Загрузка документа…
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ѲКМѲТYНҮН ТОКТОМУ
2015-жылдын 16-сентябры № 642
Кыргыз Республикасынын мамлекеттик органдарында жана
жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарында коррупциянын
алдын алуу маселелери боюнча ыйгарым укуктуу жөнүндө типтүү
жобону бекитүү тууралуу
(Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2026-жылдын 22-январындагы № 20 токтомунун редакциясына ылайык)
"Кыргыз Республикасынын Өкмөтү жөнүндө" Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 10 жана 17- беренелерине ылайык Кыргыз Республикасынын Өкмөтү токтом кылат:
1. Кыргыз Республикасынын мамлекеттик органдарында жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарында коррупциянын алдын алуу маселелери боюнча ыйгарым укуктуу жөнүндө типтүү жобо тиркемеге ылайык бекитилсин.
2. Министрликтер, мамлекеттик комитет, администрациялык ведомстволор, Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн облустардагы ыйгарым укуктуу өкүлдөрү ушул токтомдун 1-пунктунда бекитилген Типтүү жобого ылайык мамлекеттик органда коррупциянын алдын алуу маселелери боюнча ыйгарым укуктуу жөнүндө жобону белгиленген тартипте бекитсин.
3. Кыргыз Республикасынын башка мамлекеттик органдарына жана Бишкек, Ош шаарларынын мэрияларына ушул токтомдун 1-пунктунда бекитилген Типтүү жобого ылайык мамлекеттик органда (шаар мэриясында) коррупциянын алдын алуу маселелери боюнча ыйгарым укуктуу жөнүндө жобону белгиленген тартипте бекитүү сунушталсын.
31. Ушул токтомдун 1-пункту менен бекитилген Типтүү жобонун колдонулушу Кыргыз Республикасынын Президентинин 2025-жылдын 24-ноябрындагы № 328 “Коррупциянын алдын алуу маселелери боюнча ыйгарым укуктуулардын институтун өркүндөтүү боюнча чаралар жөнүндө” Жарлыгына ылайык Кыргыз Республикасынын Башкы прокуратурасынын карамагына өткөрүлүп берилген коррупциянын алдын алуу маселелери боюнча ыйгарым укуктууларга жайылтылбайт деп белгиленсин.
(Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2026-жылдын 22-январындагы № 20 токтомунун редакциясына ылайык)
4. Ушул токтомдун аткарылышын контролдоо Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Аппаратынын коррупцияга каршы саясат бөлүмүнө жүктөлсүн.
5. Ушул токтом расмий жарыяланган күндөн он күн өткөндөн кийин күчүнө кирет.
“Эркин-Тоо” мамлекеттик расмий гезитинин 2015-жылдын 18-сентябрында № 91 саны менен жарыяланды
Премьер-министр | Т.А.Сариев |