Загрузка документа…
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ѲКМѲТY
ТОКТОМ
2015-жылдын 16-сентябры № 645
Камсыздандыруу төгүмдөрүн өз убагында эмес жана (же) толук төлөбөгөндүгү үчүн эсептелген финансылык санкцияларды жана туумдарды эсептен чыгаруунун тартиби жөнүндө жобону бекитүү тууралуу
Өткөн жылдардагы карыздарын төлөөгө жана учурдагы төлөмдөрдү өз убагында төлөө үчүн камсыздандыруу төгүмдөрүн төлөөчүлөргө дем берүү максатында, "Камсыздандыруу төгүмдөрүн өз убагында эмес жана (же) толук эмес төлөгөндүгү үчүн эсептелген финансылык санкцияларды жана туумдарды эсептен чыгаруу жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 2-беренесине ылайык Кыргыз Республикасынын Өкмөтү
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Камсыздандыруу төгүмдөрүн өз убагында эмес жана (же) толук төлөбөгөндүгү үчүн эсептелген финансылык санкцияларды жана туумдарды эсептен чыгаруунун тартиби жөнүндө жобо тиркемеге ылайык бекитилсин.
2. Ушул токтом расмий жарыяланган күндөн он беш күн өткөндөн кийин күчүнө кирет.
Премьер-министр | Т.А. Сариев |