Загрузка документа…
|
| Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2015-жылдын 24-июнундагы № 410 токтому менен бекитилген |
Кыргыз Республикасынын көлмөлөрүндө ышкыбоздук жана спорттук балык уулоо ЭРЕЖЕЛЕРИ
1. Жалпы жоболор
1. Ушул Ышкыбоздук жана спорттук балык уулоо эрежелери (мындан ары - Эрежелер) "Балык чарбасы жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына ылайык иштелип чыккан жана Кыргыз Республикасындагы көлмөлөрүндөгү ышкыбоздук жана спорттук балык уулоону жүргүзүүнүн шарттарын жана тартибин жөнгө салат.
2. Ушул Эрежелердин колдонулушу мамлекеттик корук суу участокторунан жана товардык балык өстүрүү, өнөр жайлык балык уулоо жана балык запастарын кайта өндүрүү максаттарында бекитилип берилген суу акваторияларынын участогунан башка бардык көлмөлөргө жана өзөн-сууларга тарайт.
3. Ушул эрежелерде төмөндөгү негизги терминдер жана аныктамалар пайдаланылат:
ышкыбоздук жана спорттук балык уулоо - эс алуу жана спорт менен машыгуу максаттарында (рекреациялык максаттарда) киреше табуу максатында, жекече керектөө үчүн жеке адамдар ишке ашыруучу ышкыбоздук жана спорттук балык уулоо объектилерин кармоо иши;
лимит - белгилүү бир балык түрлөрүнүн, белгилүү бир көлмөлөрдөн жана белгилүү бир мөөнөттөрдө балык запастарынын туруктуу жашоосун жана калыбына келүүсүн камсыз кылуучу, балык уулоонун жол берилген чектүү көлөмү;
балык уулоонун ченеми - ышкыбоздук жана спорттук балык уулоочу жарандар үчүн белгиленген, бир адамга эсептелген балык уулоонун чектүү көлөмү;
ышкыбоздук жана спорттук балык уулоо объектилери - табигый эркин абалдагы балыктар, суу омурткасыздары, башка суу биоресурстары жана балыктандыруу объектилери;
балыктандыруу объектилери - байырлоочу жерлердин ареалын кеңейтүү жана ышкыбоздук, спорттук балык уулоо объектиси катары пайдалануу үчүн, башка суу объектилерине көчүрүп келүү максатында табигый же жасалма көлмөлөрдөн кармалып алынган балыктын баалуу түрлөрү;
рекреациялык балык чарбасы - ышкыбоздук жана спорттук балык уулоо жаатында, балыктандыруунун негизинде көлмөлөрдө жана балык уулоо участокторунда жеке жактарга чыгымдарды төлөп берүү боюнча кызмат көрсөтүүчү иш;
балык уулоо жайлары - балыктардын жашоосунун жана өсүүсүнүн чөйрөсү болгон, же болбосо анын көбөйүүсү, эт алуусу, кыштоосу, миграциясы үчүн маанилүү болгон, ошондой эле ышкыбоздук жана спорттук балык уулоо үчүн пайдаланылган же пайдаланылышы мүмкүн болгон көлмөлөрдүн акваториясы, суу агымы же алардын кандайдыр бир бөлүгү;
балык уулоо участогу - ышкыбоздук жана спорттук балык уулоо үчүн атайын белгиленген чек араларда түзүлгөн бүтүндөй суу объектиси (көл, суу сактагыч, дарыя) же анын бөлүгү;
ышкыбоз балык уулоочу - балык уулоо эрежелерине ылайык ышкыбоздук жана спорттук балык уулоого укук алган жеке адамдар;
олжо балык - өндүрүштүк же ышкыбоздук жана спорттук балык уулоо процессинде кармалган балыктар көлөмү.
2. Ышкыбоздук жана спорттук балык уулоону өткөрүү тартиби
4. Кыргыз Республикасынын балык чарба көлмөлөрүндө, балык уулоо участокторунда жана дарыяларында ышкыбоздук жана спорттук балык уулоонун объектилерин жана балыктын баалуу чектелген түрлөрүн (өзөн-суу форелин жана өзөн суу чаарын) кармоо балык чарбасын башкаруучу ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдын балык уулоо билеттери жана карточкалары боюнча аткарылат.
5. Балык уулоо субъектилерине, коомдук уюмдарга жана балык уулоочулар ассоциацияларына (мындан ары - көлмөлөрдү пайдалануучулар) бекитилген суу объектилеринде ышкыбоздук жана спорттук балык уулоонун объектилерин (чабак, чебачок, көк серке, сазан, бакма каңылтыр, чоң муруттуу балык (усач), чортон, жаян, маринка, макоо балык, амур, карась, алабуга, красноперка, тыран, кубулжума кара балык, плотва) кармоо ошол көлмөлөрдүн пайдалануучуларынын берген жолдомолору боюнча жүргүзүлөт.
6. Пайдаланууга берилген көлмөлөрдө, балык уулоо участокторунда ышкыбоздук жана спорттук балык уулоону уюштуруу, өткөрүү шарттары жана тартиби, балык чарбасын башкаруучу мамлекеттик ыйгарым укуктуу органы менен көлмөлөрдү пайдалануучулардын ортосундагы келишимдин негизинде белгиленет.
7. Ышкыбоздук жана спорттук балык уулоонун объектилери болгон балыктын чектелген баалуу түрлөрүн кармоо көлөмү, илимий уюмдун макулдугу менен балык чарбасын башкаруучу мамлекеттик ыйгарым укуктуу орган койгон чектер (ченемдер) менен чектелет.
8. Ышкыбоздук жана спорттук балык уулоону жүргүзгөн менен алектенген жарандар:
- ушул Эрежелерди жана алар келген көлмөдө (көлмөнүн участогунда) белгиленген балык уулоо режимин сактоого;
- көлмөлөрдүн санитардык абалын сактоого, муздун үстүндө, жээктерде таштандыларды жана башка калдыктарды калтырбай, көлмөлөрдүн булгануусуна жол бербөөгө;
- көлмөлөрдө жана балык уулоо - спорттук базаларда коомдук тартипти бузбоого, балык запастарын коргоо кызматынын кызматкерлерине балык уулоо эрежелерин бузууларды токтотууга көмөк көрсөтүүгө;
- ышкыбоздук жана спорттук балык уулоо укугун берүүчү балык уулоо документтерин жандарында алып жүрүүгө жана текшерүү үчүн балык запастарын, курчап турган чөйрөнү коргоо жана экологиялык коопсуздук кызматынын кызматкерлерине көрсөтүүгө;
- көлмөлөрдөгү жана алардын жээктериндеги көрнөктөрдү, аншлагдарды жана башка балык уулоону жөнгө салуу боюнча эскерткич белгилерди бузуп зыян келтирүүгө жол бербөөгө милдеттүү.
3. Ышкыбоздук жана спорттук балык уулоо режими
9. Кайырмактын бардык системалары жана бир нече буюмдар (блесна, спинингдер, чөйчөктөр, жерлицтер жана башка уруксат болгон шаймандар), ошондой эле жарандардын эс алуу зонасынан тышкарыда суунун астындагы мергенчилик мылтыктары менен ышкыбоздук жана спорттук балык уулоого уруксат берилет.
10. Бир балык уулоочуга же бир кайыкка, бир эле мезгилде үчтөн көп эмес шайманды пайдаланууга уруксат берилет, мында бир балык кармоочу кайырмакка же аспапка жалпы саны эки даана илгичтен көп эмес болуш керек.
11. Жумушчу абалында 50x50 смден көп эмес, көзөнөгү 5 мм көп эмес өлчөмдөрдөгү көтөргүчтөр менен (майда чабактарды көтөргүчтөр) ышкыбоздук жана спорттук балык уулоонун бардык көлмөлөрүнөн (балыктын урук таштоочу жерлеринен тышкары), майда чабактарды жана жандыктарды кармаганга уруксат берилет.
12. Кармоочу шаймандар менен улаштырылган же улаштырылбаган 200 куб. смден көп эмес көлөмдөгү жем салгычтарды пайдаланууга уруксат берилет.
Балык кармоо бүткөндөн кийин жем салгычтар балык уулоо жерлеринен тазаланууга тийиш.
13. Муздун үстүндө өзүнчө убактылуу көчүрмө шамал тоскуч жабдууларды тургузууга уруксат берилет. Балыкты кармап бүткөндөн кийин, балык кармаган жердей шамал тоскуч жабдуулар алынып ташталат.
14. Бир сутканын ичинде бир эле ышкыбоз балык уулоочуга 5 килограммдан көп эмес балык (чабак, чебачок, көк серке, сазан, бакма каңылтыр, чоң муруттуу балык (усач), чортон, жаян, маринка, макоо балык, амур, карась, алабуга, красноперка, тыран, кубулжума кара балык, плотва) туура келет.
Эгерде кармалган бир эле балыктын салмагы белгиленген суткалык ченемден ашып кетсе, белгиленген балык уулоо ченеминен ашык деп эсептелбейт.
15. Көлмөлөрдө турган убактысына карабастан, балык уулоо документи болсо, эки суткалык ченемден көп эмес өлчөмдө ышкыбоздук жана спорттук балык уулоонун объектилерин чыгарып кетүүгө (жаңы кармалган, туздалган, сүрсүтүлгөн же ыштап сүрсүтүлгөн түрүндө), ал эми балыктын баалуу чектелген түрлөрүн (өзөн суу жилингири жана осман) кармаганда, көлмөлөрдөн ташып чыгарыла турган балыктын саны, балык уулоо карточкаларында көрсөтүлгөн ченемдерден ашпашы керек.
4. Ышкыбоздук жана спорттук балык уулоодогу чектөөлөр жана тыюу салуулар
16. Ышкыбоздук жана спорттук балык уулоодо төмөнкүлөргө тыюу салынат:
1) балыкты жемсиз кармоодо, кольцовкалар, спутниктер менен жардыргыч жана ууландыргыч заттарды, балык уулоонун сайып алуучу шаймандарын, ок атуучу жана пневматикалык куралдарды (суунун астындагы мергенчиликте пайдалануучу куралдар жана тапанчалардан башка), ошондой эле багор менен балык уулоо, сыйыртмактардын, балык кармоонун тор куралдарынын бардык түрлөрүн, бардык конструкциядагы капкандарды, мордушкаларды жакын келтирүүнү, кайырмактуу керме торлорду, бөгөө жана тосмо ыкмаларын пайдаланууга;
2) өзөн суулардын жана каналдардын куймаларынын алдында, сууга куйган жеринен баштап көлмөнүн түбүнө чейинки эки тарапка 100 метр аралыкта, ошондой эле өзөн суулар же канал боюнча өйдө 150 метр аралыкта, плотина, шлюз жана көпүрөлөрдүн алдында эки тарапка 150 метр аралыкта;
3) тартылып келинген магистралдык каналдарда жана сууну буруучу сугат системаларында, ошондой эле шлюздары бар каналдарда жана камераларда;
4) балык массалык жыш жайгашкан жерлерде, балыктардын урук таштоочу миграция жолдорунда жана урук таштоочу жерлерде;
5) бул көлмөлөрдө балык уулоону ачууга биологиялык негиздеме даярдалганга чейин, балык уулоо өздөштүрүлбөгөн жаңы курулган суу сактагычтарда жана табигый көлмөлөрдө;
6) сүзүү каражаттарында, сутканын караңгы убагында (22ден баштап саат эртең мененки 5ке чейин);
7) катталбаган сууда сүзүү каражаттарында, корпусунда даана көрүнгөн капталдык номери жок кайыктарда;
8) балык уулоо документтерисиз (билеттер, жолдомолор менен балык уулоо карточкалар), ошондой эле мөөнөтү өтүп кеткен жана жараксыз балык уулоо документтери менен;
9) товардык балык өстүрүүчү көлмө чарбаларын же балык өндүрүү жана балык корлорун кайта өндүрүүнү уюштуруу үчүн бекитилип берилген көлмөлөрдө жана балык уулоо участокторунда;
10) садоктук курулмалар жайгашкан жерлерде, суу акваторийлери аймактарында;
11) Ысык-Көл көлүндө:
- сууда сүзүү каражаттары менен № 11 балык уулоо участогунда 1-ноябрдан 31-декабрга чейин;
- № 15 жана № 39 балык уулоо участокторунда жыл бою.
17. Балык урук таштаган мезгилде балык уулоого тыюу салынат:
1) Ысык-Көл көлүндө:
- 15-марттан баштап 30-апрелге чейин чебакты;
- 1-майдан баштап 1-июлга чейин - чебакты, кубулжума кара балыкты, тыранды;
- 15-апрелден баштап 15-майга чейин - маринканы, османды;
- 15-майдан баштап 15-июлга чейин - сазанды;
2) башка балык чарба көлмөлөрдө:
- 1-майдан баштап 1-июнга чейин - чортон, красноперка, плотва, чебак, карась, алабуга, чоң муруттуу балык, маринка, кубулжума кара балык, көк серке, каңылтыр, бакма каңылтыр, жаян, макоо балык, амур балыктарын;
- 15-июндан баштап 15-июлга чейин - өзөн османын;
- 15-октябрдан баштап 15-декабрга чейин амударыя (өзөн) форелин.
18) төмөнкүлөргө тыюу салынат:
- төмөндөгү өлчөмдөн кичирээк (сантиметр менен) болгон балыктарды кармоого: карась - 18, кубулжума кара балык - 18, тыран - 20, чебак - 17, жаян - 40, көл маринкасы - 25, өзөн маринкасы - 18, чебачек - 10, өзөн османы - 15, красноперка - 10, сазан - 20, бакма каңылтыр - 20, плотва - 12, чоң муруттуу балык - 25, көк серке - 20, амударыя (өзөн) форели - 20, көк серке - өлчөмү чексиз (балыкты минималдуу ченөө тумшуктун үстүнөн баштап куйрук канатынын ортоңку шооласынын түбүнө чейинки аралык менен аныкталат(1));
- 10 сантиметрден кичине суу чаянын (көздүн сызыгынан баштап, куйрук пластинасына чейин), алардын чээндеринен алып чыгуу же кууп чыгуу жолдору менен, ошондой эле дары жана химиялык препараттардын негизиндеги жемдерди пайдаланып суу чаяндардын икрасы бар ургаачыларын кармоого;
- ысык-көл форелин, ысык-көл жылаңач османын, чортон түрлүү жерех-лысач жана түркстан усачын, ошондой элесига менен пелядди ышкыбоздук жана спорттук кармоого;
- балыктын урук таштаган мезгилде көлмөлөрдүн урук чыгуучу участокторунда моторлуу транспорт каражаттарын жарандардын пайдалануусуна;
- автотранспортту көлмөлөрдө жана алардын 30 метрден жакын жээктеринде, ошондой эле көлмөлөрдө жана алардын жээктеринде суу-көлмөлөрдүн гидрохимиялык режимине терс таасирин тийгизүүчү жумуштарды жасоого;
- дарыялардын нуктарында балыктын чектелген баалуу түрлөрүнүн урук таштоочу жана кайра өндүрүүнүн орду болгон тоо таштарын чогултууга;
- балык запастарын, айлана-чөйрөнү коргоо жана экологиялык коопсуздук органдарынын автотранспортторунан башка автотранспорт каражаттарынын балык чарба көлмөлөрдүн муздарына баруусуна;
- бул Эрежелерде каралбаган жаңы шаймандарды жана балык кармоонун ыкмасын колдонууга;
- жарандардын мыйзамсыз жол менен балык уулоо жана балык уулоонун мыйзамсыз шаймандары менен кармалып алынган балыктарды базарларда, ошондой эле жарандардын жекече керектөөсү үчүн кармаган балыктарды сатууга.
(1) (Эскертүү: белгиленген өлчөмдөн кичине өлчөмдөгү кармалган балыктар жана чаяндар, ошондой эле кармоого тыюу салынган балыктын түрлөрү тирүү бойдон сууга коё берилүүгө тийиш).
5. Балык уулоонун эрежелерин бузгандыгы үчүн жоопкерчилик
19. Ушул Эрежелердин бузулушуна жол берген адамдар Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык жоопкерчиликке тартылышат.
20. Администрациялык же кылмыш жоопкерчилигине тартылгандыгына карабастан, балыкты мыйзамсыз кармаган жарандар келтирилген зыянды, Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2013-жылдын 3-майындагы № 224 токтому менен бекитилген эсептөөнүн таксасына сот чечими боюнча балык запастарына келтирилген зыяндарды төлөп беришет.
21. Ушул Эрежелерди бузуу менен кармалган ышкыбоздук жана спорттук балык уулоонун объектилери жана балыктын чектелген баалуу түрлөрү, кайсыл жерде кармалгандыгына карабастан, алар балык чарбасын башкаруунун ыйгарым укуктуу мамлекеттик органынын балык запастарын коргоо органдары тарабынан тартылып алынат, алгылыктуу бааларда соода-сатык уюмдарына же балык дүкөндөрүнө тапшырылат да, сатуудан алынган сумма Кыргыз Республикасынын балык чарбасын өнүктүрүү фондуна которулат.
22. Мыйзамсыз кармалган балыктарды тартып алуу жарандарды балык запастарына келтирген зыяндарды калыбына келтирүү жоопкерчилигинен бошотпойт.
23. Көлмөлөрдө жана алардын жээктеринде катталган гана балык кармоо кайыктарын колдонууга жана сактоого уруксат берилет. Каттоодон өтпөгөн сүзүү каражаттарын көлмөлөрдө колдонгон жана сактаган адамдар балык кармоо эрежелерин бузуучулар катары эсептелет.
24. Ушул Эрежелерди бузган жарандардан ышкыбоздук жана спорттук балык уулоо укугун берүүчү балык уулоо шаймандары, кайыктары, балык уулоо документтери (билеттери, жолдомолору менен балык уулоо карточкалары) тартылып алынат.
Тартылып алынган балык кармоо шаймандары жана кайыктары балык коргоо органдарынын базаларында же башка жерлерде мыйзам бузуучулардын жоопкерчилиги жөнүндөгү маселе чечилгенче сакталат.
25. Көлмөлөрдө же алардын жээктеринде балык уулоо шаймандары же кармалган балык менен турса, балык кармаган болуп эсептелет.
26. Ышкыбоздук жана спорттук балык уулоо жерлеринде, көлмөлөрдөгү жана балык уулоо участокторундагы балык запастарын коргоо балык чарбасын башкаруучу ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдын балык коргоо органдары тарабынан аткарылат.