Сравнение редакций…
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ӨКМӨТҮ
ТОКТОМ
2015-жылдын 2-июлу № 437
"Күрөө жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына толуктоо киргизүү тууралуу" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын долбоору жөнүндө
Кыргыз Республикасынын Конституциясынын 79-беренесине ылайык Кыргыз Республикасынын Өкмөтү
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. "Күрөө жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына толуктоо киргизүү тууралуу" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын долбоору жактырылсын.
2. Аталган мыйзамдын долбоору Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин кароосуна киргизилсин.
3. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Финансы рыногун жөнгө салуу жана көзөмөлдөө мамлекеттик кызматынын терагасы Кьфгыз Республикасынын Жогорку Кенеши бул мыйзамдын долбоорун караган учурда Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн расмий өкүлү болуп дайындалсын.
Премьер-министр | Т.А.Сариев |
Долбоор
1-берене
"Күрее жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына (Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Жарчысы, 2005-ж. № 6, 377-бер.) төмөнкүдөй толуктоо киргизилсин:
1. 4-глава төмөнкүдөй мазмундагы Зб'-берене менен толукталсын:
"Зб'-берене. Күрөө менен камсыз кылынган карыздык эмиссиялык баалуу кагаздар
1. Баалуу кагаздар жана кыймылсыз мүлк күрөө менен камсыз кылынган карыздык эмиссиялык баалуу кагаздар боюнча күрөөнүн предмети боло алат. Карыздык эмиссиялык баалуу кагаздар боюнча күрөөнүн предмети болгон баалуу кагаздарга жана кыймылсыз мүлккө карата талаптар Кыргыз Республикасынын Өкмөтү тарабынан белгиленет.
2. Күрөө менен камсыз кылынган карыздык эмиссиялык баалуу кагаздарды чыгарууда күрөө берүүчү катары алардын эмитенти же болбосо карыздык эмиссиялык баалуу кагаздарды чыгаруу жөнүндө чечимде алар тарабынан көрсөтүлгөн башка адамдар боло алат, ал эми күрөөнүн предмети ушул Мыйзамда каралган тартипте баалуу кагаздарды кармоочулардын реестринде алардын ээлери катары катталган адамдардын пайдасына оорлотулууга тийиш.
Күрөө менен камсыз кьлынган карыздык эмиссиялык баалуу кагаздарды чыгарууда алардын эмитенти баалуу кагаздарды кармоочулардын реестринде алардын ээлери катары катталган адамдардын кызыкчылыгында күрөөнү башкаруучуну дайындоого милдеттүү. Карыздык эмиссиялык баалуу кагаздар боюнча күрөөнү башкаруучу болуп баалуу кагаздар рыногунун чөйрөсүндөгү мыйзамдардын талаптарына жооп берген адамдар гана чыгууга укуктуу.
3. Күрөөлүк камсыздалуу менен карыздык эмиссиялык баалуу кагаздарды чыгарган учурда күрөө жөнүндө келишимдин түрүнө жана мазмунуна карата коюлуучу талаптар төмөндө аталган талаптарды эмитент жана күрөө берүүчү аткарганда сакталды деп эсептелет:
- карыздык эмиссиялык баалуу кагаздардын ээлеринин пайдасына мүлкту оорлотуу жөнүндө чечим жазуу жүзүндө таризделиши, күрөөнүн предметине өндүрүп алууну чегерүүнүн соттук эмес тартибин кошо алганда, күрөө келишими үчүн негизги жоболорду, ошондой эле күрөөнү башкаруучуга көрсөтмөнү камтуусу зарыл;
- карыздык эмиссиялык баалуу кагаздардын ээлеринин пайдасына мүлктү оорлотуу жөнүндө чечим мындай чечимди кабыл алуунун талаптагыдай тартиптерин сактоо менен күрөө берүүчүлөрдүн ыйгарым укуктуу органы тарабынан кабыл алынууга тийиш, эгерде күрөө берүүчү катары жеке жак чыкса, мындай чечим ал тарабынан бардык укук ээлери менен макулдашылууга жана нотариалдык жактан күбөлөндүрүлүүгө тийиш;
- карыздык эмиссиялык баалуу кагаздарды чыгаруу жөнүндө эмитенттин чечиминде ага ьлайык карыздык эмиссиялык баалуу кагаздарды чыгаруучулардын ээлеринин пайдасына алардын мүлкүн оорлотуу жөнүндө күрөө берүүчүлөрдүн бардык чечимдери анын ажырагыс бөлүгү болуп саналарына карата тике көрсөтмөнү камтууга тийиш;
- күрөө менен камсыз кьлынган карыздык эмиссиялык баалуу кагаздар боюнча күрөөнү башкаруучу катары бир гана жак чыга алат.
4. Эгерде күрөөнүн предмета катары кыймылсыз мүлк толук же жарым-жартылай чыкса, анда карыздык эмиссиялык баалуу кагаздардын ээлеринин пайдасына мүлктү оорлотуу жөнүндө чечим төмөнкүдөй шарттарды сактоо менен мамлекеттик каттоодон өтүүгө тийиш:
оорлотуу салынган учурдан тартып жана карыздык эмиссиялык баалуу кагаздарды жайгаштыруунун жыйынтыктарын мамлекеттик каттоого алганга чейинки мезгилде аларды алгачкы жайгаштыруунун жүрүшүндө карыздык эмиссиялык баалуу кагаздарды сатып алуучулардын кызыкчылыгы үчүн күрөө кармоочу болуп күрөөнү башкаруучу эсептелет;
карыздык эмиссиялык баалуу кагаздарды жайгаштыруунун жыйынтыктарын мамлекеттик каттоого алган учурдан тартып жана карыздык эмиссиялык баалуу кагаздардын эмитенти тарабынан алардын ээлеринин алдындагы бардык милдеттенмелерди толук аткарганга чейинки мезгилде күрөө кармоочулар болуп аларды кармоочулардын реестринде катталган, карыздык эмиссиялык баалуу кагаздардын ээлери эсептелет, ал эми алардын кызыкчылыктарынын өкүлү катары күрөөнү башкаруучу чыгат.
5. Күрөө кармоочу жөнүндө маалыматтар катары ипотеканы мамлекеттик каттоого алган учурда кыймылсыз мүлккө болгон укуктардын бирдиктүү мамлекеттик реестриндеги ипотека тууралуу каттоо жазуусу карыздык эмиссиялык баалуу кагаздарды чыгаруунун мамлекеттик каттоо номерин жана аны мамлекеттик каттоого алган күнүн, ошондой эле аталган мамлекеттик каттоо номери менен чыгарылыштагы карыздык эмиссиялык баалуу кагаздардын ээлери күрөө кармоочулар болуп саналарына көрсөтмөнү камтышы керек.
6. Эгерде баалуу кагаздар күрөөнүн предмети катары толугу менен же жарым-жартылай чыкса, анда аларды күрөө берүүчү оорлотуу жөнүндө чечимди кабыл алууда депозитарийдин эрежесинде каралган тартипте, карыздык эмиссиялык баалуу кагаздардын ээлеринин пайдасына мындай баалуу кагаздарга оорлотуу салуу менен лицензияланган депозитарийде ачылган күрөөнүн башкаруучусунун депо эсебине которууга милдеттүү. Баалуу кагаздарды жана аларды карыздык эмиссиялык баалуу кагаздардын ээлеринин кызыкчылыгы үчүн оорлотууну көрсөтүү менен күрөөнүн башкаруучусунун депо эсебинин көчүрмөсү баалуу кагаздарды чыгаруу жөнүндө чечимдин ажырагыс бөлүгү болуп саналат.
7. Ипотека менен камсыз кылынган карыздык эмиссиялык баалуу кагаздарды чыгаруу ишке ашкан жок деп тааныган учурда, ипотека жөнүндө каттоо жазуусу карыздык эмиссиялык баалуу кагаздарды тиешелүү чыгарууну ишке ашкан жок деп таанууну ырастаган документ, ошондой эле карыздык эмиссиялык баалуу кагаздарды сатып алуучулардын алдында милдеттенмелердин аткарылышы боюнча карыздын жоктугу жөнүндө облигациялардын эмитентинин кепилдик каты тиркелген күрөөнү башкаруучунун арызынын негизинде карыздык эмиссиялык баалуу кагаздардын эмитента аларды сатып алуучулардын алдындагы өзүнүн бардык миддеттерин толук аткаргандан кийин жабьшат. Эгерде андан ары эмитенттин карыздык эмиссиялык баалуу кагаздарды сатып алуучулардын алдындагы милдеттенмеси толук аткарылбай калган учурда эмитент жана күрөөнү башкаруучу катары чыккан жак аларды аткаруу боюнча ортоктош жоопкерчиликтерди тартышат.
8. Күрөө менен камсыз кылынган карыздык эмиссиялык баалуу кагаздардын эмитентинин алардын ээлеринин алдындагы милдеттенмени аткарбаган же талаптагыдай аткарбаган учурда, карыздык эмиссиялык баалуу кагаздардын ээлери күрөөнү башкаруучуга аларды күрөөлүк камсыздоонун эсебинен мындай милдеттенмени жабуу жөнүндөгү талабы менен жазуу жүзүндө кайрылууга укуктуу. Күрөөнү башкаруучу мындай талап ага келип түшкөн күндөн 5 кун өткөндөн кийин карыздык эмиссиялык баалуу кагаздардын ээлеринин алардьш эмитентине карата койгон дооматтарын канааттандыруу боюнча алардын күрөөлүк камсыздоосунун эсебинен аларды чыгаруунун шарттарында, карыздык эмиссиялык баалуу кагаздардын ээлеринин пайдасына мүлктү оорлотуу жөнүндө чечимде каралган тартипте жана ушул Мыйзамга ылайык аракеттерди жасоого милдеттүү.
Эгерде карыздык эмиссиялык баалуу кагаздардын эмитенти өз милдеттерин катары менен 30 календарлык күндөн ашык толук же жарым-жартылай аткарбаса, күрөөнү башкаруучу карыздык эмиссиялык баалуу кагаздардын ээлеринин кайрылуусу жок болсо да, ушул беренеде аталган аракеттерди жасоого миддеттүү.
9. Эгерде ушул Мыйзамда каралган негиздер боюнча күрөөгө коюлган мүлк күрөөнү камсыз кылуучу карыздык эмиссиялык баалуу кагаздардын ээлеринин менчигине өтүшү керек болгон учурда күрөө менен камсыз кылынган карыздык эмиссиялык баалуу кагаздар боюнча күрөөнүн предмети болуп саналган мүлк мындай күрөө менен камсыздалган карыздык эмиссиялык баалуу кагаздардын бардык ээлеринин жалпы үлүштүк менчигине өтөт".
2-берене
Кыргыз Республикасынын Өкмөтү өзүнүн чечимдерин үч айлык мөөнөттө ушул Мыйзамга ылайык келтирсин.
Ушул Мыйзам расмий жарыяланган күндөн он беш күн өткөндөн кийин күчүнө кирет.
Кыргыз Республикасынын Президенти
КР Министрлер Кабинетинин 2022-жылдын 25-мартындагы № 166 токтомуна ылайык КҮЧҮН ЖОГОТТУ