Загрузка документа…
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ЖОГОРКУ СОТУНУН
КОНСТИТУЦИЯЛЫК ПАЛАТАСЫНЫН
ТОКТОМУ
Кыргыз Республикасынын Жогорку сотунун Конституциялык палатасынын судьялар коллегиясынын 2019-жылдын 5-июлундагы № 37 аныктамасына Жанатбек Нурдинович Гульжигитовдун даттануусун кароо жөнүндө
2019-жылдын 24-октябры
Кыргыз Республикасынын Жогорку сотунун Конституциялык палатасы: төрагалык кылуучу - К.А. Дуйшеев, судьялар Ч.А. Айдарбекова, М.Р. Бобукеева, М.Ш. Касымалиев, К.М. Киргизбаев, Э.Т. Мамыров, Э.Ж. Осконбаев, Ж.И. Саалаевдин курамында, сот отурумунун катчысы С.А. Джолгокпаеванын катышуусунда «Кыргыз Республикасынын Жогорку сотунун Конституциялык палатасы жөнүндө» Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 28-беренесинин 5-бөлүгүн жетекчиликке алып, Ж.Н. Гульжигитовдун Кыргыз Республикасынын Жогорку сотунун Конституциялык палатасынын судьялар коллегиясынын 2019-жылдын 4-июлундагы № 37 аныктамасына даттануусун сот отурумунда карап чыкты.
Даттанууда баяндалган жүйөлөрдү жана Ж.Н. Гульжигитовдун өтүнүчү боюнча материалдарды изилдеп чыгып, Кыргыз Республикасынын Жогорку сотунун Конституциялык палатасы
Т А П Т Ы:
Кыргыз Республикасынын Жогорку сотунун Конституциялык палатасына 2019-жылдын 14-июнунда Ж.Н. Гульжигитовдун Кыргыз Республикасынын Балдар жөнүндө кодексинин 49-беренесинин 1-бѳлүгүнүн Кыргыз Республикасынын Конституциясынын 16-беренесинин 2, 3, 5-бѳлүктөрүнѳ, 20-беренесинин 1-бѳлүгүнѳ, 36-беренесинин 2-бөлүгүнө жана 40-беренесинин 1-бөлүгүнө ылайык келүүсүн текшерүү жөнүндө ѳтүнүчү келип түшкѳн.
Өтүнүчтөн келип чыккандай, талашылып жаткан ченем асырап алуучунун жаш курагы 60 жаштан ашпоого тийиш деп белгилеп, асырап алуу үчүн жаш куракты белгилѳѳ менен байланышкан маселелерди регламенттейт. Арыздануучунун пикири боюнча баланы асырап алууда көрсөтүлгөн жаш курактын белгилениши дискриминациялык мүнөзгө ээ, бул Кыргыз Республикасынын Конституциясынын 20-беренесинин 2-бөлүгүнүн талаптарына карама-каршы келет.
Кайрылуу субъекти баланын ата-энеси каза болгон, белгисиз же сот тарабынан дайынсыз жок деп таанылган, сот тарабынан аракетке жөндөмсүз деп таанылган, сот тарабынан олуттуу эмес деп таанылган себептер боюнча сот тарабынан ата-энелик укуктарынан ажыратылган, бала менен 6 айдан ашык бирге жашабаган, аны тарбиялоодон жана багуудан баш тарткан учурларда, балдарды коргоо боюнча ыйгарым укуктуу органдын макулдугу менен, баланын туугандары болуп саналган, курагы 60 жаштан ашкан адамдар, ошондой эле баланы камкорчусу жана көзөмөлчүсү болуп саналган адамдар асырап алуучулар болушу мүмкүн деп белгилеген. Анын пикири боюнча көрсөтүлгөн жоболор баланы асырап алууга тыюу салынган жашы 60тан өткөн адамдарга салыштырмалуу жашы 60тан ашуун туугандары же камкорчусу, же көзөмөлчүсү болгон адамдардын пайдасына туугандыгы боюнча чечилип, кошумча дискриминацияны жаратат.
Арыздануучу талашылып жаткан ченем мыйзам алдында бардыгы бирдей деген Кыргыз Республикасынын Конституциясынын 16-беренесинин 3-бөлүгүнүн талаптарын бузат деп эсептейт.
Ж.Н. Гульжигитов болжогондой, Кыргыз Республикасынын Конституциясынын 16-беренесинин 5-бөлүгүнө ылайык балдардын эң эле мыкты кызыкчылыктарын камсыз кылуу принциби колдонулат. Бирок көрсөтүлгөн принцип талашылып жаткан ченемде жүзөгө ашырылган эмес. Мында жашы 60тан ашуун өткөн жана баланы асырап алууга ниети болгон адамдын жашоо шарттарын изилдебестен, баланы асырап алууга кедергилерди аныктабастан, асырап алуучуга карата баланын мамилесин билбестен, асырап алууга тыюу салуу, арыздануучунун пикири боюнча, аталган конституциялык принциптин талаптарын дагы бузат. Кыргыз Республикасынын Конституциясынын 20-беренесинин 1-бөлүгү адамдын жана жарандын укуктары менен эркиндиктерин жокко чыгарган жана кемсинтүүчү мыйзамдар кабыл алынбашы керек деп аныктап, жашы 60тан өткөн адамдарды бала асырап алуу укугунан ажыратат.
Андан тышкары, арыздануучу Кыргыз Республикасынын Конституциясынын 36-беренесинин 2-бөлүгү менен ар бир бала анын дене-боюнун, акыл эсинин, ички руханий, ыймандык жана социалдык өнүгүүсү үчүн зарыл болгон жашоо деңгээлине укугу караштырылган деп көрсөткөн.
Ошону менен бирге, кайрылуу субъектинин пикири боюнча талашылып жаткан ченемдин регулятивдик колдонулушу баланын жогорудагы конституциялык укугун камсыз кыла алган, бирок жашы 60тан өткөн адамдарды бала асырап алуу мүмкүндүгүнөн ажыратат.
Мында Ж.Н. Гульжигитов жогоруда көрсөтүлгөн Кодекстин 45-беренесинин 2-бөлүгүндө баланы асырап алуу жөнүндө материалдар тиешелүү чечим чыгаруу менен үч айлык мөөнөттөн кечиктирилбестен сот тарабынан жарандык сот өндүрүшү тартибинде каралышы керек деп белгиленип, Кыргыз Республикасынын Конституциясынын 40-беренесинин 1-бөлүгүндө караштырылган жашы 60тан ашуун асырап алуучунун соттук коргонууга укугу бузулуп жатат деп эсептейт.
Жогоруда баяндалганды эске алуу менен, кайрылуучу субъект талашылып жаткан ченемди Кыргыз Республикасынын Конституциясына карама-каршы келет деп таанууну суранган.
Кыргыз Республикасынын Жогорку сотунун Конституциялык палатасынын судьялар коллегиясы Ж.Н. Гульжигитовдун өтүнүчүн карап чыгып, Кыргыз Республикасынын Балдар жөнүндө кодексинин 49-беренесинин 1-бөлүгүнүн Кыргыз Республикасынын Конституциясынын 16-беренесинин 2, 3, 5-бѳлүктөрүнѳ, 20-беренесинин 1-бѳлүгүнѳ, 36-беренесинин 2-бөлүгүнө жана 40-беренесинин 1-бөлүгүнө ылайык келүүсү маселесинде күмөндүүлүктү тапкан жок жана 2019-жылдын 5-июлундагы № 37 аныктамасы менен өтүнүчтү конституциялык өндүрүшкө кабыл алуудан баш тарткан.
Судьялар коллегиясынын пикири боюнча кайрылуу субъектинин өтүнүчү «Кыргыз Республикасынын Жогорку сотунун Конституциялык палатасы жөнүндө» конституциялык Мыйзамдын 25-беренесинин 3-бөлүгүнүн 9-пунктундагы талаптарга ылайык келген эмес.
Андан тышкары, келтирилген кайрылууда арыздануучунун жүйөлөрү жашы 60тан ашкан адамдар тарабынан баланы асырап алууга тыюу салууга байланыштуу маселелерге тийиштүү болуучу. Ушундан улам, судьялар коллегиясы талашылып жаткан ченемдин регулятивдик колдонулушу балдарды үй-бүлөдө тарбияланышына артыкчылык берүүнү, алардын бакубаттуулугу жана өсүп-өнүгүшү тууралуу кам көрүүнү болжойт. Статистикалык маалыматтарга караганда Кыргыз Республикасында эркектердин жашоо узактыгы 69 жаш, ал эми аялдардыкы 79 жаш болгондуктан, белгиленген чектөө биринчи кезекте асырап алынып жаткан балдардын кызыкчылыктары менен шартталган. Демек, жашы 60тан ашкан жана пенсиялык курактагы (63 жаш) адамдарга асырап алууга мүмкүндүк берүүдө туруктуу жеке көмөк жана жардам көрсөтүү зарылдыгы келип чыгат, анткени бул курактагы асырап алуучулар өзүнүн жаш курагына ылайык ата-эненин укуктарын жана милдеттерин толугу менен аткара алышпайт, бул асырап алынып жаткан балдардын социалдык көнүгүшүнө кыйыныкчылыктарды жаратат.
Судьялар коллегиясы талашылып жаткан ченемде караштырылган чектөө ата-эненин камкордугусуз калган балдардын гана кызыкчылыгында белгиленген жана баланын социалдык жайгашуусунун деңгээлин төмөндөшүнө алып келбейт.
Ж.Н. Гульжигитов судьялар коллегиясынын 2019-жылдын 5-апрелиндеги № 37 аныктамасы менен макул болбостон, 2019-жылдын 16-сентябрында Кыргыз Республикасынын Жогорку сотунун Конституциялык палатасына даттануу менен кайрылган.
Арыздануучу өзүнүн даттануусунда «Кыргыз Респубюликасынын Жогорку сотунун Конституциялык палатасы жөнүндө» Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 25-беренесинин 3-бөлүгүндө кайрылууга караштырылган талаптар арыздануучу тарабынан сакталган, ошондой эле кайрылууну кароого негиздер, коюлган маселе боюнча көз карашы жана Кыргыз Республикасынын Конституциясынын тийиштүү ченемдерине шилтеме көрсөтүү менен укуктук негиздеме, Конституциялык палатага өтүнүч менен кайрылууга байланыштуу талап жана тиркелип жаткан документтердин тизмеси көрсөтүлгөн деп белгилейт.
Ж.Н. Гульжигитов «Кыргыз Респубюликасынын Жогорку сотунун Конституциялык палатасы жөнүндө» Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 28-беренесинин 3-бөлүгүнө ылайык кайрылууну кабыл алуудан баш тартуу үчүн негиздер каралган, бирок ал берген өтүнүч көрсөтүлгөн тизмеге карама-каршы келбестен, тескерисинче, аталган конституциялык Мыйзамдын талаптарына формасы жана мазмуну боюнча ылайык келет деп эсептейт.
Арыздануучу кайрылууну өндүрүшкө кабыл алуудан баш тартуу жөнүндө аныктаманын сыпаттама бөлүгүндө коллегия коюлган маселени маңызы боюнча карап, балдардын кызыкчылыктары менен шартталган жашы 60тан ашкан адамдар тарабынан асырап алууга тыюу салуу жөнүндө Кыргыз Республикасынын Балдар жөнүндө кодексиндеги чектөөнүн белгиленгендиги тууралуу көрсөтүүдө, ошондой эле Кыргыз Республикасында эркектердин жашоо узактыгы жөнүндө маалыматты берүүдө, анысы статистикалык маалыматарга караганда эркектер үчүн 69 жаш, аялдар үчүн 79 жаш, ал эми пенсиялык курак 63 жаш деп көрсөткөндүгүн белгилейт. Бирок судьялар коллегиясы 61 жана 62 жашка жеткен адамдардын балдарды асырап алуу жаш курагы боюнча кодулоо маселесин изилдеген эмес.
Мында арыздануучу кайрылууну кабыл алуудан баш тартуу жөнүндө аныктамада талашылып жаткан ченемдин конституциялуу эместигин таануу жөнүндө бардык талаптар изилденген эмес, ошондой эле арыздануучу тарабынан талашылып жаткан ченемдин Кыргыз Республикасынын Конституциясынын 16-беренесинин 2-бөлүгүнүн карама-каршы келүүсү жөнүндө маселе каралган эмес деп көрсөтөт.
Андан тышкары, Ж.Н. Гульжигитов кайрылууда судьялар тарабынан балдарды асырап алууну чектөөнү жөнгө салуу маселеси боюнча изилденбей калган чет өлкө мамлекеттеринин мыйзамдар жоболору да чагылдырылганын белгилейт.
Жогоруда баяндалганды эске алуу менен, арыздануучу Кыргыз Республикасынын Жогорку сотунун Конституциялык палатасынын 2019-жылдын 5-июлундагы № 37 аныктамасын жоко чыгарууну жана кайрылууну конституциялык өндүрүшкө кабыл алууну суранууда.
Кыргыз Республикасынын Жогорку сотунун Конституциялык палатасы арыздануучунун даттануусунда баяндалган жүйөлөрүн изилдеп чыгып, ушул ѳтүнүчтү ѳндүрүшкѳ кабыл алуу зарыл деген тыянакка келүүдө.
Ѳтүнүч «Кыргыз Республикасынын Жогорку сотунун Конституциялык палатасы жөнүндө» Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын бардык талаптарына жооп берет жана коюлган маселеде күмѳндүүлүктүн пайда болуусу каралып, ишти конституциялык ѳндүрүштѳ кароого негиз болуп эсептелет.
Жогоруда баяндалгандын негизинде, «Кыргыз Республикасынын Жогорку сотунун Конституциялык палатасы жѳнүндѳ» Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 28-беренесинин 5-бѳлүгүн, 46, 47, 48-беренелерин, 51-беренесинин 1-бѳлүгүн жетекчиликке алып, Кыргыз Республикасынын Жогорку сотунун Конституциялык палатасы
Т О К Т О М К Ы Л А Т:
1. Жанатбек Нурдинович Гульжигитовдун «Жаран Жанатбек Нурдинович Гульжигитовдун Кыргыз Республикасынын Балдар жөнүндө кодексинин 49-беренесинин 1-бөлүгүнүн конституциялуулугун текшерүү жөнүндө кайрылууну өндүрүшкө кабыл алуудан баш тартуу жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Жогорку сотунун Конституциялык палатасынын судьялар коллегиясынын 2019-жылдын 5-июнундагы № 37 аныктамасын жокко чыгаруу жөнүндө даттануусу канааттандырылсын.
2. Жанатбек Нурдинович Гульжигитовдун Кыргыз Республикасынын Балдар жөнүндө кодексинин 49-беренесинин 1-бѳлүгүнүн Кыргыз Республикасынын Конституциясынын 16-беренесинин 2, 3, 5-бѳлүктөрүнѳ, 20-беренесинин 1-бѳлүгүнѳ, 36-беренесинин 2-бөлүгүнө жана 40-беренесинин 1-бөлүгүнө ылайык келүүсүн текшерүү жөнүндө ѳтүнүчү ѳндүрүшкѳ кабыл алынсын.
3. Кыргыз Республикасынын Жогорку сотунун Конституциялык палатасынын ушул токтому акыркы, даттанууга жатпайт жана кол коюлган учурдан тартып күчүнө кирет.
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ЖОГОРКУ СОТУНУН
КОНСТИТУЦИЯЛЫК ПАЛАТАСЫ