Редакцияот 30.07.2015
Жүктөө .docx
Герб Кыргызской Республики

КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ѲКМѲТY

ТОКТОМ

2015-жылдын 30-июлу № 545

Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2009-жылдын 19-июнундагы № 386 "Жайыттар жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамын ишке ашыруу боюнча чаралар тууралуу" токтомуна өзгөртүү киргизүү жөнүндө

Жайыттарды пайдалануу маселесин жөнгө салуу максатында "Кыргыз Республикасынын Өкмөтү жөнүндө" Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 10 жана 17-беренелерине ылайык Кыргыз Республикасынын Өкмөтү

ТОКТОМ КЫЛАТ:

1. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2009-жылдын 19-июнундагы № 386 "Жайыттар жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамын ишке ашыруу боюнча чаралар тууралуу" токтомуна төмөнкүдөй өзгөртүү киргизилсин:

- 4-пунктундагы "жайыттардын чек араларын белгилөө боюнча иштер аяктаганга чейин" деген сөздөр "2020-жылга чейин" деген цифралар жана сөздөр менен алмаштырылсын.

2. Ушул токтом расмий жарыяланган күндөн жети күн өткөндөн кийин күчүнө кирет.

 

Премьер-министр

Т.А. Сариев