Загрузка документа…
КР Министрлер Кабинетинин 2025-жылдын 25-апрелиндеги № 237 токтомуна ылайык КҮЧҮН ЖОГОТОТ
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ӨКМӨТҮНҮН ТОКТОМУ
2015-жылдын 24-июну № 410
Балык чарбасы чөйрөсүндөгү ченемдик укуктук актыларды бекитүү жөнүндө
"Балык чарбасы жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамын ишке ашыруу максатында, "Кыргыз Республикасынын Өкмөтү жөнүндө" Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 10 жана 17-беренелерине ылайык Кыргыз Республикасынын Өкмөтү токтом кылат:
1. Төмөнкүлөр бекитилсин:
- Балыктарды климатташтыруу, коё берүү жана Кыргыз Республикасынын көлмөлөрүн балыктандыруу боюнча иштерди жүргүзүү тартиби жөнүндө жобо 1-тиркемеге ылайык;
- Аквакультураны, балык уулоону өнүктүрүү жана товардык көлмө балык чарбаларын уюштуруу үчүн Кыргыз Республикасынын көлмөлөрүн пайдалануу тартиби жөнүндө жобо 2-тиркемеге ылайык;
- Кыргыз Республикасынын көлмөлөрүндө ышкыбоздук жана спорттук балык уулоо эрежелери 3-тиркемеге ылайык;
- Кыргыз Республикасынын табигый көлмөлөрүнө жана суу сактагычтарына коё берилүүчү балык өстүрүү продукцияларын эсепке алуу тартиби жөнүндө жобо 4-тиркемеге ылайык.
2. Ушул токтом расмий жарыяланган күндөн он күн өткөндөн кийин күчүнө кирет.
"Эркин Тоо" газетасынын 2015-жылдын 3-июлунда № 61 жарыяланды
Кыргыз Республикасынын Премьер-министри |
| Т.Сариев |