Сравнение редакций…
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ѲКМѲТY
ТОКТОМ
2015-жылдын 16-сентябры № 647
"Кыргыз Республикасынын айрым мыйзам актыларына өзгөртүүлөрдү жана толуктоолорду киргизүү жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын долбооруна Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн корутундусу тууралуу
"Кыргыз Республикасынын Өкмөтү жөнүндө" Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 31-беренесине ылайык Кыргыз Республикасынын Өкмөтү
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаттары Н.В.Никитенко, Ж.К.Исаев, Р.К.Акназарова, Д.Д.Бекешев, У.Т.Кочкоров, А.А.Калмаматов тарабынан демилгеленген "Кыргыз Республикасынын айрым мыйзам актыларына өзгөртүүлөрдү жана толуктоолорду киргизүү жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын долбооруна Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн тиркелген корутундусу жактырылсын.
2. Ушул токтом Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешине жиберилсин.
Премьер-министр | Т.А. Сариев |
| Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2015-жылдын 16-сентябрындагы № 647 токтому менен жактырылган |
Кыргыз Республикасынын Өкмөтү "Кыргыз Республикасынын Өкмөтү жөнүндө" Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 31-беренесине ылайык Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаттары Н.В.Никитенко, Ж.К.Исаев, Р.К.Акназарова, Д.Д.Бекешев, У.Т.Кочкоров, А.А.Калмаматов тарабынан демилгеленген "Кыргыз Республикасынын айрым мыйзам актыларына өзгөртүүлөрдү жана толуктоолорду киргизүү жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын долбоорун карап чыгып, төмөнкүлөрдү белгилейт.
Бул долбоор менен санариптик берүүгө ийгиликтүү өтүү үчүн укуктук шарттарды түзүү, кызмат көрсөтүүлөрдү кеңейтүүгө жана алардын атаандаштыкка жөндөмдүүлүгүн жогорулатууга, ошондой эле телекоммуникациялар тармагында узак мөөнөттүү бизнести өнүктүрүү боюнча шарттарды түзүүгө мүмкүндүк берүүчү жаңы технологияларды эске алуу менен санариптик берүү рыногун өнүктүрүү үчүн шайкеш келген ченемдик укуктук базаны түзүү максатында "Электр жана почта байланышы жөнүндө", "Кыргыз Республикасындагы лицензиялык-уруксат берүү тутуму жөнүндө", "Телекөрсөтүү жана радиоуктуруу жөнүндө" Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына оңдоолорду киргизүү сунушталууда.
Кыргыз Республикасынын Президентинин 2013-жылдын 21-январындагы № 11 Жарлыгы менен бекитилген 2013-2017-жылдардын мезгилине Кыргыз Республикасын туруктуу өнүктүрүүнүн Улуттук стратегиясында санариптик берүүгө өтүү долбоору артыкчылыктуу улуттук долбоорлордун бири катары аныкталган. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн алдына 2017-жылдан кечиктирбей өлкөнүн бардык точкасында калктын санариптик телекөрсөтүүгө жеткиликтүүлүгүн камсыздоо милдети коюлган.
Жалпысынан мыйзамдын долбоорунун концепциясын колдоо менен, төмөнкү сын-пикирлерди жана сунуштарды эске алууну сунуш кылабыз.
Долбоордун 1-беренесинин 1-бөлүгүнүн 1-пунктундагы "санариптик пакетке" деген сөздөрдү "берүүлөрдүн санариптик пакетине" деген сөздөр менен алмаштырууну сунуштайбыз.
Долбоордун 1-беренесинин 1-бөлүгүнүн 3-пункту жана 3-6-бөлүктөрү боюнча лицензиялоо, уруксаттарды берүү, ошондой эле уруксаттарды токтотуп туруу же кайра чакырып алуу (жокко чыгаруу) маселелери "Кыргыз Республикасындагы лицензиялык-уруксат берүү тутуму жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын жөнгө салуу предмети болуп санала тургандыгын белгилейбиз.
Мында жогоруда аталган Мыйзамдын 3-беренесине ылайык лицензиялоо жөнүндө мыйзамдар Кыргыз Республикасынын Конституциясына негизделет жана ушул Мыйзамдан жана лицензиялоо чөйрөсүн жөнгө салуучу башка ченемдик укуктук актылардан тураарын белгилейбиз.
Мындан тышкары тиешелүү мамлекеттик органдар тарабынан электр байланышы, ошондой эле электр байланышы кызматтарын көрсөтүү жана (же) маалыматтарды берүү үчүн радиожыштык спектрин пайдалануу жаатындагы иштерди лицензиялоо маселелерин "Кыргыз Республикасындагы лицензиялык-уруксат берүү тутуму жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын таасиринен чыгарууну караган мыйзамдын долбоорун иштеп чыгуу боюнча иштер жүргүзүлүп жатканын белгилей кетүү керек.
Долбоордун 1-беренесинин 3-бөлүгүнүн онунчу абзацынын жана 8-бөлүгүнүн тогузунчу абзацынын, 2-беренесинин 7-бөлүгүнүн экинчи абзацынын жоболорун Кыргыз Республикасынын Конституциясынын 6-беренесинин ченемдерине шайкеш келтирүүнү сунуш кылабыз, ага ылайык Кыргыз Республикасы катышуучусу болуп эсептелген, мыйзамда белгиленген тартипте күчүнө кирген эл аралык келишимдер Кыргыз Республикасынын укук системасынын ажырагыс бөлүгү болуп саналат.
Мыйзамдын долбоорунун 1-беренесинин 1-бөлүгүнүн 9-пунктунун үчүнчү абзацы аркылуу "Электр жана почта байланышы жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамын отуз сегизинчи абзац менен толуктоо сунуш кылынган, ага ылайык радиоэлектрондук каражаттарды эксплуатациялоо укугуна жыштык ээ болуусу (жыштык ээ болуусу) - байланыш боюнча мамлекеттик ыйгарым укуктуу орган тарабынан кандайдыр бир радиоэлектрондук каражат жана/же жогорку жыштыктуу түзүлүшкө белгилүү бир шарттарда электромагниттик айкалыштыруучулукту камсыз кылуучу конкреттүү радиожыштыкты же радиожыштыктуу каналды пайдаланууга берилүүчү уруксат саналат.
Муну менен бирге "Кыргыз Республикасынын Өкмөтү жөнүндө" Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 10 жана 11-беренелерине ылайык Кыргыз Республикасынын Өкмөтү өз ыйгарым укуктарынын негизинде аларды ишке ашыруу боюнча функцияларды министрликтердин, мамлекеттик комитеттердин, административдик ведомстволордун жана жергиликтүү мамлекеттик администрациялардын ортосунда бөлүштүрөт.
Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө баш ийген аткаруу бийлигинин органдарынын ишине, ыйгарым укуктарына жана функцияларына тийиштүү ченемдерди мыйзам чыгаруу деңгээлинде бекитүү "Кыргыз Республикасынын Өкмөтү жөнүндө" Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын жогоруда аталган беренелерине каршы келет.
"Электр жана почта байланышы жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 8-беренесинин 4-бөлүгүнө киргизилген оңдоолор салыштырмалуу жакында эле кабыл алынгандыктан (2015-жылдын 6-мартындагы № 51 "Электр жана почта байланышы жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына өзгөртүүлөрдү жана толуктоолорду киргизүү жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамы) долбоордун 1-беренесинин 2-бөлүгүнүн 2-пунктун алып салууну сунуш кылабыз.
Долбоордун 1-беренесинин 5-бөлүгүнүн 6-пунктчасын төмөнкүдөй редакцияда баяндоону сунуш кылабыз:
"6) жыйырма экинчи абзац төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:
"- байланыш тармагын өнүктүрүүгө жыл сайын төлөнүүчү акыларды, ошондой эле номиналдарды жана/же радиожыштыктардын тилкелерин пайдаланууга акыларды төлөө боюнча милдеттенме;";".
Долбоордун 2-беренеси менен каралган "Кыргыз Республикасындагы лицензиялык-уруксат берүү тутуму жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына долбоор менен сунушталган оңдоолорго карата Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаты Н.В.Никитенко тарабынан Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн дарегине (2015-жылдын 12-июнундагы № 6-4540н/15) сунушталган мыйзамдын долбоорунан радиожыштык спектрине торуктарды (конкурс жана аукцион) өткөрүү мүмкүнчүлүгү жөнүндө ченемдерге тийиштүү киргизилген өзгөртүүлөрдү алып салуу жөнүндө кат жиберилгендигин белгилейбиз.
Мында сунушталган долбоордун 2-беренесин төмөнкүдөй мазмундагы 1-бөлүк менен толуктоону сунуш кылабыз:
"1. 2-берененин 4-бөлүгү төмөнкүдөй мазмундагы абзац менен толукталсын:
"Уруксаттарды берүү, узартуу, токтотуп туруу, токтотуу тартибин кошкондо, телерадиоберүү маселелерин жөнгө салуунун өзгөчөлүктөрү, ошондой эле контролдоо, жыйымдарды жана төлөмдөрдү алуу Кыргыз Республикасынын телекөрсөтүү жана радиоуктуруу чөйрөсүндөгү мыйзамдары менен аныкталат.".".
Долбоордун 3-беренесинин 4-бөлүгү боюнча:
1. Алтынчы абзацтагы "мамлекеттик бийлик органдары тарабынан" деген сөздөрдү алып салууну сунуш кылабыз.
2. Отуз экинчи абзацтагы "маалымат саясат чөйрөсүндө мамлекеттик ыйгарым укуктуу орган" деген сөздөрдү "маалымат чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу орган" деген сөздөр менен алмаштырууну сунуш кылабыз.
3. Отуз төртүнчү абзацты төмөнкүдөй редакцияда баяндоону сунуш кылабыз:
"берүүлөрдүн пакети" - электр байланышы тармактары боюнча берилүүчү бирдиктүү пакетке бириктирилген теле-, радиоканалдардын жыйындысы. Берүүлөрдүн санариптик пакетине субтитрлер, телетекст, телегид жана башка кошумча маалыматтар кириши мүмкүн.
Ошондой эле долбоордун 3-беренесинин 15-бөлүгүн төмөнкүдөй редакцияда баяндоону сунуш кылабыз:
"15. 18-берене төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:
"18-берене. Теле-, радиоканалдарды жайгаштырууга уруксат берүү
1. Пайдаланылуучу технологияларга карабастан, аналогдук берүүдө жана/же берүүлөрдүн санариптик пакетинде теле-, радиоканалдарды жайгаштыруу мыйзамдарда белгиленген тартипте ыйгарым укуктуу орган тарабынан телерадио уюмдарына берилүүчү уруксаттын негизинде ишке ашырылат.
2. Теле-, радиоканалдарды жайгаштырууга уруксаттарды берүү Кыргыз Республикасынын Өкмөтү аныктаган тартипте ишке ашырылат.".".
Долбоордун 3-беренесинин 17-бөлүгүндө баяндалган "Телекөрсөтүү жана радиоуктуруу жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 20-беренесинин 2-бөлүгүн "8-беренесинин 1, 2-пункттарынын" деген цифралардан жана сөздөрдөн кийин ", 19-беренесинин 1-бөлүгүнүн" деген цифралар жана сөздөр менен толуктоону сунуш кылабыз.
Долбоордун 3-беренесинин 18-бөлүгүндө баяндалган "Телекөрсөтүү жана радиоуктуруу жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 21-беренесин төмөнкүдөй мазмундагы 5-бөлүк менен толуктоону сунуш кылабыз:
"5. Телерадиоберүү операторлору телерадиоберүү операторунун тармагы иштеген аймакта чет өлкөлүк телеканалдарды толук ретрансляциялабастан ачык түрдө жайылтылуучу эфирдик телеканалдарды өз берүүлөрүнүн пакеттерине милдеттүү түрдө жайгаштырышат. Мында бул эфирдик телеканалдар телерадиоканалдардын бардык тизмегинин башында артыкчылыктуу түрдө оператордун берүүлөрүнүн пакеттеринде толук жана өзгөртүлбөгөн түрдө жайгаштырылат. Буга DVВ-Т2 жана спутниктик телерадиоберүү стандартындагы эфирдик санариптик берүүлөрдүн операторлору кирбейт.".
Муну менен бирге сунушталган Мыйзамдын долбоорунун жоболору жалпысынан тыкыр стилистикалык жана редакциялык толуктап иштеп чыгууга муктаж экенин белгилейбиз. Буга байланыштуу Мыйзамдын долбоорунун түзүмүн жана мазмунун "Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актылары жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына жана Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин 2015-жылдын 26-июнундагы № 5389-V токтому менен бекитилген Мыйзам чыгаруу техникасы боюнча нускамага ылайык келтирүүнү сунуш кылабыз.
Жогоруда айтылгандардын негизинде Кыргыз Республикасынын Өкмөтү "Кыргыз Республикасынын айрым мыйзам актыларына өзгөртүүлөрдү жана толуктоолорду киргизүү жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын долбоорун ушул корутундуда баяндалган сын-пикирлерди жана сунуштарды эске алуу менен кабыл алуу мүмкүн деп эсептейт.
КР Министрлер Кабинетинин 2022-жылдын 25-мартындагы № 166 токтомуна ылайык КҮЧҮН ЖОГОТТУ