Загрузка документа…
| КР Өкмөтүнүн 2015-жылдын 14-июлундагы № 490 токтому менен бекитилген |
Кыргыз Республикасынын Өкмөтү менен Түркия Республикасынын Өкмөтүнүн ортосунда ички иштер органдары/полиция үчүн кадрларды даярдоо кызматташтыгы жөнүндө ПРОТОКОЛ
Анталия шаары, 2012-жылдын 26-апрели
Мындан ары "Тараптар" деп атала турган Кыргыз Республикасынын Өкмөтү жана Түркия Республикасынын Өкмөтү, 1992-жылдын 23-июлунда Бишкек шаарында кол коюлган кылмыштуулук менен күрөшүү жана коомдун коопсуздугун камсыз кылуу боюнча Кыргыз Республикасынын Ички иштер министрлиги менен Түркия Республикасынын иштер министрлиги ортосунда түзүлгөн Макулдашуунун жобосун эске алуу менен,
Ички иштер органдары үчүн алдыда турган маселелерди профессионалдуу чечүүгө жөндөмдүү жогорку квалификациялуу адистерди даярдоо ишинде шериктештик мамилелерди өнүктүрүү жана бекемдөө тармагында эки тараптуу кызматташтыкты жакшыртууга жана өнүктүрүүгө умтулуп, эки тараптуу сүйлөшүүлөрдөн кийин төмөнкүлөргө макулдашышты:
1-берене.
Тараптар Кыргыз Республикасынын ИИМнин милициянын генерал-майору Э.Алиев атындагы Академиясы менен Түркия Республикасынын Полиция Академиясынын ортосундагы түздөн-түз байланыштарды түзүүгө жана өнүктүрүүгө көмөк көрсөтүшөт.
2-берене.
Тараптар окугандардын санын, окуу мөөнөтүн жана башка билим берүү процессинин талаптарын алдын-ала макулдашуулары боюнча курсанттар, магистранттар, докторанттар, профессордук-окутуучулук курам жана адистер менен алмашышат.
Макулдашууга кол коюлган учурдан тартып, айкын иш-чаралардын мерчеми ушул Протоколдун ажырагыс бөлүгү болуп эсептелет жана жыл сайын түзүлөт.
3-берене.
Кабыл алуучу тарап жыл сайын жиберүүчү тарап үчүн окуунун квотасын аныктайт.
4-берене.
Ушул Протоколдун 3-беренесине ылайык, кабыл алуучу Тарап жыл сайын 1-апрелге чейин, жиберүүчү Тараптын жарандарына окуу үчүн бөлүнгөн орундун саны жөнүндө маалымат берип турат.
5-берене.
Жиберүүчү Тараптын талапкерлеринин билим деңгээли кабыл алуучу Тараптын критерийлерине дал келиши керек.
6-берене.
Кабыл алуучу Тарап өз критерийлерине ылайык жиберүүчү Тараптын талапкерлеринин ден соолугун, тил билүүсүн жана академиялык билимине баа берүү укугун сактай алат.
7-берене.
Жиберүүчү Тарап жыл сайын 15-августка чейин кабыл алуучу Тараптын талаптарына ылайык алардын тилинде ар бир окууга талапкерге маалымат берет.
8-берене.
Окуп жаткандардын жетишүүсүн көзөмөлдөө максатында, кабыл алуучу Тарап түздөн-түз жыл сайын жиберүүчү Тарапка ар бир окуучунун жетишүүсү жөнүндө маалымат берип турат.
9-берене.
Кабыл алуучу Тарап, ушул Протоколдун негизинде кабыл алган жиберүүчү Тарап өлкөнүн жарандарын мөөнөтүнөн мурда төмөнкү учурда окуудан чыгара алат:
- академиялык жетишпестик;
- окуу мекемесинде окуусун улантууга мүмкүн болбогон оору менен ооруп калса;
- окуу жайдан чыгуучу талап кылган даражада, алар окуп жаткан аймактагы мамлекеттик мыйзамды же жогорку окуу жайынын эрежелерин бузса.
10-берене.
Бакалавр даражасын алган бүтүрүүчү, өз мамлекетинде жогорку билим алган офицердин деңгээлинде ишке орношо алат.
11-берене.
Тараптар ар бир мамлекеттеги иштеп жаткан мыйзамдарга ылайык, профессордук-окутуучулук курам, илимий жана техникалык маалыматтар менен алмашуу, эки тараптуу илимий-изилдөө программаларын жана долбоорлорун жүзөгө ашыруу, эки тараптын кызыкчылыгын көздөгөн конференцияларды, семинарларды, симпозиумдарды жана курстарды уюштуруу менен илимий изилдөө тармагындагы жетишкендиктерди чагылдыруу аркылуу тең укуктуу принциптердин жана эки тараптуу кызыкчылыктардын негизинде илимий-техникалык изилдөөлөр тармагында кызматташтыкты өнүктүрүүгө көмөк көргөзүшөт.
Тараптар кызматташууну өнүктүрүү максатында эки тарапка пайда алып келген материалдык-техникалык базаны камсыздоого көмөк көрсөтөт.
12-берене.
Билим алууга жөнөтүлгөн окуучулардын барып, келүүсүнүн эл аралык жол акысынын чыгымы (эс алууга (каникул) чыкканда жана окуудан мөөнөтүнөн мурда чыгарылса) жиберүүчү Тараптын эсебинен жүргүзүлөт.
13-берене.
Кабыл алуучу Тарап ушул Протоколдун 2-беренесинин алкагында окууга кабыл алынган чет элдик жарандарды төмөнкүлөр менен камсыз кылат:
- бакалавриатта окугандар үчүн жатакана, окуу аудиториялары, китепкана, лаборатория, жогорку окуу жайынын спорттук ден соолукту чыңдоо комплекси жана медициналык тейлөөлөр;
- магистратура жана докторантурада окугандар өз мамлекетинин жарандары үчүн түзүлгөн шартта окуу аудиториялары, китепкана жана лабораториялар.
14-берене.
Ушул жобонун 11-беренесине ылайык белгиленген иш-чаралардын жүзөгө ашырылышы боюнча чыгымга тиешелүү суроолорду өз ара макулдашуу принциптеринин негизинде Тараптар чечишет.
15-берене.
Тараптар, кызматташуу учурунда пайда болгон суроолор боюнча андан ары талкуулоо жана консультация үчүн тыгыз байланышты сактоого даяр.
16-берене.
Тараптар ушул Протоколдун негизинде башка чөйрөдөгү ишмердүүлүктө кызматташуу жөнүндө Протокол түзө алышат.
17-берене.
Ушул Протоколдун аткарылышына укук алган мекеме болуп төмөнкүлөр эсептелет:
- Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн атынан: Кыргыз Республикасынын Ички иштер министрлигинин милициянын генерал-майору Эргеш Алиев атындагы Академиясы,
- Түркия Республикасынын Өкмөтүнүн атынан: Полиция академиясы Башкармалыгы.
18-берене.
Тараптардын өз ара макулдашуусу боюнча ушул Протоколдун 19-беренесинде каралган тартипте күчүнө кирүүчү ушул Протоколдун ажырагыс бөлүктөрү болуп эсептелген өзүнчө толтурулган протоколдордун негизинде өзгөртүүлөрдү жана толуктоолорду киргизе алат.
19-берене.
Бул Протокол, ушул иш кагазынын күчүнө кириш үчүн тиешелүү мыйзамдуу процедуралардын бүтүшү жөнүндө Тараптар дипломатиялык жолдор боюнча кат жүзүндө акыркы билдирүүлөрдү алган күндөн баштап күчүнө кирет.
Ушул Протокол беш (5) жылдык мөөнөткө күчүн сактайт. 30 күндөн кем эмес күндө дипломатиялык жолдор боюнча жазуу түрүндө ушул Протоколду токтотуу ниети жөнүндө бир Тарап экинчи Тарапка билдирүү бербесе, бул Протокол автоматтык түрдө беш (5) жылга жаңыртылган болуп эсептелет.
Ушул Протоколдун күчүнүн жоготушу, башталган же улантылып жаткан иш-чараларга жана долбоорлорго таасирин тийгизбейт.
Протоколго толуктоолор жана өзгөртүүлөр эки Тараптын жазуу түрүндөгү макулдугу боюнча киргизилет. Ушул берененин 1-пунктундагы жобого ылайык толуктоолор жана өзгөртүүлөр күчүнө кирет.
20-берене.
2012-жылдын Чын куран айынын 26-күнүндө Анталия шаарында жүргүзүлдү, төрт нускада, ар бири кыргыз, түрк, орус жана англис тилдеринде, бардык төрт текст бирдей күчкө ээ. Эгерде тексттерде айырмачылыктар келип чыкса, англис тилиндеги Протоколдун түп нускасынын көчүрмөсү болжолдуу деп эсептелет.
Кыргыз Республикасынын Өкмөтү үчүн Ички иштер министрлигинин Академиясынын башчысы ю.и.д., доцент, милициянын полковниги |
| Түркия Республикасынын Өкмөтү үчүн Полиция Академиясынын М.а. башчысы ю.и.д., профессор |
Алмаз Сатывалдиевич Базарбаев |
| Хасан Хүсейин Чевик |