Загрузка документа…
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ӨКМӨТҮ
ТОКТОМ
2015-жылдын 30-июну № 426
Чүй облусунун Аламүдүн районундагы Таш-Дөбө айыл аймагынын Заречное айылында жайгашкан мурдагы бала бакчанын имаратын Чүй облусунун Аламүдүн районундагы Таш-Дөбө айыл аймагынын айыл өкмөтүнүн муниципалдык менчигине өткөрүп берүү жөнүндө
«Мүлккө муниципалдык менчик жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Мыйзамына, «Кыргыз Республикасынын Өкмөтү жөнүндө» Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 10 жана 17-беренелерине ылайык, мурдагы бала бакчанын имаратын муниципалдык менчигине өткөрүп алууга макулдугу тууралуу Чүй облусунун Аламүдүн районундагы Таш-Дөбө айылдык кеңешинин 2014-жылдын 20-декабрындагы №114/1-13/26 токтомун эске алуу менен Кыргыз Республикасынын Өкмөтү токтом кылат:
1. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Мамлекеттик мүлктү башкаруу боюнча фонд Чүй облусунун Аламүдүн районундагы Таш-Дөбө айыл аймагынын Заречное айылында жайгашкан мурдагы бала бакчанын имаратын Чүй облусунун Аламүдүн районундагы Таш-Дөбө айыл аймагынын айыл өкмөтүнүн муниципалдык менчигине белгиленген тартипте өткөрүп берсин.
2. Чүй облусунун Аламүдүн районундагы Таш-Дөбе айыл екмөтүнө төмөнкүлөр сунушталсын:
- ушул токтомдун 1-пунктунда аталган мурдагы бала бакчанын имаратын муниципалдык менчикке кабыл алуу;
- объектини белгиленген тартипте кайра мамлекеттик каттоодон өткөрүү;
- объектини максаттуу багыты боюнча колдонууну камсыздоо.
3. Ушул токтомдун аткарылышын контролдоо Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Аппаратынын уюштуруу-инспектордук иштер жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу бөлүмүнө жүктөлсүн.
4. Ушул токтом расмий жарыяланган күндөн он күн өткөндөн кийин күчүнө кирет.
Премьер-министр | Т.А.Сариев |