Загрузка документа…
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ѲКМѲТY
ТОКТОМ
2015-жылдын 11-сентябры № 629
Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Жазаларды аткаруу мамлекеттик кызматынын Молдовановка айылындагы № 31 мекемесинин алдындагы турак жай шаарчасынын аймагын жана суу басым мунарасын муниципалдык менчикке өткөрүп берүү жөнүндө
Керектөөчүлөрдү ичүүчү суу менен камсыз кылуу боюнча жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын ишинин натыйжалуулугун жогорулатуу максатында, "Жергиликтүү өз алдынча башкаруу жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 17-беренесине, "Мүлккө муниципалдык менчик жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 6-беренесине, "Кыргыз Республикасынын Өкмөтү жөнүндө" Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 10 жана 17-беренелерине ылайык Кыргыз Республикасынын Өкмөтү
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Мамлекеттик мүлктү башкаруу боюнча фонд Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Жазаларды аткаруу мамлекеттик кызматы менен бирге бир айлык мөөнөттө кайтарымсыз негизде, белгиленген тартипте Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Жазаларды аткаруу мамлекеттик кызматынын Молдовановка айылындагы № 31 мекемесинин алдындагы турак жай шаарчасынын аймагын (2,78 га) жана суу басым мунарасын (735 м2) Кыргыз Республикасынын Чүй облусундагы Аламүдүн районунун Ак-Дөбө айыл өкмөтүнүн муниципалдык менчигине өткөрүп берсин.
2. Чүй облусундагы Аламүдүн районунун Ак-Дөбө айыл өкмөтүнө төмөнкүлөр сунушталсын:
- ушул токтомдун 1-пунктунда көрсөтүлгөн объекттерди муниципалдык менчикке кабыл алуу;
- белгиленген тартипте жогоруда аталган объекттерди кайрадан мамлекеттик каттоодон өткөрүү;
- жогоруда аталган объекттерди максаттуу багыты боюнча гана пайдаланууну камсыз кылуу.
3. Ушул токтом расмий жарыяланган күндөн он күн өткөндөн кийин күчүнө кирет.
4. Ушул токтомдун аткарылышын контролдоо Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Аппаратынын коргоо, укуктук тартип жана өзгөчө кырдаалдар бөлүмүнө жүктөлсүн.
Премьер-министр | Т.А. Сариев |