Загрузка документа…
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ѲКМѲТY
ТОКТОМ
2015-жылдын 22-июлу № 515
2014-жыл үчүн Кыргыз Республикасынын сапат боюнча сыйлыктарын ыйгаруу жөнүндө
Сапат жаатында олуттуу натыйжаларга жетишкендиги, коопсуздукту камсыздагандыгы жана сапат менеджментинин жогорку натыйжалуу методдорун киргизгендиги үчүн, Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 1997-жылдын 18-августундагы № 478 "Кыргыз Республикасынын сапат боюнча сыйлыктарын уюштуруу жөнүндө" токтомун көңүлгө алуу менен Кыргыз Республикасынын Өкмөтү
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. 2014-жыл үчүн Кыргыз Республикасынын сапат боюнча сыйлыктары төмөнкүлөргө ыйгарылсын:
"Саламаттык сактоо" номинациясы боюнча:
- Кыргыз Республикасынын Саламаттык сактоо министрлигинин Оорулардын алдын алуу жана мамлекеттик санитардык-эпидемиологиялык көзөмөл департаментине (Бишкек шаары);
- Кыргыз Республикасынын Саламаттык сактоо министрлигине караштуу Эне жана баланы коргоо улуттук борборуна (Бишкек шаары);
- Ысык-Көл облустук бириктирилген ооруканасына (Каракол шаары).
"Билим берүү" номинациясы боюнча:
- Муса Рыскулбеков атындагы Кыргыз экономикалык университетине (Бишкек шаары);
- Кыргыз Республикасынын Эмгек, миграция жана жаштар министрлигине караштуу Кесиптик-техникалык билим берүү агенттигинин № 98 кесиптик лицейине (Бишкек шаары).
2. 2014-жыл үчүн Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн сапат боюнча диплому менен төмөнкүлөр сыйлансын:
"Саламаттык сактоо" номинациясы боюнча:
- Кыргыз Республикасынын Саламаттык сактоо министрлигине караштуу Дары-дармек менен камсыздоо жана медициналык техника департаменти (Бишкек шаары);
- Кыргыз Республикасынын Саламаттык сактоо министрлигинин "Алдын алуучу медицина" илимий-өндүрүштүк бирикмесинин Инфекциялык ооруларды лабораториялык диагностикалоонун сапатын контролдоонун республикалык илимий-практикалык борбору (Бишкек шаары);
- Шаардык № 5 стоматологиялык бейтапканасы (Бишкек шаары);
- № 2 Үй-бүлөлүк дарыгерлер борбору (Бишкек шаары);
- Ош облустар аралык балдар клиникалык ооруканасы (Ош шаары).
"Билим берүү" номинациясы боюнча:
- Ош мамлекеттик университети;
- Н.Исанов атындагы Кыргыз мамлекеттик курулуш, транспорт жана архитектура университети (Бишкек шаары);
- Ж.Баласагын атындагы Кыргыз улуттук университетине караштуу Башкаруу жана бизнес институту (Бишкек шаары);
- К.Көлбаев атындагы Бишкек автомобиль-жол колледжи (Бишкек шаары).
3. Ушул токтом расмий жарыяланган күндөн 10 күн өткөндөн кийин күчүнө кирет.
Премьер-министр | Т.А. Сариев |