Загрузка документа…
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН атынан КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ЖОГОРКУ СОТУНУН КОНСТИТУЦИЯЛЫК ПАЛАТАСЫНЫН ЧЕЧИМИ
Бишкек шаары, 2021-жылдын 17-марты
Кайбидин Турабаевич Исаевдин кайрылуусуна байланыштуу Кыргыз Республикасынын Административдик-процесстик кодексинин 268-беренесинин 1-бөлүгүнүн «маңызы боюнча чыгарылган» деген сөздөр менен берилген ченемдик жобосунун конституциялуулугун текшерүү жөнүндө
Кыргыз Республикасынын Жогорку сотунун Конституциялык палатасы:
төрагалык кылуучу – К.А. Дуйшеевдин, судьялар М.Р. Бобукееванын, Л.П. Жумабаевдин, М.Ш. Касымалиевдин, К.Дж. Кыдырбаевдин, Э.Ж. Осконбаевдин, Ж.И. Саалаевдин, Ж.А. Шаршеналиевдин
курамында, катчы С.А. Джолгокпаеванын,
жоопкер тарап – Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин ишеним кат боюнча өкүлдөрү Мирлан Абылбекович Букашевдин, Адилет Кайратбекович Кайратбековдун;
башка жактар – Кыргыз Республикасынын Жогорку сотунун ишеним кат боюнча өкүлү Эркин Бакбурович Искаковдун катышуусу менен,
Кыргыз Республикасынын Конституциясынын 97-беренесинин 1 жана 6-бөлүктөрүн, «Кыргыз Республикасынын Жогорку сотунун Конституциялык палатасы жөнүндө» конституциялык Мыйзамдын 4, 18, 19, 37, 42-беренелерин жетекчиликке алып, Кыргыз Республикасынын Административдик-процесстик кодексинин 268-беренесинин 1-бөлүгүнүн «маңызы боюнча чыгарылган» деген сөздөр менен берилген ченемдик жобонун конституциялуулугун текшерүү жөнүндө ишти ачык соттук отурумда карап чыкты.
К.Т. Исаевдин өтүнүчү бул ишти кароого себеп болду.
Ишти кароого негиз болуп Кыргыз Республикасынын Административдик-процесстик кодексинин 268-беренесинин 1-бөлүгүнүн «маңызы боюнча чыгарылган» деген сөздөр менен берилген ченемдик жобонун Кыргыз Республикасынын Конституциясына ылайык келүүсү маселесинде пайда болгон күмөндүүлүк саналат.
Ишти соттук отурумга даярдоону жүргүзгөн судья-баяндамачы Э.Ж. Осконбаевдин маалыматын угуп, келтирилген материалдарды изилдеп чыгып, Кыргыз Республикасынын Жогорку сотунун Конституциялык палатасы
Т А П Т Ы:
Кыргыз Республикасынын Жогорку сотунун Конституциялык палатасына 2020-жылдын 14-сентябрында Кыргыз Республикасынын Административдик-процесстик кодексинин 268-беренесинин 1-бөлүгүнүн «маңызы боюнча чыгарылган» деген сөздөр менен берилген ченемдик жобонун Кыргыз Республикасынын Конституциясынын 20-беренесинин 5-бөлүгүнүн 8-пунктуна, 40-беренесинин 1, 2-бөлүктөрүнө ылайык келүүсүн текшерүү жөнүндө өтүнүчү келип түшкөн.
Өтүнүчтүн мазмунунан келип чыккандай, Бишкек шаарынын мэриясынын токтому менен К.Т. Исаевге убактылуу пайдаланууга жер тилкеси берилген, кийин ал мэрия тарабынан ага менчикке чыгарылып берилген.
Арыздануучу өзүнүн кайрылуусунда, 2019-жылы И.К. Ахунбаев атындагы Кыргыз мамлекеттик медициналык академиясы арыздануучу үчүнчү жак болуп саналган Бишкек шаарынын мэриясынын жогоруда көрсөтүлгөн токтомдорун жараксыз деп таануу жөнүндө административдик доо менен Бишкек шаарынын мэриясына кайрылган деп көрсөтөт.
Кайрылуунун субъекти жогоруда көрсөтүлгөн доо арыз менен бирге АПК 110-беренесинин 2-бөлүгүнүн негизинде өткөрүлгөн мөөнөтүү калыбына келтирүү жөнүндө өтүнүч келип түшкөн. Көрсөтүлгөн өтүнүч Бишкек шаарынын Райондор аралык соттун аныктамасы менен канааттандырылган.
Андан ары К.Т. Исаев бул аныктама Бишкек шаардык сот жана Кыргыз Республикасынын Жогорку соту тарабынан каралган жана күчүндө калтырылганын көрсөтөт.
К.Т. Исаев бул иш боюнча үчүнчү тарап болгондуктан, анын өкүлү кайтадан ачылган жагдайлар боюнча өткөрүлгөн мөөнөттү калыбына келтирүү жөнүндө соттун биринчи инстанциясынын мыйзамдуу күчүнө кирген аныктамасын кайра кароо жөнүндө соттун биринчи инстанциясына арыз берген. Арыздануучунун пикири боюнча И.К. Ахунбаев атындагы Кыргыз мамлекеттик медициналык академиясы Кыргыз Республикасынын Борбордук мамлекеттик архивинин жообунан 2019-жылдын май айында Бишкек шаарынын мэриясынын талашылып жаткан токтомдору тууралуу билгендигине шилтеме жасап, үч инстанциянын сотун жаңылткан. Мында К.Т. Исаев И.К. Ахунбаев атындагы Кыргыз мамлекеттик медициналык академиясы доо арыздарынын көчүрмөлөрүн туура эмес дарекке жөнөткөндүктөн, ал соттун биринчи инстанциясында өзүнүн укуктарын жана кызыкчылыктарын ойдогудай коргой албаганын көрсөтөт.
Соттун биринчи инстанциясы К.Т. Исаевдин арызын, тараптардын түшүндүрмөлөрүн, ошондой эле ал берген документтерди изилдеп, арызды канааттандырган жана өткөрүлгөн мөөнөттү калыбына келтирүү жөнүндө аныктаманы жокко чыгарган.
Арыздануучу И.К. Ахунбаев атындагы Кыргыз мамлекеттик медициналык академиясы бул аныктама менен макул болбостон, аппеляция тартибинде жеке доо арыз менен кайрылган, натыйжада соттун аппеляциялык инстанциясы кайтадан ачылган жагдайлар боюнча арыздар талаштын маңызы боюнча чыгарылган соттук чечимдерге берилет деген негиздеме менен Бишкек шаарынын Административдик сотунун аныктамасын жокко чыгарган.
К.Т. Исаев АПК 268-беренесинин 1-бөлүгүнүн «иштин... маңызы боюнча чыгарылган» деген сөздөр менен берилген ченемдик жобо Кыргыз Республикасынын Конституциясынын 20-беренесинин 5-бөлүгүнүн 8-пунктуна, 40-беренесинин 1, 2-бөлүктөрүнө карама-каршы келет деп эсептейт.
Арыздануучунун пикири боюнча «кайтадан ачылган жагдайлар боюнча сот актыларын кайра кароо» институту иш боюнча тараптар, башкача айтканда, жеке жана юридикалык жактар иш боюнча соттук коргоонун тоскоолдуксуз ала тургандай болуш үчүн, ошондой эле өзүнүн укуктарын жана кызыкчылыктарын бардык ыкмалар менен, атүгүл мыйзамдуу күчүнө кирген сот актыларын кайра кароо жолу менен коргош үчүн түзүлгөн. Кайтадан ачылган жагдайлар боюнча сот актыларын кайра кароо кабыл алынган сот актысынын мыйзамдуулугунун жана негиздүүлүгүнүн кепили болот, анткени сот ошол мезгилде белгилүү болгон далилдерге баа берет. Демек, кайтадан ачылган жагдайлар боюнча сот актыларын кайра кароодо сот биринчи сот актысын чыгарууда кетирилген каталарды оңдой алат.
Ушуга байланыштуу, К.Т. Исаев талаштын маңызы боюнча эмес чыгарылган сот актылары да жаңылыш болушу мүмкүн, бул кабыл алынган сот актынын мыйзамдуулугунан жана негиздүүлүгүнөн күмөндүүлүктү туудурат деп эсептейт.
Кайрылуунун субъекти Кыргыз Республикасынын 20-беренесинин 5-бөлүгүнүн 8-пунктунун соттук коргонуу укугуна чектөө коюуга тыюуну белгилеген ченемге шилтеме жасайт.
К.Т. Исаев өзүнүн кайрылуусунда соттук коргоо кепилдиги, бир жагынан, ар кимдин тийиштүү сотко доо арыз же арыз берүү укугун, экинчи жагынан болсо, соттун бул доо арызды же арызды карап чыгып, ага карата мыйзамдуу, адилеттүү жана негиздүү сот актысын кабыл алууну билдирет.
Арыздануучу Конституциянын 99-беренесинин 3-бөлүгүнүн сот өндүрүшү тараптардын атаандаштыгы жана тең укуктуулугу негизде жүргүзүүнү, ошондой эле Адам укуктарынын жалпы декларациясынын 8-беренесинин ар бир адам конституция же мыйзам тарабынан берилген анын негизги укуктары бузулган учурда компетенттүү улуттук соттор тарабынан укуктары натыйжалуу калыбына келтирилүүгө укуктуулукту белгилеген жоболорго шилтеме жасайт.
Андан тышкары, кайрылуунун субъекти Конституциянын жогоруда көрсөтүлгөн ченеми жарандарга бузулган укуктар менен кызыкчылыктардын натыйжалуу калыбына келтирилишин кепилдегенин, бул адам укуктарын коргоо боюнча эл аралык стандарттардын талаптарына ылайык келээрин белгилейт. Бирок АПК талашылып жаткан ченемдик жобосу Конституциянын 20-беренесинин 5-бөлүгүнүн 8-пунктунун талаптарына ылайык келбейт, анткени сот актыларын кайра кароо иштин маңызы боюнча кайтадан ачылган жагдайлар боюнча гана мүмкүндүктөн улам, ал жарандардын соттук коргонууга укуктарын чектейт. Арыздануучунун пикири боюнча кайтадан ачылган жагдайлар боюнча ишти кайра кароонун предмети катары адамдын, жарандын укуктарынын жана эркиндиктеринин бузулушуна алып келген, өткөрүлгөн мөөнөттү калыбына келтирүү жөнүндө аныктама да болушу мүмкүн.
Конституциянын 16-беренесинин 1-бөлүгүнө ылайык адам укуктары жана эркиндиктери ажырагыс жана ал ар бир адамга төрөлгөндөн эле таандык. Адам укуктары жана эркиндиктери Кыргыз Республикасынын жогорку баалуулуктарына кирет. Алар түздөн-түз колдонулат, бардык мамлекеттик органдардын, жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын жана алардын кызмат адамдарынын ишмердигинин мааниси менен мазмунун аныктайт.
Андан тышкары, К.Т. Исаев талашылып жаткан ченемдик жобо Конституциянын 40-беренесинин 2-бөлүгүнүн талаптарын да бузат, анткени талаштын маңызы боюнча эмес чыгарылган жана бузуулар менен кабыл алынышы мүмкүн сот актыларына кайтадан ачылган жагдайлар боюнча арыздарды берүүгө тыюу салат деп белгилейт. К.Т. Исаевдин пикири боюнча көрсөтүлгөндөр негизсиз, мыйзамдуу эмес жана адилеттикке жатпаган факт болуп саналат, бул өз кезегинде соттор тарабынан сот адилеттигин жүргүзүлүшүнүн объективдүүлүгүнөн күмөндүүлүктү туудурат.
Жогоруда баяндалгандын негизинде, арыздануучу «маңызы боюнча чыгарылган» деген сөздөр менен берилген ченемдик жобону Кыргыз Республикасынын Конституциясына карама-каршы келет деп таанууну суранат.
Конституциялык палатанын судьялар коллегиясынын 2020-жылдын 20-октябрындагы аныктамасы менен өндүрүшкө кабыл алынган.
К.Т. Исаев ишти анын катышуусуз кароо жөнүндө арыз менен кайрылган. Жоопкер тараптын өкүлдөрү кайрылуучу тараптын катышуусуз иштин каралышына каршы болгон жок.
Кыргыз Республикасынын Жогорку сотунун Конституциялык палатасы К.Т. Исаевдин арызын карап чыгып, ишти анын катышуусуз кароону мүмкүн деп эсептейт.
Жоопкер тараптын өкүлү сот отурумунда кайрылуучу тараптын жүйөлөрүнүн жараксыздыгы жөнүндө билдирди.
АПК ченеминин маанисинен кайтадан ачылган жагдайлар - маңызы боюнча чыгарылган, мыйзамдуу күчүнө кирген талаш-тартыш болуп жаткан сот актысын кабыл алуу учурунда болгон, арыздануучуга белгисиз же белгилүү болуусу мүмкүн эмес жагдайлар (АПК 268-беренесинин 2-бөлүгү). Кайтадан ачылган жагдайлардын айырмалоочу белгиси - иш маңызы боюнча каралгандан кийин жана сот актысы чыгарылгандан кийин алардын пайда болушу саналат. Кайтадан ачылган жагдайлардын пайда болушунун укуктук кесепети болуп иштин маңызы боюнча чыгарылган соттук чечимдерди кайра кароо саналат.
Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин өкүлү кайтадан ачылган жагдайлар боюнча сот актысын кайра кароо институтунун ченемдеринин өзгөчөлүүлүгү ал мыйзам ченемдеринин туура эмес колдонулуу негиздери боюнча эмес, а нагыз фактылар боюнча сот актыларын кайра кароо боюнча укуктук мамилелерди жөнгө салуудан көрүнөт деп дагы көрсөтүүдө. Бул укуктук институтта сот актысынын мыйзамдуулугу кайтадан ачылган жагдайлардын пайда болушуна байланыштуу өзгөрүлмө нагыз жагдайлардан көз каранды болот. Бул институттун мазмуну сот отурумунда мурда белгиленген жагдайлар боюнча сот тарабынан жасалган укуктук тыянактар кайтадан ачылган жагдайларга таасир эте алуусу көз карашынан материалдык-укуктук мамилелердин нагыз жагдайларын кайра баалоодон көрүнөт.
М.А. Букашев сот бул институттан материалдык-укуктук мамилелердин нагыз жагдайларга карата колдонулушунун мыйзамдуулугу жана негиздүүлүгү көз карашынан иш боюнча чыгарылган сот актыларын кайра карабайт, себеби ушул милдеттер башка аппеляциялык, кассациялык өндүрүштөрдө ишке ашат деп белгилейт. Кайтадан ачылган жагдайлар боюнча административдик ишти кайра кароо институтунун ченемдери сот тарабынан мыйзам ченемдерин колдонууда жана чечмелөөдө кетирилген каталарды четтетүү зарылдыгына негизделген эмес.
Талданып жаткан институттун турпаты материалдык-укуктук институттун тарабы далилдерди келтирүү же процесстик укуктарды кыянаттык менен пайдалануу боюнча процессте процесстик милдетти аткарбагындыгынан эмес, а ушул укуктук мамиленин маанилүү жагдайларынын укуктук маанисинин болгондугу жөнүндө кабардар болбогондугунан көрүнөт.
Тек гана ушул себептен тарап коюлган талаптарын негиздөөдө же укуктарды коргоо жана ушул жагдайлардан келип чыгуучу чыныгы милдеттерди аткаруу максатында далилдерди сотко келтирген эмес. Ушул эле жүйө көрсөтүлгөн жагдайлар материалдык-укуктук мамилелердин катышуучуларынын укуктарынын жана милдеттеринин мазмунуна олуттуу таасир тийгизип жатканда, ал тарапты кайтадан ачылган жагдайлар боюнча сот актысын кайра жөнүндө сотко арыз менен кайрылууга түртөт.
Жоопкер тараптын өкүлү иштин маңызы боюнча чыгарылган, мыйзамдуу күчүнө кирген сот актысын кайтадан ачылган жагдайлар боюнча кайра кароо тартиби административдик, жарандык процесстин өзгөчө стадиясы болот деп көрсөтөт. Иштин маңызы боюнча чыгарылган, мыйзамдуу күчүнө кирген сот актысын кайтадан ачылган жагдайлар боюнча процесстик-укуктук коргоонун башка бардык каражаттары колдонулбас же кудуретин жоготкон учурларда пайдаланылуучу кайра кароо институту өзүнүн касиети жана мазмуну боюнча адамдын, жарандын укуктарын жана эркиндиктерин соттук коргоонун, ошондой эле сот актыларынын адилеттүүлүк жана туруктуулук катары мындай баалуулуктардын балансын колдоп туруунун зарыл шарты катары сот актыларынын адилеттүүлүгүнө кепил болууга чакырылган.
Жогоруда баяндалгандын негизинде, М.А. Букашев АПК талашылып жаткан ченеми Кыргыз Республикасынын Конституциясына карама-каршы келбейт деп эсептейт.
Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин экинчи өкүлү – А.К. Кайратбеков М.А. Букашевдин жүйөлөрүн колдоду.
Кыргыз Республикасынын Президентинин Кыргыз Республикасынын Жогорку сотунун Конституциялык палатасындагы туруктуу өкүлү М.К. Жусуповдун жазуу жүзүндөгү көз карашына ылайык соттук коргонууга укук конституциялык ченемдерди өнүктүрүүдө кабыл алынган ченемдик укуктук актылардын бири болгон АПК жана Конституцияда менен кепилденет.
Конституция менен кепилденген соттук коргоонун жыйынтыктоочу натыйжасы адилеттүү чечимдин чыгаруу болуп саналган соттук коргоо, эгер белгиленген укуктук жөнгө салуу сот чечимди чыгарууда ага көз каранды болбогон объективдүү себептер менен олуттуу жагдайлардын пайда болушу тууралуу билбеген жана билүүгө мүмкүндүгү болбогондуктан улам сот актысын кайра кароого мүмкүндүк бербесе, ал толук жана натыйжалуу болуп таанылышы мүмкүн эмес. Ушуга байланыштуу Конституциянын 20-беренесинин 5-бөлүгүнүн 3-пунктунун жоболору мыйзамдуу күчүнө кирген сот актысын кайра кароонун укуктук механизмдерин караштырган.
Ушундай укуктук инструменттердин бири болуп кайтадан ачылган жагдайлар боюнча сот актыларын кайра институту саналат. Каралып жаткан институт – бул субъективдүү укуктарды коргоонун процесстик элементи, ал сотту каталарды четтетүүдөн тышкары иш боюнча акыйкатты аныктоого, бузулган укукту калыбына келтирүүгө жол берет.
Ошону менен бирге, жогоруда көрсөтүлгөн Кодекстин 248-беренесинин 1 жана 2-пункттарына ылайык кассациялык даттануу, эгер мыйзамда башкасы каралбаса, апелляциялык инстанция сот актысын чыгарган күндөн тартып үч айдын ичинде кассациялык доо арыз (сунуштама) берилиши мүмкүн. Иштин маңызы боюнча эмес кабыл алынган апелляциялык инстанциянын сот актысы даттанылып жаткан учурда кассациялык доо арыз бир айлык мөөнөт ичинде берилет, кассациялык доо арызды берүүгө өткөрүлгөн мөөнөт сот тарабынан таанылган жүйөлүү себептерден улам АПК 103-беренеси менен караштырылган тартипте соттун кассациялык инстанциясында калыбына келтирилиши мүмкүн. Кассациялык мөөнөттү калыбына келтирүү же андан баш тартуу аныктамада жүйөлөштүрүлөт, аныктама даттанылышы мүмкүн.
М.К. Жусупов ишти маңызы боюнча кароо – бул соттук териштирүүнүн башкы этабы. Ошентсе да, ал бир жагынан, адамдын, жарандын укуктарын жана эркиндиктерин соттук коргоого укукту ишке ашыруу жолу менен коргоо зарылдыгы сот актыларынын преюцидиалдыгы ортосунда балансты, экинчи жагынан, бузулган укуктарды жана эркиндиктерди коргоо максатында жаңылыш сот актыларын четтетүү зарылдыгын талап кылат.
Сот актыларынын преюцидиалдык таасиринин чектери өзгөчө мүнөзгө ээ болгон ыкмаларынын бири катары кайтадан ачылган жагдайлар боюнча ишти кайра кароо мүмкүндүгүн болжойт, анткени укуктук аныктыкты белгилөөгө көмөктөшө турган иштин олуттуу жана төгүнгө чыгарылбаган жагдайларын конкреттүү учурда чыгарууга багытталган. Бул стадиянын өзгөчөлүүлүгү мыйзамдуу күчүнө кирген чечимди жокко чыгарууга багытталуусу болуп саналат. Кайтадан ачылган жагдайлар боюнча сот актысын кайра кароо жөнүндө арыз чечимдин турпатына таасир этүү, иштин маңызы боюнча башка чечимге жетишүү максатка ээ.
Жогоруда көрсөтүлгөн институттун процедураларын белгилөө жана жүзөгө ашыруунун шарттары мамлекеттин өзгөчө ыйгарым укугу, ага жөнгө салуунун тийиштүү механизмдерин аныктоочу жана белгилөөчү укукту калыптандырууда чечүүчү роль таандык.
Президенттин туруктуу өкүлү укуктун өңчөй ченеми боюнча жазык-процесстик мыйзамдары жаңы жана кайтадан ачылган жагдайлар боюнча ишти кайра кароо үчүн негиздердин ичинде «ишти маңызы боюнча» түшүнүгүн колдонууга жол берет (КР ЖПК 442-беренеси), бул жарандардын, айыпталуучулардын да, жабыр тарткандардын да укуктарын толук деңгээлде коргойт деп белгилейт.
Бирок административдик процессте «мыйзамдуу күчүнө кирген сот актысы боюнча» түшүнүк «иштин маңызы боюнча чыгарылган» деген ченем менен толукталыптыр, бул, балким, соттук коргоого тоскоолдук болуп саналат жана ишти объективдүү жана адилеттүү чечүү үчүн административдик сот өндүрүшүнүн милдеттерине жана принциптерине карама-каршы келет.
Жогоруда баяндалгандын негизинде, М.К. Жусупов АПК 268-беренесинин 1-бөлүгү соттук коргоонун кепилдиктерине толук туура келбейт деп эсептейт.
Кыргыз Республикасынын Жогорку сотунун өкүлү Э.Б. Искаков талашылып жаткан ченемдин конституциялуулугу тууралуу пикирин билдирди.
Э.Б. Искаков Конституцияда, мыйзамдарда, Кыргыз Республикасы катышуучу болгон эл аралык келишимдерде, жалпыга таанымал принциптерде жана эл аралык укуктун ченемдеринде ар кимдин каралган укуктарын жана эркиндиктерин соттук коргоону Конституция кепилдейт деп белгилейт (40-берененин 1-бөлүгү).
АПК талашылып жаткан ченемдин маанисинен кайтадан ачылган жагдайлардын кайра кароо объекти болуп иштин маңызы боюнча чыгарылган соттун чечимдери гана болушу мүмкүн деген келип чыгат. Бул чаранын киргизүү зарылдыгы сот тажрыйбасынан келип чыгат, анткени мындай чектөөнүн жоктугу кайтадан ачылган жагдайлар боюнча сот актыларын кайра кароо, анын административдик сот өндүрүшүнүн жүрүшүндө чыгарылып жаткан аралык сот актыларын кайра кароо жөнүндө арыздардын санынын негизисиз көбөйүүсүнө алып келет. Бул, өз кезегинде, талаш-тартышты чечилишинин создугушуна жана сот процессинин катышуучулары тарабынан сотторго нааразычылыктын өсүшүнө алып келет.
Демек, сотто кайтадан ачылган же жаңы жагдайлар боюнча талаштын маңызы боюнча эмес чыгарылган сот актыларды кайра кароодон баш тартуу укук ченемдүү жана соттук коргоого укукту чектөө, кемсинтүү болуп саналбайт. Тескересинче, мындай чектөө укукту кыянаттык менен пайдаланууну кесет, ушуга байланыштуу, Кыргыз Республикасынын Жогорку соту АПК 268-беренесинин 1-бөлүгүнүн «иштин маңызы боюнча чыгарылган» сөздөр менен берилген ченемдик жобосу Кыргыз Республикасынын Конституциясынын 20-беренесинин 5-бөлүгүнүн 8-пунктуна, 40-беренесинин 1, 2-бөлүктөрүнө карама-каршы келбейт деп эсептейт.
Кыргыз Республикасынын Юстиция министрлигинин өкүлү А.М. Курманбаева өзүнүн көз карашын жазуу жүзүндө келтирген жана талашылып жаткан ченемдик жобо Кыргыз Республикасынын Конституциясынын ченемдерине карама-каршы келбейт деп, Кыргыз Республикасынын Жогорку сотунун өкүлүнүн көз карашынын аргументтерине окшош жүйөлөрдү келтирди.
Кыргыз Республикасынын Жогорку сотунун Конституциялык палатасы тараптардын жүйөлөрүн талкуулап, башка жактардын пикирлерин угуп, иштин материалдарын изилдеп чыгып, төмөнкүдөй тыянактарга келди.
1. «Кыргыз Республикасынын Жогорку сотунун Конституциялык палатасы жөнүндө» конституциялык Мыйзамдын 19-беренесинин 4-бөлүгүнө ылайык Кыргыз Республикасынын Жогорку сотунун Конституциялык палатасы кайрылууда ченемдик укуктук актынын конституциялуулугу күмөн саналган бөлүгүнө гана тийиштүү болгон предмет боюнча актыларды чыгарат.
Ошентип, Кыргыз Республикасынын Жогорку сотунун Конституциялык палатасынын бул иш боюнча кароо предмети болуп Кыргыз Республикасынын Административдик-процесстик кодексинин 268-беренесинин 1-бѳлүгүнүн «иштин маңызы боюнча чыгарылган» деген сөздөр менен берилген ченемдик жобосу саналат:
«268-берене. Кайтадан ачылган жагдайлар боюнча кайра кароонун негиздери
1. Кайтадан ачылган жагдайлар - маңызы боюнча чыгарылган, мыйзамдуу күчүнө кирген талаш-тартыш болуп жаткан сот актысын кабыл алуу учурунда болгон, арыздануучуга белгисиз же белгилүү болуусу мүмкүн эмес жагдайлар.».
Кыргыз Республикасынын Административдик-процесстик кодекси 2017-жылдын 25-январында №13 номур менен мыйзамдарда белгиленген тартипке ылайык кабыл алынган жана «Эркин Тоо» гезитинин 2017-жылдын 1-февралындагы №10-11 сандарында жарыяланган, Кыргыз Республикасынын Ченемдик укуктук актыларынын мамлекеттик реестрине киргизилген жана колдонуудагы ченемдик укуктук акт болуп эсептелет.
2. Кыргыз Республикасынын Жогорку сотунун Конституциялык палатасы ар кимдин соттук коргонууга конституциялык укугун жүзөгө ашырылуусу туурасында өзүнүн көз карашын бир нече өзүнүн чечимдеринде чагылдырган.
Ошентип, 2021-жылдын 17-февралындагы Чечимде Баш Мыйзам эч кандай чектелүүгө тийиш эмес адам укуктарынын жана эркиндиктеринин тизмесин аныктайт, алардын катарына соттук коргонуу укугу жана ишти жогору турган сотто кайталап каратуу укугу да кирет деп белгиленген (20-берененин 5-бөлүгүнүн 3, 8-пункттары).
Ар кимдин коргонуу укугуна конституциялык кепилдик Адам укуктарынын жалпы декларациясы (8, 29-беренелер), Атуулдук жана саясий укуктар жөнүндө эл аралык пакты (2, 14-беренелер) шайкеш келет, ага ылайык «мамлекет соттук коргонууга укуктун жүзөгө ашырылуусун камсыз кылууга милдеттүү, ал адилеттүү, компетенттүү, толук жана натыйжалуу болуу керек».
Конституциянын 6-беренесинин 3-бөлүгүнүн күчүнө ылайык жогоруда көрсөтүлгөн конституциялык жоболордун жана эл аралык укуктук актылардын мааниси боюнча, алар Кыргыз Республикасынын укуктук тутумунун курамдык бөлүгү болуп саналат, ар кимдин соттук коргонууга укугу кандай гана кызыкдар жак болбосун мыйзамдардагы чаралар аркылуу бузулган же талашылып жаткан укукту, же мыйзам менен кайтаруудагы кызыкчылыкты коргоо максатында сотко кайрылуу мүмкүндүгүн болжойт.
Соттук коргонуу укугун жана ишти жогору турган сотто кайра каратуу укукту чектөөнүн жол берилгистиги, эгер ушул укукту колдонуудан жак өзү баш тартпаса эле, жактардын кандай гана маселе болбосун сотко кайрылуу мүмкүндүгү болушу керек, ошондой эле күчүнө кирген сот актысын жогору турган соттон даттануу мүмкүндүгү болуш керек.
3. Кыргыз Республикасынын Конституциясы кызыкдар жактардын даттануулары боюнча сот актыларын соттук текшерүү тартибин түздөн-түз бекитпейт. Мындай тартип Кыргыз Республикасынын Конституциясынын 96-беренесинин 1-бөлүгүнөн келип чыгуусун мыйзам чыгаруучу бекитет, аны карамагында калтыруу чектери сот инстанцияларынын тутумдарын, даттануунун ыраатын жана процедураларын, жогору турган соттор тарабынан сот актыларын жокко чыгаруунун же өзгөртүүнүн негиздерин, жогору турган соттордун ыйгарым укуктарын белгилөөдө кыйла кеңири, бирок кандай гана учур болбосун ал конституциялык максаттарга жана баалуулуктарга, жалпыга таанымал принциптерге, эл аралык укуктун ченемдерине жана Кыргыз Республикасынын эл аралык милдеттенмелерине таянуусу керек.
Маселен, АПК бузулган укуктарды натыйжалуу калыбына келтирүү, ошол эле учурда, res judicata (акыры чечилген иш) принцибин камсыз кылуу максатында мыйзамдуу күчүнө кирген, ошондой эле кайтадан ачылган жагдайлар боюнча сот актыларын кайра кароо мүмкүндүгүн караштырат.
Кайтадан ачылган жагдайлар боюнча ишти кайра кароо институтунун турпаты ишти кароодо сот тарабынан белгиленген жагдайларды, ишке олуттуу таасир тийгизе турган кайтадан ачылган жагдайларды эске алуу менен укуктук кайра баалоодо турат. Кайтадан ачылган жагдайлар боюнча өндүрүш – бул мыйзамдуу күчүнө кирген сот актыларынын мыйзамдуулугун жана негиздүүлүгүн текшерүү формаларынын бири. Бул институтунун негизги максаты болуп кайтадан ачылган жагдайларга карап чыгарылган сот актысынын тууралыгын текшерүү жана сот актысы мыйзамсыз же негиздүү эмес болгон учурда аны жокко чыгарууда саналат. Натыйжада, кайтадан ачылган жагдайлар боюнча сот актысын кайра кароо институту объективдүү акыйкат принцибин толук ишке ашыруу каражаты болуп кызмат кылат.
Кыргыз Республикасынын Жогорку сотунун Конституциялык палатасы 2014-жылдын 31-январындагы Чечиминде процесстик-укуктук коргоо бардык каражаттары колдонулууга болбогон же бүтүрүлбөгөн убакта өз багыты жана мазмуну боюнча мыйзамдуу күчүнө кирген сот актыларынын кайрадан ачылган жагдайлары боюнча кайра кароо адамдын жана жарандын укуктарын жана эркиндиктерин соттук коргоонун зарыл шарттары катары соттук актылардын акыйкаттыгын кепилдик берүүгө, ошондой эле сот актыларынын акыйкаттуулугу жана туруктуулугу сыяктуу баалуулуктардын балансын колдоо үчүн арналган деп белгилеген.
АПК ошентип ката сот актыларынын оңдоо мүмкүндүгүн караштыруу менен адилеттүү соттун жүргүзүлүшүнө укуктун курамы катары, анткен менен, буга жол берилген учурларын укуктук аныктык принцибин эске алуу менен чегин көрсөтөт. Ошентип, соттордун мыйзамдуу күчүнө кирген актылары ошол актыларды кабыл алган сот тарабынан кайтадан ачылган же жаңы жагдайлар боюнча кайра каралат (270-берененин 1-бөлүгү), АПК 27-главасынын эрежеси боюнча 268, 269-беренелерде аталган негиздер болгондо, тизмеси толук кандуу мүнөздө болушу керек. Мында, АПК 268-беренесинин 1-бөлүгү менен кайтадан ачылган жагдайлар – бул маңызы боюнча чыгарылган, мыйзамдуу күчүнө кирген талаш-тартыш болуп жаткан сот актысын кабыл алуу учурунда болгон, арыздануучуга белгисиз же белгилүү болуусу мүмкүн эмес жагдайлар.
Талашылып жаткан ченемдин мазмунунан процесстин катышуучулары кайтадан ачылган жагдайлар боюнча сот актыларын кайра кароо жөнүндө арыздарын бергенде иштин маңызы боюнча чыгарылган сот актылары гана кайра каралышы мүмкүн экендиги келип чыгат, жогоруда көрсөтүлгөн Кодекстин 171-беренесине ылайык – ал чечимдер.
Аны менен, мыйзам чыгаруучу сот актыларынын процесстин үнөмүн жана укуктук аныктык, сот процесстеринин создугушуна жол бербөө жана ишти акылга сыйган мөөнөт ичинде кароо принцибин бузбоо, ошондой эле сот процесстеринин ниети таза эмес катышуулардын укукту кыянаттык менен пайдаланууга жол бербөө максатын көздөп, кайтадан ачылган жагдайлар боюнча кайра каралууга тийиштүү актылардын катарынан аралык сот актыларды (аныктамалар) жокко чыгарган.
Аралык сот актылар – булар мыйзамда каралган процедураларды сактоо менен кабыл алынып, максаты сот өндүрүшүн жүзөгө ашыруу үчүн жана сот адилеттигинин максаттарына жетишүү үчүн ойдогудай шарттарды түзүү болуп, белгиленген процесстик формада калыптанып, эрежеде, токтоосуз аткарылууга тийиштүү соттук жардамчы актылар.
Аралык сот актылар соттук териштирүүнүн ар кандай этаптарынын чагылдыруусу болуп саналат жана жыйындысында жыйынтыктоочу чечимди кабыл алууга көмөктөшөт. Аралык сот актылар негизги талаптардын жалпылыгы болгону менен өзүнүн укуктук табиятына жараша юридикалык кесепеттердин мааниси жана башталуу даражасы боюнча олуттуу түрдө айырмаланат.
Бир катар учурларда аралык сот актылары чындап эле даана жардамчы мүнөзгө ээ. Бирок башка учурларда алар өзүнүн жардамчы маанисинин чегинен чыгып кетип, өз алдынча баалуулукка ээ болуп, инсандын да, коомдун да, мамлекеттин да маанилүү кызыкчылыктарына тийиштүүлүгү менен иштин тыянагына олуттуу таасир тийгизе алат. Өзүнүн функционалдык багыты боюнча мындай аралык сот актылар жыйынтыктоочу актылардын бардык белгилерине ээ жана сот процессинин өнүгүшүнө да (мисалы, өткөрүлгөн доо мөөнөтүн калыбына келтирүү), аны кесип токтотуу таасирин (өндүрүшкө кабыл алуудан баш тартуу, эскирүү мөөнөтүн колдонуу, иш боюнча өндүрүштү токтотуу) көрсөтүүгө жөндөмдүү. Башка сөз менен айтканда, кээде алар ишти жыйынтыктоодо маанилүү чечүүчү ролду ойнойт жана процесстик укуктук мамилелерден алкагынан тышкары чыккан укуктук кесепеттерди жаратат, андыктан «катардагы» актылар болуп саналышы мүмкүн эмес. Демек, Кыргыз Республикасынын Конституциясынын 20 жана 40-беренелеринин мааниси боюнча сот өндүрүшүнүн катышуучуларынын пайдубал кепилдиктерин камсыз кылуу максаттарынан келип чыксак, алар сот актылары катары кайра каралбаш керек, аларды кайтадан ачылган жагдайлар боюнча кайра кароо ишти маңызы боюнча каралгандан жана жыйынтыктоочу чечим чыгарылгандан кийинки стадияга которулушу мүмкүн.
Мындай жагдайларда сот тарабынан жыйынтыктоочу чечим чыгарылганга чейин кайтадан ачылган жагдайлар боюнча иштин маңызы боюнча чыгарылган, мыйзамдуу күчүнө кирген аралык сот актыларын кайра кароонун мүмкүн эместиги (аралык сот актылар даттанылышы же жыйынтыктоочу соттук чечим менен бирге кайтадан ачылган же жаңы ачылган жагдайлар боюнча кайра каралышы мүмкүн болгондо) соттук коргонууга конституциялык укуктуу чектөө болуп саналат, бул Кыргыз Республикасынын Конституциясынын 20-беренесинин 5-бөлүгүнүн 8-пунктунун күчүнө ылайык эч бир жагдайларда жол берилгис.
Жогоруда баяндалгандын негизинде, Кыргыз Республикасынын Конституциясынын 97-беренесинин 6-бөлүгүнүн 1-пунктун, 8 жана 9-бөлүктөрүн, «Кыргыз Республикасынын Жогорку сотунун Конституциялык палатасы жөнүндө» конституциялык Мыйзамдын 46, 47, 48, 51 жана 52-беренелерин жетекчиликке алып, Кыргыз Республикасынын Жогорку сотунун Конституциялык палатасы
Ч Е Ч Т И:
1. Кыргыз Республикасынын Административдик-процесстик кодексинин 268-беренесинин 1-бөлүгүнүн «маңызы боюнча чыгарылган» деген сөздөр менен берилген ченемдик жобосу Кыргыз Республикасынын Конституциясынын 20-беренесинин 5-бөлүгүнүн 8-пунктуна, 40-беренесинин 1, 2-бөлүктөрүнө карама-каршы келет деп таанылсын.
2. Чечим акыркы жана даттанууга жатпайт, жарыяланган учурдан тартып күчүнө кирет.
3. Чечим бардык мамлекеттик органдар, жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары, кызмат адамдары, коомдук бирикмелер, юридикалык жана жеке жактар үчүн милдеттүү жана республиканын бүткүл аймагында аткарылууга тийиш.
4. Ушул чечим мамлекеттик бийлик органдарынын расмий басылмаларында, Кыргыз Республикасынын Жогорку сотунун Конституциялык палатасынын расмий сайтында жана «Кыргыз Республикасынын Жогорку сотунун Конституциялык палатасынын Жарчысында» жарыялансын.
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ЖОГОРКУ СОТУНУН КОНСТИТУЦИЯЛЫК ПАЛАТАСЫ