Загрузка документа…
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ӨКМӨТҮ
ТОКТОМ
2015-жылдын 10-июлу № 479
Кыргыз Республикасынын Ош облусундагы Кара-Суу районунун Нариман айылдык аймагында жайгашкан жер участогун которуу (трансформациялоо) жана "Манас" эл аралык аэропорту" ачык акционердик коомуна убактылуу (мөөнөттүү) пайдаланууга берүү жөнүндө
"Ош" эл аралык аэропортунун аймагын кеңейтүү максатында, Кыргыз Республикасынын Жер кодексинин 4, 7 жана 20-беренелерине, "Жер участокторун которуу (трансформациялоо) жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 6 жана 12-беренелерине ылайык, "Кыргыз Республикасынын Өкмөтү жөнүндө" Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 10 жана 17-беренелерин жетекчиликке алып, Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Кыргыз Республикасынын Ош облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлүнүн 2013-жылдын 20-ноябрындагы № 653-б буйругун көңүлгө алуу менен Кыргыз Республикасынын Өкмөтү
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. "Ош" эл аралык аэропортунун аймагын кеңейтүү үчүн Кыргыз Республикасынын Ош облусундагы Кара-Суу районунун Нариман айылдык аймагында жайгашкан 1,0 га сугат айдоо жери "Айыл чарба багытындагы жерлер" категориясынан "Өнөр жай, транспорт, байланыш, коргоо жана башка багыттагы жерлер" категориясына которулсун.
2. Ушул токтомдун 1-пунктунда аталган жер участогу "Ош" эл аралык аэропортунун аймагын кеңейтүү үчүн "Манас" эл аралык аэропорту" ачык акционердик коомуна (мындан ары - "МЭА" ААК) ижара келишиминин шарттарында 49 жыл мөөнөткө убактылуу (мөөнөттүү) пайдаланууга берилсин.
3. Кыргыз Республикасынын Өкметүнүн Кыргыз Республикасынын Ош облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлүнүн аппараты төмөнкүлөрдү камсыз кылсын:
- жерди эсепке алуу документтерине тийиштүү өзгөртүүлөрдү киргизүүнү;
- Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык ушул токтомдун 1-пунктунда аталган жер участогунун шаар куруу документтерин иштеп чыгууну жана бекитүүнү;
- "МЭА" ААКы Кыргыз Республикасынын Ош облусундагы Кара-Суу районунун Нариман айыл өкмөтү менен ушул токтомдун 2-пунктунда аталган жер участогун Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык ижарага берүү келишимин түзүүнү;
- "МЭА" ААКынын Кыргыз Республикасынын Өкмөтү белгилеген ченемдерге ылайык айыл чарба өндүрүшүнүн жоготууларынын жана алынбай калган пайданын ордун толтуруу наркынын суммасын төлөп берүүсүн;
- ушул токтомдун 1-пунктунда аталган жер участогун максаттуу багыты боюнча пайдаланууну.
4. Ушул токтом расмий жарыяланган күндөн он беш күн өткөндөн кийин күчүнө кирет.
5. Ушул токтомдун аткарылышын контролдоо Кыргыз Республикасынын Өкметүнүн Аппаратынын агроөнөржай комплекси жана экология бөлүмүнө жана курулуш, транспорт жана коммуникациялар бөлүмүнө жүктөлсүн.
|
|
|
Премьер-министр |
Т.А.Сариев
|