КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ѲКМѲТY
ТОКТОМ
2015-жылдын 8-июлу № 463
2007-жылдын 11-июлунда Бишкек шаарында кол коюлган, Кыргыз-Казакстан инвестициялык фондун түзүү жөнүндө Кыргыз Республикасынын Өкмөтү менен Казакстан Республикасынын Өкмөтүнүн ортосундагы Макулдашууну жана 2012-жылдын 22-августунда Астана шаарында кол коюлган 2007-жылдын 11-июлунда Кыргыз-Казакстан инвестициялык фондун түзүү жөнүндө Кыргыз Республикасынын Өкмөтү менен Казакстан Республикасынын Өкмөтүнүн ортосундагы Макулдашууга өзгөртүүлөрдү жана толуктоолорду киргизүү жөнүндө протоколду денонсациялоо тууралуу
"Кыргыз Республикасынын Өкмөтү жөнүндө" Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 10 жана 17-беренелерине, "Кыргыз Республикасынын эл аралык келишимдери жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 39-беренесине ылайык Кыргыз Республикасынын Өкмөтү
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. 2007-жылдын 11-июлунда Бишкек шаарында кол коюлган, Кыргыз-Казакстан инвестициялык фондун түзүү жөнүндө Кыргыз Республикасынын Өкмөтү менен Казакстан Республикасынын Өкмөтүнүн ортосундагы Макулдашуу жана 2012-жылдын 22-августунда Астана шаарында кол коюлган 2007-жылдын 11-июлундагы Кыргыз-Казакстан инвестициялык фондун түзүү жөнүндө Кыргыз Республикасынын Өкмөтү менен Казакстан Республикасынын Өкмөтүнүн ортосундагы Макулдашууга өзгөртүүлөрдү жана толуктоолорду киргизүү жөнүндө протокол денонсациялансын.
2. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Мамлекеттик мүлктү башкаруу боюнча фонд Кыргыз Республикасында катталган "Кыргыз-Казакстан инвестициялык фонду" акционердик коомунун өкүлчүлүгүн жоюу боюнча тийиштүү иштерди белгиленген тартипте жүргүзсүн.
3. Кыргыз Республикасынын Тышкы иштер министрлиги Казакстан Республикасынын Өкмөтүнө ушул токтомдун 1-пунктунда аталган эл аралык келишимдердин денонсациялангандыгы тууралуу белгиленген тартипте кабарласын.
4. Ушул токтом расмий жарыяланган күндөн он күн өткөндөн кийин күчүнө кирет.
5. Ушул токтомдун аткарылышын контролдоо Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Аппаратынын экономика жана инвестициялар бөлүмүнө жана эл аралык кызматташтык бөлүмүнө жүктөлсүн.
Премьер-министр | Т.А. Сариев |