Загрузка документа…
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ЖОГОРКУ СОТУНУН
КОНСТИТУЦИЯЛЫК ПАЛАТАСЫНЫН
ЧЕЧИМИ
2020-жылдын 14-октябры № 07-р
Азимбек Анаркулович Бекназаров, Шамшыбек Осмонкулович Медетбеков жана Жыргалбек Асекович Касаболотовдун кайрылуусуна байланыштуу Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2017-жылдын 3-апрелиндеги №197 «Идентификациялык карта ‒ Кыргыз Республикасынын жаранынын 2017-жылдын үлгүсүндөгү паспорту (ID-карта) жөнүндө» токтому менен бекитилген Идентификациялык карта ‒ Кыргыз Республикасынын жаранынын 2017-жылдын үлгүсүндөгү паспорту (ID-карта) жөнүндө жобонун 3-пунктунда этностук таандыгы тууралуу маалыматтын ачык көрсөтүлбөгөндүгүнүн жана «этностук таандыгы (арыз ээсинин каалоосу менен)» деген маалыматтын электрондук чипте камтылышынын конституциялуулугун текшерүү жөнүндө иш боюнча
Кыргыз Республикасынын Жогорку сотунун Конституциялык палатасы: төрагалык кылуучу - К.А. Дуйшеев; судьялар: М.Р. Бобукеева, Л.П. Жумабаев, М.Ш. Касымалиев, К.Дж. Кыдырбаев, Э.Ж. Осконбаев, Ж.И. Саалаев, Ж.А. Шаршеналиевдин курамында, сот отурумунун катчысы С.А. Джолгокпаеванын,
кайрылуучу тарап ‒ Азимбек Анаркулович Бекназаров, Шамшыбек Осмонкулович Медетбеков,
жоопкер тарап – Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн ишеним кат боюнча өкүлү Рысбек Кокумбаевич Таманбаевдин катышуусунда,
Кыргыз Республикасынын Конституциясынын 97-беренесинин 1 жана 6-бөлүктөрүн, «Кыргыз Республикасынын Жогорку сотунун Конституциялык палатасы жөнүндө» конституциялык Мыйзамдын 4, 18, 19, 37 жана 42-беренелерин жетекчиликке алып, Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2017-жылдын 3-апрелиндеги №197 «Идентификациялык карта ‒ Кыргыз Республикасынын жаранынын 2017-жылдын үлгүсүндөгү паспорту (ID-карта) жөнүндө» токтому менен бекитилген Идентификациялык карта ‒ Кыргыз Республикасынын жаранынын 2017-жылдын үлгүсүндөгү паспорту (ID-карта) жөнүндө жобонун 3-пунктунда этностук таандыгы тууралуу маалыматтын ачык көрсөтүлбөгөндүгүнүн жана «этностук таандыгы (арыз ээсинин каалоосу менен)» деген маалыматтын электрондук чипте камтылышынын конституциялуулугун текшерүү жөнүндө ишти ачык соттук отурумда карап чыкты.
Бул ишти кароого А.А. Бекназаров, Ш.О. Медетбеков жана Ж.А. Касаболотовдун өтүнүчү себеп болду.
Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2017-жылдын 3-апрелиндеги №197 «Идентификациялык карта ‒ Кыргыз Республикасынын жаранынын 2017-жылдын үлгүсүндөгү паспорту (ID-карта) жөнүндө» токтому менен бекитилген Идентификациялык карта ‒ Кыргыз Республикасынын жаранынын 2017-жылдын үлгүсүндөгү паспорту (ID-карта) жөнүндө жобонун 3-пункту Кыргыз Республикасынын Конституциясына ылайык келүүсү жөнүндөгү маселеде күмөндүүлүктүн пайда болуусу бул ишти кароого негиз болду.
Ишти соттук отурумга даярдаган судья-баяндамачы М.Р. Бобукееванын маалыматын угуп жана келтирилген материалдарды изилдеп чыгып, Кыргыз Республикасынын Жогорку сотунун Конституциялык палатасы
Т А П Т Ы:
Кыргыз Республикасынын Жогорку сотунун Конституциялык палатасына 2019-жылдын 26-февралында А.А. Бекназаров, Ш.О. Медетбеков жана Ж.А. Касаболотовдун Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2017-жылдын 3-апрелиндеги №197 «Идентификациялык карта ‒ Кыргыз Республикасынын жаранынын 2017-жылдын үлгүсүндөгү паспорту (ID-карта) жөнүндө» токтому менен бекитилген Идентификациялык карта ‒ Кыргыз Республикасынын жаранынын 2017-жылдын үлгүсүндөгү паспорту (ID-карта) жөнүндө жобонун 3-пунктунда этностук таандыгы тууралуу маалыматтын ачык көрсөтүлбөгөндүгү жана «этностук таандыгы (арыз ээсинин каалоосу менен)» деген маалыматтын электрондук чипте камтылышы Кыргыз Республикасынын Конституциясынын 5-беренесинин 3-бөлүгүнө, 20-беренесинин 2-бөлүгүнө, 5-бөлүгүнүн 6-пунктуна, 38-беренесине карама-каршы келет деп табуу жөнүндө өтүнүчү келип түшкөн.
Кайрылуу субъекттеринин пикиринде, аталган токтом менен бекитилген Идентификациялык карта ‒ Кыргыз Республикасынын жаранынын 2017-жылдын үлгүсүндөгү паспорту (ID-карта) жөнүндө жободо мурдагы 1994 жана 2004-жылдардын үлгүсүндөгү паспорттордо жарандын кайсы этноско (улутка) тиешелүүлүгү жазылган өзүнчө графа 2017-жылдын үлгүсүндөгү жаңы паспортто ачык көрсөтүлбөй, жабык түрдөгү электрондук чипте арыз ээсинин каалоосу менен гана көрсөтүлөрү белгиленген.
Арыз берүүчүлөр Кыргыз Республикасынын жарандары Кыргыз Республикасынын Конституциясынын 20-беренесинин 5-бөлүгүнүн 6-пунктуна жана 38-беренесине ылайык ар бир адамга жана жаранга өзүнүн кайсы этноско тийиштүүлүгүн эркин аныктоого конституциялык укуктарын пайдаланып, өздөрүнүн паспорту аркылуу 2017-жылдын 3-апрелине чейин «улуту» деген графа аркылуу ачык көрсөтүп келгенин белгилешет. Ал эми Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2017-жылдын үлгүсүндөгү жаңы паспортунан жарандын кайсы улутка тиешелүүлүгүн көрсөткөн графаны алып салуусу адамдардын жана жарандардын конституциялык укуктарын бузуу гана эле эмес, кыргыз улутуна каршы жүргүзүлгөн саясат деп эсептешет.
Жогоруда баяндалганга негизденип, арыздануучулар талашылып жаткан ченемди Кыргыз Республикасынын Конституциясынын 5-беренесинин 3-бөлүгүнө, 20-беренесинин 2-бөлүгүнө, 5-бөлүгүнүн 6-пунктуна, 38-беренесине карама-каршы келет деп таанууну суранышкан.
Кыргыз Республикасынын Жогорку сотунун Конституциялык палатасынын судьялар коллегиясынын 2019-жылдын 10-апрелиндеги аныктамасы менен бул кайрылуу Кыргыз Республикасынын Конституциясынын 20-беренесинин 5-бөлүгүнүн 6-пунктуна, 38-беренесине ылайык келүүсүн текшерүү бөлүгүндө өндүрүшкө кабыл алынып, калган бөлүгүндө баш тартылган.
Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн өкүлү Р.К. Таманбаев кайрылуучу тараптын жүйөлөрү менен макул болбой, төмөнкүдөй каршы пикирин билдирди.
Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2017-жылдын 3-апрелиндеги №197 токтому менен бекитилген Идентификациялык карта ‒ Кыргыз Республикасынын жаранынын 2017-жылдын үлгүсүндөгү паспорту (ID-карта) жөнүндө жобого ылайык, идентификациялык карта ‒ Кыргыз Республикасынын жаранынын ким экендигин күбөлөндүрүүчү жана Кыргыз Республикасынын жарандыгына тиешелүүлүгүн ырастоочу тексттик, машина менен окула турган, маалыматтары бар жана электрондук түрдөгү, паспорттун ажыратылгыс бөлүгү болуп саналган кошо коюлган электрондук чиби бар документ. Идентификациялык картанын электрондук чибинде жарандын аты-жөнү, жынысы, жарандыгы, туулган күнү, документтин колдонуу мөөнөтү, туулган жери, жарандын идентификациялык номери, документти берген орган жана анын коду, ээсинин санариптик түстүү сүрөтү, эки колдун манжаларынын папиллярдык изинин графикалык түзүлүшү, ээсинин өз колу менен коюлган колу, этноско таандыктыгы, дареги (жашаган жери), үй-бүлөлүк абалы көрсөтүлөт.
Р.К. Таманбаев жогоруда аталган жобонун 3-пунктунда идентификациялык картанын тексттик түрүндөгү маалыматтарында «этноско таандыктыгы» тууралуу маалымат ачык көрсөтүлбөсө да, жабык түрдөгү «электрондук чипте» арыз ээсинин каалоосу менен киргизилет деп көрсөттү.
Жоопкер тараптын пикиринде, Кыргыз Республикасынын Конституциясынын 38-беренесинде көрсөтүлгөн «этностук тийиштүүлүгү» деген түшүнүк жогоруда көрсөтүлгөн жободо «этностук таандыгы» деп көрсөтүлүп, «улут» деген түшүнүккө барабар колдонулган. Ал эми 31-берененин 4-бөлүгүндө бул түшүнүктөр «улуттук» жана «этностук» деп ажыратылган. Ошол эле учурда башка мыйзамдарда Кыргыз Республикасынын жарандарынын өзүнүн кайсы бир улутка тиешелүүлүгүн көрсөтүүдө «улут» деген түшүнүк колдонулуп келет. Мындан тышкары дүйнө жүзүндөгү көпчүлүк мамлекеттердин документтеринде, анын ичинде паспортторунда жарандын этностук тиешелүүлүгү тууралуу маалыматтар «улут» катары көрсөтүлөт.
Ошону менен бирге, Р.К. Таманбаев Мамлекеттик каттоо кызматынын ишинде колдонулуп келген айрым бир кодекстерде жана мыйзамдарда «улут» деген түшүнүк пайдаланылып келе жаткандыгын белгилеп, ал Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында «улут» жана «этностук тийиштүүлүк» деген түшүнүктөргө расмий аныктама берилип, бул түшүнүктөр бирдей мааниде колдонулушу керек деп эсептейт.
Ушуга байланыштуу жоопкер тарап арыз берүүчүлөрдүн каралып жаткан маселе боюнча жүйөлөрүн негизсиз, ал эми талашып жаткан ченем Кыргыз Республикасынын Конституциясынын 20-беренесинин 5-бөлүгүнүн 6-пунктуна жана 38-беренесине карама-каршы келбейт деп эсептейт.
Кыргыз Республикасынын Жогорку сотунун Конституциялык палатасы тараптардын жүйөлөрүн талкуулап, иштин материалдарын изилдеп чыгып төмөнкүдөй тыянактарга келди.
1. «Кыргыз Республикасынын Жогорку сотунун Конституциялык палатасы жөнүндө» конституциялык Мыйзамдын 19-беренесинин 4-бөлүгүнө ылайык Кыргыз Республикасынын Жогорку сотунун Конституциялык палатасы кайрылууда ченемдик укуктук актынын конституциялуулугу күмөн саналган бөлүгүнө гана тийиштүү болгон предмет боюнча актыларды чыгарат.
Ошентип, Кыргыз Республикасынын Жогорку сотунун Конституциялык палатасынын бул иш боюнча кароо предмети болуп Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2017-жылдын 3-апрелиндеги №197 «Идентификациялык карта - Кыргыз Республикасынын жаранынын 2017-жылдын үлгүсүндөгү паспорту (ID-карта) жөнүндө» токтому менен бекитилген Идентификациялык карта - Кыргыз Республикасынын жаранынын 2017-жылдын үлгүсүндөгү паспорту (ID-карта) жөнүндө жобонун 3-пункту саналат:
«3. Идентификациялык карта төмөнкүдөй маалыматтарды камтыйт:
- тексттик түрдө:
фамилиясы, аты;
атасынын аты (болсо);
жынысы;
жарандыгы;
туулган күнү;
документтин номуру;
берилген күнү;
колдонуу мөөнөтү;
туулган жери;
жеке идентификациялык номуру (жеке номуру);
документти берген орган жана анын коду;
ээсинин колу;
ээсинин бетинин ак-кара сүрөтү;
жеке идентификациялык номурдун жана документтин номурунун штрих-коддору;
электрондук чип;
- машина аркылуу окулуучу түрдө - машина аркылуу окулуучу зона;
- электрондук чипте:
фамилиясы, аты;
атасынын аты (болсо);
жынысы;
жарандыгы;
туулган күнү;
документти колдонуу мөөнөтү;
туулган жери;
жеке идентификациялык номуру (жеке номуру);
документти берген орган жана анын коду;
ээсинин бетинин санариптик түстүү сүрөтү, эки колдун манжаларынын папиллярдык изинин графикалык түзүлүшү, ээсинин өз колу менен коюлган колу;
этностук таандыгы (арыз ээсинин каалоосу менен);
дареги (жашаган жери);
үй-бүлөлүк абалы;
ГОСТ стандарттары боюнча криптографиялык алгоритмдердин базасында ишке ашырылган электрондук-санариптик кол тамгасынын ачкычы, авторлоштуруу ачкычы.
Идентификациялык картада көрүүсү начар адамдар үчүн Брайлдын шрифти менен тактилдик текст да болот (ээсинин каалоосу менен).».
Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2017-жылдын 3-апрелиндеги №197 «Идентификациялык карта ‒ Кыргыз Республикасынын жаранынын 2017-жылдын үлгүсүндөгү паспорту (ID-карта) жөнүндө» токтому Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында белгиленген тартипке ылайык кабыл алынган жана «Эркин Тоо» гезитинин 2017-жылдын 28-апрелиндеги №7-8 (532-533) санынын «Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн ченемдик актылары» тиркемесинде жарыяланган, Кыргыз Республикасынын Ченемдик укуктук актыларынын мамлекеттик реестрине киргизилген жана колдонуудагы ченемдик укуктук акт болуп эсептелет.
2. 1990-жылдын 15-декабрындагы Кыргызстан Республикасынын мамлекеттик эгемендүүлүгү жөнүндө декларация бардык улуттагы республиканын бардык жарандары Кыргызстан Республикасынын элин түзөт, ал республикадагы мамлекеттик бийликтин жалгыз булагы болуп эсептелет деп жар салган (2-берене).
Элдин эркин билдирүүсүнүн логикалык уландысы катары Кыргыз Республикасынын Конституциясы өз преамбуласында конституциялык баштапкы принциптерди орнотуп, кыргыз мамлекеттүүлүгүн жана мамлекеттик эгемендүүлүктү бекемдөөдө элдин биримдигинин маанисин өзгөчө белгилеген.
Кыргыз Республикасынын Конституциясы Кыргызстандын эли эгемендиктин ээси жана Кыргыз Республикасындагы мамлекеттик бийликтин бирден-бир булагы болуп саналат деп жар салат. Мында «эл» деген түшүнүк бардык этностогу адамдардын жыйындысынын кыргыз мамлекетине таандыктыгы катары аныкталат (2-берене).
Ошол эле учурда, өлкө жарандарынын өзүнүн бирдиктүү мамлекетке таандыгын түшүнүүсү ар кимдин социалдык бирдейликке болгон укугун жокко чыгарбайт.
Социалдык бирдейлик ‒ бул өзүңдү тийиштүү топтун мүчөсү катары кабылдоо, ага таандык болуу жана эмоционалдык байланышы бардык сезими. Инсандын социалдык бирдейлигинин бир түрү этноско таандыктык, башкача айтканда адам өзүн тийиштүү этностун өкүлү катары таануусу болуп эсептелет.
Этноско таандыктык төрөлүү, эне тилинде сүйлөй алуу, маданий чөйрөсү жана башка көрүнүштөр менен кошо берилет. Натыйжада инсанга тил, ысым, ата-теги жөнүндө жалпы түшүнүгү, тийиштүү аймакка, динге, дөөлөттөрдүн жалпы тутумуна, топтук тилектештикке байланышы бардыгы сыяктуу этностуулукту коштоп жүрүүчү белгилер таандык болуп калат. Ар бир индивид ушулардын негизинде бири-биринен айырмаланып турат.
Этноско таандыктык айырмачылыктардын жалпы таанылган жана легитимдештирилген индикатору болуп саналуу менен этникалык топтордун калыптануусунун жана алардын социалдык байланыштарынын келип чыгышынын күчтүү фактору болуп эсептелет. Этностук бирдейликтин баалуулугу анын башкалардан өзгөчөлүү жана көз карандысыз болуу муктаждыгы гана эмес, ошондой эле адамдардын тийиштүү тобуна таандык болуу муктаждыгын да канааттандыргандыгында.
Бул шарттарда мамлекеттин милдети – коомдо ар кандай этностук жалпылыктагы адамдардын өз алдынчалуу маданиятка, эне тилине, салт-санаа, адаттарынын айырмалуулугуна сый мамиле кылууну жаратуу. Ошондой эле бул милдет этностук жалган көз караштарды жок кылууда, этноско таандыктык, инсандын эркинин автономиясын жана көз карандысыздыгын камсыз кылуу маселелеринде өз тагдырын өзү чечүүсү жана өз ордун табуусу үчүн шарттарды түзүүдө турат.
3. Ошону менен бирге, кандай гана жагдай болбосун этноско таандыктык адамга кандайдыр бир артыкчылыктарды берүүгө, же болбосо анын укуктарын чектөөгө да негиз болушу мүмкүн эмес. Анткени Кыргыз Республикасынын Конституциясы башка жагдайлар менен бирге эле этноско таандыктыгына карабастан адамдын жана жарандын укуктары менен эркиндиктеринин накта бирдейлигин орнотот. Бул кепилдик жынысына, расасына, тилине, майыптуулугуна, этноско таандыктыгына, туткан динине, курагына, саясий же башка ынанымдарына, билимине, тегине, мүлктүк же башка абалына жараша тең укуктуулук принцибин бузгандык үчүн мыйзамда каралган жоопкерчилик менен камсыз кылынат (Кыргыз Республикасынын Жазык кодексинин 185-беренеси).
4. Кыргыз Республикасынын Конституциясынын 38-беренесине ылайык ар ким өзүнүн этностук тийиштүүлүгүн эркин аныктоого жана көрсөтүүгө укуктуу. Башкача айтканда, ар кимге өз ыктыяры менен бул адамга тийиштүү документте өзүнүн этноско таандыктыгын биринчиден аныктоо, экинчиден көрсөтүү, же болбосо аны көрсөтүүдөн таптакыр эле баш тартуу укугу берилген.
Өзүнүн этноско таандыктыгын эркин аныктоо укугу жөнүндө конституциялык жобо өзүнүн мааниси жана мазмуну боюнча адамдын өзүн өзү аныктоо, өзүн белгилүү бир этникалык жалпылыктын катарына кошуу аң-сезимдүү актысы, ошондой эле өз маданий бирдейлигин тандоо мүмкүнчүлүгүн жана этноско таандыктыгы менен байланышкан таламдарын жана кызыкчылыктарын канааттандырууга болгон укугун билдирет.
«Эркин көрсөтүү» деп уруксат берүү менен Кыргыз Республикасынын Конституциясы ар бир инсанга өзүн таанытуу формасы катары өзүнүн этноско таандыктыгы жөнүндө маалыматты каалагандай жалпыга жеткиликтүү булактарында, анын ичинде конкреттүү адамга тийиштүү расмий документтерде эркин көрсөтүү, жайылтуу жана ашкере кылуу укугун берүү зарылдыгы жөнүндө айтат.
Ошол эле учурда, аталган укуктардын конституциялык-укуктук мазмуну адамдын өзүнүн этноско таандыктыгын юридикалык маанилүү ар кандай максаттарда аныктоо же аныктабоо, көрсөтүү же көрсөтпөө мүмкүнчүлүгүндө гана эмес, өзүнүн этноско таандыктыгын аныктоодон жана көрсөтүүдөн таптакыр баш тартуу, же болбосо анын жеткиликтүүлүгүн чектөөдө да турат.
Ошону менен бирге Кыргыз Республикасынын Конституциясынын 38-беренесине ылайык эч ким өзүнүн этностук тийиштүүлүгүн аныктоого жана көрсөтүүгө мажбурланбашы керек. Жалпысынан бул берене адамдын этноско таандыктыгы жөнүндө маалыматтарды, аны бирдейлештирүү максатында берилүүчү документтерде, расмий белгилөөнү анын эркине императивдик түрдө көз каранды кылып койгон.
Мындан тышкары, адамдын өзүнүн этноско таандыктыгын аныктоого жана көрсөтүүгө мажбурлануусуна тыюу салууну милдеттүү түрдө камсыздоо максатында, Кыргыз Республикасынын Конституциясы аны эч кандай өзгөрүүгө дуушар болбогон чектелгис тыюулардын тизмесине киргизген (20-берененин 4-бөлүгүнүн 9-пункту, 38-берененин экинчи сүйлөмү). Бул өзүнүн этноско таандыктыгын тандоо эркиндиги, аны ашкере кылуусу ар бир адамдын артыкчылыктуу укугу болуп саналарын жана мамлекет аны мындай тандоого мажбурлай же ага кандайдыр бир башка таасир көрсөтө албастыгын билдирет.
5. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2017-жылдын 3-апрелиндеги №196 токтому менен бекитилген Кыргыз Республикасынын жарандарынын улуттук паспорттору жөнүндө жобонун 6-пунктуна ылайык Кыргыз Республикасынын жарандарынын улуттук паспорттору: Кыргыз Республикасынын жаранынын 2004-жылдын үлгүсүндөгү паспортуна (ID-карта); идентификациялык карта ‒ Кыргыз Республикасынын жаранынын 2017-жылдын үлгүсүндөгү паспортуна (ID-карта); Кыргыз Республикасынын жаранынын 2006-жылдын үлгүсүндөгү жалпы жарандык паспортуна жана Кыргыз Республикасынын дипломатиялык жана кызматтык паспортторуна бөлүнөт.
Кыргыз Республикасынын жарандарынын улуттук паспорттору Кыргыз Республикасынын жарандарынын ким экендигин күбөлөндүрүүчү жана Кыргыз Республикасынын жарандыгына тиешелүүлүгүн ырастоочу документтер болуп саналат, демек, бул документте кандай маалыматтар камтылышы керек экендиги ошол документтин максат-милдетине жараша анын автору, тактап айтканда мамлекет тарабынан конституциялык кепилдиктерди сактоо менен аныкталат.
Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2017-жылдын 3-апрелиндеги №197 токтому менен бекитилген Идентификациялык карта ‒ Кыргыз Республикасынын жаранынын 2017-жылдын үлгүсүндөгү паспорту (ID-карта) жөнүндө жобонун 1-пунктуна ылайык, идентификациялык карта - Кыргыз Республикасынын жаранынын 2017-жылдын үлгүсүндөгү паспорту (ID-карта) ‒ Кыргыз Республикасынын жаранынын ким экендигин күбөлөндүрүүчү жана Кыргыз Республикасынын жарандыгына тиешелүүлүгүн ырастоочу тексттик, машина менен окула турган маалыматтары бар жана электрондук түрдөгү, паспорттун ажыратылгыс бөлүгү болуп саналган кошо коюлган электрондук чиби бар документ.
Жобонун кайрылуучу тарап менен талашылып жаткан 3-пункту ID-картага киргизүүгө тийиштүү болгон маалыматтардын тизмесин бекитет. Мында маалыматтар эки категорияга бөлүнгөн: тексттик түрдөгү жана электрондук чиптеги. Этноско таандыктыгына тийиштүү маалыматтар арыз ээсинин каалоосу менен электрондук чиптин ичине киргизилген.
Электрондук чип ‒ бул 2017-жылдын үлгүсүндөгү идентификациялык картага ‒ паспортко орнотулган, калкты жана жарандык абалдын актыларын каттоо жаатындагы мамлекеттик саясатты ишке ашыруу боюнча ыйгарым укуктуу орган тарабынан арыз ээсинин жеке жана биометриялык маалыматтарын жазууга, иштеп чыгууга жана сактоого мүмкүндүк берген сандык интегралдык процессор (электрондук микросхема). Тактап айтканда этноско таандыктыгы жөнүндө маалыматтарды электрондук чипке киргизүү, анын ичиндеги маалыматтардын жеткиликтүүлүгүн чектөө максатында криптографиялык технологияларды колдонууну билдирет. Бул өзүнүн этноско таандыктыгын аныктап, бирок аны жабык режиминде көрсөткүсү келген адамдын эрки боюнча гана ишке ашырылышы мүмкүн. Башкача айтканда, арыз ээсинин анын этноско таандыктыгы жөнүндө маалыматтардын электрондук чипке киргизилишин, тактап айтканда бул маалыматтын жеткиликтүүлүгү чектелген режимде болушун каалоосу өзүнүн этноско таандыктыгын эркин аныктоо жана көрсөтүү конституциялык укугун жүзөгө ашыруунун формаларынын бири болуп саналат жана бул Кыргыз Республикасынын Конституциясына карама-каршы келиши мүмкүн эмес.
Бирок ошол эле учурда, эгер арыз ээси өзү кааласа, ID-картада этноско таандыктыгы жөнүндө маалыматты текст түрүндө көрсөтүү мүмкүндүгүн бербөө, өзүнүн этноско таандыктыгы жөнүндө маалыматты ачык-айкын жарыялоого, анын ичинде адамдын ким экендигин тастыктаган ID-картада да жарыялоо укугун тикелей бузуу болуп саналат. Башкача айтканда, Кыргыз Республикасынын Конституциясынын 38-беренесинде каралган ар кимдин өзүнүн этностук тийиштүүлүгүн эркин аныктоо жана көрсөтүү укугуна кепилдик бузулууда.
Мындан сырткары, кайрылуучу тараптын ID-картада жарандын этноско тийиштүүлүгү тууралуу графасы сөзсүз орун алышы керек деген талабына карата Кыргыз Республикасынын Жогорку сотунун Конституциялык палатасы бул маселе аткаруу бийлигинин, башкача айтканда Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн карамагына кирерин белгилейт. Бирок мындан ары бул маселени укуктук жөнгө салууда Кыргыз Республикасынын Конституциясынын 20-беренесинин 4-бөлүгүнүн 9-пунктуна ылайык адамдын жана жарандын этноско таандыктыгын аныктоого жана көрсөтүүгө ар кандай жол менен мажбурлоого тыюу салынгандыгын эске алуу керек.
Ал эми жоопкер тараптын өкүлүнүн сот отурумунда киргизген өтүнүчү боюнча, Советтик Социалисттик Республикалар Союзунда бирдиктүү паспорттук системасын киргизүү мезгилинен тартып, кыргыз мамлекетинин укуктук системасында эл каттоо жана жарандык абал актылары тууралуу көпчүлүк ченемдик укуктук актыларда жарандын кайсы этноско таандыгын аныктоо үчүн «улуту» деген термин пайдаланылып келгендигин эске алуу зарыл. Ушуга байланыштуу «улуту» деген термин учурдагы Кыргыз Республикасынын Конституциясында колдонулган «этноско таандыгы» же «этноско тийиштүүлүгү» деген терминдер менен бирдей укуктук мааниге ээ экендигин белгилеп кетүү керек.
Жогоруда баяндалгандардын негизинде, Кыргыз Республикасынын Конституциясынын 97-беренесинин 6-бөлүгүнүн 1-пунктун, 8 жана 9-бөлүктөрүн, «Кыргыз Республикасынын Жогорку сотунун Конституциялык палатасы жөнүндө» конституциялык Мыйзамдын 46, 47, 48, 51 жана 52-беренелерин жетекчиликке алып, Кыргыз Республикасынын Жогорку сотунун Конституциялык палатасы
Ч Е Ч Т И:
1. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2017-жылдын 3-апрелиндеги №197 «Идентификациялык карта - Кыргыз Республикасынын жаранынын 2017-жылдын үлгүсүндөгү паспорту (ID-карта) жөнүндө» токтому менен бекитилген Идентификациялык карта - Кыргыз Республикасынын жаранынын 2017-жылдын үлгүсүндөгү паспорту (ID-карта) жөнүндө жобонун 3-пунктунда «этностук таандыгы (арыз ээсинин каалоосу менен)» деген графанын көрсөтүлбөгөндүгү Кыргыз Республикасынын Конституциясынын 38-беренесине карама-каршы келет деп таанылсын.
2. Чечим акыркы жана даттанууга жатпайт, жарыяланган учурдан тартып күчүнө кирет.
3. Чечим бардык мамлекеттик органдар, жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары, кызмат адамдары, коомдук бирикмелер, юридикалык жана жеке жактар үчүн милдеттүү жана республиканын бүткүл аймагында аткарылууга тийиш.
4. Ушул чечим мамлекеттик бийликтин расмий басылмаларында, Кыргыз Республикасынын Жогорку сотунун Конституциялык палатасынын расмий сайтында жана «Кыргыз Республикасынын Жогорку сотунун Конституциялык палатасынын Жарчысында» жарыялансын.
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ЖОГОРКУ СОТУНУН КОНСТИТУЦИЯЛЫК ПАЛАТАСЫ