Загрузка документа…
КР Министрлер Кабинетинин 2021-жылдын 15-ноябрындагы № 262 токтомуна ылайык КҮЧҮН ЖОГОТТУ
Тиркеме
| Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2015-жылдын 14-июлундагы № 484 токтому менен бекитилген |
Кыргыз Республикасынын Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин Өзгөчө кырдаалдардын алдын алуу жана кесепеттерин жоюу боюнча капиталдык курулуш департаменти жөнүндө ЖОБО
(КР Өкмөтүнүн 2020-жылдын 5-февралындагы № 59 токтомунун редакциясына ылайык)
1. Жалпы жоболор
1. Кыргыз Республикасынын Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин (мындан ары - Министрлик) Өзгөчө кырдаалдардын алдын алуу жана кесепеттерин жоюу боюнча капиталдык курулуш департаменти (мындан ары - Департамент) Министрликтин Кыргыз Республикасынын элин жана аймактарын өзгөчө кырдаалдардан коргоого багытталган инженердик-коргоочу курулмаларды куруу тармагындагы ведомстволук бөлүмү болуп эсептелет.
(КР Өкмөтүнүн 2020-жылдын 5-февралындагы № 59 токтомунун редакциясына ылайык)
2. Департамент өзүнүн ишинде Кыргыз Республикасынын Конституциясын, Кыргыз Республикасынын мыйзамдарын жана башка ченемдик укуктук актыларын жана ушул Жобону жетекчи кылып алат.
3. Департаментте Кыргыз Республикасынын Мамлекеттик гербинин сүрөтү түшүрүлгөн, өзүнүн аталышы мамлекеттик жана расмий тилдерде жазылган мөөрү, башка мөөрлөрү, штамптары, белгиленген үлгүдөгү бланктары болот.
4. Департаменттин толук расмий аталышы:
- мамлекеттик тилде: "Кыргыз Республикасынын Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин Өзгөчө кырдаалдардын алдын алуу жана кесепеттерин жоюу боюнча капиталдык курулуш департаменти";
- расмий тилде: "Департамент капитального строительства по предупреждению и ликвидации чрезвычайных ситуаций Министерства чрезвычайных ситуаций Кыргызской Республики".
5. Департамент мекеменин уюштуруу-укуктук формасында иштөөчү юридикалык жак болуп эсептелет жана өзүнө бекитип берилген мүлктү оперативдүү башкарууну жүзөгө ашырат, банк мекемелеринде эсептери, өз алдынча балансы, негизги жана жүгүртүлүүчү каражаттары болот.
Департаментти кармоо үчүн чыгымдар Министрликке тийиштүү жылга каралган каражаттын чегинде республикалык бюджеттин эсебинен каржыланат.
6. Департаменттин юридикалык дареги: 7140015, Кыргыз Республикасы, Ош шаары, Р.Муминова көчөсү, 11.
2. Департаменттин милдеттери
7. Департаменттин негизги милдеттери болуп төмөнкүлөр эсептелет:
- калкты жана аймактарды өзгөчө кырдаалдардан коргоонун жарандык коргонуу тармагындагы иш-чараларын жүргүзүүнү уюштуруу;
- калкты жана аймактарды өзгөчө кырдаалдардан коргоо тармагындагы курулуш жана оңдоо-калыбына келтирүү жумуштарынын мамлекеттик программаларын иштеп чыгуу жана жүзөгө ашыруу.
3. Департаменттин функциялары
8. Департамент өзүнө жүктөлгөн милдеттерге ылайык төмөнкүдөй функцияларды аткарат:
- жарандык коргонуу тармагында табигый кырсыктардын, авариялардын, табигый жана техногендик мүнөздөгү катастрофалардын кесепеттерин жоюу боюнча авариялык-калыбына келтирүү жумуштарын жүргүзүүгө байланышкан алдын алуучу жана коргоочу мүнөздөгү биринчи кезектеги объекттерди долбоорлоо жана куруу боюнча мамлекеттик заказчынын функцияларын жүзөгө ашырат;
- курулуштун ар жылдык пландарын аткарат, өзгөчө кырдаалдардын алдын алуу жана кесепеттерин жоюу программасына киргизилген объекттерди долбоорлоонун жана куруунун узактыгынын ченемдерине ылайык объекттерди жана негизги фонддорду эксплуатацияга киргизет;
- Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык курулуш жумуштарын, товарларды жана кызмат көрсөтүүлөрдү сатып алууларды жүргүзөт;
- коргоочу иш-чараларга жана авариялык-калыбына келтирүүчү жумуштарга тиешелүү маселелерди Министрликтин Техникалык кеңешинин кароосуна киргизет;
- тийиштүү эксплуатациялоочу уюмдарга өткөрүп берүү үчүн курулуп бүткөн объекттерди мамлекеттик кабыл алуучу комиссияга тапшырат;
- Министрликтин түзүмдүк бөлүмдөрү менен бирдикте жарандык коргоо тармагы боюнча жарандык коргонуунун курулуш программасын мамлекеттик салымдардын жана Министрлик тарабынан бекитилген башка каржылоо булактарынын эсебинен жүзөгө ашырат;
- Министрликке тиешелүү жылга карата жарандык коргонуу тармагындагы курулуштарга жана объектилерге мамлекеттик салымдардын көлөмүн бөлүштүрүү тууралуу тийиштүү сунуштарды киргизет;
- Министрликтин программасына киргизилген жарандык коргонуу тармагындагы коргоочу курулмалардын жана башка объектилердин курулушуна контроль жана техникалык көзөмөл жүргүзөт;
- жарандык коргонуу тармагындагы курулуштардын жана курулуш объектилерин баштапкы-уруксат берүүчү, долбоорлоо-сметалык документтер менен өз убагында камсыздоонун уюштурулушун контролдойт;
- жарандык коргонуу тармагындагы курулуштун өтмө объекттери жөнүндө маалыматты түзөт;
- объекттерди куруу (оңдоо) жана негизги фонддорду кармоо боюнча болжолдуу көрсөткүчтөрдү, жалпыланган бюджеттик өтүнмөлөрдү иштеп чыгат;
- материалдык-техникалык каражаттар менен камсыздайт, ошондой эле табигый кырсыктардын натыйжасында бузулгандардын ордуна калыбына келтирилип жана кайра курулуп жаткан объекттер үчүн жабдууларды жана механизмдерди сатып алуу жана монтаждоо (орнотуу) иштерин жүргүзөт;
- Кыргыз Республикасы менен тиешелүү макулдашуусу бар мамлекеттердин чек арага чектеш аймактарында өзгөчө кырдаалдардын кесепеттерин жоюу боюнча авариялык иштерди уюштурат жана жүргүзөт;
- коргоочу инженердик курулмалардын долбоорлорун экспертизадан өткөрөт;
- авариялык-калыбына келтирүү иштери боюнча техникалык чечимдерди иштеп чыгат.
(КР Өкмөтүнүн 2020-жылдын 5-февралындагы № 59 токтомунун редакциясына ылайык)
4. Департаменттин укуктары
9. Департамент ушул Жободо аныкталган негизги милдеттерди аткаруу үчүн төмөнкүдөй укуктарга ээ:
- өзүнчө мүлккө ээ болууга, өз атынан мүлктүк жана мүлктүк эмес укуктарды алууга, жана алар боюнча жоопкерчилик тартууга, жалпы юрисдикциядагы соттордо доочу жана жоопкер болууга;
- Департаменттин карамагында турган мүлктүн сакталышын камсыздоо боюнча чара көрүүгө;
- өзүнүн компетенциясынын чегинде жарандык коргонуу тармагындагы курулуш объекттери боюнча жумуштардын координацияланышын камсыздоого багытталган чечимдерди чыгарууга;
- Департаменттин компетенциясына кирген маселелер боюнча жумуштарды координациялоо үчүн зарыл болгон маалыматтарды жана материалдарды мекемелерден (уюмдардан) суроого жана алууга;
- ченемдик укуктук актыларды иштеп чыгуу боюнча сунуштарды белгиленген тартипте киргизүүгө.
(КР Өкмөтүнүн 2020-жылдын 5-февралындагы № 59 токтомунун редакциясына ылайык)
5. Департаменттин ишинин уюштурулушу
10. Департаментти Кыргыз Республикасынын Өзгөчө кырдаалдар министринин сунушу менен Кыргыз Республикасынын Премьер-министри тарабынан кызматка дайындалуучу жана кызматтан бошотулуучу директор башкарат.
Департаменттин түзүмүндө директордун орун басарынын кызмат орду каралган, ал кызматка статс-катчынын сунушу боюнча Кыргыз Республикасынын Өзгөчө кырдаалдар министри тарабынан дайындалат жана кызматтан бошотулат жана түздөн-түз директорго баш иет, бөлүштүрүлгөн милдеттерине ылайык Департаменттин ишин уюштурат. Директор жок учурда анын милдеттерин директордун орун басары аткарат.
Департаменттин башкы бухгалтери кызмат ордуна Департаменттин директорунун сунушу боюнча Кыргыз Республикасынын Өзгөчө кырдаалдар министри тарабынан дайындалат жана кызмат ордунан бошотулат.
(КР Өкмөтүнүн 2020-жылдын 5-февралындагы № 59 токтомунун редакциясына ылайык)
11. Департаменттин директору:
- өзүнүн ишинде түздөн-түз Кыргыз Республикасынын Өзгөчө кырдаалдар министринин тескөөчү орун басарына баш иет;
- Департаменттин ишин жетектейт жана Департаментке жүктөлгөн милдеттердин жана функциялардын аткарылышы, иштин натыйжасы үчүн жеке жоопкерчилик тартат;
- Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн жана Министрликтин чечимдерин аткарууну камсыз кылат;
- Департаменттин атынан ишеним катсыз чыгат, Кыргыз Республикасынын бардык мамлекеттик органдарында жана уюмдарында, жалпы юрисдикциядагы сотторунда анын таламынын атынан чыгат, келишимдерди түзөт, ишеним каттарды берет, банктарда алыш-бериш жана башка эсептерди ачат, банктык жана финансылык документтерге кол коёт;
- Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык Департаменттин мүлкүн, финансылык каражаттарын башкаруу боюнча чечимдерди чыгарат жана финансылык-чарбалык иш үчүн толук жооп берет;
- өзүнүн компетенциясынын чегинде Департаменттин бардык кызматкерлеринин аткаруусу милдеттүү болгон буйруктарды чыгарат, көрсөтмөлөрдү берет жана алардын аткарылышын контролдойт;
- директордун орун басарынын функциялык милдеттерин аныктайт;
- Департаменттин түзүмүн жана штаттык санын министрге бекитүүгө берет;
- Департаменттин бөлүмдөрү (секторлору) жөнүндө жоболорду жана кызматкерлеринин кызматтык нускамаларын бекитет;
- Департаменттин кызматкерлерин мыйзамда белгиленген тартипте кызматка дайындайт жана кызматтан бошотот, аларга кызыктыруу жана жаза чараларын колдонот.
(КР Өкмөтүнүн 2020-жылдын 5-февралындагы № 59 токтомунун редакциясына ылайык)
12. Департаменттин кызматкерлерин укуктук жана социалдык коргоо "Мамлекеттик кызмат жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамы жана Кыргыз Республикасынын башка ченемдик укуктук актылары менен жөнгө салынат.
13. Департаментке мамлекеттик кызматчыларды кабыл алуу жана бошотуу тартиби Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык ишке ашырылат.
6. Мүлк
14. Департаменттин мүлкүн негизги жана жүгүртүүдөгү каражаттар, ошондой эле Департаментке ыкчам башкаруу укугунда бекитип берилген жана балансында көрсөтүлгөн башка материалдык баалуулуктар түзөт.
15. Департаменттин негизги фонддорун, жүгүртүүдөгү каражаттарын жана пайдалануудагы мүлктөрүн алып коюу Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык ишке ашырылат.
7. Эсеп жана отчёт
16. Департамент ыкчам, статистикалык жана бухгалтердик эсептерди жүргүзөт, мамлекеттик отчёттун документтерин Министрликке жана тиешелүү мамлекеттик органдарга белгиленген тартипте берет.
8. Кайрадан уюштуруу жана жоюу
17. Департаментти кайрадан уюштуруу жана жоюу Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык ишке ашырылат.
18. Департаментти жойгондон кийинки калган мүлк Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык пайдаланылат.
19. Департаменттин ишинин натыйжасында пайда болуучу документтер ал жоюлган учурда "Кыргыз Республикасынын улуттук архив фонду жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына ылайык сакталат.