Загрузка документа…
|
| Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2015-жылдын 24-июнундагы № 410 токтому менен бекитилген |
Кыргыз Республикасынын табигый көлмөлөрүнө жана суу сактагычтарына коё берилүүчү балык өстүрүү продукцияларын эсепке алуу тартиби жөнүндө ЖОБО
1. Жалпы жоболор
1. Ушул Жобо "Балык чарбасы жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына ылайык иштелип чыккан жана балык корлорун сактоо, көбөйтүү максатында, юридикалык жана жеке жактардын (мындан ары - балык чарба субъектилери) Кыргыз Республикасынын табигый көлмөлөрүнө жана суу сактагычтарына балык өстүрүү продукцияларын өстүрүп жана коё берүү эсепке алуу иштерин жүргүзүүнүн тартибин белгилейт.
2. Ушул Жободо балык өстүрүү продукциясы болуп товардык балыкты өстүрүү жана алуу максатында көлмөлөргө коё берүүгө арналган белгилүү курактык категориядагы (личинка, чабак, бир жылдык ж.б. балыктар) балыктар түшүнүлөт.
3. Табигый көлмөлөргө жана суу сактагычтарга балык өстүрүү продукциясы ушул Жобого жана анын ихтиопатологиялык абалы жөнүндө оң корутундуга ылайык коё берилет.
4. Көлмөлөрдү балыктандыруу максатында, балыктын урук материалын өстүрүүчү балык чарба субъектилери, балык чабагын коё берүүнүн жана мөөнөтүн, көлмөлөрдү, чабактарды коё берүүнүн көлөмүн көрсөтүү менен жыл сайын график түзүшөт.
5. Көлмөлөргө личинкаларды, чабактарды, бир жылдык балыктарды (мындан ары - балык чабагы) ар бир коё берүү балык чарбасын башкаруучу ыйгарым укуктуу мамлекеттик орган (мындан ары - ыйгарым укуктуу орган) тарабынан белгиленген тартипте эсепке алуу документтерин милдеттүү тариздөө менен жүргүзүлүүгө тийиш.
6. Балык өстүрүү продукцияларын коё берүүнү эсепке алуу, балык чарбасын башкаруучу ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдын, айлана-чөйрөнү коргоо, экологиялык коопсуздук, илимий жана коомдук уюмдардын өкүлдөрүнөн турган комиссиянын катышуусунда, балык чарбалык субъектилердин балык өстүрүүчү-адистери тарабынан жүргүзүлөт. Комиссиянын ишине катышууга жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын жана массалык маалымат каражаттарынын өкүлдөрү чакырылышы мүмкүн.
9. Балык өстүрүү продукциясын эсепке алуу, транспорттоо жана көлмөлөргө коё берүү иштерин жүргүзүүдө төмөнкүлөр ишке ашырылат:
- балык өстүрүү продукциясын өстүрүлгөн курулмалардан ташып чыгарууда жана көлмөлөргө коё берүүдө ченемдик көрсөткүчтөрдү аныктоону эсепке алуу жана контролдоо;
- атайын транспорт каражаттарынын, жабдуулардын, балык чабагын ташууга инвентарлардын, идиштердин бардыгын жана алардын абалын, ошондой эле каттоо документтеринин баштапкы формаларын текшерүү;
- балык чабагын коё берүүгө бардык балык эсептөөчү жабдуулардын даярдыгын жана коё берилүүчү балык чабактарынын санын эсептөөнүн тигил же, бул метод боюнча аныктоонун тууралыгын текшерүү;
- баштапкы эсепке алуу документтерин тариздөөнү контролдоону жана ар бир өстүрүү курулма, дегеле балык чарба субъектилери боюнча бардык жыйынтыктоо актыларын түзүү.
10. Табигый көлмөлөргө жана суу сактагычтарга инфекциялык ооруу козгогучтарды жана инвазиялык ооруу жуктурган балык чабактарын коё берүүгө тыюу салынат.
2. Коё берилүүчү балык өстүрүү продукциясын эсепке алуу методдору
11. Балык чарба субъектилеринин коё берилүүчү балык чабактарынын санын аныктоо төмөндөгү методдор менен жүргүзүлөт: бүтүндөй (салмактык, көлөмдүк, дааналык), убакыттык (салмактык, көлөмдүк) жана бонитировкалык.
1) Бүтүндөй эсепке алуу
Коё берилүүчү балыктын көлөмү эсепке алынат, өлчөнөт, салмагы тартылат же бирден саналат.
Чабактарды эсепке алуу ченем идиштин (0,5 литрден аз эмес) же өлчөм салмагынын (0,5 кг аз эмес) жардамы менен жүргүзүлөт.
Ар бир онунчу көлөмдүк же салмактык ченөө саналат, ченемдердеги чабактардын санынын орточо арифметикалык чоңдугу аныкталат да, орточо арифметикалык чоңдук менен коё берилүүчү чабактардын жалпы саны чыгарылат.
2) Убакыттык метод
Чабактарды эсепке алуу дароо сууну коё бергичтерди ачкандан кийин башталып жана көлмөдөн, жасалма көлмөдөн, суу сактагычтан суу агып бүткөнчө уланат.
Убакыттык метод балык чабактарына зыян келтирүүсүз сынам алганга мүмкүн болгон атайын аспаптардын жардамы менен жүргүзүлөт.
Сынамдарды алуунун мезгилдүүлүгү балык чабактарынын агып келүүсүнүн ургалдуулугунан көз каранды болот, бирок бардык учурда 2 саат сайын бирден аз эмес сынам алынат.
Сынамды алуунун узактыгы балык чабактарынын агып келүү ургалдуулугуна, анын орточо салмагына жана курулманын же кармагычтын түрүнө жараша белгиленет, бирок бир минутадан аз болбойт.
Балык чабактары жогорку ургалдуулукта агып келген учурларда 30 минут сайын 30 секундда сынам алуунун узактыгы белгиленет.
Сынамды алууда убакыт кум сааттын же секундамердин жардамы менен саналат.
Сынамды чабак кармагычтын аянтынын шлюздардын ортосундагы суунун кесилген аянтына карата катышты санап же шлюздардын ортосундагы суунун бүткүл агымын тоскон кармагычтарды коюп, атайын чабак кармагыч менен алыш керек.
Кармагыч кезеги менен ар бир ачылган шлюздарда коюлат.
Бардык сынам салмакка тартылат же өлчөгүч тор чөйчөк менен өлчөнөт, эгерде ал 0,5 кг ашпаса, анда бардык сынам иштетилет, эгер сынамда 0,5 кг көп болсо, анда өлчөөдөн кийин - бардык сынамдын өлчөөлөрү салмакка тартылат жана балык чабагынын түрдүк курамына жана морфометрикалык көрсөткүчтөрүнө жараша 0,1-0,5 кг иштетилет, бирок 100 даанадан аз болбойт.
Контролдук сынам же бардык кармалган балык түрлөрү боюнча сорттолот жана кылдаттык менен саналат.
Сынамдагы балык түрлөрүнүн пайыздык катышы аныкталат. Андан кийин 1 минута ичинде коё берилген балык чабагынын саны аныкталат жана сынам алуунун мезгилдүүлүгү саналат.
Бир суткадагы балык чабагынын жалпы саны, ар бир интервал үчүн алынган жыйынтыктарды кошуу жолу менен аныкталат.
3) Бонитировкалык эсепке алуу
Эсепке алуу балык чабагын коё берүүдөн мурда жүргүзүлөт. Балыктар өстүрүлүүчү көлмөдө каттоо зоналары белгиленет. Сынам кармалуу коэффициентти аныктай турган балык улоо шайманынын жардамы менен алынат. Сынам бир убакта же кыска убакыт аралыгында алынат. Балык кармоо шайманынын кармоо коэффициентин эске алуу менен, алынган сынамдарды талдоонун негизинде, статистикалык-мүмкүндүк методдорду колдонуунун көлмөдөгү балык чабактарынын саны саналат. Бонитировкалык каттоо ыйгарым укуктуу орган бекиткен методдор боюнча сутканын жарык убактысында жүргүзүлөт.
3. Эсепке алуу методдорун колдонуу
12. Эсепке алуунун тигил же бул методун колдонуу балык өстүрүүчү чарбанын жана өстүрүлгөн балыктын түрүнө көз каранды болот.
13. Балыктын сигалык жана майда балык түрлөрүн өстүрүүчү, коё берилүүчү балык өстүрүүчү заводдор жана инкубациялык цехтер үчүн убакыттык эсепке алуу негизги метод болуп саналат.
14. Механикалык таасирлерди абдан сезгич балыктардын сигалык түрлөрүнүн чабактарын эсепке алуу сынамды сааттык интервал менен алуучу убакыттык метод менен жүргүзүлөт (минуттук экспозиция).
Бир сутка ичинде коё берилген чабактын саны төмөнкү формула боюнча аныкталат:
мында N сут. - сутка ичинде коё берилген чабактардын саны,
- сутка ичинде алынган 24 минуталык сынамдын суммасы.
Коё берилген чабактын жалпы саны төмөнкү формула боюнча аныкталат:
N жалпы = 1,1 x SUM N сут ± 0,1 х N сут.
Эсептөөлөрдүн натыйжалары ыйгарым укуктуу орган аныктаган форма боюнча таризделет.
15. Балыктын ласос түрлөрүнүн чабактарын өстүрүүчү жана коё берүүчү балык өстүрүүчү заводдор жана инкубациялык цехтер үчүн бүтүндөй эсепке алуу негизги метод болуп саналат.
16. Өсүмдүктөр менен тамактануучу жана майда эки жылдык балыктарды коё берүүдө бүтүндөй эсепке алуу методу гана колдонулат.
17. Балыктын ласос түрлөрүнүн чабактарын эсепке алуу, инкубацияга коюлган икранын санынан балык өстүрүү продукциясынын (икра, личинка, майда чабактар) калдыктары алып ташталып, балык өстүрүүчү журнал менен жүргүзүлөт. Инкубациялануучу икранын саны жөнүндө журналдык жазуулар инвентаризация актысы менен салыштырылат. Анда балык өстүрүү мезгилинде бирден аз эмес жолу, инкубацияга коюлган бардык икралардын 10% аз эмеси иргелип (көлөмдүк метод) саналат.
Икраны инвентаризациялоо "көз болжолу" стадиясында жүргүзүлөт. Инвентаризация актысы ыйгарым укуктуу орган белгилеген форма боюнча түзүлөт.
Икранын, личинкалардын, чабактардын жараксыз калдыктары, эгер аз болсо, бирден, же көлөм-салмак методу менен саналат.
Чабактардын же личинкалардын массалык өлүмү учурунда 1 кв.м калдыктар аныкталат да, балык чабактарынын өлгөндөрү байкалат, жалпы аянт боюнча саналат. Эсептөөнүн натыйжаларына карата өзүнчө акт түзүлөт.
Балыктын ласос түрлөрүнүн чабактарын 0,3 млн. даанага чейин эсепке алуу бирден же көлөм-салмак методу менен жүргүзүлөт.
0,3 млн. даанадан көп чабак коё берилгенде эсепке алуу журналдык жазуулар менен жүргүзүлөт. Алар, өстүрүүчү курулмалардын 30%нан аз чабактардын чыныгы санын ылгап контролдук текшерүүдө алынган коэффициентке карата оңдолот.
Икраны инвентаризациялоо "көз болжолу" стадиясында жүргүзүлөт жана ыйгарым укуктуу орган тарабынан белгиленген формада акт менен таризделет.
Сига балыктарынын инкубациялануучу икраларын эсептөө, ыйгарым укуктуу орган бекиткен методикалык көрсөтмөгө ылайык жүргүзүлөт.
18. Балыктын ласос түрүнүн чабактарын бир жылга жана андан көп жашка чейин өстүрүүдө бардык чабактар кыштоочу көлмөлөргө коё берүүдө жана ылгоо мезгилинде саналат (инвентаризацияланат).
Санактын натыйжалары ыйгарым укуктуу орган белгилеген формадагы акт менен таризделет.
19. Балыктын ласос түрүнүн чабактарын коё берүүдө серебрянкалардын (покатниктер) коё берилген балыктын жалпы санына карата салыштырма салмагы аныкталат.
Санактын жыйынтыгы өзүнчө формадагы акт менен таризделет.
4. Бир даана орточо массаны аныктоо тартиби
20. Коё бериле турган чабактын орточо дааналык массасы ар бир балык өстүрүүчү курулмадан 50 даанадан кем эмес сандагы чабактардын контролдук сынамында аныкталат. Тосмо көлдөрдөн, лотоктордон, бассейндерден жана форель арыктарынан коё берүү мезгилинде үч сынамдан кем эмес (башында, ортосунда жана аягында) жана суткада кеминде бир жолу алынат.
21. Массанын орточосун эсептөөдө жана белгиленген божомол-тапшырманы аткарууда белгиленген ченемдик салмактан: 80% - ласос түрлөрү (60% - бир жылдыктар үчүн) жана сигалык түрлөрү үчүн - 40% массалуу балык чабактары саналбайт.
Балык өстүрүүчү чарбаларда балык чабактарынын агып чыгуусу өз алдынча жүргөндүктөн, салмактык топторго ылгоо жүргүзүлбөйт.
22. Бардык коё берилген балык чабактарынын орточо дааналык массасы өзүнчө сынамдардын орточо массасынан орточо салмакка тартылган катары аныкталат.
23. Орточо массаны аныктоо жыйынтыгы ыйгарым укуктуу орган тарабынан белгиленген тартипте таризделет.
5. Балык чабагын эсепке алуу, коё берүү жана өткөрүп берүү боюнча документтерди тариздөө
24. Баштапкы эсепке алуу документи болуп, балык өстүрүү продукциясын ыйгарым укуктуу орган тарабынан белгиленген формадагы эсепке алуу карточкалары саналат, алар катар номери, балык чарба субъектинин күбөлөндүргөн мөөрү болуш керек.
Эсепке алуу карточкасы жок кылынбайт жана 5 жылдан кем эмес мөөнөттө сакталышы керек.
Эсепке алуу карточкасында жазуу шариктүү калемдер менен аткарылат да, каттоо карточкасын оңдоого жана алмаштырууга тыюу салынат. Ката жазылып калса бир сызык менен чийилет жана балык чарбасындагы балык өстүрүү продукциясын эсепке алуу үчүн жооптуу болгон башкы балык өстүрүүчүнүн кол тамгасы менен күбөлөндүрүлөт.
Карточкалардын бланктары балык өстүрүүчү заводдун (балык чарбасынын) жетекчисинде же башкы балык өстүрүүчүдө, ал эми балык чабактарын коё берүү мезгилинде, балык чабактарын коё берүүгө жана эсепке алууга жооптуу болгон балык өстүрүүчү - адисте сакталат.
25. Тосмо көлмөлөрдөн, бассейндерден жана башка курулмалардан коё берилген балык чабактарынын саны тууралуу жазуулар, эсепчи тарабынан каттоо карточкасына балык өстүрүү продукциясын коё берүүгө контролдук кылган ыйгарым укуктуу органдын өкүлүнүн катышуусунда жүргүзүлөт.
26. Коё берилүүчү балык чабагынын сапаты тууралуу жазманы (ар сутка үчүн бирөөнүн орточо массасы) балык чарба субъектинин жооптуу балык өстүрүүчүсү же жооптуу балык өстүрүүчүсү киргизет.
27. Балык чабагын өстүрүүчү атайын курулмалардан сууга коё берип бүткөндөн кийин карточкадагы көрсөткүчтөрдүн негизинде комиссиянын мүчөлөрүнүн катышуусунда, балык өстүрүү продукциясын коё берүү жөнүндө акт түзүлөт.
28. Ар бир өстүрүү курулма боюнча акттын негизинде, тиешелүү балык чарбасынан балык өстүрүү продукциясын өткөрүп алуу жыйынтыктоочу актысы түзүлөт.
29. Өзүнчө балык өстүрүү курулмалар жана жалпы балык чарбалык субъект (балык чарба) боюнча балык өстүрүү продукциясын коё берүү актысы 2 нускада түзүлөт, бирөө ыйгарым укуктуу органга, экинчиси - балыктын майда чабактарын коё берген балык өстүрүүчү заводдо, балык чарба субъекттеринин (балык чарбалар) иштеринде сакталат.
Актыда (балыктын ар бир түрү боюнча):
- коё берилген же өткөрүлүп берилген балык чабагынын саны, анын орточо салмагы жана эсепке алуу методу;
- стандартка туура келбеген салмактагы коё берилген же өткөрүлүп берилген балык чабактарынын саны;
- коё берүүнү баштоо жана аяктоонун календардык мөөнөттөрү;
- пайдаланылган идиш, ага отургузуунун тыгыздыгы, идиштеги суунун температурасы;
- балык чабагын коё берген жердин мүнөздөмөсү;
- жайгаштыра турган көлмөнүн температурасы, суунун сапаты;
- ташуу маршруттары, аралык, ташуунун узактыгы;
- ташуудагы балык чабактарынын чыгымы жана башка керектүү маалыматтар чагылдырылат.
29. Балык чабактарын салмак алуучу жерге алып барганда же садокторго отургузууда, ар бир партияга кабыл алынган жана коё берилген чабактын саны, ошондой эле коё берилген майда чабактарын жана коё бериле турган жердин абалын көрсөткөн коштомо кагаз жазылат.
30. Балык өстүрүү мезгили бүткөндөн кийин чабактарды ташып кетүү боюнча, каттамдардын жалпы санын, майда чабактар коё берилген көлмөлөрдүн санын көрсөтүү менен 2 нускадагы жалпы акт түзүлөт.
Балык чабагын ташып кетүү боюнча жалпы акт, ошол балык өстүрүүчү заводдон балык өстүрүү продукциясын коё берүү боюнча актыга тиркелет.
31. Өстүрүлгөн жана көлмөлөргө коё берилген балык чабактарын эсепке алуу боюнча бардык материалдар талаптуу отчеттуу документ болуп саналат жана кеминде 5 жыл сакталууга тийиш.