Загрузка документа…
КР Өкмөтүнүн 2019-жылдын 3-июлундагы № 339 токтомуна ылайык КҮЧҮН ЖОГОТТУ
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ѲКМѲТY
ТОКТОМ
2015-жылдын 2-июлу № 436
Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2013-жылдын 13-июнундагы № 350 "Тоо-кен казып алуу тармагындагы иштин абалы жана өнүктүрүүнүн келечеги жөнүндө" токтомуна толуктоо киргизүү тууралуу
Тегене көмүр кенин комплекстүү жана сарамжалдуу өздөштүрүүгө инвестицияларды тартуу максатында, "Жер казынасы жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 5 жана 15-беренелерине, "Кыргыз Республикасынын Өкмөтү жөнүндө" Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 10 жана 17-беренелерине ылайык Кыргыз Республикасынын Өкмөтү
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2013-жылдын 13-июнундагы № 350 "Тоо-кен казып алуу тармагындагы иштин абалы жана өнүктүрүүнүн келечеги жөнүндө" токтомуна төмөнкүдөй толуктоо киргизилсин:
жогорудагы токтом менен бекитилген Конкурска коюлган жалпы мамлекеттик маанидеги пайдалуу казылмалардын кендеринин тизмегинин 30-пункту "Тегене" деген сөздөн кийин "(Тегене-Шахта участогу)" деген сөздөр менен толукталсын.
2. Ушул токтом расмий жарыяланган күндөн жети күн өткөндөн кийин күчүнө кирет.
Премьер-министр | Т.А. Сариев |