Загрузка документа…
КЫРГЫЗ РЕСПУЬЛИКАСЫНЫН ѲКМѲТY
ТОКТОМ
2015-жылдын 25-июну № 411
2015-жылдын 1-сентябрынан тартып пенсиялардын камсыздандыруу бөлүктөрүн жогорулатуу жөнүндө
Пенсионерлердин жашоо деңгээлин мындан ары колдоо максатында, "Мамлекеттик пенсиялык социалдык камсыздандыруу жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 7-статьясына ылайык Кыргыз Республикасынын Өкмөтү
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. 2015-жылдын 1-сентябрына чейин дайындалган пенсиялардын камсыздандыруу бөлүктөрү 2015-жылдын 1-сентябрынан тартып 500 сомго жогорулатылсын:
- эсептелген жалпы камсыздандыруу стажы: эркектер үчүн - 40 жыл жана андан жогору, аялдар үчүн - 35 жыл жана андан жогору болгон адамдарга;
- 1-топтогу майыптарга.
2. Ушул токтомдун 1-пунктунда каралган адамдардын пенсияларынан сырткары 2015-жылдын 1-сентябрына чейин дайындалган пенсиялардын камсыздандыруу бөлүктөрү 2015-жылдын 1-сентябрынан тартып 250 сомго жогорулатылсын.
3. Кыргыз Республикасынын Социалдык фонду пенсиялардын өз убагында кайра эсептелишин жана алардын жаңы өлчөмдөрдө төлөнүшүн камсыз кылсын.
4. Ушул токтомдун аткарылышын контролдоо Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Аппаратынын социалдык өнүктүрүү бөлүмүнө жүктөлсүн.
5. Ушул токтом расмий жарыяланууга тийиш жана 2015-жылдын 1-сентябрынан тартып күчүнө кирет.
Премьер-министр | Т.А. Сариев |