Загрузка документа…
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ЖОГОРКУ СОТУНУН
КОНСТИТУЦИЯЛЫК ПАЛАТАСЫНЫН
ТОКТОМУ
Байышбек Абдырахманович Нааматовдун, анын ишеним каты боюнча ѳкүлү Мукар Шалтакович Чолпонбаевдин Кыргыз Республикасынын Жогорку сотунун Конституциялык палатасынын судьялар коллегиясынын 2019-жылдын 4-июлундагы № 30 аныктамасына даттануусун кароо жөнүндө
2019-жылдын 27-сентябры
Кыргыз Республикасынын Жогорку сотунун Конституциялык палатасы: төрагалык кылуучу - К.А. Дуйшеев, судьялар К. Абдиев, Ч.А. Айдарбекова, М.Р. Бобукеева, М.Ш. Касымалиев, К.М. Киргизбаев, Э.Т. Мамыров, А.О. Нарынбекова, Э.Ж. Осконбаев, Ч.О. Осмонова, Ж.И. Саалаевдин курамында, сот отурумунун катчысы Н.А. Кененсариеванын катышуусунда «Кыргыз Республикасынын Жогорку сотунун Конституциялык палатасы жөнүндө» Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 28-беренесинин 5-бөлүгүн жетекчиликке алып, Б.А.Нааматовдун, анын ишеним каты боюнча ѳкүлү М.Ш.Чолпонбаевдин Кыргыз Республикасынын Жогорку сотунун Конституциялык палатасынын судьялар коллегиясынын 2019-жылдын 4-июлундагы № 30 аныктамасын жокко чыгаруу жөнүндө даттануусун сот отурумунда карап чыкты.
Даттанууда баяндалган жүйөлөрдү жана Б.А.Нааматовдун, анын ишеним каты боюнча ѳкүлү М.Ш.Чолпонбаевдин өтүнүчү боюнча материалдарды изилдеп чыгып, Кыргыз Республикасынын Жогорку сотунун Конституциялык палатасы
Т А П Т Ы:
Кыргыз Республикасынын Жогорку сотунун Конституциялык палатасына 2019-жылдын 12-июнунда «Улан» айыл чарба кооперативинин (мындан ары - кооператив) тѳрагасы Б.А.Нааматовдун, анын ишеним каты боюнча ѳкүлү М.Ш.Чолпонбаевдин 2009-жылдын 24-июлундагы «Кыргыз Республикасынын Граждандык кодексине жана Кыргыз Республикасынын Жарандык процесстик кодексине өзгөртүүлөр жана толуктоолор киргизүү жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 1-беренесинин 5-бѳлүгүнүн Кыргыз Республикасынын Конституциясынын 12-беренесинин 3-бѳлүгүнѳ, 20-беренесинин 1-бѳлүгүнѳ жана 40-беренесине ылайык келүүсүн текшерүү жөнүндө ѳтүнүчү келип түшкѳн.
Өтүнүчтөн келип чыккандай, 1996-жылдын редакциясындагы Кыргыз Республикасынын Граждандык кодексинин 221-беренесинин 4 жана 5-пунктары менен, эгерде мындай укук бузуулар менчигинен ажыратууга байланышпаган болсо да, менчик ээсинин же башка ээлик кылуучунун анын укугунун ар кандай бузулушун четтетүү жөнүндөгү талабына; мамлекеттик башкаруу жана өз алдынча башкаруу органдарынын көрсөтүлгөн жактарга тиешелүү мүлккө ээлик кылуу, аны пайдалануу жана тескөө боюнча алардын укуктарын бузган актыларын жараксыз деп табуу жөнүндө менчик ээлеринин же башка жактардын талаптарына доонун эскириши колдонулбайт деп камтылган.
Бул ченемдердин негизинде, доонун мѳѳнѳттѳрү эскиришине карабастан, менчик ээлер ѳзүнүн мүлкүн башка бирѳѳ ээлик кылуудан же аларды менчик укугунан ажыраткан мамлекеттик башкаруу жана өз алдынча башкаруу органдарынын актыларын жараксыз деп сот тартибинде талап кылуу укугуна ээ болушчу.
Бирок, 2009-жылдын 24-июлундагы «Кыргыз Республикасынын Граждандык кодексине жана Кыргыз Республикасынын Жарандык процесстик кодексине өзгөртүүлөр жана толуктоолор киргизүү жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Мыйзамы менен Кыргыз Республикасынын Граждандык кодексинин 221-беренесинин 4 жана 5-пунктары алынып салынып, ошого жараша доонун мѳѳнѳттѳрү эскиришине байланыштуу, менчик ээлер ѳзүнүн мүлкүн башка бирѳѳ (бѳтѳн) ээлик кылуудан талап кылуу укугунан же адамдарды менчик укугунан ажыраткан мамлекеттик башкаруу жана өз алдынча башкаруу органдарынын актыларын жараксыз деп талап кылуудан ажыратылган.
Арыздануучулар билдиргендей, Чуй облустунун райондор аралык соту 2013-жылдын 29-апрелиндеги аныктамасы менен кооперативге өткөрүп жиберген мөөнөттү кайрадан калыбына келтирүүгѳ каралган доо арызды киргизүүдѳн баш тартып, иш боюнча ѳндүрүштү токтоткон. Бул райондор аралык соттун аныктамасы 2013-жылдын 18-сентябрында Чүй облустук соту менен жана 2014-жылдын 10-декабрында Кыргыз Республикасынын Жогорку соту менен күчүндѳ калтырылган.
Бирок, кайрылуучу субъект белгилегендей, кооперативдин арызы боюнча мурда кооперативге таандык болгон, башка адамдарга катталган жер участогун бекитүү жѳнүндѳ укук тастыктоочу документтерин жасалмалоо факты боюнча 2015-жылы кылмыш иши козголуп, бул адамдар 2018-жылдын 20-декабрындагы Сокулук райондук сотунун ѳкүмү менен соттолушкан. Бул ѳкүм 2019-жылдын 1-январындагы Чүй облустук соту менен өзгөртүүсүз калтырылган.
Жасалма документтердин негизинде өзүм билемдик менен кооперативдин жерлерин ээлеп алган адамдарга карата айыптоочу өкүм күчүнѳ киргендиктен, кооператив ишти кайтадан ачылган жагдайлар боюнча кайрадан кароо үчүн Чүй облустунун райондор аралык сотуна кайрылган, бирок сотко кайрылууга болгон мѳѳнѳтү эскиргендигине байланыштуу кайрадан кароодон баш тартылган. Ушуга байланыштуу, арыздануучулар апелляциялык даттанууну Кыргыз Республикасынын Чүй облустук сотуна беришкен.
Арыздануучулар талашылып жаткан ченем менен Кыргыз Республикасынын Граждандык кодексинин 4 жана 5-пункттарын алып салуу мыйзамсыз ажыратылган менчик, мыйзамсыз ээлик кылуудан ушундай мүлктү менчиктике талап кылган же менчик ээлерди мүлкүнѳн ажыраткан мамлекеттик башкаруу жана өз алдынча башкаруу органдарынын актыларын сот тартибинде жараксыз деп талап кылган учурларда менчик укугунун соттук коргоо мүмкүндүгү жокко чыгарылып, ушуну менен, менчик кол тийгис жана мүлктү алып коюуга соттун чечими менен гана жол берилет деген Кыргыз Республикасынын Конституциясынын талаптарына карама-каршы келет деп эсептешет.
Баяндалганды эске алуу менен, арыздануучулар «Кыргыз Республикасынын Граждандык кодексине жана Кыргыз Республикасынын Жарандык процесстик кодексине өзгөртүүлөр жана толуктоолор киргизүү жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 1-беренесинин 5-бѳлүгүн Кыргыз Республикасынын Конституциясынын 12-беренесинин 3-бѳлүгүнѳ, 20-беренесинин 1-бѳлүгүнѳ жана 40-беренесине карама-каршы келет деп таанууну суранууда.
Кыргыз Республикасынын Жогорку сотунун Конституциялык палатасынын судьялар коллегиясынын 2019-жылдын 4-июлундагы № 30 аныктамасы менен өтүнүч өндүрүшкө кабыл алуудан баш тартылган.
Судьялар коллегиясы арыздануучулар койгон маселе менчик укугун коргоого байланышкан талаштар менен доонун эскирген мөөнөтүн калыбына келтирүү жолу аркылуу соттук коргоо укугу калыбына келтирилет деген зарылчылыкка жалпысынан келүүдѳ деп белгилеген.
Ушуга байланыштуу, талашылып жаткан Мыйзам менен Граждандык кодекске жеке жана юридикалык жактардын менчик укугун коргоо менен байланышкан укуктук түзүлүштү ѳзгѳртүүгѳ багытталган комплекстүү түзѳтүүлѳр киргизилип, анда Граждандык кодексинин 221-беренеси гана эмес, 215-беренеси да олуттуу түрүндѳ ѳзгѳрүлгѳндүгүнѳ арыздануучулар басым кылган.
Судьялар коллегиясынын аныктамасында Граждандык кодекстин 215-беренеси Кыргыз Республикасынын Жогорку сотунун Конституциялык палатасынын кароонун предмети болуп, анын натыйжасында 2016-жылдын 17-февралында Чечим чыгарылган. Бул чечимде доонун эскирилишинин ѳткөрүлгөн мөөнөтүн калыбына келтирүү үчүн сотко кайрылуу мүнкүндүгүнүн жоктугу соттук коргоо укугун юридикалык жактарга жана ишкерлерге, ошондой эле, юридикалык жакты түзүүчүнүн (катышуучунун, акционердин) же мүлктүн менчик ээсинин бузулган укуктары боюнча сотко доо койгон башка адамдарга карата, ушуну менен бирдей, ишкердик иштин объектилерине каралган буюмдук, милдеттенме же башка мүлккө байланышкан бузулган укуктарды чектѳѳ болот деп кѳрсѳтүлгѳн.
Мында аталган чечимде Кыргыз Республикасынын Граждандык кодексинин 215-беренесинин 2-пунктунун биринчи абзацында каралган субъектилерге, аларды (субъектилерди) бул бөлүгүндө жарандык укук мамилелердин башка катышуучулары менен теңдѳѳ максатында, белгиленген жагдайлар бар болсо доонун эскирилишинин ѳткөрүлгөн мөөнөтүн калыбына келтирүү үчүн укуктук мүмкүндүктү берүүчү ылайыктуу ѳзгѳртүүлѳрдү ченем чыгаруучу Кыргыз Республикасынын Граждандык кодексинин 215-беренесинин 2-пунктуна киргизсин деп тапшырылган.
Ушуга байланыштуу, судьялар коллегиясы ѳзүнүн аныктамасында «Кыргыз Республикасынын Жогорку сотунун Конституциялык палатасы жөнүндө» Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 28-беренесинин 3-бөлүгүн 5-пунктуна ылайык эгерде кайрылууда көрсөтүлгөн маселенин конституциялуугу Конституциялык палата тарабынан текшерилсе жана анын өз күчүн сактаган актысы бар болсо судьялар коллегиясы кайрылууну өндүрүшкө кабыл алуудан баш тартат деп кѳрсѳткѳн.
Судьялар коллегиясынын 2019-жылдын 4-июлундагы аныктамасы менен макул болбой, Б.А. Нааматов жана анын ѳкүлү М.Ш. Чолпонбаев 2019-жылдын 10-июлунда Кыргыз Республикасынын Жогорку сотунун Конституциялык палатасына даттануу менен кайрылышкан.
Ѳзүнүн даттануусунда арыздануучулар судьялар коллегиясынын аталган аныктамасы негизсиз чыгарылган жана жокко чыгарылууга тийиш деп кѳрсѳтүшѳт.
Кайрылуу субъектилердин пикири боюнча, Кыргыз Республикасынын Жогорку сотунун Конституциялык палатасынын белгиленген чечиминде кароонун предмети болуп, доонун эскирилишинин колдонуу маселесин жөнгө салуучу Граждандык кодексинин 215-беренеси болгондугун судьялар коллегиясы эске алган эмес. Ал эми алардын ѳтүнүчүндѳ, доонун эскирилиши жайылбаган талаптарды жѳнгѳ салуучу Граждандык кодекстин 221-беренесине таандык болгон маселелерди кароо сунушталган.
Демек, Б.А. Нааматов, анын ишеним каты боюнча ѳкүлү М.Ш.Чолпонбаев, алар ѳзүнүн ѳтүнүчүндѳ жарандардын жана юридикалык жактардын, алар каалаган учурда доонун эскирилишине карабастан кайсы убакта болбосун алардын бузулган укуктарын жоюу жѳнүндѳ, адамдарга тиешелүү мүлккө ээлик кылуу, аны пайдалануу жана тескөө боюнча алардын укуктарын бузган мамлекеттик башкаруу жана өз алдынча башкаруу органдарынын актыларын жараксыз деп табуу жѳнүндѳ укуктарын жарандык мыйзамдардан алып салуунун конституциялуулугун кароону суранышкан. Ушуга байланыштуу, арыздануучулар Граждандык кодексинин 221-беренесинин маселелери Кыргыз Республикасынын Жогорку сотунун Конституциялык палатасынын кароонун предмети болгон эмес деп эсептешет.
Жогоруда баяндалгандын негизинде, Б.А.Нааматов, анын ѳкүлү М.Ш.Чолпонбаев 2019-жылдын 4-июлундагы № 30 аныктамасын жокко чыгарууну жана алардын өтүнүчүн ѳндүрүшкѳ кабыл алууну суранууда.
Кыргыз Республикасынын Жогорку сотунун Конституциялык палатасы арыздануучунун жүйөлөрүн жана судьялар коллегиясынын кайрылууну өндүрүшкө кабыл алуудан баш тартуунун негиздерин талкуулап, төмөнкүдөй тыянактарга келди.
Кѳрсѳтүлгѳн даттанууда Б.А.Нааматовдун жана анын ѳкүлү М.Ш.Чолпонбаевдын 2009-жылдын 24-июлундагы «Кыргыз Республикасынын Граждандык кодексине жана Кыргыз Республикасынын Жарандык процесстик кодексине өзгөртүүлөр жана толуктоолор киргизүү жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 1-беренесинин 5-бѳлүгүнүн Кыргыз Республикасынын Конституциясынын 12-беренесинин 3-бѳлүгүнѳ, 20-беренесинин 1-бѳлүгүнѳ жана 40-беренесине ылайык эместиги жөнүндөгү жүйѳлѳрү, алардын пикири боюнча, алар койгон маселенин маңызын судьялар коллегиясы туура эмес түшүнүүнүн кесепетинен гана келип чыгат дегенге келүүдѳ.
Кайрылуучу субъекттер Кыргыз Республикасынын Жогорку сотунун Конституциялык палатасынын кароонун предмети болгон Кыргыз Республикасынын Граждандык кодексинин 215-беренеси алар талашка койгон Кыргыз Республикасынын Граждандык кодексинин 221-беренеси менен тутумдук байланышта турбайт, себеби бул берене башка маселелерди жѳнгѳ салат деп эсептешет.
Кыргыз Республикасынын Жогорку сотунун Конституциялык палатасы арыздануучулардын даттануусунда баяндалган жүйөлөрүн изилдеп чыгып, Кыргыз Республикасынын Жогорку сотунун Конституциялык палатасынын 2016-жылдын 17-февралындагы чечими менен алардын кайрылуусунда коюлган суроолор толук түрүндѳ камтылган эмес деп, ушул ѳтүнүчтү ѳндүрүшкѳ кабыл алуу зарыл деген тыянакка келүүдө.
Ѳтүнүч «Кыргыз Республикасынын Жогорку сотунун Конституциялык палатасы жөнүндө» Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын бардык талаптарына жооп берет жана коюлган маселеде күмѳндүүлүктүн пайда болуусу каралып, ишти конституциялык ѳндүрүштѳ кароого негиз болуп эсептелет.
Жогоруда баяндалгандын негизинде, «Кыргыз Республикасынын Жогорку сотунун Конституциялык палатасы жѳнүндѳ» Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 28-беренесинин 5-бѳлүгүн, 46, 47, 48-беренелерин, 51-беренесинин 1-бѳлүгүн жетекчиликке алып, Кыргыз Республикасынын Жогорку сотунун Конституциялык палатасы
Т О К Т О М К Ы Л А Т:
1. Байышбек Абдырахманович Нааматовдун, анын ишеним каты боюнча ѳкүлү Мукар Шалтакович Чолпонбаевдин даттануусу канааттандырылсын жана Кыргыз Республикасынын Жогорку сотунун Конституциялык палатасынын судьялар коллегиясынын 2019-жылдын 4-июлундагы № 30 аныктамасы жокко чыгарылсын.
2. «Улан» айыл чарба кооперативинин тѳрагасы Байышбек Абдырахманович Нааматовдун, анын ѳкүлү Мукар Шалтакович Чолпонбаевдын 2009-жылдын 24-июлундагы «Кыргыз Республикасынын Граждандык кодексине жана Кыргыз Республикасынын Жарандык процесстик кодексине өзгөртүүлөр жана толуктоолор киргизүү жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 1-беренесинин 5-бѳлүгүнүн Кыргыз Республикасынын Конституциясынын 12-беренесинин 3-бѳлүгүнѳ, 20-беренесинин 1-бѳлүгүнѳ жана 40-беренесине ылайык келүүсүн текшерүү жөнүндө ѳтүнүчү ѳндүрүшкѳ кабыл алынсын.
3. Кыргыз Республикасынын Жогорку сотунун Конституциялык палатасынын ушул токтому акыркы, даттанууга жатпайт жана кол коюлгандан тартып күчүнө кирет.
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ЖОГОРКУ СОТУНУН
КОНСТИТУЦИЯЛЫК ПАЛАТАСЫ