Загрузка документа…
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ӨКМӨТҮ
ТОКТОМ
2015-жылдын 19-августу № 584
Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2004-жылдын 5-апрелиндеги № 229 "Кыргыз Республикасынын жаранын аргасыз мигрант деп таануу жөнүндө жобону бекитүү тууралуу" токтомуна өзгөртүүлөрдү жана толуктоо киргизүү жөнүндө
Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актыларын инвентаризациялоо боюнча жүргүзүлгөн иштин алкагында, "Кыргыз Республикасынын Өкмөтү жөнүндө" Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 10 жана 17-беренелерине ылайык Кыргыз Республикасынын Өкмөтү токтом кылат:
1. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2004-жылдын 5-апрелиндеги № 229 "Кыргыз Республикасынын жаранын аргасыз мигрант деп таануу жөнүндө жобону бекитүү тууралуу" токтомуна төмөнкүдөй өзгөртүүлөр жана толуктоо киргизилсин:
- жогоруда аталган токтом менен бекитилген Кыргыз Республикасынын жаранын аргасыз мигрант деп таануу жөнүндө жободо:
преамбула күчүн жоготту деп таанылсын;
1-пунктта:
- төмөнкүдөй мазмундагы биринчи абзац менен толукталсын:
"Ушул Кыргыз Республикасынын жаранын аргасыз мигрант деп таануу жөнүндө жобо (мындан ары - Жобо) Кыргыз Республикасынын жаранын аргасыз мигрант деп таануу жөнүндө расмий өтүнүчтү кароо жана чечимди кабыл алуу, ошондой эле аргасыз мигрант статусун токтотуу тартибин аныктайт.";
- "в" пунктчасындагы "Кыргыз Республикасынын Коргоо министрлигинин, Кыргыз Республикасынын Ички иштер министрлигинин, Кыргыз Республикасынын Экология жана өзгөчө кырдаалдар министрлигинин" деген сөздөр "коргоо, ички иштер жана жарандык коргонуу чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдардын" деген сөздөр менен алмаштырылсын;
2-пункттагы "Кыргыз Республикасынын Тышкы иштер министрлигине караштуу Миграциялык кызмат департаменти жана анын аймактык башкармалыктары" деген сөздөр "миграция чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу мамлекеттик орган жана анын аймактык бөлүнүштөрү" деген сөздөр менен алмаштырылсын;
3 жана 4-пункттар күчүн жоготту деп таанылсын;
10 жана 11-пункттар төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:
"10. Өзүн аргасыз мигрант деп таануу жөнүндө расмий өтүнүчтү берген жаран миграциялык кызмат органдарына расмий өтүнүч менен бирге паспортун же анын ким экендигин күбөлөндүрүүчү жана Кыргыз Республикасынын жарандыгына таандыгын ырастаган башка документин берет.
Расмий өтүнүчкө, эгерде алар бар болсо төмөнкүдөй документтер же алардын көчүрмөлөрү да тиркелет:
- жарандын өзгөчө абал киргизилген же куралдуу кагылыштар, массалык баш аламандыктар, экологиялык кыйроо болгон аймакта туруктуу жашагандыгынын фактысын ырастаган документтер;
- он алты жашка чыга элек адамдар үчүн - туулгандыгы тууралуу күбөлүк;
- никеси же никеси бузулгандыгы тууралуу күбөлүк;
- пенсиялык күбөлүк.
11. Миграциялык кызмат органынын кызматкери расмий өтүнүчтү кабыл алууда анын толук жана туура толтурулгандыгын текшерет.
Расмий өтүнүчтү кароо үчүн зарыл болгон бардык документтер берилген күн расмий өтүнүч берилген дата болуп саналат.";
12-пункттун үчүнчү абзацындагы "кыска мөөнөттүн" деген сөздөр "эки күндүк мөөнөттүн" деген сөздөр менен алмаштырылсын;
14-пункттун экинчи абзацындагы "расмий өтүнүчкө колун койгон" деген сөздөр "расмий өтүнүчтө көрсөтүлгөн" деген сөздөр менен алмаштырылсын;
16-пункттагы "баш тартылышы мүмкүн" деген сөздөр "баш тартылат" деген сөздөр менен алмаштырылсын;
20-пункттагы "жокко чыгарылышы мүмкүн" деген сөздөр "жокко чыгарылууга тийиш" деген сөздөр менен алмаштырылсын.
2. Ушул токтом расмий жарыяланган күндөн он беш күн өткөндөн кийин күчүнө кирет.
Премьер-министр | Т.А.Сариев |