Загрузка документа…
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ѲКМѲТY
ТОКТОМ
2015-жылдын 23-июлу № 523
Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн айрым чечимдерине өзгөртүүлөрдү жана толуктоолорду киргизүү жөнүндө
(КР Өкмөтүнүн 2019-жылдын 30-июлундагы № 382, КР Министрлер Кабинетинин 2026-жылдын 10-апрелиндеги № 234 токтомдорунун редакцияларына ылайык)
"Кыргыз Республикасынын Өкмөтү жөнүндө" Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 10 жана 17-беренелерине ылайык Кыргыз Республикасынын Өкмөтү
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. (КР Өкмөтүнүн 2019-жылдын 30-июлундагы № 382 токтомуна ылайык күчүн жоготту)
2. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2005-жылдын 6-майындагы № 177 "Жеке менчик турак үй куруу үчүн жер участокторун берүүнүн тартиби жөнүндө жобону бекитүү тууралуу" токтомуна төмөнкүдөй толуктоо киргизилсин:
- жогоруда аталган токтом менен бекитилген Жеке менчик турак үй куруу үчүн жер участокторун берүүнүн тартиби жөнүндө жобонун 6-пункту төмөнкү мазмундагы экинчи абзац менен толукталсын:
"Жергиликтүү өз алдынча башкаруунун тиешелүү органынын расмий сайтына (эгер болсо) жана жалпыга маалымдоо каражаттарына жеке менчик турак үй куруу үчүн жер участокторунун берилери жөнүндө кулактандыруу жарыяланат, мында коомдук угуу боло турган дата жана жер көрсөтүлөт.".
3. (КР Министрлер Кабинетинин 2026-жылдын 10-апрелиндеги № 234 токтомуна ылайык күчүн жоготту)
4. Төмөнкүлөр күчүн жоготту деп таанылсын:
- Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 1996-жылдын 20-декабрындагы № 612 "Талас облусунун, Панфилов жана Жумгал райондорунун мамлекеттик администрацияларынын жер ресурстарын натыйжалуу жана максаттуу пайдалануу боюнча иштери жөнүндө" токтому;
- Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 1999-жылдын 9-августундагы № 432 "Кыргыз Республикасында жер үлүшүн пайдалануу укугуна күбөлүктөрдү берүүнүн абалы жөнүндө" токтомунун 7-пункту.
5. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Мамлекеттик каттоо кызматы өзүнүн чечимдерин ушул токтомго ылайык келтирсин.
6. Ушул токтом расмий жарыяланган күндөн он беш күн өткөндөн кийин күчүнө кирет.
7. Ушул токтомдун аткарылышын контролдоо Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Аппаратынын транспорт, курулуш жана коммуникациялар бөлүмүнө жүктөлсүн.
Премьер-министр | Т.А. Сариев |