Загрузка документа…
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ЖОГОРКУ СОТУНУН
КОНСТИТУЦИЯЛЫК ПАЛАТАСЫНЫН
ЧЕЧИМИ
2020-жылдын 21-октябры № 08-р
Курманбек Белекович Иманалиевдин кайрылуусуна байланыштуу «Кыргыз Республикасынын судьяларынын статусу жөнүндө» Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 12-беренесинин 2-бөлүгүнүн жана 28-беренесинин 2-бөлүгүнүн 1-пунктунун конституциялуулугун текшерүү жөнүндө
Кыргыз Республикасынын Жогорку сотунун Конституциялык палатасы төрагалык кылуучу – К.А. Дуйшеевдин, М.Р. Бобукееванын, Л.П. Жумабаевдин, М.Ш. Касымалиевдин, К.Дж. Кыдырбаевдин, Э.Ж. Осконбаевдин, Ж.И. Саалаевдин, Ж.А. Шаршеналиевдин курамында, катчы К.А. Аблакимовдун,
кайрылуучу тарап – Курманбек Белекович Иманалиевдин;
жоопкер тарап – Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин ишеним кат боюнча өкүлү Мирлан Абылбекович Букашевдин;
башка жактар – Кыргыз Республикасынын Юстиция министрлигинин ишеним кат боюнча өкүлү Аида Маратовна Курманбаева, Кыргыз Республикасынын Судьялар кеңешине караштуу Тартиптик комиссиянын өкүлү Аслан Касымалиевич Кулбаевдин катышуусу менен,
Кыргыз Республикасынын Конституциясынын 97-беренесинин 1, 6-беренелерин, «Кыргыз Республикасынын Жогорку сотунун Конституциялык палатасы жөнүндө» конституциялык Мыйзамдын 4, 18, 19, 37, 42-беренелерин жетекчиликке алып, «Кыргыз Республикасынын судьяларынын статусу жөнүндө» Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 12-беренесинин 2-бөлүгүнүн жана 28-беренесинин 2-бөлүгүнүн 1-пунктунун конституциялуулугун текшерүү жөнүндө ишти ачык соттук отурумда карап чыкты.
К.Б. Иманалиевдин өтүнүчү бул ишти кароого себеп болду.
Бул ишти кароого негиз болуп «Кыргыз Республикасынын судьяларынын статусу жөнүндө» Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 12-беренесинин 2-бөлүгү менен 28-беренесинин 2-бөлүгүнүн 1-пункту Кыргыз Республикасынын Конституциясына ылайык келүүсү маселесинде пайда болгон күмөндүүлүк саналат.
Ишти соттук отурумга кароону даярдаган судья-баяндамачы М.Р. Бобукееванын маалыматын угуп, келтирилген материалдарды изилдеп чыгып, Кыргыз Республикасынын Жогорку сотунун Конституциялык палатасы
Т А П Т Ы:
Кыргыз Республикасынын Жогорку сотунун Конституциялык палатасына 2019-жылдын 11-июнунда К.Б. Иманалиевдин «Кыргыз Республикасынын судьяларынын статусу жөнүндө» Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 12-беренесинин 2-бөлүгүн менен 28-беренесинин 2-бөлүгүнүн 1-пунктун Кыргыз Республикасынын Конституциясынын 93-беренесинин 1-бөлүгүнө, 94-беренесинин 1, 3-бөлүктөрүнө, 96-беренесинин 3-бөлүгүнө ылайык келүүсүн текшерүү жөнүндө өтүнүчү келип түшкөн. Андан тышкары, 2019-жылдын 25-июнундагы өтүнүчкө кошумча менен арыздануучу талашылып жаткан ченемди Кыргыз Республикасынын Конституциясынын 6-беренесинин 1, 2-бөлүктөрүнө, 16-беренесинин 3-бөлүгүнө, 20-беренесинин 1, 2, 3-бөлүктөрүнө, 5-бөлүгүнүн 3, 8-пункттарына, 40-беренесинин 1-бөлүгүнө ылайык келүүсүн текшерүүнү суранат.
К.Б. Иманалиев «Кыргыз Республикасынын судьяларынын статусу жөнүндө» Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 12-беренесинин 2-бөлүгү Конституциянын конкреттүү бир сот иши боюнча судьядан отчёт талап кылууга эч кимдин укугу жок деген 94-беренесинин 3-бөлүгүнө карама-каршы келет деп эсептейт. Мында ал Конституциянын бул ченеми аны мүмкүн болуучу кеңейтүүчү түрдө чечмелөөдөн жабык туюнтулган жана аны мыйзамдар менен толуктоону болжобойт. Бирок конституциялык Мыйзамдын талашылып жаткан ченеми жогоруда көрсөтүлгөн Мыйзамга ылайык судьянын жоопкерчилиги жөнүндө маселе каралып жаткан учурлардан тышкары конкреттүү бир сот иши боюнча судьядан отчёт талап кылууга эч кимдин укугу жок деп белгилеген. Ушундан улам, К.Б. Иманалиевдин пикири боюнча судьядан конкреттүү иш боюнча отчёт талап кылышы мүмкүн болгон учурду белгилеген бөлүк конституциялуу эмес дейт.
Ошондой эле, арыздануучу 2017-жылдын 28-июнунда «Кыргыз Республикасынын судьяларынын статусу жөнүндө» конституциялык Мыйзамга өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө» Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамы кабыл алынган. 28-беренеге киргизилген өзгөртүүлөргө ылайык тартиптик жосун деп кызматтык милдеттерин аткарууда же кызматтан тышкары ишинде судьянын сот адилеттигин жүзөгө ашырууда мыйзамдуулукту айкын жана одоно бузгандыгын ачкан күнөөлүү аракеттери же аракетсиздиги таанылат. Арыздануучунун пикири боюнча белгиленген конституциялык Мыйзамга киргизилген өзгөртүүнүн дал өзү Конституциянын 94-беренесинин 1 жана 3-бөлүктөрүнө карама-каршы келет, ага ылайык судьялар көз карандысыз жана Конституция менен мыйзамдарга гана баш ийет. Конкреттүү бир сот иши боюнча судьядан отчёт талап кылууга эч кимдин укугу жок.
К.Б. Иманалиев айткандай, Тартиптик комиссия тарабынан судьянын сот адилеттигин жүзөгө ашырууда мыйзамдуулукту айкын жана одоно бузган аракеттерин таануусу кабыл алынган соттук акт боюнча баа берүүнү жана судьядан түшүндүрмө алууну болжойт, ал эми бул судьянын көз карандысыздыгынын конституциялык принцибин бузуу менен конкреттүү бир сот иши боюнча андан отчёт талап кылуу дегенди билдирет.
Андан тышкары, кайрылуу субъекти соттук актылардын мыйзамдуулугун текшерүү – ал жогору турган соттук инстанциялардын акысы деп эсептейт. Конституциянын 93-беренесинин 1-бөлүгүнө ылайык Кыргыз Республикасында сот адилеттигин сот гана ашырат. Мында Конституциянын 96-беренесинин 1 жана 3-бөлүктөрүнө ылайык жогорку сот органы болуп Кыргыз Республикасынын Жогорку соту саналат, анын актылары акыркы жана даттанууга жатпайт. Талашылып жаткан ченем жогоруда көрсөтүлгөн конституциялык талаптарга карама-каршы чыгуу менен Конституцияда каралбаган соттук актыларды текшерүү боюнча соттук инстанцияны нагыз түзөт. Кайрылуунун субъекти мисалы катары Россия Федерациясынын укуктук көз караштарын келтирет, алардын маңызы боюнча соттук актынын мыйзамдуулугун жана негиздүүлүгүн текшерүү мүмкүндүгү жогору турган соттук инстанциялар тарабынан гана болуусунда турат.
Ушуга байланыштуу, арыздануучу «Кыргыз Республикасынын судьяларынын статусу жөнүндө» конституциялык Мыйзамдын 28-беренесинин 2-бөлүгүнүн 1-пункту Конституциянын 6-беренесинин 1, 2-бөлүктөрүндө чагылдырылган Конституциянын түздөн-түз колдонулуу принцибине жана ал жогорку юридикалык күчкө ээ болуусуна карама-каршы келет деп эсептейт. Бардык мыйзамдар, анын ичинде конституциялык мыйзамдар Конституциянын негизинде гана кабыл алынуусу керек.
Андан тышкары, кайрылуунун субъекти талашылып жаткан ченемдин конституциялуу эместигин Конституциянын мыйзам жана сот алдында бардыгы бирдей деп караган 16-беренесинин 3-бөлүгү менен байланыштырат. Ошондой эле, К.Б. Иманалиев талашылып жаткан ченемдер Конституциянын адамдын жана жарандын укуктары менен эркиндиктерин жокко чыгаруучу жана кемсинтүүчү мыйзамдардын кабыл алынуусун мүмкүн эместигин, ошондой эле соттук коргоого укуктарын чектөөнү белгилөөчү 20-беренесинин 1, 2, 3-бөлүктөрүнө, 5-бөлүгүнүн 3, 8-пункттарына карама-каршы келет деп белгилейт.
Кайрылуунун субъекти талашылып жаткан ченем Конституциянын 40-беренесинин 1-бөлүгүнө карама-каршы келет деп болжойт. Ага ылайык ар бир жаранга анын укуктары менен эркиндиктерин соттук коргоого кепилдиктер берилген. Соттук коргоо сот бийлигинин көз карандысыздыгын аныктайт, бул Кыргыз Республикасында калыс, бейтарап жана натыйжалуу сот адилеттигин жүзөгө ашыруунун кепилдиги болуп саналат.
Жогоруда баяндалгандын негизинде, арыздануучу «Кыргыз Республикасынын судьяларынын статусу жөнүндө» конституциялык Мыйзамдын 12-беренесинин 2-бөлүгү жана 28-беренесинин 2-бөлүгүнүн 1-пункту Кыргыз Республикасынын Конституциясы карама-каршы келет деп таанууну суранат.
Кыргыз Республикасынын Жогорку сотунун Конституциялык палатасынын судьялар коллегиясынын 2019-жылдын 5-июлундагы аныктамасы менен бул өтүнүч «Кыргыз Республикасынын судьяларынын статусу жөнүндө» конституциялык Мыйзамдын 12-беренесинин 2-бөлүгүн жана 28-беренесинин 2-бөлүгүнүн 1-пунктун Кыргыз Республикасынын Конституциясынын 16-беренесинин 3-бөлүгүнө, 20-беренесинин 5-бөлүгүнүн 8-пунктуна. 40-беренесинин 1-бөлүгүнүн биринчи абзацына, 93-беренесинин 1-бөлүгүнө, 94-беренесинин 1 жана 3-бөлүктөрүнө, 96-беренесинин 3-бөлүгүнө ылайык келүүсүн текшерүү бөлүгүндө өндүрүшкө кабыл алынган. Ошол эле учурда судьялар коллегиясы укуктук мүнөздөгү жүйөлөрдүн болбогондугунан улам талашылып жаткан ченемдерди Кыргыз Республикасынын Конституциясынын 6-беренесинин 1, 2-бөлүктөрүнө, 20-беренесинин 1, 2, 3-бөлүктөрүнө, 5-бөлүгүнүн 3-пунктуна ылайык келүүсүн текшерүү бөлүгүндө өтүнүчтү өндүрүшкө кабыл алуудан баш тарткан.
К.Б. Иманалиев соттук отурумда өзүнүн талаптарын колдоп, аларды канааттандырууну сурады.
Жоопкер тараптын өкүлү М.А. Букашев арыздануучунун өтүнүчүн кийинкидей негиздер боюнча канааттандыруусуз калтыруу зарыл деп эсептейт.
Конституциянын 94-беренесине ылайык судьялар көз карандысыз жана Конституцияга жана мыйзамдарга гана ийет. Бирок Конституциянын 3-беренесинин 3-пунктунда жана 5-беренесинин 4-бөлүгүндө түптөлгөндөй Кыргыз Республикасында мамлекеттик бийликти жүзөгө ашыруунун өзөктүү принциптеринен улам судьялардын көз карандысыздыгы абсолюттуу мүнөздө болушу мүмкүн эмес. Ошентип, жогоруда көрсөтүлгөн ченемдерге ылайык Кыргыз Республикасындагы мамлекеттик бийлик мамлекеттик органдардын, жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын эл алдында ачыктык жана жоопкерчилик жана өзүнүн ыйгарым укуктарын элдин кызыкчылыгында жүзөгө ашыруу принциптерине негизделет, ал эми мамлекеттик органдар, жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары жана алардын кызмат адамдары мыйзамда белгиленген тартипте укукка каршы аракеттер үчүн жоопкерчиликтүү болот.
Жоопкер тараптын пикири боюнча көрсөтүлгөндөр Конституция мамлекеттик органдардын эл алдындагы жоопкерчилигин буйрук иретинде, анын ичинде судьялардын да жоопкерчилигин Кыргыз Республикасынын мыйзамдары менен белгиленген тартипте орнотот дегенди билдирет.
Көрсөтүлгөн конституциялык орнотмо Конституциянын 95-беренесинде өзүнүн логикалык уландысын тапкан, ага ылайык Кыргыз Республикасынын бардык сотторунун судьялары жүрүм-туруму кынтыксыз болуп турганга чейин өзүнүн кызмат орундарын ээлейт жана ыйгарым укуктарын сактайт. Судьялардын жүрүм-турумунун кынтыксыздыгынын талаптарынын бузулушу судьяларды конституциялык мыйзам менен аныкталуучу тартипте жоопкерчиликке тартуу үчүн негиз болуп саналат.
Мында Конституциянын 94-беренесинин 9-бөлүгүнө ылайык судьялардын статусу конституциялык мыйзам менен аныкталат, аны менен Кыргыз Республикасынын Жогорку сотунун, Кыргыз Республикасынын Жогорку сотунун Конституциялык палатасынын жана жергиликтүү соттордун судьялары үчүн судьялык кызмат ордуна талапкерлерге кошумча талаптар коюулушу мүмкүн. Ушундан келип чыкканда, Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин өкүлү Конституцияда сот адилеттигин жүзөгө ашыруунун принциптери, анын ичинде судьялардын жоопкерчилик принциптери белгиленген «Кыргыз Республикасынын судьяларынын статусу жөнүндө» конституциялык Мыйзамга шилтеме жасаган жоболору караштырылган.
Ошондой эле жоопкер тарап конституциялык Мыйзамдын 4-беренесинин 1-бөлүгүнө ылайык судьянын статусу анын ээсинин инсандыгына, квалификациясына жана жүрүм-турумуна бийик стандарттарды коюу менен аны алууга жана токтотууга жогорулатылган талаптар, судьялык ыйгарым укуктарды талаптагыдай аткарбагандыгы үчүн жоопкерчиликти күчөтүү, бийик статуска шайкеш келүүчү материалдык жана социалдык камсыз кылуу жана башка кепилдиктер менен аныкталат.
М.А. Букашев судьяны тартиптик жана башка жоопкерчиликке тартуу анын укуктук статусунун ажырагыс бөлүгү болуп саналат, бул судьялар тарабынан жарандардын укуктарын жана эркиндиктерин мыйзамсыз аракеттерден коргоо кепилдиги кызматын аткарат, демек, «Кыргыз Республикасынын судьяларынын статусу жөнүндө» конституциялык Мыйзамдын 28-беренесинин 2-бөлүгүнүн 1-пункту Конституциянын жоболоруна ылайык деген тыянакка келет.
М.А. Букашев ушул конституциялык Мыйзамга ылайык судьянын жоопкерчилиги жөнүндө маселе каралып жаткан учурлардан тышкары, көрсөтүлгөн ченемге ылайык эч ким судьядан конкреттүү иш боюнча талап кылууга укуктуу эмес деп «Кыргыз Республикасынын судьяларынын статусу жөнүндө» конституциялык Мыйзамдын 12-беренесинин 2-бөлүгү туурасында белгилейт. Конституция 94-беренесинин 3-бөлүгү менен эч ким судьядан конкреттүү иш боюнча отчёт талап кылууга укуктуу эместикти белгилөө менен, аны судьянын жоопкерчилиги учурларына да жайылтылат деп бекитпейт.
Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин өкүлүнүн пикири боюнча талашылып жаткан ченемдин конституциялуулугу Конституциянын 94-беренесинин 9-бөлүгүнө ылайык судья кызмат орундарына талапкерлерге кошумча талаптар жана судьялар үчүн белгилүү чектөөлөр орнотулушу мүмкүндүгү менен ырасталат дейт.
М.А. Букашев конкреттүү иш боюнча кайсыл бир маалымат Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык тийиштүү органдар тарабынан (Тартиптик комиссия, Башкы прокуратура жана башка укук коргоо органдары) гана суралышы мүмкүн. Мында ушул чаралар Кыргыз Республикасынын Конституциясынын жана мыйзамдарынын ченемдерин, ошондой эле жарандардын укуктары менен эркиндиктерин камсыз кылуу максатында гана колдонулат.
Андан тышкары, «Кыргыз Республикасынын судьяларынын статусу жөнүндө» конституциялык Мыйзамдын 28-беренесинин 2-бөлүгү менен сот адилеттигин жүзөгө ашырууда мыйзамдуулукту айкын жана одоно бузганда; судьянын Абийир кодексин одоно бузганда; кеңешүүчү бөлмөнүн сырларын же иш жабык сот жыйынында каралганда судьяга белгилүү болгон сырларды ачыкка чыгарганда деген тартиптик жосундун түрлөрү белгиленген. Ушундан улам, жоопкер тараптын пикири боюнча ушул тартиптик жосундардын маңызынан суроо-талап кылбастан жана конкреттүү соттук иштин тийиштүү материалдарын изилдебестен судьянын күнөөсүн аныктоого мүмкүн эмес.
Жоопкер тарап өзүнүн жүйөлөрүн жыйынтыктап келип, Конституциянын жана «Кыргыз Республикасынын судьяларынын статусу жөнүндө» конституциялык Мыйзамдын ченемдери жарандардын укуктарын тиешелүү коргоо үчүн бардык шарттарды түзүүгө багытталган деп көрсөткөн. Андай шарттар түзүлбөсө, жарандар судьялар тарабынан укукка каршы аракеттер болгон учурда өзүнүн мыйзамдуу кызыкчылыктарын коргоо мүмкүндүгүнөн ажырайт. Судьянын көз карандысыздыгы, ал жоопко тартылбас дегенди билдирбейт, ал объективдүүлүктү жана бейтараптуулукту камсыз кылуунун шарты гана кызматын кылат.
Ошон үчүн, М.А. Букашевдин пикири боюнча Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында олуттуу ушул өңдүү чаралардын орундуулугун актаган жосун жасалган учурда судьянын кызматын ниети түз адамдарды четтетүү мүмкүндүгү менен судьялардын жоопкерчилигин белгилөөчү тиешелүү каражаттар болуу керек дейт.
Кыргыз Республикасынын Жогорку сотунун өкүлү Э.Б. Искаков жана Кыргыз Республикасынын Юстиция министрлигинин өкүлү А.М. Курманбаева өзүнүн көз караштарында судьянын укуктук статусу жана тартиптик өндүрүштү жүргүзүүчү органдын маселелерин жөнгө салуучу Конституциянын жана мыйзамдардын ченемдеринин салыштырмалуулугунун негизинде талашылып жаткан ченемдер Кыргыз Республикасынын Конституциясына карама-каршы келбөөсү жөнүндө тыянакка келишүүдө.
Тартиптик комиссиянын өкүлү талашылып жаткан ченемдер Кыргыз Республикасынын Конституциясына карама-каршы келбейт деп эсептейт.
«Кыргыз Республикасынын судьяларынын статусу жөнүндө» конституциялык Мыйзамдын 28-беренесинин 2-бөлүгүнүн 1-пунктуна ылайык судьялар мыйзамдуулукту айкын бузган соттук актыны чыгарганы үчүн гана тартиптик жоопкерчиликке тартылат. Бул судьянын соттук актыны чыгарганы үчүн жоопкерчиликке тартууга жол берилбестик принцибине карама-каршы келбейт. Бул ченемде демейдеги соттук каталар жөнүндө эмес, мыйзамдуулукту айкын жана одоно бузган соттук актылар жөнүндө кеп болууда, мындай актылардын кабыл алынуусу судьянын төмөн квалификациясы же судьялык абийиринин таза эместиги сапаттуу сот адилеттигин жүзөгө ашырууга мүмкүн эместигин күбөлөндүрөт. Мындай учурда, судья соттук актыда билдирген пикири үчүн эмес, мыйзамдын талаптарын бузуучу аракеттерди жасаганы үчүн тартиптик жоопкерчиликке тартылат. Мында, мыйзамды одоно бузууга жол берилген учурлардан тышкары, соттук актыны жокко чыгаруу же өзгөртүү судьяны тартиптик жоопкерчиликке алып келбейт.
Мыйзам чыгаруучу сот адилеттигин жүзөгө ашырып жатканда судьянын билдирген пикири үчүн жалпы эреже катары аны тартиптик жоопкерчиликке тартууга тыюу салууну орнотуу менен, ката кетирген судьянын сот ишин жүзөгө ашырууда аны жокко чыгарбоочу каталары болушу мүмкүндүгүнөн келип чыккан. Ошон үчүн тартиптик комиссиянын ыйгарым укуктарына соттук актынын мыйзамдуулук же мыйзамсыздык фактысын аныктоо кирбейт, алардын ыйгарым укуктарына сот бийлигинин аброюн кемсинтүүчү материалдык же процесстик укуктун ченемдерин айкын жана одоно туура эмес колдонулуу мүнөзүн аныктоо кирет. Мыйзамдын бузулуу фактысы жогору турган сот тарабынан аныкталат. Андан кийин Тартиптик комиссия бул бузуу судьянын карамагы эмес, ал одоно жана айкын бузуу деп баасын өзү берет. Б.а. кеп судьянын компетенттүү эместигинин жана шалаакылыгынын кесепети туурасында. Судьянын айкын шалаакылыгынан же өзүнүн кесипкөй милдеттерин аткарууга жарамсыздыгынан улам мыйзамсыз соттук актынын чыгарылышы ага карата бир жолку айкын одоно бузуу үчүн да, жыйындысында судьянын абийирсиздиги же кесипкөй компетенттүү эместиги жөнүндө тыянак үчүн негиз берген одоно мүнөздө болбогон, бирок такай кайталанып туруучу бузуу үчүн да тартиптик жоопкерчилик чараларын колдонууга негиз болуп саналат.
Андан тышкары, Тартиптик комиссиянын өкүлү судьянын сот адилеттигин жүзөгө ашырууда соттук актыны чыгарууга байланыштуу гана эмес мыйзамдуулуктун бузулушу, Тартиптик комиссия тарабынан кызмат текшерүүсүнүн жыйынтыгы боюнча да аныкталышы мүмкүн болгон башка бузуулар да болот.
«Кыргыз Республикасынын судьяларынын статусу жөнүндө» конституциялык Мыйзамдын 12-беренесинин 2-бөлүгү туурасында Тартиптик комиссиянын өкүлү бул ченемдин конституциялуу эместиги жөнүндө арыздануучунун жүйөлөрүн жараксыз деп эсептейт, анткени судья кызматтык текшерүүдө катышууга, анын өткөрүлүшүнө себеп болгон жагдайлар боюнча жазуу жүзүндөгү түшүндүрмөлөрдү берүүгө, өзүнүн жүйөлөрүн ырастоодо далилдерди келтирүүгө, ал эми текшерүү аяктагандан кийин анын материалдары менен таанышууга жана өзүнүн каршы пикирлери менен эскертүүлөрүн берүүгө укуктуу. Судьянын түшүндүрмөлөрү, эскертүүлөрү, каршы пикирлери жана келтирилген далилдери текшерүүнүн материалдарына тиркелет.
А.К. Кулбаев Конституциянын 94-беренесинин 3-бөлүгүндө белгиленген конкреттүү соттук иш боюнча отчёт талап кылууга тыюу салуу бардык адамдарга, анын ичинде судьялар корпусун калыптандырууда катышкан бардык адамдарга даректелет, ал эми конституциялык Мыйзамдын 12-беренесинин 2-бөлүгүнүн талашылып жаткан ченеми, биринчи кезекте, судьяга коюлган айыптоолорго каршы өзүн коргоодо жооп берүү укугун камсыз кылууга багытталган деп жыйынтыктайт.
Кыргыз Республикасынын Жогорку сотунун Конституциялык палатасы тараптардын жүйөлөрүн талкуулап, башка жактардын түшүндүрмөлөрүн угуп, иштин материалдарын изилдеп чыгып, кийинкидей тыянактарга келди.
1. «Кыргыз Республикасынын Жогорку сотунун Конституциялык палатасы жөнүндө» конституциялык Мыйзамдын 19-беренесинин 4-бөлүгүнө ылайык Кыргыз Республикасынын Жогорку сотунун Конституциялык палатасы кайрылууда ченемдик укуктук актынын конституциялуулугу күмөн саналган бөлүгүнө гана тийиштүү болгон предмет боюнча актыларды чыгарат.
Ошентип, Кыргыз Республикасынын Жогорку сотунун Конституциялык палатасынын кароо предмети болуп «Кыргыз Республикасынын судьяларынын статусу жөнүндө» Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын кийинкидей мазмундагы 12-беренесинин 2-бөлүгү жана 28-беренесинин 2-бөлүгүнүн 1-пункту саналат:
«12-берене. Судьянын ишине кийлигишүүгө жол берилбестик
2. Ушул конституциялык Мыйзамга ылайык судьянын жоопкерчилиги жөнүндө маселе каралган учурлардан тышкары судьядан конкреттүү сот иши боюнча отчет талап кылууга эч кимдин укугу жок.
28-берене. Судьялардын тартип жоопкерчилиги
2. Судьянын өз кызматтык милдеттерин аткаруудагы, же болбосо кызматтан тышкары иштериндеги айыптуу аракети же аракетсиздиги тартип жосуну деп таанылат, алар төмөнкүлөрдөн билинет:
1) сот адилеттигин жүзөгө ашырууда мыйзамдуулукту айкын жана одоно бузганда;».
«Кыргыз Республикасынын судьяларынын статусу жөнүндө» 2008-жылдын 9-июлундагы № 141 Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамы мыйзамдарда белгиленген тартипте кабыл алынган, «Эркин Тоо» гезитинин 2008-жылдын 15-июлундагы № 51 санында жарыяланган, Кыргыз Республикасынын Ченемдик укуктук актыларынын мамлекеттик реестрине киргизилген жана колдонуудагы акт болуп саналат.
2. Кыргыз Республикасы өзүн демократиялык принциптердин улантуучусу катары жар салуу менен ар кимдин укуктары менен эркиндиктеринин соттук коргоо укугун кепилдейт (Конституциянын 40-беренесинин 1-бөлүгүнүн биринчи абзацы). Анын үстүнө, Кыргыз Республикасынын Конституциясы бул укукту буйрук тартибинде чектөөнүн кандай гана болбосун мүмкүндүгүнө тыюу салуу менен мамлекеттен ушул кепилдикти сөзсүз жүзөгө ашырылуусун талап кылат (20-беренесинин 5-бөлүгүнүн 8-пункту).
Укуктук табияты боюнча соттук коргоого укук пайдубал мүнөзгө ээ. Ал универсалдык укуктук каражат болгондуктан, зарыл болгон учурда Кыргыз Республикасынын Конституциясы тарабынан кепилденген адамдын жана жарандын бардык башка укуктары менен эркиндиктерин калыбына келтирилүүсүн камсыз кылууга жол берет. Ушуну менен Башкы мыйзамдын сот адилеттиги маселелерине туруктуу жана эң эле тыкан мамилеси түшүндүрүлөт. Конституциялык-укуктук жөнгө салуунун өзөктүү мааниси боюнча соттук бийликтин жана ушул бийликтин бийлери – соттордун көз карандысыздыгы шарттарында гана сот адилеттиги натыйжалуу жана акыйкат болушу мүмкүн.
Алсак, Кыргыз Республикасынын Конституциясы судьялар көз карандысыз жана Конституция менен мыйзамдарга гана баш ийет, конкреттүү бир сот иши боюнча судьядан отчёт талап кылууга жана сот адилеттигин жүзөгө ашыруу кандай гана болбосун кийлигишүүгө тыюу салуу деген судьялардын көз карандысыздык, кол тийбестик жана өзгөчө укуктук статус принциптерин бекитет (94-берененин 1, 3-бөлүктөрү).
Көз карандысыз сот бийлиги жана судьялардын өзгөчө статусу укуктун улуктугун жар салган демократиялык, укуктук мамлекеттин эбегейсиз курамдык бөлүгү болуп саналат. Сот бийлиги сот адилеттиги органдарынын институционалдык көз карандысыздыгынын жана судьялардын көз карандысыздыгынын натыйжалуу түзүлгөн тутумуна жараша гана адамдын укуктары менен эркиндиктерин кепилдей алат, ошондой эле өлкөдө мыйзамдуулуктун режимин камсыздай алат.
Мында сот бийлигинин көз карандысыздыгы Кыргыз Республикасынын Конституциясынын 3-беренесинин 2-пункту менен орнотулган мамлекеттик бийликтин бөлүштүрүүнүн иштеп жаткан принцибинин шартында гана жетүүгө мүмкүн. Мамлекеттик бийликти бөлүштүрүү концепциясы сот бийлигин саясаттан жана бийликтин башка бутактарынын таасиринен ажыратууда турат. Ушул принцип сакталбаса, анда ал Кыргыз Республикасынын Конституциясынын негизинде мамлекеттик бийликтин түзүлүшүнө коркунуч келтирет.
Кыргыз Республикасынын Жогорку сотунун Конституциялык палатасы өзүнүн 2019-жылдын 24-апрелиндеги Чечиминде сот бийлиги өзүнүн түздөн-түз иш-милдеттерин натыйжалуу аткаруу үчүн көз карандысыз болуу керек деп белгилеген. Сот бийлигинин социалдык жана укуктук табиятына жараша көз карандысыздык даражасы мамлекеттик бийликтин башка бутактарына салыштырмалуу жогорку болуу керек, анткени демократиялык укуктук мамлекетте мыйзам бийлиги жогорку бийлик болуп саналат. Демек, мыйзамдын улуктугун камсыз кылуучу сот бийлиги объективдүүлүк жана бейтараптуулук мүмкүндүгүнө ээ болуу үчүн кимдин гана болбосун таасиринен көз каранды болбошу керек. Ошон үчүн судьялардын көз карандысыздыгы жеке артыкчылык катары бааланбаш керек же сот бийлигинин башка бийлик бутактарына үстөмдүк кылуу катары каралбаш керек. Сот бийлиги коомдук кызыкчылыктарды, биринчи кезекте, сот адилеттигинин кызыкчылыктарын коргоо каражаты катары сот тутумунда судьялардын жоопкерчиликсиздиги жана бардыгына уруксаттын болуусу үчүн шарттарды түзүүгө багытталган эмес. Тескерисинче, ал судьялардын сот адилеттигин жүзөгө ашыруу, Кыргыз Республикасынын Конституциясынын жана мыйзамдарынын, ошондой судьялык этиканын эрежелеринин сакталышы үчүн жогорулатылган жоопкерчиликти болжойт.
Бириккен Улуттар Уюмунун Экономикалык жана социалдык кеңеши Судьялардын жүрүм-турумунун Бангалор принциптеринин преамбуласында соттор конституциялык мамлекеттин түзүлүшүн жана укуктук ченемдүүлүктү коргоо боюнча өз милдеттерин аткаруу үчүн компетенттүү, көз карандысыз жана адилеттүү сот бийлигинин болушу маанилүү деп көрсөткөн. Судьялардын көз карандысыздыгы кеңири мааниде ар бир судья өзүнүн судьялык ыйгарым укуктарын жүзөгө ашырууда көз карандысыз экендигин билдирет. Судьялар чечимдерди кабыл алууда көз карандысыз жана бейтарап болушу керек жана тиешеси жок таасир этүүдөн, кысым көрсөтүүдөн, коркутуудан же ар кандай орган тарабынан, сот тутумунун ичинде турган органды кошкондо да, түздөн-түз же кыйыр түрдө кийлигишүүдөн кандайдыр бир чектөөсүз иштөөгө жөндөмдүү болуу керек.
Жогоруда баяндалгандан көрүнгөндөй, сот бийлигинин институционалдык көз карандысыздыгы сот бийлигинин түздөн-түз бийлери болгон судьялардын көз карандысыздыгынан ажыратууда каралышы мүмкүн эмес.
Судьянын статусу деген сот адилеттигин жүзөгө ашыруу үчүн судьялык ыйгарым укуктарына ээ болгон жарандын көз карандысыздыгынын уюштуруу-укуктук формасын камсыз кылуу болуп саналат. Судьянын көз карандысыздыгынын концепциясы өз ара байланышкан принциптердин жыйындысы болуу керек, алардын негизинде мыйзам чыгаруучу судьянын статусун укуктук жөнгө салууну калыптандырат, ошондой эле жыйындысында судьялык ыйгарым укуктарга ээ болуп жаткан адамдын көз карандысыздыгын камсыз кылууга жөндөмдүү уюштуруу чараларын жасайт.
Судьялардын көз карандысыздык принциптеринин маңызы болуп судьялар үчүн Кыргыз Республикасынын Конституциясына жана мыйзамдарына гана баш ийип, тышкаркы таасир кылуу аракеттерсиз, таасирге кирбестен, кысым жасатпастан, коркутууларсыз эркин иштеп, ким тарабынан болбосун түздөн-түз же кыйыр кийлигишүүсүз чечимдерди эркин кабыл алуу мүмкүндүгү үчүн шарттарды камсыз кылуу мамлекеттин милдетинде турат. Анын үстүнө, судьялардын көз карандысыздыгынын кепилдиктери Конституцияда жана Кыргыз Республикасы катышуучу болгон эл аралык келишимдерде каралгандай эч бир кандай жагдайларда жокко чыгарылышы мүмкүн эмес же азайтылышы мүмкүн эмес.
Бийлик башка бутактары жана алардын кызмат адамдары тарабынан сот бийлигинин жана судьялардын көз карандысыздыгы менен мыйзамдын улуктугунун өз ара шартталуусу аң-сезимдүү түшүнүккө ээ болгондо, сот адилеттигинин ишине кийлигишүүнүн мүмкүн эместигин кыла турган таасирлүү механизмдердин жана иштиктүү мыйзамдардын жөндөмү болгондо көрсөтүлгөн максаттарга жетишүү мүмкүн.
3. Бийликтин коомдук органдарынын коом алдындагы жоопкерчилиги Кыргыз Республикасынын Конституциясынын 3-беренесинин 3-пунктунда бекитилген, ага ылайык мамлекеттик бийлик мамлекеттик органдардын жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын эл алдындагы жоопкерчилигинин жана ачыктыгынын, өз ыйгарым укуктарын элдин кызыкчылыгында жүзөгө ашыруусунун принциптерине негизделиши керек. Албетте, бул талап сот бийлигинин өкүлдөрүнө да тиешелүү жана алардын жоопкерчилигинин тийиштүү механизмин түзүү зарылдыгын болжойт.
Ушундан улам, судьялардын көз карандысыздыгынын конституциялык кепилдиктери эбегейсиз мүнөзгө ээ болушу мүмкүн эмес. Кыргыз Республикасынын Конституциясынын 95-беренесинин 1-бөлүгүнө ылайык судьялар жүрүм-туруму кынтыксыз болуп турганда кызмат орундарын ээлеп турат жана өз ыйгарым укуктарын сактап турат. Баарынан мурун, судьялардын жоопкерчилик институтунун максаты коом үчүн зарыл сот адилеттигинин жогорку деңгээлин колдоп туруу кызыкчылыктарында коомдук милдетти чечүүдө турат.
Конституциялык-укуктук статус судьялардан кесипкөйлүктүн жана моралдык этикалык сапаттардын жогорку деңгээлин талап кылат, судьянын статусуна ээ болуунун, аны жүзөгө ашыруунун жана токтотуунун өзгөчө укуктук режимин орнотот, анын ичинде судьялык кызмат ордуна талапкерлер болгондорго атайын квалификациялык талаптарды, ошондой эле судьялык кызмат ордуна дайындоо, кызматта болуу жана ыйгарым укуктарды токтотуу тартибин камтыйт.
Судья кынтыксыз жүрүм-турум талаптарын бузган учурда Тартиптик комиссиянын сунушу боюнча конституциялык мыйзамга ылайык кызмат ордунан бошотулат (Конституциянын 95-беренесинин 2-бөлүгү).
Судьялардын тартиптик жоопкерчилиги мыйзам менен белгиленген судьялык жамааттын жана жалпысынан коомдун кызыкчылыктарына туура келген кесиптик жана этикалык ченемдерди сактоо милдетин, ал эми жосун жасалган учурда атайын орган тарабынан тартиптик таасир этүү түрүндө жагымсыз кесепеттерди башынан өткөрүүнү билдирет. Бул сыяктуу органдын негизделиши – ал Кыргыз Республикасынын Конституциясынын талаптары жана сот адилеттиги чөйрөсүндө эл аралык-укуктук стандарттар.
Бириккен Улуттар Уюмунун соттук органдардын көз карандысыздыгына тийиштүү Негизги принциптеринде судьяларды жазалоо, кызмат ордунан четтетүү жана бошотуу процедурасын жүзөгө ашыруунун негиздери регламенттелген. Ошентип, ага ылайык судьяга өзүнүн судьялык кесиптик милдеттерин аткаруунун жүрүшүндө келип түшкөн даттануу тийиштүү процедура боюнча токтоосуз жана бейтарап каралуу керек. Тартиптик териштирүү көз карандысыз орган тарабынан адилеттүүлүктүн бардык кепилдиктери менен өткөрүлүшү керек. Мында судья жооп алууга жана адилеттүү териштирүүгө укуктуу болуш керек.
Ошентип, тартиптик өндүрүштү жүзөгө ашыруучу орган тарабынан колдонулуучу жаза чараларынын өлчөмдөштүк принцибин сактоо, ошондой эле судьянын коом алдындагы жоопкерчилигин четке какпастан, анын көз карандысыздык жана кол тийбестик принцибин бузбай турган судьянын даттанылуучу аракетинин же аракетсиздигинин бардык тараптарын аныктоо үчүн кабыл алынып жаткан чаралардын орундуулугу кыйла маанилүү.
Судьяны тартиптик жоопкерчиликке тартуу процедурасы судьянын жогорку конституциялык-укуктук статусуна коошпогон элементтерди камтыбашы керек жана көз карандысыздык кепилдиктери жөнүндө конституциялык орнотмолордун кемитилишине жөндөмү болгон кемсинтүүчү же жазалоочу мүнөздө болбош керек. Башка сөз менен айтканда, көрсөтүлгөн конституциялык орнотмолордун мааниси Тартиптик комиссия өз ишинде судьяны мажбурлап чакырууга, суракка алууга, түшүндүрмөлөрдү жана далилдерди талап кылуу менен айкалышкан пропорционалдуу эмес таасир этүүнү жокко чыгарган укуктук каражаттар менен усулдарды гана пайдаланууга ыйгарым укуктуу. Бул Тартиптик комиссия тартиптик өндүрүштү баштоо үчүн даттануунун негиздүүлүгүн, фактылардын тѳгүнгѳ чыгарылгыстыгын жана жетиштүүлүгүн биринчи кезектеги тартипте текшерүү керек. Судьянын аракеттерине андан аркы баа судьяны бул процесске катыштырбастан жана акыркы чечим чыкканга чейин коомго жайылтылбастан объективдүү талдоого, материалдардын жана далилдердин изилденүүсүнө негизделиш керек. Бирок мында судья айыптоо жана даттануу жөнүндө өз убагында кулактандырылышы керек, ошондой эле өзүнүн аброюн бардык каражаттар менен ар кандай коргоонун мүмкүндүгүнө, анын ичинде материалдары менен таанышууга, өзүнүн каршы пикирлерин жана эскертүүлөрүн берүүгө ээ болуу керек. Анын үстүнө, конкреттүү сот ишинин материалдарын канчалык көлөмдө пайдалануу ниети судьянын өзүнүн жеке эрки жана конкреттүү иш боюнча кандай түрдө болбосун отчёт талап кылуу Тартиптик комиссиянын ыйгарым укуктарына кирбейт. Судьялардын кепилдиктери жөнүндө конституциялык орнотмолор катуу көрсөтмөлөр мүнөзүндө болгону дагы кокусунан болбосо керек. Бул башкача укуктук жөнгө салуу жана укуктук колдонуу сот бийлигинин көз карандысыздыгынын конституциялык принциптерине жана сот адилеттигин жүзөгө ашыруу боюнча судьянын ишине ар кандай кийлигишүүгө тыюу салууга түздөн-түз карама-каршылыкка алып келет дегенди билдирет.
Жалпысынан, тартиптик өндүрүштү жүзөгө ашыруучу органдын иши судья өзүнүн иш-милдеттерин аткарууда аны көз каранды болууга алып келүүчү коркутуулардан, сөздөн жана ар кандай түрдөгү жагдайлардан, тартиптик жаза чарасын өз билемдик менен салынуудан, кимдин атынан болбосун ачуулуу мамиледен, ошол эле учурда Тартиптик комиссияга ниети таза эмес адамдардын кайрылуу укугун кыянаттык менен пайдалануудан корголгондой болуп түзүлүшү керек.
Ошентип, судьялар ишенимдүү, орундуу, адилеттүү жана кыянаттык менен өз билемдиктен корголуу болгон тартиптик өндүрүштүн ушундай тутумунун шарттарында гана көз карандысыздыкты сактай алышат. Дал ушундай гана тартиптик тутум судьяларга өзүнүн кесипкөйлүгүн толук кандуу көрсөтө алгандай жумуштун шарттарын түзүүгө жөндөмдүү.
Ошону менен бирге, «Кыргыз Республикасынын судьяларынын статусу жөнүндө» конституциялык Мыйзамдын 12-беренесинин 2-бөлүгүнүн талашылып жаткан ченемдик жобосу, эгер судьянын жоопкерчилиги жөнүндө маселе каралып жаткан болсо, ал учурда конкреттүү сот иши боюнча судьядан отчёт талап кылууга конституциялык тыюу салуудан алып салууну камтыйт. Аны менен, тартиптик өндүрүш процессинде ушул ыйгарым укукту мүмкүн болуучу эркин колдонуу үчүн шарттар түзүлөт. Ал эми Кыргыз Республикасынын Конституциясынын 94-беренесинин 3-бөлүгүнүн биринчи абзацына ылайык эч ким судьядан конкреттүү сот иши боюнча отчёт талап кылууга укуктуу эмес. Бул конституциялык ченем буйрук болуп саналат, ал мыйзам актыларында өзгөртүлүп же кеңири чечмеленбей турган эбегейсиз белгилүү эреже.
Жоопкер тараптын судьянын жоопкерчилиги жөнүндө маселе каралып жаткан учурларда отчёт берүү жөнүндө мыйзамдардагы талаптарды орнотуу Кыргыз Республикасынын Конституциясынын 94-беренесинин 9-бөлүгү менен шайкеш келет, ага ылайык судьялардын кызмат ордуна талапкерлерге кошумча талаптарды коюуга жана судьялар үчүн белгилүү чектөөлөрдү киргизүүгө жол берилет деген жүйөлөрүн жараксыз деп эсептейбиз.
Кыргыз Республикасынын Жогорку сотунун Конституциялык палатасы 2017-жылдын 19-апрелиндеги өзүнүн Чечиминде мыйзам чыгаруучуга судьялардын кызмат ордуна талапкерлерге Кыргыз Республикасынын Конституциясында бекитилген талаптардан тышкары кошумча талаптарды белгилөөдө кеңири ыйгарымдар берилген деп көрсөткөн. Ушул укуктук көз караштын маңызынан келип чыксак, мыйзам чыгаруучунун пикири боюнча кошумча талаптар деп судьялык кызмат ордуна болгон талапкер иш стажына жана тажрыйбасына, билиминин деңгээлинен жана багытына, ошондой эле компетенттүүлүктүн башка көрсөткүчтөрүнө жооп бере турган шарттардын ар кандай түрүн түшүнүү керек. Бирок эч бир учурда бул конституциялык орнотмо, атүгүл судьянын жоопкерчилиги жөнүндө маселе каралып жаткан учурда да, конкреттүү сот иши боюнча андан отчёт алуу милдеттенмесинин пайда болуу мүмкүндүгүн болжобойт.
Демек, «Кыргыз Республикасынын судьяларынын статусу жөнүндө» конституциялык Мыйзамдын 12-беренесинин 2-бөлүгүнүн «Ушул конституциялык Мыйзамга ылайык судьянын жоопкерчилиги жөнүндө маселе каралган учурлардан тышкары» деген сөздөр менен баяндалган ченемдик жобо Кыргыз Республикасынын Конституциясынын 94-беренесинин 3-бөлүгүндө бекитилген талаптардын маңызын болуп көрбөгөндөй бурмалайт, демек, ага түздөн-түз карама-каршы келет.
Андан тышкары, талашылып жаткан ченемдик жобо натыйжалуу, адилеттүү жана көз карандысыз сот адилеттигине болгон укукта туюндурулган жана чектөөгө жатпай турган адамдын соттук коргонууга укугун кемитет жана сот адилеттигин жүзөгө ашыруу боюнча ар кийлигишүүгө тыюу салынат деген тыюу салууну бузат (20-беренесинин 5-бөлүгүнүн 8-пункту, 40-беренесинин 1-бөлүгү, 94-беренесинин 1-бөлүгү).
4. «Кыргыз Республикасынын судьяларынын статусу жөнүндө» конституциялык Мыйзамдын 28-беренесинин 2-бөлүгүнүн 1-пунктуна ылайык судьянын өз кызматтык милдеттерин аткаруудагы, же болбосо кызматтан тышкары иштериндеги сот адилеттигин жүзөгө ашырууда мыйзамдуулукту айкын жана одоно бузгандагы айыптуу аракети же аракетсиздиги тартип жосуну деп таанылат.
Албетте, сот адилеттигин жүзөгө ашырууда судьялар тарабынан туура эмес аракеттерди болтурбоонун механизмдеринин бири – эң башкысы коом тарабынан талап кылынган сот адилеттигинин тиешелүү деңгээлин колдоого багытталган тартиптик жоопкерчиликтин таасирлүү тутуму болот. Ушундан улам, «сот адилеттигин жүзөгө ашырууда мыйзамдуулукту айкын жана одоно бузганда» жоопкерчилик чараларын орнотуу конституциялык орнотмолордун көз карашынан жол бериле тургандай, бирок мында белгилүү эрежелер катуу сакталышы керек.
Эң алды менен, колдонуудагы тартиптик өндүрүштүн маңыздуу кемчилиги болуп сот адилеттигин жүзөгө ашырууда жол берилиши мүмкүн болгон мыйзамдуулуктун айкын жана одоно бузулушун аныктоонун так критерийлери жоктугу саналат. Көрсөтүлгөн укуктук белгилердин ачык эместиги жана анык эместиги тартиптик жаза чараларын эркин колдонуу тобокелин, анын судьяларга таасир этүү максатында тобокелдиги бар, буга укуктук мамлекеттин көз карашынан жол берилгис. Судьянын ыйгарым укуктарын токтотууга чейинки алып баруучу тартиптик жаза чарасынан калыптанган такай коркунуч судьялардын өзүнүн иш-милдеттерин натыйжалуу жана көз карандысыз жүзөгө ашырууга тоскоолдук кылышы мүмкүн.
Судьялар мыйзамдын талаптарынан ар кандай четтөөсү үчүн эмес, сот адилеттигинин максаттарына жана касиетине ачык карама-каршы келген гана четтөөсү үчүн жоопкерчиликке тартылышы керек. Мыйзамды бузуунун одоно категориясына мыйзамдын талабына ылайык жогору турган сот тарабынан сот актынын сөзсүз оңдолушуна алып келген олуттуу бузууларды гана чыгаруу зарыл. Айкындуулук жана одонолук эркин чечмеленбеш керек, алар тартиптик жосундарга мамиле жасоодо жана аларды баалоодо айырмачылыктарга жол бербөөчү, ошондой эле судьяларга карата тартиптик өндүрүштүн адилеттүү жана бир өңчөй тажрыйбасын орнотууга жол берүүчү мыйзам чыгаруучулук, уюштуруучулук, усулдук чаралар аркылуу так алкактарда болуу керек.
5. Сот адилеттигин жүзөгө ашыруунун белгиленген тартибине ылайык судья Кыргыз Республикасынын Конституциясына жана мыйзамдарына гана баш ийүүгө, ички ынанымын, материалдык жана процесстик укуктун ченемдеринин колдонулушун түшүнгөндүгүн, ошондой эле соттук ишти чечүүдө жеке көз карашын жетекчиликке алууга милдеттүү.
Башка сөз менен, сот адилеттигинин максаттарына жетишүү мерчемдүү субъективдүү факторлорунун таасирине көз каранды, ал судьянын билбестен туруп жасаган каталарынын болуу мүмкүндүгүн жокко чыгарбайт. Ошон үчүн судьянын ишинин негизинде жазалан турган жосундарды, ак ниет жаңылышуунун кесепети болгон жана ушундан улам, юридикалык жоопкерчиликке жатпай турган учурлардан ажыратуунун өзөктүү принциби болуу керек.
Соттук ката – бул судьянын сот адилеттигин жүзөгө ашырууда акыйкаттын орнотулушуна жана адилеттүүлүктүн калыбына келтирилишине зыян алып келген, материалдык жана/же процесстик укуктун ченемдеринин бузулушуна алып келген, ак ниет жаңылышуунун, шалаакылыктын же жетишсиз компетенттүүлүктүн кесепетинен жасалып, конкреттүү процесстик актыдан келип чыккан укук ченемсиз аракеттер/аракетсиздиктер.
Мында судьянын ак ниет жаңылышуусунун натыйжасында кетирилген соттук катасын, башкача айтканда анын талаш ой-жүгүртүүлөрдү жаратуучу негиздерге таянган көз карашы менен объективдүү ынанымын судьянын кесиптик милдеттенмелерине ак ниетсиз мамиленин көрүнүшү же судьянын айыбын ачкан факт катары баалоого болбойт, демек, бул өңдүү аракет/аракетсиздик эч кандай юридикалык, анын ичинде тартиптик жоопкерчиликке жатпайт.
Ал эми одоно шалаакылыктын же кесипкөй компетенттүү эместиктин натыйжасында жасалган соттук каталар акыйкаттын бурмаланышына алып келет, сот адилеттигинин максаттарына карама-каршы келет жана сот бийлигинин аброюна оңолгус залака келтирет. Мындай каталардын жасалышы судьянын өзүнүн кесипкөй милдеттерин тиешелүү деңгээлде аткарууга жөндөмсүздүгү жөнүндө ырастайт, судьянын жогорку статусуна коошпойт, ага карата келтирген залакасына өлчөмдөш тартиптик жаза чарасын колдонууга негиз болуп саналат.
Бирок билип туруп жасалган жана ошол эле кесепеттерге алып келген судьянын аракеттери/аракетсиздиктери өзүнүн табияты боюнча соттук каталарга кирбейт жана жасалган жосундун жана келтирилген зыяндын мүнөзүнө жана оордугуна жараша юридикалык алкакта жоопкерчиликтин түрүнө ылайык бааланууга жатат.
Жалпысынан, соттук каталар дайыма сот адилеттигинин максаттарына жетишпей калуу жөнүндө ырастап тургандыгын, аны менен, конкреттүү судьянын, сот бийлигинин жана мамлекеттин аброюн кемитип, бардык сот тутумуна залакасын тийгизип тургандыгын белгилеп кетүү керек. Бирок, ага карабастан, соттук ката атайын белгиленген процедура боюнча гана белгилениши мүмкүн. Болбосо, сот адилеттигин, бийликтин сот бутагынын жана судьялардын көз карандысыздыгын камсыз кылуу боюнча конституциялык орнотмолордун бурмаланышынан чыгууга мүмкүн болбой калат.
Ушуга байланыштуу соттук ката жогору турган сот тарабынан соттук актыны кайра карап чыгуу жана баалоо аркылуу гана аныкталышы мүмкүн. Дал ушул жагдай соттук актыларды кассация тартибинде жогору турган сот (аппеляция) тарабынан кайталап жана кайра кароонун институттарынын иштешинин алгачкы себеби. Башка сөз менен айтканда, соттук каталарды четтетүүнүн жалгыз механизми соттук каталарды даттануу институту болот, тактап айтканда соттук ката же судьянын объективдүү укукка каршы аракеттери/аракетсиздиги жогору турган соттук органдын акты менен гана белгилениши мүмкүн.
Соттук эмес органдар тарабынан судьяга карата тартиптик жаза чараларын колдонуу үчүн анын аракеттеринин/аракетсиздигинин негизин баалоо максатында жүзөгө ашырылуучу соттук актыларды текшерүүнүн ар кандай процедурасы мүмкүн эмес. Судьяларга карата тартиптик өндүрүштү жүзөгө ашыруучу органга бул сыяктуу ыйгарым укуктун берилиши сот адилеттигинин табиятынын өзүн, соттук актынын өзгөрүлбөстүгүн, төгүндөлбөстүгүн, өзгөчөлүгүн, кайтарылбастыгын, милдеттүүлүгүн жана аткарылуусун, ошондой эле юридикалык тартиптин бекемдигин камсыз кылуу катары соттук актынын өзгөчө касиетин тануу катары билсе болот.
Жалпысынан, судьялардын көз карандысыздыгынын маанилүүлүгүн же анын кесипкөйлүк шайкештигине контролдоону күчөтүү зарылдыгын тандоодо артыкчылык судьянын көз карандысыздык көрөңгөсүнө берилиши керек, анткени ал болбосо, бүтүндөй соттук тутум тутумдашкан жана ичинен бузуучу дартка чалдыгат, ал эми кесипкөйлүк эместик жана компетенттүү эместик көйгөйлөр – бул сейрек жолугушуучу жана жеке учурларга кирет.
Андан тышкары, Тартиптик комиссиянын жеке курамынын жогорку компетенциясынын жана кесипкөйлүгүнүн өзгөчө маанилүүлүгүн баса белгилей кетүү керек. Кыргыз Республикасынын Жогорку сотунун Конституциялык палатасы «Кыргыз Республикасынын Конституциясына өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө» Кыргыз Республикасынын ушул Мыйзам долбооруна 2016-жылдын 11-октябрында берген өзүнүн корутундусунда Тартиптик комиссиянын мүчөлүгүнө талапкерлер үчүн жалпы талаптарды аныктоочу мыйзамды иштеп чыгууда же болбосо кароодо жана кабыл алууда 1985-жылдын ноябрь айында Бириккен Улуттар Уюмунун Башкы Ассамблеясында жактырылган Судьялардын көз карандысыздыгы жөнүндө Бириккен Улуттур Уюмунун Негизги принциптерин, ошондой эле анын негизинде кабыл алынган судьялардын статусу жөнүндө Европалык Хартияны эске алуусу керек белгилеген. Бул Хартиянын 1.3-пункту кеминде жарымы шайланган судьялардан турган, судьянын милдеттерин аткарууда санкцияларды колдонуу маселесинде сунуштарды, рекомендациялары же макулдугу зарыл болгон коллегия же органдын болуу зарылдыгын аныктайт. Көрсөтүлгөн документтерде каралган механизмдер судьяга карата санкция колдонуу маселесин чечүүдө бийлик бутактарынын башка өкүлдөрүнүн мүмкүн болгон үстөмдүк кылуусун жок кылууга жана сот бийлик бутагынын көз карандысыздык принцибин камсыз кылууга багытталган.
Ошентип, «Кыргыз Республикасынын судьяларынын статусу жөнүндө» Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 28-беренесинин 2-бөлүгүнүн 1-пунктунун колдонулушу ушул Чечимде аныкталган конституциялык-укуктук мааниде колдонулуу шартында Кыргыз Республикасынын Конституцисынын талаптарына туура келет, бул анын укук колдонуучулук тажрыйбада ар кыл башкача чечмелөө мүмкүндүгүн жокко чыгарат.
Жогоруда баяндалганга негизденип, Кыргыз Республикасынын Конституциясынын 97-беренесинин 6-бөлүгүнүн 1-пунктун, 8 жана 9-бөлүктөрүн, «Кыргыз Республикасынын Жогорку сотунун Конституциялык палатасы жөнүндө» 46, 47, 48, 51 жана 52-беренелерин жетекчиликке алып,
ЧЕЧТИ:
1. «Кыргыз Республикасынын судьяларынын статусу жөнүндө» Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 12-беренесинин 2-бөлүгүнүн «ушул конституциялык Мыйзамга ылайык судьянын жоопкерчилиги жөнүндө маселе каралган учурлардан тышкары» деген сөздөр менен чагылдырылган ченемдик жобосу Кыргыз Республикасынын Конституциясынын 20-беренесинин 5-бөлүгүнүн 8-пунктуна, 40-беренесинин 1-бөлүгүнүн биринчи абзацына, 94-беренесинин 1 жана 3-бөлүктөрүнө карама-каршы келет деп таанылсын.
2. «Кыргыз Республикасынын судьяларынын статусу жөнүндө» Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 28-беренесинин 2-бөлүгүнүн 1-пункту Кыргыз Республикасынын Конституциясынын 40-беренесинин 1-бөлүгүнүн биринчи абзацына, 93-беренесинин 1-бөлүгүнө, 94-беренесинин 1 жана 3-бөлүктөрүнө, 96-беренесинин 3-бөлүгүнө карама-каршы келбейт деп таанылсын.
3. Чечим акыркы, даттанууга жатпайт, жарыяланган учурдан тартып күчүнө кирет.
4. Чечим бардык мамлекеттик органдар, жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары, кызмат адамдары, коомдук бирикмелер, юридикалык жактар жана жеке жактар үчүн милдеттүү жана республиканын бүткүл аймагында аткарылууга тийиш.
5. Ушул чечим мамлекеттик бийлик органдарынын расмий басылмаларында, Кыргыз Республикасынын Жогорку сотунун Конституциялык палатасынын расмий сайтында жана «Кыргыз Республикасынын Жогорку сотунун Конституциялык палатасынын Жарчысында» жарыялансын.
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ЖОГОРКУ СОТУНУН
КОНСТИТУЦИЯЛЫК ПАЛАТАСЫ