Загрузка документа…
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ѲКМѲТY
ТОКТОМ
2015-жылдын 29-июлу № 539
Кыргыз Республикасынын Баткен облусундагы Баткен районунун Ак-Сай айыл аймагында жайгашкан жерлерди которуу жөнүндө
Кыргыз Республикасынын Жер кодексинин 20-беренесине, "Жер участокторун которуу (трансформациялоо) жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 6-беренесине ылайык, Кыргыз Республикасынын Баткен облусундагы Баткен районунун Ак-Сай айылдык аймагынын Көк-Таш айылына мектеп куруу үчүн жерди которуу (трансформациялоо) маселеси боюнча Баткен районунун мамлекеттик администрациясынын 2015-жылдын 18-мартындагы № 01-13/39 токтомун жана Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Кыргыз Республикасынын Баткен облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлүнүн 2015-жылдын 25-мартындагы № 13-7/12 токтомун көңүлгө алуу менен Кыргыз Республикасынын Өкмөтү
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Кыргыз Республикасынын Баткен облусундагы Баткен районунун Ак-Сай айылдык аймагында жайгашкан, Айыл чарба жерлеринин мамлекеттик фондуна тиешелүү көп жылдык бак-дарактар ээлеген жалпы аянты 1,20 га жер участогу 225 окуучулук орундуу орто мектепти куруу үчүн "Айыл чарба багытындагы жерлер" категориясынан "Калктуу конуштардын жерлери" категориясына которулсун.
2. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Кыргыз Республикасынын Баткен облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлүнүн аппараты төмөнкүлөрдү камсыздасын:
- жерди эсепке алуу документтерине тиешелүү өзгөртүүлөрдү киргизүүнү;
- жогорку вольттуу электр берүү линияларын чыгаруу же куруу зарыл болгондо жумуштарды каржылоо булагын жана тартибин аныктоону;
- ушул токтомдун 1-пунктунда аталган жерлерди максаттуу багыты боюнча пайдаланууну.
3. Ушул токтом расмий жарыяланган күндөн он беш күн өткөндөн кийин күчүнө кирет.
4. Ушул токтомдун аткарылышын контролдоо Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Аппаратынын уюштуруу-инспектордук иштер жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу бөлүмүнө жүктөлсүн.
Премьер-министр | Т.А. Сариев |