Загрузка документа…
КР Министрлер Кабинетинин 2025-жылдын 25-апрелиндеги № 237 токтомуна ылайык КҮЧҮН ЖОГОТОТ
1-тиркеме
|
| Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2015-жылдын 24-июнундагы № 410 токтому менен бекитилген |
Балыктарды климатташтыруу, коё берүү жана Кыргыз Республикасынын көлмөлөрүн балыктандыруу боюнча иштерди жүргүзүү тартиби жөнүндө ЖОБО
1. Жалпы жоболор
1. Балыктарды климатташтыруу, коё берүү жана Кыргыз Республикасынын көлмөлөрүн балыктандыруу боюнча иштерди жүргүзүү тартиби жөнүндө ушул жобо (мындан ары - Жобо) "Балык чарбасы жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына ылайык иштелип чыккан жана көлмөлөрдүн балык продуктуулугун жогорулатуу жана экологиялык абалын жакшыртуу, ошондой эле сырттан алынып келген баалуу балык түрлөрүн климатташтыруу, көчүрүп келүү жана балык чарбалык маанидеги суу объектилеринде алардын туруктуу популяцияларын түзүү максатында балык чабактарын коё берүү, көлмөлөрдү балыктандыруу иштерин жүргүзүүнүн тартибин аныктайт.
2. Балыктарды жана суу омурткасыздарын климатташтыруу, коё берүү, көчүрүп келүү, көбөйтүү жана көлмөлөрдү балыктандыруу, табигый жана жасалма көлмөлөрдө, садоктук жана башка атайын курулмалардагы балык запастарын көбөйтүү, өндүрүү боюнча комплекстүү иш-чаралардын курамдык бөлүгү болуп саналат.
3. Балыктарды коё берүү, көчүрүп келүү жана көлмөлөрдү балыктандыруу боюнча иштерди жана иш-чараларды жүргүзүүнүн милдеттери болуп суу экосистемаларынын ихтиофаунасын түзүүгө багытталган, алардын түрдүк курамын жакшыртуу, ошондой эле балыктын айрым баалуу түрлөрүнүн жана суу омурткасыздарынын санын сактоо, көбөйтүү жана алардын жашаган ареалын кеңейтүү жолу менен балык продуктуулугун жана көлмөлөрдүн чарбалык баалуулугун жогорулатуу болуп саналат.
4. Ушул Жободо төмөндөгүдөй негизги түшүнүктөр жана аныктамалар пайдаланылат:
балык байырлаган ареал - дайыма жашаган жеринин туруктуулугуна карабастан, кокустан жашап калган жерди эсептебегенде, ошол балыктын түрү таралган географиялык аймак;
биологиялык негиздеме - балыкты же өнөр жайлык жана (же) балыктын баалуу чектелген түрлөрүн кармоого, суу объектилеринен алына турган балыктын мүмкүн болгон көлөмдөрүн аныктоого, суу биоресурстарынын жана алар байырлаган чөйрөнүн абалына таасир бере турган чарбалык ишке карата берилген илимий-негизделген корутунду;
балыкты өстүрүүнүн жана көбөйтүүнүн биотехникасы - жашоонун жаңы байырлаган жерлеринде балыктын баалуу түрлөрүн өстүрүү жана көбөйтүүгө жана чарбалык пайдаланууга байланыштуу жүргүзүлүүчү иштерди жүргүзүү биотехнологиясы боюнча илимий рекомендациялар;
балыкты көчүрүп келүү (балыктандыруу) - балык уулоочу, балыгы көп жерлерге балыктын айрым түрлөрүн коё берүүгө багытталган иш;
суу биологиялык ресурстары (суу биоресурстары) - табигый көлмөлөрдө жана суу агымдарында табигый эркин абалдагы балыктар, суу омурткасыздары жана башка суу жаныбарлары жана өсүмдүктөрү;
балык чарбалык маанидеги суу объектилери - балык өстүрүүчүлүк, балык уулоочулук же балыкты көбөйтүү максаты үчүн пайдаланылуучу же пайдаланыла турган табигый көлмөлөр, суу сактагычтар жана дарыялар, ошондой эле алардын өзүнчө тилкелери (акваториялары);
көлмөлөрдү балыктандыруу - балыктын өз алдынча көбөйө турган популяцияларын түзүү, балыктын баалуу, сейрек кездешүүчү, эндемикалык жана жоголуп кетүү коркунучунда турган түрлөрүн сактоо жана товардык балык азыгын алуу максатында көлмөлөрдө жана балык уулоо тилкелеринде балыктын урук материалын жана балыкты коё берүү;
тоют базасы - көлмөдө жашаган жана ихтиофаунанын тоюту катарында пайдаланыла турган өсүмдүктөр жана жандуу организмдердин саны;
балыкты интродукциялоо - мурда өздөштүрүлбөгөн же жашаган ареалынан тышкаркы балыктуу жерлерге балыкты коё берүү;
балыктын популяциясы - белгилүү балыктуу жерлерде жашаган балыктын бир түрүнүн өзүнчө жыйындысы;
балыктын урук материалы - балык чарбалык маанидеги суу объектилеринин балык азыктуулугун жогорулатуу максатында көлмөлөргө жана балык уулоочу участокторго коё берилген балыктын чабагы;
балык чарбалык бассейн - балыктын белгилүү түрлөрүнүн өзүнчө популяциялары байырлаган балык чарбалык маанидеги суу объектилеринин жана акваторияларынын тобу;
ихтиофаунаны реконструкциялоо - көлмөдө баалуулугу аз балыктардын түрлөрүн кыскартып, жогорку сапаттагы балыктарды коё берүү жолу менен балыктардын үйүрүн түзүүгө багытталган процесс;
реакклиматизация - бул түр байырлаган табигый (мурдагы) ареалынын чегинде кандайдыр бир себептер менен жок болуп кеткен популяцияны калыбына келтирүү максатында түрдүн өзүнчө организмдерин коё берүү.
2. Балыктын баалуу түрлөрүн климатташтыруу, коё берүү жана көлмөлөрдү балыктандыруу боюнча иштерди уюштуруу жана жүргүзүү
5. Тоют базасын жана табигый, башка көлмөлөрдүн ихтиофаунасын түзүү боюнча бардык иштер Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына жана ушул Жобого ылайык жүргүзүлөт.
6. Балыктын баалуу түрлөрүн, суу омурткасыздарын климатташтыруу жана көлмөлөрдүн фауна жана флорасын түзүү боюнча иш-чаралардан мурда биологиялык негиздемени иштеп чыгуу керек.
7. Биологиялык негиздеме төмөндөгүдөй маалыматтардын негизинде иштелип чыгат:
1) суу биоресурстарын климатташтыруу боюнча иш-чараларды жүргүзүүнүн максаттуулугу;
2) климатташтырууга сунушталган суу биоресурстарынын касиеттери:
- коё берүү үчүн сунушталган суу биоресурстарынын биологиялык жана экологиялык мүнөздөмөлөрү;
- коё берилүүчү объектинин чарбалык, экономикалык, өнөр жайлык (массалык, өнөр жайлык жеткиликтүүлүк), азык-түлүктүк жана башка өзгөчөлүктөрү;
- коё берилүүчү көлмөнүн экосистемасына жана ихтиофаунасына карата болжолдуу таасир;
- коё берилүүчү объектилердин таза партиясын тандоо боюнча сунуштар (коё берилүүчү көлмөлөрдүн экологиялык системасы үчүн коркунучтуу кырдаалдын түзүлүшү коё берүүнүн кепилдиги);
3) суу биоресурстарын климатташтыруу боюнча иш-чараларды жүргүзүү болжолдонгон суу объектисинин кабыл алуучу сыйымдуулугу:
- климатташтыруу сунушталган суу биоресурстарынын байырлоосу, көбөйүшү жана натуралдашуусу үчүн жарактуулук көз карашында жол берилүүчү көлмөнүн экосистемасынын мүнөздөмөсү;
- коё берилүүчү балыктардын мүмкүн болгон жайылуу аймагы жана алардын санын экосистемада өнөр жайлык пайдалануу же тоют объектиси катары пайдалануу көлөмүнө чейин көбөйтүүнүн болжолдуу мөөнөттөрү;
- күтүлгөн балык уулоо (тоют болуучу омурткасыздар үчүн - күтүлүүчү биомасса жана балыктардын массалык түрдө пайдалануусунун мүмкүн болгон мөөнөттөрү);
4) иштерди жүргүзүүнүн биотехникасы боюнча сунуштар:
- балыктын урук материалы алынган жер, коё берүүнү ишке ашыруу максатка ылайыктуу суу биоресурстарынын стадиясы, коё берүүнүн мөөнөтү, суу биоресурстарынын жыл сайын коё берүүнүн керектүү саны, коё берүүлөрдүн кайталануусу, транспорттоонун ыкмалары жана шарттары.
8. Ышкыбоздук балык уулоо объектилерин кошо эсептегенде, климатташтыруу объектисин, табигый көлмөлөргө жана суу сактагычтарга коё берүүгө жана балыктандырууга биологиялык негиздеме, суу биологиялык ресурстарын изилдөөгө адистешкен илимий уюмдар жана ихтиолог-адистер тарабынан иштелип чыгат жана эреже катарында Кыргыз Республикасынын Өкмөтү аныктаган Илимий-өндүрүштүк кеңештин чечими менен бекитилет.
9. Бекитилген биологиялык негиздеме мамлекеттик балык чарбаларынын, балык чарбалык субъектилердин ишинин жылдык планына киргизүү жана табигый көлмөлөргө жана суу сактагычтарга коё берүүгө сунушталган суу биоресурстарын климатташтыруу жана коё берүү боюнча пландаштырылган иш-чараларды алардын аткарылышы үчүн негиз болуп саналат.
10. Балык чарбасын башкарууга ыйгарым укуктуу мамлекеттик орган республиканын илимий уюмдары менен бирге:
- балыктын баалуу түрлөрүн жана башка суу биоресурстарын климатташтыруу боюнча иштерди жүргүзүүнү уюштурат жана климатташтыруу, коё берүү, алып келүү, балыктарды көбөйтүү жана Кыргыз Республикасынын көлмөлөрүн балыктандыруу боюнча балык чарбаларынын иштерин координациялайт;
- балыктын баалуу түрлөрүнүн популяциясынын санын комплекстүү изилдөөлөрдүн, Илимий-өндүрүштүк кеңештин чечиминин негизинде көлмөлөрдүн ихтиофаунасын калыптандыруу планын түзөт жана илимий биологиялык негиздемелерди иштеп чыгууну уюштурат;
- коё берилген балыктарды климатташтыруунун жүрүшүнө мониторинг жүргүзөт, климатташтыруунун натыйжаларын чыгарат жана климатташтыруу иштеринин майнаптуулугун аныктайт.
11. Климатташтыруу иштерин жүргүзүүнүн пландарынын долбоорлору жана балык өстүрүү, көбөйтүү же балык уулоо максаттарында пайдаланууга берилген көлмөлөрдө ихтиофаунаны багыттуу түзүү боюнча юридикалык жана жеке жактардын сунуштары белгиленген тартипте берилген илимий биологиялык негиздемени жана мамлекеттик экологиялык экспертизанын корутундусун эске алуу менен Илимий-өндүрүштүк кеңеш тарабынан каралат.
12. Республиканын көлмөлөрүндө балык өнөр жайынын объектилерин климатташтыруу, ошондой эле спорттук жана ышкыбоздук балык уулоо боюнча климатташтыруу иштеринин пландарына кирген иш-чаралар, балык чарбасын башкаруучу атайын ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдын байкоосу алдында жүргүзүлөт.
13. Климатташтыруу объектилерин алып келүү, көбөйтүү, балык чабактарын коё берүү жана көлмөлөрдү балыктандыруу боюнча иштерди аткара турган юридикалык жана жеке жактар аткарылган иштер тууралуу белгиленген маалыматты балык чарбасын башкаруучу ыйгарым укуктуу органга берет.
14. Балыктандыруу же климатташтыруу максаттарында көлмөлөргө балык чабактарын жана суу омурткасыздарын коё берүү, балык чарбасын башкаруу, жаратылышты коргоо органдарынын, илимий жана коомдук уюмдардын, ошондой эле жалпыга маалымдоо каражаттарынын өкүлдөрү катышкан комиссия тарабынан аткарылат.
15. Эндемикалык фаунасы бар көлмөлөрдө климатташтыруу иштерин жүргүзүүгө тыюу салынат.
16. Балыктын урук материалын коё берүү балыктын урук материалын өстүргөн (жеткирген) адамдын катышуусунда, балык чарбасын башкаруучу ыйгарым укуктуу мамлекеттик орган тарабынан белгиленген түрдө балыктын чабагын коё берүү же көлмөнү балыктандыруу актысын түзүү менен аткарылат. Коё берүү актысы үч нускада таризделет жана мамлекеттик органдардын, илимий жана коомдук уюмдардын өкүлдөрүнө, ошондой эле көлмөлөргө балык чабагын коё берүүгө жана балыктандырууга катышкан юридикалык жана жеке жактарга берилет.
17. Климатташтыруу объектилерин ташуу жана балыктандыруу белгиленген ветеринардык эрежелерге жана ченемдиктерге ылайык жүргүзүлөт.
18. Ата-мекендик жана чет өлкөлүк ихтиофаунанын климатташтыруунун өзгөчө баалуу объектилери менен иштөөдө балык чарбасын башкаруучу ыйгарым укуктуу мамлекеттик орган балыктын өзгөчө баалуу түрлөрүнүн эне үйүрүн түзүү максатында айрым балык чарбалык көлмөлөрдү эне үйүрү катары пайдалана алат.
19. Мамлекеттик балык чарбалары, балык уулоочу-спорттук коомдор жана башка көлмөлөрдү пайдалануучулар республиканын көлмөлөрүнө жергиликтүү көлмөлөрдүн ихтиофаунасына зыян келтире турган жаңы балыктын түрлөрүн жана суу организмдерин өзү билип коё берүүгө жол берилбестиги жөнүндө калк арасында түшүндүрүү иштерин жүргүзүшөт.
20. Балык чарбасын башкаруучу мамлекеттик ыйгарым укуктуу орган төмөндөгүдөй чараларды уюштурат жана ишке ашырат:
- колдонуудагы балык коргоо мыйзамдарына ылайык климатташтыруу объектилерин коргоону;
- коё берилген түрлөрдү коргоо зарылдыгы жөнүндө калк арасында түшүндүрүү иштерин жүргүзүүнү;
- климатташтырылган объектилерди кармап алуулар жөнүндө маалыматтарды, аларды кармоо убактысын, жерин көрсөтүү менен дайыма чогултууну;
- коё берилгендерди климатташтыруунун жүрүшүнө ихтиологиялык кызматтын күчтөрүнүн туруктуу байкоолорун жүргүзүүнү.
21. Тиешелүү биологиялык негиздеме берилгенден кийин илимий уюмдардын же ихтиологиялык кызматтын сунуштары боюнча климатташтыруу объектилеринин планында каралган көлмөлөргө коё берүүнү токтотуу чечими Илимий-өндүрүштүк кеңеш менен макулдаштыкта кабыл алынат.
3. Климатташтыруу, балыктарды коё берүү жана көлмөлөрдү балыктандыруу иштерин жүргүзүү тартибин бузгандыгы үчүн жоопкерчилик
22. Балыктарды климатташтыруу, коё берүү, алып келүү жана көлмөлөрдү балыктандыруу боюнча иштерди жүргүзгөн юридикалык жана жеке жактар төмөнкүлөр:
- илимий биологиялык негиздемесиз жана климатташтыруу боюнча иштерге мамлекеттик экологиялык экспертизанын оңдуу корутундусуз жайгаштырылуучу көлмөлөрдүн экологиялык системасына туура келбеген балыктардын түрлөрү жана башка суу биологиялык ресурстарын климатташтыруу, коё берүү, алып келүү жана көбөйтүү иштерди жүргүзгөндүгү;
- көлмөлөргө климатташтыруу объектилери менен бирге башка түрлөрдү, анын ичинде жырткыч балыктарды же балыктын эндемикалык түрлөрүнүн жок болушуна, ошондой эле көлмөлөрдө жугуштуу оорулардын пайда болушунун жана таралуусуна себепкер болгон суу тоют организмдерди, оору козгоочу балыктарды жайгаштыргандыгы үчүн жоопкерчиликтүү болушат.
23. Юридикалык жана жеке жактар балыкты жана башка суу биоресурстарын климатташтыруу боюнча иштерди жүргүзүүдө белгиленген тартип бузулган учурда Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык жоопкерчилик тартышат.