Загрузка документа…
|
| Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2015-жылдын 24-июнундагы № 410 токтому менен бекитилген |
Аквакультураны, балык уулоону өнүктүрүү жана товардык көлмө балык чарбаларын уюштуруу үчүн Кыргыз Республикасынын көлмөлөрүн пайдалануу тартиби жөнүндө ЖОБО
1. Жалпы жоболор
1. Аквакультураны, балык уулоону өнүктүрүү жана товардык көлмө балык чарбаларын уюштуруу үчүн Кыргыз Республикасынын көлмөлөрүн пайдалануу тартиби жөнүндө ушул жобо (мындан ары - Жобо) "Балык чарбасы жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына ылайык иштелип чыккан жана аквакультураны, балык уулоону өнүктүрүү жана товардык көлмө балык чарбаларын уюштуруу үчүн көлмөлөрдү пайдалануу тартибин аныктайт.
2. Ушул Жободо төмөндөгүдөй негизги түшүнүктөр жана алардын аныктамалары колдонулат:
- аквакультура - суу биоресурстарынын өндүрүштүк запастарын толуктоо же товардык продукцияны алуу максатында, адамдын контролдоосу алдында жүргүзүлүүчү балыктарды, башка суу жаныбарларын жана өсүмдүктөрдү көбөйтүү, багуу жана өстүрүү боюнча иштин түрү;
- акватория - кандайдыр бир табигый, жасалма же шарттуу чек аралар менен чектелген көлмөлөрдүн суу мейкиндиги;
- бассейн - балыктарды кармоо үчүн сыйымдуу, анча чоң эмес жасалма көлмө сыйымдуулук;
- вегетациялык мезгил - жаратылыш факторлоруна (температура, күндүн узактыгы ж.б.) байланышкан балыктын өсүүсү жана өнүгүүсү үчүн эң жагымдуу мезгил, ал эреже катары апрелден октябрга чейин созулат;
- балык чарба иши - балык өстүрүүгө, балык уулоого, кайра өндүрүүгө, балык ресурстарын коргоого жана үйрөнүүгө байланышкан иш;
- балык чарба мелиорациясы - суу биоресурстарын табигый кайра өндүрүүнүн шарттарын жакшыртууга жана көлмөлөрдүн биологиялык азыктуулугун жогорулатууга багытталган аракеттер же иш;
- балык өстүрүүчүлүк - көлмөлөрдү балыктын урук материалдары менен балыктандыруу, ошондой эле жасалма көлмөлөрдө товардык балыктарды багуу жана көбөйтүү жолу менен, аларды кармоо, кийин сатуудан киреше алуу максатында балыкты жана башка суу биоресурстарын өстүрүү боюнча иш;
- балык өстүрүүчүлүк-мелиорациялык иш чаралар - баалуу балык чабактарын жасалма жол менен көбөйтүү боюнча иш-чаралар, жасалма урук чыгаруучуларды, балыктардын көбөйүү шарттарын жана байырлоочу жерлерин жакшыртуу максатында гидротехникалык курулуштарды куруу, ашыкча суу өсүмдүктөрүн чабуу, булактарды тазалоо, балыктардын урук чыгуучу жайылмаларга өтүүсүнө кызмат өтүүчү куймаларды тазалоо жана тереңдетүү;
- балык өстүрүү-биологиялык негиздеме - көлмөнүн, анын ихтиофаунасынын абалы жөнүндө билүүгө мүмкүн болгон иш-чаралар комплекси жана алынган маалыматтардын негизинде аны балык чарбалык өздөштүрүү, пайдалануу мүмкүнчүлүгү жөнүндө корутунду чыгаруу;
- садоктордо балык өстүрүү - балыктарды атайын жабдылган, табигый же жасалма түзүлгөн көлмөлөрдө же садоктордо өстүрүү;
- садоктордо балык өстүрүү чарбасы - садоктордо товардык балык азыгын өндүрүүгө адистештирилген чарба;
- садок - балык кармоо жана өстүрүү үчүн курулма;
- балык байырлоочу чөйрө - балык табигый эркин абалда байырлаган табигый суу чөйрөсү (суу мейкиндиги);
- көлмө-товардык балык чарбасы - чарбалык баасы төмөн балыктарды кармоонун эсебинен алардын ихтиофаунасын толук же жарым-жартылай алмаштыруу, аларда балыктардын баалуу түрлөрүн коё берүү, өстүрүү жана кийин кармоо менен көлмөлөрдү балык чарбалык пайдаланууну жакшыртууну жүргүзгөн чарба;
- аквакультура объектилери - жарым-жартылай эркин же жасалма жол менен түзүлгөн байырлоо шарттарында көбөйтүү, багуу же өстүрүү максатында пайдаланылган балыктар, башка суу биоресурстары;
- аквакультуранын ачык шарттары - суу объектилеринен (алардын бөлүктөрүнөн) аквакультура объектилеринин сыртка чыгуусуна жолтоо болгон тоскоолдуктар менен бөлүнбөгөн, суу чөйрөсүндө аквакультура объектилерин көбөйтүү, багуу жана өстүрүү шарттары;
- пайдалануучу - аквакультура, балык көбөйтүү же балык уулоо максаттары үчүн балык чарбалык маанидеги суу объектилери же алардын тилкелери белгиленген тартипте пайдаланууга берилген юридикалык жана (же) жеке жактар;
- аквакультуранын жабык шарттары - суу объектилеринен (алардын бөлүктөрүнөн) аквакультура объектилеринин сыртка чыгуусуна тоскоолдуктар аркылуу бөлүнгөн суу чөйрөсүндө аквакультуранын объектилерин көбөйтүү, багуу жана өстүрүү шарттары;
- аквакультура продукциясы - чарбалык иш жүргүзүүнүн натыйжасында алынган аквакультура объектилеринин бардык түрлөрү, ошондой эле алардан өндүрүлгөн тамак-аш продукциясы жана айыл чарба продукциясына кирген уруктандырылган икра.
2. Өндүрүү жана (же) аквакультураны пайдалануу тармагындагы балык чарбалык иш чөйрөсүндөгү негизги принциптер
3. Аквакультура өндүрүшү жана (же) пайдалануу тармагындагы түзүүнүн, өнүгүүнүн, иштин негизги принциптери төмөндөгүлөрдү камтыйт:
- аквакультуранын туруктуу өнүгүүсүн камсыз кылуу максатында экологиялык, экономикалык жана социалдык кызыкчылыктардын илимий негизделген шайкештиги;
- балык чарбалык маанидеги суу объектилеринин акваторияларынын жана аквакультура объекттерин өстүрүү боюнча балык чарбаларын пландаштырууда жана түзүүдө аларга талапташ аймактардын табигый жана социалдык-экономикалык өзгөчөлүктөрүн эсепке алуу;
- аквакультура чөйрөсүндөгү чарбалык же башка иштен келип чыгуучу антропогендик булганууга жол бербөө;
- аквакультура чөйрөсүндө чарбалык ишти негиздеген долбоорлордун жана башка документтердин мамлекеттик экологиялык экспертизасын милдеттүү жүргүзүү;
- айлана-чөйрөгө зыян келтирүүгө, суу биоресурстарынын запастарынын, алардын суу объектилериндеги сандык жана сапаттык курамынын азайышына жол бербөөчү ыкмалар менен аквакультура объекттерин өндүрүү;
- аквакультура объектилерин туура пайдаланууну камсыз кылуу үчүн балык чарбалык иштин ченемдик-укуктук базасын өркүндөтүү;
- аквакультура жаатындагы, балык чарбалык маанидеги суу объектилериндеги суу биоресурстарынын запастарын көбөйтүү жана биологиялык көп түрдүүлүгүн сактоого багытталган ишке көмөк көрсөтүү;
- атаандаштыкты жогорулатуу, ата мекендик өндүрүүдөгү аквакультура продукциясынын сапатын жакшыртуу, ассортиментин кеңейтүү, ушундай продукция менен калкты камсыз кылуу үчүн шарттарды жакшыртуу;
- аквакультуранын өнүгүүсүнө жардам берүү, аквакультуранын ата мекендик субъектилеринин жана аквакультура продукцияларынын улуттук рыногунун кызыкчылыктарын коргоо;
- аквакультураны өнүктүрүүгө болгон балык чарбалык суу объектилеринин фондусун пайдалануунун натыйжалуулугун жогорулатуу;
- аквакультура чөйрөсүндө эл аралык илимий-техникалык кызматташтыкты өнүктүрүү.
4. Аквакультура өндүрүшүндөгү балык чарбасынын ишине коюлуучу негизги талаптар:
- аквакультуранын биологиялык негиздүү жана туруктуу өнүгүүсү;
- аквакультура өндүрүшү жана анын өнүгүүсү үчүн оптималдуу шарттарды камсыз кылуу;
- аквакультуранын өндүрүлгөн (өстүрүлгөн) продукцияларын эсепке алуу жана балык чарбасын башкаруучу ыйгарым укуктуу органга отчет берүү;
- аквакультура продукциясынын сапатын жана аквакультураны өнүктүрүү максаттары үчүн пайдаланылган балык чарбалык көлмөлөрдүн балык продуктуулугун сактоо жана кармоо;
- аквакультура өндүрүшүнө байланышкан суу экосистемаларында жагымсыз өзгөрүүлөргө жол бербөө;
- пайдаланууга берилген көлмөлөрдү, балык уулоо участокторун жана балык ресурстарын, көлмөлөрдү пайдалануучулар тарабынан егердик кызматты түзүү жана кармоо жолу менен коргоону камсыз кылуу;
- товардык балыкты, урук материалын жана асыл тукумдуу материалын өстүрүү үчүн көлмө аянттарын натыйжалуу жана туура пайдалануу;
- аквакультура өндүрүшү балык байырлоочу чөйрөгө, балык ресурстарына жана адамдын ден соолугуна зыян келтирбеген методдор менен жүргүзүлүшү керек;
- балык чарбалык жана башка ишти аткарууда, көлмөлөрдүн ихтиофаунасына жана алардын байырлоочу чөйрөсүнө келтирилген зыяндын ордун толук толтуруу;
- суу объектилериндеги аквакультура өндүрүшү, коомдун жана айрым жарандардын балык продукциясына жана балык уулоодогу керектөөлөрүн канааттандыруу үчүн суу биоресурстарын үзгүлтүксүз жана коромжусуз пайдаланууну камсыз кылуусу зарыл;
- суу биоресурстарын коргоо, көбөйтүү жана туура пайдалануу тармагындагы Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында каралган башка талаптарды аткаруу.
3. Аквакультуранын багыттары жана түрлөрү
5. Ишинин багыттары боюнча аквакультура:
- аквакультуранын товардык продукциясын алуу жана аны андан ары сатуу (товардык аквакультура);
- суу биоресурстарын жасалма жол менен көбөйтүү, өстүрүү;
- рекреациялык кызматтарды көрсөтүү максаттарында жүргүзүлүшү мүмкүн.
6. Уюштуруучулук-технологиялык көрсөткүчтөр боюнча аквакультура интенсивдүү, жарым интенсивдүү жана экстенсивдүү формалар боюнча жүргүзүлүшү мүмкүн.
7. Товардык аквакультураны алуунун негизги багыттары жайыттык, көлмөлүк, өнөр жайлык жана рекреациялык аквакультура болушу мүмкүн:
1) көлмө аквакультурасын жүргүзүү үчүн жасалма көлмөлөр, сайдын суулары, дамбалар менен тосулган жана балык чарбалык бассейндерден жасалма жол менен бөлүнгөн башка чакан суу объектилери пайдаланылат;
2) көлмө жана өнөр жайлык аквакультурада аквакультуранын объектилерин жасалма жол менен салынган, толук же жарым-жартылай текшерилүүчү шарттарда, аквакультуранын жарым интенсивдүү жана интенсивдүү формаларын колдонуу менен өстүрүүнү караштырат;
3) жайыт аквакультурасы үчүн балык чарбалык суу объектилери жана балык уулоо участоктору пайдаланылат, мында жайыттык аквакультура айлана-чөйрөгө зыян келтирбеген экстенсивдүү формада жүргүзүлөт;
4) рекреациялык аквакультура балык чарбалык көлмөлөрдө жана чакан көлмөлөрдө ышкыбоздук жана спорттук балык уулоону уюштуруу менен балык өстүрүүчүлүктү жүргүзүү системасына негизделет.
4. Балык чарбалык ишти жүргүзүү үчүн көлмөлөрдү жана алардын айрым участокторун пайдалануу
8. Товардык балык өстүрүү максатында жасалма көлмөлөрдү, алардын айрым участокторун пайдалануу, документтердин пакетин даярдоо жана балык өстүрүү, уулоо жана балык запастарын кайра өндүрүү максаттары үчүн көлмөлөрдү берүү боюнча акы төлөнүүчү мамлекеттик кызмат көрсөтүү жөнүндө келишимдин негизинде ишке ашырылат.
9. Табигый жана жасалма көлмөлөрдө аквакультураны жана балык уулоону өнүктүрүү боюнча иш жүргүзүү үчүн, балык чарбасын башкаруучу ыйгарым укуктуу мамлекеттик орган, балыктардын жана башка суу биоресурстардын байырлоо, өстүрүү жана кармоо чөйрөсү катары көлмөлөрдүн акваториясын (суу мейкиндигин) же айрым участокторун пайдалануучуларга берет.
10. Көлмөлөрдө же алардын айрым участокторунда балык чарбалык иштин объектилери болуп көлмөлөрдүн жана дарыялардын атайын балык уулоочу жерлеринин акваториясы же балык чарбалык өздөштүрүү жана балык өстүрүү, көбөйтүү же уулоо максаттарында пайдалануу үчүн берилген алардын бөлүктөрү саналат.
11. Пайдаланууга берилген көлмөлөрдүн же алардын айрым участокторунун акваториясынын аянты, көлмөнүн же алардын айрым участокторунун суу бети боюнча бөлүнгөн чек аралары менен чектелет.
12. Балык чарбасын башкаруучу ыйгарым укуктуу орган суу фондунун суу алдындагы (суу мейкиндигиндеги) жер участокторун бөлбөйт жана анын чек араларын жеринде натуралай белгилебейт.
13. Балык чарбасы жана балык өстүрүү максатында көлмөнү пайдалангандыгы үчүн акынын көлөмү көлмөнүн балык чарбалык паспортунун негизинде аныкталат, ирригациялык көлмөлөрдөгү суунун акваториясынын аянты суунун өзгөрүшүнө жараша өзгөрүп турушу мүмкүн.
14. Балык уулоо максатында көлмөлөрдү жана дарыялардын балык уулоочу участокторун пайдалануу үчүн акынын көлөмү балык уулоого бөлүнгөн квоталардын же лимиттердин негизинде түрү жана айрым көлмөлөр (дарыялар) боюнча аныкталат.
5. Балык чарбасын жайгаштыруу үчүн орунду (участокту) тандоо тартиби
15. Товардык балык өстүрүү үчүн көлмөнү тандоодо ихтиологиялык, гидробиологиялык, паразитологиялык изилдөөлөр жүргүзүлөт, гидрохимиялык көрсөткүчтөр боюнча суунун сапатына баа берилет жана көлмөнүн гидрологиялык мүнөздөмөсү изилденет.
16. Көлмөнүн гидрохимиялык режими өстүрүлө турган балыктын биологиялык өзгөчөлүктөрүнө жооп бериши жана баалуу балык продукциясын алууну кепилдөөгө тийиш. Сууда жол берилген чектен ашкан уулуу жана зыяндуу заттар топтолбошу керек.
17. Балык өстүрүүчүлүк-биологиялык негиздемени (мындан ары - ББН) уюштуруунун жана даярдоонун максаты балык өстүрүүчү чарбаны жайгаштыруучу жерлерди, балык өстүрүүчү көлмөлөрдү курууга бериле турган участокторду баалоо, суу чөйрөсүнүн экологиялык абалына мүмкүн болгон таасир берүүнү эске алуу менен көлмөнүн балык чарбалык пайдалануу шарттарын талдоо, балыктандыруунун түрлөрүн жана көлөмдөрүн аныктоо жана балык продукциясын өстүрүү болуп саналат.
18. ББНда курулуш же балык өстүрүүчү чарбаны жайгаштыруу болжолдонгон жерди изилдөөнүн негизинде, жер участогун жана суу объектисин тандоонун максатка ылайыктуулугу жана тандалган жер участокторунда балык өстүрүүчү көлмөлөрдү куруу мүмкүндүгү дыкат талданат.
19. Балык чарба көлмөлөрүн куруу планы жана сметалык-долбоорлоо документтери жергиликтүү мамлекеттик администрациянын же жергиликтүү өз алдынча башкаруу органынын көлмөлөрдү куруу үчүн жер участогун дайыма же убактылуу пайдаланууга берүү жөнүндө белгиленген мыйзамдарга, экологиялык, балык чарбалык, курулуштук, санитардык-гигиеналык жана башка атайын талаптарга ылайык чечиминин негизинде тапшырыкчы тарабынан иштелип чыгат.
20. Көлмө чарбаларын курууга бөлүнүп берилген жерди баалоо жана балык чарбасынын айлана-чөйрөгө тийгизиши мүмкүн болгон таасирин эске алуу менен көлмөнү пайдалануу шарттарын талдоо үчүн тапшырыкчы мамлекеттик экологиялык экспертизага болжолдонгон чарбалык иштин айлана-чөйрөгө тийгизген таасирине баа берүү (АЧТБ) долбоорун берет.
21. Балыкты товардык өстүрүү ББНнын талаптарына ылайык жүргүзүлүшү керек.
22. ББН техникалык-экономикалык негиздемелердин курамдык бөлүгү болуп саналат жана көлмөлөрдү куруунун, балык чарбаларын жайгаштыруунун, балык чарбалык өздөштүрүүнүн, ар кандай көлмөлөрдү пайдалануунун баштапкы этабы болуп саналат.
23. ББН тапшырыкчынын билдирмеси боюнча балык өстүрүүчү адистер жана балык чарбасын башкаруучу ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдын ихтиологдору жана илимий уюмдардын кызматкерлери тарабынан иштелип чыгат.
6. Көл, садоктук жана көлмөлүк товардык балык чарбаларын уюштуруунун жана иштөөсүнүн тартиби
24. Садоктук, көл жана көлмөлүк балык чарба тармагындагы балык чарбаларынын иши (мындан ары - аквакультура) атайын садоктук курулмаларда же белгиленген тартипте пайдаланууга берилген суу объектилеринде же алардын өзүнчө участокторунда жүргүзүлөт.
25. Аквакультураны өнүктүрүү үчүн өзүнчө көлдөр, суу сактагычтар, жасалма көлмөлөр товардык балык чарбасын түзүүгө мүмкүн болгон жана башка көлмөлөр пайдаланылат.
26. Садоктук курулмаларда балыктарды жана аквакультуранын башка объектилерин илимий уюмдар тарабынан иштелип чыккан, балыктын тиешелүү түрлөрүн жана башка суу объектилерин өстүрүүнүн жана көбөйтүүнүн методикасынын негизинде көбөйтүүгө жол берилет.
27. Көлмөлөр же алардын айрым участоктору көл товардык балык чарба (мындан ары - КТБЧ) жана аларда аквакультураны өнүктүрүү максатында аларды КТБЧ категориясына өткөрүү жолу менен садоктук балык чарбалар формасында пайдаланылышы мүмкүн.
28. КТБЧ негизги балык чарбалык суу бассейндердеги гидрологиялык режимге жана балык запастарын табигый кайра өндүрүүгө олуттуу таасир бербеген, товардык балык өстүрүүгө берилген көлмөлөрдө же алардын участокторунда түзүлөт.
29. Суу объектисин же анын өзүнчө участокторун КТБЧ формасында пайдаланууга берүү, бул көлмө же анын участогу бекитилип берилген аквакультураны өнүктүрүү үчүн биологиялык негиздемеси бар пайдалануучунун демилгеси боюнча жүргүзүлөт.
30. Пландаштырылган даярдык иштеринин комплекси өткөрүлгөндөн кийин, балык чарбалык иштеринин бекитилген планынын негизинде балык чарбасынын, айлана-чөйрөнү коргоонун жана экологиялык коопсуздуктун мамлекеттик органдарынын, илимий жана коомдук уюмдардын, балык чарба ассоциацияларынын өкүлдөрүнөн турган курамдагы комиссия тарабынан көлмөнү же көлмө участогун пайдалануу режимин КТБЧ формасында пайдаланууга өткөрүү боюнча иштердин аяктагандыгы жөнүндө акт түзүлөт.
31. КТБЧ негизги милдеттери товардык балыкты өндүрүүнүн көлөмүн көбөйтүү жана чыгарылып жаткан балык продукцияларынын сапатын жакшыртуу болуп саналат.
32. Көлмөлөрдүн балык продуктуулугун жогорулатууга жана алардагы ихтиофаунанын сапаттык курамын жакшыртууга балык чарбалык-мелиорациялык иш-чараларды өткөрүү жолу менен жетишилет.
33. Интенсивдүү өнүгүүнү камсыздаган КТЧБ аралаш типте: көл-көлмө жана товардык балык чарбасы болушу мүмкүн.
34. Пайдалануучунун көлмөнү же анын айрым участогун КТЧБ тармагында пайдалануусу үчүн:
- көлмөнү КТБЧ формасында эксплуатациялоо режимине өткөрүү боюнча иштердин аяктагандыгы жөнүндө комиссия мүчөлөрү тарабынан кол коюлган акт;
- КТБЧ формасында эксплуатациялоо үчүн көлмөнү пайдаланууга берүү жөнүндө келишим негиз болот.
35. КТБЧ чарбалык мааниси төмөн балыктарды кармоонун, баалуу балык түрлөрүн коё берүү, товардык салмакка чейин өстүрүү жана кийин кармоо жолу менен алардагы ихтиофаунаны өзгөртүү аркылуу көлдөрдү, жасалма-көлмөлөрдү жана суу сактагычтарды балык чарбалык пайдаланууну жакшыртуу үчүн түзүлөт.
7. Балык чарбалык маанидеги суу объектилеринин балык чарба мелиорациясы
36. Балык чарбалык маанидеги суу объектилеринин балык чарба мелиорациясы, балык чарбасын башкаруучу ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдын макулдугу менен, мамлекеттик балык өстүрүүчү чарбалардын, ошондой эле көлмөлөрдү пайдалануучулардын жыл сайын иштеп чыгуучу балык өстүрүүчүлүк-мелиорациялык пландарынын негизинде жүргүзүлөт.
37. Мамлекеттик маанидеги балык чарбалык суу-көлмөлөрдө балык өстүрүүчү-мелиорациялык иштер балык чарбасын өнүктүрүү фондунун бюджеттик эмес каражаттарынын эсебинен өткөрүлөт.
38. Балык өстүрүү, көбөйтүү же уулоо максаттарында пайдалануучуларга бекитилип берилген суу-көлмөлөрдө жана балык уулоо участокторунда балык өстүрүү-мелиорациялык иштер суу объекттерин пайдалануучулардын өз каражаттарынын эсебинен жүргүзүлөт.
39. Суу объектилеринин балык чарбалык мелиорациясы мамлекеттик балык өстүрүүчү чарбалар, ошондой эле Кыргыз Республикасынын Айыл чарба жана мелиорация министрлиги бекиткен суу объектилеринин балык чарбалык мелиорациясы боюнча иштерди жүргүзүүнүн эрежелерине ылайык суу объекттери бекитилип берилген көлмөлөрдү пайдалануучулар тарабынан жүргүзүлөт.
40. Суу объектилеринин балык чарбалык мелиорациясы жана көрсөтүлгөн иштерди жүргүзүүнү мониторингдөө, балык чарбасын башкаруунун ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдары белгилеген тартипте жүргүзүлөт.
41. Иштердин пландарына ылайык аткарылган көлмөлөрдү балык чарбалык мелиорациялоо боюнча иш-чаралар, балык чарбаларынын, айлана-чөйрөнү коргоо жана экологиялык коопсуздук органдарынын, илимий жана коомдук уюмдардын өкүлдөрүнүн катышуусунда комиссия тарабынан кабыл алынат жана бүткөн иштерди кабыл алуу актылары түзүлөт.
8. Балыктар байырлаган чөйрөнү коргоого карата жалпы талаптар
42. Балыкты жана башка суу биоресурстарын көбөйтүү жана өстүрүү максатында Кыргыз Республикасынын балык чарба көлмөлөрүндө садоктук жана башка жасалма курулмаларды, объектилерди жайгаштырууга, мамлекеттик экологиялык экспертизанын жана илимий уюмдардын биологиялык негиздемелеринин оң корутундусу болгон учурда, балык чарба ишин жүргүзүү үчүн көлмө же балык уулоо участогу пайдалануучуга берилген тартипте бекитилип берилгенден кийин жол берилет.
43. Урук таштоо жерлеринде, балыктар кыштоочу чуңкурлар жайгашкан жана урук таштоочу миграция жолдорунда садоктук жана башка жасалма курулмаларды, объектилерди, жайгаштырууга тыюу салынат.
44. Көлмөлөрдө же алардын балык чарбалык суу бассейндер менен байланышкан өзүнчө участокторунда, ошол региондун дарыяларынын суу бассейндеринде байырлаган балык түрлөрү менен гана балыктандырууга уруксат берилет.
45. Балыктын эндемикалык жана өзгөчө баалуу түрлөрүн сактоо жана көбөйтүү үчүн маанилүү балык чарбалык көлмөлөргө садоктордон балыктар чыгып кеткен учурларды жокко чыгаруу максатында орнотмолорду жана техникалык талаптарга, шарттарга ылайык курулган, даярдоочу-заводдун техникалык документтери бар заводдук өндүрүштөгү садокторду гана пайдаланууга жол берилет.
46. Суу биоресурстарынын абалына жана алар байырлаган чөйрөгө терс таасир бере турган, балык чарбалык көлмөлөрдө жана суу фондусунун жерлеринде ишканаларды, курулмаларды жана башка объектилерди курууда реконструкциялоодо, техникалык кайрадан жабдууда жана ишке киргизүүдө, ошондой эле балык чарбасы көлмөлөрүндө гана суу фондунун жерлеринде ар кандай иштерди жүргүзүүдө мындай иштерди аткаруучулар суу ресурстарынын жашоосу, көбөйүшү, миграциясы жана кыштоосу үчүн жагымдуу шарттарды сактоо боюнча чараларды аткарууга милдеттүү.
47. Чарбалык жана башка иштин натыйжасында, жок кылуунун же суу биоресурстарынын абалынын жана байырлоочу чөйрөсүнүн начарлоосунун себебинен балык чарбасына келтирилген залал, түздөн-түз ошол ишкердикти аткаруучу же заказ, берген юридикалык, жеке жактардын эсебинен төлөнүп берилет.
48. Балык чарбалык маанидеги суу сактагычтардагы суунун деңгээли суу биоресурстарынын табигый көбөйүүсүн жана жашоосун камсыз кылууга жетиштүү болушу керек. Мындай суу сактагычтардагы суунун деңгээли балык чарбасын башкаруунун ыйгарым укуктуу органы жана мындай көлмөлөрдү пайдалануучулардын макулдугу менен көтөрүлөт же төмөндөтүлөт.
49. Суу сактагычтарды бошотуу боюнча пландык иштерди пландоодо жана ишке ашырууда, суу чарба уюмдары балык чарбасын башкаруунун ыйгарым укуктуу органына, гидротехникалык курулмаларда ремонттук жана профилактикалык иштерди жүргүзүү үчүн суу сактагычтардан сууну коё берүү жөнүндө алдын ала маалымдайт.
50. Суу төмөнкү бьефке коё берилгенден кийин суу сактагычтагы суунун деңгээлинин төмөн түшүшү балык жана суу чарбасынын өкүлдөрүнүн катышуусундагы биргелешкен комиссия тарабынан аныкталат.
Комиссия суу сактагыч суудан бошотулгандан кийин түзүлгөн суу күзгүнүн аянтын белгилейт, ал балык чарбасын башкаруучу ыйгарым укуктуу орган менен көлмөлөрдү жана балык уулоо участокторун пайдалануучулардын ортосунда келишим түзүүдө эске алынат.
9. Балык чарбалык түзүлүш жана балык чарбасын жүргүзүүнүн экономикалык механизмдери
51. Ички балык чарбалык түзүлүштүн материалдары боюнча иштелип чыккан, мамлекеттик экологиялык экспертизадан өткөн, балык чарбасын жүргүзүү планы, балык чарба субъекти тарабынан балык чарбасын башкаруучу ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдын макулдугу менен бекитилет.
52. Балык чарбасын жүргүзүүнүн экономикалык механизмдерине төмөндөгүлөр кирет:
1) балык ресурстарынын жана башка суу ресурстарынын абалына баа берүү боюнча, илимий иштерди жана ихтиологиялык изилдөөлөрдү, пайдалануучуларга бекитилип берилген балык чарбалык көлмөлөрдө (участоктордо) балык кармоонун оптималдуу жол берилген көлөмдөрүн аныктоо көлмөлөрдү пайдалануучулардын эсебинен каржылоо;
2) балык запастарын коргоо жана кайта өндүрүү боюнча иш-чараларды көлмөлөрдү пайдалануучулар тарабынан пландаштыруу жана каржылоо;
3) балык ресурстарына жана алар байырлоочу чөйрөгө келтирилген зыяндарды чарба субъектилери компенсациялайт.
10. Аквакультура чөйрөсүндө бөлөк жана башка жактан алынып келинген суу биоресурстарын пайдалануу
53. Аквакультура чөйрөсүндө бөлөк жана башка жактан алынып келинген балык түрлөрүн жана башка суу биоресурстарын пайдалануу, аларды жаңы байырлоочу жерлерде текшерүүсүз жайылтууга жол бербеген, жергиликтүү балыктардын популяцияларынын абалына жана суу экосистемаларынын иштөө шарттарына тескери таасир бербеген шарттарда жүргүзүлөт.
54. Башка жерлерден алынып келинген балык түрлөрүн аквакультуранын ачык же жабык шарттарында көбөйтүү жана өстүрүү, илимий биологиялык негиздеменин жана мамлекеттик экологиялык экспертизасынын оң корутундусунун негизинде, балык чарбасын башкаруунун ыйгарым укуктуу органынын макулдугу боюнча жүргүзүлөт.
55. Башка жактан алынып келинген балыктын белгилүү бир түрлөрүн, башка суу биоресурстарын көбөйтүүгө жана (же) өстүрүүгө илимий биологиялык негиздеме суу биоресурстарын балык чарбалык изилдөөгө адистешкен илимий уюмдар жана ихтиолог-адистер тарабынан иштелип чыгат.
Илимий биологиялык негиздемеде максат жана максатка ылайыктуулук көрсөтүлүп, белгилүү түрдү көбөйтүү жана (же) өстүрүү шарттары аныкталып, жаңы жерлерде түрлөрдүн жайылуусу контролдонбогон учурларда суу биоресурстарынын түрлөрүнүн жергиликтүү популяциясынын абалына жана суу экосистемасынын иштөө шарттарына терс таасир тийгизбөөсүнүн алдын алуу боюнча чаралар сунушталат.
56. Балык чарбасын башкаруунун ыйгарым укуктуу мамлекеттик органы аквакультуранын ачык жана (же) жабык шарттарында суу биоресурстарын көбөйтүүнү жана (же) өстүрүүнү мониторингдөөнү камсыз кылат.