Загрузка документа…
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ѲКМѲТY
ТОКТОМ
2015-жылдын 22-июлу № 516
Кыргыз Республикасында асыл тукум заводдору жана фермалары статусун ыйгаруунун жана ажыратуунун тартибин бекитүү жөнүндө
Асыл тукум малдын андан ары өнүгүүсү, генетикалык ресурстарын сактоо, генефонддуу чарбаларды түзүү, учурдагы породалардын породалык жана асыл тукумдук сапаттарын жакшыртуу максатында, "Кыргыз Республикасынын мал чарбасындагы асылдандыруу иши жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына ылайык Кыргыз Республикасынын Өкмөтү
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Кыргыз Республикасында асыл тукум заводдору жана фермалары статусун ыйгаруунун жана ажыратуунун тартиби тиркемеге ылайык бекитилсин.
2. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 1999-жылдын 20-сентябрындагы № 505 "Мал чарбачылыгында асыл тукум өстүрүү ишин жүргүзгөн асыл тукумдук заводдордун, чарбалардын, фермалардын статусу жөнүндө жобону бекитүү тууралуу" токтому күчүн жоготту деп таанылсын.
3. Ушул токтом расмий жарыяланган күндөн он күн өткөндөн кийин күчүнө кирет.
Премьер-министр | Т.А. Сариев |