Загрузка документа…
Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2026-жылдын 28-апрелиндеги № 299 токтомуна ылайык
КҮЧҮН ЖОГОТТУ
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ѲКМѲТY
ТОКТОМ
2015-жылдын 14-июлу № 492
Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2007-жылдын 30-декабрындагы № 640 "Социалдык стационардык мекемелерде жана Кыргыз Республикасынын Социалдык өнүгүү министрлигинин алдындагы Ден соолугунун мүмкүнчүлүктөрү чектелүү адамдарды реабилитациялоо борборунда тейленүүчүлөрдү багуунун мамлекеттик минималдуу социалдык стандарттарын бекитүү жөнүндө" токтомуна өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу
Кыргыз Республикасынын Социалдык өнүгүү министрлигинин мамлекеттик социалдык стационардык мекемелериндеги тейленүүчүлөрдү дары-дармек препараттары менен толук камсыздоо максатында, "Кыргыз Республикасынын Өкмөтү жөнүндө" Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 10 жана 17-беренелерине ылайык Кыргыз Республикасынын Өкмөтү
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2007-жылдын 30-декабрындагы № 640 "Социалдык стационардык мекемелерде жана Кыргыз Республикасынын Социалдык өнүгүү министрлигинин алдындагы Ден соолугунун мүмкүнчүлүктөрү чектелүү адамдарды реабилитациялоо борборунда тейленүүчүлөрдү багуунун мамлекеттик минималдуу социалдык стандарттарын бекитүү жөнүндө" токтомуна төмөнкүдөй өзгөртүүлөр киргизилсин:
жогоруда аталган токтом менен бекитилген Социалдык стационардык мекемелерде жана Кыргыз Республикасынын Социалдык өнүгүү министрлигинин алдындагы Ден соолугунун мүмкүнчүлүктөрү чектелүү адамдарды реабилитациялоо борборунда тейленүүчүлөрдү багуунун мамлекеттик минималдуу социалдык стандарттарында:
- 1-бөлүмү төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:
"
1. Камкордукка алынган жашоочулар үчүн аянттын ченемдери, бир адамга турак жай аянтынын социалдык ченеми | ||
Улгайган жарандар жана ден соолугунун мүмкүнчүлүктөрү чектелүү адамдар үчүн социалдык стационардык мекемелерде жашагандар үчүн | кв.м/1 адам | 1 адамга 6 кв.м |
Улуу курактагылар үчүн психоневрологиялык социалдык стационардык мекемелерде жашагандар үчүн | кв.м/1 адам | 1 адамга 6 кв.м |
Балдар үчүн психоневрологиялык социалдык стационардык мекемелерде жашагандар үчүн | кв.м/1 адам | 1 адамга 4,8 кв.м |
Ден соолугунун мүмкүнчүлүктөрү чектелүү балдар үчүн үй-бүлө тибиндеги балдар үйлөрүндө жашагандар үчүн | кв.м/1 адам | 1 адамга 4,8 кв.м |
Ден соолугунун мүмкүнчүлүктөрү чектелүү адамдар, ден соолугунун мүмкүнчүлүктөрү чектелүү балдар үчүн реабилитациялоо борборлорунда жашагандар үчүн | кв.м/1 адам | 1 адамга 4,8 кв.м |
Үй-бүлөгө жана балдарга социалдык кызмат көрсөтүү борборлорунда жашагандар үчүн | кв.м/1 адам | 1 адамга 4,8 кв.м |
Кыргыз Республикасынын Социалдык өнүгүү министрлигинин алдындагы Ден соолугунун мүмкүнчүлүктөрү чектелүү адамдарды реабилитациялоо борборунда жашагандар үчүн | кв.м/1 адам | 1 адамга 6 кв.м |
";
- 2-бөлүмдүн аталышындагы "Кары-картаңдар жана майыптар үйлөрүндө" деген сөздөр "Улгайган жарандар жана ден соолугунун мүмкүнчүлүктөрү чектелүү адамдар үчүн социалдык стационардык мекемелерде" деген сөздөр менен алмаштырылсын;
- 2.1-бөлүмчөнүн аталышы төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:
"2.1. Улуу курактагылар үчүн психоневрологиялык социалдык стационардык мекемелерде жашагандар үчүн";
- 2.2-бөлүмчөнүн аталышы төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:
"2.2. Балдар үчүн психоневрологиялык социалдык стационардык мекемелерде жашагандар үчүн";
- 5-бөлүмдө:
"Интернат үйлөр" деген сөздөр "Социалдык стационардык мекемелер" деген сөздөр менен алмаштырылсын;
"Кары-картаңдар жана майыптар" деген сөздөр "Улгайган жарандар жана ден соолугунун мүмкүнчүлүктөрү чектелүү адамдар" деген сөздөр менен алмаштырылсын;
"Психоневрологиялык интернат үйлөр" деген сөздөр "Психоневрологиялык социалдык стационардык мекемелер" деген сөздөр менен алмаштырылсын;
"Майыптардын МСЭ жана РИ борбору" деген сөздөр жана аббревиатуралар "Кыргыз Республикасынын Социалдык өнүгүү министрлигинин алдындагы Ден соолугунун мүмкүнчүлүктөрү чектелүү адамдарды реабилитациялоо борбору" деген сөздөр менен алмаштырылсын;
- 6-бөлүм төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:
"
6. Тамак-аш азыктарына чыгымдардын ченемдери | ||
Улгайган жарандар жана ден соолугунун мүмкүнчүлүктөрү чектелүү адамдар үчүн социалдык стационардык мекемелерде жашагандар үчүн | Суткасына 1 адамга (сом) | 100,0 |
Улуу курактагылар үчүн психоневрологиялык социалдык стационардык мекемелерде жашагандар үчүн | Суткасына 1 адамга (сом) | 100,0 |
Балдар үчүн психоневрологиялык социалдык стационардык мекемелерде жашагандар үчүн | Суткасына 1 адамга (сом) | 110,0 |
Кыргыз Республикасынын Социалдык өнүгүү министрлигинин алдындагы Ден соолугунун мүмкүнчүлүктөрү чектелүү адамдарды реабилитациялоо борборунда жашагандар үчүн | Суткасына 1 адамга (сом) | 100,0 |
Ден соолугунун мүмкүнчүлүктөрү чектелүү балдар үчүн үй-бүлө тибиндеги балдар үйлөрүндө жашагандар үчүн | Суткасына 1 адамга (сом) | 110,0 |
Ден соолугунун мүмкүнчүлүктөрү чектелүү адамдар, ден соолугунун мүмкүнчүлүктөрү чектелүү балдар үчүн реабилитациялоо борборлорунда жашагандар үчүн | Суткасына 1 адамга (сом) | 110,0 |
Үй-бүлөгө жана балдарга социалдык кызмат көрсөтүү борборлорунда жашагандар үчүн | Суткасына 1 адамга (сом) | 110,0 |
";
- 7-бөлүм төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:
"
7. Дары-дармек препараттары менен камсыз кылуу ченемдери | ||
Улгайган жарандар жана ден соолугунун мүмкүнчүлүктөрү чектелүү адамдар үчүн социалдык стационардык мекемелерде жашагандар үчүн | Күнүнө 1 адамга (сом) | 12,50 |
Улуу курактагылар үчүн психоневрологиялык социалдык стационардык мекемелерде жашагандар үчүн | Күнүнө 1 адамга (сом) | 12,70 |
Балдар үчүн психоневрологиялык социалдык стационардык мекемелерде жашагандар үчүн | Күнүнө 1 адамга (сом) | 12,80 |
Кыргыз Республикасынын Социалдык өнүгүү министрлигинин алдындагы Ден соолугунун мүмкүнчүлүктөрү чектелүү адамдарды реабилитациялоо борборунда жашагандар үчүн | Күнүнө 1 адамга (сом) | 12,50 |
Ден соолугунун мүмкүнчүлүктөрү чектелүү балдар үчүн үй-бүлө тибиндеги балдар үйлөрүндө жашагандар үчүн | Күнүнө 1 адамга (сом) | 12,80 |
Ден соолугунун мүмкүнчүлүктөрү чектелүү адамдар, ден соолугунун мүмкүнчүлүктөрү чектелүү балдар үчүн реабилитациялоо борборлорунда жашагандар үчүн | Күнүнө 1 адамга (сом) | 12,80 |
Үй-бүлөгө жана балдарга социалдык кызмат көрсөтүү борборлорунда жашагандар үчүн | Күнүнө 1 адамга (сом) | 12,80 |
".
2. Кыргыз Республикасынын Социалдык өнүгүү министрлиги калкты социалдык тейлөө чөйрөсүндөгү мыйзамдардагы мүчүлүштөрдү жана коллизияларды жоюу максатында белгиленген тартипте тийиштүү ченемдик укуктук актылардын долбоорлорун иштеп чыксын жана киргизсин.
3. Ушул токтом расмий жарыяланууга тийиш жана 2015-жылдын 1-октябрынан тартып күчүнө кирет.
4. Ушул токтомдун аткарылышын контролдоо Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Аппаратынын социалдык өнүктүрүү бөлүмүнө жүктөлсүн.
Премьер-министр | Т.А. Сариев |