Сравнение редакций…
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН САЛАМАТТЫК САКТОО ЖАНА СОЦИАЛДЫК ӨНҮКТҮРҮҮ МИНИСТРЛИГИ
БУЙРУК
2021-жылдын 08-июня № 755
Медициналык жана фармацевтикалык кызматкерлерди аттестациялоо жана каттоо жөнүндө, медициналык, фармацевтикалык жана жогорку биологиялык билими бар адамдарга медициналык жана фармацевтикалык ишмерликке уруксат берүү жөнүндө жоболорду бекитүү тууралуу
“Кыргыз Республикасынын жарандарынын саламаттыгын сактоо жөнүндө” жана “Медициналык кызматкердин статусу жөнүндө” Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына, Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2014-жылдын 15-сентябрындагы №530 “Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн айрым ченем жаратуу укуктарын мамлекеттик органдарга жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарына берүү жөнүндө” токтомуна ылайык, Кыргыз Республикасынын калкына медициналык жардам көрсөтүүнүн сапатын мындан ары да жакшыртуу, дипломдон кийинки билим берүү системасында адистерди даярдоо ишин жакшыртуу жана медициналык, фармацевтикалык жана жогорку биологиялык билими бар адамдарга медициналык жана фармацевтикалык ишмерликке уруксат берүү жол-жоболорун өркүндөтүү максатында
БУЙРУК КЫЛАМ:
1. Бекитилсин:
1) Медициналык, фармацевтикалык жана жогорку биологиялык билим алган адамдарга Кыргыз Республикасында практикалык ишмердүүлүк менен шугулданууга уруксат берүү тартиби жөнүндө жобо 1-тиркемеге ылайык;
2) Кыргыз Республикасынын саламаттык сактоо жаатындагы ыйгарымдуу мамлекеттик орган тарабынан медициналык жана фармацевттик кызматкерлерди каттоонун тартиби жөнүндө жобо 2-тиркемеге ылайык;
3) 3-тиркемеге ылайык Кыргыз Республикасындагы медициналык жана фармацевттик кызматкерлерди аттестациялоо жөнүндө жобо.
2. Кыргыз Республикасынын Саламаттык сактоо жана социалдык өнүктүрүү министрлигинин Борбордук аппаратынын структуралык бөлүмдөрүнө жана ведомстволук уюмдары бир айлык мөөнөттө:
1) бул буйруктун негизинде чараларды кабыл алсын;
2) медициналык жана фармацевттик кызматкерлерди каттоо маселелери жөнүндө чечимдерди бул буйрукка ылайык келтиришсин.
3) расмий жарыялоо жол-жоболор жана Кыргыз Республикасынын Президентинин Администрациясына ушул буйруктун көчүрмөсүн жолдоо жана Кыргыз Республикасынын ченемдик-укуктук актыларынын Мамлекеттик реестрине киргизүү иш-чаралары жүргүзүлсүн.
3. Кыргыз Республикасынын Саламаттык сактоо жана социалдык өнүктүрүү министрлигинин Медициналык жардамды уюштуруу жана дары саясаты башкармалыгы бир айлык мөөнөттө медициналык жана фармацевтикалык кызматкерлерди аттестациядан өткөрүү укугун кесиптик медициналык коомдук уюмдарга, ассоциацияларга (союздарга) берүү жөнүндө чечимдин долбоорун иштеп чыгып, сунуштасын.
4. Менчигинин формасына карабастан бардык деңгээлдеги саламаттык сактоо уюмдары:
- белгиленген тартипте медициналык жана фармацевтикалык кызматкерлерди ушул буйрук менен тааныштырсын;
- бекитилген жоболорго ылайык медициналык жана фармацевтикалык кызматкерлерди аттестациядан жана каттоодон өз убагында өткөрүү боюнча чараларды көрүшсүн.
5. Күчүн жоготту деп табылсын:
15.09.2009-ж. № 828 “Кыргыз Республикасынын саламаттык сактоо системасынын адистерин аттестациялоо жана каттоо, ошондой эле чет өлкөлөрдө медициналык же фармацевттик билим алышкан адамдардын, жана чет элдик жарандардын медициналык, фармацевттик ишмердүүлүк кылуусуна уруксат берүү тууралуу Жобону бекитүү жөнүндө”;
- «Кыргыз Республикасынын Саламаттык сактоо министрлигинин 2009-жылдын 18-октябрындагы № 938 “Кыргыз Республикасынын саламаттык сактоо системасынын адистерин аттестациялоо жана каттоо, ошондой эле чет өлкөлөрдө медициналык же фармацевттик билим алышкан адамдардын, жана чет элдик жарандардын медициналык, фармацевттик ишмердүүлүк кылуусуна уруксат берүү тууралуу Жобону бекитүү жөнүндө” буйругунун айрым пункттарын убактылуу токтотуу жөнүндө”.
6. Бул буйруктун аткарылышын контролдоо көзөмөлдөөчү багыттары боюнча министрдин орун басарларына жүктөлсүн.
Министр |
| А.С. Бейшеналиев |
1-тиркеме
КР ССМнын
2021-жылдын «08» июну
№ 755 буйругуна
Медициналык, фармацевттик же жогорку биологиялык билим алышкан адамдарга Кыргыз Республикасында практикалык ишмерликке уруксат берүү тартиби жөнүндө
Кыргыз Республикасында медициналык жана фармацевтикалык ишмерлик менен алектенүүгө Кыргыз Республикасында жана чет өлкөдө медициналык, фармацевтикалык жана жогорку биологиялык билим алган, белгиленген тартипте аттестациядан жана каттоодон өткөндөн кийин диплом жана сертификат алган адамдарга уруксат берилет.
Менчик медициналык практикасы менен алектенген адамдарга медициналык жана фармацевтикалык ишмерлик менен алектенүүгө лицензия берүү иши Кыргыз Республикасында лицензиялык-уруксат берүү жөнүндө мыйзамдары менен жөнгө салынат.
Адистин сертификаты ЖОЖдон кийинки кесиптик (ординатура, аспирантура) билими, кошумча жана кошумча кесиптик билими (квалификацияны жогорулатуу, жогорку жана орто кесиптик билими бар адистерди кесиптик даярдоо) билим берүүнүн негизинде берилет.
1-бөлүм. Медициналык жана фармацевтикалык ишмерликти аткарууга уруксат берүү тартиби
1. Жогорку медициналык жана биологиялык билим алган адамдарга жогорку окуу жайынан кийинки кесиптик (ординатура, аспирантура) билим берүү программасына ылайык толук окуу курсунан өткөндөн жана адистин сертификатын алгандан кийин иш-аракеттеги медициналык жана фармацевтикалык адистиктердин номенклатурасына ылайык адистиктер боюнча кесиптик ишмерлик сабактарына кирүүгө уруксат берилет. Алгачкы сертификация жана катоо Кыргыз Республикасынын саламаттык сактоо жаатындагы ыйгарым укуктуу мамлекеттик органы тарабынан белгиленген мөөнөтө жана эрежелерде жүргүзүлөт. Андан кийин белгиленген тартипте жана аттестациядан өткөн соң беш жылдан кийин.
2. Орто медициналык билим берүү мекемелерин аяктаган адамдар кесиптик билим берүү жөнүндө дипломунун жана квалификациясынын негизинде орто медициналык жана орто фармацевтикалык кызматтарында кесиптик ишмерликти аткарууга уруксат берилет, ал эми кошумча даярдыкты талап кылуучу ишмерликтин түрлөрү боюнча сабактарга – адистин сертификатын алгандан кийин уруксат берилет. Андан кийин белгиленген тартипте жана аттестациядан өткөн соң беш жылдан кийин.
3. Жогорку жана орто медициналык билим берүү уюмдарында, ЖОЖдон кийинки кесиптик (ординатура, аспирантура) билими, кошумча жана кошумча кесиптик билими (квалификацияны жогорулатуу, жогорку жана орто кесиптик билими бар адистерди кесиптик даярдоо) уюмдарында окуган адамдарга, алардын кесиптик даярдыгына жооптуу медициналык кызматкерлердин контролу менен, окуу программаларына ылайык жарандарга медициналык жардам көрсөтүүгө катышууга уруксат берилет.
4. Жогорку жана орто медициналык уюмдарынын клиникалык сабактарынын окутуучуларына жана дарылоо-дарт аныктоо иштерди аткаруучу клиникалык багыттагы илимий уюмдардын кызматкерлерине Жогорку жана орто медициналык жана фармацевтикалык билимдүү адамдар үчүн ушул Жободо белгиленген тартипте медициналык ишмерликке уруксат берилет.
5. Медициналык жана фармацевтикалык билими бар, өз адистиги боюнча беш жылдан көп убакыт иштебей келген адамдарга, кошумча кесиптик билим берүү программалары (квалификацияны жогорулатуу, кесиптик кайра даярдоо) боюнча окуудан жана аттестациядан өткөндөн кийин алган адистигине жараша медициналык же фармацевтикалык ишмерликти аткарууга уруксат берилет.
6. Чет мамлекеттерде медициналык, фармацевтикалык, медайымдык жана биологиялык билим алышкан адамдарга билими жана аттестациядан өткөндүгү тууралуу документтери белгиленген тартипте нострификация процедурасынан өткөндөн кийин гана медициналык же фармацевтикалык ишмерликти аткарууга уруксат берилет.
2-бөлүм. Чет өлкөлөрдө медициналык жана фармацевтикалык билим алган жана Кыргыз Республикасынын аймагында медициналык жана фармацевтикалык ишмерликти аткаруу укугуна талапкер адамдарга уруксат берүү тартиби
7. Кыргыз Республикасынын билим берүү жаатындагы ыйгарым укуктуу орган тарабынан орто жана жогорку кесиптик билим берүү жөнүндө дипломдору нострификацияланат.
8. Кыргыз Республикасындагы саламаттык сактоо жаатындагы ыйгарым укуктуу мамлекеттик орган тарабынан ЖОЖдон кийинки кесиптик (ординатура, аспирантура) билими, кошумча жана кошумча кесиптик билими (квалификацияны жогорулатуу, жогорку жана орто кесиптик билими бар адистерди кесиптик даярдоо) жөнүндө адистин сертификаты нострификацияланат.
9. Кыргыз Республикасында Илимдин кандидатынын жана докторунун дипломдорун нострификациялоо Кыргыз Республикасынын Жогорку аттестациялык комиссиясы тарабынан аныкталат.
10. Билиминин эквиваленттүүлүгүн (нострификациялоо) аныктоодо Кыргыз Республикасынын саламаттык сактоо жаатындагы Ыйгарымдуу мамлекеттик органына тиешелүү документтер берилет.
11. Кыргыз Республикасынын саламаттык сактоо жаатындагы Ыйгарымдуу мамлекеттик органы нострификациялоо жөнүндө тийиштүү документтерди алгандан кийин бир айлык мөөнөт ичинде Кыргыз Республикасы катышуучу болгон, белгиленген тартипте күчүнө кирген эл аралык келишимдерде башкача каралган болбосо, адамдын аттестациядан өткөндүгү жана кийин каттоодон өткөндүгү жөнүндө маселени карайт.
3-бөлүм. Медициналык жана фармацевтикалык ишмерликти
аткарууга чектөөлөр
12. Медициналык жана фармацевтикалык ишмерликте медициналык жана фармацевтикалык билимди пациенттин ден соолугуна залака келтирүү үчүн же кылмыштуу максаттарда пайдаланууга жол берилбөөгө тийиш.
13. Медициналык жана фармацевтикалык ишмерлик менен төмөнкүлөр алектене алышпайт:
1) медициналык ишмерлигинде атайы кылмыш кылганы үчүн мурун соттолгон адам;
2) медициналык жана фармацевтикалык ишмерлик менен соттун чечими менен белгиленген мезгилде алектенүү укугунан ажыратуу түрүндөгү жаза берүү чечими чыгарылган адам;
3) сот тарабынан жарым-жартылай же толук ишке жарамсыз болуп табылган адам;
4) медициналык, фармацевтикалык, же биологиялык билими жок адам;
5) аттестациядан жана каттоодон белгиленген тартипте жана мөөнөттө өтпөгөн адам;
14. Аттестациялоо жөнүндө сертификатынан ажыроо менен медициналык жана фармацевтикалык ишмерлик менен алектенүүдөн четтетилет.
15. Медициналык жана фармацевтикалык ишмерлик менен алектенүү укугунан, аттестациялоо сертификатынан ажыраган адам ал чечимди Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында белгиленген тартипте даттанууга укуктуу.
16. Медициналык жана фармацевттик ишмердүүлүктөн четтетүү Кыргыз Республикасынын Өкмөтү тарабынан бекитилген тартипте жүргүзүлөт.
17. Медициналык ишмердүүлүк менен мыйзамсыз алектенишкен адамдар мыйзамдарга ылайык жоопкерчилик тартышат.
2-тиркеме
КР ССМнын
2021-жылдын «08» июну
№ 755 буйругуна
Кыргыз Республикасынын саламаттык сактоо жаатындагы ыйгарымдуу мамлекеттик органы тарабынан медициналык жана фармацевтикалык кызматкерлерди каттоо тартиби жөнүндө
Ж О Б О
1-бөлүм. Негизги жоболор
1. Кыргыз Республикасында медициналык жана фармацевттик кызматкерлерди каттоо жөнүндө жобо (мындан ары - Жобо) Кыргыз Республикасынын саламаттык сактоо жаатындагы ыйгарымдуу мамлекеттик органы тарабынан (мындан ары – Саламаттык сактоо жаатындагы мамлекеттик орган) медициналык жана фармацевтикалык кызматкерлерди каттоо тартибин жана шарттарын аныктайт.
2. Кыргыз Республикасында медициналык жана фармацевтикалык кызматкерлерди каттоо (мындан ары - Каттоо) алгач дипломду жана адистин сертификатын алгандан кийин, ошондой эле аттестациядан өткөндөн кийин кайра каттоо жүргүзүлөт жана аларды практикалык ишмерликке уруксат берүү үчүн милдеттүү шарт болуп саналат.
2-бөлүм. Медициналык жана фармацевтикалык кызматкерлерди каттоо тартиби
3. Төмөнкүлөр каттоодон өтүүгө тийиштүү:
1) Кыргыз Республикасынын жогорку медициналык, фармацевттик жана биологиялык билими жөнүндө дипломун жана адистик сертификатын алган адамдар;
2) орто медициналык билим берүү уюмдарын аяктаган адамдар, орто медициналык (фармацевтикалык) билим берүү жөнүндө дипломунун негизинде орто медициналык же орто фармацевтикалык кызматтарда кесиптик ишмерлик жүргүзгөн учурларда, ал эми кошумча даярдоону талап кылган ишмерликтин түрлөрү боюнча - адистин сертификатын алгандан кийин;
3) менчигинин формасына карабастан, саламаттык сактоо уюмдарында медициналык жана фармацевтикалык практикалык ишмерликти аткаруучу жана белгиленген тартипте аттестациядан өтүшкөн адамдар;
4) күч структура уюмдарында медициналык жана фармацевтикалык практикалык ишмерликти аткаруучу жана белгиленген тартипте аттестациядан өтүшкөн адамдар;
5) медицина жаатында илимий даражасы жана/же наамы бар адамдар, алар жарандарга медициналык жардам көрсөткөн учурларда;
6) чет өлкөлөрдө медициналык, фармацевтикалык, медайымдык жана биологиялык билим алган адамдар, билим берүү жөнүндө документтерин нострификациядан өткөргөндөн жана асттестациядан кийин.
4. Каттоо иши КР Саламаттык сактоо министрлигинин электрондук саламаттык сактоо жаатындагы мамлекеттик саясатты жүргүзүүчү Мамлекеттик органдын ведомстволук бөлүмү (мындан ары - ЭССБ) тарабынан Медициналык жана фармацевтикалык кызматкерлердин реестринде (маалымат базасында) жүргүзүлөт, анын түзүлүшү жана коштолуусу жогоруда аты аталган мекемеге жүктөлөт.
3-бөлүм. Каттоо номери
5. Каттоо номери Адистин сертификатында жана Аттестациялоо сертификатында көрсөтүлөт.
Кийин ыйгарылган каттоо номери милдеттүү түрдө медициналык кызматкердин өздүк мөөрүнүн изинде көрсөтүлөт.
6. Каттоо номери медициналык жана фармацевтикалык кесиптик ишмерлик процессинде өзгөрүлбөс болуп саналат.
Адистикти алмаштыруу, Аттестациялоо сертификатынын иш-аракет мөөнөтүнүн аякташы медициналык жана фармацевтикалык кызматкерлердин каттоо номеринин өзгөрүлүүсүнө алып келбейт.
3-тиркеме
КР ССМнын
2021-жылдын «08» июну
№ 755 буйругуна
Кыргыз Республикасында медициналык жана
фармацевтикалык кызматкерлерди аттестациялоо жөнүндө
1-бөлүм. Жалпы жоболор
1. Кыргыз Республикасында медициналык жана фармацевтикалык кызматкерлерди аттестациялоо жөнүндө жобо (мындан ары - Жобо) медициналык жана фармацевтикалык кызматкерлерди аттестациялоонун тартибин, мөөнөтүн жана шарттарын аныктайт.
2. Ушул Жободо пайдаланылуучу аныктамалар:
Аттестация – Кыргыз Республикасынын медициналык жана фармацевттикалык кызматкерлери үчүн жол-жобо. Ал квалификацияларды колдоо, даярдык жана профессионалдык жоопкерчиликти жогорулатуу, ошондой эле квалификациялык категорияларга жана ээлеген кызматка карата болгон шайкештикти аныктоо максатында өткөрүлөт.
Аттестациялануучу – аттестациядан өтүүчү медициналык жана фармацевтикалык кызматкер;
Квалификациялык категория – медициналык жана фармацевтикалык кызматкерлердин квалификациясынын, кесиптик көндүмдөрүнүн жана билиминин деңгээли;
Медициналык жана фармацевтикалык кызматкерлер – Кыргыз Республикасынын мыйзамдары менен белгиленген тартипте врачтардын, фармацевттердин, орто медициналык, фармацевтикалык жана жана кенже медициналык кызматкерлердинкызмат орундарын ээлеген адамдар;
Аттестация жөнүндө сертификат (аттестациялык сертификат) – аттестациядан өткөндүгүн жана аны алуучунун профессионалдык компетенциялардын белгилүү деңгээлине ээ болгондугун күбөлөндүрүүчү документ.
Адистин сертификаты - ЖОЖдон кийинки кесиптик (ординатура, аспирантура) билими, кошумча жана кошумча кесиптик билими (квалификацияны жогорулатуу, жогорку жана орто кесиптик билими бар адистерди кесиптик даярдоо) билим берүүнүн негизинде берилүүчү документ;
Тестирлөө - заманбап маалыматтык технологияларды колдонуу менен, медициналык жана фармацевтикалык кызматкерлердин квалификация деңгээлин, кесиптик көндүмдөрүн жана билимин аныктоочу тесттик тапшырмалар менен болгон экзамен формасы;
3. Кыргыз Республикасында медициналык жана фармацевтикалык кызматкерлерди аттестациялоо принциптери төмөнкүлөр болуп саналат:
1) объективдүүлүк - аттестациядан өтүүчү адамга калыс мамиле;
2) бир түрдүүлүк - бир түрдө белгиленген жол-жоболор жана баалоочу көрсөткүчтөр тизмеги;
3) ачыктык жана айкындуулук - бардык аттестациядан өтүүчү адамдарга аттестациялоо жыйынтыктары, себептерин жана жүйөлөрүн түшүндүрүү менен билдирилет;
4) үзгүлтүксүздүк - аттестацияны белгиленген мөөнөттөрдө өткөрүп туруу.
2-бөлүм. Аттестациялоонун шарттары жана талаптары
4. Кыргыз Республикасында медициналык жана фармацевтикалык кызматкерлерди аттестациялоо (мындан ары - Аттестация) алардын квалификациясын колдоо, даярдык деңгээлин жана кесиптик жоопкерчилигин жогорулатуу, ошондой эле квалификациясын жана ээлеген кызматына туура келүүсүн аныктоо максатында өткөрүлөт.
5. Кыргыз Республикасында практикалык ишмерлик жүргүзүүчү медициналык жана фармацевтикалык кызматкерлер, анын ичинен күч структураларынын кызматкелери, клиникалык кафедралардын окутуучулары беш жылда бир жолудан кем эмес аттестациядан өткөрүлүп турууга тийиш.
6. Чет мамлекеттерде медициналык жана фармацевтикалык билим алган жана нострификация жол-жобосунан өткөн адамдар саламаттык сактоо жаатындагы Кыргыз Республикасынын ыйгарымдуу мамлекеттик органы (мындан ары – саламаттык сактоо жаатындагы Мамлекеттик орган) тарабынан белгиленген мөөнөттө аттестациядан өтүшөт.
3-бөлүм. Аттестацияны өткөрүүнү уюштуруу
7. Кесиптик медициналык коомдук уюмдар, ассоциациялар (союздар) саламаттык сактоо жаатындагы Мамлекеттик орган тарабынан ыйгарылган укуктарынын алкагында медициналык жана фармацевтикалык кызматкерлердин аттестациясын өткөрүшөт.
8. Тиешелүү адистиги боюнча медициналык жана фармацевтикалык кызматкерлердин жеке мүчөлүгүнө негизделген жана алардын жалпы санынын 25%нан кем эмес бириккен, Кыргыз Республикасында ишмерлик жүргүзүүчү кесиптик медициналык коомдук уюмдарга, ассоциацияларга (союздар) медициналык жана фармацевтикалык кызматкерлердин аттестациясын өткөрүүгө уруксат берилет.
Саламаттык сактоо министрлиги кесиптик медициналык коомдук уюмдарды, ассоциацияларды (союздар) тандоодо алардын медициналык жана фармацевтикалык кызматкерлердин ишмерлигиндеги ролун караштырат:
9. Кесиптик медициналык коомдук уюмдардын, ассоциациялардын (союздар) негизги функциялары:
1) компьютердик тестирлөө үчүн тиешелүү адистиктер боюнча тесттик суроолорду жана тапшырмаларды иштеп чыгуу жана бекитүү;
2) компьютердик тестирлөө жол-жобосун уюштуруу жана өткөрүү;
3) саламаттык сактоо жаатындагы Мамлекеттик орган тарабынан ыйгарылган ыйгарым укуктардын чегинде компьютердик тестирлөөнүн жыйынтыктарын жана башка функцияларды кароо жана бекитүү.
10. Аттестациялануучу аттестациядан өтүү үчүн Аттестация жөнүндө сертификаттын жарактуу мөөнөтү аяктаганга чейин үч айдан кем эмес мөөнөттө, ал эми Сертификат жок болсо, саламаттык сактоо жаатындагы Мамлекеттик орган тарабынан бекитилген мөөнөттө кесиптик медициналык коомдук уюмдарга, ассоциацияларга (союздар) электрондук “PDF” форматында төмөнкү документтерди берет:
1) аттестация өтүү үчүн арыз (1-тиркеме);
2) жетекчисинин колу коюлган аттестациялануучунун учеттук картасы (2-тиркеме);
3) чет өлкөдөн билим алган адамдардын дипломунун нострификациялоосу жөнүндө документ;
4) адистин дипломунун жана сертификатынын көчүрмөсү;
5) белгиленген мөөнөттө үзгүлтүксүз медициналык билим берүү курстарынын өткөндүгүн жана сааттардын санын ырастоочу документтердин көчүрмөсү;
6) эмгек китепчесинин көчүрмөсү;
7) аттестациялоочунун өздүгүн ырастоочу документтин көчүрмөсү.
көчүрмөсү.
Документтердин толуктугу жана аныктыгы үчүн аттестациялануучу өзү жооптуу болот.
4-бөлүм. Аттестацияны жүргүзүү жана жыйынтыктарын чыгаруу
11. Аттестация саламаттык сактоо жаатындагы Мамлекеттик орган тарабынан аккредитацияланган уюмдун базасында компьютердик тестирлөө формасында өткөрүлөт.
12. Компьютердик тестирлөөнүн жыйынтыктары протоколго түшүрүлөт жана эки нускада кесиптик медициналык коомдук уюмдардын, ассоциациялардын (союздар) өкүлүнүн колу коюлат.
Тестирлөө саламаттык сактоо уюмдарында өткөрүлсө, протоколго аталган уюмдун жетекчисинин колу да коюлат.
13. Компьютердик тестирлөөнүн жыйынтыктары ал өткөрүлгөн жерде 5 жыл бою сакталат.
14. Аттестациялануучулар компьютердик тестирлөөнүн жыйынтыктары менен тестирлөө аяктаары менен дароо тааныша алышат.
15. Компьютердик тестирлөөнүн жыйынтыктары боюнча аттестациялануучулар төмөндөгү бааларды алышат:
- “Аттестацияланды” – 40тан 100 баллга чейин;
- “Аттестацияланган жок” – 40 баллдан төмөн.
16. 60тан 100 баллга чейин алгандарга жана адистиги боюнча керектүү эмгек стажы барларга төмөнкүдөй квалификациялык категория берилет:
1) экинчи квалификациялык категория – 5 жылдан кем эмес адистиги боюнча жалпы медициналык стажы бар, 60-69 балл алгандарга, ординатурадагы окуусун эске алуу менен;
2) биринчи квалификациялык категория - 7 жылдан кем эмес адистиги боюнча жалпы медициналык стажы бар, 70-79 балл алгандарга, ординатурадагы окуусун эске алуу менен;
3) жогорку квалификациялык категория - 80 жана андан ашык балл алган жана 10 жылдан кем эмес адистиги боюнча жалпы медициналык стажы барларга, ординатурадагы окуусун эске алуу менен.
Адистиги боюнча стажын аныктоодо аттестациялануучу кошумча кесиптик окуудан өткөн учурда жана анын жаңы адистиги мурункусу менен байланыштуу болсо, ассоциация мурунку стажын эске алууга укуктуу болот.
17. Компьютердик тестирлөөдөн өткөрүү жөнүндө протокол жана аттестациянын жыйынтыгы жөнүндө буйруктун долбоору ал өткөрүлгөндөн кийин бир жумадан кечиктирбестен, аттестациядан өтүүнүн жыйынтыгы жөнүндө чечимди кабыл алуу үчүн, ошондой эле Тиешелүү квалификациялык категорияны берүү жөнүндө жободо аныкталган учурларда саламаттык сактоо жаатындагы Мамлекеттик органга берилет.
18. Медициналык жана фармацевтикалык кызматкер тестирлөөнүн жыйынтыгы боюнча “Аттестацияланган жок” баасын алган учурда, ал ээлеген кызматына ылайык келбейт деп таанылат жана иш берүүчү тарабынан квалификациясын жогорулатууга, кайра даярдоого жөнөтүлөт, же анын макулдугу менен кошумча даярдоону талап кылбаган башка кызматка которулат.
Кызматкер кайра даярдоодон же башка кызматка которуудан баш тарткан учурда жетекчиси КР мыйзамдарына ылайык кызматкерди иштен бошотуу жөнүндө чечим кабыл алат.
19. Медициналык жана фармацевтикалык кызматкер өз каалоосу менен белгиленген беш жыл аяктаганга чейин аттестациядан кайра өтүүгө укуктуу болот:
1) мурунку аттестация аяктаган күндөн тартып бир ай өткөндөн кийин бир жолудан көп эмес практикалык ишмерликке уруксат алуу үчүн, мында аттестациялануучу аттестациядан ийгиликтүү өтсө, “Аттестацияланды” баасын алат, бирок канча балл алганына карабастан квалификациялык категория ыйгарылбайт;
2) мурунку аттестация аяктаган күндөн тартып алты ай өткөндөн кийин бир жолудан көп эмес тиешелүү квалификациялык категорияны алуу үчүн, эмгек стажына жана баллдардын санына болгон талаптар сакталат. Аз өлчөмдө балл алып калган учурларда аттестациялануучу адамга мурдагысынан төмөн квалификациялык категория ыйгарылбайт.
5-бөлүм. Аттестациялоо жөнүндө сертификат
20. Аттестациядан ийгиликтүү өткөндөргө саламаттык сактоо жаатындагы Мамлекеттик органдын тиешелүү чечиминин негизинде Аттестациялоо жөнүндө сертификат берилет.
21. Аттестациялоо жөнүндө сертификат 5 жылга берилет.
22. Аттестациялоо жөнүндө сертификатта адистик медициналык жана фармацевтикалык адистиктердин номенклатурасына ылайык көрсөтүлөт.
23. Аттестациялоо жөнүндө сертификаттын бланктарынын коргоо даражасы, учеттук сериясы жана каттоо номери бар, типографиялык ыкмада даярдалат жана так отчёттуулук документи болуп саналат.
24. Аттестациялоо жөнүндө сертификаттын бланктарынын даярдоо, учетко алуу жана сактоо саламаттык сактоо жаатындагы Мамлекеттик органдын тиешелүү түзүмдүк бөлүмү тарабынан ишке ашырылат.
25. Аттестациялоо жөнүндө сертификат ассоциация тарабынан Саламаттык сактоо министрлигинин тиешелүү буйругу чыгарылгандан баштап 30 иш күнүнөн кечиктирбестен берилет. Аттестациялоо жөнүндө сертификаттын иш-аракет мөөнөтү анда көрсөтүлгөн календарлык датада аяктайт, бул анын иш-аракетин токтотууга алып келет.
26. Аттестациялоо жөнүндө сертификатты жоготуп алган учурда саламаттык сактоо жаатындагы Мамлекеттик органдын жетекчисинин аталган тармакты көзөмөлдөөчү орун басарынын атына жазылган арыздын негизинде дубликат берилет.
6-бөлүм. Корутундулоочу жоболор
27. Аттестацияны жүргүзүүнүн ачыктыгын жана объективдүүлүгүн камсыздоо максатында компьютердик тестирлөө жайларында видеожазуу жүргүзүлөт.
28. Компьютердик тестирлөө жайларында, саламаттык сактоо жаатындагы Мамлекеттик органдын жооптуу кызматкерлери тарабынан көрүү мүмкүнчүлүгү менен программалык камсыздоо пайдаланылууга тийиш.
29. Кесиптик медициналык коомдук уюмдар, ассоциациялар (союздар) тарабынан аттестациялоо эрежелери бузулган учурда аттестациялануучу аттестация өткөрүлгөндөн тартып беш жумушчу күндүн ичинде байкалган эреже бузуулар жөнүндө саламаттык сактоо жаатындагы Мамлекеттик органга кат жүзүндө арыз берүүгө укуктуу.
Мындай учурда, саламаттык сактоо жаатындагы Мамлекеттик органдын буйругу менен аттестациялоо боюнча аппеляциялык комиссия түзүлөт.
30. Аттестацияны өткөрүүдө бузуулар аныкталса, күнөөлүүлөр Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында белгиленген тартипте жоопко тартылышат.
Мында Саламаттык сактоо министрлиги кайрылган адамды ал кайрылган күндөн тартып бир айдын ичинде кайрадан аттестациядан өткөрүү үчүн шарттарды түзүп берет.
1-тиркеме
Кыргыз Республикасынын
медициналык жана фармацевттик
кызматкерлерин аттестациялоо жөнүндө Жобого
Кесиптик медициналык коомдук уюмдун, ассоциациянын (союздун) төрагасына
__________________________________
кимден: _____________________________
аты жөнү, кызматы, иштеген жери
_____________________________________ (жашаган дареги, байланыш телефондору)
АРЫЗ
Мага аттестациядан өтүүгө уруксат берүүңүздү өтүнөм.
Менин аттестациялык күбөлүгүмдүн мөөнөтү ______________________ жылы аяктайт. Мен көрсөтүлгөн маалыматтардын аныктыгы үчүн жоопкерчилик тартам
Жеке маалыматтарды топтоо жана иштетүүгө макулмун.
Колу ________________
Күнү ____________________
Байл. телефону: ________________
2-тиркеме
Кыргыз Республикасынын медициналык жана фармацевттик

Бекитем
ССУ жетекчиси
“___”________20__ж.
Кыргыз Республикасынын Саламаттык сактоо жана социалдык өнүктүрүү министрлиги
__________________________________________________________________
Аттестациялануучунун учёттук картасы
Аты жөнү____________________________________________________________
Иштеген жери______________________________________кызматы______________
1. Билими (жогорку медициналык же биологиялык, жогорку фармацевттик, орто медициналык же биологиялык, орто фармацевттик билим)
Дипломдун номуру _________ Дипломдун сериясы_________________________
Билим берүүчү уюмдун толук аталашы _______________________
Окутуучу өлкө __________________________________________
Тапшырган жылы ____________Аяктаган жылы _______________________
Диплом боюнча адистиги ___________________________________
Диплом боюбнча квалификациясы ____________________________________
2. Нострификация жана/же билим берүү жөнүндө документти таануу (КРдан сырткары жактарда медициналык же фармацевттик билим алган адамдар үчүн: диплом, интернатура, резидентура, ординатура, магистратура), (нострификация жана/же билим берүү жөнүндө документтин көчүрмөсү)
Окутуучу өлкө ______________________
Билим берүүчү уюмдун толук аталашы ___________________
Нострификация жөнүндө күбөлүк берген орган __________________
Нострификация тууралуу буйруктун номуру жана күнү ___________________
Нострификациянын катталган номуру ___________________________
2. Интернатура, ординатура, талап кылынган адистик боюнча резидентура жөнүндө маалымат (жогорку медициналык билими бар адистер үчүн) (документтин көчүрмөсү)
Адистиги ________________________________
Окууга тапшырган жылы ____________________Окууну аяктаган жылы_________________
Уюмдун толук аталышы __________________________
3. Адистеги талап кылынган адистик боюнча практикалык ишке уруксат берүүчү сертификат жөнүндө маалымат
Буйруктун күнү жана номуру ___________ Катталган номуру_______________________
Адистиги ____________________________________________
4. Талап кылынган адистиги боюнча кайра даярдоодон өткөндүгү тууралуу күбөлүк тууралуу маалымат (документтин көчүрмөсү)
Кайра даярдоо боюнча күбөлүктүн номуру ____________________
Кайра даярдоо адистиги _____________________________
Окутуучу уюмдун аталашы ____________________________
Окуу көлөмү саат менен ___________________________________
Окуунун башталышы __________________Окуунун аякташы ________________________
4. Чыныгы иштеген жери жөнүндө маалымат
Талап кылыган адистиги боюнча жалпы иш стажы (жыл, ай, күн) __________
Жалпы медициналык, фармацевттик стаж (жыл, ай, күн) _______________
Учурдагы иштеген жери ________________________
Ээлеген кызматы _____________________________________
5. Талап кылынган адистиги боюнча эмгек стажы (арыз таштоо учурунда талап кылынган адистиги боюнча медициналык ишмердүүлүктү жүзөгө ашыруусу зарыл)
Кабыл алуу күнү | Кызматтан бошонгон күнү | Иштеген жери | Ээлеген кызматы | Буйруктун № | Буйрук чыгарылган күн |
№ | Циклдин аталышы | Окутуучу уюмдун аталашы | Окуу көлөмү саат менен | Берилген күнү | Күбөлүктүн номуру |
Толтурулган күнү________________
Колу (кадрлар боюнча жооптуу)___________________аты жөнү
Аттестациялануучунун колу___________________аты жөнү
Медициналык жана фармацевтикалык
кызматкерлерди аттестациялоо
жөнүндө жобонун 3-тиркемеси
Аттестациялык сертификат
Бул сертификат КР СССӨ "___"_________20__ жылдагы N__________ буйругунун негизинде _______________________________________________ берилген.
(аты жөнү, атасынын аты)
Ал ______________________________ адистиги боюнча квалификациялык категория ыйгарылгандыгын/ыйгарылбагандыгын (керектүүсүнүн астын сызуу) ________________________ ырастайт.
Катталган номуру ________
Берилген күнү "___" ______________________________________ 20__ жылы
Сертификат "___" _______________________ 20__ -жылга чейин жарактуу.
| Саламаттык сактоо жана социалдык өнүктүрүү министринин орун басары М.О. |
Иреттик саны |
|
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН САЛАМАТТЫК САКТОО ЖАНА СОЦИАЛДЫК ӨНҮКТҮРҮҮ МИНИСТРЛИГИ
БУЙРУК
2021-жылдын 08-июня № 755
Медициналык жана фармацевтикалык кызматкерлерди аттестациялоо жана каттоо жөнүндө, медициналык, фармацевтикалык жана жогорку биологиялык билими бар адамдарга медициналык жана фармацевтикалык ишмерликке уруксат берүү жөнүндө жоболорду бекитүү тууралуу
(КР Саламаттык Сактоо Мининстрлигинин 2023-жылдын 27-февралындагы № 188 буйругунун редакциясына ылайык)

1. Кыргыз Республикасында медициналык жана фармацевтикалык кызматкерлерди каттоо жөнүндө жобо (мындан ары - Жобо) Кыргыз Республикасынын саламаттык сактоо жаатындагы ыйгарым укуктуу мамлекеттик органы тарабынан (мындан ары - Саламаттык сактоо жаатындагы мамлекеттик орган) саламаттык сактоо уюмдарынын жетекчилерин кошпогондо, медициналык жана фармацевтикалык кызматкерлерди каттоо тартибин жана шарттарын аныктайт.
(КР Саламаттык Сактоо Мининстрлигинин 2023-жылдын 27-февралындагы № 188 буйругунун редакциясына ылайык)
2. Кыргыз Республикасында медициналык жана фармацевтикалык кызматкерлерди каттоо (мындан ары - Каттоо) алгач дипломду жана адистин сертификатын алгандан кийин, ошондой эле аттестациядан өткөндөн кийин кайра каттоо жүргүзүлөт жана аларды практикалык ишмерликке уруксат берүү үчүн милдеттүү шарт болуп саналат.
2-бөлүм. Медициналык жана фармацевтикалык кызматкерлерди каттоо тартиби
3. Төмөнкүлөр каттоодон өтүүгө тийиштүү:
1) Кыргыз Республикасынын жогорку медициналык, фармацевттик жана биологиялык билими жөнүндө дипломун жана адистик сертификатын алган адамдар;
2) орто медициналык билим берүү уюмдарын аяктаган адамдар, орто медициналык (фармацевтикалык) билим берүү жөнүндө дипломунун негизинде орто медициналык же орто фармацевтикалык кызматтарда кесиптик ишмерлик жүргүзгөн учурларда, ал эми кошумча даярдоону талап кылган ишмерликтин түрлөрү боюнча - адистин сертификатын алгандан кийин;
3) менчигинин формасына карабастан, саламаттык сактоо уюмдарында медициналык жана фармацевтикалык практикалык ишмерликти аткаруучу жана белгиленген тартипте аттестациядан өтүшкөн адамдар;
4) күч структура уюмдарында медициналык жана фармацевтикалык практикалык ишмерликти аткаруучу жана белгиленген тартипте аттестациядан өтүшкөн адамдар;
5) медицина жаатында илимий даражасы жана/же наамы бар адамдар, алар жарандарга медициналык жардам көрсөткөн учурларда;
6) чет өлкөлөрдө медициналык, фармацевтикалык, медайымдык жана биологиялык билим алган адамдар, билим берүү жөнүндө документтерин нострификациядан өткөргөндөн жана асттестациядан кийин.
4. Каттоо иши КР Саламаттык сактоо министрлигинин электрондук саламаттык сактоо жаатындагы мамлекеттик саясатты жүргүзүүчү Мамлекеттик органдын ведомстволук бөлүмү (мындан ары - ЭССБ) тарабынан Медициналык жана фармацевтикалык кызматкерлердин реестринде (маалымат базасында) жүргүзүлөт, анын түзүлүшү жана коштолуусу жогоруда аты аталган мекемеге жүктөлөт.
3-бөлүм. Каттоо номери
5. Каттоо номери Адистин сертификатында жана Аттестациялоо сертификатында көрсөтүлөт.
Кийин ыйгарылган каттоо номери милдеттүү түрдө медициналык кызматкердин өздүк мөөрүнүн изинде көрсөтүлөт.
6. Каттоо номери медициналык жана фармацевтикалык кесиптик ишмерлик процессинде өзгөрүлбөс болуп саналат.
Адистикти алмаштыруу, Аттестациялоо сертификатынын иш-аракет мөөнөтүнүн аякташы медициналык жана фармацевтикалык кызматкерлердин каттоо номеринин өзгөрүлүүсүнө алып келбейт.
3-тиркеме
КР ССМнын
2021-жылдын «08» июну
№ 755 буйругуна
Кыргыз Республикасында медициналык жана
фармацевтикалык кызматкерлерди аттестациялоо жөнүндө
(КР Саламаттык Сактоо Мининстрлигинин 2023-жылдын 27-февралындагы № 188 буйругунун редакциясына ылайык)
1-бөлүм. Жалпы жоболор
1. Кыргыз Республикасында медициналык жана фармацевтикалык кызматкерлерди саламаттык сактоо уюмдарынын жетекчилерин кошпогондо аттестациялоо жөнүндө жобо (мындан ары - Жобо) медициналык жана фармацевтикалык кызматкерлерди аттестациялоонун тартибин, мөөнөтүн жана шарттарын аныктайт.