Загрузка документа…
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН АТЫНАН КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ЖОГОРКУ СОТУНУН КОНСТИТУЦИЯЛЫК ПАЛАТАСЫНЫН
Владимир Александрович Лесниченконун, Сухраб Шавкатович Касымовдун, ошондой эле «Фирма AKIF» («АКИФ») кыргыз-россия жоопкерчилиги чектелген коомунун кызыкчылыгын көздөгөн Ислам Султанович Боровдун кайрылууларына байланыштуу Кыргыз Республикасынын Жазык-процесстик кодексинин 259-беренесинин 2, 5-бөлүктөрүнүн конституциялуулугун текшерүү жөнүндө иш боюнча
Ч Е Ч И М И
2021-жылдын 13-январы Бишкек шаары
Кыргыз Республикасынын Жогорку сотунун Конституциялык палатасы, төрагалык кылуучу – К.А. Дуйшеевдин, судьялар М.Р. Бобукееванын, Л.П. Жумабаевдин, М.Ш. Касымалиевдин, К.Дж. Кыдырбаевдин, Э.Ж. Осконбаевдин, Ж.И. Саалаевдин, Ж.А. Шаршеналиевдин курамында, катчы Ж.А. Лобанованын,
жоопкер тарап – Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин ишеним кат боюнча өкүлдөрү Алмазбек Тавалдыевич Молдобаевдин, Айжан Расулованын;
- башка жактар – Кыргыз Республикасынын Президентинин Аппаратынын ишеним кат боюнча өкүлү Таштемир Абазович Чилдебаевдин, Кыргыз Республикасынын Жогорку сотунун ишеним кат боюнча өкүлү Эркин Бакбурович Искаковдун, Кыргыз Республикасынын Башкы прокуратурасынын ишеним кат боюнча өкүлү Рысбек Карагулович Альчиевдин, Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн ишеним кат боюнча өкүлү Элдар Майрамбекович Токторовдун, Кыргыз Республикасынын Юстиция министрлигинин ишеним кат боюнча өкүлү Аида Маратовна Курманбаеванын катышуусу менен,
Кыргыз Республикасынын Конституциясынын 97-беренесинин 1 жана 6-бөлүктөрүн, «Кыргыз Республикасынын Жогорку сотунун Конституциялык палатасы жөнүндө» конституциялык Мыйзамдын 4, 18, 19, 37, 42-беренелерин жетекчиликке алып, Кыргыз Республикасынын Жазык-процесстик кодексинин 259-беренесинин 2, 5-бөлүктөрүнүн конституциялуулугун текшерүү жөнүндө ишти ачык соттук отурумда карап чыкты.
В.А. Лесниченконун, С.Ш. Касымовдун, ошондой эле «Фирма AKIF» («АКИФ») кыргыз-россия жоопкерчилиги чектелген коомунун кызыкчылыгын көздөгөн И.С. Боровдун өтүнүчү бул ишти кароого себеп болду.
Ишти кароого негиз болуп Кыргыз Республикасынын Жазык-процесстик кодексинин 259-беренесинин 2, 5-бөлүктөрүнүн Кыргыз Республикасынын Конституциясына ылайык келүүсү маселесинде пайда болгон күмөндүүлүк саналат.
Ишти соттук отурумга даярдоону жүргүзгөн судья-баяндамачы К.Дж. Кыдырбаевдин маалыматын угуп, келтирилген материалдарды изилдеп чыгып, Кыргыз Республикасынын Жогорку сотунун Конституциялык палатасы
Т А П Т Ы:
Кыргыз Республикасынын Жогорку сотунун Конституциялык палатасына 2020-жылдын 3-февралында Кыргыз Республикасынын Кыргыз Республикасынын Жазык-процесстик кодексинин 259-беренесинин 2, 5-бөлүктөрүнүн Кыргыз Республикасынын Конституциясынын 6-беренесинин 3-бөлүгүнө, 20-беренесинин 5-бөлүгүнүн 3, 8-пункттарына, 40-беренесинин 1, 2-бөлүктөрүнө, 99-беренесинин 3, 5-бөлүктөрүнө ылайык келүүсүн текшерүү жөнүндө өтүнүчү келип түшкөн.
В.А. Лесниченко жана С.Ш. Касымов өзүнүн өтүнүчүндө белгилегендей, Кыргыз Республикасынын Жазык-процесстик кодексинин (андан ары - ЖПК) 259-беренесинин 2-бөлүгү менен мүлккө камак салуу жөнүндө өтүнмөнү козгоо тууралуу сотко чейинки өндүрүштү жүзөгө ашырган адамдын токтому материалдар сотко келип түшкөн күндөн тартып 24 сааттын ичинде сотко чейинки өндүрүштүн жери боюнча прокурордун катышуусу менен соттук отурумда тергөө судьясы тарабынан каралууга жатат деп белгиленген. Соттук отурумга шектелүүчү, жактоочу жана мүлктүн баасын аныктаган адис катышууга укуктуу. Соттук отурумдун жери жана убактысы жөнүндө сот тарабынан алар өз мезгилинде кабарланган учурда процесстин катышуучуларынын келбей калуусу соттук отурумду өткөрүүгө жолтоо болбойт. Ушул эле берененин 5-бөлүгү менен мүлккө камак салуу жөнүндө өтүнмөнү канааттандыруудан баш тартуу тууралуу тергөө судьясынын токтому прокурор же шектелүүчү, жактоочу, жабырлануучу, анын өкүлү тарабынан 5 сутканын ичинде апелляциялык тартипте даттанылышы мүмкүн деп аныктайт.
Арыздануучулардын пикири боюнча талашылып жаткан ченемдерде мүлккө камак салуу жөнүндө өтүнмөнү канааттандыруу жөнүндө тергөө судьясынын токтомуна даттануу мүмкүндүгүнө жана тартибине көрсөтмө да жок.
Аларда мындай маселени кароо боюнча сот отурумуна катышууга укуктуу адамдардын тизмеси да чектелген, бул камакка алынган мүлктүн ээси болгон башка адамдардын катышуусун жокко чыгарат, ал эми Жазык-процесстик кодексинин 48-беренесинин 1-бөлүгү мыйзамдын күчүнөн улам жеке же юридикалык жакты жазык сот өндүрүшүнүн субъекти деп тааныйт, ал кылмыш же жорук менен келтирген материалдык чыгым жана моралдык зыян үчүн мүлктүк жоопкерчилик тартат. Муну менен, арыздануучулар болжогондой, мүлктүн нагыз ээлери болгон адамдардын Кыргыз Республикасынын Конституциясынын 40-беренесинин 1-бөлүгү менен кепилденген соттун коргоого болгон укуктарын чектейт.
Мында кайрылуунун субъекттери эл аралык укуктун ченемдерине, кадыресе, ар кимдин ишти компетенттүү, көз карандысыз жана бейтарап сот тарабынан адилеттүү жана коомдук териштирүүгө укуктарын караштырган Адам укуктарынын жалпы декларациясына, Атуулдук жана саясий укуктар жөнүндө эл аралык пактка шилтеме жасашат.
Арыздануучулар айтканы боюнча Жазык-процесстик кодекстин 259-беренесинин 2-бөлүгү ээлик кылуучунун мүлкүн камакка алуу жөнүндө маселени кароодо катышуу укугун түздөн-түз чектейт, Кыргыз Республикасынын Конституциясынын 99-беренесинин 3-бөлүгү менен караштырылган сот өндүрүшүндө тараптардын атаандаштыгынын жана тең укуктуулугунун принцибин бузат. Конституциянын ушул эле беренесинин 5-бөлүгүнө ылайык сот процессинин катышуучуларынын процесстик укуктары, анын ичинде чечимдерди, өкүмдөрдү жана башка сот актыларын даттануу укугу, ошондой эле аларды жүзөгө ашыруу тартиби мыйзам менен аныкталат. Бирок Жазык-процесстик кодекстин 259-беренесинин 5-бөлүгү алардын катышуусуз мүлкүнө салынган камак жөнүндө сот чечимин жогору турган инстанцияда даттанууга мүлктүн нагыз ээлик кылуучуларынын мүмкүндүгүн жалпысынан жокко чыгарат.
Андан тышкары, арыздануучулар жогоруда келтирилген ченем мыйзамдуу күчүнө кире элек өкүмдү, ошондой эле биринчи инстанциянын башка сот актыларын, анын ичинде тергөө судьясынын токтомун апелляциялык тартипте кароо мүмкүндүгүн караштырган Жазык-процесстик кодекстин 390-беренеси менен коллизияга кирет.
Кайрылуунун субъекттери өзүнүн жүйөлөрүн негиздөөдө азыркы учурда Бишкек шаарынын жалпы юрисдикция сотторунда талашылып жаткан ченемдерди колдонуу жолу менен мүлктү камакка алуу жөнүндө биринчи инстанциянын сотторунун токтомдорун даттанууга укуктарды чектөө боюнча туруктуу тажрыйба түзүлүп калганын баса белгилейт.
В.А. Лесниченко, С.Ш. Касымов Жазык-процесстик кодекстин 259-беренесинин 2, 5-бөлүктөрү Конституциянын, ошондой эле Кыргыз Республикасы катышуучу болгон эл аралык келишимдердин жоболоруна карама-каршы келет, Жазык-процесстик кодекстин башка ченемдерине да карама-каршы келет деп болжошот.
Арыздануучулар, баяндалганды эске алуу менен, талашылып жаткан ченемдерди Кыргыз Республикасынын Конституциясына карама-каршы келет деп кабыл алуунун суранышат.
Кыргыз Республикасынын Жогорку сотунун Конституциялык палатасынын судьялар коллегиясынын 2020-жылдын 5-мартындагы аныктамасы менен В.А. Лесниченконун, С.Ш. Касымовдун өтүнүчү өндүрүшкө кабыл алынган.
2020-жылдын 9-июлунда Конституциялык палатага «Фирма AKIF» (андан ары - «Фирма АКИФ» ЖЧКсы) кыргыз-россия жоопкерчилиги чектелген коомунун кызыкчылыгын көздөгөн Ислам Султанович Боровдун Жазык-процесстик кодекстин 259-беренесинин 2, 5-бөлүктөрүнүн Конституциянын 16-беренесинин 3-бөлүгүнө, 40-беренесинин 1-бөлүгүнө, 99-беренесинин 3-бөлүгүнө ылайык келүүсүн текшерүү жөнүндө өтүнүч келип түшкөн.
Өтүнүчтөн келип чыккандай, Бишкек шаарынын Биринчи май районунун тергөө судьясынын (андан ары – тергөө судьясы) 2020-жылдын 23-июнундагы токтому менен «Фирма АКИФ» ЖЧКнын эсеп-кысап эсебинен сарпталуучу бөлүктөн күнүгө алынып жаткан акчалай каражаттар жана уставдык капиталындагы үлүш, анын ичинде жаран С.В. Фищенкого таандык үлүш камакка алынган. Арыздануучулар бул токтом талашылып жаткан ченемдерге ылайык даттанууга жатпайт деп белгилешет.
Жазык-процесстик кодекстин 123-беренесинин 3-бөлүгүнө ылайык мүлккө камак салууда, эгерде алар шектүүнүн кылмыштуу аракеттеринин натыйжасында алынган деп болжогон жетиштүү негиздер болгондо, шектүүнүн материалдык залалдын жана (же) моралдык зыяндын ордун толтуруу үчүн жооптуу адамдын мүлкүнө камак салынат.
Кыргыз Республикасынын Жазык кодексинин (андан ары – Жазык кодекси) 26-беренесинин 3-бөлүгүнө ылайык юридикалык жак кылмыштын, жазык жоопкерчилигинин жана жазанын субъекти болуп саналбайт. Юридикалык жакка ушул Кодексте каралган негиздер боюнча жана чектерде жазык-укуктук таасир этүүнүн мажбурлоочу чаралары, кадыресе, юридикалык жакка айып салуу, анын укуктарын чектөө же аны жоюу сыяктуу чаралар колдонулушу мүмкүн (124-берене). Аталган кодекстин 126-беренесинде юридикалык жактын укуктарын чектөө учурлары чечмеленип келет, алардын катарында, кайрылуунун субъекттери белгилегендей, юридикалык жактын акчалай мүлкүнө, анын башка мүлкүнө же негиздөөчүлөрдүн үлүштөрүнө камак салуу белгиленбейт.
Ушуга байланыштуу, И.С. Боров «Фирма АКИФ» ЖЧК юридикалык жак болгондуктан кылмыштын субъекти – шектүү же айыпталуучу боло албайт, жана анын мүлкүнө камак салынышы мүмкүн эмес, ал эми жогорудагы токтом мыйзамсыз деп эсептейт.
Арыздануучу Конституциянын 12-беренесинин 2-бөлүгүнө ылайык менчик кол тийгис; эч ким өзүм билемдик менен мүлкүнөн ажыратылышы мүмкүн эмес; соттун чечими менен гана менчик ээсинин эркине каршы мүлкүн алып коюуга жол берилет.
Мүлкүнө камак салуу жөнүндө маселе каралып жаткан учурда «Фирма АКИФ» ЖЧКнын негиздөөчүлөрүнүн жактоочулары же ушул юридикалык жактын өкүлдөрү соттук процесске киргизилген эмес, алар сот залынан чыгарылган, отурум алардын катышуусуз өткөн. Ушуга байланыштуу, алар камак сатуу жөнүндө тергөө органдарынын өтүнүчү боюнча өзүнүн көз караштарын аргументтеп берүү мүмкүндүгүнөн кур калышкан. Арыздануучу көрсөткөндөй, сот адамдарды соттук процесске катышууга жол бербөөнүн негизи катары Жазык-процесстик кодекстин 259-беренесинин 2-бөлүгүн көрсөткөн.
Арыздануучулардын пикири боюнча тергөө судьясы «Фирма АКИФ» ЖЧК, анын негиздөөчүлөрү жазык иши боюнча шектүү, айыпталуучу болбогондон кийин алардын мүлкүнө камак салуу жөнүндө маселе боюнча соттук отурумга киргизилиши мүмкүн эмес деген жагдайдан пайдаланган. Ушуга байланыштуу мүлк ээлери өздөрү тапкан акчалай каражатына ээлик кылууда жана аны пайдаланууда чектелет, себеби алардын уставдык капиталындагы үлүштөрүнө камак салынган, алар сот адилеттигинен ажыратылган жана иш боюнча шектүү жана айыпталуучу болбосо да өзүнүн укуктары менен эркиндиктерин коргой албайт.
Кайрылуу субъекти Жазык-процесстик кодекстин 259-беренесинин 5-бөлүгү менен адамдын конституциялык укуктарынын бузулушу мүлккө камак салуу жөнүндө кабыл алынган чечимди даттанууну карабайт, мүлккө камак салуу жөнүндө өтүнмөнү аппеляцияга берүүнү канагаттандыруудан баш тартуу жөнүндө чечимди укук коргоо органдарынын пайдасына бир тараптуу укуктуулукка жол берет деп көрсөтөт.
Арыздануучу мүлкү камакка алынган менчик ээлери чыгарылган сот чечимин даттануу укугунан негизсиз ажыратылган жана ушул эле планда кодулоого дуушар болгон, мыйзам чыгаруучу болсо процесстин бардык катышуучуларына бирдей укук берген эмес деп эсептейт.
И.С. Боров мыйзам жана сот алдында бардыгынын теңдиги; бардык соттордо иштерди териштирүүнүн ачык-айкындыгы; мыйзамда белгиленген тартипте сот адилеттигин жүзөгө ашырууга жарандардын катышуусу бөлүгүндө сот адилеттигин жүзөгө ашыруу принциптерин караштырган «Кыргыз Республикасынын судьяларынын статусу жөнүндө» Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 3-беренеси бузулган деп көрсөтөт.
Арыздануучу талашылып жаткан ченемдерди баяндалганды эске алуу менен Кыргыз Республикасынын Конституциясына карама-каршы келет деп таанууну суранат. Кыргыз Республикасынын Жогорку сотунун Конституциялык палатасынын судьялар коллегиясынын 2020-жылдын 4-сентябрындагы аныктамасы менен «Фирма АКИФ» ЖЧКнын кызыкчылыктарын көздөгөн И.С. Боровдун өтүнүчү өндүрүшкө кабыл алынган.
В.А. Лесниченконун, С.Ш. Касымовдун, ошондой эле «Фирма АКИФ» ЖЧКнын кызыкчылыктарын көздөгөн И.С. Боровдун талаптары мазмуну боюнча окшош болгондугуна байланыштуу «Кыргыз Республикасынын Жогорку сотунун Конституциялык палатасы жөнүндө» конституциялык Мыйзамдын 30-беренесинин 1-бөлүгүнүн 6-пунктуна ылайык судья-баяндамачынын 2020-жылдын 22-сентябрындагы аныктамасы менен көрсөтүлгөн иштер бир өндүрүшкө бириктирилген.
Арыздануучулар сот отурумунда өзүнүн талаптарын колдошкон жана аларды канааттандырууну суранышат.
Жоопкер тараптын өкүлү А.Т. Молдобаев арыздануучулардын өтүнүчтөрүн кийинкидей негиздер боюнча канааттандыруусуз калтыруу зарыл деп эсептейт.
Конституциянын 12-беренесинин 1, 2-бөлүктөрүнө ылайык Кыргыз Республикасында менчиктин ар кандай түрлөрү таанылат жана жеке, мамлекеттик, муниципалдык жана башка менчик түрлөрүн тең укуктуу корголушуна кепилдик берилет. Менчик кол тийгис. Эч ким өзүм билемдик менен мүлкүнөн ажыратылышы мүмкүн эмес. Менчик ээсинин эркинен тышкары мүлктү алып коюуга соттун чечими менен гана жол берилет.
Конституциянын 20-беренесинин 2-бөлүгүнө ылайык адамдын, жарандын укуктары менен эркиндиктери улуттук коопсуздукту, коомдук тартипти, калктын саламаттыгын, адеп-ахлагын сактоо, башка адамдардын укуктары менен эркиндиктерин коргоо максатында Конституция жана мыйзамдар менен чектелиши мүмкүн. Ушундай чектөөлөр аскердик же башка мамлекеттик кызматтын өзгөчөлүктөрүн эске алуу менен да киргизилиши мүмкүн. Киргизилип жаткан чектөөлөр көрсөтүлгөн максаттарга өлчөмдөш болушу керек.
Алсак, мамлекет тарабынан колдонулуп жаткан менчикке укуктарды чектөөчү чаралардын бири - жазык-процесстик мажбурлоонун чарасы болгон мүлккө камак салуу болуп саналат.
Жазык-процесстик кодекстин 259-беренесинин 3-бөлүгү менен мүлккө камак салуу жөнүндө өтүнмөнү карап, тергөө судьясы мүлккө камак салууну канааттандыруу же баш тартуу жөнүндө токтом чыгарат деп аныкталган.
Кийин, жогоруда аталган Кодекстин 255-беренесинин 5-бөлүгүнө ылайык тергөө судьясынын токтому мыйзамдуу күчүнө токтоосуз кирет жана милдеттүү аткарылууга жатат. Ушул Кодексте каралган учурларда тергөө судьясынын токтому апелляциялык тартипте даттанылышы мүмкүн жана анын аткарылышын токтотпойт.
Ошону менен бирге, А.Т. Молдобаев Жазык-процесстик кодекстин 390-беренесинин 3-бөлүгүнө ылайык тергөө судьясынын токтому апелляциялык тартипте даттанууга жатат. Тергөө судьясынын токтомуна даттануу укугу шектүүгө, айыпталуучуга, алардын коргоочуларына, жабырлануучуга, анын өкүлүнө, ошондой эле прокурорго таандык. Аталган Кодекстин 391-беренесинин 2-бөлүгүнө ылайык тергөө судьясы тарабынан соттук контроль иретинде чыгарылган токтомдорго даттануулар жана сунуштамалар апелляциялык тартипте каралат.
Жоопкер тараптын өкүлү муну менен мүлккө камак салуу жөнүндө өтүнмөнү канааттандыруу жөнүндө тергөө судьясынын токтому аппеляциялык тартипте даттанууга жатат деп эсептейт.
Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин өкүлү камакка алынган мүлктүн башка менчик ээлеринин соттук отурумда катуу укугу туурасында Жазык-процесстик кодекстин 48-беренеси менен мыйзамдын күчү аркылуу кылмыш же жорук менен келтирилген материалдык залал жана моралдык зыян үчүн мүлктүк жоопкерчилик тартуучу жеке же юридикалык жак алгачкы текшерүү органынын ыйгарым укуктуу кызмат адамы, тергөөчү, сот тарабынан өндүрүшкө тартылат деп аныкталган.
А.Т. Молдобаев Жазык-процесстик кодекстин ар кандай ченемдерин келтирип, мыйзам чыгаруучу тарабынан ар кимге өзүнүн процесстик укуктарын жүзөгө ашыруу үчүн жеткиликтүү укуктук мүмкүндүктөрдү берет деп эсептейт.
Кыргыз Республикасынын Президентинин аппаратынын өкүлү Т.А. Чилдебаев мыйзам чыгаруучу мүлккө камак салуу жөнүндө өтүнмөнү кароодо соттук отурумдун катышуучулардын көрсөткөнү менен соттук коргоого болгон бардык кызыкдар жактардын укуктарын караштырган эмес деп белгилейт.
Жазык-процесстик кодекстин 31-беренесинин 1-бөлүгүнүн 5-пунктуна ылайык тергөө судьясы сотко чейинки өндүрүштүн жүрүшүндө жеке жана юридикалык жактардын эсептерде жана аманаттарда же банктарда жана кредиттик уюмдарда сактоодо турган акчалай каражаттарын кошуп алганда, мүлкүнө, баалуу кагаздарына жана алардын сертификаттарына камак салуу же камактан чыгаруу жөнүндө чечимдерди кабыл алууга ыйгарым укуктуу.
Жазык-процесстик кодекстин 123-беренесинин 3-бөлүгүнө ылайык мүлккө камак салууда сотко чейинки өндүрүштү жүзөгө ашыруучу адам, эгерде алар шектүүнүн кылмыштуу аракеттеринин натыйжасында алынган деп болжогон жетиштүү негиздер болгондо, тергөө судьясынын алдында шектүүнүн, айыпталуучунун материалдык залалдын жана (же) моралдык зыяндын ордун толтуруу үчүн жооптуу адамдын мүлкүнө камак салуу жөнүндө токтом чыгарат. Токтомго өтүнмөнүн негиздүүлүгүн ырастоочу иштин материалдарынын күбөлөндүрүлгөн көчүрмөлөрү тиркелет.
Белгиленгенден процесстин катышуучуларынын чөйрөсү кенен жана прокурор, шектүү, коргоочу, жабырлануучу тарабынан чектелбейт деп келип чыгат. Демек, мындай укуктук абал мүлккө салынган камакты мүлктүн нагыз ээси болуп жаткан жак өзүнүн мүлкүн сот тартибинде коргоого жол берилбейт.
Андан тышкары, мыйзам чыгаруучу тарабынан тергөө судьясынын мүлккө камак салуу жөнүндө өтүнүчтү канааттандыруу жөнүндө токтомун даттануу тартиби каралган эмес. Т.А. Чилдебаевдин пикири боюнча тергөө судьясынын мүлккө камак салуу жөнүндө өтүнүчтү канааттандыруу же андан баш тартуу жөнүндө чечимин даттануу тартиби бирдей болуу керек. Андай болбосо, Конституциянын 99-беренесинин 3-бөлүгү менен кепилденген тараптардын атаандаштыгы жана тең укуктуулугунун негизинде сот өндүрүшүн жүзөгө ашыруу принциби бузулат.
Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн өкүлү Э.М. Токторов Жазык-процесстик кодекстин 255-беренесинин 5-бөлүгү, 390-беренесинин 3-бөлүгү, 391-беренесинин 2-бөлүгү жана 395-беренесинин 1, 2-бөлүктөрү менен тергөө судьясынын токтомун апелляциялык тартипте даттануу укугу кепилденет деп белгилейт.
Андан тышкары, талашылып жаткан ченемдер тергөө судьясынын мүлккө камак салуу жөнүндө өтүнүчтү канааттандыруу жөнүндө токтомун даттанууга түздөн-түз тыюу салууну камтыбайт, ушуга байланыштуу, тергөө судьясынын көрсөтүлгөн токтому апелляциялык тартипте даттанылышы мүмкүн.
Э.М. Токторов тергөө судьясынын токтомун даттануу тартиби жана мөөнөттөрү Кыргыз Республикасынын Жазык-процесстик кодексинин 36-главасынын ченемдери менен толук караштырылган. Демек, талашылып жаткан ченемдер Конституцияга карама-каршы келбейт.
Кыргыз Республикасынын Жогорку сотунун өкүлү Э.Б. Искаков кийинкидей көз карашта.
Жазык-процесстик кодекстин 123-беренесине ылайык материалдык залалдын жана (же) моралдык зыяндын, башка мүлктүк жаза чараларынын ордун толтуруу же мүлктү мүмкүн болуучу конфискациялоо бөлүгүндө өкүмдү аткарууну камсыз кылуу максатында сотко чейинки өндүрүштү жүзөгө ашыруучу жак мүлккө камак салуу боюнча чараларды көрүүгө милдеттүү. Ушул беренеде каралган тартипте жана шарттарда материалдык залалдын жана (же) моралдык зыяндын ордун толтурууну камсыз кылуу максатында жабырлануучу тергөө судьясына мүлккө камак салуу жөнүндө өтүнмө берүүгө укуктуу. Мүлккө камак салууда сотко чейинки өндүрүштү жүзөгө ашыруучу адам, эгерде алар шектүүнүн кылмыштуу аракеттеринин натыйжасында алынган деп болжогон жетиштүү негиздер болгондо, тергөө судьясынын алдында шектүүнүн материалдык залалдын жана (же) моралдык зыяндын ордун толтуруу үчүн жооптуу адамдын мүлкүнө камак салуу жөнүндө токтом чыгарат.
Э.Б. Искаков талашылып жаткан ченемдердин колдонулушунан мүлккө салынып жаткан камак мүлктүн нагыз ээси болгон жакты өзүнүн менчигин сот тартибинде коргоо укугунан ажыратат деп белгилейт.
Менчикти коргоо кепилдигин регламенттөөчү Конституциянын 12-беренесинин 1, 2-бөлүктөрүнүн жоболорун жүзөгө ашырууда Жазык-процесстик кодекстин 48-беренеси менен кылмыш же жорук менен келтирилген материалдык залал жана моралдык зыян үчүн мүлктүк жоопкерчилик тартуучу жеке же юридикалык жак алгачкы текшерүү органынын ыйгарым укуктуу кызмат адамы, тергөөчү, сот тарабынан өндүрүшкө тартуу мүмкүндүгүн караштырат.
Бирок, Жазык-процесстик кодекстин 259-беренесинин 2-бөлүгүндө мыйзам чыгаруучу тергөө судьясы тарабынан мүлккө камак салуу жөнүндө өтүнүчтү соттук отурумда кароодо жабырлануучунун, коргоочунун жана мүлкүн наркын аныктоочу адистин катышуусун белгилеген. Мүлккө камак салынып жаткан мүлктүн нагыз ээлери ушул катышуучулардын чөйрөсүнө киргизилген эмес, Э.Б. Искаковдун пикири боюнча бул алардын соттук коргоого болгон укуктарын чектейт.
Баяндалганга негизденип, Кыргыз Республикасынын Жогорку сотунун өкүлү талашылып жаткан ченемдер Кыргыз Республикасынын Конституциясына карама-каршы келет деп эсептейт.
Кыргыз Республикасынын Башкы прокуратурасынын өкүлү Р.К. Альчиев дагы талашылып жаткан ченемдер Конституцияга карама-каршы келет деп болжойт, ошол эле учурда кийинкини белгилейт.
Мүлк ээси мүлккө камак салуу тартибин жүзөгө ашырууда процесстик мажбурлоонун бул чарасын колдонулушунун кошоктошкон факторлоруна дуушар болбос үчүн соттук контроль конституциялык жактан корголуучу баалуулуктардын тең салмактуулугун камсыз кылуучу күрөө болот.
Ошол эле учурда соттук контролдун өзү, сот актыларын даттануу эркиндиги болбогон учурда, ал ага жүктөлгөн милдеттерди аткарууну камсыздай албайт. Алсак, сот актыларын кайра кароонун конституциялык жана эл аралык-укуктук кепилдиктер аралык сот чечимдерине таандыктыгын түздөн-түз көрсөтпөсө дагы, эгерде сот адилеттиги калыстыктын талаптарына жооп бербеген жана ар кимдин бузулган укуктары менен эркиндигинин натыйжалуу калыбына келтирилишин камсыздаган шарттарда, ал ушундай деп тааныла тургандыгын баса белгиленүүгө тийиш. Ушул максаттарда мыйзамдуу, негизделген жана калыс сот актыларынын чыгарылышын кепилдеген укуктук механизм талап кылынат, ал соттук инстанциялар тутумун колдонуу аркылуу аталган актыларды даттануу тартибин камсыз кылат.
Мындай даттануунун конституциялык-укуктук негизи болуп кызыкдар адамга сот актылары тарабынан аралык сот актыларын чыгарууда кетирилген каталарды оңдоого жетишүү мүмкүндүгүнө ээ болууну, ошондой эле соттун биринчи инстанциясынын дискрециялык ыйгарым укуктарынын жүзөгө ашырылуусуна бир эле учурда кийлигишпестен жыйынтыктоочу сот чечимдеринин туура аткарылышын камсыз кылууну болжогон конституциялык жоболор саналат.
Кыргыз Республикасынын Юстиция министрлигинин өкүлү А.М. Курманбекова Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн өкүлүнүн жүйөлөрүнө окшош жүйөлөрдү келтирген. Мында ал мыйзам чыгаруучу тарабынан жоору турган сот тарабынан ишти кайра каратуу укугун (Конституциянын 20-беренесинин 5-бөлүгүнүн 3-пункту) караштыруучу конституциялык жоболорду жүзөгө ашырууда кассациялык тартипте мыйзамдуу күчүнө кирген сот актыларын жаңыдан кайра ачылган жагдайлар боюнча кайра кароо мүмкүндүгү каралган. Көрсөтүлгөн процесстик каражаттардын максаты сот тарабынан чыгарылып жаткан чечимдердин мыйзамдуулугу менен негиздүүлүгүн текшерүү жана жарандардын укуктары менен эркиндиктерин натыйжалуу корголушун камсыз кылуу болуп саналат.
Конституциянын 40-беренесинин 1-бөлүгүндөгү соттук коргоого бекитилген укукту жүзөгө ашыруу республиканын жазык-процесстик мыйзамдарында сот актыларын апелляциялык тартипте даттануу институтун бекитүү жолу менен камсыз кылынат. Алсак, жазык-процесстик кодекстин 390-беренесинин 3-бөлүгү тергөө судьясынын токтомдору апелляциялык тартипте даттанылышы мүмкүн деп белгилейт. Тергөө судьясынын токтомдорун даттануу укугу шектүүгө, айыпталуучуга, аларды коргоочуларына, жабырлануучуга, анын өкүлүнө, ошондой эле прокурорго таандык.
Баяндалганды эске алуу менен, А.М. Курманбаева арыздануучунун талашылып жаткан ченемдери Конституцияга карама-каршы келбейт деп эсептейт.
Кыргыз Республикасынын Жогорку сотунун Конституциялык палатасы тараптардын жүйөлөрүн, башка жактардын көз караштарын талкуулап, иштин материалдарын изилдеп чыгып, кийинкидей тыянактарга келди.
1. 1. «Кыргыз Республикасынын Жогорку сотунун Конституциялык палатасы жөнүндө» конституциялык Мыйзамдын 19-беренесинин 4-бөлүгүнө ылайык Кыргыз Республикасынын Жогорку сотунун Конституциялык палатасы кайрылууда ченемдик укуктук актынын конституциялуулугу күмөн саналган бѳлүгүнѳ гана тийиштүү болгон предмет боюнча актыларды чыгарат.
Ошентип, Кыргыз Республикасынын Жогорку сотунун Конституциялык палатасынын бул иш боюнча кароо предмети болуп Кыргыз Республикасынын Жазык-процесстик кодексинин 259-беренесинин 2 жана 5-бөлүктөрү саналат:
«259-берене. Мүлккө камак салуу жөнүндө өтүнүчтү кароо тартиби
2. Мүлккө камак салуу жөнүндө өтүнмөнү козгоо тууралуу сотко чейинки өндүрүштү жүзөгө ашырган адамдын токтому материалдар сотко келип түшкөн күндөн тартып 24 сааттын ичинде сотко чейинки өндүрүштүн жери боюнча прокурордун катышуусу менен соттук отурумда тергөө судьясы тарабынан каралууга жатат. Соттук отурумга шектүү, жактоочу жана мүлктүн баасын аныктаган адис катышууга укуктуу. Соттук отурумдун жери жана убактысы жөнүндө сот тарабынан алар өз мезгилинде кабарланган учурда процесстин катышуучуларынын келбей калуусу соттук отурумду өткөрүүгө жолтоо болбойт. Соттук отурумдун жүрүшүндө протокол жүргүзүлөт.
5. Мүлккө камак салуу жөнүндө өтүнмөнү канааттандыруудан баш тартуу тууралуу тергөө судьясынын токтому прокурор же шектүү, жактоочу, жабырлануучу, анын өкүлү тарабынан 5 сутканын ичинде апелляциялык тартипте даттанылышы мүмкүн.».
Кыргыз Республикасынын Жазык-процесстик кодекси 2017-жылдын 2-февралындагы № 20 номуру менен кабыл алынган жана «Эркин Тоо» гезитинин 2017-жылдын 15-февралындагы № 23-28 сандарында жарыяланган, Кыргыз Республикасынын Ченемдик укуктук актыларынын мамлекеттик реестрине киргизилген жана колдонуудагы акт болуп эсептелет.
2. Кыргыз Республикасынын Конституциясы менчик формаларынын ар түрдүүлүгүн таанып, жеке, мамлекеттик, муниципалдык жана башка менчикке тең укуктук коргоону кепилдеп, конституциялык жактан маанилүү баалуулуктун бири деп менчиктин кол тийбестигин баса белгилейт (12-берененин 1, 2-бөлүктөрү). Баш мыйзам андан ары өзүнүн орнотмолорун чечмелеп, ар ким өз мүлкүнө, өз ишмердигинин натыйжаларына ээ болуу, колдонуу жана тескөө укугуна ээ (42-берененин 1-бөлүгү). Бул жеке менчикке кандай гана укукка каршы кол салуу болбосун мыйзам менен белгиленген жоопкерчиликке алып келет жана менчик ээси өзүнө таандык мүлккө карата мыйзамга карама-каршы келбеген жана башка жактардын укуктарын жана мыйзамдуу кызыкчылыктарын бузбаган ар кандай аракеттерди өзү билип жасоого укуктуу дегенди билдирет.
Ушул пайдубал укуктар менчик укугунун пайда болуу, өзгөрүү жана аны токтотуу негизинин жана тартибинин аныктамасын, ошондой эле аларды коргоо жана укукка ченемдүү чектөөлөрдүн көлөмүнүн аныктамасын кошуп, бул чөйрөдөгү бардык укуктук мамилелерди мыйзамдардын жөнгө салуусунун негизинде болуу керек. Башка сөз менен айтканда, Кыргыз Республикасынын Конституциясынын 20-беренесинин 2-бөлүгүнүн күчүнө ылайык менчик укугун чектөөгө жол берилиши коомдук мүнөздөгү кызыкчылыктарга гана негизделип, менчикке карата өзүм билемдик же өлчөмсүз кийлигишүү мүмкүндүгүн билдирбейт.
Кыргыз Республикасынын Жогорку сотунун Конституциялык палатасы менчик укугунун пайдубал укуктарынын жаратылышы жөнүндө маселеге бир нече жолу кайрылган. Ал өзүнүн 2020-жылдын 3-сентябрындагы чечиминде демократиялык мамлекет түптөлгөн баалуулуктар тутумунда менчик укугу адам укуктарынын жыйындысында анын укуктук статусунун негиздеринин бири болуп, маанилүү орундардын бирин ээлейт деп белгилеген. Ошол эле учурда менчик көп кырдуу, татаал категория болуп, өндүрүштүн жана жарандык мамилелердин экономикалык негизин жана жарандык ишчил мамилелерин түзүп, мамлекет үчүн эбегейсиз мааниге ээ.
Айтылган контекстте менчиктин кол тийгистигин, укуктук жана соттук коргоону, менчик ээсинин бузулган укуктарын калыбына келтирүүнү камсыз кылуу маселелерин мыйзам чыгаруучунун алдындагы артыкчылыкка ээ болгон иш-милдеттердин бири катары каралууга тийиш.
3. Укукка каршы жосундардын өзгөчө терс көрүнүштөрүнүн бири болуп материалдык зыянды жана моралдык залалды келтирүү менен коштолгон кылмыштар (жоруктар) саналат.
Ушуга байланыштуу, мыйзам чыгаруучу инсанды, коомду жана мамлекетти кылмыштардан жана жоруктардан коргоону, алардын тез жана толук иликтенишин гана эмес, материалдык зыяндын жана моралдык залалдын ордун толтурулушун камсыз кылууну жазык сот өндүрүшүнүн иш-милдеттерине киргизгени логикалык жактан туура жана калыс.
Сотко чейинки өндүрүш органдары белгиленген иш-милдеттерди жүзөгө ашыруунун укуктук механизмдери катары мыйзамда белгиленген тартипте жазык-процесстик мажбурлоо чараларын колдонот, алардын ичинде мүлккө камак салуу түрү өзгөчө орунду ээлейт. Ал, эгер сотко чейинки өндүрүштү жүзөгө ашырып жаткан органда шектүүнүн, айыпталуучунун кылмыштуу аракеттеринин натыйжасында мүлккө ээ болгон деген жетиштүү негиздери болсо, материалдык зыяндын жана моралдык зыяндын ордун толтурууга жооптуу шектүүнү, айыпталуучунун же башка жактардын мүлкүн камакка алууну болжойт.
Мүлккө камак салуу – бул жазык-процесстик мажбурлоо чарасы, анын маңызы менчик ээсине (мүлктүн ээсине) аны тескөөгө жана зарыл учурларда аны пайдаланууга тыюу салуудан, ошондой эле мүлктү алып коюудан жана сактоого өткөрүп берүүдөн турат. Мүлккө камак салуунун негизги максаты болуп анын мүмкүн болуу ажыратууга, жок кылууга же катууга тоскоолдуктарды орнотуу саналат. Мүлккө камак салуунун мазмунунан менчик ээсинин укугун чектөө келип чыгат, мында дайыма аны тескөө укугу, ал эми айрым учурларда аны колдонуунун натыйжасында анын пайдалуу сапаттары жоголо турганда пайдалануу укугу чектелет. Эгер тескөө жана пайдалануу боюнча укуктарды чектөө мүлккө камак салуунун максаттарын камсыз кыла албаса, ээлик кылуу укугун чектөөгө да жол берилет, анда мүлк алынат жана башка адамдарга же органга сактоого өткөрүп берилет (жазык-процесстик кодекстин 123-беренесинин 6, 8-бөлүктөрү). Ошентип, камакка алынган мүлк сатылышы, белек болушу, алмаштырылышы, жок кылынышы, ижарага берилиши же күрөөгө коюлушу мүмкүн эмес. Ошон үчүн бул мажбурлоочу чара кылмыш менен келтирилген материалдык зыяндын жана моралдык залалдын ордун тургузуу бөлүгүндө, ошондой эле мүлктү конфискациялоо сыяктуу таасир этүүнүн колдонулушу соттун өкүмүн камсыз кылуунун өзгөчө натыйжалуу ыкмаларынын бири болуп саналат.
Мүлккө камак салуу, бир жагынан, алдын алуучулук, ал эми, экинчи жагынан, камсыз кылуучу мүнөзгө ээ.
Мүлккө камак салууну колдонуунун өзгөчөлүктөрү, эң башкысы, эреже боюнча анын кечиктирилгистиги менен шартталган. Бул чараны колдонуунун кечиктирилгистиги шектүүнүн, айыпталуучунун уурдалган мүлктү таптырбоо, мыйзамдуу алдыруу же конфискациялоо максатында жигин жашыруу жана ажыратып бутташтыруу боюнча мүмкүн болуучу аракеттерин алдын алуучулук тартипте жокко чыгаруу зарылдыгы баш болот. Ушундан улам, сотко чейинки өндүрүш органдарынын кызмат адамдары мыйзам белгиленген процесстик тартипте алынган жеткиликтүү нагыз маалыматтардын негизинде камакка алынуучу мүлктүн объективдүү тизмесин өз убагында аныктоого милдеттүү жана ал кылмыш (жорук) менен келтирилген материалдык зыяндын жана моралдык залалдын ордун тургузуу же мүлктү конфискациялоо бөлүгүндө өкүмдүн аткарылышын кийин жагында камсыз кылууга жатат.
Мүлккө камак салуунун алгачкы озуйпасы тергөө судьясынын бул процесстик мажбурлоо чарасы жөнүндө колдонуудагы процесстик-укуктук кароо тартибин олуттуу өлчөмдө аныктайт.
Жазык-процесстик кодекстин талаптарына ылайык мүлккө камак салуу жөнүндө өтүнмөнү козгоо тууралуу сотко чейинки өндүрүштү жүзөгө ашырган адамдын токтому материалдар сотко келип түшкөн күндөн тартып 24 сааттын ичинде сотко чейинки өндүрүштүн жери боюнча прокурордун катышуусу менен соттук отурумда тергөө судьясы тарабынан каралууга жатат. Соттук отурумга шектелүүчү, жактоочу жана мүлктүн баасын аныктаган адис катышууга укуктуу (259-берененин 2-бөлүгү).
Мыйзам чыгаруучу мүлктүн нагыз ээлери болгон, бирок материалдык зыяндын же моралдык залалдын ордун тургузууга жооптуу эмес адамдардын соттук отурумда алдын ала билдирме берүү жана кийин жагында катышуу мүмкүндүгүн караштырган эмес.
Кыргыз Республикасынын Жогорку сотунун Конституциялык палатасы арыздануучулар шилтеме жасаган талашылып жаткан ченемдерди конституциялык орнотмолор көз карашынан баалап келип, мыйзам чыгаруучунун мындай мамилеси материалдык зыян менен келтирилген зыяндын ордун милдеттүү тургузууну болжогон кылмыштардан (жоруктардан) жабырлануучулардын укуктарын жана мыйзамдуу кызыкчылыктарын соттук коргоо жөнүндө конституциялык кепилдикти камсыз кылуунун зарыл гана эместиги менен шартталып, жазык-процесстик тартиптин кийинки жагдайлары менен акталган деп эсептешет.
Биринчиден, жазык-процесстик, мажбурлоочу чара катары мүлккө камак салуу мыйзам менен белгиленген жазык-процесстик тартипте алынган жана камакка алынуучу мүлк шектүүнүн, айыпталуучунун кылмыштуу аракеттеринин натыйжасында табылган жетиштүү нагыз маалыматтар болгондо; же ал материалдык зыяндын, моралдык залалдын ордун тургузуу жөнүндө мүмкүн болуучу соттук актыны же жазык мыйзамы менен караштырылган мүлктү конфискация сыяктуу жазык таасир этүү чарасын камсыз кылуу үчүн зарыл.
Экинчиси, мыйзам чыгаруучу ушул чектөө чарасын соттун өзгөчө ыйгарым укугуна карата колдонуусун таандык кылып, анын спецификасын эске алып, аны жүзөгө ашыруунун кыска мөөнөтүн 24 саат деп белгилеген.
Үчүнчүсү, адамдардын кеңири чөйрөсүн алдын ала билдирүү жана бардык кызыкдар тараптарды өз убагында билдирүү аркылуу маселенин чечилишин сот отурумунда болуусуна байлоо ниети таза эмес адамдар үчүн уурдалган же баалуулугу бар мүлктү кандайдыр бир бутташтырууга убакыт берүү менен бул процесстик чаранын аз- же такыр натыйжалуу эместигине алып келиши мүмкүн, аны менен жабырлануучулардын укуктарын толугу менен калыбына келтирүү, ошондой эле жазык таасир этүүнүн башка чараларын камсыз кылуу мүмкүндүгү азаят.
Ошону менен бирге, бул процесстик чаранын кечиктирилгис мүнөзүнө карабастан жана бардык кызыкдар тараптарды өз убагында билдирүү мүмкүндүгүнүн жоктугуна байланыштуу, ага карабастан, судьялар өз демилгеси менен сот отурумуна келген жана мүлккө камак салуу жөнүндө сот актысы менен мүлктүк кызыкчылыктарына таасири тийиши мүмкүн болгон жактарга соттор катыштыруудан баш тартууга укуктуу эмес. Андай болбогон учурда сот адилеттигинин жеткиликтүүлүгүнүн өзөктүү конституциялык принциптеринин бири бузулат, ал соттук коргоого укуктан келип чыгат жана ал өзүнүн маңызы боюнча абсолюттук укук.
Баяндалганды эске алуу менен, Кыргыз Республикасынын Жогорку сотунун Конституциялык палатасы Кыргыз Республикасынын Жазык-процесстик кодексинин 259-беренесинин 2-бөлүгү жазык сот өндүрүшүнүн коомдук-укуктук максаттарына жооп берет жана Кыргыз Республикасынын жазык-процесстик кодексинин башка ченемдеринин негизинде кызыкдар адамдар үчүн сот адилеттигинин жеткиликтүүлүк принцибин соттор бузбай турган шарттарда Кыргыз Республикасынын Конституциясынын 16-беренесинин 3-бөлүгүнө, 6-беренесинин 3-бөлүгүнө, 20-беренесинин 5-бөлүгүнүн 3, 8-пункттарына, 40-беренесинин 1, 2-бөлүктөрүнө, 99-беренесинин 3, 5-бөлүктөрүнө карама-каршы келбейт деген тыянакка келет.
4. Мүлккө камак салуу жөнүндө озуйпа маңыздуу коомдук-укуктук мүнөзгө ээ болгонуна карабастан, бул чектөөнү бардык тараптардан жөнгө салуу бышыкталуу жана коомдук жана жеке кызыкчылыктардын тең салмактуулугун бузбаш керек. Кыргыз Республикасынын Жогорку сотунун Конституциялык палатасынын 2014-жылдын 10-сентябрындагы чечиминде Конституциянын 12-беренесинин 2-бөлүгүнүн 20-берене (2-бөлүгү) менен байланыштагы мазмуну боюнча, башка адамдардын укуктарын жана эркиндиктерин коргоо максатында менчик укугун чектөө, негизинен жабырлануучунун укугун калыптандырууну камсыз кылуу жана ага келтирилген зыяндын ордун толуктоо зарылдыгы менен шартталышы мүмкүн деп белгиленген.
Менчик укуктарын чектөө чөйрөсүнө жазык процессинин катышуучусу болбогон жактар (шектүүлөр, айыпталуучулар) туш болгондо чоң ыктымалдык менен бул маселедеги тең салмактуулук бузулат, алар ар кандай жагдайлардын күчүнөн улам, анын ичинде шектүүлөрдүн, айыпталуучулардын аракеттери менен байланышпаган жагдайлардын күчүнөн улам менчигинин камакка алынышына туш болушат. Башка сөз менен айтканда, сотко чейинки өндүрүш органдарынын божомолу боюнча белгилүү мүлк шектүүнүн, айыпталуучунун кылмыштуу аракеттери менен байланыштуу болгондо, бирок, менчик ээлеринин пикири боюнча ал андай эмес болуп саналат.
Кыргыз Республикасынын Жазык-процесстик кодексинин 259-беренесинин 5-бөлүгүнө ылайык мыйзам чыгаруучу мүлккө камак салуу жөнүндө өтүнмөнү канааттандыруудан баш тартуу тууралуу тергөө судьясынын токтомун прокурорго же шектүүгө, жактоочуга, жабырлануучуга, анын өкүлүнө даттануу мүмкүндүгүн берген. Ошол эле учурда мүлккө камак салуу тууралуу тергөө судьясынын токтомун даттануу мүмкүндүгүн караштырган эмес. Мында тергөө судьясынын токтомун даттанууга укуктуу адамдардын ичинде ушул токтом менен мыйзамдуу кызыкчылыктары бузулушу мүмкүн болгон башка жактар киргизилген эмес.
Соттук коргоого укук жана ишти жогору турган сотто карай каратуу укугу Кыргыз Республикасынын Конституциясында бекитилген өз ара түзүүчү жана өз ара шартталган укуктук кепилдиктер болуп саналат (Конституциянын 20-беренесинин 5-бөлүгүнүн 3, 8-пункттары).
Кыргыз Республикасынын Конституциясы ар кимге укуктарды жана эркиндиктерди соттук коргонуусун кепилдик кылып жатып, ошол эле учурда сот процессинин катышуучуларынын процесстик укуктары, ошондой эле аларды ишке ашыруу тартиби мыйзам тарабынан аныкталарын карайт (99-берененин 5-бөлүгү). Аны менен, сот адилеттигин жүзөгө ашыруунун спецификасын эске алып, кызыкдар адамдар бузулган укукту же мыйзам менен кайтарууга алынган кызыкчылыкты коргоо үчүн сотко так белгиленген тартипте кайрылууга укуктуулугун болжойт. Мында сотко кайрылууда мыйзам чыгаруучу тарабынан кабыл алынган талаптар бирдей даражада, бардык учурларда бардык кайрылуучулар үчүн милдеттүү болуу керек, сот адилеттигине жетишүүдө негизсиз тоскоолдуктарды жаратпаш керек (2020-жылдын 16-сентябрындагы чечим).
Кыргыз Республикасынын Жогорку сотунун Конституциялык палатасы 2014-жылдын 31-октябрындагы, 2018-жылдын 4-апрелиндеги чечимдеринде соттук коргонууга укуктун натыйжалуу кепилдиги болуп ишти жогорку сотто кайра каратуу укугу саналат деп белгилеген. Сот чечимдерине даттануу укугу сот өндүрүшү жаатында инсандын укуктарынын кепилдиктерин бекиткен эл аралык-укуктук актылардын жана Кыргыз Республикасынын Конституциясынын ар кимге жогору турган сот тарабынан ишти кайра каратуу укугун берген 20-беренесинин 5-бөлүгүнүн 3-пунктунун маңызынан келип чыгат. Бул укук соттук коргонууга болгон укуктун курамаларынын бири болуп саналат жана абсолюттук мүнөзгө ээ болот, кандайдыр бир чөйрөдө же болбосо башка жагдайлар боюнча чектелиши мүмкүн эмес, анткени мыйзамсыз, негизсиз же адилетсиз сот актысы соттук коргоо каражаты болуп кызмат кыла албайт.
Кыргыз Республикасынын Конституциясына жана жазык-процесстик мыйзамдарына ылайык жазык сот өндүрүшү айыптоочу жана коргоочу тараптардын тең укуктуулугу жана атаандаштыгы негизинде жүргүзүлүш керек (Конституциянын 99-беренесинин 3-бөлүгү, ЖПК 18-беренесинин 1-бөлүгү). Жазык процессинин уюштурулушунун негизинде ушул принцип кабыл алынган учурда гана айыптоонун жана коргоонун иш-милдеттерин так бөлүштүрүү, далилдерди тапшыруу жана өзүнүн көз караштарын көрсөтүү боюнча бирдей мүмкүндүктөрдү берилиши мүмкүн. Андан тышкары, жазык сот өндүрүшүнүн иш-милдети болуп кылмыштардан жана жоруктардан инсанды, коомду жана мамлекетти коргоо дагы, инсанды мыйзамсыз жана негизделбеген айыптоодон, соттоодон, анын укуктары менен эркиндиктерин чектөөдөн коргоо дагы бирдей даражада таанылат (6-берененин 1, 2-пункттары).
Жазык иши боюнча шектүү, айыптуу болуп саналбаган жактын мүлкүнө камак салуу бардык учурларда анын конституциялык укуктары менен эркиндиктерине олуттуу жана сезгендей таасир этүү болуп саналат. Ушуга байланыштуу, ал өзүнүн кызыкчылыктарын коргоо үчүн реалдуу кандай укуктук механизмдерге ээ болгону олуттуу мааниге ээ.
Мүлккө камак салуу жазык сот өндүрүшүн камсыз кылуунун мажбурлоочу чара болуп, тек процесстик мүнөзгө ээ болот, демек, эркин болушу мүмкүн эмес жана конкреттүү жактын кылмыш ишине же конкреттүү мүлктүн чыгыш тегинин кылмыштуу мүнөзүнө таандык болуусу менен шартталышы керек. Сотко чейинки өндүрүштү жүзөгө ашырып жаткан мүлккө кама салуу тууралуу өтүнүп жаткан адам тергөө судьясына мүлккө камак салуу үчүн негизделген, процесстик жактан бекемделген негиздерди бериш керек. Бирок, көп учурда мүлккө камак салуунун кечиктирилгис мүнөзү, аны сотко чейинки өндүрүш органдарынын колдонулушу боюнча жүйөлөр катары жыйындысы пайдаланылышы мүмкүн, анын ичинде тиешелүү жазык-процесстик тариздөөсүз ыкчам-издөө маалыматтары далил мүнөзүнө ээ болбойт, мүлккө камак салуу тууралуу маселени чечүүдө соттук катанын болуу мүмкүндүгү жөнүндө олуттуу негиздер бар экендигин болжоого түрткү берет.
Ошол эле учурда, сотко чейинки жана соттук стадияларында тергөөнүн узак мөөнөттөрүндө камак тартибин сактоо, ошондой эле мыйзамдарда каралган учурларда менчик ээлеринин укуктарын коргоонун натыйжалуу механизмдеринин жок болгондо тергөөнү белгисиз мезгилге токтото туруу соттун чечими менен гана колдонулуучу мүлктү алып салуу менен салыштырса болот. Мындан менчик объектилерин камакка салуу тартиби, анын ичинде жазык процессинин катышуучуларынын статусуна ээ болбогон, бирок камакка салынган объектинин нагыз ээлери болгон жактар үчүн ал жалпысынан козголбос жана талашпай турган болушу мүмкүн эмес, алар сотко чейинки дагы, сот өндүрүшүнүн дагы этаптарында мүлктүк укуктардын чектелишинин негиздүүлүгүн талашууга укуктуу болушу мүмкүн жана болуш керек.
Адамдар (жактар) шектүүнүн, айыпталуучунун кылмыштуу иштеринен камакка алынган мүлктүн алардын менчигинде пайда болуусунун себептүү байланышынын жоктугу жөнүндө жетиштүү деңгээлде негизделген жүйөлөрдү келтиришин эске алып, алардын соттук отурумда катышуусунун мүмкүн эместиги ар кимдин сот адилеттигине реалдуу жетишүүсүнүн конституциялык кепилдигин камсыз кылбайт. Мүлккө камак салуу жөнүндө өтүнмөнү канааттандыруу тууралуу тергөө судьясынын токтомун даттанууга укукту жазык процессинин катышуучуларына, ошондой белгиленген жактардын категориясына берилбегени менчик ээлеринин укуктарын коргоонун процесстик кепилдиктерсиз мүлккө камак салуу мүмкүндүгүнө алып келет, демек Кыргыз Республикасынын Конституциясынын 16-беренесинин 3-бөлүгүнүн, 20-беренесинин 5-бөлүгүнүн 3, 5-пункттарынын, 40-беренесинин 1, 2-бөлүктөрүнүн, 99-беренесинин 3-бөлүгүнүн көрсөтмөлөрүнө жооп бербейт.
Жазык-процесстик кодексинин жазык сот өндүрүшүнүн пайдубал принциптеринде ар кандай процесстик аракеттердин (аракетсиздиктердин) жана чечимдердин даттануу принциби (21-берене), сөзсүз, мүлккө камак салуу жөнүндө тергөө судьясынын чечимин даттануу маселесинде жүзөгө ашырылуусу керек, андай укук шектүү же айыпталуучу болбогон адамдарга (жактар) берилиш керек.
Белгиленген тартиптин колдонуудагы укуктук жөнгө салуусунун кемчиликтери шектүүнүн, айыпталуучунун кылмыштуу аракеттери менен кандайдыр бир байланышы болбогон адамдардын (жактардын) менчик укугунун жол берилгис чектелишине алып келиши мүмкүн.
Ошентип, мүлккө камак салууну, анын ичинде шектүү, айыпталуучу болбогон адамдардын (жактардын) же мыйзам боюнча материалдык жактан жоопкерчиликтүү болгон адамдын (жактын) даттанууга мүмкүндүгүнүн жоктугу кол тийгистик принцибинен, соттук коргоо кепилдигинен, жазык сот өндүрүшүндө тараптардын атаандаштыгы жана тең укуктуулугу принцибинен келип чыгуучу менчик укугун ойдогудай коргоону камсыз кылбайт, андыктан Кыргыз Республикасынын Конституциясынын 16-беренесинин 3-бөлүгүнө, 20-беренесинин 5-бөлүгүнүн 3, 5-пункттарына, 40-беренесинин 1, 2-бөлүктөрүнө, 99-беренесинин 3, 5-бөлүктөрүнө ылайык келүүсү таанылышы мүмкүн эмес.
Жогоруда баяндалгандын негизинде, Кыргыз Республикасынын Конституциясынын 97-беренесинин 6-бөлүгүнүн 1-пунктун, 7 жана 8-бөлүктөрүн, «Кыргыз Республикасынын Жогорку сотунун Конституциялык палатасы жөнүндө» конституциялык мыйзамдын 46, 47, 48, 51 жана 52-беренелерин жетекчиликке алып, Кыргыз Республикасынын Жогорку сотунун Конституциялык палатасы Жазык сот өндүрүшү айыптоо жана коргоо тараптарынын тең укуктуулугу жана атаандаштыгы негизинде жүзөгө ашырат (18-беренесинин 1-бөлүгү) деп
Ч Е Ч Т И:
1. Кыргыз Республикасынын Жазык-процесстик кодексинин 259-беренесинин 2-бөлүгү ушул Чечимдин жүйөлөштүрүү бөлүгүнүн 3-пунктуна ылайык колдонулушу шартында Кыргыз Республикасынын Конституциясынын 16-беренесинин 3-пунктуна, 40-беренесинин 1, 2-бөлүктөрүнө, 99-беренесинин 3, 5-бөлүктөрүн карама-каршы келбейт деп таанылсын.
2. Кыргыз Республикасынын Жазык-процесстик кодексинин 259-беренесинин 5-бөлүгү мүлккө камак салуу жөнүндө тергөө судьясынын токтому аркылуу укуктары бузулган адамдардын (жактардын) ушул токтомго даттануу мүмкүндүгү каралбаган бөлүктө Кыргыз Республикасынын Конституциясынын 16-беренесинин 3-пунктуна, 20-беренесинин 5-бөлүгүнүн 3, 8-пункттарына, 40-беренесинин 1, 2-бөлүктөрүнө, 99-беренесинин 3, 5-бөлүктөрүн карама-каршы келет деп таанылсын.
3. Чечим акыркы жана даттанууга жатпайт, жарыяланган учурдан тартып күчүнө кирет.
4. Чечим бардык мамлекеттик органдар, жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары, коомдук уюмдар, юридикалык жана жеке жактар үчүн милдеттүү жана бүт республиканын аймагында аткарылууга жатат.
5. Ушул чечим мамлекеттик бийлик органдарынын расмий басылмаларында, Конституциялык палатанын расмий сайтында жана «Кыргыз Республикасынын Жогорку сотунун Конституциялык палатасынын жарчысында» жарыяласын.
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ЖОГОРКУ СОТУНУН КОНСТИТУЦИЯЛЫК ПАЛАТАСЫ
Бул иш боюнча судья М.Р. Бобукееванын ѳзгѳчѳ пикири бар (тѳмѳндѳгүнү караңыз).
Кыргыз Республикасынын Жогорку сотунун Конституциялык палатасынын судьясы Меергуль Рыскулбековна Бобукееванын
өзгөчө пикири
«Кыргыз Республикасынын Жогорку сотунун Конституциялык палатасы жөнүндө» конституциялык Мыйзамдын 49-беренесине ылайык Владимир Александрович Лесниченконун, Сухраб Шавкатович Касымовдун, ошондой эле «Фирма AKIF» («АКИФ») кыргыз-россия жоопкерчилиги чектелген коомунун кызыкчылыгын көздөгөн Ислам Султанович Боровдун кайрылууларына байланыштуу Кыргыз Республикасынын Жазык-процесстик кодексинин 259-беренесинин 2, 5-бөлүктөрүнүн конституциялуулугун текшерүү жөнүндө иш боюнча Кыргыз Республикасынын Жогорку сотунун Конституциялык палатасынын чечиминин (резолютивдик бөлүктүн 1-пункту) жүйөлөштүрүүчү бөлүгүнүн 3-пунктуна карата өзгөчө пикиримди баяндайм.
Конституциялык палатанын Жазык-процесстик кодекстин 259-беренесинин 5-бөлүгүнүн конституциялуу эместиги жөнүндө жүйөлөштүрүүчү жана резолютивдик бөлүгүндө камтылган тыянактарына кошулам.
Бирок, Жазык-процесстик кодексинин 259-беренесинин 2-бөлүгү боюнча Конституциялык палата мүлктүн нагыз ээси болгон менчик ээлеринин мүлкүн камакка салуу жөнүндө соттук акт менен алардын кызыкчылыктарына залака тийиши мүмкүндүгү жагында, алардын «тагдырын жеңилдетүү» үчүн атайын эскертме жолу менен компромисс табууга аракет кылган. Алсак, Конституциялык палата мындай көз карашын негиздеп берүүдө, бул процесстик чаранын ыкчамдуулугуна жана бардык кызыкдар тараптарды билдирүүнүн катуу зарылдыгынын болбогондугуна карабастан, соттор мүлккө камак салуу жөнүндө соттук акты кызыкчылыктарына залал келиши мүмкүн болгон жана өзүнүн демилгеси менен соттук отурумга келген жактардын катышуусунан баш тартууга укуктуу эмес деп белгилеген.
Чечимдин жүйөлөштүрүүчү бөлүгүндөгү 3-пунктта келтирилген мындай аргументация менен макул боло албайм, демек, резолютивдик бөлүктөгү тыянак менен да макул боло албайм, анткени суроонун минтип жөнгө салынуусу көйгөйдүн өзөгүн чечпестен кайра көптөгөн суроолордун жаралышына алып келет. Өзгөчө, укук колдонуучулар укукка ченемдик мамиле жасоону көрүп турганда мыйзамдагы ченемдердин формалдуу түрдө бекитилүү милдеттүүлүгүнүн өзү тобокел, анткени жазык мыйзамдарда мүлккө камак салуу жөнүндө соттук акт менен кызыкчылыктарына залал келиши мүмкүн болгон жактын процесстик статусунун жоктугу алардын соттук процесске катышуу мүмкүндүгүнө жана соттук коргонууга болгон укугун жүзөгө ашырууда терс таасирин тийгизиши мүмкүн.
Андан тышкары, менчик укугунун кепилдиктери жөнүндө конституциялык орнотмолор менчик укугунун колтийбестигин камсыз кылуу боюнча милдеттенме мамлекеттики экенин айкын жана түздөн-түз көрсөтүүдө, андай болбогон учурда бул принцип конкреттүү укуктук мазмунуна ээ болбогон жөн гана декаларация бойдон калууда.
Көрсөтүлгөндөр укуктук мамлекет үчүн такыр жол берилгис, анткени мүлккө камак салуу жөнүндө мүлк ээсинин нагыз катышуусуз маселе чечилип жатканда, колтийбес объект катары менчик укугун коргоонун конституциялык кепилдиги менчиктин юридикалык тагдырын аныктоо маселесин чечүүдө шек санатат, аны менен ал тобокелге дуушар. Анысы аз келгенсип, соттук процесске катышуу укугунан ажыратылган мүлк ээси өзүнүн мүлкүнүн андан аркы тагдырынын маселеси боюнча аны толук кандуу коргоодон ажыратылат, ал эми бул укуктук жана демократиялык мамлекеттин пайдубалы болгон соттук коргоо укугунан ажыратылууга тете, анткени ал Кыргыз Республикасынын Конституциясы менен кепилденген адамдын, жарандын башка бардык укуктары менен эркиндиктерин камсыз кылууга жол берет, ал эми зары болгон учурда аларды калыбына да келтирет.
Жазык-процесстик кодекстин 259-беренесинин 2-бөлүгүндө көрсөтүлгөн процесстик аракеттердин алкагында тергөө судьясы сот бийлигин жүзөгө ашыруунун формасы жана функциясы болгон соттук контролду жүзөгө ашырат жана адамдын укуктарын коргоонун бузулушун болтурбоого да, камсыз кылууга да багытталган.
Ушуга байланыштуу, тергөө судьясынын мүлккө камак салуу жөнүндө чечими болушунча жүйөлүү жана мүлктүн шектүүгө таандык болгонун далилдөөчү ырасталган маалыматты камтыш керек. Башкача айтканда, тергөө судьясы чечимди эмненин негизинде кабыл алгандыгынын конкреттүү нагыз жагдайларын көрсөтүп, камакка салынган мүлккө элик кылуу, аны пайдалануу жана тескөөгө байланыштуу чектөөлөрдү мүлккө камак салуу жөнүндө өзүнүн токтомунда негиздеп бериш керек. Тергөө судьясына мүлккө камак салынышы мүмкүн болгон мүлктүн шектүүгө таандык экендигине түз байланышты белгилөө боюнча туура баа берүү милдети жүктөлөт. Башка сөз менен айтканда, мүлккө камак салуу жөнүндө чечимде мүлккө камак салуунун негиздери жөнүндө, камакк салына турган мүлктүн тизмеси жөнүндө, анын жайгашкан орду жана кимге таандык экендиги жөнүндө маалыматты көрсөтүү зарыл.
Конституциялык палатанын Чечиминин жүйөлөштүрүүчү бөлүгүндө баяндалган аргументтерди изилдеп, ошондой эле Жазык-процесстик кодекстин 259-беренесинин 2-бөлүгүнүн диспозициясын талдап, кийинкидей мыйзам ченемдүү суроо туулат: алдын ала тергөөдө соттук контролдоонун мааниси эмнеде жана тергөө судьясы иш боюнча кызыкдар адамдардын бардыгын кыска мөөнөт ичинде (24 саат) кантип тарта алат? Демек, талашылып жаткан ченем менчиктин колтийбестик принцибин алыстаткан, соттук контролдоонун озуйпасын бурмалаган укуктук фикциянын классикалык формасы экен, натыйжада ал мүлктүн нагыз ээлеринин укуктарынын бузулушуна алып келет деген тыянакка келсе болот.
Судья М.Р. Бобукеева