Загрузка документа…
КР Министрлер Кабинетинин 2022-жылдын 18 ноябрындагы № 641 токтомуна ылайык КҮЧҮН ЖОГОТТУ
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ѲКМѲТY
ТОКТОМ
2015-жылдын 12-августу № 570
Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 1998-жылдын 1-июлундагы № 398 “Улуттук коргонууга, улуттук коопсуздукка, мамлекеттик сырды коргоого жана жаратылыш кырсыктарынын кесепеттерин жоюуга байланыштуу товарларды, жумуштарды жана кызмат көрсөтүүлөрдү сатып алуунун тартибин бекитүү жөнүндө” токтомуна толуктоолорду жана өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу
Кыргыз Республикасынын улуттук коргонуу жана улуттук коопсуздугун камсыздоо максатында, Кыргыз Республикасынын “Мамлекеттик сатып алуулар жөнүндө” Мыйзамынын 2-беренесине ылайык Кыргыз Республикасынын Өкмөтү
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 1998-жылдын 1-июлундагы № 398 “Улуттук коргонууга, улуттук коопсуздукка, мамлекеттик сырды коргоого жана жаратылыш кырсыктарынын кесепеттерин жоюуга байланыштуу товарларды, жумуштарды жана кызмат көрсөтүүлөрдү сатып алуунун тартибин бекитүү жөнүндө” токтомуна төмөнкүдөй толуктоолор жана өзгөртүүлөр киргизилсин:
- 2-пунктунда:
- “Дастан” трансулуттук корпорациясы” ачык акционердик коому” деген сөздөрдөн кийин “Бишкек машина куруу заводу” ачык акционердик коому, “Бишкек штамптоо заводу” мамлекеттик ишканасы” деген сөздөр менен толукталсын;
- “акционердик коомдун” деген сөздөр “акционердик коомдордун, мамлекеттик ишкананын” деген сөздөр менен алмаштырылсын;
- 4-пунктундагы «акционердик коомдун» деген сөздөр «акционердик коомдордун, мамлекеттик ишкананын» деген сөздөр менен алмаштырылсын;
- жогоруда аталган токтом менен бекитилген Улуттук коргонууга, улуттук коопсуздукка, мамлекеттик сырды коргоого, улуттук маалыматтык ресурстарды коргоого жана табигый кырсыктардын кесепеттерин жоюуга байланышкан товарларды, жумуштарды жана кызмат көрсөтүүлөрдү сатып алуунун тартибинде:
- 5-пункту “Дастан” трансулуттук корпорациясы” ачык акционердик коому” деген сөздөрдөн кийин “Бишкек машина куруу заводу” ачык акционердик коому, “Бишкек штамптоо заводу” мамлекеттик ишканасы” деген сөздөр менен толукталсын.
2. Ушул токтом расмий жарыяланган күндөн он күн өткөндөн кийин күчүнө кирет.
Премьер-министр | Т.А. Сариев |