Загрузка документа…
1-тиркеме
|
| Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2015-жылдын 14-июлундагы № 493 токтому менен бекитилген |
1. Жалпы жоболор
1. Ушул Убактылуу жобо (мындан ары - Жобо) курулуш тармагына инвестицияларды натыйжалуу тартуу жана пайдалануу, жаңы өндүрүштү кубаттуулуктарды түзүүнү тездетүү жана иштеп жаткандарын жаңылоо, турак жай жана социалдык курулуштун көлөмдөрүн көбөйтүү, ата мекендик жана чет элдик ишкерлердин инвестициялык ниеттерин колдоо максатында иштелип чыкты жана ар түрдүү багыттагы объекттерди жарыш долбоорлоонун жана куруунун тартибин аныктайт.
2. Ушул Жободо, колдонулуучу терминдер жана түшүнүктөр:
- курулуш объектиси - имарат, курулма, инженердик тарамдар жана (же) алардын өз ара байланышкан комплекси, аларды куруу үчүн долбоорлоо документациялары иштелип чыгат;
- курулуш-монтаждоо иштери - имараттарды жана курулмаларды тургузууда, реконструкциялоодо, жабдуунун бардык түрлөрүн монтаждоодо курулуш аянтында аткарылуучу иштер;
- объектини куруу боюнча иштердин этабы - долбоордук документациялар менен аныкталган имараттын же курулманын бир бөлүгүн, комплекстин, ишке киргизилүүчү комплекстин курамындагы өзүнчө алынган объектини тургузуу боюнча курулуш иштеринин технологиялык жактан өз ара бири-бири менен байланышкан түрлөрүнүн жыйындысы, алардын аткарылышы курулуштун жалпы бүткөрүлүшү менен камсыздалат;
- ишке киргизилүүчү комплекс - негизги, кошумча жана көмөкчү багыттагы объекттердин (же алардын бөлүктөрүнүн) жыйындысы, алар долбоорлоо документацияларында каралган продукцияларды өндүрүүнү же кызмат көрсөтүүлөрдү камсыз кылат;
- курулуштун кезеги - долбоорлоо документациялары менен аныкталган, бир же бир нече объекттерден, ишке киргизилүүчү комплекстерден турган курулуштун бөлүгү.
3. Объектини жарыш долбоорлоого жана курууга уруксат заказчы-куруучунун арызы боюнча курулуш иштери боюнча ыйгарым укуктуу мамлекеттик орган тарабынан берилет.
2. Долбоорлоо документтерин иштеп чыгуу
4. Долбоорлоо документтерин иштеп чыгуу Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык жана архитектура-курулуш иштери жаатындагы ченемдик техникалык актылардын талаптарын сактоо менен жүзөгө ашырылат.
5. Заказчы тарабынан объектини жарыш долбоорлоого жана курууга уруксат берүү үчүн, долбоорлоо уюмунун макулдугу боюнча, долбоорлоо документтеринде өзүнчө алынган объекттин курамында куруу боюнча иштердин этаптары, курулуштун кезеги, курулуштун курамындагы ишке киргизүүчү комплекстер бөлүп көрсөтүлөт.
6. Иштердин этаптарын бөлүп көрсөтүүдө долбоорлоо документациялары төмөнкүлөрдү караштырышы керек:
- курулуштун ушул этабын түзгөн курулуш-монтаждоо иштеринин талап кылынган тизмегин жана көлөмүн жүргүзүүнүн технологиялык ырааттуулугунун сакталышын;
- линиялык жана суу чарбалык курулуштун (жолдор, электр берүү, байланыш линиялары, суу түтүктөр, каналдар ж.б.) объекттери боюнча курулуш этаптарын бөлүп көрсөтүү өзгөчөлүктөрдү жана мезгилдүүлүктү эске алуу менен ишке ашырылышы керек.
7. Иштердин биринчи этабы үчүн долбоордук документацияларды иштеп чыгуу архитектура жана курулуштун аймактык органы менен андан ары долбоорлоого макулдугу болгондо, шаар куруу регламентинин архитектуралык-пландаштыруу шарттарынын эскиздик долбооруна ылайыктыгын белгилөө менен жүргүзүлөт.
Иштердин кийинки этаптары үчүн долбоорлоо документациялары иштердин мурунку этабына экспертизанын оң корутундусу болгондо иштелип чыгат.
3. Долбоорлоо документтерин экспертизалоо
8. Жалпысынан долбоорго андан-ары экспертиза жүргүзүү менен бөлүп көрсөтүлгөн иштердин этабына долбоордук документацияларды экспертизалоо, ченемдик укуктук актылардын жана ченемдик техникалык документтердин талаптарына шайкештигинин предметине, Кыргыз Республикасынын Өкмөтү тарабынан белгиленген мөөнөттө жана тартипте жүзөгө ашырылат.
9. Экспертизалардын атайын түрлөрүн жүргүзүү Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында аныкталган тартипте жүзөгө ашырылат.
4. Курулуш-монтаждоо иштерин жүргүзүү
10. Курулуш-монтаждоо иштерин жүргүзүү макулдашылган долбоордук документациялары жана жалпысынан бүтүндөй объектиге дагы, же өзүнчө алынган объектиге дагы, ошондой эле долбоордук документациялар менен бөлүнгөн иштердин этаптарына, курулуш кезегине, ишке киргизүү комплексине экспертизанын оң корутундусу болгондо жүзөгө ашырылат.
11. Иштердин этаптарын бүтүрүүнүн кезеги жана мөөнөттөрү долбоорлоонун жана куруунун ченемдик мөөнөттөрүнө ылайык жалпы курулуш объектисин эксплуатациялоого киргизүү камсыз кылышы керек.