Редакцияот 14.09.2015
Жүктөө .docx
Герб Кыргызской Республики

КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ѲКМѲТY

ТОКТОМ

2015-жылдын 14-сентябры № 635

Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2003-жылдын 22-июлундагы № 454 "Өлкөнүн электр энергетика секторун өнүктүрүү боюнча координациялык кеңеш жөнүндө" токтомун күчүн жоготту деп таануу тууралуу

Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн айрым чечимдеринин жоболорунун кайталоолорун алып салуу максатында, "Кыргыз Республикасынын Өкмөтү жөнүндө" Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 10 жана 17-беренелерине ылайык Кыргыз Республикасынын Өкмөтү

ТОКТОМ КЫЛАТ:

1. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2003-жылдын 22-июлундагы № 454 "Өлкөнүн электр энергетика секторун өнүктүрүү боюнча координациялык кеңеш жөнүндө" токтому күчүн жоготту деп таанылсын.

2. Ушул токтом расмий жарыяланган күндөн жети күн өткөндөн кийин күчүнө кирет.

 

Премьер-министр

Т.А. Сариев