Загрузка документа…
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН АТЫНАН
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ЖОГОРКУ СОТУНУН КОНСТИТУЦИЯЛЫК ПАЛАТАСЫНЫН
ЧЕЧИМИ
2020-жылдын 18-марты № 02-р
"Кыргыз Республикасынын судьяларынын статусу жөнүндө" Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 28-беренесинин 7-бөлүгүнүн экинчи абзацынын конституциялуулугун текшерүү жөнүндө Жорокулов Максатбек Мергенбаевичтин кайрылуусуна байланыштуу иш боюнча
Кыргыз Республикасынын Жогорку сотунун Конституциялык палатасы: төрагалык кылуучу К.А. Дуйшеев, судьялар Ч.А. Айдарбекова, М.Р. Бобукеева, М.Ш. Касымалиев, К.Дж. Кыдырбаев, А.О. Нарынбекова, Ч.О. Осмонова, Э.Ж. Осконбаев, Ж.И. Саалаевдин курамында, сот отурумунун катчысы К.А. Аблакимовдун,
кайрылуучу тарап - Максатбек Мергенбаевич Жорокуловдун,
жоопкер тарап – Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин ишеним кат боюнча өкүлдөрү Мирлан Абылбекович Букашев, Талантбек Ырысбекович Ырысбековдун;
башка жактар – Кыргыз Республикасынын Президентинин Аппаратынын ишеним кат боюнча өкүлү Айсулуу Жаныбаевна Букамбаева, Кыргыз Республикасынын Жогорку сотунун ишеним кат боюнча өкүлү Маргарита Насаркановна Сапиянова, Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн ишеним кат боюнча өкүлү Нурбек Абдыкадырович Курманакунов, Кыргыз Республикасынын Юстиция министрлигинин ишеним кат боюнча өкүлү Аида Маратовна Курманбаева, Кыргыз Республикасынын Судьялар кеңешине караштуу Тартип комиссиясынын ишеним кат боюнча өкүлү Эльмира Эдилбековна Сабырбекованын катышуусунда,
Кыргыз Республикасынын Конституциясынын 97-беренесинин 1 жана 6-бөлүктөрүн, «Кыргыз Республикасынын Жогорку сотунун Конституциялык палатасы жөнүндө» Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 4, 18, 19, 37 жана 42-беренелерин жетекчиликке алып, «Кыргыз Республикасынын судьяларынын статусу жөнүндө» Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 28-беренесинин 7-бөлүгүнүн экинчи абзацынын конституциялуулугун текшерүү жөнүндө ишти ачык соттук отурумда карап чыкты.
Бул ишти кароого М.М. Жорокуловдун өтүнүчү себеп болду.
«Кыргыз Республикасынын судьяларынын статусу жөнүндө» Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 28-беренесинин 7-бөлүгүнүн экинчи абзацынын Кыргыз Республикасынын Конституциясына ылайык келүүсү жөнүндөгү маселеде күмөндүүлүктүн пайда болуусу бул ишти кароого негиз болду.
Ишти соттук отурумга даярдаган судья-баяндамачы Ч.О. Осмонованын маалыматын угуп жана келтирилген материалдарды изилдеп чыгып, Кыргыз Республикасынын Жогорку сотунун Конституциялык палатасы
ТАПТЫ:
Кыргыз Республикасынын Жогорку сотунун Конституциялык палатасына 2019-жылдын 22-мартында М.М. Жорокуловдун «Кыргыз Республикасынын судьяларынын статусу жөнүндө» Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 28-беренесинин 7-бөлүгүнүн экинчи абзацын Кыргыз Республикасынын Конституциясынын 16-беренесинин 2-бөлүгүнүн экинчи абзацына, 3-бөлүгүнө, 20-беренесинин 5-бөлүгүнүн 8-пунктуна, 40-беренесинин 1-бөлүгүнө, 94-беренесинин 1-бөлүгүнө карама-каршы келет деп таануу жөнүндө өтүнүчү келип түшкөн.
М.М. Жорокулов өз кайрылуусунда белгилегендей, «Кыргыз Республикасынын судьяларынын статусу жөнүндө» Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 28-беренесинин 4-бөлүгүнө ылайык тартип бузган жосунду жасагандыгы үчүн Кыргыз Республикасынын Судьялар кеңешине караштуу Тартип комиссиясы (мындан ары ‒ Тартип комиссиясы) тарабынан судьяларга карата алдын ала эскертүү, эскертүү, сөгүш берүү түрүндөгү тартип жазалары колдонулушу мүмкүн. Ал эми аталган конституциялык Мыйзамдын ошол эле беренесинин 7-бөлүгүнүн экинчи абзацына ылайык бул тартип жазаларды судьяларга карата колдонуу жөнүндө Тартип комиссиясынын чечимдери даттанууга жатпайт.
Кайрылуу субъектинин пикири боюнча талашылып жаткан ченем судьяга карата тартип жазасын колдонууга себеп болгон, анын процесстик иш-аракеттеринин мыйзамдуулугун жана тууралыгын далилдөө үчүн судьялардын Тартип комиссиянын чечимине даттануу менен сотко кайрылуу укугун чектеп, аларды башка жарандарга карата теңсиз абалга коюуда, демек алар кызматтык абалы боюнча кодуланышууда.
Арыздануучу бул Кыргыз Республикасынын Конституциясынын 16-беренесинин 2-бөлүгүнүн экинчи абзацында каралган кодулабоо жана ошол эле берененин 3-бөлүгүндө белгиленген теңдик принциптерине карама-каршы келет деп эсептейт.
Андан тышкары, өтүнүчтө белгиленгендей, Конституциянын 20-беренесинин 5-бөлүгүнүн 8-пунктуна ылайык соттук коргонуу укугу эч чектелүүгө тийиш эмес жана абсолюттук мүнөзгө ээ, андыктан бул укук кайсы бир адамдардын тобуна карата чектелиши мүмкүн эмес.
М.М. Жорокуловдун пикири боюнча бул жагдай судьялардын Тартип комиссиясынан көз каранды болуусуна алып келет. Анткени, судьянын алдын ала эскертүү, эскертүү жана сөгүш берүү түрүндөгү тартип жазаларын колдонуу менен тартип жоопкерчилигине тартылганы негиз болуп, ага карата ээлеген кызмат ордунан мөөнөтүнөн мурда бошотуу тартип чарасы колдонула турган болсо, судья Тартип комиссиянын бул чечимине сотко даттанганы менен, мурда колдонулган тартип жазасы сот тарабынан ишти кароодо Тартип комиссиянын чечиминин негиздүүлүгүнө далил катары колдонулуп, судьялардын алдын ала эффективдүү соттук коргонуу укугу чектелүүдө.
Ошентип, кайрылуу субъектинин айтымында, талашылып жаткан ченем судьялар көз карандысыз жана Конституцияга жана мыйзамдарга гана баш иет деп белгиленген Конституциянын 94-беренесинин 1-бөлүгүнө да карама-каршы келет.
Жогоруда баяндалгандардын негизинде, арыздануучу талашылып жаткан ченемди Кыргыз Республикасынын Конституциясынын 16-беренесинин 2-бөлүгүнүн экинчи абзацына, 3-бөлүгүнө, 20-беренесинин 5-бөлүгүнүн 8-пунктуна, 40-беренесинин 1-бөлүгүнө, 94-беренесинин 1-бөлүгүнө карама-каршы келет деп таанууну суранган.
Кыргыз Республикасынын Жогорку сотунун Конституциялык палатасынын судьялар коллегиясынын 2019-жылдын 2-майындагы аныктамасы менен бул кайрылуу, «Кыргыз Республикасынын судьяларынын статусу жөнүндө» Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 28-беренесинин 7-бөлүгүнүн экинчи абзацын Кыргыз Республикасынын Конституциясынын 16-беренесинин 2-бөлүгүнүн экинчи абзацына, 3-бөлүгүнө, 20-беренесинин 5-бөлүгүнүн 8-пунктуна, 40-беренесинин 1-бөлүгүнө ылайык келүүсүн текшерүү жөнүндө бөлүгү боюнча өндүрүшкө кабыл алынып, ал эми калган бөлүгүндө тийиштүү укуктук негиздеменин болбогондугуна байланыштуу өндүрүшкө кабыл алуудан баш тартылган.
Бул ишти кароонун мөөнөтү 2019-жылдын 28-августундагы Кыргыз Республикасынын Жогорку сотунун Конституциялык палатасынын Төрагасынын №54 тескемеси менен бир айга узартылган.
Аталган ишти кароо судья-баяндамачы Ч.О. Осмонованын 2019-жылдын 7-октябрындагы аныктамасы менен 2019-жылдын 6-ноябрына дайындалган. Бирок белгиленген датада ишти кароо үчүн керектүү болгон Кыргыз Республикасынын Жогорку сотунун Конституциялык палатасынын кворуму болбогондуктан, бул ишти кароо 2019-жылдын 15-ноябрына жылдырылган.
Ал эми Кыргыз Республикасынын Жогорку сотунун Конституциялык палатасынын 2019-жылдын 15-ноябрындагы аныктамасы менен кайрылуучу тараптын өтүнүчүнүн негизинде, бул иш боюнча өндүрүш токтото турулсун деп аныкталган.
Кыргыз Республикасынын Жогорку сотунун Конституциялык палатасы 2020-жылдын 3-мартындагы аныктамасы менен иш боюнча өндүрүштү жандандырып, ишти кароону 2020-жылдын 18-мартына дайындаган.
Сот отурумунда кайрылуучу тарап ‒ М.М. Жорокулов өзүнүн кайрылуусун колдоду жана аны канааттандырууну өтүндү.
Жоопкер тараптын өкүлү М.А. Букашев кайрылуучу тараптын жүйөлөрү менен макул болгон жок жана төмөнкүдөй каршы пикирин билдирди.
Жоопкер тараптын пикири боюнча Кыргыз Республикасынын Конституциясынын 94-беренесинин 9-бөлүгүнө ылайык Кыргыз Республикасынын судьяларынын статусу конституциялык мыйзам менен аныкталат. Анда судьялардын кызмат ордуна талапкерлерге кошумча талаптар жана Жогорку соттун, Жогорку соттун Конституциялык палатасынын жана жергиликтүү соттордун судьяларына белгилүү бир чектөөлөр белгилениши мүмкүн. Көрсөтүлгөн беренеге ылайык Конституция өзү «Кыргыз Республикасынын судьяларынын статусу жөнүндө» конституциялык Мыйзамдын жоболоруна шилтеме берип жатат, бул көрсөтүлгөн чектөөлөрдүн конституциялуулугун талашсыз экендигин болжолдойт.
Мындан тышкары, М.А. Букашев Кыргыз Республикасынын Конституциясынын 20-беренесинин 2-бөлүгүнө, 93-беренесине шилтеме жасап, жарандардын укуктарын жана мыйзамдуу кызыкчылыктарын сактоо максатында, ошондой эле судьянын кызмат ордуна коюлган кошумча талаптарды эске алып, конституциялык мыйзамдар менен судьяларга кошумча талаптар жана чектөөлөр белгилениши мүмкүн деп эсептейт.
М.А. Букашев мыйзам алдында бардыгынын теңдиги укуктук бирдейликтен билинет жана бул укук мамилелеринин бардык субъекттерине бирдей колдонулат, бирок судьянын статусу мыйзам тартибинде өзгөчө аныкталат жана бул Кыргыз Республикасынын Конституциясынын 16-беренесинин 2-бөлүгүнүн экинчи абзацында жана 3-бөлүгүндө каралган мыйзам менен сот алдында бардыгынын теңдиги тууралуу принципти бузбайт деп белгилейт.
«Кыргыз Республикасынын судьяларынын статусу жөнүндө» Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 28-беренесинин жоболоруна ылайык судья тартип бузган жосун жасагандыгы үчүн тартип жоопкерчилигине тартылат. Ошол эле убакта, эгерде судья аталган конституциялык Мыйзамдын 28-беренесинде каралган тартип жазасы күчүндө турган мөөнөттүн ичинде, тиешелүү тартип жазасы колдонулгандан кийин, жаңы тартип жосунун жасабаса, судья тартип жоопкерчилигине тартылган жок деп эсептелет.
Алдын ала эскертүү, эскертүү же сөгүш Судьялар кеңешине караштуу Тартип комиссиясы тарабынан колдонулган тиешелүү тартип жазасынын мөөнөтүнүн жарымы өткөндөн кийин алып салынышы мүмкүн. Ошентип, көрсөтүлгөн беренеде тартип жазасын алып салуу эрежеси бекитилет жана тартип жазасын алып салган учурдан тартып, судья тартип жоопкерчилигине тартылган жок деп эсептелет.
Судьяны ээлеген кызматынан мөөнөтүнөн мурда бошотуу маселесин кароо учурунда, мурда салынган тартип жазалары эске алынбайт, ошондой эле судьяны ээлеген кызмат ордунан мөөнөтүнөн мурда бошотуу чечими сотто даттанылышы мүмкүн. Мында, Кыргыз Республикасынын Конституциясынын 20-беренесинин 5-бөлүгүнүн 8-пунктунда жана 40-беренесинин 1-бөлүгүндө белгиленген судьялардын соттук коргонуу укугу камсыз кылынат.
М.А. Букашев сот бийлигин алып жүрүүчү катары сот бийлиги менен соттун көз карандысыздыгы судьянын жеке артыкчылыгы катары каралбоосу керек деп белгилейт. Көз карандысыздык принциби судьянын сот адилеттигин жүргүзүү боюнча ишине ар кандай кийлигишүүлөргө каршы турган кепилдик болуп саналат жана ал судьяларга адамдын укуктары менен эркиндиктерин коргоо боюнча жүктөлгөн милдеттерди аткаруу мүмкүнчүлүгүн берүү зарылчылыгы менен ырасталып турат. Судьянын көз карандысыздыгы, ошондой эле сот адилеттигинин коомдук кызыкчылыктарын коргоочу каражат катары да кызмат кылат жана судьялардын өз кесиптик милдеттерин аткаруусу, мыйзамдарды жана судьялардын кесиптик этика эрежелерин сактоосу боюнча бийик жоопкерчиликти жокко чыгарбоону көздөйт.
Ушуга байланыштуу, Кыргыз Республикасынын Конституциясы сот адилеттигинин коомдук-укуктук максаттарын ишке ашырган судьяларга өзгөчө квалификациялык жана башка талаптарды коёт, ошондой эле судьяларга карата кетирген тартиптик жорук-жосундары үчүн тартип жазаларын, алардын ыйгарым укуктарын мөөнөтүнөн мурда токтотуу жана жазык жоопкерчилигине тартуу боюнча өзгөчө тартипти мыйзам менен белгилөөгө милдеттендирет.
Кыргыз Республикасынын Конституциясынын 95-беренесине ылайык, судья жүрүм-туруму кынтыксыз болуп турган учурга чейин өзүнүн кызмат ордун ээлейт жана өзүнүн ыйгарым укуктарын сактайт. Жоопкер тараптын пикиринде, жетиштүү негиздер болгондо жана мыйзамдарда белгиленген жол-жоболорду сактоо менен судья жазык жоопкерчилигине же башка жоопкерчиликке тартылышы мүмкүн. Тартип жосунун жасаган судьяга тартип жазасын берүү, Тартип комиссиясынын чечими жарыяланган учурдан тартып, ошондой эле судьяга колдонулган, даттанылууга жатпаган чечимдин, тартип жазасынын башка түрлөрүнүн мыйзамдуу күчүнө кирүүсү коомду кармап турган жана турукташтыруучу фактордун ролун аткаруучу сот бийлигинин өзгөчө статусунун өзүнчө бир кепилдиги жана ырастоосу болуп саналат. Бул судьялардын сот адилеттигин жүргүзүү боюнча маанилүү функция аткаргандыгына байланышкан кызматтык статусу менен түшүндүрүлөт.
Ушуга байланыштуу, М.А. Букашев талашылып жаткан ченем конституциялык укуктарды бузбайт жана Кыргыз Республикасынын Конституциясына карама-каршы келбейт деп эсептеп, кайрылуучу тараптын талаптары канааттандыруусуз калтырылсын деп өтүнөт.
Жоопкер тараптын экинчи өкүлү Ы.Т. Ырысбеков М.А. Букашевдин жүйөлөрүн колдоду.
Кыргыз Республикасынын Президентинин Аппаратынын ишеним кат боюнча өкүлү А.Ж. Букамбаева кийинкидей пикирин билдирди.
Кыргыз Республикасынын Конституциясынын 20-беренесинин 2-бөлүгүндө адамдын, жарандын укуктары менен эркиндиктери улуттук коопсуздукту, коомдук тартипти, калктын саламаттыгын, адеп-ахлагын сактоо, башка адамдардын укуктары менен эркиндиктерин коргоо максатында Конституция жана мыйзамдар менен чектелиши мүмкүн жана ушундай чектөөлөр аскердик же башка мамлекеттик кызматтын өзгөчөлүктөрүн эске алуу менен да киргизилиши мүмкүн.
Кыргыз Республикасынын Конституциясынын 93-103-беренелеринде көрсөтүлгөн судьялардын мамлекеттик кызматынын өзгөчөлүктөрүн эске алуу менен судьяларды дайындоого тандоонун жана шайлоонун, судьялардын статусу жана аларды кызматтан бошотуунун өзгөчө тартиптери каралган.
Кыргыз Республикасынын Конституциясынын 95-беренесинин 9-бөлүгүнө жана аны өнүктүрүү үчүн кабыл алынган «Кыргыз Республикасынын Судьялар кеңешине караштуу Тартип комиссиясы жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Мыйзамына ылайык Кыргыз Республикасынын Судьялар кеңешине караштуу Тартип комиссиясы иштейт.
А.Ж. Букамбаева «Кыргыз Республикасынын судьяларынын статусу жөнүндө» Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 28-беренесинин 4-бөлүгүнө ылайык бир гана тартип жазасы колдонуларын жана судьяга эскертүү, сын-пикир же сөгүш түрүндө берилген тартип жазасын мамлекеттик кызматчыга таасир этүүнүн белгилүү бир формасы катары түшүнүүгө болорун белгилейт.
Ошондой эле, ал кайрылуучу тараптын талашылып жаткан ченемдин Кыргыз Республикасынын Конституциясынын 94-беренесинин 1-бөлүгүнө карама-каршы келери жөнүндө жүйөсүн негизсиз деп эсептейт, анткени Конституциянын 95-беренесинин 9-бөлүгү менен Тартип комиссиясы тарабынан аны түзүү тартиби аныкталып, ал эми «Кыргыз Республикасынын Судьялар кеңешине караштуу Тартип комиссиясы жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Мыйзамында анын ишинин укуктук негиздери бекитилген.
Кыргыз Республикасынын Жогорку сотунун ишеним кат боюнча өкүлү М.Н. Сапиянова талашылып жаткан ченем боюнча төмөнкүлөрдү билдирди.
«Кыргыз Республикасынын судьяларынын статусу жөнүндө» Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 28-беренесинде каралган судья тартип бузган жосун жасагандыгы үчүн тартип жоопкерчилигине тартылат. Тартип комиссиясы Кыргыз Республикасынын Конституциясына ылайык Президент, Жогорку Кеңеш жана Кыргыз Республикасынын Судьялар кеңеши тарабынан тиешелүүлүгүнө жараша, комиссия курамынын үчтөн бир бөлүгүн көрсөтүү аркылуу түзүлгөн көз каранды эмес коллегиялуу орган болуп саналат.
М.Н. Сапиянова үстүнөн кайрылуу түшкөн судья жана кайрылуу берген адам иштин материалдары менен таанышууга, түшүндүрмө берүүгө жана өтүнүч билдирүүгө укуктуу деп эсептейт. Тартип комиссиясы судьянын жол берген аракетине же аракетсиздигине карата келип түшкөн кайрылуу боюнча кызматтык иликтөө жүргүзүү учурунда судьяны сурамжылоону жана андан түшүндүрмөлөрдү жана башка далилдерди талап кылат, ошондой эле кайрылууну берүүгө негиз болгон себептер жана жагдайлар тууралуу толук маалыматты чогултуу боюнча башка аракеттерди жасайт.
Кыргыз Республикасынын Жогорку сотунун өкүлүнүн пикиринде мыйзамдарда тартип жаза күчүндө турган мөөнөт белгиленип, ага ылайык алдын ала эскертүүнүн күчү – алты ай, эскертүүнүкү – тогуз ай, сөгүштүкү – он эки ай мөөнөттү түзөт жана белгиленген мөөнөттөрдө судья жаңы тартип жосунун жасабаса, ал тартип жоопкерчилигине тартылган жок деп эсептелет.
Ал эми аталган тартип жазанын түрлөрү «Кыргыз Республикасынын Судьялар кеңешине караштуу Тартип комиссиясы жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Мыйзамы менен аныкталган тартипте, Тартип комиссиясына тартип жазасын алып салуу тууралуу сунуш менен тартиптик жаза алган судья же ал иштеген соттун төрагасынын кайрылуусунун негизинде мөөнөтүнөн мурда алынып салынышы мүмкүн.
Ушуга байланыштуу, М.Н. Сапиянова судьяга карата колдонулган алдын ала эскертүү, эскертүү же сөгүш түрүндөгү тартип жазасын алып салуу тартиби мыйзамдарда тиешелүү деңгээлде жөнгө салынганын жана ал соттон тышкары мүнөзгө ээ экендигин билдирет.
Кыргыз Республикасынын Жогорку сотунун өкүлүнүн пикири боюнча, жогоруда баяндалгандын негизинде, талашылып жаткан ченем Кыргыз Республикасынын Конституциясына карама-каршы келбейт.
Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн өкүлү Н.А. Курманакуновдун талашылып жаткан ченемдин конституциялуулугу тууралуу пикири боюнча Кыргыз Республикасынын Эмгек кодексинин 427-беренесине ылайык саясий жана атайын мамлекеттик кызмат орундарын ээлеп турган адамдарды иштен бошотуу, иштен бошотуу күнүн жана себептерин жазма баяндоону өзгөртүү, башка ишке которуу, аргасыз ишке чыкпай калган же акы аз төлөнүүчү ишти аткарган мезгил үчүн акы төлөө жана тартиптик жаза берүү маселелери боюнча жекече эмгек талаш-тартыштары соттук эмес тартипте чечилет жана аталган беренеде көрсөтүлгөн жагдайлар боюнча кабыл алынган чечимдер даттанууга жатпайт.
Н.А. Курманакунов Кыргыз Республикасынын Конституциясынын 20-беренесинин 5-бөлүгүнүн 8-пунктунда көрсөтүлгөн соттук коргонуу укугу бул кылмыш же жорук жасады деп шектелип жаткан адамдардын укуктарын жана кызыкчылыктарын камсыздоо, айыпты жокко чыгаруу же жеңилдетүү, ошондой эле жазыктык куугунтуктоого мыйзамсыз тартылган адамдарды реабилитациялоо максатында, коргоо тарабы жүргүзгөн процесстик иш-аракет деп эсептейт.
Кыргыз Республикасынын Конституциясынын 40-беренесинин 1-бөлүгүндө ар кимге аталган Конституцияда, мыйзамдарда, Кыргыз Республикасы катышуучу болуп саналган эл аралык келишимдерде, эл аралык укуктун жалпыга таанылган принциптеринде жана ченемдеринде каралган анын укуктары менен эркиндиктерин соттук коргоого кепилдиктер берилет деп көрсөтүлгөн.
Мындан тышкары, Кыргыз Республикасынын Конституциясынын 5-беренесинин 4-бөлүгүнө ылайык мамлекеттик органдар, жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары жана алардын кызмат адамдары укукка каршы келген иш-аракети үчүн мыйзамда каралган тартипте жоопкерчиликке тартылышат.
Ал эми Кыргыз Республикасынын Конституциясынын 20-беренесинде адамдын, жарандын укуктары менен эркиндиктери улуттук коопсуздукту, коомдук тартипти, калктын саламаттыгын, адеп-ахлагын сактоо, башка адамдардын укуктары менен эркиндиктерин коргоо максатында, Конституция жана мыйзамдар менен чектелиши мүмкүн деп белгиленген жана ушундай чектөөлөр аскердик же башка мамлекеттик кызматтын өзгөчөлүктөрүн эске алуу менен да киргизилиши мүмкүн.
Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн өкүлү Кыргыз Республикасынын Конституциясынын 17, 42, 95-беренелерине шилтеме жасап, талашылып жаткан ченем Кыргыз Республикасынын Конституциясына карама-каршы келбейт деп эсептеп, ошол себептен кайрылуучу тараптын өтүнүчү канааттандырылууга жатпайт деген пикирин билдирди.
Кыргыз Республикасынын Юстиция министрлигинин өкүлү А.М. Курманбаева «Кыргыз Республикасынын судьяларынын статусу жөнүндө» Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 28-беренесинин 7-бөлүгүнүн экинчи абзацына ылайык колдонулган эскертүү жана сөгүш түрүндөгү тартиптик таасир этүү чаралары адамдардын соттук коргонуу укуктарын чектелээрин белгилейт.
А.М. Курманбаеванын пикиринде, соттук коргонуунун конституциялык укугу өзүнө сотко кайрылуу укугун гана эмес, мамлекет тарабынан кепилденген реалдуу соттук коргонуу мүмкүндүгүн да кошот. Ал эми Тартиптик комиссия тарабынан судьянын тартиптик жоругун кароо процессин соттук коргонуу укукту ишке ашыруу катары эсептегенге болбойт, анткени бузулган укук сот органдарында гана корголушу мүмкүн. Ошондуктан судьяларга Тартиптик комиссиянын чечимдерин мыйзам тартибинде даттануунун юридикалык мүмкүндүгү чечим чыгарылган учурдагы мезгилде жана тийиштүү органдарга жиберилгенге чейин берилиши керек.
Конституция соттук коргонуу укугунун кандайдыр бир чектелишине жол бербейт жана ал адамдын жана жарандын укуктарын жана эркиндиктерин мамлекеттик коргоонун универсалдуу укуктук каражаты болуп саналат.
Кыргыз Республикасынын Юстиция министрлигинин өкүлү адам укуктары боюнча эл аралык келишимдерде ар бир адамдын соттук коргонуу укугу кепилденгенин белгилеп, эскертүү жана сөгүш түрүндө тартиптик таасир этүү чараларын колдонуу жөнүндө Тартип комиссиясынын чечими менен макул эмес болгон судья, өзүнүн соттук коргонуу конституциялык укугун ишке ашырууга жана аны сот тартибинде талашууга укуктуу деп эсептейт. Баяндалгандарды эске алуу менен, А.М. Курманбаева талашылып жаткан ченем Кыргыз Республикасынын Конституциясына карама-каршы келет деп болжолдойт.
Тартип комиссиянын өкүлү Э.Э. Сабырбекова талашылып жаткан ченем Кыргыз Республикасынын Судьялар кеңешинин сунушу менен киргизилгендигин белгиледи. Тартип комиссиянын бардык чечимдерин сотто даттануу келтирүү укугу берилсе, судьяны тартип жоопкерчилигине тартуу маселелерин караган орган катары Тартип комиссиянын чечимдери өз маанисин жоготуу менен жарандык талаш-тартышка айланып, өзүнүн эффективдүүлүгүнө жетпей калат.
Э.Э. Сабырбекованын пикиринде, судьянын жүрүм-туруму Тартип комиссия тарабынан соттук өз алдынча башкаруу органы астында бааланат. Мындай жагдай, бир жагынан сот бийлигинин кадыр-баркын чыңдап, судьялар тарабынан судьянын ар-намыс Кодексинин талаптарын аткарууну камсыздаса, экинчи жагынан ‒ судьялардын укугун жана мыйзамдуу кызыкчылыктарын коргойт.
Мындан сырткары, Э.Э. Сабырбекова бул мамлекеттик бийликтин ыйгарым укуктарына ээ болгон судьялар жана соттук өз алдынча башкаруу органы ортосундагы талаш-тартыш маселе деп эсептеп, бул жааттагы Россия Федерациясынын Конституциялык сотунун жана Адам укуктары боюнча Европа сотунун тажрыйбасын мисалга келтирүү менен соттук коргонуунун чектелишине же анын жокко чыгарылуусуна негиз жок деп белгилейт.
Эгерде Тартип комиссиясынын судьяны мөөнөтүнөн мурда ээлеген кызматынан бошотуу тууралуу чечимдеринен бөлөк чечимдери соттук тартипте даттануу укугу берилсе, анда тартип жоопкерчилигине тартуудан баш тартуу жөнүндөгү чечимдери да арыздануучулар тарабынан соттук тартипте даттануусуна жол берилип калат жана Тартип комиссиясынын иш жүргүзүүсүнүн даана башаламандыгына алып келет.
Э.Э. Сабырбекованын айтымында, Канада, Франция жана башка демократиялык мамлекеттердин тажрыйбасында судьяларды тартип жоопкерчилигине тартуу тууралуу атайын орган чыгарган чечимдин соттук тартипте даттануусуна жол берилбейт.
Баяндалгандардын негизинде, Тартип комиссиясынын өкүлү талашылып жаткан ченем Кыргыз Республикасынын Конституциясына карама-каршы келбей тургандыгын, ошол себептүү кайрылуучу тараптын өтүнүчү канааттандыруудан баш тартылууга жатат деп эсептейт.
Кыргыз Республикасынын Жогорку сотунун Конституциялык палатасы тараптардын жүйөлөрүн талкуулап, башка жактардын түшүндүрмөлөрүн угуп жана иштин материалдарын изилдеп чыгып, кийинкидей тыянактарга келди.
1. «Кыргыз Республикасынын Жогорку сотунун Конституциялык палатасы жөнүндө» Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 19-беренесинин 4-бөлүгүнө ылайык Кыргыз Республикасынын Жогорку сотунун Конституциялык палатасы кайрылууда ченемдик укуктук актынын конституциялуулугу күмөн саналган бөлүгүнө гана тийиштүү болгон предмет боюнча актыларды чыгарат.
Ошентип, Кыргыз Республикасынын Жогорку сотунун Конституциялык палатасынын бул иш боюнча кароо предмети болуп «Кыргыз Республикасынын судьяларынын статусу жөнүндө» Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын төмөнкү мазмундагы 28-беренесинин 7-бөлүгүнүн экинчи абзацы саналат:
«28-берене. Судьялардын тартип жоопкерчилиги
7. Судьяга карата тартип жазасынын башка түрүн колдонуу жөнүндө Судьялар кеңешине караштуу Тартип комиссиясынын чечимдери даттанууга жатпайт.».
«Кыргыз Республикасынын судьяларынын статусу жөнүндө» Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамы Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында белгиленген тартипке ылайык кабыл алынган жана «Эркин Тоо» гезитинин 2008-жылдын 15-июлундагы № 51 санында жарыяланган, Кыргыз Республикасынын Ченемдик укуктук актыларынын мамлекеттик реестрине киргизилген жана колдонуудагы акт болуп эсептелет.
2. Кыргыз Республикасынын Конституциясы адамдын жана жарандын укуктары менен эркиндиктерин укуктук мамлекеттин туруктуу негиздерин сактоонун шарты катары эң жогорку баалуулук деп таануу менен, мыйзам жана сот алдында бардыгынын бирдей болуусуна (16-берененин 3-бөлүгү), соттук коргонуу, өз укуктарын жана эркиндиктерин мыйзам менен тыюу салынбаган бардык жолдор менен коргоо укуктарына (20-берененин 5-бөлүгүнүн 8-пункту, 40-берененин 1, 2-бөлүктөрү) негиз салуучу кепилдиктерди жар салат.
Соттук коргонуу укугу өзүнүн табияты боюнча абсолюттук болуп туруп, Кыргыз Республикасынын Конституциясынын 20-беренесинин талаптарына ылайык мамлекеттен анын мыйзам чыгаруу ишмердигинде бул кепилдикти сөзсүз жүзөгө ашырууну талап кылат.
Кыргыз Республикасы Баш мыйзамда ар кимдин соттук коргонуу укугун бекитүү менен, ошондой эле Кыргыз Республикасынын укуктук системасынын курамдык бөлүгү болуп саналган адам укуктары жана эркиндиктеринин чөйрөсүндөгү эл аралык келишимдердин ал үчүн милдеттүү болуусун таануу менен (Конституциянын 6-беренесинин 3-бөлүгү), бул укуктун эл аралык деңгээлде да милдеттүү жүзөгө ашырылышы керек экенин жактап тастыктайт.
Ушуну менен бирге, Адам укуктарынын жалпы декларациясы ар кимдин, анын ага Конституция же мыйзам менен берилген негизги укуктары бузулган учурда компетенттүү улуттук соттор тарабынан укуктарын натыйжалуу калыбына келтирүү укугун жар салат (8-берене). Кыргыз Республикасы Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин 1994-жылдын 12-январындагы №1406-XII токтому менен кошулган Атуулдук жана саясий укуктар жөнүндө эл аралык пакттын 2-беренесинин 3-пунктунун «а» пунктчасы менен мамлекеттер ар бир адамга, эгерде Пакт менен таанылган укуктар жана эркиндиктер бузулса, аларды коргоонун натыйжалуу укуктук каражатын камсыз кылууга милдеттүү деп бекитилген.
Кыргыз Республикасы адамдын жана жарандын укуктары менен эркиндиктерин камсыз кылуу менен, ошондой эле алардын мыйзам жана сот алдында бирдейлигин кепилдейт. Бул ченем-принциптин бузулушу кодулабоо конституциялык принцибинин деформацияланышына симметриялуу алып келет (Конституциянын 16-беренесинин 1-бөлүгү), муну инсандын укуктарын, эркиндиктерин жана мыйзамдуу кызыкчылыктарын башка учурлардан тышкары, өзүнө тегин, мүлктүк жана кызматтык абалын, диний жана коомдук уюмдарга таандыктыгын, жашаган жерин камтыган адамдын социалдык сапатынын белгилери боюнча да чектөөгө же кемсинтүүгө тыюу салуу деп түшүнүү керек.
Дал ошондуктан, Кыргыз Республикасынын Жогорку сотунун Конституциялык палатасы ушул контекстте өзүнүн 2014-жылдын 5-мартындагы чечиминде соттук коргонуу укугу ар кимдин укугу болуп саналат деп белгилеген. Ал эми мамлекет бардыгынын мыйзам жана сот алдында бирдейлигине негизденип, Кыргыз Республикасынын судьяларын кошуп, бардык адамдарга Конституция жана эл аралык келишимдер менен каралган башка бузулган укуктарды калыбына келтирүү мүмкүнчүлүгүн камсыз кылган соттук коргонуу укугун урматтап жана камсыз кылышы керек.
Ошентип, Кыргыз Республикасынын Конституциясынын 20-беренесинин 2-бөлүгүндө каралган укуктарды чектөөнүн конституциялык маанилүү максаттарынын бири да, жекече улуттук коопсуздукту, коомдук тартипти коргоо, калктын саламаттыгын, адеп-ахлагын сактоо, башка адамдардын укуктары менен эркиндиктерин коргоо соттук коргонуу укугун жүзөгө ашырууга карата чектөөлөрдү киргизүү үчүн негиз боло албайт.
3. «Кыргыз Республикасынын судьяларынын статусу жөнүндө» Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 4-беренесине ылайык судьянын статусу анын ээсинин инсандыгына, квалификациясына жана жүрүм-турумуна бийик стандарттарды коюу менен аны алууга жана токтотууга жогорулатылган талаптар, судьялык ыйгарым укуктарды талаптагыдай аткарбагандыгы үчүн жоопкерчиликти күчөтүү, бийик статуска шайкеш келүүчү материалдык жана социалдык камсыз кылуу жана башка кепилдиктер менен аныкталат.
Кыргыз Республикасынын Конституциясынын 95-беренесинин 1-бөлүгүнө ылайык Кыргыз Республикасынын бардык сотторунун судьялары жүрүм-туруму кынтыксыз болуп турганда кызмат орундарын ээлеп турат жана өз ыйгарым укуктарын сактап калат. Судьялардын жүрүм-турумунун кынтыксыздыгынын талаптарын бузуу конституциялык мыйзам менен аныкталган тартипте судьяларды жоопкерчиликке тартуу үчүн негиз болуп эсептелет.
«Кыргыз Республикасынын судьяларынын статусу жөнүндө» Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамына ылайык судьянын бийик наамы менен коошпогон, жогоруда аталган Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 28-беренесинин 2-бөлүгүндө каралган тартип жосунун (жосундарын) олуттуу, же болбосо системалуу жасоо кынтыксыздык талаптарын бузуу деп түшүнүлөт.
Судьялардын тартип жоопкерчилиги институтунун максаты болуп, сот системасынын натыйжалуулугунун коомго зарыл болгон деңгээлин сактоо кызыкчылыгында маселелерди чечүү саналат. Судьяларды тартип жоопкерчилигине тартуу маселелерин чечүүчү орган болуп Кыргыз Республикасынын Конституциясынын жана мыйзамдарынын негизинде иштеген Судьялар кеңешине караштуу Тартип комиссиясы саналат. Кыргыз Республикасынын Конституциясы анын ыйгарым укуктарын фрагменттүү аныктайт. Ошентип, Судьялар кеңешине караштуу Тартип комиссиясы Кыргыз Республикасынын Президентине Кыргыз Республикасынын Жогорку сотунун, Кыргыз Республикасынын Жогорку сотунун Конституциялык палатасынын жана жергиликтүү соттун судьясын ээлеген кызмат ордунан мөөнөтүнөн мурда бошотуу жөнүндө сунуш киргизет (64-берененин 3-бөлүгүнүн 2 жана 4-пункттары); судьяларды соттук тартипте кызматынан убактылуу четтетүүгө, жазык жана административдик жоопкерчиликке тартууга макулдугун берет (95-берененин 4-бөлүгү).
Калган маселелер, Судьялар кеңешине караштуу Тартип комиссиясынын мүчөлөрүнүн жалпы саны, мүчөлүккө талапкерлерге коюлуучу талаптар жана комиссиянын ишин уюштуруунун башка маселелери мыйзам чыгаруучунун карамагында (Кыргыз Республикасынын Конституциясынын 95-беренесинин 9-бөлүгү).
4. «Кыргыз Республикасынын Судьялар кеңешине караштуу Тартип комиссиясы жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Мыйзамы Тартип комиссиянын статусун, аны түзүү, уюштуруу тартибин жана иштөө принциптерин, ошондой эле судьяларды тартип жоопкерчилигине тартуу тартибин аныктап жатып, Судьялар кеңешине караштуу Тартип комиссиясы судьялардын тартип жоопкерчилиги тууралуу маселелерди кароо жана тартип бузуу жоруктарын жасаганы үчүн судьяларга карата тартип жазаларын салуу боюнча ыйгарым укугун караган.
Судьялар кеңешине караштуу Тартип комиссиясы Президент, Жогорку Кеңеш жана Кыргыз Республикасынын Судьялар кеңеши сунуштаган талапкерлерден түзүлгөн мүчөлөрдөн турат, ошондуктан Тартип комиссиянын субъекттик курамы аны сот органдарына да, соттук өз алдынча башкаруу органдарына да киргизүүгө жол бербейт.
Коомдо пайда болуучу конфликттерди чечүүнү камсыз кылуучу жана укук үстөмдүгүн жана мыйзамдуулукту кепилдеген институт катары сот бийлигинин вазыйпасына жана өзгөчө табиятына карай, судьянын персонасына, анын жүрүм-турумуна, ошондой эле кесиптик милдеттерди аткаруудагы жогорулатылган талаптар акталган болуп саналат жана сот адилеттиги чөйрөсүндөгү эл аралык стандарттар жана рекомендациялар менен макулдашылат.
Алсак, Сот органдарынын көз карандысыздыгынын Негизги принциптеринин андан ары өнүктүрүүчү болгон судьялардын жүрүм-турумунун Бангалор принциптери (2006-жылдын 27-июлундагы БУУнун Экономикалык жана Социалдык Кеңешинин 2006/23 резолюциясына тиркеме) коомчулук тарабынан ар дайым көңүл бурулуп туруусу судья өзүнө бир катар чектөөлөрдү кабыл алуу милдетин жүктөйт жана катардагы жарандарга бул чектөөлөр түйшүктүү болуп көрүнүү мүмкүндүгүнө карабастан, судьялар аларды өз ыктыяры менен кабыл алат.
Тартип бузуу жоругу жалпысынан сот системасына болгон ишенимди кетирүүчү, сот кесибинин аброюна орду толбос залакасын тийгизери шексиз. Ар бир тартиптик териштирүү белгилүү бир терс кесепеттерди алып келет, болгондо да судьяны жоопкерчиликке тартылган ар бир учур судьянын жүрүм-турумунун беделин кетирген тартип бузуу жоругу менен сот бийлигинин кадыр-баркына шек келтирет.
Ушуга байланыштуу, ээлеген кызмат ордунан бошотууга байланышпаган тартип жазаларды салуу жана судьяны тартип жоопкерчилигине тартуу мүмкүнчүлүгүн орнотуу судьянын өзүнүн жүрүм-турумуна жана өзүнүн кесиптик милдеттерди аткаруусуна жогорулатылган жоопкерчиликти камсыздоо үчүн керектүү инструмент болуп саналат. Акырында, судьялардын тартип жоопкерчилик институтунун максаты болуп коомго керектүү болгон сот системасынын эффективдүүлүгүнүн деңгээлин кармап туруу кызыкчылыгындагы маселелерди чечүү болуп саналат.
Ошону менен бирге, судьяны тартип жоопкерчилигинин процедурасы судьянын конституциялык-укуктук статусу менен шартталган өзгөчө спецификага ээ болушу керек жана судьянын көз карандысыздыгы менен анын коом алдындагы жоопкерчилиги ортосундагы балансты камсыз кылууга тийиш.
5. Кыргыз Республикасынын Конституциясынын 94-беренесинин 1, 2-бөлүктөрүнө ылайык судьялар көз карандысыз жана Конституцияга жана мыйзамдарга гана баш иет. Ар бир судьянын анын контролсуздугун жана жоопкерчиликсиздигин билдирбеген көз карандысыздык принцибин камсыздаган негизги инструментарий болуп судьянын алмашылгыстыгы жана кол тийбестиги саналат. Бул касиеттер жеке артыкчылыктар катары каралышы мүмкүн эмес, анткени ал коомдук кызыкчылыктарды, баарыдан мурда сот адилеттигинин кызыкчылыктарын коргоо каражаты катары каралат.
Коомдогу кандай гана болбосун кризисти жеңүүнүн жана адамдын укуктарын жана эркиндиктерин коргоонун эффективдүү кепилдиги болуп чыныгы көз каранды жана коомдун ишенимине ээ болгон жалгыз сот гана боло алат. Өз кезегинде, мындай соттун иштеши судьянын өзүнө карата негизсиз айыптоолордон жана зомбулуктан болушунча корголгон жерде гана болушу мүмкүн. Иш жүзүндө толук максаттуу ишке ашырылуучу ишенимдүү процедуралык кепилдиктер судьяларды оюна келгендей жана негизсиз жазалардан, демек, аларга мыйзамсыз кысымдан коргоонун негизги фактору болуп саналат. Ошентип, эгер, коом адилет жана калыс сотко ээ болуп, ага ишенип, башкача айтканда тиешелүү сот адилеттигине ээ болгусу келсе, судьялар бир топ күчтүү механизмдер менен корголушу жана курчалышы керек экендигине бой салыш керек.
Сот адилеттигин жүзөгө ашыруу боюнча милдетти аткарууну камсыз кылуучу судьянын статусу конституциялык-укуктук жактан корголууга тийиш, анын деңгээли мурда жеткен деңгээлге караганда төмөндөбөшү керек. Бул талап «Кыргыз Республикасынын судьяларынын статусу жөнүндө» Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 3-беренесинин 3-бөлүгүндө түз бекитилген, ага ылайык Кыргыз Республикасында соттордун өз алдынчалыгын жана судьялардын көз карандысыздыгын кысымга алуучу мыйзамдар жана башка ченемдик укуктук актылар чыгарылышы мүмкүн эмес.
Ошентип, мамлекет судьялардын сот адилеттигин жүзөгө ашыруу боюнча тиешелүү ишин камсыз кылуу үчүн, өз кезегинде, судьяларды тартип жоопкерчилигине тартуу мүмкүнчүлүгүн алып салбаган бардык мүмкүн болгон чараларды көрүшү керек.
6. Судьяларды тартип жоопкерчилигине тартуунун колдонуудагы процедурасынын укуктук жөнгө салынуусу ээлеген кызмат ордунан мөөнөтүнөн мурда бошотуу тартип жазасын сот тартибинде даттануу мүмкүнчүлүгүн карап, Судьялар кеңешине караштуу Тартип комиссиясынын жазалардын башка түрүн: алдын ала эскертүү, эскертүү, сөгүш берүү («Кыргыз Республикасынын судьяларынын статусу жөнүндө» Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 28-беренесинин 4-бөлүгү) жөнүндө чечимдерин, анын ичинде сот тартибинде даттануу мүмкүнчүлүгүн чыгарып тыштайт.
Судьялардын мыйзам чегинде эркиндиктен пайдаланып, ырааты менен адилеттүү соттук териштирүү жүргүзүүсүнө мыйзам чыгаруучунун мындай мамилеси көз карандысыз сот системасынын өнүгүүсүнө көмөк болбойт. Тартип жазанын салынуусу жөнүндө чечимди кайталап кароонун ишенимдүү процедурасы жок болгон учурда негизсиз тартип жазасына дуушар болуунун реалдуу коркунучу, судьялардын көз карандысыздыгынын кепилдигинин даражасын кемитип, алар өзүлөрүнүн ыйгарым укуктарын эффективдүү аткарууда тоскоолдуктарга учурашы мүмкүн. Мамлекеттик бийликтин алып жүрүүчүсү катары айыбы тагылган судьянын тартип процедурасында өзүн-өзү коргоосунда коомдук кызыкчылык бар.
Бул аспектте судьяга салынган тартип жазасына даттануу мүмкүндүгүн берүү жөнүндө жоболорду камтыган эл аралык стандарттар дагы эске алынууга тийиш. Алсак, Соттук органдардын көз карандысыздыгынын Негизги принциптеринин айрым жоболору (БУУнун Башкы Ассамблеясында 1985-жылдын 29-ноябрындагы жана 1985-жылдын 13-декабрдагы резолюциялар менен жактырылган) судьянын үстүнөн ал өзүнүн судьялык же кесиптик милдеттерин аткаруунун жүрүшүндө келип түшкөн айып же даттануу тийиштүү процедурага ылайык токтоосуз жана калыс каралуу керек деп айтылат. Судья жооп алууга жана адилеттүү териштирилүүгө укуктуу (17-пункт); тартиптик жазалоо, кызмат ордунан четтетүү же бошотуу жөнүндө чечим көз карандысыз текшерүүнүн предмети болуусу керек (20-берене).
Судьялардын статусу жөнүндө Европалык Хартиянын 5.1-пунктунда да Хартияда каралгандай аткаруучу органдын, коллегиянын же жаза чарасын салуучу органдын чечими жогору турган сот органдарында даттанылышы мүмкүн деп белгиленген.
Ошентип, соттук же башка орган түрүндө судьялардын тартип жоопкерчилиги маселелерин караган тартиптик органдын иштешине мүмкүндүк берген эл аралык укуктук стандарттар улуттук мыйзамдарда кабыл алынып жаткан чечимдердин даттанылуу механизми каралгандай болушун талап кылат.
Демек, алдын ала эскертүү, эскертүү же сөгүш сыяктуу тартип жазаларынын түрлөрүн судьяга карата колдонуу жөнүндө Судьялар кеңешине караштуу Тартип комиссиясынын чечими көз карандысыз текшерүүнүн предмети болушу керек.
Судьяларга көз карандысыздыктын принцибин камсыз кылуу үчүн жазасын салуучу процедура акыйкат, калыс, объективдүү жана көз карандысыз орган тарабынан өткөрүлүшү өзгөчө баса белгиленүүгө тийиш. Ушуга байланыштуу, судьяларды тартип жоопкерчилигине тартуу боюнча Тартип комиссиясынын мүчөлөрүнүн иши судьяларга кысым көрсөтүү каражаты катары ченемдердин ар кыл мааниде чечмеленишине жол бербеген критерийлер менен мыйзамдар тарабынан кылдат регламенттелүүсү керек.
Судьялардан гана эмес, жарандык коомдун жана башка мамлекеттик органдардын катарынан түзүлүүчү Тартип комиссиясынын курамынын бирдей эместиги тартип өндүрүшүнүн тартибине жана кароо стадияларынын ырааттуулугуна мыйзам чыгаруучунун өзгөчө көңүл буруусун талап кылат, судьяларды негизсиз тартип жазасына тартылуусуна жол бербес үчүн судьяга карата тартип жазаны колдонуу жөнүндө чечимди даттануу мүмкүндүгү алардын элементтеринин бири болуу керек.
Муну, анын ичинде Кыргыз Республикасынын Конституциясы менен кепилденген жана абсолюттук мүнөзгө ээ болгон ар кимдин соттук коргонуу укугу дагы талап кылат.
Ошону менен бирге, иш салттуу түшүнүктө соттук коргонууга укукту судьялар үчүн жүзөгө ашырылуусу талаш-тартыштын бардык тараптары катыша турган атаандаштыкта сот адилеттигин жүзөгө ашыруунун бардык принциптерин сактоо менен соттук органда жүргүзүлгөндө, ал сот системасынын бүтүндөй кадыр-баркына терс таасирин тийгизбей койбойт. Кыргыз Республикасынын Жогорку сотунун Конституциялык палатасы ушул маанилүү жагдайларды эске алуу менен, судьялардын соттук коргонуу укугунун жүзөгө ашырылуусу бир аз башкача жол менен болушу мүмкүн деп эсептейт.
Соттук өз алдынча башкаруу органдарына, тактап айтканда соттук өз алдынча башкаруу органынын шайланма органы болгон Судьялар кеңешине көз карандысыздыкты камсыз кылуу зарылдыгы менен түздөн-түз байланышта сот бийлигинин кадыр-баркынын сакталышы жүктөлөт. Сот адилеттигин жүзөгө ашырууга ыйгарым укуктуу, даярдыгы мыкты жана кадырлуу судьялардын катарынан, съездде шайлануучу, тек гана судьялардан турган Судьялар кеңеши, баарыдан мурда, судьялардын укуктарын жана мыйзамдуу кызыкчылыктарын коргоого чакырылган, ошондуктан ага Судьялар кеңешине караштуу Тартип комиссиясынын чечимдерине судьялардын даттанууларын кароо боюнча функциялардын жүктөлгөнү Кыргыз Республикасы өзүнө алган эл аралык милдеттенмелердин да, ар кимдин соттук коргонуу укугу менен сөзсүз түрдө камсыз кылынуусу жөнүндө Конституциянын талаптарынын да көз карашынан орундуу болуп саналат.
Демек, мыйзам чыгаруучу административдик-юрисдикциялык орган катары Тартип комиссиясынын статусунан келип чыгып, негиздердин кенен тизмеси боюнча жоопкерчиликтин катаалдыгы менен кайтарылбастыгын жана судьялардын көз карандысыздыгы менен кол тийбестигин камсыз кылуу зарылдыгын болжогон коомдук кызыкчылыктардын балансын эске алуу менен эл аралык милдеттенмелердин жана ар кимдин соттук коргонуу конституциялык укугун камсыздоо менен зарылдыгынын натыйжасынан пайда болуучу укуктук мамилелерди жөнгө салуусу керек.
Мында, тартип өндүрүшүн демилге кылган субъектке тартип жазасы жөнүндө чечимди даттануу укугу берилиши мүмкүн эмес, анткени судьяларда мындай укуктун пайда болушу коомдук кызыкчылыкка ээ экендигин жана анын көз карандысыздык принцибин камсыздоого багытталгандыгын, ал эми башка жактар өзүнүн кызыкчылыктарын коргоо үчүн соттордо жалпы негиздерде толук кандуу мүмкүнчүлүккө ээ экендигин өзгөчө белгиленүүгө тийиш.
Жогоруда баяндалгандардын негизинде, Кыргыз Республикасынын Конституциясынын 97-беренесинин 6-бөлүгүнүн 1-пунктун, 8 жана 9-бөлүктөрүн, "Кыргыз Республикасынын Жогорку сотунун Конституциялык палатасы жөнүндө" конституциялык Мыйзамдын 46, 47, 48, 51 жана 52-беренелерин жетекчиликке алып, Кыргыз Республикасынын Жогорку сотунун Конституциялык палатасы
ЧЕЧТИ:
1. «Кыргыз Республикасынын судьяларынын статусу жөнүндө» Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 28-беренесинин 7-бөлүгүнүн экинчи абзацы Кыргыз Республикасынын Конституциясынын 16-беренесинин 2-бөлүгүнүн экинчи абзацына, 3-бөлүгүнө, 20-беренесинин 5-бөлүгүнүн 8-пунктуна, 40-беренесинин 1-бөлүгүнө карама-каршы келбейт деп таанылсын.
2. Кыргыз Республикасынын Өкмөтү мыйзам актыларына ушул чечимдин жүйөлөштүрүү бөлүгүнөн келип чыккан тийиштүү өзгөртүүлөрдү киргизсин.
3. Чечим акыркы, даттанууга жатпайт. Бардык мамлекеттик органдар, жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары, кызмат адамдары, коомдук бирикмелер, юридикалык жана жеке жактар үчүн милдеттүү жана республиканын бүткүл аймагында аткарылууга тийиш.
4. Ушул чечим мамлекеттик органдардын расмий басылмаларында, Кыргыз Республикасынын Жогорку сотунун Конституциялык палатасынын расмий сайтында жана «Кыргыз Республикасынын Жогорку сотунун Конституциялык палатасынын Жарчысында» жарыялансын.
Кыргыз Республикасынын Жогорку сотунун Конституциялык палатасы