КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ѲКМѲТY
ТОКТОМ
2015-жылдын 27-июлу № 532
Кыргыз Республикасынын Гидрометеорология кызматынын кызматкерлеринин күнүн белгилөө жөнүндө
Кыргыз Республикасынын гидрометеорологиялык коопсуздугун камсыз кылуу, гидрометеорология жаатында мамлекеттик кызмат көрсөтүү жана курчап турган жаратылыш чөйрөсүнүн абалына жана булгануусуна мониторинг жүргүзүү ишинде гидрометеорология кызматынын коомдук жана социалдык маанилүүлүгүн эске алуу менен, "Кыргыз Республикасынын Өкмөтү жөнүндө" Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 10 жана 17-беренелерине ылайык Кыргыз Республикасынын Өкмөтү
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. 16-июль жыл сайын белгиленүүчү кесиптик майрам - Кыргыз Республикасынын Гидрометеорология кызматынын кызматкерлеринин күнү болуп белгиленсин.
2. Ушул токтом расмий жарыяланган күндөн он беш күн өткөндөн кийин күчүнө кирет.
Премьер-министр | Т.А. Сариев |