Загрузка документа…
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ЖОГОРКУ СОТУНУН
КОНСТИТУЦИЯЛЫК ПАЛАТАСЫНЫН
ТОКТОМУ
Сергей Анатольевич Швайберовдун Кыргыз Республикасынын Жогорку сотунун Конституциялык палатасынын судьялар коллегиясынын 2019-жылдын 25-сентябрындагы №43 аныктамасына даттануусун кароо жөнүндө
2019-жылдын 28-октябры
Кыргыз Республикасынын Жогорку сотунун Конституциялык палатасы: төрагалык кылуучу - К.А. Дуйшеев, судьялар Ч.А. Айдарбекова, М.Р. Бобукеева, М.Ш. Касымалиев, К.М. Киргизбаев, Э.Т. Мамыров, А.О. Нарынбекова, Э.Ж. Осконбаев, Ж.И. Саалаевдин курамында, катчы М.С. Раимбаеванын катышуусунда «Кыргыз Республикасынын Жогорку сотунун Конституциялык палатасы жөнүндө» Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 28-беренесинин 5-бөлүгүн жетекчиликке алып, С.А. Швайберовдун Кыргыз Республикасынын Жогорку сотунун Конституциялык палатасынын судьялар коллегиясынын 2019-жылдын 25-сентябрындагы №43 аныктамасына даттануусун сот отурумунда карап чыкты.
Даттанууда баяндалган жүйөлөрдү жана С.А. Швайберовдун өтүнүчү боюнча материалдарды изилдеп чыгып, Кыргыз Республикасынын Жогорку сотунун Конституциялык палатасы
Т А П Т Ы:
Кыргыз Республикасынын Жогорку сотунун Конституциялык палатасына 2019-жылдын 5-августунда С.А. Швайберовдун Кыргыз Республикасынын Жарандык процесстик кодексинин 106-беренесинин 4-бѳлүгүнүн Кыргыз Республикасынын Конституциясынын 5-беренесинин 1-бѳлүгүнѳ, 6-беренесинин 1-бѳлүгүнѳ, 16-беренесинин 2-бөлүгүнүн биринчи, экинчи абзацтарына, 3-бөлүгүнө, 20-беренесинин 1, 2, 3-бѳлүктөрүнѳ, 5-бөлүгүнүн 3, 8-пункттарына, 40-беренесинин 1-бөлүгүнө ылайык келүүсүн текшерүү жөнүндө ѳтүнүчү келип түшкѳн.
Өтүнүчтөн келип чыккандай, арыздануучу «GIT for ЕР» жоопкерчилиги чектелген коомунун (андан ары –«GIT for ЕР» ЖЧКсы) катышуучусу катары «GIT for ЕР» ЖЧКсынын катышуучулардын курамынан Марина Аркадьевна Лазареваны чыгаруу жөнүндө доо арыз менен Бишкек шаарынын Райондор аралык сотуна кайрылган. Арыздануучу өзүнүн доо арызында М.А. Лазарева коомдун түзүлгөн учурунан тартып, анын ишмердигинде катышкан жок деп көрсөткөн. 2009-жылы М.А. Лазарева коом түзүлгөндөн кийин бир айдын соңунда коомдон чыгуу милдеттенмесин жана бардыгын тиешелүү деңгээлде тариздөөнү өзүнө алып, негиздөөчү төлөмдү төлөөдөн баш тарткан. Бул үчүн Мамлекеттик каттоо жөнүндө күбөлүктүн түпнускасын алган, бирок өзүнүн милдеттенмелерин аткарган эмес, ал эми 2016-жылдан тартып коомду жоюу үчүн күч жумшап, ишмердикке тоскоолдук жаратып, коом тууралуу терс мүнөздөгү маалыматты таратып, коомдун жана жеке арыздануучунун өзүнүн ар-намысына, кадыр-баркына жана ишкердик беделине зыян келтирип жатат. Кайрылуу субъекти ушул доо арызга арыз берүүчү адамдын мамлекеттик алымдын төлөнүшүн жылдыруу жөнүндө өтүнүч берүү укугун регламенттеген Кыргыз Республикасынын Жарандык процесстик кодексинин 106-беренесинин 1-бөлүгүнө шилтеме жасап, мамлекеттик алымдын төлөнүшүн жылдыруу жөнүндө өтүнүчүн тиркеген.
2019-жылдын 14-январында Бишкек шаарынын Райондор аралык соту Кыргыз Республикасынын Жарандык процесстик кодексинин 106-беренесинин 4-бөлүгүнө шилтеме жасап, доо арызды кайтаруу жөнүндө аныктама чыгарган.
С.А. Швайберов жогоруда көрсөтүлгөн аныктама менен макул болбостон, 2019-жылдын 24-январында соттун көрсөтүлгөн аныктамасына жеке даттануу киргизген.
Бишкек шаардык сотунун административдик жана экономикалык иштер боюнча соттук коллегия 2019-жылдын 13-февралында «GIT for ЕР» ЖЧКсынын катышуучусу катары С.А Швайберов Кыргыз Республикасынын Жарандык процесстик кодексинин 106-беренесинин 4-бөлүгүнүн колдонулушу туура келбейт деген арыздануучунун жүйөлөрү менен макул болуп, Бишкек шаарынын Райондор аралык сотунун жогоруда көрсөтүлгөн аныктамасын жокко чыгарган жана ишти Бишкек шаарынын Райондор аралык сотунун жаңы кароосуна жөнөткөн.
М.А. Лазарева соттун жогоруда көрсөтүлгөн аныктамасы менен макул болбостон, Кыргыз Республикасынын Жогорку сотуна кассациялык даттануу киргизген.
Кыргыз Республикасынын Жогорку сотунун административдик жана экономикалык иштер боюнча соттук коллегиясы 2019-жылдын 16-апрелинде өзүнүн аныктамасы менен Бишкек шаардык сотунун соттук коллегиясынын 2019-жылдын 13-февралындагы аныктамасын жокко чыгарган жана Бишкек шаарынын Райондор аралык сотунун 2019-жылдын 14-январындагы аныктамасын күчүндө калтырган.
Кайрылуунун субъекти Кыргыз Республикасынын Жарандык процесстик кодексинин 364-беренесинин 1-бөлүгү императивдик ченем болуп, соттун кассациялык инстанциясы даттануунун жүйөлөрү чегинде иштеги материалдар боюнча биринчи жана апеляциялык инстанция тарабынан материалдык жана процесстик укуктун ченемдеринин туура колдонулушун текшерет деп белгилеген. Ушундан улам, арыздануучу өзүнүн кайрылуусунда соттун биринчи инстанциясынын шилтемесинин негизсиздиги жөнүндө негизги жүйө болуп соттун аныктамасына берилген жеке даттанууда ал талашып жаткан ченем болуучу деп көрсөтөт. Мында М.А. Лазареванын кассациялык даттануусунда өзүнүн негизинде арыздануучу экономикалык ишмердикти жүргүзүп келе жаткандыктан сот арыз ээсине мамлекеттик алымдын төлөнүшүн жылдыра албайт деген пикирди камтыган.
С.А. Швайберов Кыргыз Республикасынын Жарандык процесстик кодексинин 365-беренесинин 5-бөлүгүнө ылайык, эгер иштин туура эмес чечилишине алып келген процесстик укуктун ченемдерин колдонууда ката кетирилген болсо, соттун кассациялык инстанциясы биринчи же апелляциялык инстанциянын актыларын толугу менен же болбосо жарым-жартылай жокко чыгарып, ишти жаңы кароого жөнөтүшү керек болуучу деп эсептейт. Бирок соттук коллегия соттордун биринчи жана экинчи инстанцияларынын аныктамаларындагы чечимдерди кабыл алуу үчүн негиздер катары колдонулбаган Кыргыз Республикасынын Жарандык процесстик кодексинин 106-беренесинин 2-бөлүгүнө шилтеме жасаган. Бул соттук коллегия токтомдун жүйөлөштүрүүчү бөлүгүнүн тогузунчу абзацында «GIT for ЕР» ЖЧКсынын курамынан М.Н. Лазареваны чыгаруу жөнүндө арыздануучунун доо арызын кайтаруу жөнүндө соттун биринчи инстанциясынын аракеттеринин тууралыгынын тыянагы катары Кыргыз Республикасынын Жазык процесстик кодексинин 106-беренесинин 2-бөлүгүн аткарууда өтүнүчтө жылдыруу жөнүндө тиркелген далилдердин жоктугун көрсөткөн.
Ушуга байланыштуу, арыздануучу Кыргыз Республикасынын Жогорку сотунун жогоруда көрсөтүлгөн соттук коллегиясы токтом түрүндө чечимди кабыл алуу үчүн башка негиздерди пайдаланып, Кыргыз Республикасынын Жазык процесстик кодексинин 106-беренесинин 4-бөлүгүнүн негизинде чыгарылган Бишкек шаарынын Райондор аралык сотунун 2019-жылдын 14-январындагы аныктамасынын мыйзамдуулугун ырастаган деп белгилеген.
Кайрылуу субъекти Кыргыз Республикасынын Конституциясынын 5-беренесинин 1-бөлүгүнө ылайык мамлекет жана анын органдары коомдун кайсы бир бөлүгүнө эмес, бүткүл коомго кызмат кылат деп эсептейт. Ошону менен бирге, талашылып жаткан ченем менен мамлекеттик алымдын төлөнүшүн жылдыруу же созуу жөнүндө өтүнүчтү жана сот тарабынан мамлекеттик алымдын төлөнүшүн жылдыруу же созууну канааттандыруу жагында юридикалык жактар жана ишкерлер коомдун катарынан чыгарылууда.
Андан тышкары, С.А. Швайберов талашылып жаткан ченем өз алдынча иштейт жана Конституция эң жогорку юридикалык күчкө ээ жана ал Кыргыз Республикасында түздөн-түз колдонулат деп белгилеген Кыргыз Республикасынын Конституциясынын 6-беренесинин 1-бөлүгүнө карама-каршы келет деп көрсөткөн.
Мында арыздануучу талашылып жаткан ченем адам жана жарандын укуктары жана эркиндиктери мамлекеттин жогорку баалуулуктары катары жана кандайдыр бир белгилер боюнча кодулоого жол бербөө маселелерин регламенттеген Кыргыз Республикасынын Конституциясынын 16-беренесинин 2-бөлүгүнүн биринчи, экинчи абзацтарынын, 3-бөлүгүнүн талаптарын бузат, себеби укуктар менен эркиндиктерди, ошондой эле кодулоодон камсыз кылбайт, мамлекеттик алымдын төлөнүшүн жылдыруу же созуу жөнүндө өтүнүчтү жана сот тарабынан мамлекеттик алымдын төлөнүшүн жылдыруу же созууну канааттандыруу бөлүгүндө юридикалык жактардын жана ишкерлердин мыйзам жана сот алдында бирдейлигин камсыз кылбайт деп эсептейт.
Кайрылуу субъекти талашылып жаткан ченем юридикалык жактардын жана ишкерлердин сот адилеттигине, соттук коргонууга, ишти жогору турган сот тарабынан кайра каратууга жетишүүсүн чектейт, бул анын пикири боюнча адамдын жана жарандын укуктары менен эркиндиктерин жокко чыгарган же кемсинтүүчү мыйзамдардын кабыл алынышын болтурбоону, көрсөтүлгөн укуктардын Конституцияда каралган максаттарда гана чектөө мүмкүндүгүн, соттук коргонууга укуктун жана ишти жогору турган сот тарабынан кайра каратуу укуктун чектелишинин болтурбоону караштырган Конституциянын 20-беренесинин 1, 2, 3-бөлүктөрүнүн, 5-бөлүгүнүн 3, 8-пункттарынын талаптарын да бузат деп белгилеген.
Баяндалганды эске алуу менен, арыздануучу талашылып жаткан ченемди Кыргыз Республикасынын Конституциясына карама-каршы келет деп таанууну суранган.
Кыргыз Республикасынын Жогорку сотунун Конституциялык палатасынын судьялар коллегиясынын 2019-жылдын 25-сентябрындагы № 43 аныктамасы менен өтүнүчтү конституциялык сот өндүрүшүнө кабыл алуудан баш тартылган.
Судьялар коллегиясынын пикири боюнча кайрылуу субъектинин өтүнүчү «Кыргыз Республикасынын Жогорку сотунун Конституциялык палатасы жөнүндө» Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 25-беренесинин 3-бөлүгүнүн 9-пункту менен коюлган талаптарга туура келген эмес.
Коллегия арыздануучунун кайрылуусунда талашылып жаткан ченемдин конституциялуу эместиги жөнүндө келтирилген жүйөлөрү С.А. Швайберовдун кызыкчылыктарына тийиштүү доолор боюнча жалпы юрисдикциянын соттору тарабынан материалдык жана процесстик ченемдерди туура эмес колдонууда түзүлгөнүн белгилеген.
Ошону менен бирге, аныктамада Кыргыз Республикасынын Конституциясына жана «Кыргыз Республикасынын Жогорку сотунун Конституциялык палатасы жөнүндө» Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамына ылайык Кыргыз Республикасынын Жогорку сотунун Конституциялык палатасынын ыйгарым укуктарына укук колдонуучулук тажрыйбанын конституциялуулугуна, анын ичинде жалпы юрисдикциянын соттору тарабынан конкреттүү иштерди кароодо материалдык жана процесстик укуктун ченемдеринин туура колдонулушуна байланыштуу маселелерди кароо кирбей тургандыгы белгиленген.
Ушуга байланыштуу, судьялар коллегиясы өзүнүн аныктамасында өтүнүчтө баяндалган арыздануучунун жүйөлөрү «Кыргыз Республикасынын Жогорку сотунун Конституциялык палатасы жөнүндө» Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 24-беренесинин экинчи абзацына ылайык конституциялык сот өндүрүшүнүн алкагында кароо үчүн негиз болуп саналган жана талашылып жаткан ченемдин конституциялуулугунда күмөндүүлүктү туудурган жагдайлар катары бааланышы мүмкүн эмес деп көрсөткөн.
С.А. Швайберов судьялар коллегиясынын 2019-жылдын 25-сентябрындагы № 43 аныктамасы менен макул болбостон, 2019-жылдын 3-октябрында Кыргыз Республикасынын Жогорку сотунун Конституциялык палатасына даттануу менен кайрылган.
Арыздануучу өзүнүн көз карашын негиздөөдө кайрылууда баяндалган жүйөлөрдү кайталап келтирүүдө, Кыргыз Республикасынын Жарандык процесстик кодексинин талашылып жаткан ченемдин соттун үч инстанциясы тарабынан арыздануучу келтирген талашылып жаткан ченем жогоруда көрсөтүлгөн сот актылары боюнча чечимдердин негизи болуп колдонулушуна байланыштуу жагдайларды кайталап баяндоодо.
Кайрылуу субъектиси мамлекет жана анын органдары Кыргыз Республикасынын Конституциясынын 5-беренесинин 1-бөлүгүнө ылайык коомдун бир бөлүгүнө эмес, бүткүл коомго кызмат кылат деп эсептейт. Ошону менен бирге, талашылып жаткан ченем менен мамлекеттик алымдын төлөнүшүн жылдыруу же созуу жөнүндө өтүнүчтү жана сот тарабынан мамлекеттик алымдын төлөнүшүн жылдыруу же созууну канааттандыруу бөлүгүндө юридикалык жактар жана ишкерлер коомдун катарынан чыгарылууда.
Андан тышкары, С.А. Швайберов талашылып жаткан ченем өз алдынча иштейт жана Конституция эң жогорку юридикалык күчкө ээ жана ал Кыргыз Республикасында түздөн-түз колдонулат деп белгилеген Кыргыз Республикасынын Конституциясынын 6-беренесинин 1-бөлүгүнө карама-каршы келет деп көрсөтөт.
Мында арыздануучу адам жана жарандык укуктары менен эркиндиктерин мамлекеттин жогорку баалуулуктары, кандайдыр бир белгиси боюнча кодулоого жол берилбешин аныктаган Кыргыз Республикасынын Конституциясынын 16-беренесинин 2-бөлүгүнүн биринчи, экинчи абзацтарынын, 3-бөлүгүнүн талаптарын бузат деп эсептейт. Талашылып жаткан ченем укуктарды жана эркиндиктерди коргоону камсыздабайт, анын ичинде сот тарабынан мамлекеттик алымдын төлөнүшүн жылдыруу же созууну канааттандыруу бөлүгүндө юридикалык жактардын жана ишкерлердин мыйзам жана сот алдында бирдейлигин камсыз кылбайт.
Арыздануучу талашылып жаткан ченем юридикалык жактардын жана ишкерлердин сот адилеттигине, соттук коргонууга, ишти жогору турган сот тарабынан кайра каратууга жетишүүсүн чектейт, бул анын пикири боюнча адамдын жана жарандын укуктары менен эркиндиктерин жокко чыгарган же кемсинтүүчү мыйзамдардын кабыл алынышын болтурбоону, көрсөтүлгөн укуктардын Конституцияда каралган максаттарда гана чектөө мүмкүндүгүн, соттук коргонууга укуктун жана ишти жогору турган сот тарабынан кайра каратуу укуктун чектелишин мүмкүн эместигин караштырган Конституциянын 20-беренесинин 1, 2, 3-бөлүктөрүнүн 5-бөлүгүнүн 3, 8-пункттарынын талаптарын да бузат деп белгилеген.
Мында арыздануучунун пикири боюнча судьялар коллегиясы арыз ээсинин Кыргыз Республикасынын Жогорку сотунун Конституциялык палатасынан өтүнүчтүн сыпаттама бөлүгүндө ал келтирген сот актыларын талашууну аракет кылып жатат деген тыянакка жаңылышып келген.
Кайрылуунун субъекти өтүнүчтүн резолюциялык бөлүгүндө конкреттүү иштерди кароодо материалдык жана процесстик укуктун ченемдеринин соттор тарабынан туура колдонулушунун маселелери коюлган эмес деп белгилейт.
Баяндалганды эске алуу менен, С.А. Швайберов Кыргыз Республикасынын Жогорку сотунун Конституциялык палатаснысын судьялар коллегиясынын 2019-жылдын 25-сентябрындагы № 43 аныктамасын жокко чыгарууну суранат.
Кыргыз Республикасынын Жогорку сотунун Конституциялык палатасы арыздануучунун даттануусунда баяндалган жүйөлөрүн изилдеп чыгып, ушул ѳтүнүчтү ѳндүрүшкѳ кабыл алуу зарыл деген тыянакка келүүдө.
Ѳтүнүч «Кыргыз Республикасынын Жогорку сотунун Конституциялык палатасы жөнүндө» Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын талаптарына жооп берет жана коюлган маселеде күмѳндүүлүктүн пайда болуусу каралып, ал ишти конституциялык сот ѳндүрүштѳ кароого негиз болуп эсептелет.
Жогоруда баяндалгандын негизинде, «Кыргыз Республикасынын Жогорку сотунун Конституциялык палатасы жѳнүндѳ» Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 28-беренесинин 5-бѳлүгүн, 46, 47, 48-беренелерин, 51-беренесинин 1-бѳлүгүн жетекчиликке алып, Кыргыз Республикасынын Жогорку сотунун Конституциялык палатасы
Т О К Т О М К Ы Л А Т:
1. Сергей Анатольевич Швайберовдун «Жаран Сергей Анатольевич Швайберовдун Кыргыз Республикасынын Жарандык процесстик кодексинин 106-беренесинин 4-бөлүгүнүн конституциялуулугун текшерүү жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Жогорку сотунун Конституциялык палатасынын судьялар коллегиясынын 2019-жылдын 25-сентябрындагы № 43 аныктамасын жокко чыгаруу жөнүндө даттануусу канааттандырылсын.
2. С.А. Швайберовдун Кыргыз Республикасынын Жарандык процесстик кодексинин 106-беренесинин 4-бөлүгүнүн Кыргыз Республикасынын Конституциясынын 5-беренесинин 1-бөлүгүнө, 6-беренесинин 1-бөлүгүнө, 16-беренесинин 2-бөлүгүнүн биринчи, экинчи абзацтарына, 3-бѳлүгүнѳ, 20-беренесинин 1, 2, 3-бѳлүктөрүнѳ, 5-бөлүгүнүн 3, 8-пункттарына, 40-беренесинин 1-бөлүгүнө ылайык келүүсүн текшерүү жөнүндө ѳтүнүчү ѳндүрүшкѳ кабыл алынсын.
3. Кыргыз Республикасынын Жогорку сотунун Конституциялык палатасынын ушул токтому акыркы, даттанууга жатпайт жана кол коюлгандан тартып күчүнө кирет.
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ЖОГОРКУ СОТУНУН
КОНСТИТУЦИЯЛЫК ПАЛАТАСЫ