Загрузка документа…
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН АТЫНАН
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ЖОГОРКУ СОТУНУН
КОНСТИТУЦИЯЛЫК ПАЛАТАСЫНЫН
ЧЕЧИМИ
2020-жылдын 11-марты № 01-р
Ирлан уулу Алманбеттин кайрылуусуна байланыштуу «Кыргыз Республикасынын жалпы билим берүү уюмдарында окуу китептерин ижарага берүүнү этап менен киргизүү» Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2017-жылдын 16-октябрындагы № 671 токтомунун конституциялуулугун текшерүү жөнүндө иш боюнча
Кыргыз Республикасынын Жогорку сотунун Конституциялык палатасы: төрагалык кылуучу - К.А. Дуйшеев, судьялар Ч.А. Айдарбекова, М.Р. Бобукеева, Л.П. Жумабаев, М.Ш. Касымалиев, К.Дж. Кыдырбаев, А.О. Нарынбекова, Э.Ж. Осконбаев, Ч.О. Осмонова, Ж.И. Саалаевдин курамында, сот отурумунун катчысы К.А. Аблакимовдун, кайрылуучу тарап – Ирлан уулу Алманбеттин ишеним кат боюнча өкүлдөрү Айнура Мусаевна Осмоналиева, Тилек Алмазбекович Алмазбековдун; жоопкер тарап – Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн ишеним кат боюнча өкүлү Нурбек Абдыкадырович Курманакуновдун;
башка жактар – Кыргыз Республикасынын Билим берүү жана илим министрлигинин ишеним кат боюнча өкүлдөрү Калдыбай уулу Мирлан, Толеген Апазович Аматовдун, Кыргыз Республикасынын Юстиция министрлигинин ишеним кат боюнча өкүлү Сайра Темирбековна Ызакованын катышуусунда,
Кыргыз Республикасынын Конституциясынын 97-беренесинин 1, 6- бөлүктөрүн, «Кыргыз Республикасынын Жогорку сотунун Конституциялык палатасы жөнүндө» конституциялык Мыйзамдын 4, 18, 19, 37, 42- беренелерин жетекчиликке алып, «Кыргыз Республикасынын жалпы билим берүү уюмдарында окуу китептерин ижарага берүүнү этап менен киргизүү» Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2017-жылдын 16-октябрындагы № 671 токтомунун конституциялуулугун текшерүү жөнүндө ишти ачык соттук отурумда карап чыкты.
Бул ишти кароого Ирлан уулу Алманбеттин өтүнүчү себеп болду. «Кыргыз Республикасынын жалпы билим берүү уюмдарында окуу китептерин ижарага берүүнү этап менен киргизүү» Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2017-жылдын 16-октябрындагы № 671 токтомунун Кыргыз Республикасынын Конституциясына ылайык келүүсү жѳнүндѳгү маселеде күмөндүүлүктүн пайда болуусу бул ишти кароого негиз болду.
Ишти соттук отурумга даярдаган судья-баяндамачы Ж.И. Саалаевдин маалыматын угуп жана келтирилген материалдарды изилдеп чыгып, Кыргыз Республикасынын Жогорку сотунун Конституциялык палатасы
Т А П Т Ы:
Кыргыз Республикасынын Жогорку сотунун Конституциялык палатасына 2019-жылдын 26-февралында Ирлан уулу Алманбеттин «Кыргыз Республикасынын жалпы билим берүү уюмдарында окуу китептерин ижарага берүүнү этап менен киргизүү» Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2017- 3 жылдын 16-октябрындагы № 671 токтомунун Кыргыз Республикасынын Конституциясынын 45-беренесинин 2-бөлүгүнө, 16-беренесинин 2, 5- бөлүктөрүнө, 20-беренесинин 2, 3-бөлүктөрүнө, 5-бөлүгүнүн 9-пунктуна ылайык келүүсүн текшерүү жөнүндө өтүнүчү келип түшкөн.
Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн токтому менен Кыргыз Республикасынын жалпы билим берүү уюмдарында окуу китептерди ижарага берүү белгиленгени өтүнүчтөн келип чыгууда, муну менен жарандардын негизги жалпы жана орто жалпы билимди акысыз алуу конституциялык укугу чектелип жатат, бул жарандарды мүлктүк абалы боюнча кодулоого алып келет.
Арыздануучу Кыргыз Республикасынын Конституциясынын 45 - беренесинин 2-бөлүгүнө ылайык ар ким мамлекеттик билим берүү уюмдарында негизги жалпы жана орто жалпы билимди акысыз алууга укуктуу деп белгилейт. Анын пикири боюнча бул конституциялык ченем эл аралык ченемдер менен шайкеш келет жана улуттук мыйзамдарда чагылдырылган. Адам укуктарынын жалпы декларациясынын 26 - беренесинин 1-бөлүгүнө жана Адамдын укуктары жана негизги эркиндиктери жөнүндө Көз карандысыз Мамлекеттердин Шериктештигинин Конвенциясынын 27-беренесинин 2-бөлүгүнө ылайык башталгыч жана жалпы билим берүү милдеттүү жана акысыз болуп саналат. «Билим берүү жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 16-беренесине ылайык жалпы башталгыч жана жалпы негизги мектептеринде билим алуу Кыргыз Республикасынын бардык жарандары үчүн милдеттүү, ал эми мамлекеттик жана муниципалдык окуу жайларда акысыз болуп саналат. Мамлекет жарандардын мамлекеттик билим берүү стандарттарынын деңгээлинде мамлекеттик жана муниципалдык окуу жайларында акысыз орто жалпы билим алууга болгон укугун жүзөгө ашырууну камсыз кылат.
Ирлан уулу Алманбеттин пикири боюнча ар кимдин мамлекеттик билим берүү уюмдарында жалпы негизги жана жалпы орто билимди акысыз алууга конституциялык укугу, окутууга гана болгон укукту камтыбастан, 4 башка бардык аны коштогон жана ажырагыс байланышта болгон укуктарды, анын ичинде окуу китептерди акысыз пайдалануу укугун да камтыйт. Бекитилген окуу программасы боюнча түзүлгөн окуучулар үчүн окуу китептер окуучулар өздөштүрүүгө тийиш болгон билимдердин кайсы бир тармагына таандык окуу материалды өзүнө камтыйт жана билим алуунун ажырагыс элементи болуп саналат. Акысыз билим алуу укугу окуу китептерин акысыз пайдалануу укугу менен ажырагыс байланышта, себеби аларды колдонбостон билим алуу мүмкүн эмес.
Бирок, арыздануучу көрсөткөндөй, талашылып жаткан Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн токтому Кыргыз Республикасынын жалпы билим берүү уюмдарында окуу китептерди ижарага берүү билим алууга болгон конституциялык укукту, тактап айтканда, окуу китептерди акысыз пайдалануу укугун бузуу менен киргизилген. Бекитилген Тартипке ылайык ар бир окуу китеп үчүн ижара төлөм суммасы Кыргыз Республикасынын Билим берүү жана илим министрлиги менен белгиленет. Ижара акысы окуучулардын ата-энелери (мыйзамдуу өкүлдөрү) министрлик белгилеген мөөнөттөрдөн кечиктирбестен мекеме тейленген банктардын эсебине которушат. Ошентип, талашылып жаткан Өкмөттүн токтому окуучуларды жана алардын ата-энелерин окуу китептерди пайдалануу үчүн ижара акы төлөмүн төлөөгө милдеттендирет.
Ушуга байланыштуу, арыздануучу ченем жаратуучу орган болгон Кыргыз Республикасынын Өкмөтү Кыргыз Республикасынын Конституциясынын жогоруда көрсөтүлгөн талаптарын бузуу менен окуу китептерди пайдаланууга берүү үчүн төлөм алууга жол берген токтомду мыйзамсыз кабыл алган деп эсептейт. Ошону менен окуучулардын билим алуусу чектелет, анткени тийиштүү билим алуу үчүн окуу адабиятынын болушу милдеттүү болуп саналат.
Кайрылуу субъекти Кыргыз Республикасынын Конституциясынын 16 - беренесинин 2-бөлүгү менен ар кандай белгилер боюнча, анын ичинде мүлктүк абалы боюнча кодулоого жол берилбестиги бекитилет деп 5 белгилейт. Ушундай конституциялык орнотмо Адам укуктарынын жалпы декларациясынын 2-беренесинде, Атуулдук жана саясий укуктар жөнүндө эл аралык пактынын 2-беренесинин 1-бөлүгүндө жана Адамдын укуктары жана негизги эркиндиктери жөнүндө Көз карандысыз Мамлекеттер Шериктештигинин Конвенциясынын 20-беренесинде да чагылдырылган.
Арыздануучу дискриминацияга конституциялык жана эл аралык кепилдиктер менен тыюу салынганына карабастан талашылып жаткан Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн токтому окуу китептер үчүн ижара акысын төлөөгө мүмкүнчүлүккө ээ болбогон жактарды, өзүнүн мүлктүк абалына жараша финансылык мүмкүнчүлүгү бар башка категориядагы жарандарга салыштырмалуу теңсиз абалга коёт деп белгилейт.
Ирлан уулу Алманбет Кыргыз Республикасынын Конституциясынын 16-беренесинин 5-бөлүгүнө ылайык баланын эң жакшы кызыкчылыктарын камсыз кылуу принциби колдонулат деп да көрсөтөт. Бул Бала укуктары жөнүндө конвенциянын 28-беренесинин 1-бөлүгүнө шайкеш келет, ага ылайык мүчө болгон мамлекеттер баланын билимге болгон укугун тааныйт да жана бирдей мүмкүнчүлүктөрдүн негизинде ушул укуктун жүзөгө ашырылуусуна байма-бай жетишүү максатында, анын ичинде акысыз жана милдеттүү башталгыч билим берүүнү киргизүүдө. Бирок, талашылып жаткан Өкмөттүн токтому баланын эң жакшы укуктарын кодулабоо жана камсыз кылуу принциптерин бузуу менен, Кыргыз Республикасынын Конституциясынын жана Конвенциянын белгиленген ченемдерине карамакаршы келет.
Баяндалгандын негизинде, арыздануучу талашылып жаткан Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн токтомун Кыргыз Республикасынын Конституциясына карама-каршы келет деп таанууну суранууда. Кыргыз Республикасынын Жогорку сотунун Конституциялык палатасынын судьялар коллегиясынын 2019-жылдын 4-апрелиндеги аныктамасы менен Ирлан уулу Алманбеттин өтүнүчү өндүрүшкө кабыл алынган.
Судья-баяндамачынын 2019-жылдын 4-июлундагы аныктамасы ишти сот отурумунда кароо 2019-жылдын 25-сентябрына дайындалган.
Кыргыз Республикасынын Жогорку сотунун Конституциялык палатасынын 2019-жылдын 25-сентябрындагы аныктамасы менен бул иш боюнча өндүрүш арыздануучунун оорусуна байланыштуу токтото турулган.
Кыргыз Республикасынын Жогорку сотунун Конституциялык палатасынын 2020-жылдын 3-мартындагы аныктамасы менен иш боюнча өндүрүш жандандырылган.
Ирлан уулу Алманбеттин өкүлдөрү сот отурумунда өздөрүнүн талаптарын колдогон жана аларды канааттандырууну суранышкан.
Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн өкүлү Н.А. Курманакунов кайрылуучу тараптын жүйөлөрү менен макул болгон жок жана талашылып жаткан Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн токтому кийинкидей негиздер боюнча Кыргыз Республикасынын Конституциясына карама-каршы келбейт деп эсептейт.
«Билим берүү жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Мыйзамы менен белгиленген «жалпы (мектеп) билим берүү», «орто жалпы билим берүү», «билим алуу» деген түшүнүктөрдүн ченемдик бирдигинен билим берүү материалдык байгерлик эмес, ал интеллектуалдык байгерлик; ал эми окуу 7 китеби билим берүү процессинде колдонулуучу курал экендиги келип чыгат. Көрсөтүлгөн Мыйзамга ылайык мамлекеттин ролу Кыргыз Республикасынын Өкмөтү белгилеген тартипте окуучуларга окуу башпааналарын, жабдыктарын, жатаканаларын, окуу куралдарын, материалдык жардамды, тамактанууга жана унаада жол жүрүүгө жеңилдиктерди, медициналык тейлөөнү, ден соолукту чыңдоону жана окуу китептерди уюштуруп берүү менен, окуу үчүн шарттарды түзүүдө турат. Ушуга байланыштуу, ошондой эле жалпы билим берүү мекемелерин окуу китептер менен камсыздалгандыкты жакшыртуу, пайдаланылуудагы окуу китептердин бирдей стандарттарын жана үлгүлөрүн, жаңы окуу китептерди басып чыгаруу үчүн каражаттардын топтолушунун эсебин алуунун бирдей тартибин белгилөө максатында талашылып жаткан акт иштелип чыккан.
Билим берүүнү сапатын жана натыйжалуулугун арттыруунун зарыл шарты болуп республиканын мектептерин заманбап талаптарга жооп берген окуу китептер менен толук көлөмдө камсыз кылуу саналат. Окуу китеби билим берүүнүн мамлекеттик стандартын жүзөгө ашыруу үчүн окутуунун негизги каражаты болуп саналат. Окуучулардын билим берүүдөгү жетишкендиктеринин деңгээли мугалим жана окуучунун окуу адабияты менен камсыздалгандыгынан көз каранды.
Кыргыз Республикасы 1991-жылы эгемендикке жетишкенден кийин, өткөөл мезгилдин бир катар башка социалдык-экономикалык көйгөйлөр менен бирге, мектеп китепканаларынын окуу фондун толук кандуу толуктоо жана ар бир окуу жайы үчүн 1-11-класстардын басылмаларынын толук комплектин сатып алуу үчүн каржы ресурстары болбогондон улам өлкөнүн жалпы билим берүү уюмдарын окуу китептер менен камсыз кылуу көйгөйү пайда болгон.
Окуу китептерин басып чыгаруу боюнча маселелерди ийгиликтүү чечүү жана окуучуларды окуу китептер менен толук камсыздоого жетишүү үчүн өз убагында жана жетиштүү каржылоо маселеси өзгөчө маанилүү болуп саналат.
Мектеп жашындагы балдарды зарыл шаймандар (мектеп кийими, кеңсе товарлары, окутуунун башка предметтери) менен камсыз кылуу үчүн өлкөнүн бюджетинде каржы каражаттарынын болбогондугуна байланыштуу, мындай милдет ата-энелерге жүктөлгөн.
1996-жылы китеп нускаларын алмаштыруу жана жаңы окуу китептерин иштеп чыгуу үчүн каражаттарды топтоого мүмкүндүк берген окуу китептерди ижарага берүү тутумун өлкөнүн мектептерине киргизүү чечими кабыл алынган. Киргизилген ижарага берүү тутуму бир нече жылдар бою окуучуларды окуу адабияты менен камсыз кылуу, басып чыгаруу, мектептерге окуу китептерди жеткирүү абалын жакшыртууга жардам берген. Бирок окуу китептерди пайдалануу үчүн ижарага берүү төлөмү «2006-жылга карата Кыргыз Республикасынын республикалык бюджети жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Мыйзамы менен жокко чыгарылган.
Азыркы учурда окуу китептерди пайдалануу үчүн ижарага берүү тутуму окуу китептерди басып чыгаруу үчүн бюджеттен тышкаркы каражаттарды топтоонун өзгөчө натыйжалуу формасы болуп саналат. Мектептердин китептер менен учурдагы камсыздалышы 86,3%ды түзөт. Билим берүүнүн жаңы стандарттары боюнча республикада окутуу жүзөгө ашырылып жаткан төрт тилдүү топтор үчүн окуу китептердин дефицити 11 000 000 нусканын тегерегинде. Аларды тираж кылып басып чыгаруу үчүн жылына 600 000 000 сом талап кылынат. Мында эски окуу китептерди толугу менен алмаштыруу талап кылынат.
Республикадагы түзүлгөн экономикалык кырдаалдан окуу китептерди иштеп чыгууга, басып чыгарууга, тираж кылып басып чыгарууга кошумча каржы ресурстарын түзүү үчүн китепкана фондунун окуу китептерин пайдалануу үчүн ижарага берүүнү киргизүү зарылдыгы келип чыкты
Кыргыз Республикасынын Билим берүү жана илим министрлигинин актысына ылайык китептерди ижарага берүү баасы ар бир китеп үчүн 25 сомду түзөт.
Талашылып жаткан ченемдик укуктук актынын долбоорун коомдук талкуулоо учурунда ата-энелер тарабынан жакшы пикирлер айтылган ‒ окуу китепти пайдалануу үчүн ижаранын киргизилиши алардын абалын жакшыртат анткени алар базар баасы 250 сомдон баштап 500 сомго чейин болгон окуу китептерди сатып алууга мажбур болушкан. Окуучулардын атаэнелерине ар бир жылы базар баасы менен окуу китептерди сатып алгычакты, 1 жылда окуу китепти пайдалануу үчүн 25 сом ижара төлөмүн төгүү алда канча үнөмдүү болот.
Ошондой эле Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн өкүлү жалпы билим берүү уюмдарында китептерди ижарага берүү Тартибинин 4- главасында жарандардын айрым категориялары үчүн окуу китептерди акысыз жана ижарага берүү суммасынын жарымын төлөө менен пайдаланууга жол берген жеңилдик жоболор каралган
Жогоруда баяндалгандын негизинде, Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн өкүлү арыздануучунун талаптарын канааттандыруудан баш тартууну суранат.
Кыргыз Республикасынын Билим берүү жана илим министрлигинин өкүлү Калдыбай уулу Мирлан 2015-жылдын 23-январында Бишкек шаарында Кыргыз Республикасы жана Азия Өнүктүрүү банкы ортосунда 2015-жылдын 13-июнундагы Мыйзам менен Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңеши тарабынан «Секторду өнүктүрүү программасы: билим берүү тутумун бекемдөө» деген Гранттык Макулдашууга кол коюлгандыгын түшүндүргөн.
Бул Макулдашууга ылайык Азия Өнүктүрүү банкы Кыргыз Республикасына билим берүү тутумун өнүктүрүү, анын ичинде Кыргыз Республикасында орто билим берүүнүн сапатын жогорулатуу, жеткиликтүү жана натыйжалуу кылуу максатында 12 000 000 АКШ доллары өлчөмүндө грант берилген. Бул макулдашуунун алкагында Кыргыз Республикасы өзүнө бир катар милдеттенмелерди алган, алардын бири болуп, окуу китептерди ижарага берүү схемасын киргизүүнү караган «Билим берүү жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Мыйзамына өзгөртүүлөрдү киргизүү саналган.
Ушуга байланыштуу, «Билим берүү жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Мыйзамына өзгөртүүлөр киргизилген жана «Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актылары жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын ченемдерин эске алуу менен талашылып жаткан акт иштелип чыккан.
Окуу китептерди ижарага берүү тутумунун иштеши жана окуу жашындагы балдарды китептер менен камсыз кылуу үчүн ата-энелер жамаатын тартуу жалпысынан жалпы билим берүү уюмдарынын окуу-тарбия ишмердигинде жергиликтүү коомчулуктун катышуусун жандандырат, бул окуучулардын билим алуусунун сапатын жогорулатуу үчүн зарыл шарттарды түзөт. Ошондой эле Кыргыз Республикасында окуу китептерди ижарага берүүнүн иштеши республикадагы мектептердин окуучуларын окуу китептер менен камсыздалышынын көп жылдык актуалдуу көйгөйүн чечүүгө жардам берет. Окуу китептерди ижарага берүүдөн түшкөн бардык каражаттар бүткүл өлкөнүн жалпы билим берүү уюмдарынын окуучулары үчүн жаңы окуу адабиятын жана методикалык куралдарды басып чыгарууга гана жөнөтүлөт. Кыргыз Республикасынын мамлекеттик жана муниципалдык жалпы билим берүү уюмдарында жүргүзүлгөн түшүндүрүү иштери ата-энелер жамааты окуу китептерди өз убагында камсыз кылууну кошкондо, билим берүү сапатын жакшыртууга багытталган демилгелерди колдоого даяр экендигин көрсөткөн.
Андан тышкары, талашылып жаткан актты кабыл алуу республикалык бюджеттен Билим берүү жана илим министрлигинин жалпы муктаждыктарына жылына 120 000 000 сом бөлүнүп келгендиги менен шартталган, ал эми бардык окуучулардын муктаждыгын камсыз кылуу максатында окуу адабиятын жана куралдарды басып чыгарылышынын өзү эле окуучулардын санынын өсүшү менен жылына 600 000 000 сомдон ашуун сумманын каржыланышын болжойт. Ошентип, мамлекеттик каражаттардын жетишсиздигинен окуучулар билим берүүнүн азыркы талаптарына туура келбеген эски окуу китептер боюнча окууга мажбур болгон. Кыргыз 11 Республикасынын мамлекеттик жана муниципалдык жалпы билим берүү уюмдарында окуучуларды окуу китептер менен камсыздалышын жакшыртуу жана жаңы окуу китептерди өз убагында басып чыгаруу жана туруктуу каржылоо үчүн акча каражаттарын топтоо максатында ижара төлөмүн алууну болжол кылган окуу китептерди ижарага берүүнүн киргизилиши бул көйгөйдү чечүүнүн жалгыз жолу болуп саналат.
Кыргыз Республикасынын Билим берүү жана илим министрлигинин экинчи өкүлү Т.А. Аматов М. Калдыбай уулунун жүйөлөрүн колдогон, ошондой эле талашылып жаткан токтомду аткаруу боюнча көрүлүп жаткан уюштуруу жана техникалык чаралар тууралуу билдирген.
Кыргыз Республикасынын Юстиция министрлигини өкүлү С.Т. Ызакова окуу китептерди бюджеттик каржылоо жана басып чыгаруу аркылуу акысыз билим берүү боюнча мамлекет тарабынан түзүлүп жаткан шарттар бөлүгүндө, ошондой эле жарандардын айрым категориялары үчүн ижара төлөмүн киргизүүдө жеңилдик жоболорунун колдонулуп жаткан бөлүгүндө Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн өкүлүнүкүндөй пикирин айтты.
С.Т. Ызакова «Билим берүү жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 1-беренеси менен каралган «билим берүү» деген түшүнүктөн жарандардын тарбия жана билим алуусунун акысыз үзгүлтүксүз тутумдаш процессине болгон укугу келип чыгат, ал эми окуу китептер процессти эмес, алар материалдык камсыздоону түзөт. Белгиленген Мыйзамда акысыз билим берүү категориялары белгиленген, ал эми окуу китептерди акысыз пайдаланууга берүү маселеси ал катарга кирбейт.
Аталган Мыйзамдын 45-беренесине ылайык жалпы билим берүү уюмдарында окуу китептерди ижарага берүү Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында белгиленген тартипте жүзөгө ашырылат
Талашылып жаткан Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн токтому белгиленген мыйзамдардагы орнотмолорду жүзөгө ашыруу максатында кабыл алынган, ушуга байланыштуу, Кыргыз Республикасынын Юстиция 12 министрлигинин өкүлү талашылып жаткан акт Кыргыз Республикасынын Конституциясынын ченемдери менен карама-каршылыкта турбайт деп болжойт.
Кыргыз Республикасынын Жогорку сотунун Конституциялык палатасы тараптардын жүйөлөрүн талкуулап, башка жактардын түшүндүрмөлөрүн угуп жана иштин материалдарын изилдеп чыгып, кийинкидей тыянактарга келди.
1. «Кыргыз Республикасынын Жогорку сотунун Конституциялык палатасы жөнүндө» конституциялык Мыйзамынын 19-беренесинин 4- бөлүгүнө ылайык Кыргыз Республикасынын Жогорку сотунун Конституциялык палатасы кайрылууда ченемдик укуктук актынын конституциялуулугу күмөн саналган бөлүгүнө гана тийиштүү болгон предмет боюнча актыларды чыгарат.
Ошентип, Кыргыз Республикасынын Жогорку сотунун Конституциялык палатасынын бул иш боюнча кароо предмети болуп Кыргыз Республикасынын жалпы билим берүү уюмдарында окуу китептерди ижарага берүү Тартибин бекиткен «Кыргыз Республикасынын жалпы билим берүү уюмдарында окуу китептерин ижарага берүүнү этап менен киргизүү» Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2017-жылдын 16-октябрындагы №671 төмөнкүдөй мазмундагы токтому саналат:
«Жалпы билим берүү уюмдарын окуу китептери менен камсыз кылуу үчүн шарттарды түзүү максатында, "Билим берүү жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына, "Кыргыз Республикасынын Өкмөтү жөнүндө" Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 10 жана 17-беренелерине ылайык Кыргыз Республикасынын Өкмөтү токтом кылат:
1. Кыргыз Республикасынын жалпы билим берүү уюмдарында окуу китептерин ижарага берүү тартиби тиркемеге ылайык бекитилсин. 2. Кыргыз Республикасынын Билим берүү жана илим министрлиги: 13 - эки жумалык мөөнөттө Кыргыз Республикасынын жалпы билим берүү уюмдарында окуу китептерин ижарага берүүнү этап менен киргизүү графигин бекитсин;
- Кыргыз Республикасынын жалпы билим берүү уюмдарында бир окуу жылына окуу китебин пайдалануу үчүн ижара акысынын өлчөмүн аныктасын;
- жалпы билим берүү уюмдарын окуу китептери менен камсыз кылуу максатында Кыргыз Республикасынын Финансы министрлиги менен бирдикте окуу китептеринин жүгүртүү фондун түзүү жана пайдалануу боюнча сунуштарды Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Аппаратына киргизсин;
- окуу китептерин ижарага берүүнү этап менен киргизүү маселелери боюнча жалпы билим берүү уюмдарынын окуучуларынын ата-энелеринин (мыйзамдуу өкүлдөрүнүн) арасында маалыматтык-түшүндүрүү иштерин жүргүзсүн.
3. Ушул токтомдун аткарылышын контролдоо Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Аппаратынын билим берүү, маданият жана спорт бөлүмүнө жүктөлсүн.
4. Ушул токтом расмий жарыяланган күндөн тартып жети күн өткөндөн кийин күчүнө кирет.».
«Кыргыз Республикасынын жалпы билим берүү уюмдарында окуу китептерин ижарага берүүнү этап менен киргизүү» Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2017-жылдын 16-октябрындагы №671 токтому «Эркин Тоо» гезитинде 2017-жылы 27-октябрда №114 менен жарыяланган, Кыргыз Республикасынын Ченемдик укуктук актыларынын мамлекеттик реестрине киргизилген жана колдонуудагы акт болуп эсептелет.
2. Кыргыз Республикасынын Конституциясы коомдун бардык тиричилик ишмердик чөйрөлөрүндө инсандын артыкчылыгын тааныйт жана ар бир адамдын эркин өнүгүүсү үчүн жагымдуу шарттарды жаратат. Кыргыз 14 Республикасы социалдык мамлекет катары адамдын жана жарандын билим алууга болгон укугун конституциялык маанилүү баалуулуктарга киргизет. Ар кимдин билим алууга болгон укугу жана негизги жалпы билим берүүнүн милдеттүүлүгү жөнүндө конституциялык орнотмолор инсандын толук кандуу жана ар тараптуу өнүгүүсү үчүн зарыл өбөлгөлөрдү жаратууга, мамлекеттик билим берүү стандарттарына ылайык билимдерди, көндүмдөрдү жана эптерди алуу аркылуу анын адеп-ахлактык моралдык жана интеллектуалдык деңгээлин жогорулатууга багытталган (Кыргыз Республикасынын Конституциясынын 45-беренесинин 1, 2-бөлүктөрү).
Билим берүү бир топ кеңири мүмкүнчүлүктөрдү алууга жол берген негизги каражат болуп саналат, алардын жардамы менен адам башка укуктарды жана эркиндиктерди жүзөгө ашыра алат, ошондой эле өзүнүн экономикалык жана рухий муктаждыктарын чече алат.
Билим алууга болгон укуктун турмушка түздөн-түз ашырылуусунун маңызы болуп, өзүнө кодулабоо, физикалык жеткиликтүүлүк жана экономикалык жеткиликтүүлүк деген өз ара байланыштагы үч элементти камтыган жалпыга жеткиликтүүлүгүндө.
Кодулабоо деген жынысына, расасына, тилине, майыптуулугуна, этникалык таандыктыгына, дин тутуусуна, чыгыш тегине, мүлктүк же башка абалына карабастан билим берүүнүн жеткиликтүүлүгүн болжойт.
Физикалык жеткиликтүүлүк деп окуу жайына түздөн-түз келүүгө жол берген, же болбосо тигил же башка жактын дене бой түзүлүшүнүн жана жаш өзгөчөлүктөрүнө байланышкан же ыраак жерде жашаган жактарга карата заманбап технологияларга уруксат берүү жолу менен билим берүү тутумунун объекттеринин коопсуз физикалык жетүү мүмкүнчүлүгү түшүнүлөт.
Экономикалык жеткиликтүүлүк деп мамлекеттин мамлекеттик билим берүү стандарттарын иштеп чыгууга, билим берүү тутумунун инфратүзүмүн түзүү жана андан ары мыктылоого, зарыл материалдык-техникалык каражаттар менен жабдууга, окуу-методикалык материалдар менен камсыз кылууга жана мамлекеттик билим берүү мекемелери көрсөтүп жаткан башка 15 билим берүүчү кызматтарын төлөөгө байланышкан каржы чыгымдарын көтөрүү милдетин болжойт.
Милдеттүүлүк режиминде базалык билимдерди алуунун туруктуу тутумун түзүү шартында гана калктын интеллектуалдык, маданий-ыймандык жана социалдык өсүшү жана адам даремети жогорулашы мүмкүн. Билим берүүнүн базалык деңгээлинен жарандардын келечектеги кесиптерди өздөштүрүү мүмкүнчүлүгү жана алардын кыйынчылыкка учурабай коомго жуурулушуусу коомдун татыктуу, толук кандуу жана пайдалуу субъекти катары болуусунан көз каранды. Эч кандай, анын ичинде диний, экономикалык же социалдык мүнөздөгү себептер жана жагдайлар мамлекеттин ар кимдин негизги жалпы билим алуусун камсыз кылуу конституциялык милдетин аткарбоосун актай албайт, ал керек болсо, мажбурлоо чараларын колдонуу аркылуу аткарылышы керек.
Билим алуу укугу дүйнөлүк коомчулук тарабынан бирдейлик, жеткиликтүүлүк, милдеттүүлүк жана акысыздык кепилдиктери, ошондой эле ушул максаттарды жүзөгө ашыруу үчүн зарыл укуктук, экономикалык, уюштуруучулук жана башка шарттарды түзүү боюнча мамлекеттин позитивдүү милдеттенмеси менен байланышта болгон адамдын негизги жана ажырагыс укуктарынын бири катары таанылат (Адам укуктарынын жалпы декларациясынын 26-беренеси, экономикалык, социалдык жана маданий укуктар жөнүндө эл аралык пактынын 13-беренеси, Адамдын укуктарын жана негизги эркиндиктери жөнүндө Көз карандысыз Мамлекеттер Шериктештигинин Конвенциясынын 27-беренеси, Билим берүү чөйрөсүндөг кодулоого каршы күрөшүү жөнүндө Конвенциянын 4-беренеси).
Ошентип, билим алууга болгон укуктун жана негизги жалпы билим алуунун милдеттүүлүктүн жүзөгө ашырылуусунун даражасы бүтүндөй коомдун өнүгүүсүнүн жана бакубатчылыктын деңгээлин чагылдырат.
Кыргыз Республикасынын Конституциясынан жана Кыргыз Республикасы катышуучу болгон эл аралык келишимдерден келип чыгуучу 16 демократиялык принциптер жана гуманисттик баалуулуктар билим алууга болгон укуктун жана негизги жалпы билим алуунун милдеттүүлүгү толук кандуу жүзөгө ашырылуусу мамлекеттик саясаттын артыкчылыктуу жана стратегиялуу багыты болуусун аныктайт.
3. Кыргыз Республикасында баланын эң жакшы кызыкчылыктарын камсыз кылуу принциптери колдонулат. Кыргыз Республикасынын Конституциясынын талаптарына ылайык мамлекет ар бир балага анын денебоюнун, акыл эсинин, ички руханий, ыймандык жана социалдык өнүгүүсү үчүн зарыл болгон жашоо деңгээлин камсыз кылууга милдеттүү (16- берененин 5-бөлүгү, 36-берененин 2-бөлүгү).
Ушуга байланыштуу, балдар субъект болгон коомдук мамилелерди жөнгө салууда мамлекет алардын коомго пайдалуу жана аң-сезимдүү элемент катары кыйла оптималдуу жана жеңил жуурулушуп кетүүсү үчүн балдардын эркин жана толук кандуу өнүгүүсүн, окуусун жана тарбиялануусун камсыз кылуучу укук коргоо багыттын камтыган укуктук механизмдерди колдонууга тийиш.
Мамлекеттик артыкчылыктуу камкордук мүнөзүнө ээ болгон бала укуктары мамлекеттик билим берүү уюмдарында негизги жалпы жана орто жалпы билимди акысыз алуу мүмкүндүгүнүн ар бирине берилиши конституциялык талаптын өзөгүндө жатат (Кыргыз Республикасынын Конституциясынын 45-беренесинин 2-бөлүгүнүн экинчи абзацы).
Мамлекет ар кимге акысыз билим алууга болгон укукту берүү менен, негизги жалпы жана орто жалпы билим берүү менен анын чектерин белгилейт.
Билим алууга болгон укуктун туундусу болгон акысыз билим алууга укуктун маңызы билим берүү тутумунун инфратүзүмүн жаратуу жана мыктылоосун, окуу-методикалык материалдар менен камсыз кылынуусун, билим берүү объекттерин зарыл материалдык-техникалык каражаттар менен жабдылышын, өзүнө мамлекеттик билим берүү стандарттарынын иштелип чыгышын, окутуучулардын жана техникалык персоналдын эмгек акысын 17 өзүнө камтыган мамлекеттик билим берүү мекемелери тарабынан көрсөтүлүп жаткан билим берүүчү кызматтардын төлөнүшүн бюджеттик каржылоо аркылуу уюштурууну жүзөгө ашырган мамлекеттин позитивдүү милдетинде камтылат.
Мамлекет билим берүү чөйрөсүндө негиз салуучу башаттардын бири катары акысыздык принцибин бекитүү менен, өзүнө анын жүзөгө ашырылуусу үчүн керек болгон чыгымдарды зарыл болгон көлөмдө ишке ашыруу милдетин жүктөйт.
4. Мамлекет Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн атынан жарандардын негизги жалпы акысыз билим алууга болгон укугун камсыз кылат, ал бул үчүн зарыл болгон социалдык-экономикалык жана укуктук шарттарды түзүүгө чакырылган («Билим берүү жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 7-беренеси).
Мындай шарттардын бири болуп окуу материалдарынын түзүү жана алар менен мамлекеттик билим берүү уюмдарын камсыздоо саналат. Билим берүү процессинде пайдаланылуучу окуу материалдар болуп окуу китептер, окуу жана методикалык усулдар, тапшырмалар жыйнагы, маалымдамалар жана башка материалдар саналат. Окуу материалдарынын мазмундук бөлүгү билим берүү процессинин методикалык камсыздоонун маанилүү элементи катары мамлекеттик билим берүү стандарттарына туура келүүсү, конкреттүү дисциплина боюнча программаны толугу менен ачуусу керек.
Ушуга байланыштуу, Кыргыз Республикасынын Жогорку сотунун Конституциялык палатасы кайрылуучу тараптын окуу материалынын билим берүү процессинен ажырагыстыгы жөнүндө жүйөсү менен макул.
Ошону менен бирге, адам турмушунун көптөгөн чөйрөсү жогорку технологиялардын жана санариптин өнүгүүсү шартында, окуу материалдардын жалпыга жеткиликтүүлүгү башка жолдор менен камсыз боло турган учурда, кагазга басылган окуу материалдарды акысыз негизде берилүү милдеттенмесин мамлекетке талап кылып коюу арыздануучу 18 шилтеме кылган конституциялык орнотмолорго ылайык келет деп эсептөөгө болбойт.
Мында, мамлекеттин позитивдүү милдеттенмесинин мүнөздүү белгилери болуп, анын бул же тигил тарыхый өнүгүү этабында ыктыярдуулугу жана мамлекеттин экономикалык мүмкүнчүлүктөрүнө көз карандылыгы эске алынууга тийиш. Мамлекеттин экономикалык мүмкүнчүлүктөрү өскөн сайын көрсөтүлгөн милдеттердин көлөмү көбөйүшү жана билим берүү процессине гана байланышкан чыгымдарды эмес, окуучуларды унаа менен ташуу, аларды тамак-аш менен камсыздандыруу, мектеп кийимин жана башкаларды акысыз негизде берүү боюнча чыгымдарды да өзүнө камтышы мүмкүн.
Бирок, мамлекет тарабынан көрсөтүлүп жаткан бакубаттуулуктун деңгээли ар кимдин негизги жалпы билимди акысыз негизде алуу укугу менен камсыз кылынуусу жөнүндө конституциялык талаптын реалдуу түрдө жүзөгө ашырылуусу үчүн керек болгон минималдуу көлөмдөн төмөн болбош керек, анын маңызы ушул Чечимдин 3-пунктунда ачылган.
5. Жалпы билим берүү уюмдарын окуу китептер менен камсыздоо үчүн шарттарды түзүү максатында талашылып жаткан Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн токтому менен жалпы билим берүү уюмдарында окуу китептерди ижарага берүү этап менен киргизилген жана тийиштүү тартип бекитилген. Аны менен, арыздануучунун ырастоосу боюнча, мыйзам алдындагы ченемдик укуктук актылар менен бирдейлик жана кодулабоо, баланын эң жакшы кызыкчылыктарын камсыз кылуу, мамлекеттик билим берүү уюмдарында негизги жалпы жана орто жалпы билим берүүнүн акысыз мүнөзү жөнүндө адамдын жана жарандын укуктары менен эркиндиктерин чектөөгө тыюу салуу жөнүндө конституциялык талаптардын бузулушуна жол берилген.
Каралып жаткан Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн токтому «Билим берүү жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 45- 19 беренесинин 2-бөлүгүн жүзөгө ашыруу үчүн кабыл алынган, ага ылайык «жалпы билим берүү уюмдарында окуу китептерди ижарага берүү Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында белгиленген тартипте жүзөгө ашырылат».
«Кыргыз Республикасынын Өкмөтү жөнүндө» конституциялык Мыйзамдын 10-беренесине ылайык Өкмөт билим берүү чөйрөсүндө бирдиктүү мамлекеттик саясаттын жүргүзүлүшүн камсыз кылгандыктан, мыйзам чыгаруучу өзүнүн мыйзам чыгаруу эрки алкагында Кыргыз Республикасынын Өкмөтүн билим берүү уюмдарында окуу китептерди ижарага берүү тартибин укуктук жактан жөнгө салынуусун жүзөгө ашырууну милдеттендирген.
Кыргыз Республикасынын Өкмөтү, өз кезегинде, билим берүү уюмдары жана окуучулар ортосунда укуктук мамилелерди жөнгө салууну, окуу китептердин жүгүртүү фондун түзүүнү жана пайдаланууну, окуучулардын айрым категорияларына жеңилдиктерди берүүнү караштырган талашылып жаткан токтомду кабыл алган.
Башкача айтканда, билим берүү уюмдарында окуу китептерди ижарага берүү мүмкүндүгү мыйзам менен каралган, ал эми талашылып жаткан токтом көрсөтүлгөн мыйзамдын жөнгө салуу предметинин чегинен ашкан жаңы жоболорду камтыбайт.
Ошону менен бирге, окуу китептерди пайдалануу үчүн ижара төлөмүн киргизүү ушул Чечимдин 3-пунктунда келтирилген негиздер боюнча адамдын жана жарандын укуктары менен эркиндиктерин чектөө катары бааланышы мүмкүн эмес. Демек, каралып жаткан токтом менен Кыргыз Республикасынын Конституциясынын 20-беренесинин 2, 3-бөлүктөрү, 5- бөлүгүнүн 9-пункту менен каралган адамдын жана жарандын укуктары менен эркиндиктерине чектөөлөрдү киргизүү эрежелеринин сакталуу көз карашы менен конституциялык-укуктук баага кириптер болушу мүмкүн эмес.
Талашылып жаткан токтом кодулоо мүнөздөгү жоболорду да камтыбайт. Талашылып жаткан акт менен бекитилген Кыргыз 20 Республикасынын билим берүү уюмдарында окуу китептерди ижарага берүү Тартибинин 4-главасы социалдык колдоого муктаж болгон балдардын (үйбүлөлөрдүн) категориясы үчүн окуу китептер акысыз же жеңилдиктер шартында берилүүсүн караштырган. Ушул балдардын (үй-бүлөлөрдүн) категориясы жогоруда көрсөтүлгөн конституциялык жана эл аралык жоболордон келип чыккандай мамлекеттин өзгөчө коргоосунда турган социалдык топтордун катарына кирет.
Аны менен, позитивдүү кодулоону колдонуу жолу менен кайсы бир белгилери боюнча алсыз болуп саналган жактардын категорияларына карата жогорулатылган кепилдиктерди берүү аркылуу коомдо нагыз тең укуктуулук орнотулган. Тең укуктуулуктун жана кодулабоо принциптеринин бузулушу деп эч нерсеге негизделбеген артыкчылыктарды орнотуу саналат, ал каралып жаткан учурда көрүнбөйт.
Ошентип, талашылып жаткан Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн токтому билим алууга болгон, негизги жалпы жана орто жалпы билимдин акысыздык, бирдейлик жана кодулабоочулук, баланын эң жакшы кызыкчылыктарынын камсыз кылуу укуктарын бузбайт, адамдын жана жарандын укуктары менен эркиндиктерин чектөөнү камтыбайт, демек, Кыргыз Республикасынын Конституциясына карама-каршы келбейт. Жогоруда баяндалгандын негизинде, Кыргыз Республикасынын Конституциясынын 97-беренесинин 6-бөлүгүнүн 1-пунктун, 8 жана 9 - бөлүктөрүн, «Кыргыз Республикасынын Жогорку сотунун Конституциялык палатасы жөнүндө» конституциялык Мыйзамдын 46, 47, 48, 51 жана 52- беренелерин жетекчиликке алып, Кыргыз Республикасынын Жогорку сотунун Конституциялык палатасы
Ч Е Ч Т И:
1. «Кыргыз Республикасынын жалпы билим берүү уюмдарында окуу китептерин ижарага берүүнү этап менен киргизүү» Кыргыз 21 Республикасынын Өкмөтүнүн 2017-жылдын 16-октябрындагы № 671 токтому Кыргыз Республикасынын Конституциясынын 16-беренесинин 2, 5- бөлүктөрүнө, 20-беренесинин 2, 3-бөлүктөрүнө, 5-бөлүгүнүн 9-пунктуна, 45- беренесинин 2-бөлүгүнө карама-каршы келбейт деп таанылсын.
2. Чечим акыркы жана даттанууга жатпайт, жарыяланган учурдан тартып күчүнө кирет.
3. Чечим бардык мамлекеттик органдар, жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары, кызмат адамдары, коомдук бирикмелер, юридикалык жана жеке жактар үчүн милдеттүү жана республиканын бүткүл аймагында аткарылууга тийиш.
4. Ушул Чечим мамлекеттик бийликтин органдарынын расмий басылмаларында, Кыргыз Республикасынын Жогорку сотунун Конституциялык палатасынын расмий сайтында жана «Кыргыз Республикасынын Жогорку сотунун Конституциялык палатасынын Жарчысында» жарыялансын.
Кыргыз Республикасынын Жогорку сотунун Конституциялык палатасы