палатасынын аталган Чечиминде көрсөтүлгөндөй ал «жарандык мамилелер чөйрөсүндө талаш-тартыштардын чечилишинин мүмкүндүгүн кеңейтет.».
Демократизация процессинин жана жарандык сот адилеттигинин диспозитивдүү башаттарын күчөтүүнүн бөлүгү катары талаш-тартыштардын арбитрабелдүүлүгүнүн либералдашуусу мамлекетти адамдын жана жарандын укуктары менен эркиндигин коргоонун соттон тышкары жана сотко чейинки усулдарын, түрлөрүн, ыкмаларын өнүктүрүүнү камсыздоого милдеттендирип жаткан Кыргыз Республикасынын Конституциясынын 40-беренесинин 1-бөлүгүнө жана адамдын, жарандын укуктары менен эркиндиктерин Конституция жана мыйзамдар менен белгиленген максаттардан тышкары чектөөгө тыюу салган Кыргыз Республикасынын Конституциясынын 20-беренесинин 2-бөлүгүнө негизделет. Киргизилип жаткан чектөөлөр көрсөтүлгөн максаттарга өлчөмдөш болушу керек.
Н.Б. Аленкинанын пикири боюнча, Кыргыз Республикасынын Улуттук банкынын Жобосунун каралып жаткан ченемин кабыл алуу менен келишим боюнча башынан эле алсыз болуп саналган керектөөчүлөрдүн укуктарын коргоо максатын көздөгөн болсо, коргоо каражатын тандоо белгиленген социалдык максатта күн мурун аныкталышы керек эле. Андай каражат катары жеке жактар менен келишим түзүүдө бейтарап эскертмени киргизүүгө тыюу салуу жолу менен талашылып жаткан ченемде келишимдин эркиндигинин чектелиши тандалган. Башка сөз менен айтканда, ченем жаратуучу орган бул жерде керектөөчү болгон алсыз тараптын кызыкчылыктарын коргоо келишимдин эркиндигинин жана жеке иштерге кийлигишпөөнүн базалык принциптерине салыштырмалуу алда канча маанилүү баалуулук деп эсептеген.
Н.А. Аленкина бардык жеке жактар менен, анын ичинде жеке ишкерлерди кошкондо, келишимдерге арбитраждык эскертмени киргизүүгө альтернативасыз тыюу салуу финансылык кызматтардын керектөөчүлөрүнүн ичиндеги топтун ар кандай кызыкчылыктарына ийкемдүүлүктүн жана дифференциациялуу мамиленин жоктугун көрсөтүүдө жана аны менен адамдын укуктары менен эркиндиктерин чектөө идеяларына негизделген базалык негиздерин бузууда. Ар кандай субъекттер жана ар кандай кырдаалдар үчүн бирдей тыюу салуу адилеттүү боло албайт, анткени мамилелердин катышуучуларын тең эмес абалга коёт.
Андан тышкары, анын пикири боюнча, талашылып жаткан жобо финансылык кызматтардын катышуучуларына кагылышуудан кийинки стадияда да арбитраждын бардык артыкчылыктарынан пайдаланууга мүмкүнчүлүк бербейт. Аңгыча, талаш-тартыш пайда болгондон кийин ишке ашырылган сотко кайрылуу укугунан эркин, мажбурлоосуз баш тартуу аң-сезимдүү болуп саналат жана Кыргыз Республикасынын Конституциясы менен кепилденген соттук коргонуу укугун кемсинтпейт.
Адамдын укуктары менен эркиндиктерин чектелүүсүнүн аларга өлчөмдөш каражаттарынын легитимдүү максаттары жок болгон кезде, талашылып жаткан акт менен киргизилген, мамилелердин катышуучуларынын демилгесин жана тандоо эркиндигин артыкбаш тебелеген чектөө болуп саналат.
Бирок, ченем жаратуучу орган кандай гана максатты көздөбөсүн, мындай чектөөлөрдүн Конституция же мыйзам менен тийиштүү укуктук таризделиши жок болгон кезде, анын пикири боюнча, бул актыны кабыл алуунун бакубат максатын жактаган эч кандай аргументтер жетиштүү болбойт. Демократиялык коомдо жогорку мыйзам чыгаруу органынын эркин ведомстволук кызыкчылыктар жана актылары менен алмаштыруу акылга сыйбайт. Бул адам укуктарын коргоого түздөн-түз коркунуч жаратат.
Андан тышкары, Н.Б. Аленкина Жобонун 21-пунктунун 9-пунктчасынын туюндурмасы укуктук аныктыктын принцибин бузат деп эсептейт. «Кыргыз Республикасында бейтарап соттор жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 2-беренесине ылайык арбитраждык (бейтарап) эскертме бул талаш-тартышты бейтарап соттун кароосуна өткөрүп берүү жөнүндө тараптардын макулдашуусу. Ал тараптардын мамлекеттик сотко кайрылуудан баш тартууга жана талаш-тартышты чечүүнүн альтернативдүү формасын тандоого байланышкан процесстик маселелерге тийиштүү. Арбитраждык эскертме материалдык укуктун, анын ичинде күрөөгө коюлган мүлктү өндүрүп алуу маселелерин жөнгө салбайт. Булар, эреже катары күрөө жөнүндө келишимде жана/же күрөөгө коюлган мүлктү соттук эмес тартипте өндүрүп алуу жөнүндө макулдашууда камтылат. Арбитраждык (бейтарап) эскертме көрсөтүлгөн келишимдердин бөлүгү болушу мүмкүндүгүнө карабастан, бейтарап макулдашуунун автономия принцибинен улам, ал өзүнүн предмети жана башка олуттуу шарттары болгон өзүнчө келишим. Демек, «күрөөгө коюлган мүлктү өндүрүп алуу жөнүндө арбитраждык (бейтарап) эскертме» деген туюндурма өзүнө карама-каршы түшүнүктөрдү камтыйт, бул укуктун улуктугу принцибин түзгөн укуктук аныктык принцибине карама-каршы келет. Андан тышкары, Кыргыз Республикасынын Соода-өнөр жай палатасына караштуу Эл аралык бейтарап соттун өкүлү ченемдик укуктун актынын аныкталбаган жана так эмес туюнтмалары адам укуктарынын, бирдейлик жана мыйзамдын улуктугу принциптеринин бузулушуна өзүнөн өзү алып келиши мүмкүн, анткени мындай укуктук көрсөтмөлөр дайындуулук мүнөзүн жоготуп, укуктук мамилелердин катышуучуларына өзүнүн жүрүм-турумунун кесепетин көрө билүүгө мүмкүндүк бербейт.
Н.Б.Аленкина белгилегендей, талаш-тартыштардын арбитрабелдүү эместиги тууралуу талашылып жаткан ченем ченемдик укуктук актыларды кабыл алуунун белгиленген тартибин бузуу менен кабыл алынган. Күрөө жүйөсүн өндүрүп алуу жөнүндө арбитраждык (бейтарап) эскертмени келишимге жана макулдашууга киргизүүгө тыюу салып жаткан ченем 2016-жылдын 1-октябрында күчүнө кирген 2016-жылдын 24-августундагы өзгөртүүлөргө ылайык, башкача айтканда «сот» деген терминдин эскертилиши талаш-тартышты сөзсүз түрдө мамлекеттик сотто кароо дегенди билдирбейт деп белгилеген Кыргыз Республикасынын Жогорку сотунун Конституциялык палатасы тарабынан 2015-жылдын 9-декабрындагы Чечими кабыл алынгандан кийин киргизилген. Талаш-тартыштын тараптары бейтарап сотко аны кароого өткөрүп берүү жөнүндө макулдашууну түзүүгө, аны менен өзүнүн келишим эркиндигине болгон укугун ишке ашырууга укуктуу.
Кыргыз Республикасынын Улуттук банкы бул өңдүү чектөөлөрдү киргизүү менен демократиялык коомдун институту катары талаш-тартыштарды чечүү боюнча коомдук маанилүү функцияларын мамлекет тарабынан ыйгарылган бейтарап соттордун укуктарын кемсинтүүдө. Бейтарап соттордун компетенциясын анын компетенциясынан белгилүү талаш-тартыштарды алып салуу жолу менен чектөө укугу мыйзам кабыл алуу жолу менен мыйзам чыгаруу органына гана таандык. Ошентип, талашылып жаткан ченем Кыргыз Республикасынын Конституциясына карама-каршы келет.
Кыргыз Республикасынын Жогорку сотунун Конституциялык палатасы тараптардын жүйөлөрүн талкуулап, башка жактардын түшүндүрмөлөрүн угуп, иштин материалдарын изилдеп чыгып, кийинкидей тыянактарга келди.
1. «Кыргыз Республикасынын Жогорку сотунун Конституциялык палатасы жөнүндө» Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 19-беренесинин 4-бөлүгүнө ылайык, Кыргыз Республикасынын Жогорку сотунун Конституциялык палатасы кайрылууда ченемдик укуктук актынын конституциялуулугу күмөн саналган бөлүгүнө гана тийиштүү болгон предмет боюнча актыларды чыгарат.
Ошентип, Кыргыз Республикасынын Жогорку сотунун Конституциялык палатасынын бул иш боюнча кароо предмети болуп Кыргыз Республикасынын Улуттук банк Башкармасынын 2015-жылдын 24-июнундагы №35/10 токтому менен бекитилген Финансылык кызматтарды сунуштоо жана керектөөчүлөрдүн кайрылууларын кароо тартибине карата минималдуу талаптар жөнүндө жобонун төмөнкүдөй мазмундагы 21-пунктунун 9-пунктчасы саналат:
«21. ФКУ, кызмат көрсөтүүлөрүнөн керектөөчүлөрдү кредиттөө учурунда ак ниеттүүлүк, ачык-айкындуулук, тактык, карыз алуучуларга карата өнөктөштүк мамиле жасоо, алардын экономикалык таламдарын жана финансылык мүмкүнчүлүктөрүн эске алуу, ошондой эле төмөнкү талаптардын сөзсүз аткарылышын камсыз кылуу сыяктуу жоопкерчилик менен кредиттөө принциптерин так сактоого милдеттүү:
9) мыйзамдарда каралган учурларды эске албаганда, күрөө предметинен болгон турак жайдан соттук тартипте гана өндүрүүнү жүргүзүү ишке ашырылып, ал ачык тоорук аркылуу сатып өткөрүлүүгө тийиш. Келишимдерге жана макулдашууларга өндүрүп алууну күрөө предметине айландыруу тууралуу арбитраждык (бейтарап) эскертмени киргизүүгө жол берилбейт;».
Кыргыз Республикасынын Жогорку сотунун Конституциялык палатасынын бул иш боюнча кароо предмети болуп Кыргыз Республикасынын Улуттук банк Башкармасынын 2015-жылдын 24-июнундагы №35/10 токтому менен бекитилген Финансылык кызматтарды сунуштоо жана керектөөчүлөрдүн кайрылууларын кароо тартибине карата минималдуу талаптар жөнүндө жобо мыйзамдарда белгиленген тартипте ылайык кабыл алынган, «Кыргыз Республикасынын Улуттук банкынын ченемдик актылары» №5/2015 журналында жарыяланган, Кыргыз Республикасынын Ченемдик укуктук актыларынын мамлекеттик реестрине киргизилген жана колдонуудагы акт болуп эсептелет.
2. Кыргыз Республикасынын Конституциясы ар кимге өз мүлкүнө, өз ишмердигинин натыйжаларына ээ болуу, колдонуу жана тескөө укугун, өз мүлкүн мыйзамда тыюу салынбаган ар кандай экономикалык ишмердүүлүк үчүн эркин колдонуу укугун кепилдейт (42-берененин 1, 2-бөлүктөрү).
Келтирилген конституциялык жоболор, эгер менчик ээсинин аракеттери мыйзамга карама-каршы келбесе, жана башка жактардын укуктарын жана мыйзамдуу кызыкчылыктарын, анын ичинде менчик ээсинин кыймылсыз мүлк объекттерине таандык мүлктүн эсебинен өзүнүн жарандык-укуктук милдеттенмелерин аткаруу мүмкүнчүлүктөрүн бузбаса, өзүнө тийиштүү мүлккө карата өз ыктыяры боюнча аракеттерди жасоого укуктуу дегенди билдирет.
Мүлккө ээлик кылуу, пайдалануу жана тескөө боюнча ыйгарым укуктардын чектери мыйзам менен белгиленет (Конституциянын 12-беренесинин 6-бөлүгү). Мында өз мүлкүн пайдаланууга байланышкан мамилелердин укуктук жөнгө салынуусу укуктук мамлекеттин юридикалык теңдикке жана адилеттикке негизделген принциптерине ылайык келиши керек жана менчик укугу Кыргыз Республикасында адамдын жана жарандын бардык башка укуктары жана эркиндиктери сыяктуу эле жалпыга таанылган эл аралык укуктун принциптери менен ченемдерине жана Кыргыз Республикасынын Конституциясына ылайык таанылуудан жана кепилденүүдөн келип чыгышы керек.
Жарандык-укуктук мамилелердин катышуучуларынын теңдигин, эркиндигинин автономиялуулугун жана мүлктүк өз алдынчалуулугун, кимдир бирөөнүн өз билемдик менен жеке иштерге кийлигишүүсүнүн мүмкүн эместигин болжогон менчиктин кол тийбестигинин жана келишимдин эркиндигинин конституциялык принциптери мүлккө ээлик кылуу, аны пайдалануу жана тескөө эркиндиги менен шартталат.
Экономикалык ишмердиктин эркиндигинин укуктук маңызы мамлекет тарабынан бүткүл коомдун бакубаттуулугунун деңгээлин көтөрүү үчүн экономикалык мамилелердин өнүгүшүнө жардам берүүчү жарандардын жана алардын бирикмелеринин ишмердиги үчүн белгилүү бир шарттардын түзүлүшүн болжойт.
Бул маселе боюнча Кыргыз Республикасынын Жогорку сотунун Конституциялык палатасынын 2013-жылдын 23-декабрындагы Чечиминде өзүнүн көз карашын билдирген, анын маңызы кыймылсыз мүлктүн ээсинин укугу Кыргыз Республикасынын Конституциясы менен таанылат жана кайтарылат, менчик ээси теңдиктин, эркиндиктин автономиялуулугунун жана келишимдин эркиндигинин принциптерине негизделген жарандык-укуктук мамилелерге кирүү аркылуу мыйзамда тыюу салынбаган экономикалык ишмердик менен алектенүүгө, мыйзамда белгиленген чектерде өз мүлкүн эркин тескөөгө, ошондой эле өзүнүн жарандык-укуктук милдеттенмелерин өзүнүн мүлкүнүн эсебинен аткарууга укуктуу дегенди билдирет. Ушуга байланыштуу, кыймылсыз мүлктүн ээси мыйзамда каралган же аны менен каралбаган (келишимдин эркиндигинин принциптери) келишимдин маанисинен жана мазмунунан келип чыккан жарандык-укуктук милдеттенмелер менен өзү үчүн белгиленген бардык кесепеттер үчүн жооп берет. Жарандык-укуктук милдеттенмелерди аткарбоо мыйзамда белгиленген жарандык-укуктук жоопкерчиликке алып келет, ал өзүнө кредитордун пайдасына менчик ээсинин мүлкүн мажбурлап өндүрүүнү камтыйт. Менчик ээсинин милдеттенмелери боюнча мүлктү, анын ичинде турак жайды өндүрүү жолу менен алып коюу - мүлккө менчик укуктарынын токтотулушунун мыйзамда каралган учуру болуп саналат.
3. Кыргыз Республикасынын Конституциясы ар ким өз укуктарын мыйзам менен тыюу салынбаган бардык ыкмалар менен коргоо укугун бекитип, мында адамдын жана жарандын укуктары менен эркиндигин коргоонун соттон тышкары жана сотко чейинки усулдарын, түрлөрүн жана ыкмаларын өнүктүрүүнү камсыздайт (40-берененин 1 жана 2-бөлүктөрү). Жарандык-укуктук талаш-тартыштарды чечүүнүн мындай ыкмаларынын катарына бейтарап сот тарабынан жүзөгө ашырылып жаткан бейтарап териштирүү кирет. Тараптардын жарандык-укуктук талаш-тартышты бейтарап сотко өткөрүп берүү укугу Кыргыз Республикасынын Конституциясынын 42-беренесинин 2-бөлүгүнүн ченемдерине да негизделген, ага ылайык ар ким экономикалык эркиндикке ээ, өз жөндөмдүүлүгү менен мүлкүн мыйзамда тыюу салынбаган ар кандай экономикалык ишмердүүлүк үчүн эркин колдонууга укуктуу.
Бейтарап соттор Кыргыз Республикасынын Конституциясынын 58-беренеси менен белгиленген конституциялык-укуктук статусунан улам Кыргыз Республикасынын сот тутумуна кирбеген түзүм болуп саналат. Алар жарандык-укуктук мамилелерден келип чыккан талаш-тартыштарды чечүүгө адистештирилген сотко чейинки органдарга таандык экендигин билдирет, ыйгарым укуктары, түзүлүү тартиби жана алардын ишмердиги мыйзам менен аныкталат. Ушуга байланыштуу Кыргыз Республикасынын Конституциясы жеке жактар ортосундагы жарандык-укуктук талаш-тартыштардын коомдук маанилүү функциясы бар жарандык коомдун институту катары иштеген бейтарап соттордо чечилүү мүмкүндүгүнө жол берет. Дал ушундай укуктук көз караш Кыргыз Республикасынын Жогорку сотунун Конституциялык палатасынын 2015-жылдын 9-декабрындагы Чечиминде көрсөтүлгөн.
Талаш-тартыштын тараптары аны бейтарап соттун кароосуна өткөрүп берүү жөнүндө макулдашууну арбитраждык (бейтарап) эскертме түрүндө түзүп жатып жана аны менен келишим эркиндигин ишке ашырып, мамлекеттик сот тарабынан иштин каралышына барбастан талаш-тартышты бейтарап териштирүү аркылуу чечүүгө укуктуу. Ар кимдин бейтарап сот тарабынан ишти каратуу укугунан мындай баш тартуусу мажбурлоосуз жүргүзүлгөн шартта, ал анын соттук коргонуу конституциялык укугун бузбайт.
Бейтарап териштирүү сыяктуу жарандык укуктук мамилелерден келип чыккан талаш-тартыштарды чечүүнүн мындай ыкмасынын мазмуну «Кыргыз Республикасында бейтарап соттор жөнүндө» Мыйзамына ылайык, иштин бардык жагдайларын ар тараптуу, объективдүү изилденишин караган, мажбурлап аткарылышы мамлекет тарабынан камсыздалган мыйзамдуу жана негиздүү чечимди чыгаруу жолу менен белгилүү тартипте арбитрлер тарабынан талаш-тартышты кароо процессин болжойт.
Конституциялык-укуктук статуска ээ болгон бейтарап соттор жарандык-укуктук мамилелерден келип чыккан талаш-тартыштардын чечилишине жардам берген түзүм катары, эгерде бейтарап соттор тарабынан мындай иштерди кароого мыйзамдар тарабынан тыюу салынбаган болсо, талаш-тартыштар тараптардын макулдашуусу гана боюнча каралат.
Кыргыз Республикасынын Конституциясынын 58-беренесинин жоболору менен өз ара байланышта турган жогоруда көрсөтүлгөн мыйзамдардын ченемдеринен келип чыккан мындай түшүнүк, бейтарап териштирүү мыйзам жана бейтарап сот алдында тараптардын теңдиги, атаандаштык жана бейтарап соттун чечимдеринин аткарылышынын милдеттүүлүгү деген принциптердин негизинде ишке ашырылып жатканына карабастан, алардын көрүнүшү бейтарап соттун жеке, мамлекеттик эмес табиятынан келип чыккан өзүнүн өзгөчөлүктөрү менен шартталган.
4. Кыргыз Республикасынын Жарандык кодексинин 335-беренесинин 4-бөлүгүнө жана «Күрөө жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 62-беренесинин 1-бөлүгүнө ылайык, күрөөгө коюлган мүлктү өндүрүп алуу сотко чейинки жана сот тартибинде ишке ашырылат. Эгер күрөөгө коюлган мүлк мыйзамдарда белгиленген тартипте тарыхый, көркөм же коом үчүн башка маданий баалуулукка ээ болгон мүлккө киргизилген учурда, ошондой эле эгерде күрөө предмети өндүрүп алуу учуруна карата жеке жактын менчик укугуна тиешелүү жалгыз турак жайы болуп саналса, күрөө предметин өндүрүп алуу соттун чечими боюнча гана жүргүзүлөт.
Сотко чейинки тартипти пайдалануу, бир четинен күрөө кармоочунун кызыкчылыктарын коргоо процедурасын жөнөкөйлөтүү жана тездетүүгө жана мүмкүн болгон соттук чыгымдарды азайтууга жардам берген соттук коргоонун жалпы эрежелеринин далилденген өзгөчөлүгү болсо, бирок башка жагынан алып караганда, мыйзам чыгаруучунун пикири боюнча, күрөө берүүчү сот тарабынан гана жүзөгө ашырыла турган анын укуктары менен мыйзамдуу кызыкчылыктарын сактоо боюнча комплекстүү чараларды колдонуу мүмкүндүгүнөн ажыроодо.
Ошентип, мыйзам чыгаруучу күрөөнүн көрсөтүлгөн предметине өндүрүп алуунун тек гана сот тартибин орнотуу менен, алардын социалдык өзгөчө маанисинен келип чыгат, аны менен мындай маселелердин соттук эмес тартипте чечилүү мүмкүндүгүн алып салат.
Менчик ээсинин укуктарын жүзөгө ашыруу тартибинин укуктук жөнгө салуу мазмуну жана методдору, менчик укуктардын жүзөгө ашыруунун чектерине конституциялык-укуктук статусу таасир эткен менчик объектисинен белгилүү бир көз карандылыкка коюлушу мүмкүн. Жаран жана анын үй-бүлө мүчөлөрү үчүн жашоо үчүн жалгыз турак жайына болгон менчик укук тек гана экономикалык укук катары каралышы мүмкүн эмес, анткени ал социалдык маанилүү функцияны аткарат жана Кыргыз Республикасынын Конституциясы менен кепилденген жарандын бир катар негизги укуктары менен эркиндиктерин камсыз кылат.
Кыргыз Республикасы социалдык мамлекет катары өзүнүн жарандарынын турак жайына болгон укугун бекитүү аркылуу социалдык жактан корголуусу жөнүндө кам көрүүгө милдеттүү, мында жарандардан анын жүзөгө ашыруу жоопкерчилигин алып салбастан, ошол эле учурда мамлекеттик бийлик органдарына ал үчүн зарыл болгон шарттарды, анын ичинде ушул укукту кайтарууга жана коргоого багытталган мыйзамдарды кабыл алуу жолу менен түзүү милдетин жүктөйт.
Турак жайга болгон укуктарды жөнгө салууда, анын ичинде турак жайга болгон менчик укугунун өтүп кетүүсүндө, мамлекет мындай мамилелердин менчик ээсинин үй-бүлө мүчөлөрүн кошкондо, бардык катышуучуларынын кызыкчылыктарын, ошондой эле алардын конституциялык укуктары менен эркиндиктерин негизсиз чектөөдөн качуу үчүн пайда болуучу турмуштук кырдаалдарды ар кандай баалоо мүмкүндүгүн эске алууга тийиш.
Демек, менчик ээси жарандык-укуктук милдеттенмелерди аткарбаган учурда мүлктү өндүрүп алуунун укуктук механизмин белгилөөдө, мыйзам чыгаруучу адамдын татыктуу жашоосун жана эркин өнүгүүсүн камсыз кылуучу шарттарды түзүүгө чакырылган укуктук социалдык мамлекеттин принциптерин көздөп, менчик ээсинин жашоосун камсыздоочу зарыл каражаты катары турак жайына болгон табигый муктаждыгын жүзөгө ашырууга жол берген деңгээлде турак жай чөйрөсүндөгү укугун камсыз кылуу үчүн жалгыз болуп саналган турак жайын өндүрүп алуунун өзгөчөлүктөрүн аныктоого укуктуу.
Мыйзам чыгаруучу тарабынан жаран үчүн жашай турган жалгыз болгон турак жайын өндүрүп алуунун соттук тартибинин гана белгилениши менчик ээсинин үй-бүлө мүчөлөрүнүн укуктарын күчөтүлгөн кайтарылышын болжойт, ал экономикалык гана мүнөздө гана болбостон, күрөөнүн көрсөтүлгөн предметинин социалдык мааниси менен да шартталган. Ушуга байланыштуу, күрөө предметинин сапаттарын эске алуу менен, мамлекет укуктук социалдык мамлекеттин максаттарын көздөп, келишимдик мамилелерден келип чыккан маселелердин жана талаш-тартыштардын атайын сотко караштуулугун орнотууга укуктуу.
5. Кыргыз Республикасынын Конституциясынын 105-беренесине ылайык Улуттук банк Кыргыз Республикасынын банк системасын көзөмөлдөйт, Кыргыз Республикасындагы акча-насыя саясатын аныктайт жана жүргүзөт, бирдиктүү валюта саясатын иштеп чыгат жана жүзөгө ашырат, акча белгилеринин эмиссиясын жүргүзүүгө өзгөчө укукка ээ, банктык каржылоонун ар түрдүү түрлөрүн жана принциптерин ишке ашырат.
«Кыргыз Республикасынын Улуттук банкы, банктар жана банктык ишмердик жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 17, 20-беренелерине ылайык, Кыргыз Республикасынын Улуттук банкынын көзөмөл функцияларын жүзөгө ашырууда Кыргыз Республикасынын Улуттук банкынын көзөмөлүнө алынган бардык банктар жана юридикалык жактар үчүн аткарылууга милдеттүү ченемдик укуктук актыларды чыгарууга укуктуу.
Кыргыз Республикасынын Улуттук банкынын көзөмөлүнө алынган коммерциялык банктар жана башка юридикалык жактарга даректелген талашылып жаткан ченемдик жобо күрөө предметин өндүрүп алуу жөнүндө арбитраждык (бейтарап) эскертмени киргизүүгө тыюу салууну карайт.
Арбитраждык эскертмени киргизүүгө тыюу салууну караган талашылып жаткан ченемдин туюндурмасы Кыргыз Республикасынын Жарандык кодексинин 335-беренесинин 4-бөлүгүнүн жана «Күрөө жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 62-беренесинин 1-бөлүгүнүн жөнгө салуу предметинин чегинен чыккан жери жок. Көрсөтүлгөн ченемдерден улам күрөөнүн белгилүү предметтерине өндүрүүгө айлантуу маселелери мыйзам чыгаруучу тарабынан сот адилеттигин жүзөгө ашырууга ыйгарым укуктуу тек гана соттордун карамагына өткөрүлүп берилген, аны менен ушул маселелерди сотко чейинки, анын ичинде бейтарап сот аркылуу чечүүнүн бардык формалары алынып салынган.
«Кыргыз Республикасында бейтарап соттор жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын өзүнчө бир ченеминин конституциялуулугун чечүүдө иштелип чыккан укуктук көз караштын маанисин туура эмес түшүнгөндүгүнө себептүү, арыздануучунун Кыргыз Республикасынын Жогорку сотунун Конституциялык палатасынын 2015-жылдын 9-декабрындагы Чечимине жасаган шилтемеси орунсуз.
Демек, арбитраждык эскертмени киргизүү жөнүндө бул тыюу салуу ченем жаратуучу орган катары Кыргыз Республикасынын Улуттук банкы тарабынан өзүнүн ыйгарым укуктарынан аша чабуу катары каралышы мүмкүн эмес, анткени чектөөчү мүнөздөгү жоболорду камтыбайт жана Кыргыз Республикасынын Жарандык кодексинин, «Күрөө жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын жогоруда көрсөтүлгөн ченемдерин ишке ашырууда кабыл алынган жана Кыргыз Республикасынын Конституциясынын 20-беренесинин 2-бөлүгүнүн талаптарын бузбайт.
Жогоруда баяндалгандын негизинде, Кыргыз Республикасынын Конституциясынын 97-беренесинин 6-бөлүгүнүн 1-пунктун, 8 жана 9-бөлүктөрүн, «Кыргыз Республикасынын Жогорку сотунун Конституциялык палатасы жөнүндө» конституциялык Мыйзамдын 46, 47, 48, 51 жана 52-беренелерин жетекчиликке алып, Кыргыз Республикасынын Жогорку сотунун Конституциялык палатасы
Ч Е Ч Т И:
1. Кыргыз Республикасынын Улуттук банк Башкармасынын 2015-жылдын 24-июнундагы №35/10 токтому менен бекитилген Финансылык кызматтарды сунуштоо жана керектөөчүлөрдүн кайрылууларын кароо тартибине карата минималдуу талаптар жөнүндө жобонун 21-пунктунун 9-пунктчасы Кыргыз Республикасынын Конституциясынын 20-беренесинин 2-бөлүгүнө, 42-беренесинин 1, 2-бөлүктөрүнө, 58-беренесине карама-каршы келбейт деп таанылсын.
2. Чечим акыркы жана даттанууга жатпайт, жарыяланган учурдан тартып күчүнө кирет.
3. Чечим бардык мамлекеттик органдар, жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары, кызмат адамдары, коомдук бирикмелер, юридикалык жана жеке жактар үчүн милдеттүү жана республиканын бүткүл аймагында аткарылууга тийиш.
4. Ушул Чечим мамлекеттик органдардын расмий басылмаларында, Кыргыз Республикасынын Жогорку сотунун Конституциялык палатасынын расмий сайтында жана «Кыргыз Республикасынын Жогорку сотунун Конституциялык палатасынын Жарчысында» жарыялансын.
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ЖОГОРКУ СОТУНУН
КОНСТИТУЦИЯЛЫК ПАЛАТАСЫ
Бул иш боюнча судья Ч.А. Айдарбекованын ѳзгѳчѳ пикири бар
Улукбек Бактыбекович Турдубековдун кайрылуусуна байланыштуу Кыргыз Республикасынын Улуттук банк Башкармасынын 2015-жылдын 24-июнундагы №35/10 токтому менен бекитилген Финансылык кызматтарды сунуштоо жана керектөөчүлөрдүн кайрылууларын кароо тартибине карата минималдуу талаптар жөнүндө жобонун 21-пунктунун 9-пунктчасынын конституциялуулугун текшерүү жөнүндө иш боюнча Кыргыз Республикасынын Жогорку сотунун Конституциялык палатасынын судьясы Ч.А. Айдарбекованын
Өзгөчө пикири
У.Б. Турдубековдун кайрылуусуна байланыштуу Кыргыз Республикасынын Улуттук банк Башкармасынын 2015-жылдын 24-июнундагы №35/10 токтому менен бекитилген Финансылык кызматтарды сунуштоо жана керектөөчүлөрдүн кайрылууларын кароо тартибине карата минималдуу талаптар жөнүндө жобонун 21-пунктунун 9-пунктчасынын конституциялуулугун текшерүү жөнүндө иш боюнча чечимдин жүйөлөштүрүүчү бөлүгү боюнча кийинкидей укуктук көз караштарга негизделген өзгөчө пикирим бар.
1. Кыргыз Республикасынын Конституциясы ар ким өз мүлкүнө ээлик кылууга, пайдаланууга жана тескөөгө, экономикалык эркиндикке ээ, өз жөндөмдүүлүгү менен мүлкүн мыйзамда тыюу салынбаган ар кандай экономикалык ишмердүүлүк үчүн эркин колдонууга укуктуу, Конституция жана мыйзамдар менен конституциялык белгилүү максаттарга өлчөмдөш болуп чектелиши мүмкүн (42-беренесинин 1, 2-бөлүгү, 20-беренесинин 2-бөлүгү).
Жарандык мамилелердин катышуучуларынын укуктук абалын, анын ичинде кыймылсыз мүлк менен бүтүмдөрдү ишке ашырууда алдын ала аныктаган Кыргыз Республикасынын Конституциясынын келтирилген жоболорунан менчик ээсине таандык болгон мүлктү башка адамдардын укуктары жана эркиндиктери менен байланыштырып кароо зарылдыгы жөнүндө талап келип чыгууда, эгер менчик ээси мыйзамга карама-каршы келбеген жана башка адамдардын укуктары менен мыйзамдуу кызыкчылыктарын бузбаса, өзүнө таандык болгон мүлккө карата каалаган аракеттерди жасоого укуктуу дегенди билдирет.
Менчик ээси мыйзам тарабынан берилген эркиндиктин чектеринде бирдейликтин, эрктүүлүктүн автономиясынын жана келишимдин эркиндигинин принциптеринде негизделген жарандык-укуктук мамилелерге кирүүгө укуктуу. Экономикалык эркиндикке, ар кандай экономикалык ишмердик үчүн өзүнүн мүлкүн эркин пайдаланууга конституциялык укуктун элементи болгон келишим эркиндигинин принциби келишим түзүү эркиндигин, мыйзамдарда каралган жана караштырылбаган келишимдин түрүн тандоо эркиндигин, ошондой эле келишимдин шарттарын аныктоо эркиндигин билдирет. Келишим түзүү эркиндигине, анын ичинде кыймылсыз мүлккө бүтүмдөрдү жасоодо ар кандай чектөө же тыюу салуу экономикалык эркиндикке жана өзүнүн мүлкүн эркин пайдаланууга болгон укуктун мазмунуна түздөн-түз таасири бар.
Ушуга байланыштуу, карыз алуучу жана финансы-кредит уюмдары ортосунда түзүлүп жаткан келишимдерге жана макулдашууларга, карыз алуучунун жалгыз турак жайын өндүрүп алууну күрөө предметине айландыруу тууралуу арбитраждык (бейтарап) эскертмени киргизүүгө анык тыюу салууну караштырган Кыргыз Республикасынын Улуттук банк Башкармасынын 2015-жылдын 24-июнундагы №35/10 токтому менен бекитилген Финансылык кызматтарды сунуштоо жана керектөөчүлөрдүн кайрылууларын кароо тартибине карата минималдуу талаптар жөнүндө жобонун 21-пунктунун 9-пунктчасынын талашылып жаткан ченеми келишим эркиндигине болгон укукту жана экономикалык эркиндикке, өзүнүн мүлкүн ар кандай экономикалык ишмердик үчүн эркин пайдаланууга укукту чектөө болуп саналат.
2. Экономикалык эркиндикке, ар кандай экономикалык ишкердик үчүн өзүнүн мүлкүн эркин пайдаланууга конституциялык укук эбегейсиз болуп саналбай тургандыгын жана мыйзам менен чектелиши мүмкүн экендигин эске алып, Кыргыз Республикасынын Жогорку сотунун Конституциялык палатасы 2016-жылдын 21-сентябрындагы, 2018-жылдын 30-майындагы өзүнүн чечимдеринде киргизилип жаткан чектөөлөр укуктук мамилелердин бардык катышуучуларынын укуктар жана мыйзамдуу кызыкчылыктар ортосунда балансты камсыз кылуу үчүн пропроционалдуулук жана өлчөмдөштүк критерийлерине, ошондой эле калыстык, адекваттуулук талаптарына туура келүүсү, өткөн мезгилге карай колдонуу күчүнө ээ болбогондугу жана конституциялык укуктарынын маңызына шек келтирбөө тууралуу мыйзам чыгаруучуга бир нече жолу эскертилген, ал эми чектөөлөрдүн зарылдыгы жана алардын мүнөзү Кыргыз Республикасынын Конституциясынын 20-беренесинин 2-бөлүгүндө белгиленген конституциялык мерчемдүү баалуулуктарды коргоо зарылдыгы менен шартталуусу керек.
Ушуга байланыштуу, кыймылсыз мүлктү күрөөгө алуу жөнүндө келишим боюнча берилген мүлккө карата өндүрүп алуу болушу мүмкүн болгон укуктук кесепеттердин бири катары укуктук мамилелердин процессиндеги адамдардын конституциялык укуктарын бузбаш үчүн талашылып жаткан ченем менен каралган чектөө жогоруда белгиленген баалуулуктарга туура келүүсү керек.
Ошону менен бирге, талашылып жаткан ченемдин конституциялуулугун текшерүүдө Кыргыз Республикасынын Конституциясынын 20-беренесинин 1-бөлүгүндө каралгандай адамдын жана жарандын укуктары менен эркиндиктерин чектеген мыйзам алдындагы ченемдик укуктук актыларды кабыл алууга тыюу салуу бар экендиги эске алынуусу керек. Демек, талашылып жаткан ченемдин жоболору мүлктү күрөөгө коюуда пайда болгон укуктук мамилелерди жөнгө салуучу мыйзамдын жоболору менен байланыштырып көрсөтүлүүгө тийиш, себеби мыйзам алдындагы ченемдик укуктук актылар алардан жогорку юридикалык күчү бар ченемдик укуктук актылардын негизинде жана аларды аткарууда кабыл алынуусу керек.
Жоопкер тараптын пикири боюнча андай мыйзамдар болуп соттук жана соттон тышкаркы тартипте күрөө жүйөсүнө өндүрүп алуу мүмкүндүгүн караштырган Кыргыз Республикасынын Жарандык кодекси жана «Күрөө жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Мыйзамы саналат.
3. Конституциялык палатанын алдына коюлган укуктук маселе күрөөгө коюлган мүлктү соттук жана соттон тышкары тартипте өндүрүп алуу түшүнүгүнүн мазмуну менен тыгыз байланышта болот.
«Күрөө жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Мыйзамына ылайык күрөөгө коюлган мүлктү соттук жана соттон тышкары тартипте өндүрүп алуу жүзөгө ашырылат (62-берене).
Жогоруда белгиленген мыйзамдын мааниси боюнча күрөөгө коюлган мүлктү соттон тышкары тартипте өндүрүп алуунун тартиби күрөөгө коюлган мүлктү тескөө демилгесинин күрөө кармоочунун колуна өтүү үчүн негиздер пайда болгондо, күрөө кармоочу соттон тышкаркы тартипте күрөө жүйөсүнө өндүрүп алуу тартиби жөнүндө макулдашууга ылайык, анын ичинде ал мүлктү күрөө кармоочунун менчигине айлантуу мүмкүндүгүн кошкондо, ушул мүлктү өткөрүүнүн ыкмаларын аныктоого укуктуу болуусун болжойт. Бул тартип күрөө берүүчү менен күрөө кармоочунун ортосунда негизги милдеттенмени аткаруу жана күрөөгө коюлган мүлктү өндүрүп алуу процессинде пайда болгон талаш-тартышты чечүү мүмкүндүгүн караштырбайт, ал жөн гана түзүлгөн келишимге негизделген кредитордун/күрөө кармоочунун талаптарын канааттандыруу ыкмасын камтыйт. Бир жагынан, соттон тышкаркы тартипти колдонуу күрөө кармоочунун кызыкчылыктарын коргоо процедурасынын жеңилдетилишне жана тездетилишине көмөк болуучу жана күрөө кармоочуга мүмкүн болуучу сот чыгымдарынан бошонууга жол ачкан соттук коргоонун жалпы эрежелеринен алып салуу. Башка жагынан, күрөө берүүчү укуктар менен мыйзамдуу кызыкчылыктарынан сот аркылуу гана корголо турган чаралар комплексин пайдалануу мүмкүнчүлүгүнөн ажыратылууда.
Жогоруда көрсөтүлгөн мыйзам менен каралгандай күрөөгө коюлган мүлктү өндүрүп алуунун мындай тартибин жарандык мамилелерден келип чыккан талаш-тартыштарды чечүүнүн сот тартибине альтернативдүү форма катары чыккан бейтарап соттор тарабынан ишке ашырылып келаткан соттон тышкаркы тартибине теңештирүүгө болбойт.
Эгер күрөө жөнүндө келишимде күрөө жүйөсүнө соттон тышкаркы тартипте өндүрүп алуу мүмкүндүгү караштырылбаган болсо, күрөөгө коюлган мүлккө карата өндүрүп алуу кандай гана болбосун бардык учурда ишке ашырылат. Сот соттук тартипте төмөнкүдөй маселелерди чечет: күрөө жүйөсүн кайтаруу жана аны сатып өткөрүү боюнча суммалардан тышкары, сатылгандан кийин аныкталуучу күрөө жүйөсүнүн наркынан күрөө кармоочусуна төлөнө турган бардык суммаларды; наркынан күрөө кармоочунун талабы кана аттандырыла турган күрөө жүйөсүн; өндүрүп алынган күрөө жүйөсүн сатып өткөрүү ыкмасын; күрөө жүйөсүн сатып өткөрүүдө анын баштапкы (старттык) баасын; эгерде алар зарыл болсо, күрөө жүйөсү сатып өткөрүлгөнгө чейин сакталышын камсыз кылуу боюнча чараларды; процесстик ченемдер менен белгиленген процедура боюнча торуктан түшкөн акчаны бөлүштүрүү тартибин жана кезектүүлүгүн. Демек, тараптардын тең укуктуулугунун жана атаандаштыгынын принцибин колдонууда күрөө берүүчү же күрөө кармоочу тарабынан күрөөгө коюлган мүлккө карата демилгенген өндүрүп алуунун соттук тартиби, күрөөгө коюлган мүлккө карата өндүрүп алуу үчүн негиздер пайда болгон учурда, көбүнесе, кыймылсыз мүлктү күрөөгө коюу жөнүндө келишимдин тараптарынын укуктары менен мыйзамдуу кызыкчылыктарын коргоого багытталган.
Ошентип, күрөө жөнүндө атайын мыйзамдын жоболору күрөөгө коюлган мүлккө өндүрүп алуунун эки ыкмасын караштыруу менен, соттон тышкары тартип каралып жаткан учурда күрөөгө коюлган мүлктү кармоо укугу Кыргыз Республикасынын Улуттук банкынын көзөмөл алдында болгон банктар жана юридикалык жактар болгон күрөө кармоочулардын карамагына өтөөрүн даана аныктаган, ал эми карыз алуучу/кредит алуучу мүлктүн башка менчик ээлеринин пикирин эске алуусу талап кылынган учурда жогоруда аталган банктар менен түзүлгөн абалды өзгөртө алышпай калууда. Ошол эле учурда соттук тартип деп иштердин мындай категориясы караштуу болгон жалпы юрисдикциянын соттору саналат.
Ошону менен бирге, кайрылуучу тараптын пикири боюнча, эгер «Кыргыз Республикасындагы бейтарап соттор жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Мыйзамы менен бейтарап соттор тарабынан кароо үчүн иштерди өткөрүп берүүгө тыюу салуу болбосо, мамлекеттик сотко караштуу талаш-тартыштар бейтарап соттордун кароосуна өткөрүп берсе болот дейт.
4. Кыргыз Республикасынын Конституциясынын 58-беренеси менен конституциялык-укуктук статусу белгиленген бейтарап соттор сот тутумуна кирбейт, бейтарап соттор жарандык укук мамилелеринен келип чыгуучу талаш-тартыштарды соттон тышкары чечүү үчүн уюштурулган соттон тышаркы органдар болуп саналат, алардын ыйгарым укуктары жана иштеши мыйзам менен аныкталат. Ушуга байланыштуу Кыргыз Республикасынын Конституциясы жеке менчик жактар ортосунда жарандык-укуктук талаш-тартыштарды коомдук маанилүү фунцияларга ээ болгон жарандык коомдун институту катары иштеген бейтарап соттор аркылуу бейтарап териштирүү процедурасы боюнча чечилүү мүмкүндүгүнө жол берүүдө (Кыргыз Республикасынын Жогорку сотунун Конституциялык палатасынын 2015-жылдын 15-декабрындагы Чечими).
Талаш-тартыштын тараптары, арбитраждык (бейтарап) эскертме түрүндө макулдашууну бейтарап соттун кароосуна өткөрүп берүүнү түзүп, мамлекеттик сот тарабынан иштин каралышын күтпөстөн, келишим эркиндигине болгон укугун ишке ашырып, бейтарап териштирүү аркылуу талаш-тартышты чечүүгө укуктуу. Ишти бейтарап сотто каратуу укуктан мындай баш тартуу мажбурлоосуз болгон шартта соттук коргонууга конституциялык укукту бузбайт.
Бейтарап териштирүү катары жарандык укуктук мамилелерден келип чыгуучу талаш-тартыштарды чечүүнү мындай ыкмасынын мазмуну «Кыргыз Республикасында бейтарап соттор жөнүндө» Мыйзамга ылайык арбитрлер тарабынан иштин бардык жагдайларын ар тараптуу, объективдүү изилденишин караган, мажбурлап аткарылышы мамлекет тарабынан камсыз кылынган мыйзамдуу жана негизделүү чечимди чыгаруу менен, белгилүү тартипте талаш-тартышты кароо процессин болжойт.
Кыргыз Республикасынын Жарандык процесстик кодекси сотко ведомстволук караштуулуктагы талаш маңызы боюнча сотто чечим кабыл алынганга чейин тараптардын макулдугу менен бейтарап соттун кароосуна өткөрүп берүү мүмкүндүгүн караштырат (27-берене). «Кыргыз Республикасындагы бейтарап соттор жөнүндө» Мыйзам менен мамлекеттик сот тарабынан каралып жаткан талаш-тартыш бейтарап сот тарабынан чечилишине өткөрүп берилиши мүмкүн, бирок бул талаш-тартыштын маани-маңызы боюнча сот чечим кабыл алганга же тараптар жарашуу келишимин түзгөнгө чейин гана болору; бул Мыйзам менен белгиленген талаш-тартыштардан тышкары, мамлекеттик сотко караштуу инвестициялык талаш-тартыштарды кошкондо, жарандык укуктук мамилелерден келип чыккан ар кандай талаш-тартыштар бейтарап соттор тарабынан чечилүүгө өткөрүлүп бериле тургандыгы аныкталган.
Ушуга байланыштуу, соттук тартипте, тактап айтканда компетенттүү мамлекеттик сотто жарандык укуктук мамилелерден келип чыккан күрөө жүйөсүн өндүрүп алуу жөнүндө маселени кароо мүмкүндүгүн караштырган Кыргыз Республикасынын Жарандык процесстик кодексинин, «Кыргыз Республикасындагы бейтарап соттор жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын, «Күрөө жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын өз ара байланыштагы жоболору тараптардын атаандаштыгынын жана теңдигинин, ишти объективдүү кароонун, кабыл алынып жаткан чечимдердин мыйзамдуулугунун жана негиздүүлүгүнүн принциптерин, ошондой эле мамлекеттик сот тарабынан берилип жаткан аткаруу баракчасы боюнча анын чечимдеринин мажбурлап аткарылышын өзүнө камтыган бейтарап териштирүүнү белгиленген процедура боюнча мындай талаш-тартыштарды караган бейтарап сот тарабынан мындай маселени кароону өткөрүп берүүнү жокко чыгарбайт.
Ушуга байланыштуу, кыймылсыз мүлккө, анын ичинде «Күрөө жөнүндө» Мыйзамдын жоболороунда каралган турак жайды өндүрүп алуу тартиби деп аталган соттук тартип деп тараптар өз ыктыяры менен түзгөн келишиминде арбитраждык (бейтарап) эскертмеси болгон маселенин бейтарап соттор тарабынан чечилүү мүмкүндүгүн түшүнүүгө болот, бул Кыргыз Республикасынын Конституциясынын 42-беренеси менен белгиленген жеке менчик укуктарын кепилдеген конституциялык жоболорго толугу менен шайкеш келет.
5. Жарандык мамилелердин катышуучуларынын укуктары жана мыйзамдуу кызыкчылыктары мыйзам чыгаруучунун конституциялык-мерчемдүү баалуулуктардын балансын сактоо максатында бул укуктардын белгилүү чектелишин өндүрүлүшүнө жол берген дискрециясынын алкагында жүзөгө ашырылып жаткан укуктук жөнгө салуу чектеринде ишке ашырылууда.
Жеке адамга менчик укугунда таандык жалгыз турак жайына өндүрүп алуунун соттук тартибин гана белгилеген «Күрөө жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын талаптарына карата (62-берененин 1-бөлүгү) мыйзам чыгаруучу күрөө жүйөсүнүн социалдык маанилүүлүгүнөн келип чыккан, анткени ал өзүнүн укуктарын соттон тышкаркы тартипте коргоодо мүмкүнчүлүктөрү чектелген жарандардын категориясынын кызыкчылыктары менен байланыштуу болушу мүмкүн.
Келишим эркиндиги өзү мыйзам менен аны чектөө мүмкүндүгүн караган, өзгөчө жакыр жана муктаж болгон адамдардын турак жайга укуктун кепилдиги мамлекеттке милдетендирилген жана таанылып жаткан конституциялык-мерчемдүү баалуулуктардын балансын камсыз кылуу үчүн мыйзам чыгаруучу конкреттүү учурда жана конкреттүү укуктук мамилелерде бир баалуулуктардын экинчисине карата артыкчылык берип белгилөөгө укуктуу.
Ушуга байланыштуу, мамлекет күрөө жүйөсүнүн укуктук касиетин эске алуу менен, укуктук социалдык мамлекеттин максаттарын көздөп, келишимдик мамилелерден келип чыккан маселелердин жана талаш-тартыштардын жүйөсүнүн (объекттик) соттуулугун белгилөөгө укуктуу. Демек, жарандын жашоо үчүн жалгыз болгон турак жайын өндүрүп алуу соттун жалпы юрисдикциясы деп таанылган соттук тартипте гана жүзөгө ашырылуусу керек. Мыйзам чыгаруучу тарабынан күрөө жүйөсүнө берилген коомдук маани мындай талаш-тартыштарды бейтарап соттордун карамагынан чыгаруу менен, анын кароосуна өткөрүп берүүгө жол бербейт.
Ошентип, мыйзам чыгаруучу биринчи кезекте жалгыз турак жайдын менчик ээсинин үй-бүлө мүчөлөрүн, анын ичинде жашы жете элек үй-бүлө мүчөлөрү болушу мүмкүн деп алардын укуктары менен эркиндиктерин коргоо максатында мыйзам деңгээлинде кабыл алынган келишим эркиндигине болгон укуктарды ишке ашырып жаткан келишимдик мамилелердин субъекттер укуктарын чектөө мыйзамга ылайык кабыл алынган жана конституциялык-мерчемдүү максаттарга өлчөмдөш.
6. Кыргыз Республикасынын Улуттук банкы Кыргыз Республикасынын банк тутумуна көзөмөлдөө функцияларын аткарууда, Кыргыз Республикасынын Конституциясына жана «Кыргыз Республикасынын Улуттук банкы, банктар жана банк ишмердүүлүгү жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Мыйзамына ылайык Улуттук банктын көзөмөлү алдында болгон бардык банктар жана башка юридикалык жактар үчүн аткарылууга милдеттүү ченемдик укуктук актыларды иштеп чыгууга укуктуу (Мыйзамдын 17, 20-беренелери).
Улуттук банктын көзөмөлүндөгү коммерциялык банктар менен башка юридикалык жактарга даректелген жана күрөө жүйөсүнө өндүрүп алуу жөнүндө келишимге жана макулдашууга арбитраждык (бейтарап) эскертмени киргизүүгө тыюу салууну караган талашылып жаткан ченемдик жобо «Күрөө жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 62-беренесинин талабы менен тутумдаш өз ара байланышта, ал жеке адамдага менчик укугунда таандык болгон жалгыз турак жайын өндүрүп алуунун соттук тартибин гана белгилейт, демек бейтарап сотторго мындай категориядагы маселелерди жана талаш-тартыштарды кароого жол бербейт..
Ушуга байланыштуу, талашылып жаткан ченем ченем жаратуучу орган тарабынан мыйзамга ылайык жана мыйзам менен белгиленген ыйгарым укуктар алкагында кабыл алынган, бул адамдын жана жарандын укуктарын, эркиндиктерин чектеген мыйзам алдындагы ченемдик укуктук актыларды кабыл алууга тыюу салууну караган Кыргыз Республикасынын Конституциясынын 20-беренесинин 2-бөлүгүнүн талаптарын бузбайт.
Судья | Ч.А. Айдарбекова |