Сравнение редакций…
Тиркеме
|
| Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2015-жылдын 22-июнундагы № 391 токтому менен бекитилген |
Турмуштук оор кырдаалда турган балдарды жана үй-бүлөлөрдү табуу тартиби жөнүндө ЖОБО
1. Жалпы жоболор
1. Ушул Жобо турмуштук оор кырдаалды жеңүү багытында балдары бар үй-бүлөлөрдү колдоо боюнча тиешелүү кызматтарды көрсөтүү максатында турмуштук оор кырдаалда турган балдарды жана үй-бүлөлөрдү табуу тартибин жөнгө салат.
2. Ушул Жободо төмөнкү түшүнүктөр колдонулат:
социалдык кооптуу абалда турган бала - ата-энелери (аларды алмаштыруучу адамдар) балдарын тарбиялоо, аларды окутуу жана/же багуу боюнча өз милдеттерин аткарбаган жана/же алардын жүрүм-турумуна терс таасирин тийгизген же болбосо аларга ырайымсыз мамиле кылган жана коомго жат турмушта жашаган үй-бүлөдөгү бала;
баланын муктаждыктарын көңүлгө албоо - ата-энелери же аларды алмаштыруучу адамдар тарабынан баланын тамак-ашка, кийим-кечеге, турак жайга, тарбиялоого, билим алууга, медициналык жардамга негизги муктаждыктарынын жана керектөөсүнүн тиешелүү түрдө камсыз болбогондугу;
аймактык мамлекеттик органдар - турмуштук оор кырдаалда турган балдар жана үй-бүлөлөр менен иштерди жүргүзүүдө балдарды коргоо боюнча ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдын аймактык бөлүмдөрү менен өз компетенциясынын чегинде өз ара иштешкен ички иштер, билим берүү, саламаттык сактоо, жумуштуулук, миграция жана жаштар саясаты, калкты каттоо, эмгекти коргоо, жаза-аткаруу системасы чөйрөсүндөгү көзөмөл жана контролдоо боюнча органдар.
3. Турмуштук оор кырдаалда турган балдар жана үй-бүлөлөр менен иштөө төмөнкү принциптерге негизделет:
- жекече мамиле - балдардын жана үй-бүлөнүн жеке керектөөлөрүн эске алып, калыбына келтирүү процессин жүзөгө ашыруу жолу менен ишке ашырылат;
- мыйзамдуулук - Кыргыз Республикасынын мыйзамдарынын талаптарын сактоону карайт;
- комплекстүүлүк - балдарды коргоо боюнча бардык аймактык мамлекеттик органдардын, ыйгарым укуктуу органдын аймактык бөлүмдөрүнүн, турмуштук оор кырдаалда турган балдарга жана үй-бүлөлөргө социалдык кызматтарды көрсөткөн жергиликтүү өз алдынча башкаруунун аткаруу органдары жана коммерциялык эмес уюмдардын өз ара аракетин билдирет;
- жоопкерчилик - балдарды коргоо боюнча ыйгарым укуктуу органдын аймактык бөлүмдөрүнүн, аймактык мамлекеттик органдардын жана жергиликтүү өз алдынча башкаруунун аткаруу органдарынын кызматкерлеринин коюлган милдеттерди аткарууга жеке жоопкерчилигин билдирет;
- купуялуулук - турмуштук оор кырдаалда турган балдар жана үй-бүлө жөнүндө алынган маалыматты ачыкка чыгарбоону карайт.
4. Балдарды коргоо боюнча ыйгарым укуктуу органдын аймактык бөлүмү, аймактык мамлекеттик органдар жана жергиликтүү өз алдынча башкаруунун аткаруу органдары өз ишинде балдардын жана үй-бүлөлөрдүн укуктарын коргоо чөйрөсүндөгү Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актыларын, Кыргыз Республикасы катышуучусу болуп эсептелген, мыйзам тарабынан белгиленген тартипте күчүнө кирген эл аралык келишимдерди жетекчиликке алышат.
2. Турмуштук оор кырдаалга жол бербөө боюнча алдын алуу иштерин өткөрүү
5. Турмуштук оор кырдаалга жол бербөө боюнча алдын алуу иштери турмуштук оор кырдаалда турган балдарды жана үй-бүлөлөрдү колдоо боюнча чаралардын жана өз убагында кызмат көрсөтүүлөрдүн системасын камтыйт.
6. Балдарды коргоо боюнча ыйгарым укуктуу органдын аймактык бөлүмдөрү жергиликтүү өз алдынча башкаруунун аткаруу органдары менен бирге турмуштук оор кырдаалга жол бербөө боюнча алдын алуу иштерин өткөрүү үчүн турмуштук оор кырдаалды эрте табуу максатында балдары бар үй-бүлөлөргө мониторинг өткөрөт.
7. Балдарды коргоо боюнча ыйгарым укуктуу органдын аймактык бөлүмдөрү, аймактык мамлекеттик органдар жана жергиликтүү өз алдынча башкаруунун аткаруу органдары төмөнкүлөрдү жүзөгө ашырат:
- балдардын педагогикалык, медициналык, социалдык, укуктук кызматтарды алууга укуктарын коргоону камсыздоону;
- балдарды жана үй-бүлөнү коргоо маселелери боюнча маалыматтык-консультативдик кызматтарды көрсөтүүнү;
- балдарды жана үй-бүлөнү коргоо маселелери боюнча жарандардын арыздарын жана каттарын өз убагында карап чыгууну;
- ден соолугунун мүмкүнчүлүгү чектелген балдары бар үй-бүлөлөрдү, балдарды үй-бүлөлүк тарбиялоо шартында максималдуу өнүгүү мүмкүнчүлүгүн камсыздоону, аларды социалдаштырууну, өз алдынча жашоого даярдоону жана коомго интеграциялоону камсыздоо үчүн ден соолугунун мүмкүнчүлүгү чектелген балдары бар үй-бүлөлөрдү социалдык колдоону;
- баланын төрөлгөндүгүн өз убагында мамлекеттик каттоону;
- саламаттык сактоо уюмдарында ата-эненин (ата-энелердин) балдардан баш тартуусун жана/же калтыруусун болтурбоо боюнча чараларды;
- жашы жете электер арасында укук бузууларды болтурбоо боюнча иш-чараларды өткөрүүнү;
- үй-бүлөлүк баалуулуктарды жана балдарды адеп-ахлактык - руханий тарбиялоону пропагандалоо боюнча иш-чараларды өткөрүүнү;
- жалпыга маалымдоо каражаттарында балдардын укуктарын жана мыйзамдуу кызыкчылыктарын камсыздоо жөнүндө, турмуштук оор кырдаалда турган үй-бүлөлөрдү жана балдарды коргоону камсыздоо боюнча чаралар жөнүндө, балдардын тарбиясы жана багылышына ата-энелердин (аларды алмаштыруучу адамдардын) жоопкерчилиги жөнүндө маселелерди дайыма чагылдырууну;
- коомдо балдарга карата зомбулуктун жана ырайымсыз мамиленин ар түрдүү көрүнүштөрүнө келишпестикти калыптандыруу;
- турмуштук оор кырдаалда турган балдарды жана үй-бүлөлөрдү коргоо маселелери боюнча эл аралык жана коммерциялык эмес уюмдар менен өз ара иштешүү жана кызматташууну.
3. Турмуштук оор кырдаалда турган балдарды жана үй-бүлөлөрдү табуу тартиби
8. Турмуштук оор кырдаалда турган балдарды жана үй-бүлөлөрдү табуу жергиликтүү өз алдынча башкаруунун аткаруу органдары менен бирге балдарды коргоо боюнча ыйгарым укуктуу органдын аймактык бөлүмү тарабынан жүргүзүлөт.
9. Турмуштук оор кырдаалда турган балдарды жана үй-бүлөлөрдү табууга төмөнкүлөр көмөк көрсөтөт:
- аймактык мамлекеттик органдар;
- Кыргыз Республикасынын жарандары;
- турмуштук оор кырдаалда турган балдарга жана үй-бүлөлөргө социалдык кызматтарды көрсөткөн коммерциялык эмес уюмдар.
Турмуштук оор кырдаалда турган балдарды жана үй-бүлөлөрдү табууда аталган органдар, уюмдар жана адамдар балдарды коргоо боюнча ыйгарым укуктуу органдын аймактык бөлүмүнө эки күндүк мөөнөттө маалымат берүүгө милдеттүү.
10. Балдарды коргоо боюнча ыйгарым укуктуу органдын аймактык бөлүнүштөрү жергиликтүү өз алдынча башкаруунун аткаруу органдары менен бирге турмуштук оор кырдаалда турган балдарды жана үй-бүлөлөрдү төмөнкү жолдор менен табат:
- аймактык мамлекеттик органдардын, уюмдардын жана жарандардын оозеки жана жазуу жүзүндөгү кайрылуусун алуу;
- жалпыга маалымдоо каражаттарынан маалымат алуу;
- пландуу иш-чараларды (үймө-үй кыдыруу (анкеталоо), ведомстволор аралык рейддерди, акцияларды, жыйындарды, калк менен жолугушууну) өткөрүү.
11. Балдарды коргоо боюнча ыйгарым укуктуу органдын аймактык бөлүмүнүн кызматкери жергиликтүү өз алдынча башкаруунун аткаруу органынын кызматкери менен бирге баланын (балдардын) жана үй-бүлөнүн көйгөйлөрү жөнүндө маалыматты алууда 3 иш күндүн ичинде баланын жана үй-бүлөнүн жашаган (жайгашкан) жерине баруу менен баланын (балдардын), үй-бүлөнүн, бала жайгашкан мекеменин проблемаларына текшерүүнү жүргүзөт.
12. Үй-бүлөлөргө (бала жайгашкан мекемеге) текшерүү өткөрүүдө балдарды коргоо боюнча ыйгарым укуктуу органдын аймактык бөлүмүнүн кызматкери бала жайгашкан үй-бүлөнүн же мекеменин турак жай-тиричилик шарттарын текшерүү актысын (мындан ары - акт) толтурат жана баланын проблемалары жана баланы жана үй-бүлөнү социалдык колдоо чаралары жөнүндө корутунду түзөт.
Актыга үй-бүлөнүн (бала жайгашкан мекеменин) турак жай-тиричилик шарттарын текшерүүгө катышкан адамдар кол коёт, актынын көчүрмөсү керек болгон учурда өз компетенциясынын чегинде тиешелүү чараларды көрүү үчүн текшерүүгө катышкан адамдарга берилет.
13. Балдарды коргоо боюнча ыйгарым укуктуу органдын аймактык бөлүмү үй-бүлөнүн (бала жайгашкан мекеменин) турак жай-тиричилик шарттарын текшерүү актысын карайт жана ушул Жобонун 1-тиркемесине ылайык форма боюнча Турмуштук оор кырдаалда турган балдарды жана үй-бүлөлөрдү каттоо журналына бала жана үй-бүлө жөнүндө маалыматты каттоо менен турмуштук кыйын кырдаалда турган бала жана үй-бүлө деп таануу тууралуу чечимди кабыл алат.
4. Турмуштук оор кырдаалда турган баланын жана үй-бүлөнүн кырдаалын ар тараптуу баалоо, үй-бүлө менен жеке иштөө планын жана баланы коргоо боюнча жеке планды иштеп чыгуу жана бекитүү
14. Балдарды коргоо боюнча ыйгарым укуктуу органдын аймактык бөлүмүнүн кызматкери жергиликтүү өз алдынча башкаруунун аткаруу органы менен бирге 10 иш күндүн ичинде турмуштук оор кырдаалда турган баланын жана үй-бүлөнүн жашаган (жайгашкан) жерине баруу менен керек болгон учурда ички иштер, саламаттык сактоо органдарынын кызматкерлерин, социалдык педагогду ж.б. тартуу менен ар бир баланын жана үй-бүлөнүн проблемасын ар тараптуу баалоону өткөрөт.
Ар тараптуу баалоо сурамжылоо жана ушул Жобонун 2 жана 3-тиркемелерине ылайык форма боюнча турмуштук оор кырдаалда турган баланын кырдаалын ар тараптуу баалоо анкетасын жана/же турмуштук оор кырдаалда турган үй-бүлөнүн абалын ар тараптуу баалоо анкетасын толтуруу жолу менен жүзөгө ашат.
15. Ар тараптуу баалоо үй-бүлө мүчөлөрү менен конкреттүү аңгемелешүү формасында жүзөгө ашат, анда төмөнкүлөр такталат:
- баланын жана үй-бүлөнүн социалдык проблемалары жана керектөөлөрү;
- баланын жана үй-бүлөнүн медициналык проблемалары жана керектөөлөрү;
- баланын жана үй-бүлөнүн психологиялык-педагогикалык проблемалары жана керектөөлөрү;
- баланын жана үй-бүлөнүн укуктук проблемалары жана керектөөлөрү.
16. Бала жана үй-бүлө жөнүндө толук маалыматты топтоо үчүн зарылдыгына жараша аймактык мамлекеттик органдардын, билим берүү уюмдарынын, социалдык тейлөө мекемелеринин, турмуштук оор кырдаалда турган балдарды колдоо чөйрөсүндө иштеген коомдук уюмдардын өкүлдөрү менен жолугушуулар өткөрүлөт.
Жашаган жери боюнча үй-бүлө мүчөлөрү жок болгон учурда балдарды коргоо боюнча ыйгарым укуктуу органдын аймактык бөлүмүнүн кызматкери бала жана үй-бүлө жөнүндө маалыматты коңшулардан, айыл башчысынан жана кварталдык комитеттерден сурамжылоо жолу менен топтоону жүзөгө ашырат.
17. Бала жана үй-бүлө жөнүндө топтолгон маалыматка ылайык ар тараптуу баалоону жүзөгө ашырууга катышкан адамдар керектүү кызматтарга баланын жана үй-бүлөнүн муктаждыгы жөнүндө корутундуну түзөт.
Корутундусу бар анкеталарга ар тараптуу баалоону жүзөгө ашырууга катышкан адамдар кол коёт.
18. Турмуштук оор кырдаалда турган баланын жана үй-бүлөнүн социалдык жана башка кызматтарга керектөөлөрү жөнүндө корутундунун негизинде балдарды коргоо боюнча ыйгарым укуктуу органдын аймактык бөлүмүнүн кызматкери жергиликтүү өз алдынча башкаруунун аткаруу органы менен бирге ушул Жобонун 4 жана 5-тиркемелерине ылайык форма боюнча үй-бүлө менен жеке иштөө планынын жана/же баланы коргоо боюнча жеке планынын долбоорун иштеп чыгат.
19. Үй-бүлө менен жеке иштөө планынын жана/же баланы коргоо боюнча жеке пландын долбоорлору баланын ыңгайлуу шартта өнүгүшүн колдоого жана көмөк көрсөтүүгө, ошондой эле ата-энелердин, камкорчулардын жана баланын тарбиясына жана багылуусуна жооптуу башка адамдардын тарбиялык көндүмдөрүн жана мүмкүнчүлүктөрүн бекемдөөгө багытталган турмуштук кыйын кырдаалда турган балага, үй-бүлөгө керек болгон социалдык, укуктук, психологиялык-педагогикалык, медициналык жардамды көрсөтүү боюнча иш-чаралардын жана кызматтардын тизмесин аларды аткаруу мөөнөтүн жана жооптуу адамдарды көрсөтүү менен камтыйт.
20. Социалдык жардам төмөнкүлөрдү карайт:
- үй-бүлөгө же балага гуманитардык же материалдык жардам көрсөтүү;
- турмуштук оор кырдаалда турган баланы социалдык кызматтарды алуу үчүн тиешелүү социалдык борборлорго жиберүү;
- ата-энесинин кароосуз калган жана аз камсыз болгон үй-бүлөлөрдөгү балдарды ден соолукту чыңдоо лагерлерине жиберүү;
- турмуштук оор кырдаалда турган балага жана үй-бүлөгө социалдык патронаж;
- социалдык кызмат көрсөтүүлөрдүн башка түрлөрү.
21. Укуктук жардам төмөнкүлөрдү карайт:
- үй-бүлө мүчөлөрүнө акысыз юридикалык жардам алууга көмөк көрсөтүү;
- ким экендигин тастыктоочу документтерди алууда же калыбына келтирүүдө көмөк көрсөтүү;
- камкордукка (көзөмөлдүккө) берүү үчүн, ошондой эле мамлекеттик жөлөкпулду жана багуучусунан ажырагандыгы боюнча пенсияларды алуу үчүн керек болгон документтерди топтоодо көмөк көрсөтүү;
- мамлекеттик жана мамлекеттик эмес уюмдарда балдардын жана ишке жарамсыз адамдардын кызыкчылыктарын көрсөтүү;
- мыйзамдуу укуктарын бузган же басынткан мамлекеттик органдардын, жергиликтүү өз алдынча башкаруунун аткаруу органдарынын иш-аракеттерине же иш-аракетсиздигине даттанууларды даярдоодо жана берүүдө үй-бүлө мүчөлөрүнө жардам көрсөтүү;
- укуктук кызматтардын башка түрлөрү.
22. Психологиялык-педагогикалык жардам төмөнкүлөрдү карайт:
- ата-энелер же аларды алмаштыруучу адамдардын арасында балдарды окутуу зарылдыгы жөнүндө түшүндүрүү иштерин өткөрүү;
- турмуштук оор кырдаалда турган үй-бүлөлөргө жана балдарга психологиялык кызматтарды алышына көмөк көрсөтүү;
- турмуштук оор кырдаалда турган балдарды спорттук секцияларга жана маданий-эс алуу иш-чараларына тартуу;
- ырайымсыз мамилеге (зомбулукка) дуушар болгон балдарга жана мыйзам менен чатагы бар балдарга психологиялык кызматтарды көрсөтүүгө көмөк көрсөтүү;
- психологиялык-педагогикалык кызмат көрсөтүүлөрдүн башка түрлөрү.
23. Медициналык жардам төмөнкүлөрдү карайт:
- баланын саламаттык сактоо уюмунан медициналык жардам алуусу үчүн ата-энеге же мыйзамдуу өкүлүнө көмөк көрсөтүү;
- турмуштук оор кырдаалда турган балдарды саламаттык сактоо уюмдарына коштоону уюштуруу;
- баланын майыптыгын күбөлөндүрүүдө (тариздөөдө) жана кайрадан күбөлөндүрүүдө ата-энелерге же аларды алмаштыруучу адамдарга көмөк көрсөтүү;
- үй-бүлө мүчөлөрүнө же балага социалдык-медициналык патронажды уюштуруу;
- медициналык кызмат көрсөтүүлөрдүн башка түрлөрү.
24. Балдарды коргоо боюнча ыйгарым укуктуу органдын аймактык бөлүмүнүн кызматкери үй-бүлө башчысы (аларды алмаштыруучу адам) менен үй-бүлө менен жеке иштөө планынын жана/же баланы коргоо боюнча жеке пландын долбоорлорун макулдашат жана аларды керектүү материалдардын тиркемеси менен жергиликтүү мамлекеттик администрациянын (шаардын мэриясы) Балдар иштери боюнча комиссиясынын (мындан ары - Балдар иштери боюнча комиссия) карап чыгуусуна жиберет.
25. Балдар иштери боюнча комиссия 10 календарлык күндүн ичинде материалдарды, үй-бүлө менен жеке иштөө планынын жана/же баланы коргоо боюнча жеке пландын долбоорлорун карап чыгат, жергиликтүү мамлекеттик администрациянын (шаар мэриясынын) чечими формасында таризделүүчү тиешелүү чечимди кабыл алат.
26. Балдарды коргоо боюнча ыйгарым укуктуу органдын аймактык бөлүмү үй-бүлө менен жеке иштөө планында жана/же баланы коргоо боюнча жеке планда белгиленген мөөнөттөргө ылайык турмуштук оор кырдаалда турган үй-бүлөгө мониторинг жүргүзөт.
27. Балдарды коргоо боюнча ыйгарым укуктуу органдын аймактык бөлүмүнүн жетекчиси үй-бүлө менен жеке иштөө планында жана/же баланы коргоо боюнча жеке планда көрсөтүлгөн иш-чаралардын аткарылышына жоошуу адамдардын иштерин координациялоо боюнча жооптуу кызматкерди дайындайт.
28. Балдарды коргоо боюнча ыйгарым укуктуу органдын аймактык бөлүмүнүн кызматкери төмөнкүлөрдү жүзөгө ашырат:
- үй-бүлө менен жеке иштөө планын жана/же баланы коргоо боюнча жеке планын аткаруу боюнча маалыматты топтоо;
- зарылдыгына жараша үй-бүлөнүн үйүнө баруу;
- үй-бүлө менен жеке иштөө планында жана/же баланы коргоо боюнча жеке планында каралган баланын жана үй-бүлөнүн керектөөсүн канааттандырууда үй-бүлөгө жана балага көмөк көрсөтүү;
- үй-бүлөдөгү жана үй-бүлөгө жана балдарга көрсөтүлгөн кызматтардын өзгөрүүлөрүнүн динамикасын талдоо;
- жолугушууларды, консультацияларды уюштуруу жана иш-чаралардын аткарылышы же аткарылбагандыгы жөнүндө аткаруучулардан жазуу жүзүндөгү маалыматты иш-чараларды аткарбоонун себебин жана үй-бүлө менен жеке иштөө планына жана/же баланы коргоо боюнча жеке планына өзгөртүүлөрдү киргизүү зарылдыгын көрсөтүү аркылуу алууда үй-бүлө менен жеке иштөө планында жана/же баланы коргоо боюнча жеке планында көрсөтүлгөн иш-чараларды ишке ашырууга жооптуу адамдардын өз ара кызматташуусу;
- үй-бүлө менен жеке иштөө планына жана/же баланы коргоо боюнча жеке планына өзгөртүүлөрдү жана толуктоолорду иштеп чыгуу жана Балдар иштери боюнча комиссиянын карап чыгуусуна киргизүү.
Үй-бүлө мониторинги зарылдыгына жараша, бирок үч айда бир жолудан кем эмес өткөрүлөт.
29. Турмуштук оор кырдаалда турган баланын жана үй-бүлөнүн кырдаалын кайрадан ар тараптуу баалоо зарылдыгына жараша алты айда бир жолудан кем эмес өткөрүлөт. Кайталанган ар тараптуу баалоонун жыйынтыгы менен балдарды коргоо боюнча ыйгарым укуктуу органдын аймактык бөлүмдөрү Балдар иштери боюнча комиссиянын кароосуна үй-бүлө менен жеке иштөө планына жана/же баланы коргоо боюнча жеке планына тиешелүү өзгөртүүлөрдү жана толуктоолорду киргизүү тууралуу тиешелүү материалдарды берет же баланы, үй-бүлөнү эсептен чыгаруу тууралуу өтүнөт.
30. Үй-бүлө менен жеке иштөө планынын жана/же баланы коргоо боюнча жеке планынын аткарылышын камсыздоо үчүн балдарды коргоо боюнча ыйгарым укуктуу органдын аймактык бөлүмүнүн кызматкери турмуштук оор кырдаалда турган үй-бүлөнү жана баланы (балдарды) коштоону жүзөгө ашырат, үй-бүлө менен жеке иштөө планын жана/же баланы коргоо боюнча жеке планын ишке ашырууга иш-чаралардын аткарылышына жооптуу органдардын жана уюмдардын адамдарынын өз ара кызматташуусун координациялайт.
31. Үй-бүлө менен жеке иштөө планында жана/же баланы коргоо боюнча жеке планында көрсөтүлгөн иш-чараларды белгиленген мөөнөттө аткарбаган учурда Балдар иштери боюнча комиссиянын чечиминин негизинде жергиликтүү мамлекеттик администрациянын башчысы (шаар мэри) Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык аткаруучуларга карата тиешелүү чараларды көрөт.
32. Жергиликтүү өз алдынча башкаруунун аткаруу органдарындагы социалдык маселелер боюнча комиссия керек болгон учурда баланын (балдардын) жана үй-бүлөнүн проблемалары жөнүндө корутундунун негизинде жергиликтүү өз алдынча башкаруунун аткаруу органдары тарабынан балага (балдарга) жана үй-бүлөгө мүмкүн болгон жардам жана колдоо көрсөтүү жөнүндө чечимди кабыл алат.
5. Ата-энелеринин камкордугусуз калган балдарды социалдык коштоо
33. Ата-энелеринин (ата-энесинин) камкордугусуз калган бала (балдар) тууралуу маалым болгон адам эки күндүк мөөнөттө бул тууралуу балдарды коргоо боюнча ыйгарым укуктуу органдын тиешелүү аймактык бөлүмүнө маалымат берүүгө милдеттүү.
34. Ата-энелеринин камкордугусуз калган бала жөнүндө маалымдарды алганда балдарды коргоо боюнча ыйгарым укуктуу органдын аймактык бөлүмүнүн кызматкери ата-энелеринин камкордугусуз калган баланын (балдардын) проблемаларын ар тараптуу баалоону өткөрөт жана Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык баланын (балдардын) мүлкүнүн сакталуусун камсыздайт.
Ата-энелеринин (ата-энесинин) камкордугусуз калган баланы туугандары көзөмөлгө албаган фактысы болгон учурда балдарды коргоо боюнча ыйгарым укуктуу органдын аймактык бөлүмдөрү тезинен Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2013-жылдын 24-сентябрындагы № 522 "Камкорчулук жана көзөмөлчүлүк маселелери жөнүндө" токтомуна ылайык баланы багып алуучу үй-бүлөгө же балдардын интернаттык мекемесине убактылуу жайгаштырууну камсыздайт.
35. Ар тараптуу баалоонун жыйынтыгы боюнча балдарды коргоо боюнча ыйгарым укуктуу органдын аймактык бөлүмүнүн кызматкери баланы коргоо боюнча жеке пландын долбоорун иштеп чыгат жана Балдар иштери боюнча комиссиянын карап чыгуусуна киргизет.
36. Ата-энесинин камкордугусуз калган бала төмөнкүлөргө тарбиялоого өткөрүп берилүүгө тийиш:
- камкордукка (көзөмөлдүккө) туугандарынын үй-бүлөсүнө;
- камкорчулардын (көзөмөлчүлөрдүн) үй-бүлөсүнө;
- асыроочулардын үй-бүлөсүнө;
- багып алуучу (фостердик) үй-бүлөгө;
- баштапкы камкордукка;
- өзгөчө учурларда (ата-энесинин камкордугусуз калган баланы үй-бүлөдө тарбиялоого өткөрүп берүү мүмкүнчүлүгү жок болгондо) - балдардын интернат мекемелерине.
37. Ата-энесинин камкордугусуз калган баланы балдардын интернат мекемесине жиберүүдө балдардын интернат мекемесинин администрациясы менен бирге балдарды коргоо боюнча ыйгарым укуктуу органдын аймактык бөлүмү баланы үй-бүлөсүнө кошуу максатында биологиялык үй-бүлөсүн же туугандарын издөө боюнча иштерди өткөрөт.
38. Баланы биологиялык үй-бүлөсүнө кошуу же туугандарынын үй-бүлөсүнө жайгаштыруу мүмкүн болбогон учурда балдарды коргоо боюнча ыйгарым укуктуу органдын аймактык бөлүмүнүн кызматкери Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2010-жылдын 2-мартындагы № 125 "Ата-энелеринин камкордугусуз калган балдар жөнүндө мамлекеттик маалыматтар банкын түзүү жана пайдалануу тартиби тууралуу" токтому менен бекитилген форма боюнча ата-энесинин камкордугусуз калган балага анкетаны толтурат жана ата-энесинин камкордугусуз калган балдар жөнүндө мамлекеттик маалыматтар банкына ата-энесинин камкордугусуз калган бала жөнүндө маалыматты киргизет.
39. Ата-энесинин камкордугусуз калган ар бир балага балдарды коргоо боюнча ыйгарым укуктуу органдын аймактык бөлүмүнүн кызматкери өздүк дело ачат.
Ата-энесинин камкордугусуз калган баланын өздүк делосунда төмөнкүдөй документтер камтылышы керек:
- ата-энесинин камкордугусуз калган балага анкета;
- баланын туулгандыгы жөнүндө күбөлүк же баланын туулгандыгы жөнүндө актылык жазмасынан көчүрмө;
- баланын ата-энесинин камкордугусуз калгандыгын тастыктаган документтердин бири: ата-энесинин (ата-энелеринин) өлгөндүгү тууралуу күбөлүк; баланын ата-энесин (ата-энелерин) ата-энелик укуктан ажыратуу же чектөө жөнүндө соттун чечими; ата-энесинин (ата-энелери) аракетке жөндөмсүздүгү, дайынсыз жоктугу же каза болгондугу тууралуу соттун чечими; калтырылган (табылган) бала жөнүндө ички иштер органы түзгөн акты; баланы асыроого берүү жөнүндө ата-энесинин (ата-энелеринин) арызы;
- баланын ден соолугу, дене-бой жана акыл-эсинин абалы жөнүндө саламаттык сактоо уюму берген маалымкат;
- саламаттык сактоо жаатындагы ыйгарым укуктуу орган белгилеген форма боюнча баланын өсүп-чоңоюу таржымалы;
- саламаттык сактоо жаатындагы ыйгарым укуктуу орган бекиткен форма боюнча алдын алуу эмдөөлөрүн эсепке алуу картасы;
- баланын билими тууралуу документ (бар болсо);
- балага тиешелүү болгон мүлктүн тизмеги жана анын сакталышына жооп берген адамдар тууралуу маалымат;
- балага турак-жай аянтын бекитип берүү жөнүндө документтер;
- алименттерди өндүрүү тууралуу соттун чечими;
- мамлекеттик жөлөкпулду же багуучусунан ажырагандыгы боюнча пенсияны алууга ата-энесинин камкордугусуз калган баланын укуктарын тастыктаган документтер;
- тиешелүү жергиликтүү мамлекеттик администрациянын (шаар мэриясы) чечими менен бекитилген баланы коргоо боюнча жеке план.
40. Ата-энесинин камкордугусуз калган баланы балдардын мамлекеттик интернат мекемесине (балдар үйү, жетим балдар жана ата-энесинин камкордугусуз калган балдар үчүн мектеп-интернатка, акыл-эс жана дене-бой өнүгүү кемчиликтери бар балдар үчүн мектеп-интернатка ж.б.) жиберген учурда ушул Жобонун 39-пунктунда көрсөтүлгөн документтердин түп нускасы менен ата-энесинин кароосуз калган баланын өздүк делосу тиешелүү мекеменин администрациясына берилет.
Ата-энесинин камкордугусуз калган баланы жеке менчик формасында болгон балдардын интернат мекемесине аныктаганда ушул Жобонун 39-пунктунда көрсөтүлгөн документтердин түп нускасы менен ата-энесинин камкордугусуз калган баланын өздүк делосу балдарды коргоо боюнча ыйгарым укуктуу органдын тиешелүү аймактык бөлүмүндө сакталат.
Баланы камкордукка (көзөмөлдүккө), асыроого, багып алуучу (фостердик) үй-бүлөгө берген учурда ушул Жобонун 39-пунктунда көрсөтүлгөн документтердин күбөлөндүрүлгөн көчүрмөсү балдарды коргоо боюнча ыйгарым укуктуу органдын аймактык бөлүмүндө сакталат.
6. Ден соолугунун мүмкүнчүлүгү чектелген балдарды социалдык коштоо
41. Ден соолугунун мүмкүнчүлүгү чектелген баласы бар үй-бүлөнү тапканда балдарды коргоо боюнча ыйгарым укуктуу органдын аймактык бөлүмүнүн кызматкери жергиликтүү өз алдынча башкаруунун аткаруу органдарынын кызматкери менен бирге үй-бүлө жашаган жерге баруу менен ден соолугунун мүмкүнчүлүгү чектелген баланын жана үй-бүлөнүн проблемаларын ар тараптуу баалоону өткөрөт жана үй-бүлө менен жеке иштөө планынын жана/же баланы коргоо боюнча жеке планынын долбоорун иштеп чыгат.
42. Саламаттык сактоо уюму ден соолугунун мүмкүнчүлүгү чектелгендигин күбөлөндүргөн белгилери бар балдарды тапкан учурда балада майыптыктын барлыгын белгилөө фактысы үчүн тиешелүү медициналык-социалдык эксперттик комиссияга аларды жиберет, баланын майыптыгын күбөлөндүрүүдө (тариздөөдө) жана кайрадан күбөлөндүрүүдө көмөк көрсөтөт.
Балдарды коргоо боюнча ыйгарым укуктуу органдын аймактык бөлүмүнүн кызматкери зарылдыгына жараша бала медициналык-социалдык экспертизадан өз убагында өтүүсү үчүн ден соолугунун мүмкүнчүлүгү чектелген балдары бар үй-бүлөлөрдү коштоону жүзөгө ашырат.
43. Мамлекеттик жалпы билим берүү уюмдары жалпы билим берүү уюмдарында ден соолугунун мүмкүнчүлүгү чектелген балдарга билим берүү кызматтарын көрсөтүү үчүн шарттарды түзөт, билим берүү уюмдарына баруу мүмкүнчүлүгү болбогон балдарга үйүнө барып билим берүү кызматтарын көрсөтөт.
Үйүндө билим берүү кызматтарын алган балдар тууралуу маалымат балдарды коргоо боюнча ыйгарым укуктуу органдын аймактык бөлүмүнө берилет.
44. Ден соолугунун мүмкүнчүлүгү чектелген балдарга реабилитациялоо жана абилитациялоо кызматтарын уюштуруу үчүн аймактык мамлекеттик органдар жергиликтүү өз алдынча башкаруунун аткаруу органдары менен бирге ден соолугунун мүмкүнчүлүгү чектелген балдардын алардын кызматтарына жетүүсүн камсыздоо үчүн шарттарды түзөт.
45. Балдарды коргоо боюнча ыйгарым укуктуу органдын аймактык бөлүмдөрү жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары ден соолугунун мүмкүнчүлүгү чектелген балдары бар ата-энелерге Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык мамлекеттик колдоо чаралары жөнүндө маалымат берет.
46. Саламаттык сактоо уюмдары ден соолугунун мүмкүнчүлүгү чектелген балдарды жалпы багуунун практикалык көндүмдөрүнө ээ болуу маселелери боюнча ден соолугунун мүмкүнчүлүгү чектелген балдары бар ата-энелерге консультация берет.
7. Балдар эмгегинин эң начар формаларына тартылган балдарды социалдык коштоо
47. Балдар эмгегинин эң начар формаларына тартылган балдарды тапкан учурда балдарды коргоо боюнча ыйгарым укуктуу органдын аймактык бөлүмүнүн кызматкери жергиликтүү өз алдынча башкаруунун аткаруу органынын кызматкери менен бирге баланын иштеген же жашаган жерине баруу менен балдар эмгегинин эң начар формаларына тартылган баланын проблемаларына ар тараптуу баалоону өткөрөт.
Балдар эмгегинин эң начар формаларына тартылган баланын проблемаларын ар тараптуу баалоону өткөрүүдө төмөнкүлөр жүзөгө ашырылат:
- маалыматты аныктоо үчүн баланы сурамжылоо (аты-жөнү, жашы, жашаган дареги, ата-энеси тууралуу маалымат);
- балдардын иштөөсүнө түрткү болгон себептерди табуу;
- иштеген жерин көрүп чыгуу жана эмгек шартына баа берүү.
Баланын ден соолугуна зыян келтирген балдар эмгегинин эң начар формаларына тартылган балдарды тапкан учурда балдарды иш ордунан шашылыш алуу жүргүзүлөт.
48. Эмгекти коргоо чөйрөсүндөгү көзөмөл жана контроль боюнча ыйгарым укуктуу органдын аймактык бөлүмүнүн өкүлү менчигинин формасына карабастан ишканаларда, мекемелерде жана уюмдарда баланын иш ордун карап чыгууну жүзөгө ашырат.
49. Эмгекти коргоо чөйрөсүндөгү көзөмөл жана контроль боюнча ыйгарым укуктуу органдын кызматкери:
- аткарылган иштин көлөмүнө баланын жашынын ылайыктуулугун белгилейт;
- Кыргыз Республикасынын Эмгек кодексине ылайык түзүлгөн бала менен эмгек келишиминин барлыгына иш берүүчү менен аңгемелешүүнү өткөрөт;
- Кыргыз Республикасынын Эмгек кодексинде белгиленген эмгекти коргоо талаптарын сактоо боюнча иш берүүчү менен түшүндүрүү иштерин өткөрөт;
- балдар эмгегинин эң начар формаларына тартылган балдар тууралуу балдарды коргоо боюнча ыйгарым укуктуу органдын аймактык бөлүмүнө маалыматты жиберет.
50. Жалпы билим берүү уюмуна барбаган баланы тапкан учурда балдарды коргоо боюнча ыйгарым укуктуу органдын аймактык бөлүмү билим берүү органы менен бирге баланы окууга тартуу боюнча чараларды көрөт.
51. Кыргыз Республикасынын Эмгек кодексине ылайык жумуштуулук, миграция жана жаштар чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу орган Балдар иштери боюнча комиссиянын чечиминин негизинде билим алууга тоскоолдук кылбаган, баланын ден соолугуна жана социалдык өнүгүүсүнө зыян келтирбеген иштерди аткарууга 14 жаш курагына жетпеген балдарды ишке орноштурууга көмөк көрсөтөт.
52. Аймактык мамлекеттик органдар жана жергиликтүү өз алдынча башкаруунун аткаруу органдары ата-энелер же аларды алмаштыруучу адамдардын арасында балдарды балдар эмгегинин эң начар формаларына эрте тартуунун терс таасирлери, баланы багуу, окутуу жана тарбиялоо үчүн алардын жоопкерчилиги жөнүндө түшүндүрүү иштерин өткөрөт.
8. Мыйзам менен чатагы бар балдарды социалдык коштоо
53. Баланын кармалгандыгы жөнүндө ички иштер органдарынан маалыматты алганда балдарды коргоо боюнча ыйгарым укуктуу органдын аймактык бөлүмүнүн кызматкери баланы кармаган жерге анын укуктарын коргоону жүзөгө ашыруу үчүн келүүгө тийиш.
54. Жазык жоопкерчилигине тартуу курагына жете элек жашы жете элек тарабынан кылмыш жасоо фактысы аныкталган учурда, балдарды коргоо боюнча ыйгарым укуктуу органдын аймактык бөлүмү төмөнкүдөй жагдайларды белгилейт:
- ушул жосунду жасоого түрткү болгон себептерин жана шарттарын;
- жасалган жосундун социалдык коркунучунун даражасын;
- жашы жете электи тарбиялоо шартын;
- жашы жете элек тарабынан кылмыш жаза мыйзамдарында каралган кылмышты кайталап жасоо тобокелдигинин барлыгы.
55. Балдарды коргоо боюнча ыйгарым укуктуу органдын аймактык бөлүмүнүн кызматкери бала кармалган учурдан тартып:
- баланын жана анын үй-бүлөсүнүн проблемаларына ар тараптуу баалоону өткөрөт, үй-бүлө менен жеке иштөө планынын жана/же баланы коргоо боюнча жеке планынын долбоорлорун иштеп чыгат;
- баланын пайдасына күбө болуучу материалдарды топтоону жүзөгө ашырат;
- адвокат (коргоочу) менен макулдашуу боюнча баланы реабилитациялоо боюнча иш-чаралардын планын иштеп чыгат жана Балдар иштери боюнча комиссиянын карап чыгуусуна киргизет;
- жазык иши боюнча өндүрүштүн бардык стадияларына катышат.
56. Аймактык ички иштер органдары, жазык-аткаруу системасынын органдары жана балдарды коргоо боюнча ыйгарым укуктуу органдын аймактык бөлүмү менен бирге ал өз үй-бүлөсүндө аныкталган төмөнкүдөй милдеттерди сактоо шартында кала тургандай кылып, кылмыш кылган жашы жете электи көзөмөлдөө боюнча чараларды алдын ала көрөт, алар:
- билим берүү уюмдарына дайыма барып туруу;
- медициналык кароодон өтүү;
- аныкталган жерлерге барууну же белгилүү бир адамдар менен сүйлөшүүгө тыюу салуу;
- аймактык административдик бирдиктердин чектеринен чыгууга тыюу салуу;
- жазык-аткаруу системасындагы органдарына билдирбестен жашаган жерин өзгөртүүгө тыюу салуу.
57. Эгерде жашы жете элек үй-бүлөдө жашай албаса же ал ушул Жобонун 56-пунктунда көрсөтүлгөн милдеттерди аткара албаган учурда аймактык ички иштер органы Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык альтернативдүү чараларды колдонуу жөнүндө чечимди чыгарган жердеги сотко маалымдайт.
58. Сот жашы жете элек балага карата аны эркинен ажыратуу тууралуу чечимди кабыл алган учурда балдарды коргоо боюнча ыйгарым укуктуу органдын аймактык бөлүмү жаза аткарууну жүзөгө ашырган мекемеге мыйзам менен чатагы бар жашы жете электи реабилитациялоо боюнча мурда кабыл алынган иш-чаралар планын жиберет.
9. Ырайымсыз мамилеге (зомбулукка) дуушар болгон балдарды социалдык коштоо
59. Ырайымсыз мамилеге (зомбулукка) дуушар болгон бала жөнүндө билген адам балдарды коргоо боюнча ыйгарым укуктуу органдын аймактык бөлүмүнө жана укук коргоо органдарына бул бала тууралуу маалыматты тезинен берет.
60. Ырайымсыз мамилеге (зомбулукка) дуушар болгон бала жөнүндө маалыматты алганда балдарды коргоо боюнча аймактык бөлүмүнүн кызматкери ички иштер органынын кызматкери менен бирге тезинен (ошол эле күнү) балага карата ырайымсыз мамиленин (зомбулуктун) болгон фактысын аныктоо жана баланын жана анын үй-бүлөсүнүн проблемаларын ар тараптуу баалоону өткөрүү үчүн бала жашаган (жайгашкан) орду боюнча барып текшерет.
Ар тараптуу баалоону өткөрүүнүн жүрүшүндө төмөнкүлөр белгиленет:
- үй-бүлөдө (бала жайгашкан мекемеде) балага карата ырайымсыз мамиленин (зомбулуктун) фактысы болгондугун;
- балага тиешелүү адистердин жардамынын зарылдыгын (медициналык кызматкерлер, психологдор);
- үй-бүлөдө (бала жайгашкан мекемеде) баланын мындан аркы болуу мүмкүнчүлүгүн.
61. Үй-бүлөдө, ал жайгашкан мекемеде баланын өмүрүнө жана ден соолугуна түздөн-түз коркунуч болгон (дене бой, психологиялык, сексуалдык зомбулукту колдонуу, ырайымсыз мамиле же эксплуатация) шашылыш учурларда балдарды коргоо боюнча ыйгарым укуктуу органдын аймактык бөлүмүнүн кызматкери ички иштер органынын кызматкери менен бирге күбөлөрдүн катышуусунда үй-бүлөдөн (ал жайгашкан мекемеден) баланы алат жана баланы алуу жөнүндө актты тариздейт.
Баланы алуу жөнүндө акт төрт нускада түзүлөт, балдарды коргоо боюнча ыйгарым укуктуу органдын аймактык бөлүмүнүн мөөрү басылат жана ички иштер органына, ата-энелерге же аларды алмаштыруучу адамдарга берилет.
Балдарды коргоо боюнча ыйгарым укуктуу органдын аймактык бөлүмү бир сутканын ичинде шашылыш тартипте кабыл алынган чаралар жөнүндө сотко жазуу жүзүндө маалымдайт жана Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында белгиленген тартипте баланы үй-бүлөдөн (ал жайгашкан мекемеден) тышкары жайгаштырат.
10 жашка чыккан баланы аны үй-бүлөдөн (ал жайгашкан мекемеден) алганда балдарды коргоо боюнча ыйгарым укуктуу органдын аймактык бөлүмүнүн кызматкери ага коргоо көрсөтүү тартибин түшүндүрөт.
62. Баланы үй-бүлөдөн (ал жайгашкан мекемеден) алганда балдарды коргоо боюнча ыйгарым укуктуу органдын аймактык бөлүмү анын иш-аракетине сот тартибинде даттануу мүмкүнчүлүгү тууралуу ата-энелерине же аларды алмаштыруучу адамдарга жазуу жүзүндө маалымдайт.
63. Зарыл болгон учурда балдарды коргоо боюнча ыйгарым укуктуу органдын аймактык бөлүмү үй-бүлөдөн (ал жайгашкан мекемеден) алынган баланы медициналык жардам көрсөтүү үчүн саламаттык сактоо уюмуна жөнөтөт.
Медициналык жардам көрсөтүлгөндөн кийин балдарды коргоо боюнча ыйгарым укуктуу органдын аймактык бөлүмү баланы туугандарына 6 айлык мөөнөткө убактылуу камкордукка же багып алуучу (фостердик) үй-бүлөгө, ал эми мындай мүмкүнчүлүк жок болгон учурда - башка балдар интернат мекемесине жиберет.
Балдарды коргоо боюнча ыйгарым укуктуу органдын аймактык бөлүмү үй-бүлөнү турмуштук оор кырдаалдан чыгаруу жана ата-эненин жана баланын ортосундагы мамилелерди калыбына келтирүү боюнча үй-бүлө менен иштерди алып барат.
64. Ички иштер органдары:
- балага карата ырайымсыз мамилеге (зомбулукка) жол берген адамдарды административдик же жазык жоопкерчилигине тартуу боюнча Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык чара көрөт;
- бала социалдык кооптуу абалда турган жагдайды тапкан учурда алдын алуу сыяктуу чараларды көрүү үчүн ички иштер органына ата-энелерди же аларды алмаштыруучу адамдарды алдын алуучу эсепке коюуну жүзөгө ашырат;
- балдарга терс таасирин тийгизген ата-энелер же аларды алмаштыруучу адамдар менен жеке алдын алуу иштерин өткөрөт жана алар балдардын укуктарын жана мыйзамдуу кызыкчылыктарын сактоосуна чараларды көрөт;
- социалдык кооптуу абалда турган балдар жана ички иштер органдарында эсепке алынган үй-бүлөлөр жөнүндө маалыматтар базасына маалыматтарды киргизет.
65. Балдарды коргоо боюнча ыйгарым укуктуу органдын аймактык бөлүмү дене бой, психологиялык зомбулук же баланын негизги керектөөлөрүн көңүлгө албаган фактысын тапкан учурда:
- ырайымсыз мамиленин (зомбулуктун) бардык формаларынан коргоого баланын укуктарын ишке ашырат;
- ырайымсыз мамиленин (зомбулуктун) жана анын өнүгүүсү үчүн баланын негизги керектөөлөрүн көңүлгө албоонун натыйжасы жөнүндө ата-энелер же аларды алмаштыруучу адамдар менен маектешүүнү өткөрөт;
- ата-энелерге же аларды алмаштыруучу адамдарга жоопкерчилиги жөнүндө маалымат берет жана балага карата ырайымсыз мамилеге (зомбулукка) жол бербөө тууралуу жазуу жүзүндөгү эскертүүнү чыгарат;
- ички иштер органында алдын алуу эсебине үй-бүлөнү койгондугу тууралуу билдирет жана үй-бүлөдөгү кырдаалдын өзгөрүшү боюнча мониторинг жүргүзөт.
66. Балдар интернат мекемесинде жайгашкан балага карата ырайымсыз мамиле (зомбулук) жасалгандыгы тууралуу маалыматты билген адамдар укук коргоо органына жана балдарды коргоо боюнча ыйгарым укуктуу органдын аймактык бөлүмүнө маалыматты берүүгө милдеттүү.
10.Турмуштук оор кырдаалда турган баланы жана үй-бүлөнү эсептен чыгаруу
67. Балдарды коргоо боюнча ыйгарым укуктуу органдын аймактык бөлүмүндөгү эсептен турмуштук оор кырдаалда турган баланы жана үй-бүлөнү чыгарууга төмөнкүлөр негиз болуп эсептелет:
- бала жана үй-бүлө үчүн турмуштук оор кырдаалды түзгөн себептерди жана шарттарды жоюу, үй-бүлө менен жеке иштөө планына жана/же баланы коргоо боюнча жеке планына ылайык балага жана үй-бүлөгө социалдык колдоо көрсөтүү;
- турмуштук оор кырдаалда турган адамдын өлүмү (өлгөндүгү тууралуу күбөлүктүн негизинде), аны сот тарабынан дайынсыз жоголгон, каза болгон деп таануу (соттун чечиминин негизинде);
- Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында каралган учурлардан тышкары турмуштук оор кырдаалда турган бала 18 жашка чыкканда;
- Кыргыз Республикасынын чегинен тышкары турмуштук оор кырдаалда турган бала, үй-бүлө көчүп кеткен учурда.
68. Турмуштук оор кырдаалда турган бала, үй-бүлө башка аймакка көчүп кеткен учурда, жаңы жашаган жери тууралуу маалымат бар болгондо балдарды коргоо боюнча ыйгарым укуктуу органдын аймактык бөлүмү бул тууралуу баланын, үй-бүлөнүн жаңы жашаган жери боюнча балдарды коргоо боюнча тиешелүү аймактык бөлүмүнө жазуу жүзүндө маалымдайт.
Балдарды коргоо боюнча ыйгарым укуктуу органдын аймактык бөлүмү маалыматты алган учурда баланын, үй-бүлөнүн келген фактысын текшерет жана керек болгон учурда үй-бүлөнү эсепке алат.
69. Балдарды коргоо боюнча ыйгарым укуктуу органдын аймактык бөлүмү турмуштук оор кырдаалда турган үй-бүлөлөр жана балдар жөнүндө маалыматтар базасын түзөт жана калыптандырат.
|
| Турмуштук оор кырдаалда турган балдарды жана үй-бүлөлөрдү табуу тартиби жөнүндө жобого 1-тиркеме |
Форма
Турмуштук оор кырдаалда турган балдарды жана үй-бүлөлөрдү эсепке алуу ЖУРНАЛЫ
__________________________________________________________________________
(балдарды коргоо боюнча ыйгарым укуктуу органдын аймактык бөлүмүнүн аталышы)
№ | ТОК турган бала жөнүндө маалыматты алган дата | ТОК турган баланын аты-жөнү | ТОК турган баланын жашаган жери | ТОК турган баланын ата-энелери (аларды алмаштырган адамдар) жөнүндө маалымат | ТОК турган баланы жана үй-бүлөнү эсепке алуу жөнүндө БКЫОАБ чечиминин номери | ЖӨБАО балага жана үй-бүлөгө көрсөткөн жардамы | ЖМА (шаар мэриясынын) ҮЖИП жана БКЖП бекитүү жөнүндө чечиминин номери | Баланы жана үй-бүлөнү эсептен алуу жөнүндө белги |
1 | 2 | 3 | 4 | 5 | 6 | 7 | 8 | 9 |
Эскертүү: журналдын барактары барактардын санын көрсөтүү менен жип өткөрүлүп көктөлүп, балдарды коргоо боюнча ыйгарым укуктуу органдын аймактык бөлүмүнүн мөөрү басылып жана анын жетекчисинин колу коюлушу керек.
|
| Турмуштук оор кырдаалда турган балдарды жана үй-бүлөлөрдү табуу тартиби жөнүндө жобого 2-тиркеме |
Форма
Турмуштук оор кырдаалда турган үй-бүлөнүн проблемаларын ар тараптан баалоо АНКЕТАСЫ
БКЫОАБ аталышы | БКЫОАБ дареги | Толтурулган датасы | |||
|
|
| |||
Форманы толтурган БКЫОАБ кызматкеринин аты-жөнү | |||||
Ата-энесинин (атасынын же аны алмаштырган адамдын) аты-жөнү: | |||||
Ата-энесинин (энесинин же аны алмаштырган адамдын) аты-жөнү: | |||||
Никени каттоо | □ нике ЖААК органдарында катталган | □ жарандык нике | |||
Бардык балдары: | анын ичинде, уул бала | кыз бала | |||
Үй-бүлөнүн иш жүзүндө жашаган дареги (облус, район, шаар, айыл, көчө, үй, батир) | Телефон: | ||||
Социалдык проблемалар | Текшерүү жүргүзүлгөн датасы | ||||
(биринчи баалоо) | (экинчи баалоо) | (үчүнчү баалоо) | |||
Үй-бүлө БКЫОАБ каттоосунда турабы | □ | □ | □ | ||
Үй-бүлөнүн менчигинде турак-жайы барбы | □ | □ | □ | ||
Эгерде үй-бүлөнүн менчик турак-жайы болбосо, анда алар кайда жашайт: |
|
|
| ||
- туугандары, достору менен | □ | □ | □ | ||
- турак-жайды ижарага алуу шартында | □ | □ | □ | ||
- турак эмес жайда (ылайыкталган жайда) | □ | □ | □ | ||
- башпаанекте | □ | □ | □ | ||
- көчөдө | □ | □ | □ | ||
- башка. Көрсөткүлө: | □ | □ | □ | ||
Үй-бүлөдө эмгекке жөндөмдүү үй-бүлө мүчөлөрү барбы. Канча адам экендигин көрсөтүү керек | □ | □ | □ | ||
Үй-бүлөдө эмгекке жөндөмсүз үй-бүлө мүчөлөрү барбы. Канча адам экендигин көрсөтүү керек, андан: | □ | □ | □ | ||
- пенсионерлер _____ киши, анын ичинен иштегендери _____ киши | □ | □ | □ | ||
- ДМЧА _____ киши | □ | □ | □ | ||
- 16 жашка чейинки балдар _____ киши, анын ичинен окугандары _____ киши | □ | □ | □ | ||
Үй-бүлөдө 16 жаштан өткөн окугандар барбы (орто мектеп, колледж, КЛ, ЖОЖ). Керектүүсүн сызуу керек | □ | □ | □ | ||
Үй-бүлөнүн канча мүчөсү иш менен камсыз болгон (иштешет) | □ | □ | □ | ||
Үй-бүлөнүн канча мүчөсү жумуштуулук кызматында катталышкан | □ | □ | □ | ||
Үй-бүлө мүчөлөрүнөн кимдир-бирөө социалдык жөлөкпул алабы, эгерде "ооба" болсо, анда кишинин саны | □ | □ | □ | ||
Үй-бүлө АҮСЖ алабы | □ | □ | □ | ||
Үй-бүлө мүчөлөрүнөн кимдир-бирөө интернаттык мекемеде жашайбы. Эгерде жашаса, анда кимиси: | □ | □ | □ | ||
Укуктук проблемалар | Текшерүү жүргүзүлгөн датасы | ||||
(биринчи баалоо) | (экинчи баалоо) | (үчүнчү баалоо) | |||
Үй-бүлөнүн жашы жеткен мүчөлөрүнөн кимдир-бирөөнүн мыйзам менен чатагы барбы (ички иштер бөлүмүндө такталат) | □ | □ | □ | ||
- ИИБ, ЖАМК ЖАИде эсепте турабы | □ | □ | □ | ||
- жазык жоопкерчилигине тартылганбы | □ | □ | □ | ||
- соттолгон болуп эсептелеби (жазанын түрү) | □ | □ | □ | ||
- жазаны өтөп чыккан болуп эсептелеби (анын ичинде ШМБ боюнча), эгерде "ооба" болсо, анда бошотулган күнүн көрсөтүү керек | □ | □ | □ | ||
Үй-бүлө мүчөлөрүнөн кимдир-бирөө укук бузуунун/кылмыштын жабырлануучусу же күбөсү болуп эсептелеби, эгерде "ооба" болсо, анда укук бузуунун/кылмыштын болгон датасын көрсөтүү керек | □ | □ | □ | ||
Үй-бүлө мүчөлөрүнөн кимдир-бирөө жоголгон болуп эсептелеби, эгерде "ооба" болсо, анда ким экенин көрсөтүү керек | □ | □ | □ | ||
Ата-эне (атасы же аны алмаштырган адам) | |||||
Ата-эненин (аларды алмаштырган адамдардын) паспорту барбы |
|
|
| ||
- ата-эненин (атасынын), (аны алмаштырган адамдын) паспорту бар (№, датасын, паспортту берген органды көрсөтүү керек) | □ | □ | □ | ||
- ата-эненин (атасынын), (аны алмаштырган адамдын) паспорту жок: Себебин көрсөткүлө: | □ | □ | □ | ||
Ата-эне (энеси же аны алмаштырган адам) | |||||
Ата-эненин (энесинин), (аны алмаштырган адамдын) паспорту барбы | □ | □ | □ | ||
- ата-эненин (энесинин), (аны алмаштырган адамдын) паспорту бар (№, датасын, паспортту берген органды көрсөтүү керек) | □ | □ | □ | ||

- ата-эненин (энесинин), (аны алмаштырган адамдын) паспорту жок. Себебин көрсөткүлө | □ | □ | □ | ||
Психологиялык-педагогикалык проблемалар | Текшерүү жүргүзүлгөн датасы | ||||
(биринчи баалоо) | (экинчи баалоо) | (үчүнчү баалоо) | |||
Үй-бүлөлүк зомбулук фактысы үй-бүлөдө аныкталдыбы | □ | □ | □ | ||
Үй-бүлө качкындар/кайрылмандар категориясына киреби | □ | □ | □ | ||
Үй-бүлө курамында маанилүү өзгөрүүлөр болгонбу (үй-бүлө мүчөсүнүн каза болушу/төрөлүшү, үй-бүлөнүн жаңы мүчөсүнүн пайда болушу (өгөй эне, өгөй ата, атасы же энеси бир уул-кыз бир туугандар), ата-энелердин ажырашы ж.б.). Керектүүсүнүн алдын сызуу керек. | □ | □ | □ | ||
Үй-бүлөдө оор окуялар болгонбу (оор өнөкөт оорулар, үй-бүлө мүчөлөрүнөн бирөөнүн майыптыгы, кирешени жоготуусу, майып-баланын төрөлүшү, эркинен ажыратылышы ж.б.). Керектүүсүнүн алдын сызуу керек. | □ | □ | □ | ||
Ата-энелердин ортосундагы өз ара мамилелерде, анын ичинде өзүнчө жашагандарда проблемалар барбы. Кайсылар экенин көрсөтүү керек | □ | □ | □ | ||
Үй-бүлө мүчөлөрүнүн туугандары, үй-бүлөгө жакын адамдар, коңшулар, достор менен өз ара мамилелеринде проблемалар барбы. Кайсылар экенин көрсөтүү керек | □ | □ | □ | ||
Үй-бүлө мүчөлөрүнүн балдар менен өз ара мамилелеринде проблемалар барбы. Кайсылар экенин көрсөтүү керек | □ | □ | □ | ||
Багууга муктаж болгон адамга же баланын ата-энесине туугандары жана чөйрөсүндөгүлөрү тарабынан тийиштүү жардам көрсөтүлөбү. Кайсылар экенин көрсөтүү керек | □ | □ | □ | ||
Ата-эне (атасы же аны алмаштырган адам) | |||||
Ата-эненин кандай билими бар | |||||
□ Жогорку кесиптик билими | □ Орто кесиптик билими | □ Негизги жалпы, орто жалпы билими | □ Баштапкы жалпы билим | □ Билими жок | |
Ата-эне балдар үйүндө/интернатта тарбияланганбы | □ Ооба | □ Жок | |||
Ата-эне мурда баласын (балдарын) калтырганбы же балдарды коргоо боюнча ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдын чечими боюнча үй-бүлөдөн баланы (балдарды) алганбы | □ | □ | □ | ||
Ата-эне баланы (балдарды) интернатка/балдар үйүнө жайгаштырууга ниети барбы | □ | □ | □ | ||
Ата-эне баланы туугандарында, кошуналарында калтырууга ниети барбы | □ | □ | □ | ||
Ата-эне (энеси же аны алмаштырган адам) | |||||
Ата-эненин кандай билими бар | |||||
□ Жогорку кесиптик билими | □ Орто кесиптик билими | □ Негизги жалпы, орто жалпы билими | □ Баштапкы жалпы билими | □ Билими жок | |
Ата-эне балдар үйүндө/интернатта тарбияланганбы | □ Ооба | □ Жок | |||
Ата-эне мурда баласын (балдарын) калтырганбы же балдарды коргоо боюнча ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдын чечими боюнча үй-бүлөдөн баланы (балдарды) алганбы | □ | □ | □ | ||
Ата-эне баланы (балдарды) интернатка/балдар үйүнө жайгаштырууга ниети барбы | □ | □ | □ | ||
Ата-эне баланы (балдарын) туугандарында, коңшуларында калтырууга ниети барбы | □ | □ | □ | ||
Медициналык проблемалар | Текшерүү жүргүзүлгөн датасы | ||||
(биринчи баалоо) | (экинчи баалоо) | (үчүнчү баалоо) | |||
Үй-бүлө жашаган жери боюнча медициналык тейлөө алабы | □ | □ | □ | ||
Үй-бүлө мүчөлөрүнүн биринде оор, өмүргө коркунучтуу же өнөкөт оорулары, жаракаттары барбы | □ | □ | □ | ||
Үй-бүлө мүчөлөрүнүн биринде өзүн-өзү тейлөөсүн чектеген оорулары барбы | □ | □ | □ | ||
Үй-бүлө мүчөсү зарыл болгон дарылоону алабы | □ | □ | □ | ||
Үй-бүлө мүчөлөрүнүн биринде майыптык барбы | □ | □ | □ | ||
- 1-топ | □ | □ | □ | ||
- 2-топ | □ | □ | □ | ||
- 3-топ | □ | □ | □ | ||
Ал жардам алабы, эгерде "ооба" болсо кайсы экенин көрсөткүлө | □ | □ | □ | ||
Ата-эне (атасы же аны алмаштырган адам) | |||||
Ата-эне ичимдикти ашыкча ичеби | □ | □ | □ | ||
Ата-эне керек болгон дарыланууну алабы. Кайсылар экенин көрсөтүү керек. | □ | □ | □ | ||
Ата-эне баңгизатын колдонобу | □ | □ | □ | ||
Ата-эне дарыланууну алабы. Кайсылар экенин көрсөтүү керек | □ | □ | □ | ||
Ата-эне (энеси же аны алмаштырган адам) | |||||
Ата-эне ичимдикти ашыкча ичеби | □ | □ | □ | ||
Ата-эне керек болгон дарыланууну алабы. Кайсылар экенин көрсөтүү керек | □ | □ | □ | ||
Ата-эне баңгизатын колдонобу | □ | □ | □ | ||
Ата-эне дарыланууну алабы. Кайсылар экенин көрсөтүү керек | □ | □ | □ | ||
Корутунду
Үй-бүлө муктаждыктары | |||
Социалдык | Укуктук | Психологиялык-педагогикалык | Медициналык |
□| Убактылуу турак-жай берүү □ Турак-жайды оңдоого жардам көрсөтүү □ Социалдык мейманканадан орун берүү □ Турак-жайды ижарага алууга жардам берүү □ Иш менен камсыз кылууга көмөк көрсөтүү □ Социалдык жөлөкпулдарды дайындоо □ АҮСЖ дайындоо □ Жаш курагы боюнча пенсия дайындоо □ Майыптыгы боюнча пенсия дайындоо □ Баккан адамынан ажырагандыгы боюнча пенсия дайындоо □ Гуманитардык жардам көрсөтүү (азык-түлүктүк, кир жуучу каражаттар, кийим-кече ж.б.) □ Материалдык жардам көрсөтүү □ Чакан насыя алууга жардам көрсөтүү □ Зомбулуктун курмандыктары үчүн кризистик борборлордун кызматын көрсөтүү □ Башпаанек кызматтарын көрсөтүү □ Үй-бүлө жана балдарды колдоо борборлорунун кызматтарын көрсөтүү □ Багып алуучу (фостердик) үй-бүлөлөрдүн кызматтарын көрсөтүү □ Реабилитациялоо борборлорунун кызматтарын көрсөтүү □ МСЭКте кызматтарды көрсөтүү □ Кыш мезгилине отун менен камсыз кылууда (көмүр, отундар менен камсыздоо) жардам берүү □ Башкалар | □ Паспорт, алууда юридикалык жардам көрсөтүү □ Каттоону алууда колдоо көрсөтүү □ Социалдык камсыздоонун мамлекеттик системасында социалдык тейлөөгө жарандардын укуктары боюнча юристтен консультация алуу □ Адвокаттык жардам кызматтары □ Пенсияларды, жөлөкпулдарды алууда керектүү документтерди топтоого жардам көрсөтүү, камкорчулукту/ көзөмөлчүлүктү, асыроону тариздөө, багып алуучу (фостердик) үй-бүлө кызматтарын көрсөтүү, сотко материалдарды берүүгө жардам □ Туугандык байланыштарды издөө жана кайра калыбына келтирүү □ Аракетке жөндөмсүз жарандардын мүлктүк укуктарын коргоо □ Аракетке жөндөмсүз жарандардын мүлктүк кызыкчылыктарын коргоо □ Жашы жете электердин укуктарын сактоо жана коргоо боюнча укуктук жардам көрсөтүү □ Баланы үй-бүлөдөн тышкары жайгаштыруу үчүн документтерди тариздөөдө жардам көрсөтүү □ Башкалар | □ Моралдык- психологиялык колдоо көрсөтүү □ Психологдун кызматтарын көрсөтүү □ Балдардын - ата- энелердин мамилелерин калыбына келтирүүгө жардам берүү □ ПМПК консультация берүү □ Борбордун "эрте кийлигишүү" кызматтарын көрсөтүү □ Балдарды абилитациялоо жана реабилитациялоо маселелери боюнча күндүзгү борборлордун кызматтарын көрсөтүү □ ДМЧ балдарды билим берүү процессине интеграциялоого колдоо көрсөтүү □ Адистештирилген мекемелерге ден соолугу оор же көптөгөн чектөөлөрү бар адамдарды интеграциялоо үчүн колдоо көрсөтүү □ Мектеп менен ата-энелердин ортосундагы өз ара байланышты бекемдөө □ Өз ара колдоо топторунда, пикир алышуу клубдарында сабактарды уюштуруу жана өткөрүү □ Социалдык-педагогикалык консультация берүү □ Башкалар | □ ФАПтын кызматтарын көрсөтүү □ ҮДТ кызматтарын көрсөтүү □ ҮМБ (бейтапкана) сейрек кесиптеги адистердин кызматтарды көрсөтүүсү □ Аймактык ооруканалар медициналык кызматтарды көрсөтүүсү □ Жогорку квалификациялуу медициналык жардамды көрсөтүү □ Санатордук-курорттук дарылоо □ ДМЧ адамдар үчүн медициналык реабилитациялоону көрсөтүү □ Психотерапевттин кызматтарын көрсөтүү □ МКП ылайык дары-дармек каражаттарын берүү маселелери боюнча консультация берүү □ Дары-дармектерди алууга материалдык жардам көрсөтүү □ Саламаттык сактоо уюмдарында баладан баш тартуу тобокелдиги болгондо консультация берүү □ Балдар үйлөрүнүн алдындагы үй-бүлөлүк ресурстук борборлордо кызматтарды көрсөтүү □ Үй-бүлөнү пландаштыруу жана саламат жашоону пропагандалоо жөнүндө алдын ала аңгемелешүүлөрдү өткөрүү □ Башкалар |
Үй-бүлө мүчөлөрүнүн ойлору жана пикирлери (макул эместигин кошуп):
| |||
БКЫОАБ кызматкеринин аты-жөнү:
_________________________________________________________________________
ЖӨБАО кызматкеринин аты-жөнү:
_________________________________________________________________________
Ата-эненин (атасынын же аны алмаштыруучу адамдын) аты-жөнү
_________________________________________________________________________
Ата-эненин (энесинин же аны алмаштыруучу адамдын) аты-жөнү
_________________________________________________________________________
Үй-бүлөнү баалоого катышкан адамдардын аты-жөнү
_________________________________________________________________________
_________________________________________________________________________
_________________________________________________________________________
|
| Турмуштук оор кырдаалда турган балдарды жана үй-бүлөлөрдү табуу тартиби жөнүндө жобого 3-тиркеме |
Форма
Турмуштук оор кырдаалда турган баланын проблемаларын ар тараптан баалоо АНКЕТАСЫ
Бала жөнүндө маалымат | |||
Баланын аты-жөнү | |||
Баланын жынысы | □ Эркек | □ Аял |
|
Турмуштук оор кырдаалдын критерийлери: | |||
Баланын туулган датасы: | |||
Социалдык проблемалар | Текшерүү жүргүзүлгөн датасы | ||
(биринчи баалоо) | (экинчи баалоо) | (үчүнчү баалоо) | |
Биологиялык ата-энелеринин экөө менен тең | □ | □ | □ |
Биологиялык ата-энесинин бири менен | □ | □ | □ |
Биологиялык ата-энесинин бири жана өгөй атасы/энеси менен | □ | □ | □ |
Алдын-ала камкорчулук белгиленген үй-бүлөдө (чечимдин датасын жана №, чечимди кабыл алган органды көрсөтүү) | □ | □ | □ |
Камкорчулук/көзөмөлчүлүк белгиленген үй-бүлөдө (соттун чечиминин датасын, № көрсөтүү) | □ | □ | □ |
Багып алуучу (фостердик) үй-бүлөдө (чечимди кабыл алган органдын чечиминин датасын, № көрсөтүү) | □ | □ | □ |
Интернаттык мекемеде (мекеменин аталышын, соттун чечиминин датасын жана № көрсөтүү) | □ | □ | □ |
Башка. Балага камкорчулук/көзөмөлчүлүк таризделбей, ким менен жашап жатканын көрсөткүлө | □ | □ | □ |
Бала көзөмөлсүз болуп эсептелеби (мыйзамдуу өкүлдөрү тарабынан аны багуу, тарбиялоо боюнча өз милдеттерин аткарбагандан же болбосо талаптагыдай аткарылбагандан же аткаруудан баш тартуунун кесепетинен жүрүм-турумуна контроль болбогон бала) | □ | □ | □ |
Бала кароосуз болуп эсептелеби (туруктуу жашаган жана (же) турган жери жок, мыйзамдуу өкүлдөрүнүн контролусуз калган бала) | □ | □ | □ |
Баланын кийими мезгилге, жашына, жынысына ылайык келеби | |||
Мезгилге, баланын жашына, жынысына ылайык келет | □ | □ | □ |
Ылайык келбейт | □ | □ | □ |
Баланын сырткы келбети жашына ылайык келеби | □ | □ | □ |
Ылайык келет | □ | □ | □ |
Бала өз жашынан кичүү көрүнөт | □ | □ | □ |
Бала өз жашынан улуу көрүнөт | □ | □ | □ |
Бала аз камсыз болгон үй-бүлөлөргө ай сайын берилүүчү жөлөкпулду алабы. Эгерде алса кайсы убактан бери экендигин көрсөтүү керек | □ | □ | □ |
Бала өзүнөн кенже балдарды багуу жумушуна, үй-бүлөлүк айыл-чарба талааларындагы жумушка, үй жана үй курулмаларын курууга, үйдөгү малды багуу иштерине же үй өндүрүшүнө тартылганбы | □ | □ | □ |
Бала базарлардагы, шахталардагы иштердин ар кандай түрлөрүнө жана экономиканын формалдуу эмес секторундагы иштердин башка түрлөрүнө тартылганбы | □ | □ | □ |
Бала ишканалардагы, цехтердеги, курулуш компанияларындагы, экономиканын башка формалдуу секторундагы иштерге тартылганбы | □ | □ | □ |
Бала ден-соолугунун мүмкүнчүлүгү чектелген болуп эсептелеби | □ | □ | □ |
Майыптыгы тууралуу медициналык-социалдык эксперттик комиссиянын маалымкаты барбы | □ | □ | □ |
Бала социалдык жөлөкпул алабы | □ | □ | □ |
Бала реабилитация боюнча кызматтарды алабы. Кандай жана кайсыл жерден экенин көрсөткүлө | □ | □ | □ |
Укуктук проблемалар | Текшерүү жүргүзүлгөн датасы | ||
(биринчи баалоо) | (экинчи баалоо) | (үчүнчү баалоо) | |
16-18 жаш курагындагы баланын паспорту барбы | |||
Баланын паспорту бар (паспорттун №, датасын, аны берген органды көрсөтүү керек) | □ | □ | □ |
Баланын паспорту жок. Себебин көрсөткүлө: | □ | □ | □ |
Баланын туулгандыгы жөнүндө күбөлүгү барбы | |||
Баланын туулгандыгы жөнүндө күбөлүгү бар (№, датасын, туулгандыгы тууралуу күбөлүктү берген органды көрсөтүү) | □ | □ | □ |
Баланын туулгандыгы жөнүндө күбөлүгү жок. Себебин көрсөткүлө: | □ | □ | □ |
Баланын туулгандыгы жөнүндө медициналык маалымкат барбы | □ | □ | □ |
Ооба | □ | □ | □ |
Жок, себебин көрсөткүлө: | □ | □ | □ |
ЖААК органдарында баланын туулгандыгы жөнүндө жазуу актысы барбы | □ | □ | □ |
Ооба | □ | □ | □ |
Жок, себебин көрсөткүлө: | □ | □ | □ |
Бала жетим болуп эсептелеби (ата-энесинин экөө тең же жалгыз атасы (энеси) өлгөн же болбосо ата-энелери дайынсыз) ата-энесинен кароосуз калган болуп эсептелеби (ата-энеси аларды ата-энелик укуктан ажыраткандыгына же чектегендигине байланыштуу болбогон, ата-энелерин дайынсыз деп таануу, аракетке жөндөмсүз (аракетке чектүү жөндөмдүү), алар дарылоо мекемелеринде болгондугу, эркинен ажыратуу түрүндө жазасын тартуу, камакта кармоо жерлеринде болуусу, баланы тарбиялоодон же анын укуктарын жана кызыкчылыктарын коргоодон ата-энелердин баш тартуусу, ата-энелер өз баласын тарбиялоо, дарылоо мекемелеринен, калкты социалдык коргоо мекемелеринен жана башка ушул сыяктуу мекемелерден алуудан баш тартканда жана мыйзам тарабынан белгиленген тартипте баланы ата-энесинин камкордугусуз калган деп таануу учурларында). Керектүүсүнүн алдын сызуу керек. | □ | □ | □ |
Жетим (статусу аныкталган), "эне", "ата" тик тилкесинде белгилөө менен ата-энесинин өлгөндүгү тууралуу күбөлүктү же туулгандыгы жөнүндө күбөлүктү берген органды же жарандын каза болгондугун таануу жөнүндө соттун чечими көрсөтүлүшү керек | □ | □ | □ |
Бала багуучусунан ажырагандыгы боюнча жөлөкпул/пенсия алабы | □ | □ | □ |
Ооба | □ | □ | □ |
Жок, себебин көрсөтүү: | □ | □ | □ |
Ата-энелеринин көзөмөлчүлүгүсүз калган (камкорчулук/көзөмөлчүлүк белгиленген) бала, датасын жана соттун (башка органдын) чечиминин № көрсөтүү | □ | □ | □ |
Ата-энелеринин көзөмөлчүлүгүсүз калган (камкорчулук/көзөмөлчүлүк белгиленген эмес) бала. Себебин көрсөткүлө | □ | □ | □ |
Баалоо учурунда баланын мыйзам менен чатагы барбы (ички иштер бөлүмүндө такталат) | |||
Бала ички иштер бөлүмүнүн жашы жете электердин иштери боюнча инспекцияда эсепте турабы | □ | □ | □ |
Бала административдик жоопкерчиликке тартылганбы | □ | □ | □ |
Бала кармалганбы (кармалган күнүн көрсөтүү) | □ | □ | □ |
Бала тергелүүчү (айыпталуучу) болуп эсептелеби | □ | □ | □ |
Бала соттолуучу болуп эсептелеби | □ | □ | □ |
Бала соттолгон болуп эсептелеби (жазанын түрү) | □ | □ | □ |
Бала жаза өтөгөн болуп эсептелеби (анын ичинде мөөнөтүнөн эрте шарттуу же жазасы алмашылуу менен бошотулган күнүн көрсөтүү керек) | □ | □ | □ |
Бала укук бузуунун/кылмыштын жабырлануучусу же күбөсү болуп эсептелеби (кылмыштын/укук бузуунун жасалган датасын көрсөтүү керек) | □ | □ | □ |
Баланын жашоосуна жана ден соолугуна кооптуулук барбы. Аны тез арада кооптуу чөйрөдөн алуу жана коопсуз жерге аныктоо керекпи. Эгерде "Ооба" болсо, себептерин көрсөтүү керек: | □ | □ | □ |
Психологиялык-педагогикалык проблемалар | Текшерүү жүргүзүлгөн датасы | ||
(биринчи баалоо) | (экинчи баалоо) | (үчүнчү баалоо) | |
Көндүмдөрү жаш курагына ылайык келет | □ | □ | □ |
Көндүмдөрү жаш курагына ылайык келбейт | □ | □ | □ |
Көндүмдөрү калыптанган эмес | □ | □ | □ |
Бала мектепке чейинки уюмга барабы | □ | □ | □ |
Бала ата-энесинин (аларды алмаштыруучу адамдардын) кароосу жок калабы | □ | □ | □ |
Бала мектепке чейинки даярдык боюнча сабактарга барабы | □ | □ | □ |
Бала мектепке барабы. Мектептин аталышын жана классын көрсөтүү керек | □ | □ | □ |
Бала башка билим берүү уюмдарына барабы (лицей, билим берүү борбору, медресе, борбор, мектеп-интернат, көмөкчү мектептер ж.б.) | □ | □ | □ |
Ушул окуу жылында бала жүйөлүү же жүйөсүз себептер боюнча мектепке окууга 40 күндөн көп жолу барган жокпу (себептерин көрсөтүү керек) | □ | □ | □ |
Эгерде бала мектепке барган эмес болсо жана/же мектепке барбаса, анда акыркы убакта баланын барбаган себебин, классын, мектебин көрсөтүү керек | □ | □ | □ |
Баланын жүрүм-турумунда проблемалар барбы (алдоо, чыр-чатактуулук, агрессиялык, оюн азгырыгы, чылым чегүү ж.б.). Керектүүсүн сызуу же көрсөтүү керек | □ | □ | □ |
Баланын жүрүм-туруму менен кооптуу проблемалары барбы же үйүндө жана/же коомдо укук бузуу жасайбы (үйдөн качуу, уурдоо, баңгизаттарын колдонуу, ичимдик ичүү, мушташуу, талап-тоноо ж.б.). Керектүүсүнүн алдын сызуу же көрсөтүү керек | □ | □ | □ |
Бала өзүн-өзү өлтүрүү ойлорун айтты беле же болбосо өзүн-өзү өлтүрүүгө аракет кылды беле | □ | □ | □ |
Балага карата сексуалдык зомбулук же болбосо асылуу болгон фактылары барбы | □ | □ | □ |
Медициналык проблемалар | Текшерүү жүргүзүлгөн датасы | ||
(биринчи баалоо) | (экинчи баалоо) | (үчүнчү баалоо) | |
Бала жашаган жеринен медициналык тейлөө алабы | □ | □ | □ |
Баланын өмүрүнө же ден-соолугуна коркунуч келтирген оору же өнөкөт оорусу, жаракаты барбы | □ | □ | □ |
Баалоо учурунда балада оорунун белгилери барбы (дене табынын көтөрүлүшү, кан кетүү, тери исиркектери, ириң чыгуу, оору ж.б.). Керектүүсүн сызып же кайсылар экенин көрсөтүү керек | □ | □ | □ |
Баалоо учурунда балада зомбулуктун белгилери барбы (кай агуу, көгөргөн жерлер, сыйрылуулар, жарааттар, күйгөн жерлер, сүрүлгөн жерлер, кесилген жерлер жана башка дене жарааттары ж.б.). Керектүүсүн сызуу же кайсы экенин көрсөтүү керек | □ | □ | □ |
Корутунду
Турмуштук оор кырдаалда турган баланын керектөөлөрү | |||
Социалдык | Укуктук | Психологиялык-педагогикалык | Медициналык |
□ Турак-жай берүү □ Турак-жайды оңдоодо жардам көрсөтүү □ Социалдык мейманканадан орун берүү □ Иш менен камсыз кылууда көмөк көрсөтүү □ Социалдык жөлөкпулдарды дайындоо □ АҮСЖ дайындоо □ Багуучусунан ажыраганы боюнча жөлөкпулду/пенсияны дайындоо □ Гуманитардык жардамды көрсөтүү (азык-түлүк, кир жуучу каражаттар, кийим-кече ж.б.) □ Көмүр, отун менен камсыз кылуу □ Материалдык жардамды көрсөтүү □ Көмөкчү техникалык каражаттарды берүү (коляска, балдактар, ортопедиялык бут кийим ж.б.) □ Зомбулуктун курмандыктары үчүн кризистик борборлордун кызматтарын көрсөтүү □ Мыйзам менен чатагы бар балдар үчүн борборлордун кызматтарын көрсөтүү □ Башпаанектердин кызматтарын көрсөтүү □ Үй-бүлөнү жана балдарды колдоо борборлорунун кызматтарын көрсөтүү □ Баланы багып алуучу (фостердик) үй-бүлөгө жайгаштыруу □ Реабилитациялоо борборлорунун кызматтарын көрсөтүү □ МСЭКтен күбөлөндүрүүдөн өткөрүү □ Адистештирилген мекемеге ден соолугунда оор жана көптөгөн чектөөлөрү бар баланы интеграциялоого көмөк көрсөтүү □ Баланы иштеген жеринен алып кетүү □ Баланы ишке орноштурууга көмөк көрсөтүү □ Башкалар | □ Паспортту алууга колдоо көрсөтүү □ Туулгандыгы жөнүндө күбөлүктү алууга колдоо көрсөтүү □ Туулгандыгы жөнүндө медициналык маалымдаманы алууга көмөк көрсөтүү □ ЖААК органдарында жазуу актысына катталуусунда колдоо көрсөтүү □ Биологиялык ата-энелерин/ туугандарын издөө, үй-бүлөгө кайра кошуу □ Адвокаттын кызматтарын көрсөтүү □ Юрист-адистердин консультациясы □ Укук коргоо жана сот органдарында баланын кызыкчылыктарын көрсөтүү □ Баланын мүлктүк укуктарын жана кызыкчылыктарын коргоо □ Укук коргоо органдарына кайрылууда, керектүү материалдарды топтоодо көмөк көрсөтүү □ Башкалар | □ Психологдун кызматтарын көрсөтүү □ Балдардын - ата-энелердин мамилелерин калыбына келтирүүгө жардам кылуу □ ПМПКнын консультациялык кызматтары □ Үйүндө окутууну уюштуруу □ ДМЧ баланы билим берүү процессине интеграциялоого колдоо көрсөтүү □ Балдардын чыгармачылык жана өнүгүү борборлорунун кызматтарын көрсөтүү □ Балдар үчүн күндүзгү борборлордун кызматтарын көрсөтүү □ Бала бакчага барууга жардам көрсөтүү □ Бала бакчага жеңилдетилген шарттарда төлөм төлөө менен баруу □ Мектепке баруу □ Акысыз окуу китептерин берүү □ Балага мектеп жабдыктарын жана формасын берүү □ Мектеп транспортун акысыз берүү □ Окутууда балага жардам көрсөтүү □ Баланы мектепке реинтеграциялоодо балага жана үй-бүлөгө социалдык педагогдун жардам көрсөтүүсү □ Мектептин жана ата-энелердин (аларды алмаштыруучу адамдардын) өз ара мамилелерин бекемдөөгө көмөк көрсөтүү □ Баланын кесиптик билим алуусу □ Баланын сырттан/кечки окуу мектептерине баруусу □ Баланын мектеп, мектептен тышкаркы уюмдар, КЭУ өткөргөн класстан тышкаркы эс алуу иш-чараларына баруусу | □ ФАП кызматтары □ ҮДТ кызматтары □ ҮМБ (бейтапкана) сейрек кесиптеги адистердин кызматтары □ адистештирилген медициналык кызматтар (аймактык ооруканалар) □ Жогорку квалификациялуу адистештирилген медициналык жардам □ Санатордук-курорттук дарылоо □ ДМЧ адамдар үчүн медициналык реабилитация □ Психотерапевт кызмат көрсөтүүлөрү □ МКПга ылайык дары каражаттарын берүү маселелери боюнча консультациялар □ Дары-дармектерди алууга материалдык жардам көрсөтүү □ Саламаттык сактоо уюмдарында баладан баш тартуу тобокелдигинде консультация берүү □ Үй-бүлө жана бала үчүн медициналык адистештирилген реабилитациялоо борборлорунда кызматтарды көрсөтүү □ Үй-бүлөнү пландаштыруу боюнча алдын ала аңгемелешүүлөрдү өткөрүү □ Соттук-медициналык экспертиза □ Баланы ресурстук үй-бүлөлүк борборго жайгаштыруу □ Башкалар |
Балдардын жана ата-энелердин (аларды алмаштыруучу адамдардын) жыйынтыктар жөнүндө (макул эместигин кошо) ойлору жана пикирлери:
| |||
БКЫОАБ кызматкеринин аты-жөнү
_________________________________________________________________________
ЖӨАБО кызматкеринин аты-жөнү
_________________________________________________________________________
Ата-энесинин (атасынын же аны алмаштыруучу адамдын) аты-жөнү
_________________________________________________________________________
Ата-энесинин (энесинин же аны алмаштыруучу адамдын) аты-жөнү
_________________________________________________________________________
Баалоого катышкан адамдардын аты-жөнү
_________________________________________________________________________
_________________________________________________________________________
_________________________________________________________________________
|
| Турмуштук оор кырдаалда турган балдарды жана үй-бүлөлөрдү табуу тартиби жөнүндө жобого 4-тиркеме |
Форма
|
| ЖМА/шаар мэриясынын 20__-жылдын "__" __________ № ____ чечими менен бекитилди _____________ |
№ ________ үй-бүлө менен жеке иштөө планы
Баланын (балдардын) ата-энесинин (атасынын) аты-жөнү _______________________
Баланын (балдардын) ата-энесинин (энесинин) аты-жөнү ________________________
Бардык балдары ______ анын ичинен: уул бала ______, кыз бала ________
Жашаган жеринин дареги ___________________________________________________
Үй-бүлөнүн проблемасын ар тараптуу баалоону өткөрүүдө табылган үй-бүлөнүн керектөөсү | Турмуштук оор кырдаалда турган үй-бүлөгө тиешелүү жардамды жана кызматтарды көрсөтүү боюнча иш-чаралар | Аткаруу мөөнөттөрү | Күтүлгөн жыйынтык | Аткарууга жооптуу | Аткарылганы/ аткарылбаганы тууралуу белги (себеби) | Жооптуу адамдын колу | Жетишкен прогресс |
Социалдык жардам | |||||||
|
|
|
|
|
|
|
|
Укуктук жардам | |||||||
|
|
|
|
|
|
|
|
Психологиялык-педагогикалык жардам | |||||||
|
|
|
|
|
|
|
|
Медициналык жардам | |||||||
|
|
|
|
|
|
|
|
План жөнүндө ата-энелердин (аларды алмаштыруучу адамдардын) түшүндүрмөсү: | ||||
| ||||
Пландоо процессине катышкан ата-энелер (аларды алмаштыруучу адамдар), үй-бүлө мүчөлөрү: | ||||
Аты-жөнү | Балага кимиси болот | Датасы | Колу | |
|
|
|
| |
|
|
|
| |
Пландоо процессине тартылган мамлекеттик органдардын, коммерциялык эмес уюмдардын, жергиликтүү социалдык кызматтардын ж.б. өкүлдөрү: | ||||
Аты-жөнү | Уюм | Дареги, телефону | Датасы | Колу |
|
|
|
|
|
План эки нускада түзүлгөн. Бир нускасы үй-бүлө башчысына/баланын (балдардын) мыйзамдуу өкүлүнө берилген:
Аты-жөнү _______________________ Датасы: __________________ Колу __________________
ҮЖИП иштеп чыккан дата _________________ ҮЖИП жабылган дата _____________________
|
| Турмуштук оор кырдаалда турган балдарды жана үй-бүлөлөрдү табуу тартиби жөнүндө жобого 5-тиркеме |
Форма
|
| ЖМА/шаар мэриясынын 20__-жылдын "__" __________ № ____ чечими менен бекитилди _____________ |
№ ___________ баланы коргоо боюнча жеке иштөө планы
Баланын аты-жөнү _______________________________________________________________
Туулган датасы _____________________ туулган жери ________________________________
Жашаган (жайгашкан) жеринин дареги ______________________________________________
Баланын проблемасын ар тараптуу баалоону өткөрүүдө табылган баланын керектөөсү | Турмуштук оор кырдаалда турган балага тиешелүү жардамды жана кызматтарды көрсөтүү боюнча иш-чаралар | Аткаруу мөөнөттөрү | Күтүлгөн жыйынтык | Аткарууга жооптуу | Аткарылганы/ аткарылбаганы тууралуу белги (себеби) | Жооптуу адамдын колу | Жетишкен прогресс |
Социалдык жардам | |||||||
|
|
|
|
|
|
|
|
Укуктук жардам | |||||||
|
|
|
|
|
|
|
|
Психологиялык-педагогикалык жардам | |||||||
|
|
|
|
|
|
|
|
Медициналык жардам | |||||||
|
|
|
|
|
|
|
|
План жөнүндө баланын (балдардын), ата-энелердин (аларды алмаштырган адамдардын) түшүндүрмөсү | ||||
| ||||
Пландоо процессине катышкан бала (балдар), ата-энелер (аларды алмаштырган адамдар), үй-бүлө мүчөлөрү: | ||||
Аты-жөнү | Балага кимиси болот | Датасы | Колу | |
|
|
|
| |
|
|
|
| |
Пландоо процессине катышкан мамлекеттик органдардын, коммерциялык эмес уюмдардын, жергиликтүү социалдык кызматтардын ж.б. өкүлдөрү: | ||||
Аты-жөнү | Уюм | Байланыш маалымдары | Датасы | Колу |
|
|
|
|
|
|
|
|
|
|
План эки нускада түзүлгөн. Бир нускасы үй-бүлө башчысына/баланын (балдардын) мыйзамдуу өкүлүнө берилген:
Аты-жөнү _____________________ Датасы: _________________ Колу _____________________
БКЖП иштеп чыккан дата __________________ БКЖП жабылган дата ___________________
Кыскартылган аталыштардын тизмеси:
ЖОЖ | - | жогорку окуу жай |
ҮДТ | - | үй-бүлөлүк дарыгерлер тобу |
АҮСЖ | - | балдары бар аз камсыз болгон үй-бүлөлөргө ай сайын берилүүчү социалдык жөлөкпул |
ЖААК | - | жарандык абалдын актыларын каттоо |
БЖКП | - | баланы коргоо боюнча жеке план |
ЖӨБАО | - | жергиликтүү өз алдынча башкаруунун аткаруу органы |
ДМЧА | - | ден соолугунун мүмкүнчүлүгү чектелген адам |
ЖМА | - | жергиликтүү мамлекеттик администрация |
МСЭК | - | медициналык-социалдык эксперттик комиссия |
КЭУ | - | коммерциялык эмес уюмдар |
ИИО | - | ички иштер органы |
ДМЧ | - | ден соолугунун мүмкүнчүлүгү чектелген |
МКП | - | мамлекеттик кепилдик программасы |
ҮЖИП | - | үй-бүлө менен жеке иштөө планы |
KЛ | - | кесиптик лицей |
ПМПК | - | психологиялык-медициналык-педагогикалык комиссия |
ОМ | - | орто мектеп |
ТОК | - | турмуштук оор кырдаал |
БКЫОАБ | - | балдарды коргоо боюнча ыйгарым укуктуу органдын аймактык бөлүмү |
ШМБ | - | шарттуу түрдө мөөнөтүнөн мурда бошоо |
ЖАМК ЖАИ | - | Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Жазаларды аткаруу мамлекеттик кызматынын жазык-аткаруу инспекциясы |
ФАП | - | фельдшердик акушердик-пункту |
ҮДБ | - | үй-бүлөлүк дарыгерлер борбору |
Тиркеме
|
| Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2015-жылдын 22-июнундагы № 391 токтому менен бекитилген |
Турмуштук оор кырдаалда турган балдарды жана үй-бүлөлөрдү табуу тартиби жөнүндө ЖОБО
(КР Министрлер Кабинетинин 2023-жылдын 10-февралындагы № 57 токтомунун редакциясына ылайык)
1. Жалпы жоболор
1. Ушул Жобо турмуштук оор кырдаалды жеңүү багытында балдары бар үй-бүлөлөрдү колдоо боюнча тиешелүү кызматтарды көрсөтүү максатында турмуштук оор кырдаалда турган балдардын маалыматтарынын автоматташтырылган маалыматтык системасын (мындан ары - ТОК АМС) пайдалануу менен турмуштук оор кырдаалда турган балдарды жана үй-бүлөлөрдү табуу тартибин жөнгө салат.
Турмуштук оор кырдаалда турган балдарга жана үй-бүлөлөргө комплекстүү социалдык кызматтарды ыкчам көрсөтүү боюнча аймактык мамлекеттик органдардын, балдарды коргоо боюнча ыйгарым укуктуу органдын аймактык бөлүмдөрүнүн, жергиликтүү өз алдынча башкаруунун аткаруу органдарынын жана жарандык коомдун ведомстволор аралык өз ара аракеттенүүсү "Түндүк" электрондук ведомстволор аралык өз ара аракеттенүү системасы аркылуу ТОК АМСти пайдалануу менен камсыз кылынат.
(КР Министрлер Кабинетинин 2023-жылдын 10-февралындагы № 57 токтомунун редакциясына ылайык)
2. Ушул Жободо төмөнкү түшүнүктөр колдонулат:
социалдык кооптуу абалда турган бала - ата-энелери (аларды алмаштыруучу адамдар) балдарын тарбиялоо, аларды окутуу жана/же багуу боюнча өз милдеттерин аткарбаган жана/же алардын жүрүм-турумуна терс таасирин тийгизген же болбосо аларга ырайымсыз мамиле кылган жана коомго жат турмушта жашаган үй-бүлөдөгү бала;
баланын муктаждыктарын көңүлгө албоо - ата-энелери же аларды алмаштыруучу адамдар тарабынан баланын тамак-ашка, кийим-кечеге, турак жайга, тарбиялоого, билим алууга, медициналык жардамга негизги муктаждыктарынын жана керектөөсүнүн тиешелүү түрдө камсыз болбогондугу;
аймактык мамлекеттик органдар - турмуштук оор кырдаалда турган балдар жана үй-бүлөлөр менен иштерди жүргүзүүдө балдарды коргоо боюнча ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдын аймактык бөлүмдөрү менен өз компетенциясынын чегинде өз ара иштешкен ички иштер, билим берүү, саламаттык сактоо, жумуштуулук, миграция жана жаштар саясаты, калкты каттоо, эмгекти коргоо, жаза-аткаруу системасы чөйрөсүндөгү көзөмөл жана контролдоо боюнча органдар.
3. Турмуштук оор кырдаалда турган балдар жана үй-бүлөлөр менен иштөө төмөнкү принциптерге негизделет:
- жекече мамиле - балдардын жана үй-бүлөнүн жеке керектөөлөрүн эске алып, калыбына келтирүү процессин жүзөгө ашыруу жолу менен ишке ашырылат;
- мыйзамдуулук - Кыргыз Республикасынын мыйзамдарынын талаптарын сактоону карайт;
- комплекстүүлүк - балдарды коргоо боюнча бардык аймактык мамлекеттик органдардын, ыйгарым укуктуу органдын аймактык бөлүмдөрүнүн, турмуштук оор кырдаалда турган балдарга жана үй-бүлөлөргө социалдык кызматтарды көрсөткөн жергиликтүү өз алдынча башкаруунун аткаруу органдары жана коммерциялык эмес уюмдардын өз ара аракетин билдирет;
- жоопкерчилик - балдарды коргоо боюнча ыйгарым укуктуу органдын аймактык бөлүмдөрүнүн, аймактык мамлекеттик органдардын жана жергиликтүү өз алдынча башкаруунун аткаруу органдарынын кызматкерлеринин коюлган милдеттерди аткарууга жеке жоопкерчилигин билдирет;
- купуялуулук - турмуштук оор кырдаалда турган балдар жана үй-бүлө жөнүндө алынган маалыматты ачыкка чыгарбоону карайт.
(КР Министрлер Кабинетинин 2023-жылдын 10-февралындагы № 57 токтомунун редакциясына ылайык)
4. Балдарды коргоо боюнча ыйгарым укуктуу органдын аймактык бөлүмү, аймактык мамлекеттик органдар жана жергиликтүү өз алдынча башкаруунун аткаруу органдары өз ишинде балдардын жана үй-бүлөлөрдүн укуктарын коргоо чөйрөсүндөгү Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актыларын, Кыргыз Республикасы катышуучусу болуп эсептелген, мыйзам тарабынан белгиленген тартипте күчүнө кирген эл аралык келишимдерди жетекчиликке алышат.
2. Турмуштук оор кырдаалга жол бербөө боюнча алдын алуу иштерин өткөрүү
5. Турмуштук оор кырдаалга жол бербөө боюнча алдын алуу иштери турмуштук оор кырдаалда турган балдарды жана үй-бүлөлөрдү колдоо боюнча чаралардын жана өз убагында кызмат көрсөтүүлөрдүн системасын камтыйт.
6. Балдарды коргоо боюнча ыйгарым укуктуу органдын аймактык бөлүмдөрү жергиликтүү өз алдынча башкаруунун аткаруу органдары, аймактык мамлекеттик органдар менен бирге турмуштук оор кырдаалга жол бербөө боюнча алдын алуу иштерин өткөрүү үчүн турмуштук оор кырдаалды эрте табуу максатында балдары бар үй-бүлөлөргө мониторинг өткөрөт.
(КР Министрлер Кабинетинин 2023-жылдын 10-февралындагы № 57 токтомунун редакциясына ылайык)
7. Балдарды коргоо боюнча ыйгарым укуктуу органдын аймактык бөлүмдөрү, аймактык мамлекеттик органдар жана жергиликтүү өз алдынча башкаруунун аткаруу органдары төмөнкүлөрдү жүзөгө ашырат:
- балдардын педагогикалык, медициналык, социалдык, укуктук кызматтарды алууга укуктарын коргоону камсыздоону;
- балдарды жана үй-бүлөнү коргоо маселелери боюнча маалыматтык-консультативдик кызматтарды көрсөтүүнү;
- балдарды жана үй-бүлөнү коргоо маселелери боюнча жарандардын арыздарын жана каттарын өз убагында карап чыгууну;
- ден соолугунун мүмкүнчүлүгү чектелген балдары бар үй-бүлөлөрдү, балдарды үй-бүлөлүк тарбиялоо шартында максималдуу өнүгүү мүмкүнчүлүгүн камсыздоону, аларды социалдаштырууну, өз алдынча жашоого даярдоону жана коомго интеграциялоону камсыздоо үчүн ден соолугунун мүмкүнчүлүгү чектелген балдары бар үй-бүлөлөрдү социалдык колдоону;
- баланын төрөлгөндүгүн өз убагында мамлекеттик каттоону;
- саламаттык сактоо уюмдарында ата-эненин (ата-энелердин) балдардан баш тартуусун жана/же калтыруусун болтурбоо боюнча чараларды;
- жашы жете электер арасында укук бузууларды болтурбоо боюнча иш-чараларды өткөрүүнү;
- үй-бүлөлүк баалуулуктарды жана балдарды адеп-ахлактык - руханий тарбиялоону пропагандалоо боюнча иш-чараларды өткөрүүнү;
- жалпыга маалымдоо каражаттарында балдардын укуктарын жана мыйзамдуу кызыкчылыктарын камсыздоо жөнүндө, турмуштук оор кырдаалда турган үй-бүлөлөрдү жана балдарды коргоону камсыздоо боюнча чаралар жөнүндө, балдардын тарбиясы жана багылышына ата-энелердин (аларды алмаштыруучу адамдардын) жоопкерчилиги жөнүндө маселелерди дайыма чагылдырууну;
- коомдо балдарга карата зомбулуктун жана ырайымсыз мамиленин ар түрдүү көрүнүштөрүнө келишпестикти калыптандыруу;
- турмуштук оор кырдаалда турган балдарды жана үй-бүлөлөрдү коргоо маселелери боюнча эл аралык жана коммерциялык эмес уюмдар менен өз ара иштешүү жана кызматташууну;
- табылган (ташталган), ошондой эле ата-энелеринин камкордугусуз калган балдар боюнча чараларды токтоосуз көрүүнү.
(КР Министрлер Кабинетинин 2023-жылдын 10-февралындагы № 57 токтомунун редакциясына ылайык)
3. Турмуштук оор кырдаалда турган балдарды жана үй-бүлөлөрдү табуу тартиби
8. Турмуштук оор кырдаалда турган балдарды жана үй-бүлөлөрдү табуу жергиликтүү өз алдынча башкаруунун аткаруу органдары, аймактык мамлекеттик органдар" деген сөздөр, "аймактык бөлүмү тарабынан" деген сөздөрдөн кийин "ТОК АМСти пайдалануу менен менен бирге балдарды коргоо боюнча ыйгарым укуктуу органдын аймактык бөлүмү тарабынан жүргүзүлөт.
(КР Министрлер Кабинетинин 2023-жылдын 10-февралындагы № 57 токтомунун редакциясына ылайык)
9. Турмуштук оор кырдаалда турган балдарды жана үй-бүлөлөрдү табууга төмөнкүлөр көмөк көрсөтөт:
- жергиликтүү өз алдынча башкаруунун аткаруу органдары;
- аймактык мамлекеттик органдар;
- Кыргыз Республикасынын жарандары;
- турмуштук оор кырдаалда турган балдарга жана үй-бүлөлөргө социалдык кызматтарды көрсөткөн коммерциялык эмес уюмдар.
Турмуштук оор кырдаалда турган балдарды жана үй-бүлөлөрдү табууда аталган органдар, уюмдар жана адамдар бир күндүк мөөнөттө ТОК АМС аркылуу балдарды коргоо боюнча ыйгарым укуктуу органдын аймактык бөлүмүнө маалымдоого милдеттүү, ТОК АМСке кирүү мүмкүнчүлүгү жок болгон учурда маалыматты бардык мүмкүн болгон ыкмалар менен (жазуу жүзүндө, оозеки, телефон, электрондук почта аркылуу) берет.
(КР Министрлер Кабинетинин 2023-жылдын 10-февралындагы № 57 токтомунун редакциясына ылайык)
10. Балдарды коргоо боюнча ыйгарым укуктуу органдын аймактык бөлүнүштөрү жергиликтүү өз алдынча башкаруунун аткаруу органдары, аймактык мамлекеттик органдар менен бирге турмуштук оор кырдаалда турган балдарды жана үй-бүлөлөрдү төмөнкү жолдор менен табат:
- жергиликтүү өз алдынча башкаруунун аткаруу органдарынан, аймактык мамлекеттик органдардан, уюмдардан жана жарандардан маалымат алуу;
- жалпыга маалымдоо каражаттарынан маалымат алуу;
- пландуу иш-чараларды (үймө-үй кыдыруу (анкеталоо), ведомстволор аралык рейддерди, акцияларды, жыйындарды, калк менен жолугушууну) өткөрүү.
(КР Министрлер Кабинетинин 2023-жылдын 10-февралындагы № 57 токтомунун редакциясына ылайык)
10-1. Табылган балдар жана үй-бүлө жөнүндө маалымат бир жумуш күндүн ичинде ТОК АМСке киргизилет.
(КР Министрлер Кабинетинин 2023-жылдын 10-февралындагы № 57 токтомунун редакциясына ылайык)
11. Балдарды коргоо боюнча ыйгарым укуктуу органдын аймактык бөлүмүнүн кызматкери жергиликтүү өз алдынча башкаруунун аткаруу органынын кызматкери менен бирге баланын (балдардын) жана үй-бүлөнүн көйгөйлөрү жөнүндө маалыматты алууда (анын ичинде ТОК АМС аркылуу) 3 иш күндүн ичинде баланын жана үй-бүлөнүн жашаган (жайгашкан) жерине баруу менен баланын (балдардын), үй-бүлөнүн, бала жайгашкан мекеменин проблемаларына текшерүүнү жүргүзөт.
Токтоосуз чараларды көрүү зарыл болгон учурда балдарды коргоо боюнча ыйгарым укуктуу органдын аймактык бөлүмүнүн кызматкери өз компетенциясынын чегинде кечиктирбестен жерине баруу менен тиешелүү иштерди жүргүзөт.
(КР Министрлер Кабинетинин 2023-жылдын 10-февралындагы № 57 токтомунун редакциясына ылайык)
12. Үй-бүлөлөргө (бала жайгашкан мекемеге) текшерүү өткөрүүдө балдарды коргоо боюнча ыйгарым укуктуу органдын аймактык бөлүмүнүн кызматкери бала жайгашкан үй-бүлөнүн же мекеменин турак жай-тиричилик шарттарын текшерүү актысын (мындан ары - акт) толтурат жана маалыматтарды анкеталоо максатында ТОК АМСке маалыматтарды киргизүү менен баланын проблемалары жана баланы жана үй-бүлөнү социалдык колдоо чаралары жөнүндө корутунду түзөт.
Актыга үй-бүлөнүн (бала жайгашкан мекеменин) турак жай-тиричилик шарттарын текшерүүгө катышкан адамдар кол коёт, актынын көчүрмөсү керек болгон учурда өз компетенциясынын чегинде тиешелүү чараларды көрүү үчүн текшерүүгө катышкан адамдарга берилет.
(КР Министрлер Кабинетинин 2023-жылдын 10-февралындагы № 57 токтомунун редакциясына ылайык)
13. Балдарды коргоо боюнча ыйгарым укуктуу органдын аймактык бөлүмү үй-бүлөнүн (бала жайгашкан мекеменин) турак жай-тиричилик шарттарын текшерүү актысын карайт жана ушул Жобонун 1-тиркемесине ылайык форма боюнча Турмуштук оор кырдаалда турган балдарды жана үй-бүлөлөрдү каттоо журналына бала жана үй-бүлө жөнүндө маалыматты каттоо менен турмуштук кыйын кырдаалда турган бала жана үй-бүлө деп таануу тууралуу чечимди кабыл алат.
4. Турмуштук оор кырдаалда турган баланын жана үй-бүлөнүн кырдаалын ар тараптуу баалоо, үй-бүлө менен жеке иштөө планын жана баланы коргоо боюнча жеке планды иштеп чыгуу жана бекитүү
14. Балдарды коргоо боюнча ыйгарым укуктуу органдын аймактык бөлүмүнүн кызматкери жергиликтүү өз алдынча башкаруунун аткаруу органы менен бирге 10 иш күндүн ичинде турмуштук оор кырдаалда турган баланын жана үй-бүлөнүн жашаган (жайгашкан) жерине баруу менен керек болгон учурда ички иштер, саламаттык сактоо органдарынын кызматкерлерин, социалдык педагогду ж.б. тартуу менен ар бир баланын жана үй-бүлөнүн проблемасын ар тараптуу баалоону өткөрөт.
Ар тараптуу баалоо сурамжылоо жана ТОК АМС турмуштук оор кырдаалда турган баланын кырдаалын ар тараптуу баалоо анкетасын жана/же турмуштук оор кырдаалда турган үй-бүлөнүн абалын ар тараптуу баалоо анкетасын толтуруу жолу менен жүзөгө ашат.
(КР Министрлер Кабинетинин 2023-жылдын 10-февралындагы № 57 токтомунун редакциясына ылайык)
15. Ар тараптуу баалоо үй-бүлө мүчөлөрү менен конкреттүү аңгемелешүү формасында жүзөгө ашат, анда төмөнкүлөр такталат:
- баланын жана үй-бүлөнүн социалдык проблемалары жана керектөөлөрү;
- баланын жана үй-бүлөнүн медициналык проблемалары жана керектөөлөрү;
- баланын жана үй-бүлөнүн психологиялык-педагогикалык проблемалары жана керектөөлөрү;
- баланын жана үй-бүлөнүн укуктук проблемалары жана керектөөлөрү.
16. Бала жана үй-бүлө жөнүндө толук маалыматты топтоо үчүн зарылдыгына жараша аймактык мамлекеттик органдардын, билим берүү уюмдарынын, социалдык тейлөө мекемелеринин, турмуштук оор кырдаалда турган балдарды колдоо чөйрөсүндө иштеген коомдук уюмдардын өкүлдөрү менен жолугушуулар өткөрүлөт.
Жашаган жери боюнча үй-бүлө мүчөлөрү жок болгон учурда балдарды коргоо боюнча ыйгарым укуктуу органдын аймактык бөлүмүнүн кызматкери бала жана үй-бүлө жөнүндө маалыматты коңшулардан, айыл башчысынан жана кварталдык комитеттерден сурамжылоо жолу менен топтоону жүзөгө ашырат.
17. (КР Министрлер Кабинетинин 2023-жылдын 10-февралындагы № 57 токтомуна ылайык күчүн жоготту)
18. Турмуштук оор кырдаалда турган баланын жана үй-бүлөнүн социалдык жана башка кызмат көрсөтүүлөргө керектөөлөрү жөнүндө ТОК АМСке киргизилген маалыматтын негизинде үй-бүлө менен жеке иштөө планынын жана/же баланы коргоо боюнча жеке пландын долбоорлору автоматтык режимде түзүлөт.
(КР Министрлер Кабинетинин 2023-жылдын 10-февралындагы № 57 токтомунун редакциясына ылайык)
19. Үй-бүлө менен жеке иштөө планынын жана/же баланы коргоо боюнча жеке пландын долбоорлору баланын ыңгайлуу шартта өнүгүшүн колдоого жана көмөк көрсөтүүгө, ошондой эле ата-энелердин, камкорчулардын жана баланын тарбиясына жана багылуусуна жооптуу башка адамдардын тарбиялык көндүмдөрүн жана мүмкүнчүлүктөрүн бекемдөөгө багытталган турмуштук кыйын кырдаалда турган балага, үй-бүлөгө керек болгон социалдык, укуктук, психологиялык-педагогикалык, медициналык жардамды көрсөтүү боюнча иш-чаралардын жана кызматтардын тизмесин аларды аткаруу мөөнөтүн жана жооптуу адамдарды көрсөтүү менен камтыйт.
20. Социалдык жардам төмөнкүлөрдү карайт:
- үй-бүлөгө же балага гуманитардык же материалдык жардам көрсөтүү;
- турмуштук оор кырдаалда турган баланы социалдык кызматтарды алуу үчүн тиешелүү социалдык борборлорго жиберүү;
- ата-энесинин кароосуз калган жана аз камсыз болгон үй-бүлөлөрдөгү балдарды ден соолукту чыңдоо лагерлерине жиберүү;
- турмуштук оор кырдаалда турган балага жана үй-бүлөгө социалдык патронаж;
- социалдык кызмат көрсөтүүлөрдүн башка түрлөрү.
21. Укуктук жардам төмөнкүлөрдү карайт:
- үй-бүлө мүчөлөрүнө акысыз юридикалык жардам алууга көмөк көрсөтүү;
- ким экендигин тастыктоочу документтерди алууда же калыбына келтирүүдө көмөк көрсөтүү;
- камкордукка (көзөмөлдүккө) берүү үчүн, ошондой эле мамлекеттик жөлөкпулду жана багуучусунан ажырагандыгы боюнча пенсияларды алуу үчүн керек болгон документтерди топтоодо көмөк көрсөтүү;
- мамлекеттик жана мамлекеттик эмес уюмдарда балдардын жана ишке жарамсыз адамдардын кызыкчылыктарын көрсөтүү;
- мыйзамдуу укуктарын бузган же басынткан мамлекеттик органдардын, жергиликтүү өз алдынча башкаруунун аткаруу органдарынын иш-аракеттерине же иш-аракетсиздигине даттанууларды даярдоодо жана берүүдө үй-бүлө мүчөлөрүнө жардам көрсөтүү;
- укуктук кызматтардын башка түрлөрү.
22. Психологиялык-педагогикалык жардам төмөнкүлөрдү карайт:
- ата-энелер же аларды алмаштыруучу адамдардын арасында балдарды окутуу зарылдыгы жөнүндө түшүндүрүү иштерин өткөрүү;
- турмуштук оор кырдаалда турган үй-бүлөлөргө жана балдарга психологиялык кызматтарды алышына көмөк көрсөтүү;
- турмуштук оор кырдаалда турган балдарды спорттук секцияларга жана маданий-эс алуу иш-чараларына тартуу;
- ырайымсыз мамилеге (зомбулукка) дуушар болгон балдарга жана мыйзам менен чатагы бар балдарга психологиялык кызматтарды көрсөтүүгө көмөк көрсөтүү;
- психологиялык-педагогикалык кызмат көрсөтүүлөрдүн башка түрлөрү.
23. Медициналык жардам төмөнкүлөрдү карайт:
- баланын саламаттык сактоо уюмунан медициналык жардам алуусу үчүн ата-энеге же мыйзамдуу өкүлүнө көмөк көрсөтүү;
- турмуштук оор кырдаалда турган балдарды саламаттык сактоо уюмдарына коштоону уюштуруу;
- баланын майыптыгын күбөлөндүрүүдө (тариздөөдө) жана кайрадан күбөлөндүрүүдө ата-энелерге же аларды алмаштыруучу адамдарга көмөк көрсөтүү;
- үй-бүлө мүчөлөрүнө же балага социалдык-медициналык патронажды уюштуруу;
- медициналык кызмат көрсөтүүлөрдүн башка түрлөрү.
24. Балдарды коргоо боюнча ыйгарым укуктуу органдын аймактык бөлүмүнүн кызматкери жергиликтүү мамлекеттик администрациянын (шаардын мэриясынын) алдындагы Балдар иштери боюнча комиссиянын (мындан ары - Балдар иштери боюнча комиссия) кароосуна ТОК АМС менен түзүлгөн үй-бүлө менен жеке иштөө планынын жана/же баланы коргоо боюнча жеке пландын долбоорлорун кагаз жүзүндө жана/же электрондук түрдө зарыл болгон маалыматтарды тиркөө менен жиберет.
(КР Министрлер Кабинетинин 2023-жылдын 10-февралындагы № 57 токтомунун редакциясына ылайык)
25. Балдар иштери боюнча комиссия 10 календарлык күндүн ичинде материалдарды, үй-бүлө менен жеке иштөө планынын жана/же баланы коргоо боюнча жеке пландын долбоорлорун карап чыгат, жергиликтүү мамлекеттик администрациянын (шаар мэриясынын) чечими формасында таризделүүчү тиешелүү чечимди кабыл алат.
25-1. Балдар иштери боюнча комиссиянын катчысы эки жумуш күндүн ичинде аткаруу үчүн жооптуу органдарга бекитилген баланы коргоо боюнча жеке планды жана/же үй-бүлө менен жеке иштөө планын ТОК АМС аркылуу жиберет.
(КР Министрлер Кабинетинин 2023-жылдын 10-февралындагы № 57 токтомунун редакциясына ылайык)
25-2. Бекитилген баланы коргоо боюнча жеке план жана/же үй-бүлө менен жеке иштөө планы белгиленген мөөнөттөрдө милдеттүү түрдө аткарылууга тийиш.
(КР Министрлер Кабинетинин 2023-жылдын 10-февралындагы № 57 токтомунун редакциясына ылайык)
26. Балдарды коргоо боюнча ыйгарым укуктуу органдын аймактык бөлүмү ТОК АМСти пайдалануу менен үй-бүлө менен жеке иштөө планында жана/же баланы коргоо боюнча жеке планда белгиленген мөөнөттөргө ылайык турмуштук оор кырдаалда турган үй-бүлөгө мониторинг жүргүзөт.
(КР Министрлер Кабинетинин 2023-жылдын 10-февралындагы № 57 токтомунун редакциясына ылайык)
27. Балдарды коргоо боюнча ыйгарым укуктуу органдын аймактык бөлүмүнүн жетекчиси үй-бүлө менен жеке иштөө планында жана/же баланы коргоо боюнча жеке планда көрсөтүлгөн иш-чаралардын аткарылышына жоошуу адамдардын иштерин координациялоо боюнча жооптуу кызматкерди дайындайт.
28. Балдарды коргоо боюнча ыйгарым укуктуу органдын аймактык бөлүмүнүн кызматкери төмөнкүлөрдү жүзөгө ашырат:
- үй-бүлө менен жеке иштөө планын жана/же баланы коргоо боюнча жеке планын аткаруу боюнча маалыматты топтоо;
- зарылдыгына жараша үй-бүлөнүн үйүнө баруу;
- үй-бүлө менен жеке иштөө планында жана/же баланы коргоо боюнча жеке планында каралган баланын жана үй-бүлөнүн керектөөсүн канааттандырууда үй-бүлөгө жана балага көмөк көрсөтүү;
- үй-бүлөдөгү жана үй-бүлөгө жана балдарга көрсөтүлгөн кызматтардын өзгөрүүлөрүнүн динамикасын талдоо;
- жолугушууларды, консультацияларды уюштуруу жана иш-чаралардын аткарылышы же аткарылбагандыгы жөнүндө аткаруучулардан жазуу жүзүндөгү маалыматты иш-чараларды аткарбоонун себебин жана үй-бүлө менен жеке иштөө планына жана/же баланы коргоо боюнча жеке планына өзгөртүүлөрдү киргизүү зарылдыгын көрсөтүү аркылуу алууда үй-бүлө менен жеке иштөө планында жана/же баланы коргоо боюнча жеке планында көрсөтүлгөн иш-чараларды ишке ашырууга жооптуу адамдардын өз ара кызматташуусу;
- үй-бүлө менен жеке иштөө планына жана/же баланы коргоо боюнча жеке планына өзгөртүүлөрдү жана толуктоолорду иштеп чыгуу жана Балдар иштери боюнча комиссиянын карап чыгуусуна киргизүү.
Үй-бүлө мониторинги зарылдыгына жараша, бирок үч айда бир жолудан кем эмес өткөрүлөт.
29. Турмуштук оор кырдаалда турган баланын жана үй-бүлөнүн кырдаалын кайрадан ар тараптуу баалоо зарылдыгына жараша алты айда бир жолудан кем эмес өткөрүлөт. Кайталанган ар тараптуу баалоонун жыйынтыгы менен балдарды коргоо боюнча ыйгарым укуктуу органдын аймактык бөлүмдөрү Балдар иштери боюнча комиссиянын кароосуна үй-бүлө менен жеке иштөө планына жана/же баланы коргоо боюнча жеке планына тиешелүү өзгөртүүлөрдү жана толуктоолорду киргизүү тууралуу тиешелүү материалдарды берет.
(КР Министрлер Кабинетинин 2023-жылдын 10-февралындагы № 57 токтомунун редакциясына ылайык)
30. Үй-бүлө менен жеке иштөө планынын жана/же баланы коргоо боюнча жеке планынын аткарылышын камсыздоо үчүн балдарды коргоо боюнча ыйгарым укуктуу органдын аймактык бөлүмүнүн кызматкери турмуштук оор кырдаалда турган үй-бүлөнү жана баланы (балдарды) коштоону жүзөгө ашырат, үй-бүлө менен жеке иштөө планын жана/же баланы коргоо боюнча жеке планын ишке ашырууга иш-чаралардын аткарылышына жооптуу органдардын жана уюмдардын адамдарынын өз ара кызматташуусун координациялайт.
31. Бекитилген үй-бүлө менен жеке иштөө планында жана/же баланы коргоо боюнча жеке планда көрсөтүлгөн мөөнөттөрдө иш-чаралар аткарылбаган учурда, балдарды коргоо боюнча ыйгарым укуктуу органдын аймактык бөлүмүнүн жана Балдар иштери боюнча комиссиянын төрагасынын сунушу боюнча аткаруу үчүн жооптууларга, анын ичинен Балдар иштери боюнча комиссиянын мүчөлөрүнө да Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык тартиптик жоопкерчилик чаралары колдонулушу мүмкүн.
(КР Министрлер Кабинетинин 2023-жылдын 10-февралындагы № 57 токтомунун редакциясына ылайык)
32. Жергиликтүү өз алдынча башкаруунун аткаруу органдарындагы социалдык маселелер боюнча комиссия керек болгон учурда баланын (балдардын) жана үй-бүлөнүн проблемалары жөнүндө корутундунун негизинде жергиликтүү өз алдынча башкаруунун аткаруу органдары тарабынан балага (балдарга) жана үй-бүлөгө мүмкүн болгон жардам жана колдоо көрсөтүү жөнүндө чечимди кабыл алат.
5. Ата-энелеринин камкордугусуз калган балдарды социалдык коштоо
33. Ата-энелеринин (ата-энесинин) камкордугусуз калган бала (балдар) жөнүндө белгилүү болгон адам шашылыш тартипте бул тууралуу балдарды коргоо боюнча ыйгарым укуктуу органдын тиешелүү аймактык бөлүмүнө жана/же аймактык мамлекеттик органга маалымдоого милдеттүү.
(КР Министрлер Кабинетинин 2023-жылдын 10-февралындагы № 57 токтомунун редакциясына ылайык)
34. Ата-энелеринин камкордугусуз калган бала жөнүндө маалымдарды алганда балдарды коргоо боюнча ыйгарым укуктуу органдын аймактык бөлүмүнүн кызматкери ата-энелеринин камкордугусуз калган баланын (балдардын) проблемаларын ар тараптуу баалоону өткөрөт жана Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык баланын (балдардын) мүлкүнүн сакталуусун камсыздайт.
Ата-энелеринин (ата-энесинин) камкордугусуз калган баланы туугандары көзөмөлгө албаган фактысы болгон учурда балдарды коргоо боюнча ыйгарым укуктуу органдын аймактык бөлүмдөрү тезинен Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2013-жылдын 24-сентябрындагы № 522 "Камкорчулук жана көзөмөлчүлүк маселелери жөнүндө" токтомуна ылайык баланы багып алуучу үй-бүлөгө же балдардын интернаттык мекемесине убактылуу жайгаштырууну камсыздайт.
35. Табылган (ташталган), ата-энелеринин камкордугусуз калган балдар жөнүндө факт аныкталган учурда, балдарды коргоо боюнча ыйгарым укуктуу органдын аймактык бөлүмү ички иштер органынын кызматкерлери менен бирге жагдайлар аныкталганга чейин аны (аларды) алып кетүү боюнча токтоосуз чараларды көрөт.
Мында алгачкы медициналык жардам көрсөтүү, ошондой эле баланы үй-бүлөсү менен бириктирүү максатында биологиялык ата-энелерин (ата-энесин) же туугандарын издөө боюнча иштер жүргүзүлөт, зарыл болгон учурда туулгандыгы тууралуу күбөлүгүн калыбына келтирүү же алуу боюнча иштер жүргүзүлөт.
(КР Министрлер Кабинетинин 2023-жылдын 10-февралындагы № 57 токтомунун редакциясына ылайык)
35-1. Табылган (ташталган) баланын статусу такталганга жана аныкталганга чейин, багып алуучу (фостердик) үй-бүлөгө, ал эми мындай мүмкүнчүлүк жок болгон учурда башка балдардын интернат мекемесине убактылуу жайгаштыруу камсыз кылынат.
(КР Министрлер Кабинетинин 2023-жылдын 10-февралындагы № 57 токтомунун редакциясына ылайык)
36. Ата-энесинин камкордугусуз калган бала төмөнкүлөргө тарбиялоого өткөрүп берилүүгө тийиш:
- камкордукка (көзөмөлдүккө) туугандарынын үй-бүлөсүнө;
- камкорчулардын (көзөмөлчүлөрдүн) үй-бүлөсүнө;
- асыроочулардын үй-бүлөсүнө;
- багып алуучу (фостердик) үй-бүлөгө;
- баштапкы камкордукка;
- өзгөчө учурларда (ата-энесинин камкордугусуз калган баланы үй-бүлөдө тарбиялоого өткөрүп берүү мүмкүнчүлүгү жок болгондо) - балдардын интернат мекемелерине.
37. Ата-энесинин камкордугусуз калган баланы балдардын интернат мекемесине жиберүүдө балдардын интернат мекемесинин администрациясы менен бирге балдарды коргоо боюнча ыйгарым укуктуу органдын аймактык бөлүмү баланы үй-бүлөсүнө кошуу максатында биологиялык үй-бүлөсүн же туугандарын издөө боюнча иштерди өткөрөт.
38. Баланы биологиялык үй-бүлөсүнө кошуу же туугандарынын үй-бүлөсүнө жайгаштыруу мүмкүн болбогон учурда балдарды коргоо боюнча ыйгарым укуктуу органдын аймактык бөлүмүнүн кызматкери Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2010-жылдын 2-мартындагы № 125 "Ата-энелеринин камкордугусуз калган балдар жөнүндө мамлекеттик маалыматтар банкын түзүү жана пайдалануу тартиби тууралуу" токтому менен бекитилген форма боюнча ата-энесинин камкордугусуз калган балага анкетаны толтурат жана ата-энесинин камкордугусуз калган балдар жөнүндө мамлекеттик маалыматтар банкына ата-энесинин камкордугусуз калган бала жөнүндө маалыматты киргизет.
39. Ата-энесинин камкордугусуз калган ар бир балага балдарды коргоо боюнча ыйгарым укуктуу органдын аймактык бөлүмүнүн кызматкери өздүк дело ачат.
Ата-энесинин камкордугусуз калган баланын өздүк делосунда төмөнкүдөй документтер камтылышы керек:
- ата-энесинин камкордугусуз калган балага анкета;
- баланын туулгандыгы жөнүндө күбөлүк же баланын туулгандыгы жөнүндө актылык жазмасынан көчүрмө;
- баланын ата-энесинин камкордугусуз калгандыгын тастыктаган документтердин бири: ата-энесинин (ата-энелеринин) өлгөндүгү тууралуу күбөлүк; баланын ата-энесин (ата-энелерин) ата-энелик укуктан ажыратуу же чектөө жөнүндө соттун чечими; ата-энесинин (ата-энелери) аракетке жөндөмсүздүгү, дайынсыз жоктугу же каза болгондугу тууралуу соттун чечими; калтырылган (табылган) бала жөнүндө ички иштер органы түзгөн акты; баланы асыроого берүү жөнүндө ата-энесинин (ата-энелеринин) арызы;
- баланын ден соолугу, дене-бой жана акыл-эсинин абалы жөнүндө саламаттык сактоо уюму берген маалымкат;
- саламаттык сактоо жаатындагы ыйгарым укуктуу орган белгилеген форма боюнча баланын өсүп-чоңоюу таржымалы;
- саламаттык сактоо жаатындагы ыйгарым укуктуу орган бекиткен форма боюнча алдын алуу эмдөөлөрүн эсепке алуу картасы;
- баланын билими тууралуу документ (бар болсо);
- балага тиешелүү болгон мүлктүн тизмеги жана анын сакталышына жооп берген адамдар тууралуу маалымат;
- балага турак-жай аянтын бекитип берүү жөнүндө документтер;
- алименттерди өндүрүү тууралуу соттун чечими;
- мамлекеттик жөлөкпулду же багуучусунан ажырагандыгы боюнча пенсияны алууга ата-энесинин камкордугусуз калган баланын укуктарын тастыктаган документтер;
- тиешелүү жергиликтүү мамлекеттик администрациянын (шаар мэриясы) чечими менен бекитилген баланы коргоо боюнча жеке план.
40. Ата-энесинин камкордугусуз калган баланы балдардын мамлекеттик интернат мекемесине (балдар үйү, жетим балдар жана ата-энесинин камкордугусуз калган балдар үчүн мектеп-интернатка, акыл-эс жана дене-бой өнүгүү кемчиликтери бар балдар үчүн мектеп-интернатка ж.б.) жиберген учурда ушул Жобонун 39-пунктунда көрсөтүлгөн документтердин түп нускасы менен ата-энесинин кароосуз калган баланын өздүк делосу тиешелүү мекеменин администрациясына берилет.
Мында ТОК АМС аркылуу түзүлгөн бала жөнүндө маалымат "Түндүк" электрондук ведомстволор аралык өз ара аракеттенүү системасы аркылуу интернат тибиндеги балдар мекемелеринин автоматташтырылган маалыматтык-аналитикалык системасына берилет.
Ата-энесинин камкордугусуз калган баланы жеке менчик формасында болгон балдардын интернат мекемесине аныктаганда ушул Жобонун 39-пунктунда көрсөтүлгөн документтердин түп нускасы менен ата-энесинин камкордугусуз калган баланын өздүк делосу балдарды коргоо боюнча ыйгарым укуктуу органдын тиешелүү аймактык бөлүмүндө сакталат.
Баланы камкордукка (көзөмөлдүккө), асыроого, багып алуучу (фостердик) үй-бүлөгө берген учурда ушул Жобонун 39-пунктунда көрсөтүлгөн документтердин күбөлөндүрүлгөн көчүрмөсү балдарды коргоо боюнча ыйгарым укуктуу органдын аймактык бөлүмүндө сакталат.
(КР Министрлер Кабинетинин 2023-жылдын 10-февралындагы № 57 токтомунун редакциясына ылайык)
6. Ден соолугунун мүмкүнчүлүгү чектелген балдарды социалдык коштоо
41. Ден соолугунун мүмкүнчүлүгү чектелген баласы бар үй-бүлөнү тапканда балдарды коргоо боюнча ыйгарым укуктуу органдын аймактык бөлүмүнүн кызматкери жергиликтүү өз алдынча башкаруунун аткаруу органдарынын кызматкери менен бирге үй-бүлө жашаган жерге баруу менен ден соолугунун мүмкүнчүлүгү чектелген баланын жана үй-бүлөнүн проблемаларын ар тараптуу баалоону өткөрөт жана үй-бүлө менен жеке иштөө планынын жана/же баланы коргоо боюнча жеке планынын долбоорун ТОК АМСти пайдалануу менен иштеп чыгат.
(КР Министрлер Кабинетинин 2023-жылдын 10-февралындагы № 57 токтомунун редакциясына ылайык)
42. Саламаттык сактоо уюму ден соолугунун мүмкүнчүлүгү чектелгендигин күбөлөндүргөн белгилери бар балдарды тапкан учурда балада майыптыктын барлыгын белгилөө фактысы үчүн тиешелүү медициналык-социалдык эксперттик комиссияга аларды жиберет, баланын майыптыгын күбөлөндүрүүдө (тариздөөдө) жана кайрадан күбөлөндүрүүдө көмөк көрсөтөт.
Балдарды коргоо боюнча ыйгарым укуктуу органдын аймактык бөлүмүнүн кызматкери зарылдыгына жараша бала медициналык-социалдык экспертизадан өз убагында өтүүсү үчүн ден соолугунун мүмкүнчүлүгү чектелген балдары бар үй-бүлөлөрдү коштоону жүзөгө ашырат.
43. Мамлекеттик жалпы билим берүү уюмдары жалпы билим берүү уюмдарында ден соолугунун мүмкүнчүлүгү чектелген балдарга билим берүү кызматтарын көрсөтүү үчүн шарттарды түзөт, билим берүү уюмдарына баруу мүмкүнчүлүгү болбогон балдарга үйүнө барып билим берүү кызматтарын көрсөтөт.
Үйүндө билим берүү кызматтарын алган балдар тууралуу маалымат балдарды коргоо боюнча ыйгарым укуктуу органдын аймактык бөлүмүнө берилет.
44. Ден соолугунун мүмкүнчүлүгү чектелген балдарга реабилитациялоо жана абилитациялоо кызматтарын уюштуруу үчүн аймактык мамлекеттик органдар жергиликтүү өз алдынча башкаруунун аткаруу органдары менен бирге ден соолугунун мүмкүнчүлүгү чектелген балдардын алардын кызматтарына жетүүсүн камсыздоо үчүн шарттарды түзөт.
45. Балдарды коргоо боюнча ыйгарым укуктуу органдын аймактык бөлүмдөрү жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары ден соолугунун мүмкүнчүлүгү чектелген балдары бар ата-энелерге Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык мамлекеттик колдоо чаралары жөнүндө маалымат берет.
46. Саламаттык сактоо уюмдары ден соолугунун мүмкүнчүлүгү чектелген балдарды жалпы багуунун практикалык көндүмдөрүнө ээ болуу маселелери боюнча ден соолугунун мүмкүнчүлүгү чектелген балдары бар ата-энелерге консультация берет.
7. Балдар эмгегинин эң начар формаларына тартылган балдарды социалдык коштоо
47. Балдар эмгегинин эң начар формаларына тартылган балдарды тапкан учурда балдарды коргоо боюнча ыйгарым укуктуу органдын аймактык бөлүмүнүн кызматкери жергиликтүү өз алдынча башкаруунун аткаруу органынын кызматкери менен бирге баланын иштеген же жашаган жерине баруу менен балдар эмгегинин эң начар формаларына тартылган баланын проблемаларына ТОК АМСти пайдалануу менен ар тараптуу баалоону өткөрөт.
Балдар эмгегинин эң начар формаларына тартылган баланын проблемаларын ар тараптуу баалоону өткөрүүдө төмөнкүлөр жүзөгө ашырылат:
- маалыматты аныктоо үчүн баланы сурамжылоо (аты-жөнү, жашы, жашаган дареги, ата-энеси тууралуу маалымат);
- балдардын иштөөсүнө түрткү болгон себептерди табуу;
- иштеген жерин көрүп чыгуу жана эмгек шартына баа берүү.
Баланын ден соолугуна зыян келтирген балдар эмгегинин эң начар формаларына тартылган балдарды тапкан учурда балдарды иш ордунан шашылыш алуу жүргүзүлөт.
(КР Министрлер Кабинетинин 2023-жылдын 10-февралындагы № 57 токтомунун редакциясына ылайык)
48. Эмгекти коргоо чөйрөсүндөгү көзөмөл жана контроль боюнча ыйгарым укуктуу органдын аймактык бөлүмүнүн өкүлү менчигинин формасына карабастан ишканаларда, мекемелерде жана уюмдарда баланын иш ордун карап чыгууну жүзөгө ашырат.
49. Эмгекти коргоо чөйрөсүндөгү көзөмөл жана контроль боюнча ыйгарым укуктуу органдын кызматкери:
- аткарылган иштин көлөмүнө баланын жашынын ылайыктуулугун белгилейт;
- Кыргыз Республикасынын Эмгек кодексине ылайык түзүлгөн бала менен эмгек келишиминин барлыгына иш берүүчү менен аңгемелешүүнү өткөрөт;
- Кыргыз Республикасынын Эмгек кодексинде белгиленген эмгекти коргоо талаптарын сактоо боюнча иш берүүчү менен түшүндүрүү иштерин өткөрөт;
- балдар эмгегинин эң начар формаларына тартылган балдар тууралуу балдарды коргоо боюнча ыйгарым укуктуу органдын аймактык бөлүмүнө маалыматты жиберет.
50. Жалпы билим берүү уюмуна барбаган баланы тапкан учурда балдарды коргоо боюнча ыйгарым укуктуу органдын аймактык бөлүмү билим берүү органы менен бирге баланы окууга тартуу боюнча чараларды көрөт.
51. Кыргыз Республикасынын Эмгек кодексине ылайык жумуштуулук, миграция жана жаштар чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу орган Балдар иштери боюнча комиссиянын чечиминин негизинде билим алууга тоскоолдук кылбаган, баланын ден соолугуна жана социалдык өнүгүүсүнө зыян келтирбеген иштерди аткарууга 14 жаш курагына жетпеген балдарды ишке орноштурууга көмөк көрсөтөт.
52. Аймактык мамлекеттик органдар жана жергиликтүү өз алдынча башкаруунун аткаруу органдары ата-энелер же аларды алмаштыруучу адамдардын арасында балдарды балдар эмгегинин эң начар формаларына эрте тартуунун терс таасирлери, баланы багуу, окутуу жана тарбиялоо үчүн алардын жоопкерчилиги жөнүндө түшүндүрүү иштерин өткөрөт.
8. Мыйзам менен чатагы бар балдарды социалдык коштоо
53. Баланын кармалгандыгы жөнүндө ички иштер органдарынан маалыматты алганда балдарды коргоо боюнча ыйгарым укуктуу органдын аймактык бөлүмүнүн кызматкери баланы кармаган жерге анын укуктарын коргоону жүзөгө ашыруу үчүн келүүгө тийиш.
54. Жазык жоопкерчилигине тартуу курагына жете элек жашы жете элек тарабынан кылмыш жасоо фактысы аныкталган учурда, балдарды коргоо боюнча ыйгарым укуктуу органдын аймактык бөлүмү төмөнкүдөй жагдайларды белгилейт:
- ушул жосунду жасоого түрткү болгон себептерин жана шарттарын;
- жасалган жосундун социалдык коркунучунун даражасын;
- жашы жете электи тарбиялоо шартын;
- жашы жете элек тарабынан кылмыш жаза мыйзамдарында каралган кылмышты кайталап жасоо тобокелдигинин барлыгы.
55. Балдарды коргоо боюнча ыйгарым укуктуу органдын аймактык бөлүмүнүн кызматкери бала кармалган учурдан тартып:
- баланын жана анын үй-бүлөсүнүн проблемаларына ар тараптуу баалоону өткөрөт, үй-бүлө менен жеке иштөө планынын жана/же баланы коргоо боюнча жеке планынын долбоорлорун ТОК АМСти пайдалануу менен иштеп чыгат;
- баланын пайдасына күбө болуучу материалдарды топтоону жүзөгө ашырат;
- адвокат (коргоочу) менен макулдашуу боюнча баланы реабилитациялоо боюнча иш-чаралардын планын иштеп чыгат жана Балдар иштери боюнча комиссиянын карап чыгуусуна киргизет;
- жазык иши боюнча өндүрүштүн бардык стадияларына катышат.
(КР Министрлер Кабинетинин 2023-жылдын 10-февралындагы № 57 токтомунун редакциясына ылайык)
56. Аймактык ички иштер органдары, жазык-аткаруу системасынын органдары жана балдарды коргоо боюнча ыйгарым укуктуу органдын аймактык бөлүмү менен бирге ал өз үй-бүлөсүндө аныкталган төмөнкүдөй милдеттерди сактоо шартында кала тургандай кылып, кылмыш кылган жашы жете электи көзөмөлдөө боюнча чараларды алдын ала көрөт, алар:
- билим берүү уюмдарына дайыма барып туруу;
- медициналык кароодон өтүү;
- аныкталган жерлерге барууну же белгилүү бир адамдар менен сүйлөшүүгө тыюу салуу;
- аймактык административдик бирдиктердин чектеринен чыгууга тыюу салуу;
- жазык-аткаруу системасындагы органдарына билдирбестен жашаган жерин өзгөртүүгө тыюу салуу.
57. Эгерде жашы жете элек үй-бүлөдө жашай албаса же ал ушул Жобонун 56-пунктунда көрсөтүлгөн милдеттерди аткара албаган учурда аймактык ички иштер органы Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык альтернативдүү чараларды колдонуу жөнүндө чечимди чыгарган жердеги сотко маалымдайт.
58. Сот жашы жете элек балага карата аны эркинен ажыратуу тууралуу чечимди кабыл алган учурда балдарды коргоо боюнча ыйгарым укуктуу органдын аймактык бөлүмү жаза аткарууну жүзөгө ашырган мекемеге мыйзам менен чатагы бар жашы жете электи реабилитациялоо боюнча мурда кабыл алынган иш-чаралар планын жиберет.
9. Ырайымсыз мамилеге (зомбулукка) дуушар болгон балдарды социалдык коштоо
59. Ырайымсыз мамилеге (зомбулукка) дуушар болгон бала жөнүндө билген адам балдарды коргоо боюнча ыйгарым укуктуу органдын аймактык бөлүмүнө жана укук коргоо органдарына бул бала тууралуу маалыматты тезинен берет.
60. Ырайымсыз мамилеге (зомбулукка) дуушар болгон бала жөнүндө маалыматты алганда балдарды коргоо боюнча аймактык бөлүмүнүн кызматкери ички иштер органынын кызматкери менен бирге тезинен (ошол эле күнү) балага карата ырайымсыз мамиленин (зомбулуктун) болгон фактысын аныктоо жана баланын жана анын үй-бүлөсүнүн проблемаларын ТОК АМСти пайдалануу менен ар тараптуу баалоону өткөрүү үчүн бала жашаган (жайгашкан) орду боюнча барып текшерет.
Ар тараптуу баалоону өткөрүүнүн жүрүшүндө төмөнкүлөр белгиленет:
- үй-бүлөдө (бала жайгашкан мекемеде) балага карата ырайымсыз мамиленин (зомбулуктун) фактысы болгондугун;
- балага тиешелүү адистердин жардамынын зарылдыгын (медициналык кызматкерлер, психологдор);
- үй-бүлөдө (бала жайгашкан мекемеде) баланын мындан аркы болуу мүмкүнчүлүгүн.
(КР Министрлер Кабинетинин 2023-жылдын 10-февралындагы № 57 токтомунун редакциясына ылайык)
61. Үй-бүлөдө, ал жайгашкан мекемеде баланын өмүрүнө жана ден соолугуна түздөн-түз коркунуч болгон (дене бой, психологиялык, сексуалдык зомбулукту колдонуу, ырайымсыз мамиле же эксплуатация) шашылыш учурларда балдарды коргоо боюнча ыйгарым укуктуу органдын аймактык бөлүмүнүн кызматкери ички иштер органынын кызматкери менен бирге күбөлөрдүн катышуусунда үй-бүлөдөн (ал жайгашкан мекемеден) баланы алат жана баланы алуу жөнүндө актты тариздейт.
Баланы алуу жөнүндө акт төрт нускада түзүлөт, балдарды коргоо боюнча ыйгарым укуктуу органдын аймактык бөлүмүнүн мөөрү басылат жана ички иштер органына, ата-энелерге же аларды алмаштыруучу адамдарга берилет.
Балдарды коргоо боюнча ыйгарым укуктуу органдын аймактык бөлүмү бир сутканын ичинде шашылыш тартипте кабыл алынган чаралар жөнүндө сотко жазуу жүзүндө маалымдайт жана Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында белгиленген тартипте баланы үй-бүлөдөн (ал жайгашкан мекемеден) тышкары жайгаштырат.
10 жашка чыккан баланы аны үй-бүлөдөн (ал жайгашкан мекемеден) алганда балдарды коргоо боюнча ыйгарым укуктуу органдын аймактык бөлүмүнүн кызматкери ага коргоо көрсөтүү тартибин түшүндүрөт.
62. Баланы үй-бүлөдөн (ал жайгашкан мекемеден) алганда балдарды коргоо боюнча ыйгарым укуктуу органдын аймактык бөлүмү анын иш-аракетине сот тартибинде даттануу мүмкүнчүлүгү тууралуу ата-энелерине же аларды алмаштыруучу адамдарга жазуу жүзүндө маалымдайт.
63. Зарыл болгон учурда балдарды коргоо боюнча ыйгарым укуктуу органдын аймактык бөлүмү үй-бүлөдөн (ал жайгашкан мекемеден) алынган баланы медициналык жардам көрсөтүү үчүн саламаттык сактоо уюмуна жөнөтөт.
Медициналык жардам көрсөтүлгөндөн кийин балдарды коргоо боюнча ыйгарым укуктуу органдын аймактык бөлүмү баланы туугандарына 6 айлык мөөнөткө убактылуу камкордукка же багып алуучу (фостердик) үй-бүлөгө, ал эми мындай мүмкүнчүлүк жок болгон учурда - башка балдар интернат мекемесине жиберет.
Балдарды коргоо боюнча ыйгарым укуктуу органдын аймактык бөлүмү үй-бүлөнү турмуштук оор кырдаалдан чыгаруу жана ата-эненин жана баланын ортосундагы мамилелерди калыбына келтирүү боюнча үй-бүлө менен иштерди алып барат.
64. Ички иштер органдары:
- балага карата ырайымсыз мамилеге (зомбулукка) жол берген адамдарды административдик же жазык жоопкерчилигине тартуу боюнча Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык чара көрөт;
- бала социалдык кооптуу абалда турган жагдайды тапкан учурда алдын алуу сыяктуу чараларды көрүү үчүн ички иштер органына ата-энелерди же аларды алмаштыруучу адамдарды алдын алуучу эсепке коюуну жүзөгө ашырат;
- балдарга терс таасирин тийгизген ата-энелер же аларды алмаштыруучу адамдар менен жеке алдын алуу иштерин өткөрөт жана алар балдардын укуктарын жана мыйзамдуу кызыкчылыктарын сактоосуна чараларды көрөт;
- социалдык кооптуу абалда турган балдар жана ички иштер органдарында эсепке алынган үй-бүлөлөр жөнүндө маалыматтар базасына маалыматтарды киргизет.
65. Балдарды коргоо боюнча ыйгарым укуктуу органдын аймактык бөлүмү дене бой, психологиялык зомбулук же баланын негизги керектөөлөрүн көңүлгө албаган фактысын тапкан учурда:
- ырайымсыз мамиленин (зомбулуктун) бардык формаларынан коргоого баланын укуктарын ишке ашырат;
- ырайымсыз мамиленин (зомбулуктун) жана анын өнүгүүсү үчүн баланын негизги керектөөлөрүн көңүлгө албоонун натыйжасы жөнүндө ата-энелер же аларды алмаштыруучу адамдар менен маектешүүнү өткөрөт;
- ата-энелерге же аларды алмаштыруучу адамдарга жоопкерчилиги жөнүндө маалымат берет жана балага карата ырайымсыз мамилеге (зомбулукка) жол бербөө тууралуу жазуу жүзүндөгү эскертүүнү чыгарат;
- ички иштер органында алдын алуу эсебине үй-бүлөнү койгондугу тууралуу билдирет жана үй-бүлөдөгү кырдаалдын өзгөрүшү боюнча мониторинг жүргүзөт.
66. Балдар интернат мекемесинде жайгашкан балага карата ырайымсыз мамиле (зомбулук) жасалгандыгы тууралуу маалыматты билген адамдар укук коргоо органына жана балдарды коргоо боюнча ыйгарым укуктуу органдын аймактык бөлүмүнө маалыматты берүүгө милдеттүү.
10.Турмуштук оор кырдаалда турган баланы жана үй-бүлөнү эсептен чыгаруу
67. Балдарды коргоо боюнча ыйгарым укуктуу органдын аймактык бөлүмүндөгү эсептен турмуштук оор кырдаалда турган баланы жана үй-бүлөнү чыгарууга төмөнкүлөр негиз болуп эсептелет:
- ТОК АМСти пайдалануу менен бала жана үй-бүлө үчүн турмуштук оор кырдаалды түзгөн себептерди жана шарттарды жоюу, үй-бүлө менен жеке иштөө планына жана/же баланы коргоо боюнча жеке планына ылайык балага жана үй-бүлөгө социалдык колдоо көрсөтүү;